Copyright: ©
НЕКРОЛОГ – Мамбет Мамакеев
24.11.2024 / Просмотров: 4378
Кыргыз элинин чыгаан уулу – Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Мамбет Мамакеевич Мамакеевдин дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен билдиребиз. Ысымы жогорку кесипкөйлүктүн жана өз ишине берилгендиктин символуна айланган улуу кыргыз хирургу 98 жаш курагында арабыздан кетти.
Мамбет Мамакеевич 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл областынын Кереге-Таш айылында туулган. Анын өмүр жолу сыноолорго жана кыйынчылыктарга жык толгон: ал согуш мезгилиндеги балалыктын жана согуштан кийинки жокчулуктун катаал жылдарын башынан өткөргөн. Ал эмгек жолун 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин аяктагандан кийин хирург катары баштаган. Анын профессионалдык карьерасы 70 жылдан ашык убакытка созулуп, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык хирургия кафедрасында ассистент жана доценттен профессор жана кафедра башчысына чейинки өсүштү камтыйт. 1996-2014-жылдары Мамбет Мамакеевич КР ССМнын Улуттук хирургия борборун жетектеген.
Мамбет Мамакеевичтин ата мекендик медицинага жана мамлекетке сиңирген эмгеги баа жеткис. Ал 30 миңден ашык операция жасап, 100 миңге жакын оорулууларга консультация берип, дарылап, көптөгөн инновациялык дарылоо ыкмаларын практикага киргизип, кечиктирилгис кыргыз хирургия мектебинин негиздөөчүсү жана КМШ өлкөлөрүндө лапароскопиялык хирургиянын пионери болуп калды. Анын эмгегинин негизинде татаал хирургиялык операцияларда өлүмдү бир топ кыскартууга мүмкүндүк берди жана ал Кыргызстанда заманбап хирургиянын пайдубалын түптөгөн.
Академик М.М.Мамакеевдин олуттуу жетишкендиктеринин негизгиси илимий-изилдөөчүлүк мамилени, илимий-билим берүү багытын жана улуттук медицина салттарын айкалыштырып, Кыргызстандагы медицинанын флагманы болгон илимий хирургиялык мектепти түзгөнү болду.
Бул мектеп гепатопанкреатобилиардык, гастроэнтерологиялык, эндоскопиялык жана кечиктирилгис хирургияга адистештирилген жана республикадагы хирургиялык кызматтын структурасын, функциясын өркүндөтүүгө багытталган Улуттук хирургия борборун түзүүдө чечүүчү роль ойногон.
Көрүнүктүү адистерди даярдоо жана 14 илимий багытты камтуу менен Мамакеевдин мектеби хирургиялык билимди модернизациялоо жана хирургиялык кызматты өркүндөтүүнүн Улуттук программасын иштеп чыгуунун негизин түздү. Бул өлкөбүздө медициналык илимдин жана практиканын сапаттуу деӊгээлге чыгуусуна шарт түздү.
Мамбет Мамакеевич Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы, I, II жана III даражадагы Манас ордендери, ошондой эле Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу жана СССР элдеринин достугу ордендери сыяктуу көптөгөн жогорку мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Ал Кыргыз Республикасынын илимине Эмгек сиңирген ишмери жана Эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын жана И.К. Ахунбаев атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. Анын жетишкендиктери Кыргызстанда гана эмес, эл аралык аренада да таанылды: M. M. Мамакеев Бүткүл дүйнөлүк хирург-гастроэнтерологдорунун ассоциациясынын (Франция), Эл аралык хирургдар ассоциациясынын (Швейцария) жана Н.И. Пирогов атындагы Эл аралык хирургдар ассоциациясынын ардактуу мүчөсү болгон. (Россия). Анын жетекчилиги менен медицина илимдеринин 20 доктору жана 22 кандидаты даярдалып, өзү 260тан ашык илимий эмгектин жана 13 монографиянын автору болгон. Мамбет Мамакеевич коомдук ишке активдүү катышып, Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки чакырылышынын депутаты жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки чакырылышынын депутаты болгон.
Кыргыз Республикасы чоң жоготууга учурады. Анын кайраттуулугу, эмгекчилдиги, ишке берилгендиги кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Мамбет Мамакеевичтин үй-бүлөсүнө, кесиптештерине жана шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Анын ысымы жана биздин өлкөнүн медицинасын жана коомдук турмушун өнүктүрүүгө кошкон салымы келечек муундардын эсинде сакталып кала берет.
Мамбет Мамкеевичтин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, М.А. Сатыев, Э.Ж. Осконбаев, С.С. Касмамбетов, А.А. Касымалиев, К.К. Ташиев, Э.Ж. Байсалов, Б.Э. Торобаев, Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков, А.С. Кадыралиев, М.К. Укушов, А.К. Осмонов, Б.Т. Сыдыков, А.С. Бейшеналиев, А.Ж. Жумагулов, М.Ш. Шеримкулов, Ж.С. Сааданбеков, У.Э. Далиев, И.О. Кудайбергенова, К.Е. Абдрахматов, М.М. Мамытов, Д.К. Кудаяров, О.Т. Касымов, Э.Х. Акрамов, А.Р. Раимжанов, М.А. Сагымбаев, И.А. Ашимов, Н.К. Касиев, Т.С. Мейманалиев, Т.Д. Абдраимов, М.А. Мамбетов, С. Т. Абдикаримов, С.А. Жумабеков, Д.З. Сагинбаева, Т.А. Батыралиев, К.С. Чолпонбаев, Ж.О. Касымбеков, Г.М. Баатырова, М.А. Исмаилов, Б.К. Арыкбаева, К.К. Байдавлетов, В.К. Раимбачаева, А.Т. Маткеримов жана Кыргыз Республикасынын жалпы медицина коомчулугу.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
04.12.2024
Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылып, облустук төрөт үйү болот
Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылына барды. Иш сапарынын жүрүшүндө ал мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип, бирок жакында мамлекеттин менчигине кайтарылган мурдагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышты.
Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкек шаарынын карамагына өтүп, Чүй облусунда тобокелдик тобуна кирген аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун аймагында жаңы медициналык мекемени уюштуруу зарылчылыгы келип чыккан. Министр кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.
Саламаттык сактоо министри облустун координатору Алмаз Назарбековго имаратты капиталдык оңдоого кеткен чыгымдарды эсептеп, керектүү медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп, Саламаттык сактоо министрлигине долбоорду каржылоону камсыздоо боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.
04.12.2024
Шаардык тез жардам балдар ооруканасында кичинекей бейтаптар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү
Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шаардык балдар клиникалык тез медициналык жардам ооруканасына барды. Анда министр бөлүмдөрдү кыдырып, кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган чаралар менен таанышты.
Министр соматикалык имараттын кабыл алуу бөлүмүндөгү жаңы күтүү залына өзгөчө көңүл бурду. Аны кеңейтүүгө республикалык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн. Мындай чечимди былтыркы кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык сезондун кызуу маалында бейтаптардын агымы абдан көп болгондуктан, аларга сыртка чатыр тигип берүүгө аргасыз болгон.
Аянты 240 чарчы метр болгон жаңы күтүү залы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Эми балдарын коштоп жүргөн ата-энелер кезекти ыңгайлуу шарттарда күтө алышат.
«Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелерде ыңгайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов министрге ооруканага күнүнө 300-350дөй бейтап келип жатканын билдирди. Тез жардам бөлүмү күчөтүлгөн режимде иштеп, 25 дарыгер, анын ичинде педиатрлар, хирургдар, травматологдор жана реаниматологдор күнү-түнү иштешүүдө.
«Бейтаптардын көп агымы инфраструктураны модернизациялоону талап кылат. Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен быйыл кабыл алуу бөлүмүнүн кошумча имараты курулуп, жабдылып, биздин бейтаптар үчүн шарттар бир топ жакшырды», - деди Акылбек Маманов.
03.12.2024
КР Саламаттык сактоо министри Клиникалык тез жардам ооруканасына барды
Бүгүн, 2024-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Иш сапардын жүрүшүндө ал медициналык мекеменин жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүүнүн жолдорун белгиледи.
Талкуунун негизги темаларынын бири оорукананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу болду. Министр стерилизация жана кир жуучу бөлүмгө автоклав орнотуу зарылчылыгына көңүл буруп, медициналык аспаптарды сапаттуу стерилизациялоону камсыз кылуу үчүн бул жабдыктын маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары, оорукананын жамааты эки оорукананын имаратынын ортосун бириктирүүчү өтмөк куруу маселесин көтөрүштү. Министр бул маселени тез арада карап чыгып, жакынкы аралыкта анын чечилишин камсыз кылууга убада берди.
Өз сөзүндө министр Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам алуу үчүн оорукананын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштерди уланта берерин баса белгиледи.