Copyright: ©

Европа Биримдиги жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанда саламаттыкты сактоону санариптештирүүнү күчөтүү боюнча иш алып барууда

15.03.2024 / Просмотров: 4581

2024-жылдын 14-мартында, Европа Биримдигинин (ЕС) делегациясынын мүчөлөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги менен бирге саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө санариптик чечимдерди колдонуу практикасын изилдөө максатында шаардык перинаталдык борборго жана №6 үй-бүлөлүк медицина борборуна барышты. Тактап айтканда, алар "iЭмдөө" ("iEmdoo") иммунизациялоо маалыматтык системасы менен таанышышты.

Иш сапардын алкагында делегация мүчөлөрү оорукананын жана баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдун күнүмдүк ишинде санариптик каражаттарды жигердүү пайдаланып жаткан медицина кызматкерлери менен жолугушту. Алар төрөттү каттоо жана бейтаптарды амбулатордук эсепке алуу боюнча маалыматтык системалардын практикалык колдонулушу менен таанышты.

Ошондой эле вакциналарды алган адамдардын, анын ичинде пландалган жана эпидемиологиялык себептер боюнча жүргүзүлгөндөрдүн жекелештирилген эсебин жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү "iEmdoo" маалымат системасы көрсөтүлдү. Бул система жаңы төрөлгөн баланы биринчи эмдөө учурунда төрөт үйүндө түзүлгөн санариптик эмдөө картасы аркылуу медициналык бошотуулар, эмдөөдөн кийинки мүмкүн болуучу терс таасирлер жана бейтаптын өмүр бою ден соолугунун башка маанилүү аспектилери жөнүндө маалыматтарды жазууга мүмкүндүк берет.

КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев белгилегендей, жашы жете элек балдарды эмдөө боюнча маалыматтар алардын ата-энелерине мобилдик тиркеме аркылуу жеткиликтүү, бул ата-энелерди балдарынын ден соолугуна кам көрүүгө активдүү тартууга жардам берет. Бүгүнкү күндө 2 миллиондон ашык санариптик эмдөө карталары түзүлдү, бул маалыматтык системанын актуалдуулугун баса белгилейт.

"Бул аймактык долбоор Борбор Азияда күчтүү жана туруктуу саламаттык сактоо системасын түзөт. ЕСтин 10 миллион евро өлчөмүндөгү колдоосунун аркасында Кыргызстандын саламаттык сактоо сектору саламаттык сактоо жаатындагы глобалдык, регионалдык же улуттук кризистерге жооп кайтарууга жакшы даярданган", - деп ЕБнин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер. 

Иш сапардын жүрүшүндө ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү, доктор Ливиу Ведраско, санариптик доордо Кыргызстандын электрондук саламаттык сактоону чыңдоого басым жасоосу саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтууга жетишүүнүн стратегиялык кадамы экенин белгиледи. Технологияны колдонуп, өлкө ар бир жаран үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн тайманбас кадамдарды жасап жатат.

Иш сапардын соңунда делегация мүчөлөрү мындан аркы кызматташуунун багыттарын жана санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу «Санарип MED» моделин ишке ашыруунун багыттарын талкуулап, анын натыйжалуулугу жана өнүгүү перспективалары боюнча баалуу пикир жана көз караштар менен алмашышты.

***

 

Кошумча маалымат: Бул визит Борбордук Азиянын 5 өлкөсүндө - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда - COVID-19 пандемиясынын таасирин азайтуу жана саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун жогорулатуу үчүн Европа Биримдиги тарабынан каржыланган 4 жылдык долбоордун алкагында уюштурулду. Бул багытта эмдөө негизги ролду ойнойт. Борбордук Азия өлкөлөрүнө коопсуз вакциналарды алдыга жылдырууда жана калкка жеткирүүдө колдоо көрсөтүү менен, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана контролдоо бир топ натыйжалуу болот.

Европа Биримдиги Борбордук Азиядагы эмдөө жана саламаттыкты сактоо боюнча маалымат системаларына 10 миллион евро инвестициялап, аларды санариптештирүү жана сапаттуу маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу менен модернизациялоону улантууда, бул эч ким артта калбашы үчүн эмдөөнү каалаган убакта жогору камтуусун  камсыз кылуу үчүн маанилүү.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

07.02.2025
ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлигине 507 даана компьютер тапшырды

Бүгүн, 2025-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Эркин Чечейбаев менен ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапанын жолугушуусу болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө ЮНИСЕФ министрликке «iEMDOO» маалымат системасын ишке киргизүү үчүн 507 моноблок тапшырды. Бул система баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде эмдөө программасына санариптик инструменттерди киргизүүгө, персоналдаштырылган эсепти жакшыртууга жана балдарды эмдөө менен камтууну жогорулатууга мүмкүндүк берет. Демилге Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамды модернизациялоого жана саламаттыкты сактоодо санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө ЮНИСЕФтин 2023-2027-жылдарга карата өлкө программасы да талкууланды. Самман Тапа Саламаттыкты сактоо министрлиги, ЮНИСЕФтин жүргүзүлүп жаткан иш-чаралары жана иш планы менен тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, уюмдун Кыргызстандагы балдардын ден соолугун, өнүгүүсүн жана бакубаттуулугун жакшыртууга умтулуусун баса белгиледи. Бул аракеттер бардык жарандардын өмүр бою негизги медициналык кызматтардын толук спектрин камтыган, финансылык кыйынчылыктарсыз сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүүсүн камсыз кылууга багытталган.

 

«I-EMDOO» системасы Кыргызстандагы медициналык кызматтарды санариптештирүүдөгү олуттуу прогрессти билдирет. Эмдөөлөрдү каттоону толугу менен санариптештирүү менен система медициналык кызматкерлердин административдик жүгүн азайтат, бул аларга бейтаптарды тейлөөгө көбүрөөк көңүл бурууга жана коомдук саламаттыкты сактоонун алдын алуу чараларынын алкагында камтылбай калган балдарды жана калкты оңой көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Учурдагы саламаттык сактоо маалымат базалары жана платформалары менен интеграциялоо коомдук саламаттыкты сактоону эффективдүү башкаруу үчүн маанилүү болгон ар тараптуу жана так маалыматтарды чогултууну камсыздайт», - деди Самман Тапа.

«ЮНИСЕФтин Өкүлү Самман Тапа мырза менен жолугуп жатканыбызга кубанычтабыз жана Кыргызстанга, өзгөчө эне жана баланын саламаттыгы тармагында көрсөтүлүп келе жаткан колдоо үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Биздин кызматташтыгыбыз уланып, чыңдалып жатканы маанилүү. Өткөн жылы эле биз өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүдө олуттуу ролду ойногон 3 миллион долларга жакын жардам алдык. ЮНИСЕФтин COVID-19 пандемиясынын учурунда маанилүү болгон иммунизация системасын санариптештирүүгө кошкон салымы өзгөчө баалуу. Биз мындан ары жемиштүү өнөктөштүктү, анын ичинде техникалык колдоо жана эксперттик жардам маселелерин чыдамсыздык менен күтөбүз. Учурда биз саламаттыкты сактоо тутумундагы кырдаалга комплекстүү баа берүүнү жүргүзүп жатабыз жана бирдиктүү эксперттик топ түзүү үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде ЮНИСЕФтин, ДССУнун жана башка уюмдардын аракеттерин бириктиришибиз керек. Бул бизге Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын мындан ары өнүктүрүү боюнча негиздүү сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет»,-деди КРнын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев.

 

2025-жылы эмдөө процессин кагазсыз эсепке алууга толук өтүү үчүн шарттарды камсыз кылуу пландалып жатканын белгилейбиз. Бул үчүн бардык журналдарды жана эсепке алуу формаларын санариптештирүү, ошондой эле республика боюнча 1750гө жакын эмдөө пункттарында «iEMDOO» маалымат системасын киргизүү талап кылынат.

 

Маалымат үчүн:

Компьютерлер ЮНИСЕФтин аракеттеринин алкагында ГАВИ (Вакциналар жана иммунизация боюнча Глобалдык альянс) жана Канада Өкмөтүнүн колдоосу менен тапшырылды. Бул салым ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо боюнча жүргүзүп жаткан аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. ЮНИСЕФ ГАВИ менен биргеликте жакында төрөт үйлөрүндөгү дагы бир маалыматтык система үчүн 117 компьютер, 9500дөн ашык жеке коргонуу каражаттары жана Саламаттык сактоо министрлигине вакциналарды ташуу үчүн 26 жол тандабас алып берген.

05.02.2025
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда операциялык зал, жандандыруу жана паллиативдик жардам бөлмөлөрү уюштурулду

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы бөлүмүндө онкологиялык патологиясы бар балдар үчүн операциялык зал, жандандыруу жана паллиативдик жардам бөлмөлөрү ачылды. Мындай чаралар онкологиялык патологиясы бар балдарга адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Химиотерапия же нур терапиясын алган балдардын өмүрүнө коркунуч туудурган кыйынчылыктар сейрек эмес. Алардын иммундук системалары бул дарылоо аркылуу басылып, инфекцияларга алсыз болуп калат. Ошондуктан, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында жаңы адистештирилген түзүмдөрдүн ачылышыизоляцияга алынган бейтаптарга күнү-түнү мониторинг жүргүзүүгө, инфекциялык оорлошууларды алдын алууга, начарлоонун алгачкы белгилерине ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, балдар чоңдорго караганда респиратордук жардамга көбүрөөк муктаж.

Паллиативдик жардам негизги дарылоого толуктоо катары диагноз коюлган учурдан башталышы керек. Аны онкопатологиянын терминалдык баскычы менен гана байланыштыруу жаңылыштык. Мындай жардамдын негизги максаты - ыңгайлуу шарттарды түзүү, баланын жана үй-бүлөнүн жашоо сапатын жакшыртуу, физикалык, эмоционалдык жана социалдык кыйынчылыктарды жеңүүдө колдоо көрсөтүү. Изилдөөлөр паллиативдик кызматтарды эрте тартуу ата-энелердин тынчсыздануу жана депрессия деңгээлин азайтарын жана ооруканага шашылыш жаткырылгандардын санын азайтарын тастыктайт.

Бул түзүмдөрдү уюштуруу мультидисциплинардык бригаданы (онколог, реаниматолог, психолог, физиотерапевт жана социалдык кызматкер) жана кошумча каржылык чыгымдарды талап кылат.

Биз бул багытка инвестиция салуу медициналык гана зарылчылык эмес, ошондой эле аярлуу бейтаптар алдындагы коомчулуктун моралдык милдети деп эсептейбиз.

05.02.2025
КР Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев тармакты өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүштү

Бүгүн, 2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттарды белгиледи:

«Мен саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүдө негизги деп эсептеген багыттарга токтолгум келет. Биринчи кезекте – бул башкаруу деңгээлиндеги системалуу коррупцияга каршы күрөш. Бул жөнөкөй дарыгерлерге эмес, чечим кабыл алган жетекчилерге, Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын, республикалык медициналык уюмдардын жетекчилерине, башкы дарыгерлерге, мамлекеттик каражатты бөлүштүргөн жана сатып алууларды жүргүзгөн адамдарга тиешелүү. Коррупцияга каршы күрөш – менин ишмердүүлүгүмдөгү эң маанилүү багыттардын бири.

Экинчиден, калкты дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен жеткиликтүү камсыздоо. Бул финансылык жактан гана эмес, физикалык жана географиялык жеткиликтүүлүктү да камтыйт. Айрыкча алыскы аймактардагы жарандар өздөрүнө керектүү дары-дармектерди оңой сатып ала алышы керек. Бул багытта Кыргызстанда азыр олуттуу көйгөйлөр бар.

Үчүнчүдөн, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы боюнча маселе. Дары-дармектердин баасын жөнгө салуу идеясы абдан жакшы, бирок аны ишке ашыруунун механизмдери жакшыртууну талап кылат. Алгач пилоттук долбоорлорду киргизип, бардык процесстерди так иштеп чыгуу зарыл. Медицина мекемелеринде дары-дармектердин жетишсиздиги болбошу керек, калк зарыл болгон медикаменттер менен камсыз болушу керек. Учурда биз кырдаалды талдап жатабыз, андан кийин өз сунуштарыбызды киргизебиз.

Төртүнчү багыт – стационардык кызматты чыңдоо. Ооруканаларды куруу, оңдоо жана заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо иштерин улантуу зарыл. Өлкө боюнча ооруканалардын абалы начар, жана биз муну өзгөртүшүбүз керек. Айрыкча алыскы аймактарда, райондордо жаңы клиникалар курулушу керек. Азыр клиникалар ар кандай фонддордун жана башка каржылык булактардын эсебинен курулууда, бул ишти күчөтүү керек.

Кадр маселеси дагы чоң көйгөй бойдон калууда. Медициналык адистердин жетишсиздиги аймактарда гана эмес, Бишкек жана Ош шаарларында да байкалууда. Бизге врачтар, орто медициналык кызматкерлер жетишпейт. Медициналык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу бул көйгөйдү чечүүнүн негизги фактору болуп саналат. Биз буга байланыштуу комплекстүү анализ жүргүзүп жатабыз жана жакынкы убакта өз сунуштарыбызды киргизебиз.

Жана акыркы маанилүү маселе – бул оорулардын алдын алуу жана профилактиканы өнүктүрүү. Азыркы учурда саламаттык сактоо тутуму негизинен оорулардын кесепеттери менен күрөшүүгө багытталган. Бирок биз алдыбызга калктын орточо жашоо узактыгын жогорулатуу, улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу сыяктуу башка максаттарды коюубуз керек. Пенсионерлер ооруканага барып убакыт өткөрбөстөн, дени сак жана активдүү жашоо кечириши керек. Бирок мунун баары профилактикага жетиштүү деңгээлде каржы бөлүүгө байланыштуу. Азыр саламаттык сактоо бюджетинин болгону 5% гана профилактикага жумшалат, биз бул көрсөткүчтү жогорулатышыбыз керек.

Жалпысынан, мен саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүдө төрт негизги багытты көрүп турам – коррупцияга каршы күрөш, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, кадр саясаты жана профилактика», – деп билдирди Эркин Чечейбаев.