Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун эндоскопия бөлүмүнүн башчысы Осмонов Акматбек Колдошович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

30.01.2023 / Просмотров: 918

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана  Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун эмгек жамааты УЭжБКБнын эндоскопия бөлүмүнүн башчысы Осмонов Акматбек Колдошовичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Ал иштеген жылдар аралыгында эндоскопия бөлүмүндөгү олуттуу өзгөрүүлөргө салым зор. Тажрыйбасынын, билиминин жана жогорку моралдык-этикалык принциптеринин аркасында ал кесиптештеринин жана бейтаптардын арасында татыктуу кадыр-баркка жана урмат-сыйга ээ болгон. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы көп жылдык эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана башка ведомстволордун Ардак грамоталары менен сыйланган.
Бул аза күтүү күнүндө үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бул энергиялуу, шайыр инсандын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.

Осмонов Акматбек Колдошович 1964-жылы 14-сентябрда Ош облусунун Ленин районундагы Бүргөндү айылында туулган.
1987-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун педиатрия факультетин аяктаган. 1987-1989-жылдары КММИде «Балдардын анестезиологиясы жана реаниматологиясы» адистиги боюнча клиникалык ординатурадан өткөн.
1989-1999-жылдары Республикалык диагностикалык борбордо эндоскопист болуп иштеген.
2001-жылдан ушул күнгө чейин Улуттук эне жана баланы коргоо  борборунда эндоскопия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

15.04.2024
ОшМУнун базасында боор алмаштыруу операциясы жасалат

ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУга болгон сапары учурунда айтты. Аталган клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү (İnönü) университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат.

“Кыргызстанда адам органдарын алмаштыруу боюнча операцияга муктаж жарандардын саны жыл санап өсүп келет. Буга байланыштуу өлкө башчысы С.Жапаров Турциянын президенти менен сүйлөшүп, бул багытта кыргыз адистерин даярдоо жана көмөк көрсөтүү макулдашылган. Ага ылайык, ОшМУнун клиникасындагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен тааныштым. Клиникада бардык шарттар жеткиликтүү, болгону айрым техникалык аппараттарга буюртма берилиптир, май айында келери күтүлүп жатат. Буюрса ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу операциясы жасалып баштайт”, - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев университеттин 7 кабаттуу медициналык клиникасынын курулуш иши менен таанышты.  Ак-Буура кампусундагы медицина факультеттерин, “Ден соолук” кербени, окуу-илимий лабораториялык комплекстерин, виртуалдык клиникаларды көрүп чыкты.

Министр университеттин медициналык клиникасында болуп, биохимиялык, клиникалык жана цитологиялык лабораториясы, санариптик флюорография кабинети, ультра диагностикалык изилдөө кабинети, жандандыруу жана операциялык бокс жана кардиохирургия бөлүмдөрүндөгү бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

15.04.2024
Саламаттыкты сактоо боюнча,Кыргыз Республикасында вирустук гепатиттин, ВИЧтин алдын алуу жана кызамыктын очогун жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын маселелерин кароо боюнча координациялык комиссия

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен 11-апрелден 13-апрелге чейин Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында саламаттыкты сактоо боюнча координациялык комиссиянын көчмө жыйыны уюштурулду.

Жыйындар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Саламаттыкты сактоо боюнча координациялык комиссия иш-чаралардын натыйжалуулугун жана калкка маалымат жеткирүүнүн натыйжалуулугун төмөндөтүүчү тоскоолдуктарга байланыштуу бир катар орчундуу маселелерди аныктайт. Бул жолугушуулардын негизги максаты – 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү, анын ичинде вирустук гепатит, ВИЧ менен байланышкан оорулардын жана өлүмдөрдүн санын олуттуу кыскартуу, вакцина менен алдын ала турган оорулардын алдын алуу.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын 2023-жылдын 22-декабрындагы №18-10835 кызамык оорусунун очогун жоюу жана республиканын аймагына андан ары жайылышын болтурбоо боюнча протоколдук буйругун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Бул иш сапарлардын алкагындагы маанилүү иш-чаралардын бири министрдин орун басары Айжамал Шамбетова менен аталган аймактардагы Гепатит жана ВИЧ инфекциясына каршы күрөшүү коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Жолугушууда бейтаптар дарылоо, эмдөө, органдарды трансплантациялоо, реабилитациялоо жана лабораториялык диагностика маселелерин көтөрүштү.

15.04.2024
Сасык тумоо жана КРВИ боюнча эпидемиологиялык абал

   Оперативдүү маалыматтар боюнча 2024-жылдын 15-жумасында (04.08-14.04.24) республика боюнча өткөн жумага (14-жума и.к. 58,9) салыштырмалуу КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны 3775 (и.к. 53,2) катталып, -10%га төмөндөдү. Бардык оорулардын 69,6%ы 14 жашка чейинки балдар.

Октябрдан бери 2033 үлгү алынды, анын 317си оң, анын ичинде А тумоосунун 234 учуру - 73,8% (анын ичинде H3N2 –231, A/H1N1pdm-3), В грипп – 0,3% (1), COVID-19 –25,9% (82). Лабораториялык жыйынтыктар боюнча эпидемиялык мезгил A/H3N2 тумоосу менен шартталган.

Курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы бар, риновирус басымдуулук кылат – 32,2% (184), РС вирусу – 23,8% (136), I-IV парагрипп – 16,8% (96), башкалар – 27,2% (156).

Оорунун деңгээли республикалык көрсөткүчтөн (53,2-б.) жогору Бишкек (90,9), Ош (166,5) шаарларында жана Ысык-Көл (92,0), Баткен (67,2) облустарында катталууда.

Республикада COVID-19 инфекциясына жумалык мониторинг уланууда. 15-жума ичинде Бишкек шаарында 1 учур катталды.

Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

#грипп #эпидемиологиялык абал