Copyright: ©

КР Саламаттык сактоо министри телемедицинаны өнүктүрүү боюнча француз компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

10.08.2024 / Просмотров: 6043

2024-жылдын 9-августунда Францияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев телемедициналык консультациялар үчүн инновациялык чемоданды иштеп чыгуучу жана чыгаруучу франциялык «Hopi medical» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда белек катары берилүүчү жабдууларды колдонууну камтыган пилоттук долбоорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана саламаттыкты сактоо тармагына санариптик технологияларды киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат.

Министр француз тарапка практикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул жаатта мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда француз тарап Кыргызстанда долбоорду ишке ашырууга даярдыктын жакшы экенин белгиледи. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, көптөгөн оорулардын алдын алууга жардам берери айтылды. Бул жабдуулар дарылоосу кымбатка турган онкологиялык да, башка ооруларды да эрте диагностикалоого мүмкүндүк берет жана өтүшүп кетүү тобокелдигин жокко чыгарат. Министр өз кезегинде бул долбоорду колдоого даяр экенине ишендирди. «Ысык-Көл облусунун бул долбоор ишке ашырыла турган айыл аймактарында эрте диагностика боюнча адистер жетишсиз. Ал эми сиздердин жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен бейтаптардын ден соолугу боюнча маалыматтарды берүү Улуттук госпиталдын дарыгерлерине аралыктан эле рак, кант диабети сыяктуу кымбат баалуу ооруларды эрте аныктоого жана дарылоону баштоого мүмкүндүк берет”, - деп белгиледи Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Кыргыз Республикасы.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун негизи болуп калаарына ишеним билдиришти.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

04.12.2024
Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылып, облустук төрөт үйү болот

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылына барды. Иш сапарынын жүрүшүндө ал мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип, бирок жакында мамлекеттин менчигине кайтарылган мурдагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышты.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкек шаарынын карамагына өтүп, Чүй облусунда тобокелдик тобуна кирген аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун аймагында жаңы медициналык мекемени уюштуруу зарылчылыгы келип чыккан. Министр кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.

Саламаттык сактоо министри облустун координатору Алмаз Назарбековго имаратты капиталдык оңдоого кеткен чыгымдарды эсептеп, керектүү медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп, Саламаттык сактоо министрлигине долбоорду каржылоону камсыздоо боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

04.12.2024
Шаардык тез жардам балдар ооруканасында кичинекей бейтаптар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шаардык балдар клиникалык тез медициналык жардам ооруканасына барды. Анда министр бөлүмдөрдү кыдырып, кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган чаралар менен таанышты.

Министр соматикалык имараттын кабыл алуу бөлүмүндөгү жаңы күтүү залына өзгөчө көңүл бурду. Аны кеңейтүүгө республикалык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн. Мындай чечимди былтыркы кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык сезондун кызуу маалында бейтаптардын агымы абдан көп болгондуктан, аларга сыртка чатыр тигип берүүгө аргасыз болгон.

Аянты 240 чарчы метр болгон жаңы күтүү залы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Эми балдарын коштоп жүргөн ата-энелер кезекти ыңгайлуу шарттарда күтө алышат.

«Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелерде ыңгайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов министрге ооруканага күнүнө 300-350дөй бейтап келип жатканын билдирди. Тез жардам бөлүмү күчөтүлгөн режимде иштеп, 25 дарыгер, анын ичинде педиатрлар, хирургдар, травматологдор жана реаниматологдор күнү-түнү иштешүүдө.

«Бейтаптардын көп агымы инфраструктураны модернизациялоону талап кылат. Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен быйыл кабыл алуу бөлүмүнүн кошумча имараты курулуп, жабдылып, биздин бейтаптар үчүн шарттар бир топ жакшырды», - деди Акылбек Маманов.

03.12.2024
КР Саламаттык сактоо министри Клиникалык тез жардам ооруканасына барды

Бүгүн, 2024-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Иш сапардын жүрүшүндө ал медициналык мекеменин жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүүнүн жолдорун белгиледи.

Талкуунун негизги темаларынын бири оорукананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу болду. Министр стерилизация жана кир жуучу бөлүмгө автоклав орнотуу зарылчылыгына көңүл буруп, медициналык аспаптарды сапаттуу стерилизациялоону камсыз кылуу үчүн бул жабдыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, оорукананын жамааты эки оорукананын имаратынын ортосун бириктирүүчү өтмөк куруу маселесин көтөрүштү. Министр бул маселени тез арада карап чыгып, жакынкы аралыкта анын чечилишин камсыз кылууга убада берди.

Өз сөзүндө министр Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам алуу үчүн оорукананын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштерди уланта берерин баса белгиледи.