Кыргызстанда өспүрүм кыздарды адамдагы папиллома вирусуна каршы эмдөө башталды
14.11.2022 / Просмотров: 2930
2020-2024-жылдарга Иммунопрофилактика программасын ишке ашыруу максатында Гави, Вакцина альянсынын финансылык жана техникалык колдоосу менен КР Саламаттыкты сактоо министрлиги стратегиялык багыттарды ишке ашыруу боюнча жаңы вакциналарды киргизүү чараларын көрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календары.
2022-жылдын 14-ноябрында КРнын профилактикалык эмдөө календарына ылайык 11 жаштан кыздарды адам папилломавирусуна каршы эмдөө башталды. Негизги максаттуу топтон тышкары, Улуттук эмдөө боюнча техникалык эксперттик топ (НИТЭП) вакцинаны киргизүүнүн биринчи жылында 12-14 жаштагы кыздарды эмдөөнү сунуштады. Өспүрүм кыздарды пландуу эмдөө келечекте жыл сайын жатын моюнчасынын рагына кабылган 600дөн ашуун учурдун жана 300гө жакын өлүмдүн алдын алат. Бишкекте А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясында адамдагы папиллома вирусуна (HPV) каршы эмдөөнүн башталышына карата расмий иш-чара болуп өттү.
Иш-чара, КР балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн, ошондой эле мектеп жетекчилигинин жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Эмдөө окуу жайдын медициналык борборунда бекер жүргүзүлөт. 2022/2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздарга да HPV вакцинасы салынат. Вакцина 6 айлык интервал менен эки жолу жасалат (эгерде биринчи доза ноябрда берилсе, экинчи доза май айында). Кыргызстан жана башка өлкөлөр HPV вакцинасын эмдөө графигине киргизген, аялдарды жатын моюнчасынын рагына каршы коргоону артыкчылыктуу милдет катары карашат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын аял жатын моюнчасынын рагы менен ооруйт, анын 300ү өлүмгө алып келет. Рактын бул түрү өлкөдөгү аялдардын рак оорусуна чалдыккандардын арасында 2-орунда турат жана 15 жаштан 44 жашка чейинки аялдарда рактын эң көп таралган түрү болуп саналат. GAVIнин колдоосу менен өлкөгө 368 000 доза HPV вакцинасы келди. Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2022-жылдын 18-июлундагы No859 “Кыргыз Республикасында өспүрүм кыздарга адам папилломасына каршы эмдөө киргизүү жөнүндө” буйругуна ылайык 2000ден ашык медицина кызматкерлери окутулуп, окуудан өтүштү. 100 миңден ашык маалыматтык материалдар басылып чыкты. КР Саламаттык сактоо министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен буйругуна ылайык, бүгүнкү күндө калк жана ата-энелер арасында активдүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун басма сөз катчысы доктор Джоана Мадурейра Лима бул жаатта мындай деди: «АПВ вакцинасын биринчилерден болуп киргизген акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, Улуу Британиядагы HPV вакцинациясы рак алдындагы жараларды жана жатын моюнчасынын рагын дээрлик 90% азайткан.
Ошондой эле Швеция жатын моюнчасынын рагы бул өлкөдө 5 жылдын ичинде жок кылынышы мүмкүн деп болжолдоодо, бул жыл сайын 100 000 аялга 4 жаңы учурдан азыраак дегенди билдирет. Ошондуктан, мен бул вакцинаны ишке киргизүү Кыргызстандагы көптөгөн аялдардын жатын моюнчасынын рагына чалдыкпоого жардам берет деп толук ишенем”, - деди ДССУнун Кыргызстандагы регионалдык директорунун атайын өкүлү Жоана Мадурейра Лима.
"Бүгүнкү HPV вакцинасын киргизүү чечими бүткүл өлкө боюнча жаштардын өмүрүнө коркунуч туудурган, бирок алдын ала турган оорудан коргоодогу маанилүү кадам болуп саналат" деди GAVI Country Programs компаниясынын башкаруучу директору Табани Мафоса. «Бул вакцина коопсуз жана эффективдүү, ошондуктан биз аны Кыргызстандагы кыздарга жеткиликтүү кылуу үчүн өкмөт жана өнөктөштөр менен иштешип жатканыбызга сыймыктанабыз».
Маалымат катары:
• Жатын моюнчасынын рагы дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү болуп саналат. ДССУнун (GLOBOCAN) маалыматы боюнча, жатын моюнчасынын рагы аялдарда таралган рактын төртүнчүсү. 2018-жылы дүйнө жүзү боюнча 560 000ден ашуун аял жатын моюнчасынын рагына кабылып, 300 000ден ашууну оорудан каза болгон. Аялдардын жатын моюнчасынын рак оорусунун негизги себеби - дүйнөдөгү эң кеңири таралган вирустардын бири болгон адамдын папилломавирусу (HPV). Өнөкөт HPV инфекциясы аялдарда жатын моюнчасынын рагынын өнүгүшүнө алып келет.
• Жатын моюнчасынын рак оорусунун финансылык жүгү: Өзбекстанда жана Молдовада жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, жатын моюнчасынын рагын аныктоонун стадиясына жараша, бир жатын моюнчасынын рагын дарылоонун баасы 288 АКШ долларынан 1900 АКШ долларына чейин өзгөргөн. Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагына чалдыккандардын 40%га чейинкиси өнүккөн стадиясында аныкталганын эске алып, Саламаттыкты сактоо министрлиги жатын моюнчасынын рагы менен ооруган бейтаптарды диагностикалоого, дарылоого жана кароого жыл сайын 500 миң АКШ долларын жумшайт. • HPV вакциналары: Учурда HPV вирусунун онкогендик түрлөрү менен инфекцияны алдын алган үч HPV вакцинасы бар.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.
Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.
Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.
Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.
26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.
Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.
«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.
25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.
Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет.
1-таблица
2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси
| № | Аймактар | Вакцинацияланган жер |
| 1 | Ош облусу жана Ош шаары | №8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22 |
| 3 | Жалал-Абад облусу | Манас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети |
| 4 | Баткен облусу | Баткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 |
| 5 | Талас облусу | Талас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 |
| 6 | Ысык-Көл облусу | Каракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121 |
| 7 | Нарын облусу | Нарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5 |
| 8 | Чуйская аймак | -ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6. - ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н |
| 9 | Бишкек | Бишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а |
Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.