КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кургак учукка каршы күрөшүү кызматтарын оптималдаштыруу иши башталды

14.01.2022 / Просмотров: 1415

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдагы “Кыргыз Республикасында 2017-2026-жылдарга карата кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнү оптималдаштыруу жөнүндөгү” токтомун ишке ашыруу менен калкка кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Баткен облусундагы кургак учукка каршы күрөшүү кызматынын уюмдарын оптималдаштыруу чечимин кабыл алды.


Баткен облусунун кургак учукка каршы оорулууларга кызмат көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын, керебет орун фондунун натыйжалуулугун талдоо оптималдаштыруу жана реструктуризациялоо зарылдыгын көрсөттү. Түзүлгөн орундар эффективдүү эмес пайдаланылгандыктан, финансылык тобокелчиликке дуушар болгон уюмдар бар, кээ бир ооруканалар инфекциялык көзөмөл стандарттарын сактабайт.


 Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу чыгып, ага ылайык Кызыл-Кыя шаарынын кургак учукка каршы райондор аралык ооруканасы жоюлган. Жоюлган кургак учук ооруканасынын имаратынын базасында Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунун жугуштуу оорулар бөлүмү ачылат, ал эми Кызыл-Кыя шаардык коомдук ден соолук борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу экинчи жерге  жайгаштырылат. Айылда жайгашкан, жоюлган кургак учук ооруканасынын башка имаратынын базасында. Кызыл-Булакта Кадамжайдагы жалпы дарыгерлик практика борборунун жугуштуу оорулар бөлүмү ачылат. Ошондой эле Сүлүктү ЖДПБнун кургак учукка каршы бөлүмү жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайра түзүлөт.

Жүргүзүлгөн анализге ылайык, оптималдаштыруу чыгымдарды үнөмдөөгө алып келет. Бул каражаттар саламаттыкты сактоо системасында калат жана кургак учукка каршы дары-дармектерди сатып алууга, баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоого, башка иштеп жаткан кургак учукка каршы уюмдардын инфраструктурасын жакшыртууга (оңдоо, керектүү жабдууларды, реагенттерди сатып алуу) ж.б. керектелет. 

Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практикалык борборунун жетекчиси Жыргалбек Ибрагимов төмөнкүлөргө токтолду:

“Кызыл-Кыя шаары боюнча жалпы 58 миң калк жашайт. Ал эми Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практикалык борборунун №3-4-Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун каттоосунда 10 миң жашоочу бар. 

Бизде буга чейин туруктуу имарат жок болгондуктан муниципиалдык имараттардын бир бөлүгүндө, тар орундарда көчүп-конуп  иштеп келгенбиз. 

Бул имаратка көчүп келгенибиз жалпы калк үчүн жана иштеген дарыгерлерибиз үчүн да ыңгайлуу болду. Себеби мурдагы имаратыбыз шаардын четинде жайгашкандыктан анын үстүнө жетиштүү шарттын жоктугу бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген. Азыр бул имарат шаардын ортосуна жакын жана кенен болгондуктан, дагы эки ҮДТн жайгаштырууну пландап жатабыз. Себеби бул эки этаждуу имаратта жалпы төрт Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иш алып барууга болот”.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

20.04.2024
Медицина кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын 1-пункту менен апрель айынын үчүнчү ишембиси “Улуттук тазалык күнү” деп белгиленген.

Бүгүн, 2024-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, министрликтин алдындагы Мамлекеттик санэпидэм көзөмөл департаментинин, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Электрондук саламаттык сактоо борборунун, Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык техника борборунун кызматкерлери менен биргеликте  “Улуттук тазалык күнүнө” карата уюштурулган республикалык ишембиликке чыкты. Медициналык кызматкерлер ишембиликтин алкагында Бишкектин четиндеги Степное, Озёрное айылдары тараптагы 4.5 кмге жакын  жолдун жээгин таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзүштү.

 Мындан тышкары республикадагы бардык саламаттык сактоо уюмдары мекемеге тийиштүү аймактарда ишембилик өткөрүштү.

Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаилов айлана-чөйрөгө кам көрүү максатында мамлекет башчысы тарабынан демилгеленген иш-чараны колдоп ишембиликке чыгып, айлана-чөйрөнүн тазалыгына көңүл кош карабаган ар бир кызматкерге ыраазычылыгын билдирди. 

 

“Үч-төрт сааттын ичинде 250дөн ашык кап таштанды чыгарылып, калаабызды айланып өткөн жол жээги тазалыгы менен көз кубандырып калды. Мындай иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп, мамлекетибиздин ар бир жараны жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырам. Тазалык – ден соолуктун булагы эмеспи”, - деди ал. 

 

 

 

19.04.2024
Кене вирустук энцефалиттин алдын алуу боюнча сунуштар

Республикада кене вирустук энцефалитинин (КВЭ) табигый очоктору бардык климаттык зоналарда аныкталган жана адам үчүн коркунучтуулугунун даражасына жараша белгиленет. Үстүбүздөгү жылдын 3 айында республика боюнча 156 адам кене чагып кайрылган. Анын арасында КВЭ жуктурган учур катталган жок. Чоң-Кемин, Кыргыз тоо кыркалары Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо айыл аймактарында жайгашкан очоктор олуттуу коркунучту жаратат.

Кене вирустук энцефалити кантип жугушу мүмкүн?

Оорунун козгогучу (арбовирус) адамга вирус жуккан кенен чаккан алгачкы мүнөттөрүндө анын ооруну басуучу шилекейи менен кошо жугат:

• КВЭ боюнча эндемикалык аймактарга барууда (токойлордо, токой сейил бактарында, жеке бакча участокторунда);

• кенелер жаныбарлар (иттер, мышыктар аркылуу келгенде;

• кене энцефалити боюнчу коопсуз аймактарда эчкинин (көбүнчө), койдун, уйдун чийки сүтүн ичкенде, кенелердин массалык чабуул учурунда сүттө вирус болушу мүмкүн. Баса белгилей кетүүчү нерсе, чийки сүт гана эмес, андан жасалган азыктар (быштак, каймак ж.б.) да жугуштуу;

• вирусту териге сүрткөндө кенени эзгенде же чаккан жерди тырмаганда.

• Ушул себептен чийки сүт азыктарын кайнагандан кийин гана колдонуу керек.

Оорунун кесепеттери: толук айыккандан ден соолук көйгөйлөрүнө чейин, майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Кене вирустук энцефалитке ким кабылышы мүмкүн?

Жашына жана жынысына карабастан бардык адамдар кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушуна байланыштуу токойдо жүргөндөр (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, автомобиль жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) тобокел тобуна кирет. Шаардын жашоочулары жумуш жана эс алуу учурунда шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарында, бакча участокторунда жуктуруп алышат.

19.04.2024
Саламаттык сактоо министри Республикалык балдар реабилитациялык борборунун жаңы имаратынын курулуш иштери менен таанышты

Бүгүн КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ибн Сина атындагы Республикалык балдар реабилитациялык борборунун жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. 

Аталган имаратынын курулушу 2023-жылы май айында башталган. 2 кабаттан турган 3 корпус курулууда. Азыркы күндө курулуш иштери аяктап, ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. 

Азыркы учурда ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн скважинанын курулушу чечилип, имараттын тегерек четин көрктөндүрүүгө, балдарга спорт жана ойноо аянтчаларын курууга кошумча каражат бөлүү чечими кабыл алынган.

Борбордун ачылышы 2024-жылдын 1-июнунда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө пландаштырылууда.

Жаңы имарат 100 орунга ылайыкташкан, бардык санитардык эпидемиологиялык талаптарга жооп берет. Борбордо 2 бөлүм, клиникалык, бактериологиялык лабораториялар, рентген кабинет, физиобөлүм, стоматологиялык кабинет, туз шахтасы, тамак-аш блогу, спорт зал, дарылоочу дене тарбия залы каралган. 

Борбордо өпкө оорулары менен жабыркаган балдарды дарылоо жана реабилитациялык жардам көрсөтүлөт.