Copyright: ©

Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтарга карата жооп кайтаруу чараларын күчөтүү: Биргелешкен тышкы баалоо жүргүзүлөт

03.07.2023 / Просмотров: 2025

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерге Биргелешкен тышкы баалоо миссиясын кабыл алууда.

Коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтардын алдын алуу, аныктоо жана тез арада чара көрүү боюнча Кыргызстандын потенциалын баалоо үчүн 2023-жылдын 3-июлунан 7-июлуна чейин өтө турган бул миссияга ар кайсы өлкөлөрдөн, техникалык институттардан жана БУУнун агенттиктеринен келген 15 эл аралык техникалык эксперт катышат.

Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы эл аралык жана улуттук эксперттердин катышуусу менен биргелешкен процесстин алкагында иммундаштыруу, лабораториялар жана башка 19 техникалык тармакты изилдейт.

Бул эксперттер Кыргыз Республикасынын бийлик өкүлдөрү менен бирге жума ичинде боло турган биргелешкен талкууларга катышат жана жер-жерлерге сапарларга да барышат. Бул миссиянын максаты саламаттык сактоо системасынын коопсуздугу жаатында Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптуу баалоо, кемчиликтерин жана күчтүү жактарын аныктоо, ошондой эле коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу үчүн өлкөнү баалуу маалыматтар менен камсыз кылуу болуп саналат.

Кыргызстан ДССУнун Европа регионундагы 53 өлкөнүн ичинен биргелешкен тышкы баалоонун экинчи раундун өткөргөн биринчи өлкө болуп саналат. Бул жетишкендик Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын коопсуздугунун потенциалын чыңдоого жана калктын бакубаттуулугун камсыз кылууга умтулгандыгын көрсөтөт.

Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан саламаттык сактоонун коопсуздугу боюнча стратегиялык жана оперативдүү Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууга дем берүү менен саламаттык сактоо системасынын коопсуздугун чыңдоодо чечүүчү ролду ойнойт.

Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди ишке ашыруу жана жалпы эле саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыздоо биздин өкмөттүн башкы орундагы милдети болуп саналат. Эл аралык кесип өтүүлөр кеңири жайылган мезгилде эффективдүү медициналык-санитардык коргоо калктын саламаттыгын камсыз кылуунун ажырагыс бөлүгү болуп калууда. Биргелешкен тышкы баалоо көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди гана ачып берүүчү терс процесс катары каралбашы керектигин түшүнүү керек. Тескерисинче, бул өзүңдүн жетишкендиктериңди жана потенциалыңды көрүү, ошондой эле андан ары жакшыртуу боюнча сунуштарды алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк”, - Гулнара Баатырова, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри. 

ДССУнун Кыргыз Республикасындагы Аймактык директорунун Атайын өкүлү жана кеңсе башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу доктор Шахин Хусейнов бул ыктыярдуу Биргелешкен тышкы баалоо миссиясынын маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Кыргызстандын Биргелешкен тышкы баалоонун ыктыярдуу миссиясын кабыл алууга даярдыгы анын саламаттык сактоо системасынын коопсуздук потенциалын чыңдоого жана өз калкынын бакубаттуулугун камсыз кылууга умтулгандыгын көрсөтүп турат. Бул баалоонун жыйынтыктары жана сунуштары өлкөнүн даярдыгын жогорулатуу жана чара көрүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча келечектеги аракеттерге багыт берет.»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана CDC саламаттык сактоонун коопсуздугун бекемдөө жана өз жарандарын коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтардан коргоону камсыз кылуу аракетинде Кыргыз Республикасын колдоого мурдагыдай эле даяр.

CDCтин Кыргыз Республикасы боюнча өлкөлүк директору Доктор Patrick Nadol:«Бүгүнкү өз ара тыгыз байланышкан дүйнөдө глобалдык саламаттык сактоо коопсуздугу болуп көрбөгөндөй маанилүү. CDC экинчи Биргелешкен тышкы баалоону өткөрүү үчүн Кыргызстан жана өнөктөштөр менен кызматташта болгонуна кубанычта. Бул системалуу көп сектордук баалоолор коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтардын алдын алуу, аныктоо жана аларга чара көрүү жаатында Кыргызстандын потенциалын бекемдөө үчүн колдонула турган бир катар тармактар боюнча негиз салуучу маалыматты берет.» 

***

 

Маалымат үчүн:

Биргелешкен тышкы баалоо — бул ыктыярдуу, биргелешкен, көп секторлуу процесс, өлкөнүн коомдук саламаттык сактоого болгон  коркунучтарды, алар табигый жол менен пайда болобу, же атайылап же кокусунан болгон окуялардын натыйжасында пайда болобу,  алдын алуу, аныктоо жана аларга тез арада чара көрүү жөндөмдүүлүгүн баалоо. Биргелешкен тышкы баалоо өлкөлөргө адамдын жана жаныбарлардын ден соолугун коргоо системасындагы эң маанилүү боштуктарды табууга, даярдыкты жана чара көрүүнү жогорулатуу үчүн артыкчылыктуу мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого жардам берет.

 

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) Америка Кошмо Штаттарынын саламаттык сактоо боюнча алдыңкы улуттук агенттиги болуп саналат. CDC ооруларды, жаракаттарды жана майыптуулукту көзөмөлдөө жана алдын алуу аркылуу коомдук ден соолукту жана коопсуздукту коргоо үчүн иштейт.

CDC дүйнө жүзүндөгү өлкөлөргө коомдук саламаттык сактоо жаатындагы потенциалын бекемдөө үчүн техникалык экспертиза жана колдоо көрсөтөт.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.

Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.

Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.

Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.

 

26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.

Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.

«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.

25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду

Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду. 

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.

Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет. 

1-таблица

2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси

 

АймактарВакцинацияланган жер
1Ош облусу жана Ош шаары№8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22
3Жалал-Абад облусуМанас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети
4Баткен облусуБаткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 
5Талас облусуТалас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 
6Ысык-Көл облусуКаракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121
7Нарын облусуНарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5
8

Чуйская

аймак

-ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6.

- ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н

9БишкекБишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а

Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.