Copyright: ©

Эркин Чечейбаев: Тамекиге болгон акциздик салыктын көбөйүшү өлкөнүн өсүп келе жаткан муунун тамеки тартуудан сактайт

10.06.2025 / Просмотров: 11465

2025-жылдын 10-июнунда Бишкек шаарында «Тамеки жана никотинди керектөөнү кыскартуунун эффективдүү жолдору – Кыргыз Республикасы үчүн тамеки заттарына акциз салыгынын симуляциялык модели» секторлор аралык кеңешме болуп өттү.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлсүнкан Жунушалиева жана Медер Алиев, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ливиу Ведраско, эксперттер, негизги министрликтердин жана ведомстволордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, илимий борборлордун жана институттардын жетекчилери катышты. Иш-чаранын демилгечилери – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору, ДССУнун өлкөлүк кеңсеси жана ДССУнун ТКАК Катчылыгынын Билим борбору. Жолугушуунун максаты - натыйжалуу салык салуу аркылуу тамеки заттарынын жеткиликтүүлүгүн азайтуу стратегиясын талкуулоо.

 

Министр Эркин Чечейбаев өз сөзүндө өлкөдөгү калктын, өзгөчө өсүп келе жаткан муундун саламаттыгын чыңдоо кызыкчылыгында тамекиге акциздик салыкты жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Учурда Кыргызстанда тамеки чегүү өлүмдүн жана майыптуулуктун негизги себеби болуп саналат.

 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасында жыл сайын 30 жана андан улуу жаштагы 6 миңден ашык адам (5 миңге жакын эркек жана миңдей аял) тамеки чегүүдөн улам пайда болгон оорулардан каза болот. Өлгөндөрдүн жарымынан көбүн жүрөк-кан тамыр оорулары түзөт. Өкмөттүн тамекиге каршы саясатына карабастан, тамеки чегүүдөн улам келип чыккан жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу экономикалык чыгым 17 миллиардан ашык сомду түзөт.

 

Кыргызстанда 35 жаштан 69 жашка чейинки курактагы эркектердин 30%га чейини темеки тартуунун айынан каза болушат (аялдардын арасында бул көрсөткүч 5% чейин жетет). Бул курактагы калк үчүн күтүлгөн өмүр узактыгынын жоготуусу орто эсеп менен 21 жылды түзөт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көптөгөн изилдөөлөрүнө ылайык, баа жана салык чаралары тамеки менен никотинди керектөөнү азайтуунун эң эффективдүү чаралары болуп саналат, анткени алар мындай азыктардын баасын балдар, өспүрүмдөр жана жаштар үчүн жеткиликтүү эмес кылып коюшат. Көптөгөн экономикалык изилдөөлөр салыктын жогорулашы тамеки буюмдарынын баасын жогорулатып, чоңдор менен жаштар арасында тамеки керектөөнү азайтарын тастыктайт. Тамеки тартууга келсек, чылымдын реалдуу баасынын ар бир 10%га жогорулашы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө тамеки чеккен балдардын жана өспүрүмдөрдүн санын 8%га азайтат.

 

2015-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) экономикалык жүгү Кыргызстан үчүн жылына 17,1 млрд сомду түзгөн, бул өлкөнүн жылдык ички дүң продукциясынын (ИДП) 3,9%ине барабар.

Бул жоготуулардын басымдуу бөлүгү — түз эмес чыгымдар, алардын ичинен 61% — мезгилсиз (эрте) өлүмдүн кесепетинен келип чыккан. Мезгилсиз өлүмдөн улам экономиканын тарткан чыгымы 10,4 млрд сомду түзөт.

Төрт негизги ЖЭОну) дарылоого кеткен түз саламаттык сактоо чыгымдары бул сумманын бештен бир бөлүгүн гана түзөт.

Тамекини керектөөнү кыскартууга багытталган саясаттык чаралардын пакетинин баасы 0,14 млрд сом деп бааланган. Ал эми жүрөк-кан тамыр оорулары менен кант диабетин азайтууга багытталган кийлигишүүлөрдүн баасы 175 млрд сомду түзгөн.

 

Ошентип, тамеки тартууга каршы күрөш мамлекетке 10,4 млрд сомду гана эмес, жүрөк-кан тамыр ооруларынан келип чыккан жоготууларды эске алганда, 175 млрд сомго чейин үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Эркин Чечейбаев тамекиге жеткиликтүүлүктү чектөөдөн коркпой, акциздик салыктарды жогорулатуу аркылуу бул жаатта чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды. Министр Кыргызстан бул багытта КМШ мейкиндигинде лидер болуп чыгаарына ишенимин билдирип, бул келечек муунду коргоого өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

«Тамекини көптөн бери тартып жүргөн адамдар баасы канча болбосун, тартууну улантышат. Бирок жогорку баалар балдарды жана өспүрүмдөрдү ойлонууга мажбур кылат», — деди Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы.

Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун алдын алуу жана тамеки чегүүнү таштоо бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасарова Кыргызстандагы тамекиге салына турган салык боюнча абал, мыйзамдагы мүчүлүштүктөр жана акциздик салыкты реформалоо боюнча сунуштар тууралуу изилдөөнү сунуштады.

Кеңешменин катышуучулары белгилешкендей, тамекиге болгон акциздерди жогорулатуу — бул мамлекет үчүн миллиарддаган сомду үнөмдөө гана эмес, элдин ден соолугуна жана келечегине багытталган инвестиция болуп саналат.

Салык саясатын реформалоо — бул тамеки көз карандылыгынан эркин коомду түзүүгө багытталган маанилүү кадам. Мындай коомдо өспүрүмдөр дени сак жана активдүү болуп өсө алышат. Кыргызстан бул багытта чечкиндүү кадамдары менен регионго үлгү боло ала турган мүмкүнчүлүккө ээ.

 

 

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.

Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.

Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.

Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.

 

26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.

Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.

«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.

25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду

Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду. 

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.

Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет. 

1-таблица

2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси

 

АймактарВакцинацияланган жер
1Ош облусу жана Ош шаары№8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22
3Жалал-Абад облусуМанас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети
4Баткен облусуБаткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 
5Талас облусуТалас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 
6Ысык-Көл облусуКаракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121
7Нарын облусуНарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5
8

Чуйская

аймак

-ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6.

- ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н

9БишкекБишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а

Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.