Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

11

12

2023

Саламаттык сактоо министри иш сапары менен Баткен облустук бириккен ооруканасына барды

10.12.2023

Саламаттык сактоо министри Шаардык балдар тез жардам ооруканасына барды

08.12.2023

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров саламаттык сактоо тармагына 107 даана автотранспортту тапшыруу аземине катышты

01.12.2023
КР Саламаттык сактоо министрлиги мыйзамсыз хирургиялык кийлигишүүлөрдү жасаган сулуулук салонун аныктады

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин көрсөтмөсүнө ылайык, КР Саламаттык сактоо министрлигинин адистери мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүктү аныктоо боюнча рейддердин алкагында мыйзамсыз хирургиялык кийлигишүүлөрдү, анын ичинде липосакция жана блефаропластика жасаган сулуулук салонунун ишин токтотушту. Инстаграмм аккаунту: @21_beautystudio.kg

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү лицензиясы жок орто билимдүү адиске (фельдшер) айып пул салынды. Ошондой эле, бардык материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 152-беренесинин мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүк, ошондой эле лицензиясыз иш жүргүзүү боюнча 218-беренесине ылайык, андан аркы баа берүү жана иликтөө үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул чаралар медицина тармагында мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана бейтаптардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Калктын саламаттыгына кам көрүү, ошондой эле сапатсыз медициналык жардамды болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы бар жеке медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.

 

Аталган кызматтарды көрсөтүү менен медициналык ишмердүүлүккө лицензиясы бар жеке медициналык уюмдардын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтынын “Медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо” бөлүмүнөн төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот https://med.kg/lisenzirovanie.

01.12.2023
Медицина кызматкерлери эмдөөнүн коопсуз практикасы боюнча билимин жогорулатышууда

2023-жылдын 27-ноябрынан 4-декабрына чейин эмдөө кабинеттеринин медициналык кызматкерлери, иммунологдор жана эпидемиологдор окууга катышууда. Бул окуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 23-августундагы №1016 “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарындагы медициналык калдыктарды башкаруунун стандарттуу операциялык жол-жоболорун жана ийнелер менен алмашуу программасын бекитүү жөнүндө” буйругун аткаруу үчүн уюштурулду. Окууну КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, ошондой эле Республикалык инфекциялык контролдоо илимий-практикалык борборунун адистери өткөрүп жатышат. Окуулар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен өтүүдө. 

 

Саламаттык сактоо уюмдарындагы медициналык калдыктарды ченемдик талаптарга жана иммунизациялоонун коопсуз практикасына ылайык башкаруу окуунун негизги темалары болуп саналат.

Эмдөөнүн коопсуздугу – бул төмөнкүлөрдү камтыган процесс:

  •  вакциналардын сапатын,
  •  эмдөөдөн кийинки терс белгилерге эпидемиологиялык көзөмөлдү,
  •  вакциналарды сактоону жана иштетүүнү,
  •  вакциналарды саюуну,
  •  эмдөөдөн кийин медициналык калдыктарды коопсуз башкарууну.

 

Окуунун жүрүшүндө катышуучуларга вакцина менен башкарылуучу инфекциялар, вакциналардын “муздак чынжырын” сактоо, эмдөөнүн коопсуз тажрыйбасын камсыз кылуу, саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык көзөмөлдүн талаптарын сактоо жана медициналык калдыктарды башкаруу боюнча материалдар берилет.

01.12.2023
Санариптик ден соолук профили жаш балдар үчүн да ыңгайлаштырылды

2023-жылдын 1-декабрынан тарта балдар үчүн «Санариптик ден соолук профили» кызматы ишке киргизилди. Бул курал ата-энелерге жашы жете элек балдарынын ден соолугу тууралуу маанилүү маалыматты алууга жана балдарынын ден соолугуна кам көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кызматтын өзгөчөлүктөрү:

1. Толук маалымат: Санариптик ден соолук профили Саламаттык сактоо уюмуна каттоо, камсыздандыруу статусу, саламаттык сактоо уюмдарына баруу, лабораториялык текшерүүлөрдүн натыйжалары, эмдөөлөр жана башкалар жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

2. Колдонуунун жеңилдиги: Маалыматтарды көрүү үчүн жөн гана “Түндүк” мобилдик тиркемесин ачып, башкы бетте “Санариптик ден соолук профилин” тандап, керектүү профилди тандаңыз.

3. Коопсуздук: Медициналык маалыматка жетүү коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ата-энелер булуттагы электрондук санариптик кол тамгага ээ болушу керек.

Бул кызмат санариптик саламаттык сактоону түзүүнүн, медициналык маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоодогу кадамдардын бири болуп саналат.

Жакында, кызмат сиздин маалыматтарыңыздын негизинде жекелештирилген билдирмелерди жөнөтө баштайт, мисалы, сиз же сиздин балдарыңыз эмдөөдөн өткөн-өтпөгөнү же лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыктарынын даярдыгы жөнүндө.

Учурдагы жана келечектеги бардык санариптик саламаттык сактоо кызматтары “Түндүк” электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы жана анын мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашырылаарын эскертебиз.

Булуттагы электрондук санарип кол тамгасын алыңыз жана санариптик саламаттык сактоо кызматтарын колдонуңуз.

Демилге Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен «Түндүк» мамлекеттик порталы тарабынан ишке ашырылган жана Кыргызстандагы заманбап медициналык практиканын кезектеги этабы болуп саналат.

29.11.2023
Кант диабетин аныктоону жана жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн күч-аракеттерди күчөтүү

28-29-ноябрь 2023-жыл, Белград, (Сербия) кант диабети менен ооруган адамдарга диагностикалык, дарылоо жана кам көрүү кызматтарын көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн талкуулоо үчүн жогорку деңгээлдеги техникалык саммит өтүүдө. Бул саммит Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросу тарабынан Эл аралык диабет федерациясынын европалык бөлүмү (IDF-Europe) менен бирге уюштурулууда.

Кыргызстандан делегация катары КР Жогорку Кеңешинин депутаты, КР Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева жана КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова катышууда.

Инновациялык дарылоонун жана технологиялардын пайда болушуна жана кант диабетин көзөмөлдөөгө саясий колдоонун өсүп жатканына карабастан, диабет менен ооруган адамдардын ден соолугунун натыйжалары жакшырбай жатат. ДСУнун Европа аймагында кант диабетинин таралышы коркунучтуу темп менен өсүүнү улантууда жана кант диабети менен жашаган адамдардын жарымы дарылоонун бир нече варианттарынын бар экендигине карабастан, дарылоо максаттарына жетпей жатат. Кант диабети менен ооруган адамдардын үчтөн бири өздөрүнүн абалын билишпейт.

Саммитке ДССУнун жана Эл аралык диабет федерациясынын европалык бөлүмүнүн эксперттери, саламаттык сактоо органдарынын жана Евробиримдиктин (ЕБ) өкүлдөрү катышууда. Алар кант диабетин көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн жогорулатуу жана конкреттүү иш-чараларды күчөтүү ыкмаларын талкуулашууда. Саммитке жарандык коомдун өкүлдөрү, медицина кызматкерлери жана кант диабети менен жабыркагандар да чакырылган. Саммиттин катышуучулары БУУ, ДСУ, ЕБ жана башка тиешелүү уюмдар тарабынан кант диабети боюнча милдеттенмелерди, алардын ортосундагы байланыштарды, иш-аракеттердин мүмкүнчүлүктөрүн жана кийинки кадамдарды талкуулашат.

Саммиттин программасына төмөнкү маселелер боюнча талкуулар кирет: кант диабетин аныктоо жана диагностикалоо; жардамдын сапаты, адамдарга багытталган кам көрүү жана өтүшүп кетүүлөрдүн алдын алуу; зарыл жана сапаттуу дарылоого бирдей мүмкүнчүлүк. Саммиттин катышуучулары диабет менен күрөшүүнүн дүйнөлүк максаттарына жетишүүдөгү, аларды ишке ашыруудагы ийгиликтерди талдап чыгышат жана ДСУ тарабынан сунушталган эң эффективдүү кийлигишүүлөрдү камтыган, далилдерге негизделген кийлигишүүлөрдүн мисалдары менен бөлүшүшөт.

Ошентип, саммит кант диабети менен жашаган адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана алардын муктаждыктарын жана артыкчылыктарын эң жакшы чагылдырган сунуштарды жана максаттарды иштеп чыгууга тартууга багытталган. Саммитте аракетке чакыруу жана бул жаатта жайылтуучу курал катары кызмат кыла турган билдирүү кабыл алынат.

28.11.2023
Саламаттыкты сактоо министрлиги саламаттыкты сактоо уюмдарынын адистери үчүн финансылык менеджмент жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуу семинарларын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын 20-ноябрынан 24-ноябрына чейин республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана адистеринин квалификациясын жогорулатуу максатында, ошондой эле Саламаттыкты сактоону өркүндөтүү программасынын иш-чаралар планына ылайык Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапаты, финансылык менеджмент жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуу семинарлары өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик сатып алууларды пландаштыруу жана «1С: Бухгалтердик эсеп» программасы жаатында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу жана төлөмдөргө байланыштуу көрсөткүчтөр, тышкы аудиттин жыйынтыктары, БМСЖны каржылоо, салык салуу жана электрондук товардык транспорттук коштомо кагазын түзүү, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча маалымат алышты.

27.11.2023
  Баткен областынын алыскы сегиз айылынын жашоочуларын дарыгерлер акысыз текшеришти

 «Үй-бүлөнү пландоо кыргыз альянсы» КБ («ҮПКА» КБ) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (КР ССМ) менен биргеликте Улуу Британиянын Өкмөтүнүн жана БУУнун Кыргызстандагы Калк жайгаштыруу фондунун каржылык колдоосу астында “Баткендик аялдарды жана кыздарды комплекстүү колдоо” долбоорунун алкагында калкка энелик жана репродуктивдик ден соолукту коргоо боюнча медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында бир катар комплекстүү иш-чараларды өткөрүп жатат. 

2023-жылдын октябрь айында КР ССМ жана “ҮПКА” КБ Баткен областындагы чек арага жакын жайгашкан 8 айылына  мультидисциплинардык мобилдик клиникалардын барууларын уюштурушкан. 2023-жылдын  3-октябрынан 21-октябрына чейин онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УДИ-адистерден турган дарыгерлердин командасы Лейлек жана Баткен райондорунун алыскы айылдарындагы аялдарды жана өспүрүм кыздарды акысыз текшерип жана кеңеш беришкен. 

3-октябрдан 12-октябрга чейин мобилдик бригада Лейлек районунун 4 айылында: Интернационал, Кулунду, Ак-Суу  жана Катран айылдарында, ал эми 13нөн 21-октябрга чейин Баткен районунун 4 айылында: Ак-Татыр, Кок-Таш, Боз-Адыр, Ак-Турпак айылдарында болушту. 16 күндүн ичинде дарыгерлердин мультидисциплинардык командасы репродуктивдик курактагы 2086 аялды, өспүрүм кыздарды жана улгайгандарды текшерүүдөн өткөрүшүп, кеңеш беришти, ошондой эле муктаж болгондорду психологдорго консультация алуу үчүн жөнөтүштү. 

Мобилдик клиниканын кызматтарын алып, ыраазы болгон аялдар алардын айылдарына адистердин ушундай сапарларын көбүрөөк уюштуруп турууну өтүнүштү, анткени алар жер-жерлерде тар адистиктеги дарыгерлердин консультацияларын көп ала алышпайт. 

Кошумча медициналык текшерүүнү же болбосо адистердин консультацияларын талап кылган оорулар аныкталган учурда, дарыгерлер адистештирилген дарылоо мекемелерине сунуштамаларды беришти. Ошондой эле текшерүүнүн жыйынтыктары жер-жерлердеги саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине бейтаптарды андан ары көзөмөлдөө жана кароо үчүн өткөрүлүп берилди. 

Мобилдик клиниканын ишин жүзөгө ашырууга бардык кызыктар адамдар: жергиликтүү бийлик органдары, саламаттык сактоо уюмдары жана жарандык коомчулук тартылды, алар аялдардын жана кыздардын ден соолукка байланышкан кызматтардан пайдалануусун камсыздоо үчүн биримдикте иш алып барышты. 

24.11.2023
Республикадагы кызамык илдети боюнча кырдаал

Кыргыз Республикасындагы Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери кызамык менен ооруган 4484 учур аныкталган. Аймактар ​​боюнча алганда: Бишкек шаары – 1219 учур, Ош шаары – 349 учур, Ош облусу – 720 учур, Баткен облусу – 103 учур, Чүй облусу – 658 учур, Жалал-Абад облусу – 1208 учур, Талас облусу – 96 учур, Ысык-Көл облусу облусу – 76 учур, Нарын облусунда – 55 учур.

Кызамык вирусунун активдүү циркуляциясы Бишкек, Жалал-Абад жана Чүй облустарында байкалууда, бул жерде вирустун жугушу уюшкан топтордогу эмделбеген балдар арасында кездешүүдө. 

 

Кызамыктын очогун локализациялоо үчүн кызамыкка жана кызылчага каршы “толуктоочу” эмдөө кызамыкка каршы вакцина менен пландуу эмдөөнүн алкагында жүргүзүлүүдө, ошондой эле шаарларда кызамык жана кызамык оорусуна каршы кошумча эмдөө кампаниясы улантылууда. Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында 472476 бала эмдөө алды, бул 78%ды түзгөн. Жалал-Абад облусунда кызамык оорусу күчөгөнүнө байланыштуу уюшкан топтордогу балдарды кошумча эмдөө иштери башталды. Мындан тышкары, бардык курактагы байланыштагы адамдар 72 сааттын ичинде ыкчам түрдө эмдөөдөн өткөрүлөт.

 

Урматтуу ата-энелер!

 

Кызамык оорусу татаалдашуусу менен кооптуу. Балдарды коргоо силердин колдо, алардын 12 айындагы (КПК) жана 6 жашындагы (КПК ревакцинациясы), ошондой эле ҮМБ/ҮДТ/ФАПтарда 9 айдан 7 жашка чейинки кошумча эмдөө дозасын (КПК) алуусун камсыз кылыныздар. Эмдөө бекер.

 

24.11.2023
Бишкекте дагы бир мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды

Бүгүн, 24-ноябрда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районундагы №5 ҮМБнын №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун базасында уюштурулган “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты.

Министр өз сөзүндө №4 ҮДТда мамлекеттик дарыкананын ачылышы бул райондун калкынын сапаттуу дарыларга арзан баада жеткиликтүүлүгүн жакшыртаарын белгиледи.

«Тунгуч» кичи районундагы №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №4 ҮДТсу 25 миңден ашык калкты тейлесе, анын 10 664ү 14 жашка чейинки балдар.

23.11.2023
Сасык тумоо жана ОРВИ боюнча 20.11.2023-ж. карата маалымат

Ыкчам маалымат боюнча, үстүбүздөгү жылдын 46-жумасында (13.11-19.11.23) республика боюнча 4665 ОРВИ жана  клиникалык аныкталган сасык тумоонун 1 учуру  катталган. Өткөн жумага салыштырмалуу и.к. 63,3 (45-жумада и.к. 51,1), ОРВИ менен ооругандардын +23,9%га өсүүсү байкалууда. Бардык оорулардын 64,2%ы 14 жашка чейинки балдар (2869 учур). Отчеттук жумада COVID-19 инфекциясынын 1 учуру катталды.
       Аба-ырайынын муздашы менен грипптен башка да вирустук инфекциялар, мисалы, парагрипп, аденовирустар, респиратордук синтициалдык вирус, риновирус жана башкалар көбөйдү.
    ОРВИ жана сасык тумоо сыяктуу респиратордук инфекциялардын алдын алуу 2 типте жүргүзүлөт - спецификалык, б.а. эмдөө жана спецификалык эмес.
        Алдыдагы иш-чаралардын комплексин күчөтүү жана келе жаткан эпидемиялык мезгилде калк арасында ооруну турукташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоонун алдын алуу үчүн сасык тумоого каршы «Гриппол плюс» вакцинасынын 90 666 дозасын сатып алган.
        Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпысынан тобокел тобундагы 87110 жаран сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү. Бишкек шаарынан башка бардык аймактарда элди сасык тумоого каршы эмдөө иштери аяктады.
        Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарында эмдөө 7 жеке менчик медициналык борбордо (МК Малыш, Кроха, 312 поликлиника, МК «KG», ЦАДМИР, Интермедикал, Авиценна) акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлүүдө.
    ОРВИ сыяктуу респиратордук инфекциялардын алдын алуу үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо керек, мисалы:
- беткап кийүү режимин жана социалдык аралыкты сактоо;
- дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо - жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду бет аарчы менен жабуу жана андан кийин аларды туура жокко чыгаруу;
- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.).
- эгерде балада ОРВИ белгилери пайда болсо, ал айыкмайынча баланы мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жашаган жери боюнча дарыгерге кайрылыңыз;
-окуу, иштөө жана эс алуу режимин сактоо, таза абада көбүрөөк убакыт өткөрүү, жетиштүү уктап, туура тамактануу;
- эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо.
Республикада сасык тумоо, ОРВИ жана COVID-19 менен ооругандардын саны боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жана баалоо улантылууда.

23.11.2023
Саламаттыкты сактоо министри ЖХжОТИИнин жетекчилиги менен балдар кардиохирургиясынын абалын талкуулады

Бүгүн, 2023-жылдын 23-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда болуп, институттун жетекчилиги менен балдардын кардиохирургиясынын абалын талкуулады.

Институттун жетекчилиги Кубатбек Урманбетов министрге 23-ноябрга карата тубаса жүрөк кемтиги менен ооруган 21 бала ооруканада дарыланып жатканын, алардын бардыгы пландуу операцияларды күтүп жатканын билдирди. Операциялар бир күн да токтобойт, медициналык жардамды компетенттүү балдар кардиохирургдары көрсөтөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр балдардын абалын эске алуу жана баалоо менен балдардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жүрөк оорулары менен жабыркаганбалдарга пландалган операцияларды жүргүзүү, бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү жана балдардын операциясын катуу көзөмөлгө алуу тапшырмаларын берди.

22.11.2023
Бишкекте Кыргызстандын кесиптик медициналык ассоциацияларынын биринчи форуму өттү

2023-жылдын 22-ноябрында Бишкекте Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз медициналык ассоциациясы тарабынан уюштурулган форумда Кыргыз Республикасында кесиптик медициналык ассоциацияларды өнүктүрүүнүн чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

 

Форум негизги чечимдерди кабыл алуучуларга саламаттыкты сактоонун кадрдык камсыздоо чөйрөсүндөгү актуалдуу чакырыктар жана көйгөйлөр тууралуу маалымат берүү, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулоо жана саламаттыкты сактоо системасында кесиптик ассоциациялардын ролун күчөтүү максатында уюштурулган.

 

Форумга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү д-р Ливиу Ведраско, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер, медициналык кесиптик коомдук уюмдар, дарыгерлер катышып, Казакстандын жана Өзбекстандын улуттук кесиптик бирикмелеринин жетекчилери форумдун ардактуу коноктору болушту.

 

Иш-чара Казакстан жана Өзбекстандын улуттук кесиптик медициналык ассоциациялары менен аймактык кызматташтыкты түзүүгө мүмкүндүк берет.

 

Форум Швейцариянын «Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүүнү реформалоо» долбоору (MER Project) менен тыгыз кызматташтыкта ​​уюштурулган. Долбоордун үчүнчү фазасы медициналык билим берүүнү реформалоону андан ары өнүктүрүү үчүн медициналык адистердин потенциалын жана сапатын жогорулатууга багытталган, анын ичинде кесиптик медициналык ассоциацияларды жана алардын медициналык билим берүүдөгү ролун, ошондой эле алардын мүчөлөрүнүн – Кыргызстандагы саламаттык сактоо тармагынынадистеринин“үнү” катары чыңдоо.

22.11.2023
Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкектин 33 жаштагы тургуну үч эм, эки кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келди. Ымыркайлар кош бойлуулуктун 36-жумасында кесарево жолу менен төрөлүшкөн.

Ымыркайлардын төрөлгөндөгү салмагы 3кг 10 грамм, 2кг 345 грамм жана 2 кг 45 гр болгон. Эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу.
 

 #үчэм #балабакыт

21.11.2023
Бишкекте жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча пресс-кафе өттү

2020-жылдын 17-ноябрында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жатын моюнчасынын рагын жок кылуу боюнча глобалдык стратегиясы кабыл алынган.

Кыргызстанда 17-ноябрдан тарта жатын моюнчасынын рагы тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу айлыгы башталды. Анын алкагында 2023-жылдын 20-ноябрында Бишкекте жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча пресс-кафе болуп өттү.

Жолугушууда катышуучулар жатын моюнчасынын жана эмчек рагы сыяктуу аялдардын ден соолугунун көйгөйлөрүн азайтуу боюнча учурдагы саясатты жана 2022-2030-жылдарга жатын моюнчасынын рагын жоюуну тездетүү боюнча максаттарды талкуулашты:

  • 90% 15 жашка чейинки кыздарды АПВга каршы эмдөөдөн өткөрүү
  • 70% 35 жаштагы аялдарды скринингден өткөрүп ооруну эрте аныктоо жана бул текшерүүнү 45 жашында кайрадан кайталап жүргүзүү
  • 90% дарт аныкталган аялдарды көзөмөлгө алып эрте дарылоону баштоо.

 

Иш-чарага КР ЖК депутаты, ЖКнын социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, КР Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Р.Асылбашева, ДССУнун улуттук кызматкери А.Алтымышева, Улуттук Онкология жана гематология борборунун директору Б.Султангазиева, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Б.Шамырканова катышып журналисттердин суроолоруна жооп беришти.   

Аялдар үй-бүлөдө жана коомдо маанилүү роль ойнойт, ошондуктан аялдардын ден соолугуна артыкчылык берүү жеке бакубаттуулукка гана эмес, бүтүндөй коомдун чыңдалышына өбөлгө түзөт.

Профилдик адистер эрте диагноз коюунун маанилүүлүгү жөнүндө токтолуп, рак ооруларынын ичинен бир гана жатын моюнчасынын жана сүт безинин рагын эмдөөнүн жардамы менен алдын алууга жана аны менен аялдын өмүрүн узартууга болорун айтып, элге маалымат жеткирүүдө журналисттердин салымы чоң экенин белгилешти. Ушул максатта биргеликте иш алып барууну талкуулашты.

Саламаттык сактоо министрлинин башкы адиси белгилегендей, жатын моюнчасынын рагы аялдардын рак ооруларынын арасында сүт безинин рагынан кийинки экинчи орунда турат.

«Тилекке каршы, бейтаптар медициналык жардамга өтө кеч, процессти токтотуу мүмкүн эмес болуп калган үчүнчү жана төртүнчү даражасында кайрылышат. Дарыгерлер бейтаптардын өмүрүн узартууга аракет кылышат. Бирок, жалгыз саламаттыкты сактоо системасынын аракети жетишсиз. Ар бир аял 45 жаштан кийин пландуу текшерүүдөн өтүп, оорунун алдын алуу үчүн гинекологдун көзөмөлүндө болушу керек», - деди Раиса Асылбашева.

 

Жыйындын жүрүшүндө, 17-ноябрда жарыяланган жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча Бирюза түстүү ноябрдын алкагында КР ЖКнын социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаевага ДССУнун “Жатын моюнчасы жана сүт безинин рагына каршы күрөшүү боюнча ыктыярдуу элчиси” сертификаты тапшырылды.

 

Өз сөзүндө ЖКнын социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, айымдарыбыз убагында керектүү изилдөөлөрдөн өтүп турушса бул дагы чоң жетишкендик болоорун белгилеп, өспүрүм кыздарды АПВга каршы эмдөөдөн өткөрүү дагы ооруну алдын-алуунун бирден-бир жолу болорун айтты. Ошондой эле бул ишке колдоо көрсөтүп мындан ары да өз көзөмөлүнө аларын кошумчалады.

06.11.2023
6-ноябрдан тарта дүйнө жүзү боюнча Фармакотерапиянын коопсуздугу жумалыгы MedSafetyWeek – 2023 өтүүдө

Бул жылы 80ден ашык өлкөнүн улуттук жөнгө салуучу органдары сегизинчи жыл катары менен ДССУнун Уппсала дары-дармектердин коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү борборунун (UMC) колдоосу астында, дары-дармектерге байланыштуу байкалган терс реакциялар жөнүндө билдирүүлөрдү көбөйтүүгө багытталган маалыматтык кампанияны колдоп жатышат.

Кампаниянын урааны "Ким билдире алат?" жана ар бир бейтаптын, дарыгердин, медайымдын жана фармацевттин терс таасирлерди билдирүүдө жана дары-дармектерди коопсуз колдонууга көмөктөшүүдөгү негизги ролуна көңүл бурат. Мүмкүн болуучу терс реакцияны так дифференциациялоо, аны туура каттоо жана көзөмөл органына билдирүү өтө маанилүү.

Дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна мониторинг жүргүзүүнүн максаты буга чейин белгилүү болгон терс реакциялар жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу, ошондой эле жаңы терс реакцияларды аныктоо болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти ар бир жаранды дары-дармекке болгон терс реакциялар тууралуу билдирүүнү департаменттин http://www.pharm.kg  сайты аркылуу же шыр байланыш телефону аркылуу 0800 800 26 26 (Чалуу акысыз) билдирүү менен дары-дармектердин коопсуздугун камсыздоого салым кошууга чакырат.

18.11.2023
КР Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы Бишкек шаарында лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык мекемени аныктады

2023-жылдын 16-17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы тарабынан Бишкек шаарында мыйзамсыз түрдө медициналык иш-аракеттерди (косметологиялык процедуралар) жүргүзгөн сулуулук салондоруна/кеңселерге текшерүү жүргүзүлдү.

  Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык салон/кеңсе аныкталып, 84 000 сом айып пул салынды.

  Аталган косметология мекемелери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы жок иштеп, тиешелүү уруксаат кагаздары жок мыйзамсыз иш-аракеттерди, мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенип, медициналык манипуляцияларды жана хирургиялык кийлигишүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Калктын саламаттыгын сактоо, ошондой эле сапатсыз медициналык жардамды болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы бар жеке медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.

Аталган кызматтарды көрсөтүү менен медициналык ишмердүүлүккө лицензиясы бар жеке медициналык уюмдардын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтынын “Медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо” бөлүмүнөн төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот https://med.kg/lisenzirovanie.

17.11.2023
Кыргызстанда Ара төрөлгөн наристелер күнү белгиленүүдө

2023-жылдын 17-ноябрында Ара төрөлгөн наристелердин күнүнө карата Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн наристелердин күнү Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 8-ирет белгиленүүдө. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана ара төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүнөн акыркы 10-15 жыл ичинде мөөнөтүнөн мурда жана өтө аз салмак менен ара  төрөлгөн балдар чакырылат.

Жыл сайын дүйнөдө жаңы төрөлгөн ымыркайлардын 6-8% ара төрөлсө, Кыргызстанда жылына 10-12 миңдей ымыркай айына жетпей төрөлөт. «Көп сандагы ара төрөлгөн ымыркайлардын дени сак жана толук кандуу эле эмес, чыгаан инсан болуп чоңойгондугун билүү абдан маанилүү. Көптөгөн көрүнүктүү инсандар мезгилинен эрте төрөлүп, жашоодогу оор башталыштарына карабастан укмуштуудай ийгиликтерге жетишти», - деп белгилешет адистер.

2004-жылы Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) тарабынан сунушталган жаңы төрөлгөн ымыркайларды каттоонун критерийлерине толугу менен өткөн, ага ылайык, кош бойлуулуктун 22-жумасынан кийин дене салмагы 500 граммдан жогору болуп төрөлгөн ымыркайлар катталат.

17.11.2023
Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосунда саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык чыңдалууда

Бүгүн, 17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук кардиология жана терапия борборунда болуп, анда бекер операцияларды жасоо боюнча бир жумалык кайрымдуулук акциясынын жыйынтыгы чыгарылды.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда бир жуманын ичинде жасалма кан айландыруу шартында 14 бейтаптын жүрөгүнө ачык операциялар жасалды, анын ичинде 12 бейтапка жүрөк клапандары алмаштырылды. Эки бейтапка митралдык клапанга, дагы эки бейтапка жүрөктүн септалдык кемтигине операция жасалды. Ошондой эле, 31 бейтапка коронарография жасалып, анын ичинен 15 бейтапка коронардык артериясы кеңейтилип, 17 стент коюлган.

М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда жүрөктүн коронардык оорусу менен жабыркаган 90 бейтаптын оору тарыхчасы боюнча талкуу жүргүзүлүп, бейтаптардын мурда жасалган коронарографиясы боюнча бардык маалыматтар каралып чыкты. Жыйынтыгында 51 бейтаптын коронардык артерияларына интервенциялык процедуралар (транслюминалдык ангиопластика жана стенттештирүү) жасалган. Бейтаптарга 62 стент коюлду.

Бардык операциялар жана интервенциялык процедуралар Сауд Аравиясынан келген дарыгерлердин жана кыргызстандык адистердин катышуусунда өттү.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Аравиясынан келген адистерге элдин саламаттыгын сактоого кошкон баалуу салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосунда көптөгөн тармактарда абдан тыгыз кызматташтык бар экенин, активдүү тармактардын бири саламаттык сактоо тармагы экенин баса белгиледи. «Бул иш-чаранын аркасында 80ден ашуун бейтап текшерүүдөн өтүп, дарыланууга мүмкүнчүлүк алды. Иш-чара ошондой эле эки өлкөнүн адистеринин тажрыйба алмашуусу үчүн жакшы аянтча болду. Ошондой эле октябрь айынын аягында Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы элчиси Ибрахим бин ради Аль-Ради мырза менен болгон жолугушууда аймактарга 10 фельдшердик-акушердик пункттун курулушу, ошондой эле көп тармактуу клиника куруу мүмкүнчүлүгү талкууланган. Андыктан биздин кызматташуубуз мындан ары да уланат жана жемиштүү болот деп ойлойм», - деди министр.

Эске салсак, 10-ноябрда Кыргызстанга Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту жана Кардиология жана терапия улуттук борборунун базасында акысыз операцияларды жүргүзүү үчүн Король Салман атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору аркылуу Сауд Аравия Королдугунан 30 хирург келген.

17.11.2023
Капиталдык оңдоодон кийин №1 Шаардык клиникалык оорукананын эндокринология бөлүмү ачылды

Бүгүн, 2023-жылдын 17-ноябрында Бишкек шаарындагы №1 Шаардык клиникалык ооруканасында 40 орундуу эндокринология бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоодон кийин ачылды.

Иш-чарага КРнын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалай Сариев, оорукананын жетекчилиги жана кызматкерлери жана башкалар катышышты.

№1 Шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мусаев бул бөлүмдүн имаратында курулгандан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөндүгүн белгиледи. Капиталдык оңдоо иштери шаардын эсебинен, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 12 миллион сомдон ашык суммага жүргүзүлгөн. Имараттын чатыры жана фасады толугу менен жаңыланып, сантехника, жылытуу системалары алмаштырылды.

Министр бейтаптарды дарылоого шарт түзүү калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жардам берерин баса белгиледи. «Бишкекте эки гана саламаттык сактоо мекемесинде эндокринологиялык ооруларды дарылоо боюнча адистештирилген бөлүм бар. Ал эми алардын бири бул жерде, №1 Шаардык клиникалык оорукананын базасында. Бул бөлүмдө жыл сайын миңден ашык бейтап тажрыйбалуу адистердин аркасы менен дарыланып чыгат. Оорукананын тажрыйбалуу жетекчисине жана ынтымактуу жамаатына ийгилик жана ден соолук каалайм”,-деди КРнын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Муну менен катар №1 Шаардык клиникалык ооруканага тез жардам унаасы бөлүнүп, КТ аппаратын орнотуу мүмкүнчүлүгү карала турганын кошумчалады.

16.11.2023
Улуттук онкология жана гематология борборунда маммология бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өттү

Эмчек рагы менен ооруган аялдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Улуттук онкология жана гематология борборунда 30 койкалуу жаңыланган маммология бөлүмү ачылды.

Бул хирургиялык бөлүмдөгү аялдар бөлмөлөрүндө бейтаптардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн бардык зарыл шарттар бар, ар бир бөлмөдө жуунучу бөлмөлөр, жекече кам көрүү жана операциядан кийин аялдар үчүн коопсуз шарттар түзүлгөн.

Белгилей кетсек, бул бөлүм бейтаптарды психологиялык жактан колдоого да көңүл бурат. Дарыгерлер жана медайымдар бул оор мезгилде ар бир аял өзүн маанилүү жана колдоого алынганын сезишине ынанышат.

 


 


 

16.11.2023
ДССУнун Европа регионалдык бюросунун регионалдык директору, доктор Ханс Клюге Ак-Ордо жаңы конушундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барды

«Мени Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин тырышчаактыгы жана аракетчилдиги абдан таң калтырды, алар адамдарга жардам берип, кам көрүп, эмдөө аркылуу балдар менен чоңдорду ар кандай оорулардан коргоп жатышат. Бүгүн Бишкектин тургундары эмдөөдөн өтүп жатканын көрүп абдан кубандым. Эмдөө көптөгөн жугуштуу оорулардан коргонуунун жөнөкөй, коопсуз жана эффективдүү жолу экенин эстен чыгарбоо керек», - деп белгиледи өз сөзүндө ДССУнун Европа регионалдык бюросунун аймактык директору, доктор Ханс Клюге КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана  ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско менен биргелешкен көчмө иш сапарынын жүрүшүндө.
Коноктор бүгүн Ак-Ордо жаңы конушундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып, баштапкы деңгээлдеги коомдук саламаттык сактоонун кызматынын иши менен таанышышты.
Өз кезегинде Ак-Ордо үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медицина кызматкерлери конокторго күнүмдүк иштери, ошондой эле кызамыкка каршы эмдөө боюнча иш-чаралар тууралуу айтып беришти. Коноктор ата-энелер жана балдар менен баарлашып, жалпысынан Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун деңгээлинде медициналык кызмат көрсөтүүлөр тууралуу, тактап айтканда, эмдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү талкуулашты. Сапардын жүрүшүндө Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова ДССУ менен кызматташуу тууралуу жана 2023-жылдын сентябрынан тарта бир катар аймактарда кызамык оорусуна жооп катары демилгеленген эмдөө өнөктүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө кеңири айтып берди.
«Кыргыз Республикасынын улуттук эмдөө программасынын маанилүү кадамы Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда эмделбеген балдардын жана шаардык мигранттардын эмдөөгө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо болду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан колдоого алынган мыйзамдарга талдоо жүргүзүү ички мигранттардын балдарына улуттук календарга ылайык эмдөөлөрдү өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылуу менен жашаган жери боюнча эмдөөгө уруксат берүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө алып келди», - деди Бүбүжан Арыкбаева, КР Саламаттык сактоо министринин орун басары.