Copyright: ©

Саламаттык сактоо министри “Максат” реабилитациялык борборундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды Жаңы жылы менен куттуктады

27.12.2024 / Просмотров: 12058

 27-декабрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Арчалы айылына көчүрүлгөн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана өспүрүмдөрдүн Чүй облустук «Максат» реабилитациялык борборуна барды.

Министр балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, өзгөчө муктаж балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө колдоо сөздөрүн айтып, борбордун кызматкерлерине ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан тышкары, министр борбордун шарты менен таанышып, кызматкерлер менен баарлашып, өзгөчө муктаждыгы бар балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого мамлекет тарабынан мындан ары да өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи. Ал калктын аялуу катмарына жардам көрсөтүүдө «Максат» борбору сыяктуу мекемелер маанилүү роль ойноорун баса белгиледи.

Иш сапардын соңунда министр балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырып, жаңы жылда ден соолук, бакыт жана кубаныч каалады.

Маалымат үчүн:

Буга чейин Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан «Максат» реабилитациялык борбору балдардын ден соолугун чыңдоо жана реабилитациялоо үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Арчалы айылына көчүрүлдү. Таза аба, тынч жаратылыш чөйрөсү жана экологиялык жактан таза аймак балдардын ден соолугун, эмоционалдык абалын жакшыртууга жагымдуу шарт түзүп, толук кандуу реабилитациянын маанилүү фактору болуп саналат.

Борбор өзү 2000-жылы негизделип, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жогорку квалификациялуу медициналык, психологиялык, социалдык-педагогикалык жардам көрсөтөт.

Борбордун негизги максаты - балдарды комплекстүү реабилитациялоо, анын ичинде медициналык, педагогикалык жана социалдык адаптациялоо, ошондой эле алардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү. Мындан тышкары борбор  эмгек көндүмдөрүн үйрөтүп, балдардын коомго аралашуусуна көмөктөшөт.

«Максат» мекемесинде төмөнкү диагноздор менен балдар дарыланып, реабилитациядан өтүшөт:

• Ар кандай формадагы Церебралдык шал оорусу.

• кошумча оорулары бар Даун синдрому.

• Акыл-эс, сүйлөө жана кыймыл-аракеттин артта калуусу (ЗПР, ЗПРР, ЗПМР).

• Аутизм спектринин бузулушу (РАС).

• Генетикалык оорулар, тери жана булчуң оорулары.

• Муундардын патологиялары, анын ичинде омуртка жана муундарына операция жасалган бейтаптар.

Борбор 100 орунга ылайыкталып, республиканын бардык аймактарынан келген 1,5 жаштан 16 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Коштоп келген ата-энелер үчүн жатакана каралган.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

20.01.2025
Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык кырдаал

 Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3-жумасында (13.01.25 - 19.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 761 учуру жана сасык тумоонун 41 учуру катталып (и.к. 166,2), өткөн жумага салыштырмалуу (02-жума, и.к. 105,0)  +1,6 эсеге жогору. Ооругандардын 4,8%ы (563 бейтап) ооруканага жаткырылган.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын таралышы байкалууда, алардын ичинен эң көп таралган респиратордук синцитиалдык вирус – 30,3%, риновирус – 25,8%, аденовирус – 13,2%, I-IV парагрипп – 11,4%, башка вирустук инфекциялар 19,3%ды түздү.

2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосунан жана В тумоосунун айрым учурлары - 10,7% жана COVID-19 - 8,9% шарттаган сасык тумоо мезгили болду.

Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.

Республикада сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жана баалоо улантылууда жана көзөмөлдө.

17.01.2025
КР Саламаттык сактоо министри Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды

2025-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды. Иш сапардын жүрүшүндө министр борбордун иштөө шарттары менен таанышып, анын кызматкерлери менен негизги маселелерди талкуулады жана калыбына келтирүүчү жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү системасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Борбор профилактикалык, кеңеш берүү, дарылоочу, диагностикалык жана калыбына келтирүү сыяктуу кызматтардын түрүн көрсөтөт. Борбордунишмердүүлүгүнүн негизги багыттары бейтаптардын ден соолугун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүчү дарылоо гимнастикасы жана дене тарбия секцияларын уюштурууну камтыйт.

 

Министр Кыргызстанда жыл сайын 1500гө жакын адам инсультка кабылып, калыбына келтирүүчү жардамга муктаж болоорун белгиледи. Мындан тышкары, жол кырсыгынан жабыркагандар жана дарылоонун паллиативдик стадиясындагы бейтаптар да жардамга муктаж. Мындай борборду түзүү республиканын бардык аймактарынан келген тургундар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын бир топ жакшыртат.

17.01.2025
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте кызамык оорусу боюнча көчмө ыкчам штабдын жыйынын өткөрүүдө

2025-жылдын 16-январында КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаеванын жана Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин көчмө ыкчам штабынын жыйыны уюштурулду. Бул жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмаларын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызамык менен күрөшүү боюнча штабынын чечимдерин аткаруунун жана кызамык боюнча алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларга көмөк көрсөтүүнүн алкагында уюштурулду. 

Талкууга коомдук саламаттыкты сактоонун жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, билим берүү мекемелеринин, аймактык администрациялардын өкүлдөрү катышты. Жыйында учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, кызамыктын, кызылчанын, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун чыгышына жооп катары жүргүзүлгөн эмдөө боюнча өнөктүктөргө мониторинг талкууланды.

Белгилей кетсек, өткөн жылы республикада кошумча жана тазалоочу эмдөөнүн үч баскычы өткөрүлгөн. Республика боюнча 918 000 бала жана 29 258 саламаттык сактоо системасынын кызматкери, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери эмдөөдөн өткөн.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын аймагында кызамык оорусунун 14 380 учуру, анын ичинен 5 681 учуру Бишкек шаарында катталган. 2025-жылдын башынан бери 229 жаңы учур, анын ичинде Бишкек шаарында 144 учур катталды. Оорунун күч алышынын негизги себеби – эмдөөдөн өткөндөрдүн көрсөткүчү талаптагыдан төмөндүгү, Бишкекте адамдардын 95% вакцина алышы керек болсо, учурда бул көрсөткүч 69 %ды түзөт.

Кызамык оорусунун андан ары жайылышын алдын алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар арасында тазалоочу эмдөө боюнча өнөктүктү улантууда, бирок эмдөөдөн баш тарткандардын айынан бул иш кыйынчылыктар менен коштолууда. Ушул себептен улам олуттуу эпидемиологиялык тобокелдиктер бар, себеби вирус эмделбеген балдардын арасында жайылып жатат.

Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды: кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү, профилактикалык эмдөөлөрдү 95%дан кем эмес деңгээлге жеткирүү; калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, эмдөөнүн коопсуздугун жана маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө багытталган маалыматтык-агартуу өнөктүктөрүн уюштуру.