Республикадагы КРВИ, сасык тумоо жана коронавирус инфекциясынын эпидемиологиялык абалы

14.06.2022 / Просмотров: 941

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти сасык тумоо, КРВИ жана коронавирустук инфекцияга чалдыгуу боюнча жума сайын мониторинг жүргүзөт.

Алсак, 2022-жылдын 23-жумасынын оперативдүү маалыматы боюнча өткөн жумага (22-жума 3300 учурга) салыштырмалуу курч респиратордук вирустук инфекциялардын 3404 учуру (06.06.дан 12. 06.22ге чейин) катталган. Курч респиратордук вирустук инфекцияларга чалдыгуу – 1%га, ал эми 2021-жылдын ушул эле жумасына салыштырмалуу –1,3%га жогору (2021-жылдын 23 аптасы – 2633 учур катталган). Бардык оорулардын 77%ы 14 жашка чейинки балдар (2616 учур).

 

 

Курч респиратордук вирустук инфекциялардын учурлары туруксуз аба ырайынан (37 градуска чейин жана андан жогору ысыктан, кескин сууктан) пайда болушу мүмкүн, бул организмдин коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет жана оорунун өсүшүнө өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда курч респиратордук инфекцияга чалдыккан чон адамдар ооруну басып жүрүп өткөрүшөт да, санитардые эрежелерди сактабагандыктан үйдөгү балдарына жуктурушат. Лабораториялык маалыматтарга ылайык, курч респиратордук вирустук инфекцияларга чалдыгуу республикада жыл сайын катталуучу РС инфекциясы, парагрипп, метапневмовирустар жана аденовирустар сыяктуу кеңири таралган курч вирустук инфекциялардан келип чыгууда», - деди Жугуштуу, паразитардык ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Динара Оторбаева.

 

 

Бүгүнкү күндө өлкөдө жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалды турукташтыруу тенденциясы байкалууда. Республикада саналуу гана учурлар катталган, алар жеңил жана симптомсуз формада өтүүдө. Өткөн жумада (23-жума, 06.06.2022-жылдан 13.06.2022-жылга чейин) Бишкек шаарында, Чүй жана Ош облустарында COVID-19 боюнча 12 ыкчам билдирүү келип түшкөн, алардын арасында ооруканага жаткырылгандар жок. Башка аймактарда COVID-19 учуру катталган жок.

 

 

Жалпысынан 201 016 учур катталып, анын ичинен 139 936 учур лабораториялык, 61 080 учур клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

COVID-19дан каза болгондор катталган жок.

 

КРВИ, сасык тумоо, коронавирус инфекциясы сыяктуу респиратордук инфекциялардын алдын алуу үчүн сиз жөнөкөй эрежелерди сакташыңыз керек, мисалы:

- маска режимин жана социалдык аралыкты сактоо;

- дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо - жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу;

- өзүн жаман сезген, дене табы көтөрүлгөн жана башка сасык тумоого окшош белгилери бар адамдарды өз убагында изоляциялоо;

- санитардык-гигиеналык иш-чараларды (колдун гигиенасы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.) сактоо.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

19.04.2024
Кене вирустук энцефалиттин алдын алуу боюнча сунуштар

Республикада кене вирустук энцефалитинин (КВЭ) табигый очоктору бардык климаттык зоналарда аныкталган жана адам үчүн коркунучтуулугунун даражасына жараша белгиленет. Үстүбүздөгү жылдын 3 айында республика боюнча 156 адам кене чагып кайрылган. Анын арасында КВЭ жуктурган учур катталган жок. Чоң-Кемин, Кыргыз тоо кыркалары Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо айыл аймактарында жайгашкан очоктор олуттуу коркунучту жаратат.

Кене вирустук энцефалити кантип жугушу мүмкүн?

Оорунун козгогучу (арбовирус) адамга вирус жуккан кенен чаккан алгачкы мүнөттөрүндө анын ооруну басуучу шилекейи менен кошо жугат:

• КВЭ боюнча эндемикалык аймактарга барууда (токойлордо, токой сейил бактарында, жеке бакча участокторунда);

• кенелер жаныбарлар (иттер, мышыктар аркылуу келгенде;

• кене энцефалити боюнчу коопсуз аймактарда эчкинин (көбүнчө), койдун, уйдун чийки сүтүн ичкенде, кенелердин массалык чабуул учурунда сүттө вирус болушу мүмкүн. Баса белгилей кетүүчү нерсе, чийки сүт гана эмес, андан жасалган азыктар (быштак, каймак ж.б.) да жугуштуу;

• вирусту териге сүрткөндө кенени эзгенде же чаккан жерди тырмаганда.

• Ушул себептен чийки сүт азыктарын кайнагандан кийин гана колдонуу керек.

Оорунун кесепеттери: толук айыккандан ден соолук көйгөйлөрүнө чейин, майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Кене вирустук энцефалитке ким кабылышы мүмкүн?

Жашына жана жынысына карабастан бардык адамдар кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушуна байланыштуу токойдо жүргөндөр (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, автомобиль жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) тобокел тобуна кирет. Шаардын жашоочулары жумуш жана эс алуу учурунда шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарында, бакча участокторунда жуктуруп алышат.

19.04.2024
Бөкөнбаев айылында «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

2024-жылдын 19-апрелинде Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Жалпы медициналык практика борборунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды.

Ачылыш аземге КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

 

Министр өз сөзүндө мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты  калктын жеткиликтүү дары-дармектерге байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү экенин белгиледи.

 

Жалпысынан Ысык-Көл облусунда 6 мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы иштөөдө.

19.04.2024
Каракол шаарында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 19-апрелде Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 350 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду 2025-жылга бүтүрүү пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Гүлкан Молдобекова, Акылбек Түмөнбаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, облустагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

 

Министр өз сөзүндө ден соолукту чыңдоо, алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу азыркы дүйнөнүн эң маанилүү көйгөйлөрүнүн бири экенин, ошондуктан өлкөнүн мамлекеттик саясаты жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

«Өлкө калкынын саламаттыгы 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө калктын саламаттыгына кам көрүү маселеси мамлекеттин көңүл борборунда. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго терең ыраазычылык билдирем, анын колдоосу менен бул курулуш башталып, 600 миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнүп жатат. Каракол шаарындагы жаңы облустук оорукананын курулушу облустун тургундарына көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатат».

 

Жалпы аянты 6200 м2 болгон 350 орундуу оорукана 5 блоктон турат, анда консультациялык-диагностикалык бөлүм, операциялык бөлмөсү бар хирургиялык жана травматология бөлүмдөрү, ЛОР, көз, терапия, онкология, балдар жана башка бөлүмдөр каралган, ошондой эле лаборатория, ашкана, кир жуучу жай, кампа ж.б. уюштурулат.

Мындан тышкары, оорукананын аймагында МОРГ, ТП, кислород станциясы, откана, автопарковка, генератор орнотулат.