“Баарына узун өмүр” урааны астында Кыргызстанда эмдөө жумалыгы өткөрүлөт

11.05.2022 / Просмотров: 1062

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БДССУ) жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен Кыргызстанда 2022-жылдын 11 майдан 18 майга чейин Европалык эмдөө жумалыгын (EЭЖ) өткөрүлөт. ЕЭЖ жугуштуу оорулардан коргоонунун негизги профилактикалык чараларынын бири катары иммунизацияга коомчулуктун көӊүлүн буруу максатында иштелип чыккан. 2022-жылдын Европалык эмдөө жумалыгын (EЭЖ) темасы - “Баарына узун өмүр” жана анын максаты – ар бир адам үчүн узак жана дени сак жашоону камсыз кылуу менен вакциналардын бирдей жана кеӊири жетишээрлигин баса белгилɵɵ.

Эки жүз жылдан ашуун убакыттан бери эмдөө адамзатка дүйнөнү коопсуз кылууга жардам берип келет – биринчи чечекке каршы вакцинадан баштап (1798-жылдан баштап), эң акыркы мРНК вакциналарына чейин, алар COVID-19 оорусунун оор учурларын алдын алуу үчүн колдонулуп келет. Вакциналар ар бирибизди өзүнчө коргойт жана дүйнөлүк коомчулуктун мүчөлөрү катары бардык адамдардын жамааттык ден-соолугун коргоого мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Иммундаштыруу программасын коомдук саламаттыкты сактоонун артыкчылыктуу программаларынын бири катары аныктайт жана калкка сапаттуу эмдөө кызматтарынын бирдей жана туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрөт. Акыркы бир нече жыл ичинде Кыргызстан БДССУ, ЮНИСЕФ жана ГАВИ техникалык колдоосу менен профилактикалык эмдөөлөрдүн Улуттук календарына бир нече жаңы вакциналар киргизилди: 2009-жылы Пента валенттик вакцина (АКДС-ВГВ-ХИБ), 2016-жылы бириктирилген пневмококк вакцинасы (ПКВ), 2018-жылы инактивацияланган полиомиелит вакцинасы (ИПВ) жана 2019-жылы ротавируска каршы вакцина.

“Коомдук саламаттыкты сактоодо вакциналар иштей тургандыгын жана көптөгөн оорулардан коргоо менен балдардын ден-соолугун чыңдалышын камсыз кылып жатканын билебиз. Ар бир ата-эне өзүнүн баласы ишенимдүү жана коопсуз вакциналар болгон ооруларга каршы эмдөө менен корголоорун билиши керек. Өлкөнүн бардык аймактарында балдарга жана чоң кишилерге пландаштырылган жана толуктоочу иммундаштырууну жүргүзүү үчүн 65 мобилдик бригада ишке тартылганын белгилей кетели, ошондой эле коӊшу Тажикистан Республикасында кызамык оорусунун чыгышына байланыштуу, биз ЕЭЖда кызамыкка каршы эмдɵɵгɵ кɵӊүл бурабыз жана республикага бул ооруну келтирбɵгɵ алдын алуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөбүз”,- деди Айнура Акматова, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси

"Кылымдар бою жана дүйнө жүзү боюнча ар кандай тектүү адамдар балдарын оорудан сактоонун жолдорун издешкен. Вакциналар бардык ата-энелер ымыркайларына каалаган ишенимдүү коргоону камсыз кылат. Жыл сайын вакциналар 3 миллион адамдын өмүрүн сактап калат. Бирок эмдөөдөн өтпөгөн балдар дагы деле бар, бул аларды тобокелге салат. Биз COVID-19 пандемиясынан айыгууга жана калыбына келтирүүгө инвестиция салып жаткандыктан, бизде ар бир баланы камтыгандай саламаттык сактоо системасын түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк пайда болот", - деди Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин байланыш бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Сема Хоста.

"Вакциналар саламаттык сактоонун экономикалык жактан натыйжалуу инструменттеринин бири болуп саналат: балдарды эмдөөгө сарпталган ар бир сом 3000 сомго чейин киреше алып келет. Иммундаштыруу дифтерия, селейме, кызамык, полиомиелит, кызамык, көк жөтөл, вирустук гепатит В, паротит сыяктуу жугуштуу оорулардын көпчүлүгүнөн коргойт, алардын бардыгы өлүмгө же майыптыкка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан мен ар бир адамды эмдөө маселесине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырам, ошондо биз өзүбүздү жана айланадагыларды биргелешип коргой алабыз",- деди ДССУнун Кыргызстандагы кеңсесинин иммунизация боюнча техникалык кызматкери, доктор Жанара Бекенова.

***

Жалпы маалымат: жыл сайын БДССУнун Европа аймагында эмдөөнүн Европа жумалыгы (ЕЭЖ) өтүп, иммундаштыруу оорулардын алдын алуу жана адамдардын өмүрүн коргоо үчүн чоң мааниге ээ деген ойду жайылтууга багытталган. ЕЭЖ алгач 2005-жылы өткөн жана ага аймактын бир нече гана өлкөсү катышкан. Демилгенин максаты ар бир бала вакцина менен алдын ала турган оорулардан коргонууга муктаж жана ага укуктуу деген маалыматты жайылтуу аркылуу эмдɵɵ менен камтууну жогорулатуу болгон. ЕЭЖ дароо аймактагы эң көрүнүктүү жана белгилүү коомдук саламаттыкты сактоо компанияларынын бири болуп калышты.

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

28.03.2024
НЕКРОЛОГ

2024-жылдын 27-мартында Ысык-Көл райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Токтоназарова Алина Эсентуровна мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдө өчпөс из калтырды.

Эмгек жолун 1998-жылы санитардык агартуу бөлүмүндө санитардык врач болуп баштаган, 2003-жылдан тартып Ысык-Көл райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда тамак-аш гигиенасы боюнча санитардык дарыгер кызматын аркалаган. 2009-жылы Ысык-Көл облустук оорулардын алдын алуу борборунда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2010-жылы санитардык бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаардык инспекциясынын башкы санитардык көзөмөл адиси болуп дайындалган. 2013-жылы Ысык-Көл райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна санитардык дарыгер болуп кайтып келген.

2021-жылы Ысык-Көл райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери болуп дайындалып, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин баа жеткис эмгегин улантты.

 

Анын кесипкөйлүгү, ишке берилгендиги жана жарандардын ден соолугуна болгон камкордугу кесиптештеринин эсинде түбөлүккө сакталат. Анын дүйнөдөн кайтканы бул керемет инсанды билген жана баалаган ар бир адам үчүн орду толгус жоготуу.

Токтоназарова Алина Эсентуровнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Медербек Исмаилов, министрдин орун басары Айжамал Шамбетова, министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, министрдин орун басары Бакыт Джангазиев. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин эмгек жамааты.

28.03.2024
НЕКРОЛОГ

Саламаттыкты сактоо системасы, анын ичинде Эне жана баланы коргоо улуттук борбору орду толгус жоготууга учурады. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун мурдагы директору, медицина илимдеринин доктору, илимий кызматкер Маймерова Гүлзат Шаршенбековна 51 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Маймерова Гүлзат Шаршенбековна 1973-жылы 2-июнда Бишкек шаарында туулган. Гүлзат Шаршенбековна 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын ийгиликтүү аяктап, 2010-жылы илимий ишмердүүлүгүн баштап, медицина илимдеринин кандидаты, 2016-жылы ага илимий кызматкер наамы ыйгарылып, 2018-жылы медицина илимдеринин доктору илимий даражасын ийгиликтүү коргогон.

   Мугалимдик эмгек жолун 2015-жылы баштаган, ал учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда клиникалык ординаторлордун жетекчиси болгон. 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дипломдон кийинки билим берүүнүн координациялык кеңешинин катчысынын милдетин аткарып, жалпы практикадагы ординаторлордун күндөлүгүн түзүүгө активдүү катышкан.

2016-жылдан тарта Г.Ш.Маймерова Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары кызматына дайындалгандан кийин 20 жылдан бери биринчи жолу балдар хирургиясы боюнча кандидаттык диссертация корголгон. Ошондон бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун «Эне жана баланы коргоо» илимий журналында педиатрия, балдар хирургиясы жана акушердик-гинекология боюнча редактордун орун басары болуп эмгектенип келген. Гүлзат Маймерованын жигердүү ишинин натыйжасында 2020-жылдан баштап бул журнал Россия Федерациясынын Россиянын илимий цитаталар индексинин базасына киргизилген.

Жогорку категориядагы дарыгер, саламаттыкты сактоонун “Эмгек сиңирген ишмери” Гүлзат Шаршенбековна 2018-жылы Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги,калктын ден соолугун чыңдоого кошкон зор салымы, ошондой эле активдүү коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. Ал мыкты сапаттарга ээ, өзүнө коюлган милдеттерди тез жана сапаттуу чече билген тажрыйбалуу адис эле.

   Гүлзат Шаршенбековнанын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз!

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Медербек Исмаилов, министрдин орун басары Айжамал Шамбетова, министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, министрдин орун басары Бакыт Жангазиев.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги жана кызматкерлери.

27.03.2024
Улуттук госпитал диагностикалык текшерүүлөрдү, ошондой эле атайын транспорт менен бейтаптарды ташуу кызматын көрсөтөт

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томография (МРТ) кабинети, компьютердик томография кабинети жана ангиография кабинети иштейт. Бейтаптар дарыгердин жолдомосу менен кабыл алынат.

Изилдөө баасы:

- МРТ текшерүү – 2100 сом;

MРТ бөлмөсү 24 саат бою иштейт.

Ич көңдөйүнүн жана наркозду талап кылган МРТ изилдөөлөрүнө бейтапты даярдоо тамактанууну жана суюктуктарды ичүүнү убактылуу чектөөнү камтышы мүмкүн. Кийимде металл буюмдар болбошу керек. МРТга каршы көрсөтмөлөр бейтаптын денесинде металл импланттарынын болушу.

 

- Компьютердик томография (КТ) – 1400 сом.

 

Ангиографиялык текшерүү – 5828 сом. Ангиографиялык текшерүүгө сарпталуучу материалдар бейтаптардын эсебинен камсыздалат.

 

Мындан тышкары, Улуттук госпиталдын базасында бейтаптарды кайра жандандыруу унаасы менен республиканын бардык аймактарына жеткирүү кызматы көрсөтүлүп, жол кире баасы саатына 826 сом, чакыруунун минималдуу убактысы 2 саат, километрге жараша күйүүчү май буйрутма берген тараптын эсебинен.

 

Жогоруда көрсөтүлгөн кызматтардын бардыгы Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен макулдашылган жана бекитилгендигин белгилейбиз.

 

Кененирээк маалымат алуу жана алдын ала жазылуу үчүн 1295 кыска номуруна же 0755600161 байланыш номуруна чалсаңыз болот.