Copyright: ©

Үмүттүн жана кесипкөйлүктүн баяндамасы: оор преэклампсияны Кыргызстанда кантип жеңишет

27.11.2024 / Просмотров: 5838

Ар бир мүнөт маанилүү болгон шарттарда Кыргызстандын медицина кызматкерлери күн сайын аялдардын жана ымыркайлардын өмүрүн сактап калууда. Бишкек шаарындагы Перинаталдык борбордун анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Динара Мамбеталиева мындай окуяны бөлүшөт:

«Биздин бөлүмгө 25-26 жумалык боюнда бар аялды преэклампсиянын оор белгилери менен кабыл алдык: ал катуу шишип, башы ооруп, кан басымы 150 - 110 эле. Коркунучтуу абалга карабастан баш тартуу арызын жазып, биздин бөлүмдөн чыгып кеткен, бирок эки жумадан кийин ал аял өтө оор абалды кайтып келди. Анын кан басымы 160-170ке жетип, ичиндеги баласы өспөй, өзү дагы катуу шишип, бөйрөгү дээрлик иштебей калган», - деп Динара Самагановна эскерет.

Шашылыш түрдө кесардык кесүү чечими эки адамдын өмүрүн сактап калууга жалгыз мүмкүнчүлүк эле. Ымыркай 1700 грамм салмакта төрөлүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

"Бактыга жараша, аял дагы аман калып, анын кан басымы жана жалпы абалы жакшыра баштады", - деп дарыгер кошумчалай кетти.

Кыргызстанда преэклампсияны аныктоонун жана дарылоонун кыйынчылыктары медициналык аспектилер менен гана эмес, системалуу окутуунун жоктугу жана медициналык кызматташудан баш тартуу менен да байланыштуу.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Касымбаева баса белгилейт: «Биз окутуунун жана үзгүлтүксүз билим берүүнүн жетишсиздигине туш болуп жатабыз, ал эми медициналык кызматкерлердин тез-тез алмашып турушу да көйгөйдү курчутат. Райондордон биздин ооруканага бейтаптарды которуунун жакшы иштелип чыккан схемасы бар: төрөт учурундагы аялдардын кан басымы төмөндөтүлүп, абалы боюнча бардык маалымат катталып, магний терапиясы кошулуп бизге өткөрүлүп берилет. 2024-жылдын октябрь айында Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн тренингдер оор преэклампсияга учураган аялдарга жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн адистердин көндүмдөрүн өрчүтүүгө багытталган. Мындай максаттарга өз убагында диагностика жана дарылоо үчүн дараметти түзүү менен жетүүгө болот».

Катышуучулардын бири, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын анестезиологу Жапар уулу Эрмек дагы оюн төмөндөгүдөй бөлүшөт: «Бул тренингде биз магний терапиясынын жаңы ыкмаларын үйрөнүп, тажрыйба алмаштык. Ушул сыяктуу иш-чаралар биздин кесиптештер арасында оор преэклампсияны дарылоого бирдиктүү мамиле түзүүгө жана өлкө боюнча натыйжаларды жакшыртууга жардам берет».

Преэклампсия жана эклампсия Кыргыз Республикасында энелердин жана перинаталдык өлүмдүн негизги себептери болуп саналат. Бирок кош бойлуулукту туура көзөмөлдөө жана өз убагында жардам көрсөтүү менен көптөгөн өлүмдүн алдын алса болот. Биздин өлкөдө преэклампсия жана эклампсия боюнча клиникалык протоколдор кабыл алынган, аларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн медициналык кызматкерлердин үзгүлтүксүз практикалык окутуудан өтүп турушу зарыл.

«Тренингдердин жүрүшүндө биз шприц дозатору менен магнийди колдонуу сыяктуу практикалык көндүмдөргө жана практикалык көнүгүүлөргө көңүл бурабыз. Бул адам факторун жокко чыгарып ийгиликтүү дарылоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Магний терапиясында тактык маанилүү, ал эми шприц дозатору калтыроого каршы таасирге ээ болгон белгилүү дозаны камтыйт. Практикалык тренингдин жүрүшүндө катышуучулардын ар бири магнийдин туруктуу нормасын тууралай алышты. Катышуучулар ошондой эле ар кандай практикалык кырдаалдарды карап чыгып, аларды ойноп чыгып, биргелешип талдап чыгышты», - деп Динара Самагановна түшүндүрдү.

*
Бириккен Улуттар Уюмунун Түштүк-Түштүк кызматташтык долбоору энелердин ден соолугун жакшыртуу боюнча демилгени ишке ашырууда. Индия-БУУнун Өнүктүрүү өнөктөштүк фонду тарабынан каржыланган бул долбоор Кыргызстандагы беш пилоттук төрөт үйүндө акушердик көзөмөл жана жооп кайтаруу системасын (АКЖКС) жана телеконсультацияны колдонуу менен сапаттуу медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу аркылуу энелердеги алдын алына турган ооруларын кыскартууга багытталган.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана БУУнун Калк фонду (ЮНФПА) тарабынан ишке ашырылууда.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

19.03.2025
Онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга жардам көрсөткөн кайрымдуулук фонду сейрек оорулар менен ооруганбалдарга жардам берүү үчүн профилин өзгөртөт

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин тапшырмасына ылайык, мурда онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга колдоо көрсөтүп келген кайрымдуулук фонду эми орфандык (сейрек кездешүүчү) ооруларга чалдыккан бардык балдарды колдоо үчүн кайра профилдештирилет.

Бул демилгенин негизги максаты – фонддун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана кымбат баалуу дарылоого муктаж көбүрөөк баланы камтуу. Эми жарандар жана уюмдар жардам көрсөтүүнү кааласа, ар кандай сейрек оорулар, анын ичинде жүлүн булчуң атрофиясы (СМА) жана башка илдеттер менен жабыркаган балдар үчүн каражат которо алышат.

Фонд ачык-айкындык жана отчеттуулук принциптеринин негизинде иштейт. Түшкөн бардык каражаттар жана алардын сарпталышы көзөмөлдөнүп, бейтаптарга, алардын үй-бүлөлөрүнө, Жогорку Кеңеш депутаттарына жана Саламаттык сактоо министрлигине үзгүлтүксүз отчет берилип турат. Бул каражаттарды максималдуу натыйжалуу жана адилеттүү пайдаланууну камсыздайт.

Саламаттык сактоо министрлиги сейрек кездешүүчү ооруларга чалдыккан бейтаптарды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Бирок орфандык ооруларды дарылоо чоң финансылык чыгымдарды талап кылат. Фонддун ишмердүүлүгүн кеңейтүү - кошумча ресурстарды тартып, жардамга муктаж көбүрөөк балага колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Фонддун реквизиттери жана каражат которуу жолдору тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.

Кыргызстанда жүлүн булчуң атрофиясы (СМА) менен ооруган балдарды дарылоо

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда СМА диагнозу коюлган 39 бала каттоодо турат. Алардын ичинен 12 бала дарыланууда:

  • 4 бала чет өлкөдө терапиядан өтүп жатат,
  • 8 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дары-дармектерди алууда.

СМАны толук айыктыруучу дарылоо ыкмасы жок. Бирок заманбап терапия оорунун өнүгүшүн жайлатууга жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга жардам берет.

Кыргызстанда СМАны дарылоо Жогорку технологиялар фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. «Рисдиплам» препаратынын сатып алуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы аркылуу борборлоштурулган тартипте жүргүзүлүп, каражаттарды үнөмдөөгө жана кошумча 240 флакон (100 млн сом) сатып алууга мүмкүнчүлүк берди. Бул дары 2025-жылдын аягына чейин 8 баланы дарылоого жетиштүү болот. 2025-жылы дагы 480 флакон (250 млн сомго) сатып алуу пландалууда, бул 16 баланы дарылоо үчүн жетиштүү. Ошондой эле, жакында диагноз коюлган дагы 11 баланын дарылоосун каржылоого министрлик өтүнүч жиберди.

Учурда Кыргызстанда СМАны дарылоо үчүн үч негизги дары каражаты бекитилген:

  • «Спинраза» (Нусинерсен) – интратекалдык жол менен сайылуучу дары, туруктуу негизде сайып туруу талап кылынат.
  • «Эврисди» (Рисдиплам) – ооз аркылуу кабыл алынат, бул балдар үчүн ыңгайлуу.
  • «Золгенсма» (Онасемноген абепарвовек) – гендик терапия, бир жолу сайылуучу дары, бирок баасы өтө кымбат.

Кыргызстан Рисдиплам препаратына артыкчылык берет, анткени анын баасы салыштырмалуу жеткиликтүү (1 флакону 482 миң сом) жана үй шартында колдонууга ыңгайлуу. 2023-жылы СМА диагнозу коюлган бейтаптар үчүн дары-дармек берүү тартиби бекитилип, дары-дармектерди бөлүштүрүү боюнча Республикалык комиссия түзүлгөн.

 

19.03.2025
Баткен облусунда жаңы медициналык мекемелер курулат

Бүгүн, 2025-жылдын 19-мартында, Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт. Иш сапардын алкагында ал Кулунду Жалпы дарыгерлик практика борборунда (ЖДПБ) жана Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Кулунду санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүндө болуп, калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн учурдагы абалы жана шарттары менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө министрге 2019-жылы Кулунду Жалпы дарыгерлик практика борборунун имараттарынын бири “Центр Ас-Сафа” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан капиталдык оңдоодон өткөндүгү, Кулунду ЖДПБнын калган имараттары авариялык абалда экени тууралуу маалымат берилди. Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Кулунду санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүнүн имараты 1961-жылы курулуп, ал дагы учурда жараксыз абалга келген.

Министр Кулунду ЖДПБнын жана Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Кулунду санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүнүн жаңы имаратын куруу маселеси чечилгенин, курулушка жер тилкелери бөлүнүп, объектилер титулдук тизмеге киргизилгенин белгиледи. Курулуш иштери быйыл башталат.

Андан соң министр Лейлек райондук Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, имараты авариялык абалдагы неврология жана терапия бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты.  Белгилей кетсек, аталган бөлүмдөрдүн курулушу негизги титулдук тизмеге кирбей калган, бирок учурда Лейлек райондук ЖДПБнын авариялык абалдагы имараттарын кошумча титулдук тизмеге киргизүү иштери жүрүп жатат.

«Чек ара аймактарында медициналык инфраструктураны өнүктүрүү биздин приоритетибиз болуп саналат. Баткен областынын тургундарына заманбап шарттарда сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүлүшү керек. Саламаттык сактоо министрлиги бул багытта ишин улантат», - деди министр.

17.03.2025
КР Саламаттык сактоо министрлиги жүлүн булчуң атрофиясы менен жабыркаган балдардын абалы тууралуу маалымдайт

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жүлүн булчуң атрофиясы менен жабыркаган балдардын учурдагы абалы жана алардын дарылануусу боюнча маалымат берет.

Бүгүнкү күндө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жүлүн булчуң атрофиясы диагнозу коюлган 39 бала катталган. Алардын ичинен 12 бала дарыланууда: 4 бала чет өлкөлөрдө терапиядан өтүүдө, ал эми 8 бала түздөн-түз Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бөлүмүндө зарыл дары каражаттарды алууда. Белгилей кетсек, азыркы учурда жүлүн булчуң атрофиясын толук айыктыруучу дарылоо ыкмалары жок. Бирок, заманбап терапия оорунун өнүгүүсүн олуттуу жайлатууга жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстанда балдардын дарылоосу Жогорку технологиялар фондунун (ЖТФ) каражаттарынын эсебинен камсыздалат, алар Рисдиплам препаратын сатып алууга багытталган. Белгилей кетүүчү жагдай, "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлгөн борборлоштурулган сатып алуулардын эсебинен каражаттардын бир кыйла үнөмдөлүшүнө жетишилди. Бул үнөмдүн негизинде 100 млн сомго кошумча 240 флакон препарат сатылып алынып, анын жардамы менен 8 баланы 2025-жылдын аягына чейин дарылоо мүмкүн болот. Бул препараттар өлкөгө жеткирилди. Мындан тышкары, 2025-жылга карата 250 млн сомго 480 флакон сатып алуу боюнча келишим түзүлдү, бул дагы 16 баланын бир жылдык дарылоосуна жетиштүү болот. Бул партиядагы препараттар быйылкы жылдын май айында өлкөгө келет.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылга карата жүлүн булчуң атрофиясы диагнозу жакында коюлган дагы 11 балага кошумча каражат бөлүү үчүн Финансы министрлигине кайрылуу даярдаган. Мурдагы жылдары бул диагноз менен катталган балдардын саны 13тү түзгөн, алардын ичинен 8 бала Рисдиплам препараты менен дарыланган. Бирок, жыл сайын ооруну аныктоо деңгээли жогорулап, натыйжада кымбат баалуу дарылоого муктаж бейтаптардын саны өсүүдө. Бардык муктаж балдарды дарылоо менен камсыз кылуу – кошумча каржылоону талап кылган негизги милдет болуп саналат.

Эки жаштагы Хамза боюнча маалымат:

Учурда социалдык тармактарда жүлүн булчуң атрофиясы диагнозу коюлган эки жаштагы Хамза үчүн кымбат баалуу препарат сатып алуу боюнча каражат чогултуу маселеси кызуу талкууланууда. Хамза Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда консультациядан өтүп, диагностикаланган. Бирок, бала Казакстандын жараны болгондуктан, ал Астана шаарында дарыланууда жана Спинраза препаратын алууда.

Маалымат үчүн:

Учурда жүлүн булчуң атрофиясын дарылоодо үч негизги препарат колдонулат:

1.       Спинраза (Нусинерсен): Препарат интратекалдык (жүлүн суюктугуна) инъекция жолу менен берилет жана үзгүлтүксүз сайылышы керек. Бардык жаштагы бейтаптар үчүн натыйжалуу.

2.       Эврисди (Рисдиплам): Препарат сироп түрүндө ооз аркылуу кабыл алынат, бул айрыкча балдар үчүн колдонууга ыңгайлуу. Ал кыймыл нейрондору үчүн зарыл болгон SMN белогунун өндүрүлүшүн стимулдайт. 2 айдан жогорку курактагы бейтаптар үчүн сунушталат.

3.       Золгенсма (Онасемноген абепарвовек): Ген терапиясы, бир жолу тамырга сайылат. Препарат жаш балдар (2 жашка чейинки) үчүн натыйжалуу, бирок баасы өтө жогору.

Кыргызстан Рисдиплам препаратын анын салыштырмалуу жеткиликтүүлүгү (1 флакону 482 миң сом) жана колдонууга ыңгайлуулугу үчүн сатып алууда. Бул препарат бейтаптарга дарылоону үй шартында алууга мүмкүнчүлүк түзүп, алардын жашоо сапатын кыйла жакшыртат.