Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин кызматкерлеринин жөнгө салуучу дараметин күчөтүү максатында тренингдер өткөрүлдү
25.08.2022 / Просмотров: 1189
Дары-дармек каражаттары менен вакциналарды пайдалануунун жөнгө салуучу аспектилери боюнча окутуп-үйрөтүүчү иш-чаралардын алкагында 22-синен 25-августка чейин Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти үчүн тренингдер өткөрүлдү.
Тренингдин лекторлору:
Рождественский Д.А., Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитациялоо департаментинин дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдарды пайдалануу чөйрөсүндөгү иштерди координациялоо бөлүмүнүн башчысы.
Александров А.В. – ВИАЛЕК Компаниялар тобунун жетекчиси, фармацевтикалык ишмердикти уюштуруу боюнча эл аралык эксперт, USP аккредитациядан өткөн кеңешчи, Европа Сапат Уюмунун (EOQ) алдыңкы аудитору, ISPE, PDA, IEST эл аралык уюмдарынын ассоциацияланган мүчөсү.
Биринчи бөлүмдө ЕАЭБ мыйзамдарынын көз карашы боюнча химиялык жана биологиялык препараттарга биоэквиваленттүүлүгүн изилдөөнүн натыйжаларын экспертизалоо жана баалоо маселелери кеңири чагылдырылган.
Экинчи бөлүм биологиялык дарыларды өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун GMP/GDP талаптарына шайкештигин текшерүүгө арналды. Бул сессиянын алкагында дары-дармектердин сапатын GMP, ISO 17025 стандарттарына шайкештигин контролдоочу лабораторияларды аудит жана текшерүү маселелери да каралды.
Окутуу ДКжМБД кызматкерлеринин жөнгө салуучу дараметин күчөтүү максатында өткөрүлдү, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана USAIDдин колдоосу менен уюштурулду.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
17.04.2025
Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө боюнча кайрылуулар көбөйгөнүнө байланыштуу КР Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акы шарттары 2022-жылдын 30-мартындагы №182 токтомуна ылайык жөнгө салынат.
Кепилденген эмгек акы – бул толук иш күнүнө аткарылган иштин татаалдыгын, жоопкерчилигин жана эмгек сиңирүүсүн эске алуу менен белгиленген эң аз өлчөмдөгү акы болуп саналат:
кызматтык маяна;
мамлекет тарабынан кепилденген кошумча төлөмдөр жана үстөк акылар (эмгек стажы, квалификациялык категория, зыяндуулук, бийик тоолуу аймак ж.б.).
Кепилденген эмгек акысынан тышкары, саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери эмгекке катышуу коэффициентинин (КТК) негизинде кошумча эмгек акы ала алышат.
КТК милдеттүү төлөм болбойт. Эгерде уюмда бош кызмат орундарына байланыштуу эмгек акы фондунан үнөмдөлгөн каражат болсо, анда бул каражат комиссиянын чечими менен кызматкерлерге КТК түрүндө бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Бул кошумча төлөм кызматкерлерди стимулдаштыруу үчүн каралган, айрыкча бош орундардан улам жүктөмү жана жоопкерчилиги көбөйгөн кызматкерлер үчүн. КТК ай сайын эмгек акы фондундагы үнөмгө жараша көбөйүшү же азайышы мүмкүн.
Саламаттык сактоо министрлиги эмгек акы төлөө тартибин оптималдаштыруу багытында иш алып барууда жана келечекте КТК түрүндө кошумча төлөм берүү тартиби кайра каралат.
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эмгек акыны жогорулатуу жана саламаттык сактоо системасынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир топ иштерди жүргүзгөн:
1. 2021-жылдын 1-апрелинен тартып саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары 50% га жогорулатылган (дарыгерлердин маянасы 5000 сомдон 7500 сомго чейин жогорулаган), ал эми үй-бүлөлүк жана жалпы практикадагы дарыгерлердин маянасы 100% га жогорулатылган (5000 сомдон 10000 сомго чейин). Мыйзам боюнча каралган бардык кошумча төлөмдөр жана үстөк акылар сакталып калган.
2. 2022-жылдын 1-апрелинен тартып кызматтык маяналар орточо 50% га жогорулаган (дарыгерлердин маянасы 7500 сомдон 11264 сомго, үй-бүлөлүк дарыгердин маянасы 10000 сомдон 15136 сомго көтөрүлгөн). Ошол эле учурда бардык кошумча төлөмдөр жана үстөк акылар сакталган.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы №170 Жарлыгына ылайык, 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып медициналык кызматкерлердин эмгек акылары төмөнкүдөй көбөйтүлгөн:
дарыгерлер үчүн 50% (11264 сомдон 16896 сомго);
орто медициналык кызматкерлер үчүн 20% (медайымдардын маянасы 9856 сомдон 11968 сомго);
кенже кызматкерлер үчүн (санитарлар, тазалоочулар жана тез жардам айдоочулары) 10% (8096 сомдон 9152 сомго).
Бардык кошумча төлөмдөр жана үстөк акылар сакталып калган. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, республика боюнча дарыгерлердин орточо эмгек акысы 34100 сомду түзгөн.
1-шаардык клиникалык ооруканадагы реанимация бөлүмүнүн санитаркасы Даутова Н.У. тарабынан түшкөн арыз боюнча:
2025-жылдын март айындагы эмгек акы эсептөөлөрү төмөнкүдөй болду:
базалык маяна: 9152 сом,
жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттар менен иштегени үчүн 25% үстөк: 2288 сом,
кан менен иштегени үчүн 15% үстөк: 1372,8 сом,
түнкү сменада 56 саат иштегени үчүн: 1621,87 сом,
майрамдык күндөрдө 8 саат иштегени үчүн: 463,39 сом,
КТК боюнча кошумча эмгек акы: 3171,94 сом (март айында комиссия 1 балл койгон),
Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдары үчүн ай сайын берилүүчү кошумча төлөм: 1500 сом.
Ушунун ичинен киреше салыгы, Социалдык фондго жана профсоюз фондго чегерүүлөр жалпы 3849 сомду түзгөн. Натыйжада Даутова Н.У. март айында колуна 15721 сом алган.
Жогоруда белгиленгендей, КТК ай сайын өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы:
Октябрь 2024-ж. – 6604,61 сом;
Ноябрь 2024-ж. – 5421,54 сом;
Декабрь 2024-ж. – 6620,90 сом;
Январь 2025-ж. – 5223,50 сом;
Февраль 2025-ж. – 0 сом (эмгек өргүүсү);
Март 2025-ж. – 3171,94 сом.
Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жыл үчүн саламаттык сактоо тармагына кошумча каржылык каражат бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бир нече жолу жазуу түрүндө кайрылган.
Кызматкерлердин эмгек акысын мындан ары жогорулатуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга, кызматкерлердин канааттануусун жогорулатууга жана башка тармактарга адистердин кетүүсүн азайтууга өбөлгө түзөрүн түшүнүп, бул маселе Саламаттык сактоо министрлиги үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат.
17.04.2025
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Бишкекте өтүп жаткан «Миррахимов окуулары» аттуу эл аралык конференцияны ачты
Бүгүн, 17-апрелде, Бишкек шаарында жүрөк-кан тамыр оорулары жана ички оорулар тармагындагы инновациялык технологияларга арналган жыл сайын өтүүчү эл аралык илимий-практикалык конференция «Миррахимов окуулары» өз ишин баштады. 17–19-апрель күндөрү өтө турган иш-чарага 30 мамлекеттен, анын ичинде Россия, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Беларусь, Европа Биримдигинин өлкөлөрү, Улуу Британия жана башка мамлекеттерден 200дөн ашуун алдыңкы адистер катышууда.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз сөзүндө бул конференция дүйнөнүн көптөгөн тармактарында медицина лидерлерин бириктирген эл аралык аянтча экендигин белгиледи. Ал жүрөк оорулары жана жүрөк хирургиясы боюнча заманбап технологиялар менен дарылоо ыкмаларын киргизүүнүн маанилүүлүгүн айтып өтүп, чет мамлекеттер менен кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана мыкты практикаларды ишке ашыруу зарылдыгына токтолду.
Министр өзгөчө көңүлдү жаш илимпоздорду колдоого бурду. Конференция алар үчүн кесиптик өнүгүүгө жана илимий потенциалын жүзөгө ашырууга уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Иш-чаранын алкагында дүйнө жүзүндө кардиология тармагына олуттуу салым кошкон профессорлор менен академиктерге сыйлыктар тапшырылды.
Конференция медициналык тармактагы инновациялар жана технологиялар боюнча эл аралык стандарттарга ылайык билим жана тажрыйба алмашууга шарт түзгөн аянтчага айланды. Катышуучулар Кыргызстандын алыскы аймактарында жашаган калкты сапаттуу медициналык кызмат менен камсыз кылуу чараларын, калктын саламаттыгын коргоо боюнча жаңы стратегияларды жана башка темаларды талкуулашат.
«Миррахимов окуулары» 19-апрелге чейин уланат жана Кыргызстанды эл аралык медициналык кызматташтыктын борбору катары чыңдоого өз салымын кошот.
17.04.2025
Нелли Ярулловнанын жаркын элесине
Кыргыз медицинасы оор жоготууга учурады. 2025-жылдын 16-апрелинде көрүнүктүү дарыгер, педагог жана илимпоз Нелли Ярулловна Юсупова дүйнөдөн кайтты.
Нелли Ярулловна 1928-жылдын 8-сентябрында төрөлүп, өз өмүрүн элге кызмат кылууга, илимге жана келечек муундагы дарыгерлерди тарбиялоого арнаган. Медицина илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ардактуу профессору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери — бул наамдар анын медицина менен билим берүү тармагына кошкон зор салымынын чети гана.
Нелли Ярулловна көп жылдар бою Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда иштеп, госпиталдык терапия кафедрасындагы кесиптик оорулар курсун жетектеген. Өзүнүн терең билимин жана тажрыйбасын студенттерге, интерндерге жана кесиптештерине берүүдөн эч чарчаган эмес. Анын талыкпаган эмгегинин аркасында дарыгерлердин бүтүндөй мууну тарбияланып, бүгүн анын жолун улантып келишет.
Нелли Ярулловна жогорку кесипкөйлүгү менен гана эмес, адамкерчилиги, окуучуларына жана бейтаптарына чын дилинен кылган камкордугу менен айырмаланган. Анын эмгегин, энергиясын жана ишине болгон берилгендигин наамдар менен сыйлыктар менен гана баалоого мүмкүн эмес – бул баалуулуктар аны тааныгандар, бирге иштешкендер жана окуткан студенттеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталып калат.
Бул жоготуу анын туугандарына гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын медициналык коомчулугу үчүн чоң жоготуу болду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жамааты Нелли Яруловнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен жана чын жүрөктөн көңүл айтат. Анын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.