ДССУ үй-бүлөлүк дарыгерлерге күн сайын бейтаптын үйүнө барып кароо жана үй-бүлө мүчөлөрүнө баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде негизги кызматтарды көрсөтүү үчүн 190 сумка сатып алды
20.06.2022 / Просмотров: 1418
Бишкек, Кыргызстан – Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана анын ведомстволоруна Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен негизги саламаттыкты сактоо кызматтарынын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо жаатында техникалык колдоо көрсөттү. Бул иш-чаранын максаты баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде негизги кызматтардын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо болуп саналат.
ДССУ үй-бүлөлүк дарыгерлерге күн сайын бейтаптын үйүнө барып кароо жана үй-бүлө мүчөлөрүнө баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде негизги кызматтарды көрсөтүү үчүн 190 сумка сатып алды. Сумкалар кан басымын, кандагы глюкозаны, гемоглобинди жана зааранын негизги анализдерин өлчөө үчүн керектүү медициналык жабдууларды камтыйт. Пульсоксиметр, термометр, жгут, фонарлар жана кош бойлуулар үчүн стетоскоптор дарыгерлерге күнүмдүк акушердик жана педиатриялык кызматтарды көрсөтүүгө жардам берет. Кошумчалай кетсек, сумкалардын ичинде кош бойлуу аялдардагы түйүлдүктүн жүрөгүнүн кагышын аныктоо жана каттоо үчүн мобилдик КТГ аппараты бар. Сумкалар бейтаптардын үйүнө барууда алып жүрүүгө, ошондой эле Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылган бейтаптарды тейлөөгө абдан ыңгайлуу. Сумкалар пилоттук демилге катары Чүй облусундагы үй-бүлөлүк дарыгерлерге таратылды.
Сумкалардан тышкары, 6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна аз кандуулук менен ооруган бейтаптардын жана өзгөчө кырдаалдарда кандагы гемоглобинди тез аныктоочу жана “Hemoque” кан анализаторлору берилет.
«Үй-бүлөлүк дарыгерлердин сумкалары жана “Hemoque” жабдыктары менен камсыз кылуу баштапкы медициналык-санитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн гана жакшыртпастан, ошондой эле баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде жардамдын сапатын бир топ жакшыртаарын кубануу менен белгилейбиз. Дарыгерлер бейтаптарга барганда өздөрүн ишенимдүү сезишет жана бардык курактагы үй-бүлө мүчөлөрүнө сапаттуу жана ар тараптуу жардам көрсөтө алышат. Бейтаптардын канааттануусу жана саламаттыкты сактоого болгон ишеними да жакшырат, - дейт ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова. - Бул демилге дагы эле пилоттук. Эки айдын ичинде биз дарыгерлердин маалыматын топтоп, берилген жабдыктар жана сарпталуучу материалдар пайдалуу болгон-болбогону боюнча пикирлерди чогултабыз”.
«ДССУнун Евробиримдиктин каржылык жардамы менен үзгүлтүксүз колдоосу, биринчи кезекте, жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерлерди колдоого жана шыктандырууга, ошондой эле үзгүлтүксүз негизги медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жардам берет», - деп белгиледи саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков.
***
Маалымат үчүн: ДССУ 2020–2021-жылдары баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде негизги медициналык кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин астма, гипертония жана диабет үчүн керектүү дары-дармектер менен өлкө боюнча камсыз кылуу аркылуу колдоого алды. Мындан тышкары, ар бир кант диабети менен ооруган бейтапка 500 тест тилкеси бар жеке глюкометр берилди. Үй-бүлөлүк дарыгерлер пульсоксиметрлер, жеке коргонуу каражаттары жана башка медициналык буюмдар менен камсыздалды. Балдарды эмдөө кызматын үзгүлтүксүз көрсөтүү үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында 55 мобилдүү эмдөө бригадалары түзүлдү. Медициналык кызматкерлерге кесиптик жактан өзүн жоготуунун алдын алуу үчүн психологиялык жардам жана психологиялык колдоо көрсөтүлөт.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул иш-чараны Европа Биримдиги (ЕБ) жана ДССУнун Европалык Регионалдык бюросу тарабынан каржыланган Борбордук Азиядагы Кризиске жооп берүү (CACCR) программасынын алкагында уюштурду. Бул долбоор Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстанды камтыйт жана бул өлкөлөрдө COVID-19 пандемиясынын алдын алуу, аныктоо жана ага каршы аракеттенүү максатында иштелип чыккан.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
20.01.2025
Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык кырдаал
Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3-жумасында (13.01.25 - 19.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 761 учуру жана сасык тумоонун 41 учуру катталып (и.к. 166,2), өткөн жумага салыштырмалуу (02-жума, и.к. 105,0) +1,6 эсеге жогору. Ооругандардын 4,8%ы (563 бейтап) ооруканага жаткырылган.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын таралышы байкалууда, алардын ичинен эң көп таралган респиратордук синцитиалдык вирус – 30,3%, риновирус – 25,8%, аденовирус – 13,2%, I-IV парагрипп – 11,4%, башка вирустук инфекциялар 19,3%ды түздү.
2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосунан жана В тумоосунун айрым учурлары - 10,7% жана COVID-19 - 8,9% шарттаган сасык тумоо мезгили болду.
Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.
Республикада сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жана баалоо улантылууда жана көзөмөлдө.
17.01.2025
КР Саламаттык сактоо министри Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды
2025-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды. Иш сапардын жүрүшүндө министр борбордун иштөө шарттары менен таанышып, анын кызматкерлери менен негизги маселелерди талкуулады жана калыбына келтирүүчү жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү системасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Борбор профилактикалык, кеңеш берүү, дарылоочу, диагностикалык жана калыбына келтирүү сыяктуу кызматтардын түрүн көрсөтөт. Борбордунишмердүүлүгүнүн негизги багыттары бейтаптардын ден соолугун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүчү дарылоо гимнастикасы жана дене тарбия секцияларын уюштурууну камтыйт.
Министр Кыргызстанда жыл сайын 1500гө жакын адам инсультка кабылып, калыбына келтирүүчү жардамга муктаж болоорун белгиледи. Мындан тышкары, жол кырсыгынан жабыркагандар жана дарылоонун паллиативдик стадиясындагы бейтаптар да жардамга муктаж. Мындай борборду түзүү республиканын бардык аймактарынан келген тургундар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын бир топ жакшыртат.
17.01.2025
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте кызамык оорусу боюнча көчмө ыкчам штабдын жыйынын өткөрүүдө
2025-жылдын 16-январында КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаеванын жана Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин көчмө ыкчам штабынын жыйыны уюштурулду. Бул жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмаларын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызамык менен күрөшүү боюнча штабынын чечимдерин аткаруунун жана кызамык боюнча алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларга көмөк көрсөтүүнүн алкагында уюштурулду.
Талкууга коомдук саламаттыкты сактоонун жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, билим берүү мекемелеринин, аймактык администрациялардын өкүлдөрү катышты. Жыйында учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, кызамыктын, кызылчанын, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун чыгышына жооп катары жүргүзүлгөн эмдөө боюнча өнөктүктөргө мониторинг талкууланды.
Белгилей кетсек, өткөн жылы республикада кошумча жана тазалоочу эмдөөнүн үч баскычы өткөрүлгөн. Республика боюнча 918 000 бала жана 29 258 саламаттык сактоо системасынын кызматкери, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери эмдөөдөн өткөн.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын аймагында кызамык оорусунун 14 380 учуру, анын ичинен 5 681 учуру Бишкек шаарында катталган. 2025-жылдын башынан бери 229 жаңы учур, анын ичинде Бишкек шаарында 144 учур катталды. Оорунун күч алышынын негизги себеби – эмдөөдөн өткөндөрдүн көрсөткүчү талаптагыдан төмөндүгү, Бишкекте адамдардын 95% вакцина алышы керек болсо, учурда бул көрсөткүч 69 %ды түзөт.
Кызамык оорусунун андан ары жайылышын алдын алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар арасында тазалоочу эмдөө боюнча өнөктүктү улантууда, бирок эмдөөдөн баш тарткандардын айынан бул иш кыйынчылыктар менен коштолууда. Ушул себептен улам олуттуу эпидемиологиялык тобокелдиктер бар, себеби вирус эмделбеген балдардын арасында жайылып жатат.
Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды: кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү, профилактикалык эмдөөлөрдү 95%дан кем эмес деңгээлге жеткирүү; калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, эмдөөнүн коопсуздугун жана маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө багытталган маалыматтык-агартуу өнөктүктөрүн уюштуру.