Copyright: ©
Республикалык эмдөө комитетинин жыйыны
13.12.2024 / Просмотров: 11956
Эмдөө боюнча республикалык эмдөө комитетинин отуруму болуп, анда 2024-жылдын 9 айына карата эмдөө Программасына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча негизги маселелер каралды.
Жолугушуунун жүрүшүндө программанын учурдагы жыйынтыктары, анын ичинде эмдөө менен камтуу динамикасы, ошондой эле колдонулган вакциналардын натыйжалуулугу жана коопсуздугу талкууланды. Кызамык жана көк жөтөл сыяктуу бир катар жугуштуу оорулардын чыгышына алып келген эмдөө менен камтуунун төмөндөшүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Профилактикалык эмдөөлөрдүн аз камтылышынын фонунда 2023-жылы башталган кызамык оорусу уланууда. Бул убакыттын ичинде эпидемияны ооздуктоо үчүн олуттуу чаралар көрүлдү. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин протоколдук тапшырмаларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын тапшырмаларына ылайык Республикада КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери менен квартал сайын жолугушууларда кызамык боюнча учурдагы кырдаал, кызамык боюнча өзгөчө аракеттер планын ишке ашыруу, эмдөө менен камтууну жакшыртуу жана эмдөөгө болгон суроо-талапты көтөрүү талкуулары өткөрүлгөн.
Кызамык оорусунун чыгышына жооп иретинде эмдөө кампаниясынын бир нече этаптары жана биргеликте иштөөнүн аркасында кызамык оорусу туруктуу түрдө кыскарды. Оң динамикасын сактоо жана туруктуу жамааттык иммунитетти түзүү, ошондой эле кызамык инфекциясынан жогорку тобокелдик топторун коргоо максатында жыйында кызамык жана көк жөтөл маселелери боюнча калк арасында коммуникацияны жана социалдык мобилизацияны күчөтүү, ошондой эле эмделбеген жана эмдөөнү толук албаган балдар арасында «тазалоочу» эмдөө жүргүзүү чечими кабыл алынды.
Жыйындын жүрүшүндө кырдаалды жакшыртууга, профилактикалык эмдөөлөрдү камтууга жана эмдөөгө болгон суроо-талапты жогорулатууга багытталган чаралар да талкууланды. Атап айтканда, эмдөө менен камтууну жакшыртуу пландары жана калктын эмдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар каралды.
Жыйындын жыйынтыгында республикалык саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине, саламаттыкты сактоонун областтык координаторлоруна жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн райондор аралык оорулардын алдын алуу борборлорунун башкы дарыгерлерине тиешелүү чаралар жана чечимдер кабыл алынды. Негизги көңүл пландуу эмдөө боюнча көзөмөлдү күчөтүүгө, «тазалоочу» эмдөөлөрдү кылдаттык менен жүргүзүүгө жана программанын алкагында эмделбеген жана эмдөөнү толук албаган балдарды аныктоого бурулат.
Маалымат үчүн: 9 айдан 7 жашка чейинки 900 миңден ашык баланы камтыган эмдөө кампаниялары кызамык оорусун азайтууда олуттуу натыйжаларга алып келди.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
20.01.2025
Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык кырдаал
Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3-жумасында (13.01.25 - 19.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 761 учуру жана сасык тумоонун 41 учуру катталып (и.к. 166,2), өткөн жумага салыштырмалуу (02-жума, и.к. 105,0) +1,6 эсеге жогору. Ооругандардын 4,8%ы (563 бейтап) ооруканага жаткырылган.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын таралышы байкалууда, алардын ичинен эң көп таралган респиратордук синцитиалдык вирус – 30,3%, риновирус – 25,8%, аденовирус – 13,2%, I-IV парагрипп – 11,4%, башка вирустук инфекциялар 19,3%ды түздү.
2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосунан жана В тумоосунун айрым учурлары - 10,7% жана COVID-19 - 8,9% шарттаган сасык тумоо мезгили болду.
Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.
Республикада сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жана баалоо улантылууда жана көзөмөлдө.
17.01.2025
КР Саламаттык сактоо министри Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды
2025-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды. Иш сапардын жүрүшүндө министр борбордун иштөө шарттары менен таанышып, анын кызматкерлери менен негизги маселелерди талкуулады жана калыбына келтирүүчү жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү системасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Борбор профилактикалык, кеңеш берүү, дарылоочу, диагностикалык жана калыбына келтирүү сыяктуу кызматтардын түрүн көрсөтөт. Борбордунишмердүүлүгүнүн негизги багыттары бейтаптардын ден соолугун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүчү дарылоо гимнастикасы жана дене тарбия секцияларын уюштурууну камтыйт.
Министр Кыргызстанда жыл сайын 1500гө жакын адам инсультка кабылып, калыбына келтирүүчү жардамга муктаж болоорун белгиледи. Мындан тышкары, жол кырсыгынан жабыркагандар жана дарылоонун паллиативдик стадиясындагы бейтаптар да жардамга муктаж. Мындай борборду түзүү республиканын бардык аймактарынан келген тургундар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын бир топ жакшыртат.
17.01.2025
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте кызамык оорусу боюнча көчмө ыкчам штабдын жыйынын өткөрүүдө
2025-жылдын 16-январында КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаеванын жана Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин көчмө ыкчам штабынын жыйыны уюштурулду. Бул жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмаларын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызамык менен күрөшүү боюнча штабынын чечимдерин аткаруунун жана кызамык боюнча алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларга көмөк көрсөтүүнүн алкагында уюштурулду.
Талкууга коомдук саламаттыкты сактоонун жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, билим берүү мекемелеринин, аймактык администрациялардын өкүлдөрү катышты. Жыйында учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, кызамыктын, кызылчанын, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун чыгышына жооп катары жүргүзүлгөн эмдөө боюнча өнөктүктөргө мониторинг талкууланды.
Белгилей кетсек, өткөн жылы республикада кошумча жана тазалоочу эмдөөнүн үч баскычы өткөрүлгөн. Республика боюнча 918 000 бала жана 29 258 саламаттык сактоо системасынын кызматкери, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери эмдөөдөн өткөн.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын аймагында кызамык оорусунун 14 380 учуру, анын ичинен 5 681 учуру Бишкек шаарында катталган. 2025-жылдын башынан бери 229 жаңы учур, анын ичинде Бишкек шаарында 144 учур катталды. Оорунун күч алышынын негизги себеби – эмдөөдөн өткөндөрдүн көрсөткүчү талаптагыдан төмөндүгү, Бишкекте адамдардын 95% вакцина алышы керек болсо, учурда бул көрсөткүч 69 %ды түзөт.
Кызамык оорусунун андан ары жайылышын алдын алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар арасында тазалоочу эмдөө боюнча өнөктүктү улантууда, бирок эмдөөдөн баш тарткандардын айынан бул иш кыйынчылыктар менен коштолууда. Ушул себептен улам олуттуу эпидемиологиялык тобокелдиктер бар, себеби вирус эмделбеген балдардын арасында жайылып жатат.
Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды: кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү, профилактикалык эмдөөлөрдү 95%дан кем эмес деңгээлге жеткирүү; калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, эмдөөнүн коопсуздугун жана маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө багытталган маалыматтык-агартуу өнөктүктөрүн уюштуру.