Дүйнө жүзү боюнча дарыгерлер коңгуроо кагышууда: "Электрондук тамеки колдонгон өспүрүмдөр менен жаштардын саны өсүүдө!"

10.03.2023 / Просмотров: 1516

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча дарыгерлер коңгуроо кагышууда: «Электрондук тамеки колдонгон өспүрүмдөр менен жаштардын саны өсүүдө!». Бул көрүнүш жаңы өсүп келе жаткан муунду тартууга багытталган тамеки кампанияларынын агрессивдүү маркетингине байланыштуу. Алар өз продукцияларын зыяны аз, ал тургай зыяны жок деп позициялап коюшат, бул туура эмес, дейт медицина илимдеринин кандидаты, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун пульмонологу Анара Калиева.

Анын айтымында, электрондук тамекилердин ден соолукка тийгизген терс таасирин көптөгөн илимий изилдөөлөр далилдейт. Сспүрүмдүн калыптанып келе жаткан мээси электрондук тамекидеги никотинге өзгөчө аялуу. Далилдерге негизделген медицина никотиндин көңүл буруу, таанып билүү, эс тутумдун начарлашы жана интеллекттин жана аткаруучу функциянын төмөндөшү менен байланышын көрсөтөт (Slekman J. Vaping: It's all a smokescreen. Pediatric Nursing. 2019;45(1):12–15.35). Электрондук тамекини колдонуу гиперактивдүүлүктү жана импульсивдүү жүрүм-турумдун өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн (Tobore TO. On the potential harmful effects of E-Cigarettes (EC) on the developing brain: The relationship between vaping-induced oxidative stress and adolescent/young adults social maladjustment. Journal of Adolescence. 2019;76:202–209).  Demissie жана авторлоштордун илимий иши электрондук тамеки колдонгон орто мектеп окуучуларынын арасында мушташуу, өз жанын кыюу аракети, спирт ичимдиктерин жана марихуананы колдонуу коркунучу жогору экенин тастыктады (Demissie Z, Jones SE, Clayton HB, King BA. Adolescent Risk Behaviors and Use of Electronic Vapor Products and Cigarettes. Pediatrics. 2017;139(2) doi: 10.1542/peds.2016-2921). Никотин бойго жеткен мээге салыштырмалуу өспүрүмдүн мээсине олуттуу жана туруктуу зыяндуу таасирин тийгизет (Britton и соавторы, 2007; Doura и соавторы, 2008).

Дүйнөлүк адабиятта электрондук тамекилерди колдонуу жаштардын кадимки тамекиге же соргуч тамекиге (насвая) өтүү ыктымалдыгын жогорулатат деген басылмалардын саны өсүүдө. Электрондук тамекилерди колдонгон өспүрүмдөр кийинчерээк тамекинин башка түрлөрүн колдонгонун 3,6 эсе көп айтышкан (Jenssen BP, Wilson KM. What is new in electronic-cigarettes research? Current Opinion in Pediatrics. 2019;31(2):262–266). 

Ошондой эле өспүрүмдөр никотин көз карандылыгына көбүрөөк кабылаары илимий жактан далилденген. Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, күнүгө тамеки чеккен чоң кишилердин 90% тамеки буюмдарын 18 жашка чейин колдоно башташкан (Kong G, Krishnan-Sarin S. A call to end the epidemic of adolescent E-cigarette use. Drug and Alcohol Dependence. 2017; 174:215–221). Ошентип, электрондук тамеки никотинге көз карандылардын жаңы муунун түзүүгө натыйжалуу жардам берип жатат.

Коммерциялык продуктыларды изилдөөлөр көрсөткөндөй, электрондук тамекилерде 1- 36 мг/мл никотин болушу мүмкүн (Гониевич жана авторлоштор, 2015-ж.); ден соолукка кооптуу кошулмаларды камтышы мүмкүн (Zhu жана авторлоштор, 2014), ошондой эле ингредиенттерде көрсөтүлбөгөн аралашмалар болушу мүмкүн (Varlet et al. 2015); электрондук тамекилер ысыганда ден соолукка коркунуч туудурган кошумча токсиканттарды пайда болот (Taлих ж.б., 2015).

 

Электрондук тамекилердин кадимки тамекилерге салыштырмалуу никотинди бирдей же андан да көп өлчөмдө жеткирүү жөндөмдүүлүгү жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу тынчсызданууну жаратат. Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, никотин атеросклероздун патогенезине катышкан ар кандай сезгенүү медиаторлорунун өндүрүшүн (Lau and Baldus 2006) жана клеткалык деңгээлде никотин макрофагдарда C-реактивдүү белоктун (СРБ) экспрессиясын индукциялайт да, сезгенүү жана атеросклероздук таасирине өбөлгө түзөт (Mao et al. 2012). 

 

Электрондук тамеки колдонгон кыздарга кош бойлуу болгондо таштоо кыйыныраак болот. Никотин плацента ткандарын кесип өтө алгандыктан, түйүлдүктүн суюктуктарындагы никотиндин концентрациясы эненин сары суусуна караганда жогору экени аныкталган (Сент-Хелен и соавторы, 2016).

2016-жылы Holbrook жана авторлошторунун, ошондой эле 2017-жылы Spindel жана авторлоштору тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр никотиндин күтүлбөгөн жерден ымыркай өлүмү синдромунун өнүгүшү менен, ошондой эле узак мөөнөттүү келечекте өпкө оорусунун өнүгүшү менен байланышын көрсөттү.

Электрондук тамекилердин ден-соолукка тийгизген терс таасири жөнүндө көптөгөн негиздүү аргументтердин бар экендигине карабастан, тамеки өнөр жайы өспүрүмдөрдүн аң-сезимине жигердүү таасирин тийгизүүнү улантып, өздөрүнүн продукциясынын жагымдуулугун жогорулатууда. Заманбап дизайн, жагымдуу жыт, аппаратты жекелештирүү жана башка маркетингдик өзгөчөлүктөрү жаш муундун арасында электрондук тамекилерди колдонууну модага айлантып, аларды туруктуу керектөөчүлөргө айландырууда.

Кыргызстандагы орто жана жогорку класстын окуучулары арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо алардын 25%га жакыны электрондук тамеки колдонуу менен алектенерин, өспүрүмдөрдүн 78% социалдык тармактарда жок дегенде бир жолу электрондук тамекилердин жарнактарын көрүшкөнүн көрсөттү. Мектеп окуучулары электрондук тамекилерди катып коюу жана сабактардын ортосунда чегүү оңой экенин, ал эми жыттын жана тамеки колдонуунун башка издеринин жоктугу ата-энелер тарабынан аныктоо мүмкүнчүлүгүн дээрлик жокко чыгарат. Электрондук тамекилерди колдонуу көбөйгөнүн орто мектептердин мугалимдери тастыктап турат. Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы аппараттардын ден-соолукка тийгизген зыяны тууралуу маалымат берүү боюнча бир топ иштерди жүргүзүүдө: класстан тышкаркы сабактар ​​киргизилди, смс-билдирүүлөр, социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында видеолор таратылууда.

Күчтүү мыйзамдын киргизилиши, акциздердин, салыктардын көбөйүшү уул-кыздарыбыздын ден соолугу, келечеги үчүн күрөштө эң жакшы натыйжа берип жатканын дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп турат.

Камкор мамлекет гана өз элинин саламаттыгын жана жыргалчылыгын тамеки өнөр жайынын агрессивдүү таасиринен коргой алат!

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.

Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.

Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.

Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.

 

26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.

Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.

«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.

25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду

Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду. 

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.

Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет. 

1-таблица

2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси

 

АймактарВакцинацияланган жер
1Ош облусу жана Ош шаары№8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22
3Жалал-Абад облусуМанас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети
4Баткен облусуБаткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 
5Талас облусуТалас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 
6Ысык-Көл облусуКаракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121
7Нарын облусуНарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5
8

Чуйская

аймак

-ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6.

- ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н

9БишкекБишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а

Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.