КР Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков Баткен облусунун калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты

28.06.2022 / Просмотров: 1084

Бүгүн, 2022-жылдын 28-июнунда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт. Иш сапардын алкагында Жаркынбек Касымбеков Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, Баткен облустук бириккен ооруканасында, Кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасында болуп, облустун калкына көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын сапаты менен таанышты. Ал саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуп, орун алган көйгөйлөрдү талкуулады жана медициналык жардам көрсөтүү системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

19.04.2024
Саламаттык сактоо министри Республикалык балдар реабилитациялык борборунун жаңы имаратынын курулуш иштери менен таанышты

Бүгүн КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ибн Сина атындагы Республикалык балдар реабилитациялык борборунун жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. 

Аталган имаратынын курулушу 2023-жылы май айында башталган. 2 кабаттан турган 3 корпус курулууда. Азыркы күндө курулуш иштери аяктап, ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. 

Азыркы учурда ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн скважинанын курулушу чечилип, имараттын тегерек четин көрктөндүрүүгө, балдарга спорт жана ойноо аянтчаларын курууга кошумча каражат бөлүү чечими кабыл алынган.

Борбордун ачылышы 2024-жылдын 1-июнунда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө пландаштырылууда.

Жаңы имарат 100 орунга ылайыкташкан, бардык санитардык эпидемиологиялык талаптарга жооп берет. Борбордо 2 бөлүм, клиникалык, бактериологиялык лабораториялар, рентген кабинет, физиобөлүм, стоматологиялык кабинет, туз шахтасы, тамак-аш блогу, спорт зал, дарылоочу дене тарбия залы каралган. 

Борбордо өпкө оорулары менен жабыркаган балдарды дарылоо жана реабилитациялык жардам көрсөтүлөт.

19.04.2024
Кене вирустук энцефалиттин алдын алуу боюнча сунуштар

Республикада кене вирустук энцефалитинин (КВЭ) табигый очоктору бардык климаттык зоналарда аныкталган жана адам үчүн коркунучтуулугунун даражасына жараша белгиленет. Үстүбүздөгү жылдын 3 айында республика боюнча 156 адам кене чагып кайрылган. Анын арасында КВЭ жуктурган учур катталган жок. Чоң-Кемин, Кыргыз тоо кыркалары Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо айыл аймактарында жайгашкан очоктор олуттуу коркунучту жаратат.

Кене вирустук энцефалити кантип жугушу мүмкүн?

Оорунун козгогучу (арбовирус) адамга вирус жуккан кенен чаккан алгачкы мүнөттөрүндө анын ооруну басуучу шилекейи менен кошо жугат:

• КВЭ боюнча эндемикалык аймактарга барууда (токойлордо, токой сейил бактарында, жеке бакча участокторунда);

• кенелер жаныбарлар (иттер, мышыктар аркылуу келгенде;

• кене энцефалити боюнчу коопсуз аймактарда эчкинин (көбүнчө), койдун, уйдун чийки сүтүн ичкенде, кенелердин массалык чабуул учурунда сүттө вирус болушу мүмкүн. Баса белгилей кетүүчү нерсе, чийки сүт гана эмес, андан жасалган азыктар (быштак, каймак ж.б.) да жугуштуу;

• вирусту териге сүрткөндө кенени эзгенде же чаккан жерди тырмаганда.

• Ушул себептен чийки сүт азыктарын кайнагандан кийин гана колдонуу керек.

Оорунун кесепеттери: толук айыккандан ден соолук көйгөйлөрүнө чейин, майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Кене вирустук энцефалитке ким кабылышы мүмкүн?

Жашына жана жынысына карабастан бардык адамдар кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушуна байланыштуу токойдо жүргөндөр (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, автомобиль жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) тобокел тобуна кирет. Шаардын жашоочулары жумуш жана эс алуу учурунда шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарында, бакча участокторунда жуктуруп алышат.

19.04.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Ысык-Көл облусундагы жаңы тез жардам бөлүмүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты

2024-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Тамчы айылында «Ас-Сафа Борбору» коомдук кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен Тез медициналык жардам бөлүмүнүн (ТМЖБ) имараты курулуп, бүгүнкү күндө курулуш иштери 70-80%га бүткөрүлдү. Учурда ички жасалгалоо жана жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ысык-Көл облусунун Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Альмира Алдашеванын айтымында, ТМЖБнын 3 кабаттуу имаратынын курулушуна жалпы 40 млн сом сарпталды. Фонд биздин арызыбызды толугу менен жактырды жана курулуштан тышкары бөлүм бардык зарыл болгон медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылат. Кызматкерлердин жана бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулат. Мындан тышкары, Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан ТМЖБнын айланасында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Министр өзгөчө туристтик сезондун алдында калкыбызды сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам менен камсыздоодо Ысык-Көл облусунда тез жардам бөлүмүн уюштуруу чоң роль ойноорун баса белгиледи. Бөлүм өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам жардам көрсөтүү менен чектелбестен, облустун калкынын жалпы ден соолугун чыңдоого да көмөктөшөт.

Тез медициналык жардам бөлүмүнүн расмий ачылышы жана ишке берилиши үстүбүздөгү жылы 20-майга пландалууда.