Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги «Саламаттык сактоону башкаруу» квалификациясы боюнча пилоттук гранттык окутууга сынак жарыялайт

06.06.2022 / Просмотров: 2724

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга “Дени сак адам– өнүккөн өлкө” программасын ишке ашыруу жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин компетенттүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги пилоттук гранттык окутуу боюнча саламаттыкты сактоо тармагындагы уюмдардын жетекчилеринин арасында сынак жарыялайт.

 

Окутуунун максаты – студенттер тарабынан башкаруучулук, жалпы кесиптик жана жеке-ишкердик компетенциялардын негизин түзгөн билимдердин жана көндүмдөр программасын өнүктүрүү.

 

Программа жөнүндө

 

«Саламаттык сактоону башкаруу» квалификациясы боюнча кесиптик кайра даярдоонун пилоттук программасы Кыргыз Республикасындагы Швейцария элчилиги тарабынан каржыланган «Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы» (СУА) – II фазасы / “Саламаттык сактоону башкаруу системасын бекемдөө” долбоорунун техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин талаптарына ылайык жогорку жана кошумча кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдары тарабынан иштелип чыккан.

 

Программа 540 саатка эсептелген, 15 дисциплинаны камтыйт, анда мыйзамдар жана укук маселелер, стратегиялык пландаштыруунун жана уюмдун ресурстарын (финансы, кадрлар, материалдык баалуулуктар, маалымат ж.б.) башкаруунун заманбап эффективдүү ыкмаларын изилдөө, чечимдерди кабыл алуу процессинде байланыш, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелери камтылган. Программанын жалпы мөөнөтү 3,5 айды түзөт. Класстык сабактарды жумуш ордунда өз алдынча иштөө менен кезектештирүү каралган. Программанын талаптарын ийгиликтүү аткаруу “Саламаттыкты сактоону башкаруу” квалификациясы менен мамлекет тарабынан таанылган билим берүү документин берүү менен аяктайт.

 

Пилоттук окуунун алкагында 40 угуучуну окутуу пландалууда. Окуу 2022-жылдын 27-июнунан башталат.

 

“Саламаттыкты сактоону башкаруу” квалификациясы үчүн кесиптик кайра даярдоонун пилоттук программасынын алкагында окутуу гранттык негизде жүргүзүлөт. Программаны ишке ашырууга байланышкан чыгымдар «Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы» (СУА) - II фаза/«Саламаттыкты башкаруу системасын чыңдоо» долбоору тарабынан каралган.

 

Ким программанын угуучусу боло алат

 

Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин милдетин аткаруучулар;

саламаттык сактоо системасында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш стажы бар адистер.

Сынакка катышуунун шарттары

 

Төмөнкү документтер талап кылынат:

 

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кадрлар жана уюштуруу иштери башкармалыгынын начальниги Айгүл Абдрахмановна Бообекованын атына конкурска катышуу үчүн жеке арыз (эркин формада);

- сүрөтү менен резюме (учурдагы жетекчилер үчүн - эмгек келишиминин мөөнөтү аяктаган күндү милдеттүү түрдө көрсөтүү менен, башка адистер үчүн - жетекчилик кызматтарда иштөө мөөнөтүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен);

- жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (медициналык, экономикалык, мамлекеттик башкаруу, PDF форматында);

- интернатура / ординатура өткөндүгү тууралуу сертификаттын көчүрмөсү (PDF форматында);

- «Саламаттык сактоо уюмдарын өнүктүрүүдөгү менин ролум» деген темада эссе (3 беттен ашпаган, 12 Times New Roman шрифти, бир интервал менен, PDF форматында).

 

 

Документтердин пакети hfa2_office@ehg.dk дарегине жөнөтүлүшү керек

 

2022-жылдын 19-июнуна саат 18:00гө чейин.

 

 

 

Сынактын  жыйынтыгы

 

Студенттерди тандоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 26-майындагы №627 буйругу менен бекитилген Жобого ылайык Сынактык комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Сынактын жыйынтыгы 21-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигинин, КМКДжКЖМИ жана АРОЗ сайттарында чыгарылат.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.

Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.

Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.

Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.

 

26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.

Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.

«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.

25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду

Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду. 

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.

Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет. 

1-таблица

2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси

 

АймактарВакцинацияланган жер
1Ош облусу жана Ош шаары№8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22
3Жалал-Абад облусуМанас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети
4Баткен облусуБаткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 
5Талас облусуТалас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 
6Ысык-Көл облусуКаракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121
7Нарын облусуНарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5
8

Чуйская

аймак

-ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6.

- ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н

9БишкекБишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а

Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.