Copyright: ©

Жаштар көңүл чордонунда: адистер кыргызстандыктарды ВИЧке тестирлөөдөн активдүү өтүүгө чакырды

01.12.2025 / Просмотров: 4930

2025-жылдын 1-декабрында Бишкекте быйылкы жылы «Өзүңө жана ар бир адамга кам көрүү менен ВИЧти жеңели» деген чакырык алдында өтүп жаткан Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган пресс-кафе болуп өттү. Республикалык гемоконтакттык вирустук гепатиттерге жана ВИЧке көзөмөл борбору Саламаттык сактоо министрлиги, ЮНФПА, ЮНЕЙДС жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте эпидемиологиялык абалдын негизги багыттарын, 2025-жылдагы чакырыктарды жана алдын алуунун жана эрте диагностиканын жаңы ыкмаларын сунушташты.

2025-жылдын 1-октябрына карата Кыргыз Республикасында ВИЧ инфекциясынын 15 183 учуру катталган. Анын 14 285и — кыргызстандыктар (чет өлкөдө жүргөн мекендештерибизди кошкондо), 898и — чет өлкөлүк жарандар. Кыргызстандагы бардык ВИЧ менен жашаган адамдар, жарандыгына жана жашаган жери кандай болушуна карабастан, акысыз дарылоо менен камсыздалат. Катталган бардык адамдардын 60%дан ашыгы — 20–39 жаштагы жаш эркектер жана аялдар. Негизги жугуу жолу жыныстык катнаш бойдон калууда, бул сексуалдык жана репродуктивдик саламаттык, жоопкерчилик жана маалыматтуулук боюнча ачык сүйлөшүүнүн зарылдыгын көрсөтөт. Башкы көйгөйлөрдүн бири — кеч аныкталуу, бул дарылоону өз убактысында баштоого тоскоол болуп, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошого карабастан, бүгүн ВИЧке тестирлөө ар бир адам үчүн жеткиликтүү — мамлекеттик медициналык уюмдарда да, көчмө акцияларда да.

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Анара Мамбетисаева өз сөзүндө буларды белгиледи:
«Биз өзгөчө көңүлдү жаштарга бурабыз — өлкөбүздүн келечегин аныктаган адамдарга. Ар бир адам ВИЧке тест тапшырууну, алдын алуунун заманбап ыкмаларын жана керектүү дарылоону кайдан алса болорун билиши абдан маанилүү. Заманбап терапия ВИЧ менен жашаган адамдарга толук кандуу жашоого, үй-бүлө курууга жана ден соолугу чың балдарды төрөөгө мүмкүнчүлүк берет», — деди ал.

РГВГжВИЧке көзөмөл борборунун директору Умуткан Чокморова тестирлөөнүн камтуусун кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи:
«Өзүңдүн ВИЧ-статусуңду билүү — алдын алуу жана дарылоо үчүн биринчи кадам. Биз баарын тестирлөөдөн өтүүгө жана саламаттыгын коргоо үчүн жеткиликтүү ресурстарды пайдаланууга чакырабыз. Эгер дарылоо эффективдүү болуп, вирус жүгү кандын анализинде аныкталбай турган деңгээлге түшсө, ВИЧ жыныстык жол менен жукпайт — муну ар бир адам билиши керек», — деп баса белгиледи ал.

Кыргызстандагы ДССУнун өкүлчүлүгүнүн башчысы Ливиу Ведраско Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун акыркы маалыматтарын сунуштады:
«2024-жылы региондордо ВИЧтин 105 922 жаңы учуру катталды. Аз гана төмөндөө болгону менен, кеч диагноз коюу деңгээлинин жогору бойдон калышы тынчсыздандырууда. Бул адамдар антиретровирустук терапияны өз убагында ала албай жатканын билдирет. Стигма жана дискриминация дагы эле олуттуу тоскоолдуктар бойдон калууда. Тестирлөө мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде өз алдынча тестирлөөнү кеңейтүү — 2030-жылга чейин СПИДди коомдук саламаттыкка коркунуч катары жоюуда негизги кадам», — деди ал.

Иш-чаранын катышуучулары Кыргызстан улуттук чараларды күчөтүп, эл аралык уюмдардын сунуштарын ишке ашырып, алдын алуу программаларын өнүктүрүүнү улантып жатканын белгилешти.

Пресс-кафенин уюштуруучулары массалык маалымат каражаттарын ВИЧке каршы күрөш темаларын активдүү чагылдырууга чакырып, алдын алуунун, эрте диагностиканын жана ВИЧ менен жашаган адамдарга урмат менен мамиле кылуунун маанилүүлүгүн коомго түшүндүрүүгө көмөктөшүүгө үндөштү. Негизги принциптер баса белгиленди: тестирлөөгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, дарылоонун үзгүлтүксүз болушун камсыздоо, стигма жана дискриминацияга каршы күрөш, ошондой эле мамлекеттин, өнөктөштөрдүн жана коомдун биргелешкен жоопкерчилиги.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

10.12.2025
КР Саламаттык сактоо министрлиги «Сезим» кризистик борборунун пресс-турунда гендердик зомбулукка каршы «16 күн активдүү аракеттер» кампаниясынын алкагында катышты

2025-жылдын 9-декабрында Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Нургуль Аднаева «Сезим» кризистик борбору тарабынан уюштурулган, гендердик зомбулукка каршы эл аралык «16 күн активдүү аракеттер» кампаниясынын алкагындагы иш-чарага катышты.

Иш-чаранын максаты — үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулук көйгөйүнө көңүл буруу, аялдарга жана балдарга көрсөтүлүүчү ыкчам жардам механизмдерин тааныштыруу, мамлекеттик органдарды жана ЖМК өкүлдөрүн борбордун иши менен тааныштыруу болду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кыргызстанда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага жооп кайтаруу багытында олуттуу прогресс бар экенин белгиледи. Бүгүн аялдар өздөрүн көбүрөөк корголгон сезишет жана жардам алууга эркин кайрыла алышат, ал эми мамлекеттик органдар ар бир кайрылууну кылдат карап чыгышат. Өкмөт аялдарды, балдарды жана калктын аярлуу катмарларын коргоо багытында иш алып барган уюмдарга колдоону туруктуу түрдө жогорулатып келет.

Борбордун негиздөөчүсү, укук коргоочу Бюбүсара Рыскулова кампанияга Кыргызстандын катышуу тарыхы жана «Сезим» кризистик борборунун 1998-жылдан бери иштеп келе жаткан көп жылдык тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

«Нур» Транзиттик социалдык үйүнүн адистери катышуучуларга ыкчам жардамдын түрлөрү тууралуу маалымат беришти: аялдар менен балдарды коопсуз жайгаштыруу, кризистик коштоп жүрүү, баштапкы жооп кайтаруу, коргоо кызматтары менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

Борбордун психологу жабыркагандар менен иштөө өзгөчөлүктөрү жана зомбулуктун психологиялык кесепеттери тууралуу айтып берип, анонимдештирилген мисалдарды келтирди. «Сезим» кризистик борборунун юристтери Кыргыз Республикасында аялдар менен балдарды үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан коргоого багытталган мыйзамдарга сереп жүргүзүп, укуктук нормалардын практикалык колдонулушуна байланышкан реалдуу кейстерди көрсөтүштү. Ошондой эле катышуучуларга адистердин өз учурундагы жардамы аркылуу кризистен чыга алган аялдардын анонимдештирилген окуялары сунушталды.

Гендердик зомбулукка каршы «16 күн активдүү аракеттер» эл аралык кампаниясы 1991-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп, дүйнөнүн 180ден ашык өлкөсүн камтыйт.

09.12.2025
КР Саламаттык сактоо министрлиги 263 жеке клиниканын ишин одоно мыйзам бузуу фактылары боюнча токтотту

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги республика боюнча жеке менчик медициналык жана фармацевтикалык уюмдарга масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүздү. Бул көзөмөл иш-чаралары медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын күчөтүү жана лицензиялоо-уруксат берүү тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын бекемдөө максатында уюштурулду. Текшерүүлөрдү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын «Лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө» жана «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдары негиз болду.

Жалпысынан 541ден ашык жеке медициналык уюм текшерүүгө алынган. Алардын ичинен 246сы же 45,5%ы жарактуу лицензиясы жок иш жүргүзүп келгени аныкталды. Лицензиясы бар 295 субъекттин ичинен 110унда лицензиялык талаптарды бузуу фактылары табылды. Аларга төмөнкүлөр кирет: лицензияда каралбаган багыттар боюнча медициналык кызмат көрсөтүү, кызматкерлерде тиешелүү сертификаттардын, аттестациянын жана профилдик билимин жоктугу, медициналык билими жок адамдарды жумушка тартуу, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана инфекциялык көзөмөлдүн сакталбашы, шаймандарды туура эмес стерилизациялоо, каттоого алынбаган дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды, анын ичинде өзгөчө көзөмөлгө алынуучу каражаттарды туура эмес сактоо жана колдонуу.

Аныкталган бардык мыйзам бузуу фактылары боюнча административдик чаралар көрүлдү. Салынган айыптардын жалпы суммасы 20 млн 740 миң сомдон ашты. 263 медициналык уюмдун иши токтотулду, ал эми 246 мыйзамсыз медициналык иш жүргүзүү фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына укуктук баа берүү жана тиешелүү чара көрүү үчүн жөнөтүлдү.

Саламаттык сактоо министрлиги жарандардын лицензиясы жок медициналык мекемелерге кайрылуусу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурарын баса белгилейт. Анткени профилдик билими жана тиешелүү уруксаты жок адамдар көрсөткөн кызматтар оор кесепеттерге, анын ичинде инфекцияларга, медициналык манипуляцияларды туура эмес жасоого жана бейтаптардын ден соолугуна зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.

КР Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды жана өлкө конокторун медициналык жардамды расмий уруксаты бар лицензияланган медициналык уюмдардан гана алууга чакырат. Лицензиясынын бар-жогун, ошондой эле лицензияланган субъекттердин тизмеси жана көрсөтүлгөн кызматтар менен министрликтин расмий сайтындагы «Медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо» бөлүмүнөн — med.kg/lisenzirovanie — таанышууга болот.

09.12.2025
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо борборунда оор тамыр патологиясы бар 15 жаштагы бейтапка сейрек кездешүүчү жогорку технологиялуу операция ийгиликтүү жасалды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда (ЖХжОТИИИ) эң татаал жана сейрек жасалуучу операциялардын бири – төмөндө жайгашкан көкүрөк аортасына жана инфрареналдык бөлүгүнө шунт коюу, ошондой эле кыска кан тамырды, жогорку ич көңдөйүнүн жана сол бөйрөк артерияларын протездөө ийгиликтүү аткарылып, оор тамыр патологиясы бар 15 жаштагы өспүрүмдүн өмүрү сактап калынды.

Өспүрүмдө фибромускулярдык дисплазия диагнозу коюлуп, ич көңдөйүндөгү аорта жана анын эң маанилүү бутактары — кыска кан тамыр, жогорку ич көңдөйүнүн жана бөйрөк артериялары жабыркаган. Бул оору олуттуу артериалдык гипертензияга жана гипертрофиялык кардиомиопатияга алып келген. 2022-жылдан тарта жүргүзүлгөн консервативдик дарылоого карабастан, 2025-жылдын октябрында баланын абалы кескин оорлоп, дары-дармек терапиясы натыйжа бербей калды. Ата-энеси аталган институтка кайрылгандан кийин, бейтап дароо хирургиялык бөлүмгө жаткырылып, кеңири текшерүүдөн өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында шашылыш операция талап кылынары аныкталды.

2025-жылдын 29-октябрында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун хирургдар командасы ич көңдөйүндөгү аорта жана анын бутактарын протездөө боюнча татаал жогорку технологиялуу операция жасады. Техникалык жактан абдан татаал жана узакка созулган бул операция ийгиликтүү өттү. Бейтап эки күн жандандыруу бөлүмүндө болуп, андан кийин жалпы бөлмөгө которулду. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда жана жакын арада үйүнө чыгарууга даярдалууда.

Адистер белгилегендей, мындай операциялар Кыргыз Республикасында жалгыз Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда гана жасалат. Институт өлкөдөгү жүрөк-кан тамыр хирургиясынын алдыңкы мекемеси болуп саналат жана заманбап жабдуулар, анын ичинде ЭКМО жана аорталдык контрпульсация аппараттары менен камсыздалган. Бул чоңдорго, балдарга жана ымыркайларга татаал операцияларды жасоого мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары балдар кардиохирургу жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун дарылоо иштери боюнча башкы дарыгери Бекболот уулу Нурболот жасалган операциянын маанилүүлүгүн жана институттун жүрөк-кан тамыр хирургиясындагы ордун баса белгиледи:
«Операция техникалык жактан өтө татаал болду. Анын ийгиликтүү аткарылышы командалык иштин жана институттун материалдык-техникалык базасынын жогорку деңгээлинин аркасында мүмкүн болду. Мындай операциялар республикада жалгыз гана биздин институтта жасаларын баса белгилейбиз. Биздин жамаат балдарга өзгөчө көңүл бурат: 6 жашка чейинки балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана жетим балдарга операциялар акысыз жасалат. Бейтаптын абалы турукташканына кубанычтабыз жана ага толук сакайып кетүүнү каалайбыз», — деди Бекболот уулу Нурболот.