Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков Улуттук фтизиатрия борборунун референттик лабораториясынын жана бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө санариптештирүүнү киргизүү процессименен таанышты

22.06.2022 / Просмотров: 1293

2022-жылдын 21-июнунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборуна барды.

Улуттук фтизиатрия борборундагы (УФБ) референттик лабораториянын жана бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө санариптештирүүнү киргизүү процесси менен таанышты.

Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдулаат Кадыров USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун колдоосу менен иштелип чыккан медициналык маалыматтык системалар кургак учукка каршы ооруканалардын ишин бир топ жакшыртаарын, бул медицина кызматкерлеринин ишин жеңилдетип гана тим болбостон, эң негизгиси кургак учук менен ооругандарды диагностикалоо жана дарылоо, реалдуу маалыматтардын негизинде оперативдүү жана стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жардам берип,сапатты да жакшыртаарын билдирди. Бардык маалыматтар персоналдаштырылган, коргоонун жогорку деңгээлине ээ жана «Тундук» ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат базалары менен байланышкан.

«Учурда КР Саламаттыкты сактоо министрлиги санариптик чечимдерди киргизүү боюнча бир топ иштерди жүргүзүп жатат. Ал эми кургак учукка каршы кызматка медициналык маалыматтык системаларды киргизүү биринчи кезекте бейтаптар үчүн шарттарды түзүп, дарыгерлер менен медайымдардын ишин автоматташтырууга, бири-бири менен өз ара аракеттенүү үчүн алардын иштөө убактысын кыскартууга, ошондой эле кадимки кагаз жүгүртүүнү кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет. Медициналык маалыматтык системаны өнүктүрүүдө техникалык колдоо көрсөткөн USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбооруна ыраазычылык билдиребиз”, -деди Улан Садыков.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

27.03.2024
Улуттук госпитал диагностикалык текшерүүлөрдү, ошондой эле атайын транспорт менен бейтаптарды ташуу кызматын көрсөтөт

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томография (МРТ) кабинети, компьютердик томография кабинети жана ангиография кабинети иштейт. Бейтаптар дарыгердин жолдомосу менен кабыл алынат.

Изилдөө баасы:

- МРТ текшерүү – 2100 сом;

MРТ бөлмөсү 24 саат бою иштейт.

Ич көңдөйүнүн жана наркозду талап кылган МРТ изилдөөлөрүнө бейтапты даярдоо тамактанууну жана суюктуктарды ичүүнү убактылуу чектөөнү камтышы мүмкүн. Кийимде металл буюмдар болбошу керек. МРТга каршы көрсөтмөлөр бейтаптын денесинде металл импланттарынын болушу.

 

- Компьютердик томография (КТ) – 1400 сом.

 

Ангиографиялык текшерүү – 5828 сом. Ангиографиялык текшерүүгө сарпталуучу материалдар бейтаптардын эсебинен камсыздалат.

 

Мындан тышкары, Улуттук госпиталдын базасында бейтаптарды кайра жандандыруу унаасы менен республиканын бардык аймактарына жеткирүү кызматы көрсөтүлүп, жол кире баасы саатына 826 сом, чакыруунун минималдуу убактысы 2 саат, километрге жараша күйүүчү май буйрутма берген тараптын эсебинен.

 

Жогоруда көрсөтүлгөн кызматтардын бардыгы Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен макулдашылган жана бекитилгендигин белгилейбиз.

 

Кененирээк маалымат алуу жана алдын ала жазылуу үчүн 1295 кыска номуруна же 0755600161 байланыш номуруна чалсаңыз болот.

27.03.2024
Бишкекте “Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдө кардиологияны өнүктүрүүдөгү инновациялар жана технологиялар” конгресси өтүүдө

2024-жылдын 27-мартында Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн Эл аралык медициналык конгресси ишин баштады. Конгресс 27-марттан 29-мартка чейин өтөт.

Көрүнүктүү окумуштуу жана клиницист академик, Социалисттик эмгектин баатыры Мирсаид Миррахимовдун жаркын элесине арналган конгресске ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү, ШКУга мүчө-мамлекеттердин жана башка өлкөлөрдүн кардиология, ички жана тоо медицинасы боюнча алдыңкы окумуштуулары жана адистери, жаш окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын жана илимий уюмдардын өкүлдөрү, ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук илимий жана медициналык борборлорунун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын, анын ичинде ДССУнун өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

Конгресстин максаты - ШКУга мүчө мамлекеттерде кардиология жана ички оорулар тармагындагы заманбап жетишкендиктерди жана алдыңкы тажрыйбаларды көрсөтүү, инновациялык технологияларды, фармацевтикалык продукцияларды жана медициналык жабдууларды практикалык медицинага киргизүү.

  «Бүгүн биз маанилүү саламаттык сактоо маселелерин талкуулоо жана конкреттүү иш пландарды иштеп чыгуу үчүн чогулуп жатабыз. Ар түрдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү жалпы максат болгон  журок-кан тамыр жана жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү үчүн бириккен. Биздин биригүүбүз жана билим алмашуубуз бул көйгөйлөргө каршы күрөшүүдө күчтүү курал болот деп ишенем. Кыргызстан изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү активдештирүүгө жана кардиология, кардиохирургия жана ички оорулар боюнча заманбап илимий кластерлерди түзүүгө умтулууда. Бул аракеттер бизге дарт аныктоонун жана дарылоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыгууга, биздин медициналык практиканын натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлүм деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Аны менен катар эл аралык кызматташуунун жана тажрыйба алмашуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешибиз керек”, - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө.

Адистердин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2021-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун көрсөткүчү 52,3%ды, ал эми жалпысынан жугуштуу эмес оорулардан көз жумгандардын көрсөткүчү 80% ашуунду түздү. Жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмгө учурагандар негизинен жүрөктүн коронардык оорусунан (ЖКО), анын ичинде миокарддын курч инфаркты (МКИ), артериялык гипертензиядан (АГ), олуттуу жүрөк аритмиясынан жана өнөкөт жүрөк жетишсиздигинен (ӨЖЖ) келип чыгат. Ошондуктан стратегияларды жана стандарттарды иштеп чыгуу, жаңы жогорку эффективдүү моделдерди жана башкаруунун жогорку технологиялык жана инновациялык ыкмаларын киргизүүнүн негизинде ЖКТО менен ооруган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруунун заманбап системасын түзүү маанилүү.

Белгилей кетчү нерсе, өлүмдүн жана майыптуулуктун жогорку көрсөткүчтөрүнөн улам жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес оорулар Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөрдө да олуттуу көйгөй болуп саналат. Бул өз кезегинде биргелешкен стратегияларды иштеп чыгуу жана ДССУнун программаларынын жана БУУнун Миң жылдыктын Декларациясынын алкагында саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык жардамды уюштуруунун жогорку эффективдүү моделдери жана системаларын түзүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат.

Конгресстин программасы кардиология, кардиохирургия, ички жана тоо медицинасы чөйрөсүндөгү акыркы сунуштарга жана иштеп чыгууларга, далилдерге негизделген маалыматтарга, саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык жардамдын жогорку натыйжалуу системасын өркүндөтүүгө жана түзүүгө, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык жаңы муундагы адистерди даярдоого багытталат.

26.03.2024
Улуттук кардиология жана терапия борборунда жогорку технологиялуу рентген хирургиясы боюнча эксперттик борбор ачылды

            Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда 2024-жылдын 26-мартында, “Ыкчам кардиология” программасын ишке ашыруунун алкагында, жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарга ыкчам жогорку технологиялуу жардам көрсөтүүнүн толук циклинин моделине негизделген Кыргыз Республикасындагы биринчи жогорку технологиялуу рентген-хирургиялык борбордун ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, Дүйнөлүк банктын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви, УКжТ борборунун директору Талант Сооронбаев жана башкалардын катышуусунда өттү.

 

Бул борбор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдолуп, сатылып алынган жогорку технологиялык ангиографиялык комплекс менен жабдылган, бул алдыңкы технологияларды жана инновацияларды колдонуу менен жогорку технологиялык медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылат. Миңдеген бейтаптардын өмүрүн сактап кала турган уникалдуу аз инвазивдик эндоваскулярдык операцияларды клиникалык практикага киргизүүгө көмөктөшөт.

 

«Дүйнөлүк банктын колдоосу менен эң заманбап премиум класстагы ангиографиялык аппаратты сатып алууга жана бул жабдуулар үчүн тмаратты даярдоого каражат бөлүндү. Бул ангиографиялык бөлүм элибиздин жыргалчылыгы үчүн иштеп, миңдеген жүрөк-кан тамыр системасынын эрте операция жасаганга болбой турган оорулары бар бейтаптардын өмүрүн сактап калууга жардам берет деп ишенем», - деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

 

 

Ачылыш аземдин алкагында Кытай Эл Республикасынын, Россиянын жана Казакстандын алдыңкы адистеринин колдоосу менен Кыргыз Республикасында биринчи жолу аорта клапанын транскатетердик имплантациялоо боюнча мастер-класс өткөрүлүүдө. Келечекте мындай операциялар бардык муктаж болгондор үчүн үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Ошондой эле инсульт жана жүрөк-кан тамыр системасынын башка оор оорулары үчүн эндоваскулярдык жогорку технологиялык операцияларды камтуу планы бар.