Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрликтери саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну өнүктүрүүнү макулдашты

19.04.2022 / Просмотров: 2600

14-апрель, 2022-жылы Россия Федерациясынын Москва шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйырма үчүнчү жыйыны өттү. Отурумду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук алып барышып, кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуунун өнүгүүсүндөгү оң динамикасын белгилешти. Жаңы коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө сертификаттарын өз ара таануу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгү өзгөчө баса белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонддорунун адистеринин биргелешкен консультациялары, эмгек мигранттарынын иштебеген үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруунун эсебинен медициналык тейлөөнү уюштуруу, ошондой эле эмдөө маселеси талкууланды. Консультацияларды 2022-жылдын биринчи жарымында өткөрүү пландалууда.

Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасында BSL3 биологиялык лабораториясын түзүү боюнча пикир алышты. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы бул долбоорду ишке ашырууга каршы болгон.

 Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлиги саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну өнүктүрүүнү улантууга макулдашты, анын ичинде медициналык, илимий жана билим берүү уюмдарынын ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүү жолу менен.

Тараптар ошондой эле эл аралык өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча россиялык демилгелердин алкагында биргелешкен изилдөө, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана аларга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кызматташууну улантууну чечишти.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

19.04.2024
Бөкөнбаев айылында «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

2024-жылдын 19-апрелинде Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Жалпы медициналык практика борборунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды.

Ачылыш аземге КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

 

Министр өз сөзүндө мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты  калктын жеткиликтүү дары-дармектерге байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү экенин белгиледи.

 

Жалпысынан Ысык-Көл облусунда 6 мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы иштөөдө.

19.04.2024
Кене вирустук энцефалиттин алдын алуу боюнча сунуштар

Республикада кене вирустук энцефалитинин (КВЭ) табигый очоктору бардык климаттык зоналарда аныкталган жана адам үчүн коркунучтуулугунун даражасына жараша белгиленет. Үстүбүздөгү жылдын 3 айында республика боюнча 156 адам кене чагып кайрылган. Анын арасында КВЭ жуктурган учур катталган жок. Чоң-Кемин, Кыргыз тоо кыркалары Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо айыл аймактарында жайгашкан очоктор олуттуу коркунучту жаратат.

Кене вирустук энцефалити кантип жугушу мүмкүн?

Оорунун козгогучу (арбовирус) адамга вирус жуккан кенен чаккан алгачкы мүнөттөрүндө анын ооруну басуучу шилекейи менен кошо жугат:

• КВЭ боюнча эндемикалык аймактарга барууда (токойлордо, токой сейил бактарында, жеке бакча участокторунда);

• кенелер жаныбарлар (иттер, мышыктар аркылуу келгенде;

• кене энцефалити боюнчу коопсуз аймактарда эчкинин (көбүнчө), койдун, уйдун чийки сүтүн ичкенде, кенелердин массалык чабуул учурунда сүттө вирус болушу мүмкүн. Баса белгилей кетүүчү нерсе, чийки сүт гана эмес, андан жасалган азыктар (быштак, каймак ж.б.) да жугуштуу;

• вирусту териге сүрткөндө кенени эзгенде же чаккан жерди тырмаганда.

• Ушул себептен чийки сүт азыктарын кайнагандан кийин гана колдонуу керек.

Оорунун кесепеттери: толук айыккандан ден соолук көйгөйлөрүнө чейин, майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Кене вирустук энцефалитке ким кабылышы мүмкүн?

Жашына жана жынысына карабастан бардык адамдар кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушуна байланыштуу токойдо жүргөндөр (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, автомобиль жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) тобокел тобуна кирет. Шаардын жашоочулары жумуш жана эс алуу учурунда шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарында, бакча участокторунда жуктуруп алышат.

19.04.2024
Каракол шаарында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 19-апрелде Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 350 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду 2025-жылга бүтүрүү пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Гүлкан Молдобекова, Акылбек Түмөнбаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, облустагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

 

Министр өз сөзүндө ден соолукту чыңдоо, алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу азыркы дүйнөнүн эң маанилүү көйгөйлөрүнүн бири экенин, ошондуктан өлкөнүн мамлекеттик саясаты жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

«Өлкө калкынын саламаттыгы 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө калктын саламаттыгына кам көрүү маселеси мамлекеттин көңүл борборунда. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго терең ыраазычылык билдирем, анын колдоосу менен бул курулуш башталып, 600 миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнүп жатат. Каракол шаарындагы жаңы облустук оорукананын курулушу облустун тургундарына көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатат».

 

Жалпы аянты 6200 м2 болгон 350 орундуу оорукана 5 блоктон турат, анда консультациялык-диагностикалык бөлүм, операциялык бөлмөсү бар хирургиялык жана травматология бөлүмдөрү, ЛОР, көз, терапия, онкология, балдар жана башка бөлүмдөр каралган, ошондой эле лаборатория, ашкана, кир жуучу жай, кампа ж.б. уюштурулат.

Мындан тышкары, оорукананын аймагында МОРГ, ТП, кислород станциясы, откана, автопарковка, генератор орнотулат.