Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтуна карата мурдагы кызматкер А.А.Жоошев социалдык тармактарга жарыялаган фактыларды текшерүү боюнча КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясынын ишинин жыйынтыгы

06.06.2023 / Просмотров: 1594

Кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 05.06.2023-ж. №688 буйругу менен комиссия түзүлүп, объективдүү кароо максатында ЖХжОТИИнин директорунун орун басары Бекболот У.Н., Урманбетов К.С., аспирант У.Э.Абдикалил отурумга чакырылып, комиссиянын мүчөлөрү иштин жагдайы боюнча маалымат угушту.

ЖХжОТИИнин эки кызматкери катышкан бул окуя 2022-жылы болуп, ал маалда Бекболот У.Н. директордун дарылоо иштери боюнча орун басары кызматына дайындала электиги, директордун орун басары кызматына 2023-жылдын 6-апрелинен баштап дайындалганы аныкталды. Айта кетсек, ошол кезде директор болуп Т.З.Кудайбердиев иштеп, өз убагында эч кандай чара көрбөгөн. Учурда окуянын катышуучуларынын бири-бирине дооматы жок, түшүнүк каттары бар.

Бирок КР Саламаттыкты сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин кесиптештерине карата этикага жатпаган жүрүм-турумун (зомбулукту) кескин айыптайт. Буга байланыштуу комиссия директордун дарылоо иштери боюнча орун басары Бекболот у.Н. директордун дарылоо иштери боюнча орун басары У.Н Бекболоттун ээлеген кызматына ылайык келүүсү жөнүндө маселени кароо чечимин кабыл алды.

 

Ошондой эле, фактыларды текшерүү учурунда А.А.Жоошевдин видеокайрылуусунда айтылган кызматтан бошотулган кызматкерлерге (Ашимов Ж.И., Жуманазаров А.Б., Гайбылдаев Ж.Ж., Садабаев Р.А.) тиешелүү документтер суралып, изилденген. Жогоруда аталган кызматкерлердин бардыгы ээлеген кызматынан өз каалоосу боюнча бошотулган, бул алардын билдирүүлөрү менен тастыкталат. Кызматтан алынган 7 дарыгер тууралуу видео кайрылууда айтылган маалымат тастыкталган жок. Белгилей кетсек, министрлик саламаттыкты сактоо уюмдарынын ички дайындоолоруна кийлигишпейт.

Кыргыз Республикасындагы кошумча кесиптик билим берүү жөнүндө жобого ылайык, кесиптик кайра даярдоо боюнча кошумча билим берүү программалары адиске алган кесиптик билиминин чегинде жаңы кесиптик ишмердүүлүктү аркалоо үчүн зарыл болгон билимди, көндүмдөрдү камсыз кылган окуу программаларынын 500 сааттан ашык көлөмүндө ишке ашырылат. Бирок, Т.З.Кудайбердиев директор болуп турган убакта А.А.Жоошев рентген эндоваскулярдык хирургия боюнча баштапкы адистиги жок туруп, интервенциялык кардиология боюнча 240 сааттык квалификациясын жогорулатуу сертификаты менен 2022-жылдын 10-майында аталган институттун аритмолог-рентгенхирургу болуп дайындалган, бул жогоруда көрсөтүлгөн Жобого туура келбейт. Кызматка дайындалгандан кийин ал тараптан министрликке интервенциялык кардиология боюнча Казакстан Республикасында берилген сертификатты тастыктоо жана чет өлкөлүк окуу жайлардан берилген билими тууралуу документтердин деңгээлин жана мазмунун тастыктаган маалымкат алуу боюнча кайрылуулар болгон эмес. Бул окуя боюнча материалдар тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Ошондой эле, институттун директору С.Э.Шабыралиевдин катында көрсөтүлгөндөй, 2023-жылдын 25-майында А.А. Жоошев реанимация бөлүмүндөгү нөөмөт убагында саат 01:00 - 05:00ке чейин жумуш ордунда болгон эмес, мунун кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптар жабыр тартып калышы мүмкүн эле.

ЖХжОТИИнин кызматкерлери жана институттун директору С.Э.Шабыралиевдин маалымат катына ылайык, А.А.Жоошев мурдагы директор Т.З.Кудайбердиевдин «өкүл баласы» болот.

Окуя болгондон кийин эртеси А.А.Жоошев өз  каалосу менен бошотуу тууралуу арыз жазган. ЖХжОТИИнин 2023-жылдын 26-майындагы № 62-К буйругуна ылайык бошотулган.

ЖХжОТИИнин башкы дарыгерин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри тарабынан дайындалышы тууралу комиссия төмөнкүлөрдү билдирет: Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун Уставынын 22-пунктуна ылайык ЖХжОТИИнин директору болуп 70 жаштан улуу эмес, тиешелүү профилдеги докторлук даражасы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору илимий даражасы бар адис жок болгон учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет. Илимдин доктору даражасы бар адис гана директор болушу керек деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Ошондой эле ушул эле Уставдын 26-пунктуна ылайык, ЖХжОТИИнин директорунун орун басарлары (видео кайрылууда бул кызмат башкы дарыгер деп аталат) директор тарабынан дайындалат жана кызматтык нускамаларга ылайык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри тарабынан институттун директорунун орун басары (башкы дарыгер) дайындалгандыгы, ошондой эле ал  министрдин “өкүл баласы” деген маалымат чындыкка дал келбейт. "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 5-пунктуна ылайык, белгиленген тартипте гезиттердин, журналдардын, телекөрсөтүүнүн, радионун жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынан түз телефон байланышы аркылуу келип түшкөн жарандардын кайрылуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттө каралат. Ошентип, А.А.Жоошев өзүнүн видеокайрылуусунда "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктун бузган, анда башка адамдардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жана ишмердүүлүк беделине шек келтирген каралоочу материалдарды, билдирүүлөрдү камтыган кайрылууну жарандын берүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. А.А.Жоошев тарабынан социалдык тармактарга жарыяланган жагдайларды кароонун жыйынтыгы менен комиссия укуктук баа берүү үчүн материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтөт.

Институттун мурдагы директору Т.З.Кудайбердиевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча ал 2023-жылдын 16-февралында өз каалоосу менен кызматтан бошотуу жөнүндө арыз жазгандыгы аныкталып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-ж. 1-мартындагы №106 буйругу менен бошотулган. Ошол учурда КР Башкы прокуратурасы тарабынан Т.З.Кудайбердиевге карата каржылык мыйзам бузуулар жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш иши козголгон.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.

Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.

Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.

Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.

 

26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.

Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.

«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.

25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду

Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду. 

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.

Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет. 

1-таблица

2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси

 

АймактарВакцинацияланган жер
1Ош облусу жана Ош шаары№8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22
3Жалал-Абад облусуМанас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети
4Баткен облусуБаткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 
5Талас облусуТалас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 
6Ысык-Көл облусуКаракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121
7Нарын облусуНарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5
8

Чуйская

аймак

-ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6.

- ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н

9БишкекБишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а

Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.