Европа Биримдиги менен ДСУ Кыргызстандагы оорулардын алдын алуу жана саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерди багыттайт

11.11.2022 / Просмотров: 1031

 

 

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте эмдөө механизмдерин чыңдоого жана саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүү деңгээлин жогорулатууга багытталган жаңы 4 жылдык долбоор ишке ашырыла баштады. 

 

Кыргызстан Европа Биримдиги жана ДСУ биргелешип каржылаган 4 жылдык долбоордун бенефициарлары болуп саналган Борбордук Азиядагы беш өлкөнүн бири.

Кыргызстанда, Казакстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда ишке ашырыла турган 10 миллион евролук долбоор COVID-19 пандемиясынын терс таасирин азайтуу жана улуттук эмдөө программаларын жана ден соолук маалыматын чыңдоо аркылуу саламаттык сактоодогу башкаруу системаларынын узак мөөнөттүү туруктуулугун жогорулатууга багытталган. 

«Пандемия саламаттыкты сактоо системасы ушундай кооптуулукка каршы канчалык морт болорун көрсөттү. Жана дагы бир жолу COVID-19 мисалында кооптуулукту жоюуда иммунизациялоо жана санариптештирүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Кыргызстан Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү менен бирге эмдөө механизмдерин чыңдоого жана саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүү потенциалын жогорулатууга багытталган долбоорду ишке ашырып жатканына өзгөчө кубанычтамын. 

Министрлик 2024-жылга чейин санариптештирүү жаатындагы саясатты аныктаган “Санарип МЕД” документин иштеп чыкты. Бул документте чагылдырылган иш-чаралар санариптештирүүнүн маанилүү аспектилерин аныктайт – бул адамга багытталган мамиле жана натыйжалуу башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн маалыматтардын сапатын күчөтүү. 

Бул жаатта биз биргелешип иш алып барышыбыз керек, биздин жалпы максатыбызга – ар бир кыргызстандыктын ден соолугун чыңдоого алып бара турган иш-аракеттерибизди координациялашыбыз керек”, - деди КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова. 

 

«ЕБ жана ДСУ COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө чоң ийгиликтерге жетишкенден кийин Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча өнөктөштүгүбүздү улантат», - деди Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн Кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер. 

 

«Европа Биримдигинин бул баалуу колдоосу иммунизациялоодогу адилетсиздикти жоюуга жана маалыматтык башкаруу системаларын бекемдөөгө жардам берет. Ден соолукту чыңдоо  максаттарына жетүү үчүн ДСУ Саламаттыкты сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташууга ниеттенүүдө”, - деп билдирди ДСУнун Кыргызстандагы аймактык директорунун атайын өкүлү Жоана Мадурейра Лима. Алгач каражаттар COVID-19га каршы эмдөөнүн масштабын жогорулатуу, COVID-19га каршы эмдөө жана пландуу эмдөө пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, саламаттыкты сактоо жана эмдөө боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу, эмдөө боюнча маалыматтык системаларды чыңдоо сыяктуу маселелерди чечүүгө жумшалат. 

Мындан тышкары, долбоор вакцина менен алдын ала турган ооруларга көзөмөлдү күчөтөт, ошондой эле мындай оорулардын келечектеги очокторун алдын алуу жана аларга жооп берүү үчүн санариптик чечимдерди колдонуу. 

Ошондой эле бөлүнгөн каражаттар, Борбордук Азия өлкөлөрү тарабынан катуу колдоого алынган 2023-2030-жылдарга санариптик саламаттыкты сактоо боюнча жакында кабыл алынган аймактык иш-аракеттер планына ылайык маалыматтарды жана санариптик саламаттык сактоо системасын жакшыртууга жумшалат. Бул жаңы долбоор Кыргызстанга, Казакстанга жана Түркмөнстанга COVID-19га реакциясын күчөтүүдө колдоо көрсөтүү боюнча мурда кабыл алынган (2020–2022) Европа Биримдиги жана ДСУ программасына негизделет.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

19.04.2024
Кене вирустук энцефалиттин алдын алуу боюнча сунуштар

Республикада кене вирустук энцефалитинин (КВЭ) табигый очоктору бардык климаттык зоналарда аныкталган жана адам үчүн коркунучтуулугунун даражасына жараша белгиленет. Үстүбүздөгү жылдын 3 айында республика боюнча 156 адам кене чагып кайрылган. Анын арасында КВЭ жуктурган учур катталган жок. Чоң-Кемин, Кыргыз тоо кыркалары Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо айыл аймактарында жайгашкан очоктор олуттуу коркунучту жаратат.

Кене вирустук энцефалити кантип жугушу мүмкүн?

Оорунун козгогучу (арбовирус) адамга вирус жуккан кенен чаккан алгачкы мүнөттөрүндө анын ооруну басуучу шилекейи менен кошо жугат:

• КВЭ боюнча эндемикалык аймактарга барууда (токойлордо, токой сейил бактарында, жеке бакча участокторунда);

• кенелер жаныбарлар (иттер, мышыктар аркылуу келгенде;

• кене энцефалити боюнчу коопсуз аймактарда эчкинин (көбүнчө), койдун, уйдун чийки сүтүн ичкенде, кенелердин массалык чабуул учурунда сүттө вирус болушу мүмкүн. Баса белгилей кетүүчү нерсе, чийки сүт гана эмес, андан жасалган азыктар (быштак, каймак ж.б.) да жугуштуу;

• вирусту териге сүрткөндө кенени эзгенде же чаккан жерди тырмаганда.

• Ушул себептен чийки сүт азыктарын кайнагандан кийин гана колдонуу керек.

Оорунун кесепеттери: толук айыккандан ден соолук көйгөйлөрүнө чейин, майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Кене вирустук энцефалитке ким кабылышы мүмкүн?

Жашына жана жынысына карабастан бардык адамдар кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушуна байланыштуу токойдо жүргөндөр (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, автомобиль жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) тобокел тобуна кирет. Шаардын жашоочулары жумуш жана эс алуу учурунда шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарында, бакча участокторунда жуктуруп алышат.

19.04.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Ысык-Көл облусундагы жаңы тез жардам бөлүмүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты

2024-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Тамчы айылында «Ас-Сафа Борбору» коомдук кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен Тез медициналык жардам бөлүмүнүн (ТМЖБ) имараты курулуп, бүгүнкү күндө курулуш иштери 70-80%га бүткөрүлдү. Учурда ички жасалгалоо жана жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ысык-Көл облусунун Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Альмира Алдашеванын айтымында, ТМЖБнын 3 кабаттуу имаратынын курулушуна жалпы 40 млн сом сарпталды. Фонд биздин арызыбызды толугу менен жактырды жана курулуштан тышкары бөлүм бардык зарыл болгон медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылат. Кызматкерлердин жана бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулат. Мындан тышкары, Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан ТМЖБнын айланасында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Министр өзгөчө туристтик сезондун алдында калкыбызды сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам менен камсыздоодо Ысык-Көл облусунда тез жардам бөлүмүн уюштуруу чоң роль ойноорун баса белгиледи. Бөлүм өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам жардам көрсөтүү менен чектелбестен, облустун калкынын жалпы ден соолугун чыңдоого да көмөктөшөт.

Тез медициналык жардам бөлүмүнүн расмий ачылышы жана ишке берилиши үстүбүздөгү жылы 20-майга пландалууда.

19.04.2024
Каракол шаарында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 19-апрелде Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 350 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду 2025-жылга бүтүрүү пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Гүлкан Молдобекова, Акылбек Түмөнбаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, облустагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

 

Министр өз сөзүндө ден соолукту чыңдоо, алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу азыркы дүйнөнүн эң маанилүү көйгөйлөрүнүн бири экенин, ошондуктан өлкөнүн мамлекеттик саясаты жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

«Өлкө калкынын саламаттыгы 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө калктын саламаттыгына кам көрүү маселеси мамлекеттин көңүл борборунда. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго терең ыраазычылык билдирем, анын колдоосу менен бул курулуш башталып, 600 миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнүп жатат. Каракол шаарындагы жаңы облустук оорукананын курулушу облустун тургундарына көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатат».

 

Жалпы аянты 6200 м2 болгон 350 орундуу оорукана 5 блоктон турат, анда консультациялык-диагностикалык бөлүм, операциялык бөлмөсү бар хирургиялык жана травматология бөлүмдөрү, ЛОР, көз, терапия, онкология, балдар жана башка бөлүмдөр каралган, ошондой эле лаборатория, ашкана, кир жуучу жай, кампа ж.б. уюштурулат.

Мындан тышкары, оорукананын аймагында МОРГ, ТП, кислород станциясы, откана, автопарковка, генератор орнотулат.