Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

17

04

2024

Бишкекте Кыргызстандын кургак учукка каршы күрөшүү кызматындагы комплекстүү реформалардын жетишкендиктери жана туруктуулугу талкууланды

17.04.2024

Саламаттык сактоо министри Талас облусундагы көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапаты менен таанышты

16.04.2024

Кенелер ойгонду

09.10.2023
Мобилдик клиника Баткен областынын чек арадагы райондоруна жөнөп кетти

2023-жылдын 3-октябрынан 12-октябрына чейин онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УДИ-адистен турган медицина кызматкерлеринин мультидисциплинардык командасы Лейлек районундагы аялдарга жана өспүрүм кыздарга акысыз кеп-кеңеш беришет жана текшеришет. Ал эми 13-21-октябрга чейин мобилдик клиника Баткен районунун алыскы айылдарына барат.  

Жылдын башында «Үй-бүлөнү пландоо кыргыз альянсы» коомдук уюму Улуу Британиянын Өкмөтүнүн жана БУУнун Калк жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) техникалык колдоосу астында мамлекеттик жана улуттук өнөктөштөр менен биргеликте клиниканын аялдар жана өспүрүм кыздар үчүн энелик, репродуктивдик ден соолук жаатындагы кызматтарын көрсөтүү үчүн иш-сапарларын уюштурган. Мобилдик клиниканын иши  “Баткендин аялдарын жана кыздарын комплекстүү колдоо” долбоорунун алкагында уюштурулган болчу. 2023-жылдын февраль айынан март айына чейин мобилдик клиника Баткен областынан айылдарында болду жана 17 күндүн ичинде дарыгерлердин командасы 2800дөн ашуун аялга жана өспүрүм кыздарга акысыз кеп-кеңештерди берди жана текшерди. Иштин жыйынтыгы боюнча, чек арадагы айылдардын жашоочулары областтын алыскы айылдарына адистердин ушундай иш-сапарларын үзгүлтүксүз уюштуруп турууну өтүнүштү. 

2023-жылдын октябрь айында Баткен областында аялдар жана өспүрүм кыздарга медициналык адистердин кеп-кеңештерин, алыскы айылдардын медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууну,  гендердик зомбулук жана репродуктивдик ден соолук көйгөйлөрүн чечүүдө калктын позитивдүү социалдык жана гендердик ченемдер тууралуу маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтык сессияларды камтыган комплекстүү иш-чаралары башталган. 

Мобилдик клиника эки жумадан ашуун убакыт Лейлек жана Баткен райондорунун чек арадагы 8 айылында болуп келмекчи. Дарыгерлер кыйла сапаттуу жана натыйжалуу иш жүргүзүү үчүн ар бир айылга бир нече күндөн токтошот. 

Долбоордун алкагында Лейлек районунун айылдарына мобилдик клиниканын сапарлары уюштурулмакчы, алар: Интернационал, Кулунду, Ак-Суу жана Катран айылдары.

Мобилдик клиниканын Лейлек районундагы сапарларынын графиги

  1. 03-04-октябрь 2023-ж. - Кулунду а/ө- Интернационал айылы – “40 лет Кыргызстана” ат. ОМ (орто мектеп)
  2. 05-06-октябрь 2023-ж. - Кулунду а/ө- Кулунду айылы – Кулунду ЖДПБ
  3. 09-10 октябрь 2023-ж. – Ак-Суу а/ө- Ак-Суу айылы – Ак-Суу ОМ
  4. 11-12-октябрь 2023-ж. – Катран а/ө- Катран айылы – Ата-Журт аянты

Баткен районунда мобилдик клиника: Ак-Татыр, Көк-Таш, Боз-Адыр жана Ак-Турпак айылдарына барат.

Мобилдик клиниканын Баткен районундагы сапарларынын графиги

  1. 13-14-октябрь 2023-ж. – Ак-Татыр а/ө - Ак-Татыр айылы – Ак-Татыр ОМ
  2. 16 -17-октябрь 2023-ж. – Ак-Сай а/ө - Кок-Таш айылы – Көк-Таш ОМ
  3. 18-19-октябрь 2023-ж. – Суу-Башы а/ө - Боз-Адыр айылы – Боз-Адыр гимназиясы
  4. 20-21-октябрь 2023-ж. – Торт-Гул а/ө - Ак-Турпак айылы –№12 ҮДТ

Кошумча медициналык текшерүүнү же болбосо адистердин кеп-кеңешин талап кылган оорулар аныкталган учурда, дарыгерлер адистештирилген дарылоо мекемелерине жолдомо беришет. Ошондой эле көчмө клиниканын ишинин жыйынтыгы боюнча натыйжалар андан ары байкоо жүргүзүү жана бейтаптарды кароо үчүн жер-жерлердеги саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине берилет. 

Долбоордун иш-чараларын «Үй-бүлөнү пландоо кыргыз альянсы» коомдук уюму Эл аралык өнүктүрүү үчүн Улуу Британиянын Өкмөтүнүн жана Кыргызстандагы БУУнун Калк жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) каржылык колдоосу астында ишке ашырып жатат. 

 

07.10.2023
Министр боорду алмаштыруунун актуалдуу маселелерине арналган конференцияга катышты

6-октябрда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Боорду трансплантациялоонун актуалдуу маселелери» деген темадагы конференцияга катышты. Конференция Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өттү. 

Министр өз сөзүндө мындай иш-чаралар ар кайсы мекемелердин жана өлкөлөрдүн адистерине жана илимпоздоруна боорду трансплантациялоо жаатында тажрыйба, акыркы изилдөөлөр жана алдыңкы тажрыйбалар менен алмашууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи. Бейтаптарды тейлөөнү жакшыртууга, келечекте кызматташуу жана маалымат алмашуу үчүн маанилүү болгон кесипкөй байланыштарды түзүүгө, адистердин билим алмашуусуна салым кошот. Боорду трансплантациялоо боюнча талкуулар медицинанын бул маанилүү тармагын өнүктүрүүдө жана бейтаптарды тейлөөнү жакшыртууда негизги ролду ойнойт.

07.10.2023
КММАда “Педиатрия муундардын кесилишинде” эл аралык конгресси өтүүдө

2023-жылдын 6-октябрында И.К.Ахунбаев атындагы Медициналык академиясында көрүнүктүү педиатрлардын жаркын элесине арналган: медицина илимдеринин доктору, профессор Татьяна Ивановна Покровскаянын 100 жылдыгына, медицина илимдеринин доктору, профессор Кенжебай Кожоназарович Кожоназаровдун 90 жылдыгы, медицина илимдеринин доктору, профессор Болот Ишенбаевич Абдылдаевдин 70 жылдык мааракесине арналган “Педиатрия муундардын кесилишинде” эл аралык конгрессинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Конгрессти Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев куттуктоо сөзү менен ачып, бул иш-чара жаш балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшө ала турган олуттуу илимий-билим берүүчү иш чара экенин белгиледи.

Өз кезегинде университеттин ректору, профессор Индира Кудайбергенова конференциянын катышуучуларына жана конокторуна жемиштүү талкууларды каалап, Түркиядан келген профессорлор Ибрагим Алиосмоноглу, Рана Олгунтүрк, Седеф Тунаоглу жана профессор Бактыбек Кожоназаровго «КММАнын ардактуу профессору» наамын ыйгаруу сертификатын тапшырды.

Конференцияга республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, медициналык университеттеринин өкүлдөрү, ординаторлор жана аспиранттар катышууда. Лекторлор жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн: Россиядан, Түркиядан, Германиядан, Грузиядан катышууда.

Белгилей кетсек, Эл аралык конгресстин алкагында 27-29-сентябрда “Педиатрия муундардын кесилишинде” аттуу жаш окумуштуулардын жана студенттердин эл аралык илимий-практикалык конференциясы жана педиатрия боюнча “Педиатрлардын оюндары” эл аралык олимпиадасы өткөрүлдү.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 7-8-октябрында педиатрия тарыхында биринчи жолу Ысык-Көлдүн жээгинде мектеп секцияларында педиатриянын 5 актуалдуу багыттары каралат: педиатрия маселелери, неврология, кардиология, эндокринология, гастроэнтерология.

06.10.2023
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын дерматовенеролог жана косметологдорунун III Эл аралык конгресси өтүүдө

2023-жылдын 6-7-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын дерматовенеролог жана косметологдорунун III Эл аралык конгресси өтүүдө. Конгресстин ишине 250гө жакын адам, чет мамлекеттердин алдыңкы окумуштуулары жана адистери, Кыргыз Республикасынын дерматовенерологдору, дерматокосметологдору жана лаборанттары катышууда.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын дерматовенерологиялык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган дерматовенеролог жана косметологдордун 3-эл аралык конгрессинин делегаттарын куттуктады. «Конгресс дерматовенеролог жана косметологдор үчүн гана эмес, КР Саламаттык сактоо министрлиги үчүн да маанилүү. Ал дерматовенерологиялык кызматтын көйгөйлөрүн аныктоого жана эң актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берет. Конгрессти өткөрүү –өлкөнүн калкынын ден соолугун коргоо жана чыңдоого багытталган дерматовенерологиялык кызматтын мындан аркы өнүгүшүнө жана чыңдалышына олуттуу салым кошот деп ишенем», - деп баса белгиледи өз сөзүндө министр.

Конгресстин жүрүшүндө дерматовенерологиялык кызматтын көп жылдык ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтери жана жетишкендиктери, ошондой эле кызматтын негизги багыттары жана Кыргыз Республикасынын калкына жогорку сапаттагы тери-венерологиялык жардам көрсөтүү иштеринин мындан аркы пландары белгиленди.

Ардактуу коноктор Эл аралык конгресс дерматовенерологиялык кызматтын өнүгүү келечегин талкуулоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгилешти.

Россия Федерациясынан, Казакстан Республикасынан, Өзбекстан Республикасынан, Польшадан алдыңкы окумуштуулар менен адистердин келиши иш-чарага өзгөчө маани берди.

Конгресстин илимий программасына азыркы кездеги дерматовенерологияны жана косметологияны енуктуруунун эң актуалдуу маселелери камтылган.

Конгресстин жүрүшүндө аллергиялык дерматоздорду, витилигону, безеткилерди, микоздорду, алопецияны, пигментацияны дарылоонун заманбап ыкмалары боюнча докладдар угулуп, кызыктуу клиникалык учурлар талданат.

Конгресстин салтанаттуу аземинде көп жылдык ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү, өз кесибине берилгендиги үчүн тери-венерологиялык кызматтын көптөгөн адистери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана башка ведомстволордун Ардак грамоталары менен сыйланышат.

Ошондой эле чет өлкөлөрдөн келген ардактуу спикерлерге Кыргыз Республикасынын дерматовенерологдор жана косметологдор ассоциациясынын ардактуу мүчөсү деген дипломдор салтанаттуу түрдө тапшырылат.

05.10.2023
Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйү 250 орунга көбөйтүлөт

Энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Кош бойлуу аялдарга жана төрөгөн аялдарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 4-октябрындагы буйругуна ылайык, башка багытта колдонууга өтүп кеткен Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн имараттарынын бири кайра кайтарылат. Буга чейин стационардын ал имаратында С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институтунун түштүк филиалы жайгашкан.

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жетекчилиги Шаятбек Абдурхмановдун айтымында, жыл сайын шаардык клиникалык оорукананын төрөт үйүнө кайрылгандардын саны көбөйүп, Ош шаарынын кош бойлуу жана төрөгөн аялдар үчүн керебеттердин жетишсиздиги кескин байкалууда. «Биздин төрөт үйүбүз Ош шаарынын гана эмес, Ош облусунун тургундарын да кабыл алат. Биздин 185 орундуу төрөт үйүбүздө 2020-ж. 10 672, 2021-жылы - 11 982, 2022-жылы - 13 041, ал эми 2023-жылдын 6 айында 9 229 төрөт катталган», - деп белгиледи Шаятбек Абдурахманов.

Мындай чечим Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгында кабыл алынганын белгилейбиз, анда түштүк борбордун жашоочулары менен жолугушууда кош бойлуу аялдар үчүн орундарды көбөйтүү маселесин кароо өтүнүчү айтылган. Имарат бошотулгандан кийин төрөт үйүндөгү керебеттердин саны 250 орунга чейин көбөйөт. ОШКОнун директоруна кошумча керебеттерди уюштуруу иштерин тез арада жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Кошумчалай кетсек С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун түштүк филиалы Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жатаканасынын имаратына көчүрүлөт.

04.10.2023
Азия өнүктүрүү банкынын30 миллион АКШ долларлык долбоору лабораториялык диагностикада саламаттык сактоо системасынын потенциалын чыңдоого жардам берет

2023-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар АӨБнын Кыргыз Республикасы менен 2023-2027-жылдарга өнөктөштүк стратегиясынын алкагындагы саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

2022-жылы АӨБ өлкөнүн саламаттык сактоо инфраструктурасын чыңдоо жана жугуштуу ооруларга туруктуулугун жогорулатуу үчүн 30 миллион АКШ долларын бөлгөн. АӨБнын 20 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү грантын жана 10 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген насыяны камтыган “Региондук саламаттык сактоо коопсуздугун чыңдоо” долбоорунун алкагында Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарындазаманбап, коопсуздук стандарттарына ылайык модернизацияланган жана жабдылган алты лаборатория жана 11 клиникалык диагностикалык түзүмдөр уюштурулат. Мындан тышкары лаборатория кызматкерлери окутуудан өтүшөт.

Алымкадыр Бейшеналиев АӨБга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, долбоордун өлкө үчүн тез арада ишке ашырылышы маанилүү экенин баса белгиледи, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин Стратегиялык пландоо башкармалыгына долбоорду ишке ашырууну тез арада баштоону тапшырды.

04.10.2023
КР Саламаттык сактоо министри Улуттук хирургия борборуна барып, маалыматтык системаны саламаттык сактоо системасынын бирдиктүү санариптик схемасына интеграциялоо боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды

2023-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборуна пландан тышкаркы текшерүү менен барып, Борбордо ишке ашырылып жаткан электрондук саламаттык сактоонун иши менен таанышты. 

Белгилей кетсек, Улуттук хирургия борбору 2017-жылы эле электрондук документ жүгүртүүгө өткөн. Учурда борбордогу бардык медициналык документтер кагазсыз башкарууга өттү.

Ал жыйын өткөрүп, борбордун кызматкерлерин угуп, медициналык кызматкерлер менен, кабыл алуу бөлүмүндөгү бейтаптар менен баарлашты. Бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Маалыматты уккандан кийин министр маалыматтардын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо үчүн маалыматтык системаны саламаттык сактоо системасынын бирдиктүү санариптик схемасына интеграциялоо боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

03.10.2023
ДССУнун Европа аймактык бюросу Кыргызстандагы вакцинаны башкарууну жакшыртууга болгон иш-аракеттерди колдойт

2023-жылдын 25-сентябрынан 29-сентябрына чейин ДССУнун Европа аймактык бюросунун миссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги мурда өткөрүлгөн Вакциналарды натыйжалуу башкаруусун баалоонун негизинде үзгүлтүксүз өркүндөтүү планын иштеп чыгууда техникалык колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстанга келишти.

Миссиянын негизги максаты – калкка вакциналардын ишенимдүүлүгүн, сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо өлкөгө колдоо көрсөтүү.

Үзгүлтүксүз өркүндөтүү планы муздак чынжырдын жабдууларын, операцияларын, башкарууну, мониторингди жана вакциналарды жеткирүү чынжырын көзөмөлдөөнү оптималдаштыруу үчүн үзгүлтүксүз процессти камсыз кылат.

Планды иштеп чыгуунун жүрүшүндө конкреттүү милдеттер талкууланды:

• муздак чынжыр системасын өнүктүрүү контекстинин негизги аспектилерин талдоо, анын ичинде саясаттарды, стратегияларды жана эмдөө программасына таасир бере турчу өнөктөштөрдү колдоо;

• жакшыртууну талап кылган багыттарды кароо, аныкталган кемчиликтерди талдоо жана жакшыртуу үчүн максаттуу багыттарды аныктоо;

• артыкчылыктуу иш-чаралар жана аларды ишке ашырууга чыгымдарды, жооптуу структураларды жана мөөнөттөрдү аныктоо, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу;

• пландаштырылган иш-чаралардын жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн индикаторлорду талкуулоо жана макулдашуу.

Бул миссиянын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине вакциналарды эффективдүү башкарууну жакшыртуу боюнча алдын ала план берилген. 

Эске сала кетсек, 2022-жылдын августунда республикада вакциналарды эффективдүү башкаруу боюнча эл аралык-улуттук баалоо жүргүзүлгөн. Бул баалоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 7 өлкөнүн эл аралык эксперттердин катышуусу менен жүргүзүлүп, ар бир 3-5 жылда вакциналардын эффективдүү башкаруусу боюнча баалоо жүргүзүлөт. Мындай баалоо бардык өлкөлөрдө жүргүзүлөт жана баалоонун жыйынтыгы боюнча эмдөө программасында муздак чынжырды жакшыртуу планы иштелип чыгат.

03.10.2023
Саламаттык сактоо министрлигинин, департаменттердин жана саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери имараттардан окуу эвакуацияларын өткөрүштү

Бүгүн, 2023-жылдын 3-октябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, ошондой эле республиканын бардык аймагындагы саламаттык сактоо уюмдарынын жана Департаменттердин кызматкерлери жарандардын кырсыктардын тобокелин азайтуу чаралары боюнча билимин, жана көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча жалпы республикалык машыгууга катышты.

Машыгуунун алкагында саат 10.00до сиренанын үнү угулуп, анын жүрүшүндө Министрликтин, департаменттердин жана саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери имараттардан окуу эвакуацияларын өткөрүштү.

Коңгуроо тарбиялык мүнөздө болуп, жыл сайын 5-октябрда Кыргыз Республикасында белгиленүүчү “Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнүн” алкагында уюштурулду.

03.10.2023
Министр жетекчилерге 2 айдын ичинде санариптик амбулатордук картага өтүү үчүн бардык чараларды көрүп, шарттарды түзүүнү тапшырды

2023-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери менен Саламаттык сактоо министрлигинин санарип амбулатордук картаны ишке киргизүү боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөп кеңешме өткөрдү.

Министр медициналык документтерди кагазсыз жүргүзүүгө толук өткөзүү жана бейтаптар менен медицина кызматкерлерине ыңгайлуулук түзүү зарылдыгын белгиледи.

Маалыматты уккан соң министр жетекчилерге 2 айдын ичинде санариптик амбулатордук картага өтүү үчүн бардык чараларды көрүп, шарттарды түзүүнү тапшырды.

02.10.2023
В центре общей медицинской практики Кадамжайского района Баткенской области был открыт четвертый центр компьютерной томографии

28 сентября 2023 года в рамках проекта "Государственное частное партнерство" (ГЧП) в центре общей медицинской практики Кадамжайского района Баткенской области был открыт четвертый центр компьютерной томографии. На открытии присутствовали Министр здравоохранения Кыргызской Республики Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович и аким Кадамжайского района Шакиров Кутпидин Абдырахманович. В Кадамжайском районе проживает 25 000 человек, и ранее им приходилось обращаться за услугами компьютерной томографии в другие города, такие как Ош и Бишкек.

В рамках проекта ГЧП был проведен капитальный ремонт и оборудованы помещения в организациях здравоохранения Кыргызской Республики. Были установлены современные аппараты компьютерной томографии с медицинским оборудованием компании Neusoft Medical Systems последних образцов. Ранее уже были открыты три таких центра: два в городе Бишкек и один в городе Балыкчы.

Стоимость услуг в новом центре будет ниже, чем в частных клиниках. Общий объем инвестиций составил 5 миллионов долларов США, и проект будет реализован в течение 15 лет при участии инвестора.

"Жители сел, расположенных вблизи Кадамжайского района, теперь смогут воспользоваться услугами центра компьютерной томографии, что ранее было недоступно в Баткенской области, и им приходилось ездить в Ош или Бишкек.

По итогам открытия центра компьютерной томографии состоялась встреча между Министром Здравоохранения Кыргызской Республики Бейшеналиевым Алымкадыром Савирдиновичем и представителями частной компании "Афей Холдинг ЛТД" господином Марсом, на которой обсуждались дальнейшие возможности по расширению диагностических услуг на территории Кыргызской Республики с применением инновационных технологий в области здравоохранения.

Также в рамках проекта компьютерная томография будет установлена еще в двух больницах республики: в Узгенском и Токтогульском районах.

29.09.2023
“Экспресс ден соолук - жаркын саякат” долбоорунун алкагында Ош шаарында катаракта менен ооруган 300дөн ашык бейтапка ийгиликтүү операция жасалды

2023-жылдын 29-сентябрында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында “Экспресс ден соолук - жаркын саякат” долбоорунун жабылуу аземи болуп өттү. Бул долбоордун алкагында 18-сентябрдан 29-сентябрга чейин 300дөн ашуун кыргызстандын жаранына катарактаны алуу операциясы жасалды.

Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айымдын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  Эрнис Толтоев жана башка коноктордун катышуусунда өттү.

Үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрынан тарта “Экспресс Ден соолук” долбоорунун командасы өз күч-аракетин катарактадан жапа чеккен жана көрүүсү начарлаган бейтаптарга жардам берүүгө багыттады.

Долбоордун командасы 10 күндүн ичинде Ош, Жалал-Абад жана Баткенден облусунан келген 338 бейтапка катаракта боюнча бекер операция жасашты. 100гө жакын бейтап текшерүүдөн өтүп, кеп-кеңештер берилди. Операциянын ар бир этабы заманбап медициналык технологияларды колдонуу менен жана тажрыйбалуу офтальмологиялык хирургдардын көзөмөлүндө жүргүзүлдү.

Иш-чаранын соңунда долбоордун жетекчиси Гуо Лей айым Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына 8 миллион сомдон ашык суммага офтальмологиялык жабдууларды өткөрүп берүү сертификатын тапшырды. Алар жарык берүүчү лампа, AV сканер, кератометр, контактсыз тонометр жана асферикалык линзалар сыяктуу жабдуулар.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө жана саламаттык сактоо тармагында өз ара колдоону бекемдөөгө ишенимин баса белгиледи.

“Экспресс Ден соолук” долбоору көздүн көрүүсүн гана калыбына келтирбестен, бейтаптарга жашоонун кубанычын жана келечекке болгон үмүтүн кайтарды. Бул медициналык долбоор биргелешкен аракеттер адамдардын жашоосунда олуттуу өзгөрүүлөргө алып келеринин үлгүсү жана далили болуп калды.

Маалымат үчүн: Долбоордун алкагында 600 кыргызстандыкка катарактадан бекер операция жасалса, анын 300 операциясы Бишкек шаарында, дагы 300ү Ош шаарында жасалган.

29.09.2023
КР Саламаттык сактоо министри “Компания Медимпэкс” медициналык бир жолу колдонуучу буюмдарды чыгаруучу ишкананын жумушу менен таанышты

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында, бүгүн, 29-сентябрда “Компания Медимпэкс” медициналык бир жолу колдонуучу буюмдарды чыгаруучу ишкананын жумушу менен таанышты.

«Компания Медимпэкс”медициналык бир жолу колдонуучу буюмдарды чыгаруучу  (шприцтер) өндүрүш 2016-жылы негизделген. Буга чейин бир сменде 100 миү даана ар турдуу колибрдеги шприцтер чыгарса, азыркы күндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун түз колдоосу  менен кошумча жабдыктар сатып алынып, бүгүнкү күндө бир сменада 300 мин даанага чейин шприцтер чыгып жатканын, колдоо болсо медицалык перчаткаларды, асма уколдорду чыгарууга ишкана даяр экенин компаниянын өкүлү билдирди. 

 “Жергиликтүү өндүрүүчүлөр кризистик же өзгөчө кырдаалдар учурунда керектүү медициналык буюмдар менен камсыз кылуу менен саламаттык сактоо муктаждыктарына тез жооп берип. Мындан тышкары, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо медицина тармагындагы инновацияларга жана жаңы технологиялардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Бул дарыларга, медициналык буюмдарга болгон муктаждыкты жоюп, натыйжалуу ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзөт”, - деди өз сөзүндө А.Бейшеналиев.

Министр ата мекендик ишкананы колдой турганын айтып, «Компания Медимпэкс”медициналык бир жолу колдонуучу буюмдарды чыгаруучу ишканага ийгиликтерди каалады. 

 

29.09.2023
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында мамлекеттик дарыканалар уюштурулат

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош областына 2023-жылдын 29-сентябрында болгон иш сапарынын алкагында, Ош шаарынын жана Ош областынын Саламаттык сактоо мекемелеринин абалы менен таанышып, жыйынтыгында калкты сапаттуу жана жеткиликтүү арзан баадагы дары каражаттары менен камсыздоо үчүн мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде мамлекеттик дарыканаларды ачуу – калктын көйгөйүн чечүүнүн бир жолу экендигин баса белгиледи. 

Жыйынтыгында, Ош шаарына 2 дарыкана түйүнүн, Ош областынын Кара-Суу, Ноокат, Каракулжа, Өзгөн, Араван райондорунун борборлорунда бирден мамлекеттик дарыкананы, Жалал-Абад шаарына 1 дарыкананы, Жалал-Абад областынын Базар-Коргон, Токтогул, Ноокен райондоруна, Кочкор-Ата шаарына бирден мамлекеттик дарыкананы, ошондой эле Баткен областынын Баткен, Кадамжай, Лейлек райондоруна, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларына бирден мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча тапшырмаларды берди. 

Саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерине калктын көйгөйүн чече тургандай артыкчылыктуу багыт менен иш алып барууга үндөдү. 

29.09.2023
Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү

Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү биринчи жолу 1999-жылы Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясынын демилгеси менен уюштурулган. Бул акция Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ), ЮНЕСКО жана башка маанилүү уюмдар тарабынан колдоого алынган. Бул күн алгач сентябрдын акыркы жекшембисинде белгиленип келген, бирок 2011-жылдан бери бул күн 29-сентябрга белгиленген.

Бул датаны өткөрүүнүн максаты - жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, алардын пайда болуу себептери жана алдын алуу ыкмалары тууралуу маалымат берүү.

Жүрөк ооруларынын жана инсульттун негизги тобокелдик факторлору туура эмес тамактануу, кыймылсыздык, тамеки тартуу жана спирт ичимдиктерин ашыкча колдонуу.

Тамеки чегүүдөн баш тартуу, тузду азайтуу, жашылча-жемиштерди колдонуу, үзгүлтүксүз физикалык көнүгүү жана алкоголдук ичимдиктерди зыяндуу колдонуудан алыс болуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун азайтары далилденген.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча:

• Жүрөк-кан тамыр оорулары (ЖКО) дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн негизги себеби болуп саналат.

• 2016-жылы болжол менен 17,9 миллион адам жүрөк оорусунан каза болгон, бул дүйнө жүзү боюнча бардык өлүмдөрдүн 31%ын түзөт. Бул өлүмдөрдүн 85%ы инфаркт жана инсульттан улам болгон.

• Эгерде сиз тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, спирт ичимдиктерин ашыкча колдонуу сыяктуу жаман адаттардан баш тартып, дене салмагыңызды көзөмөлдөп, физикалык активдүүлүктүн деңгээлин сактасаңыз, жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбүн алдын алууга болот.

29.09.2023
Октябрь айында аялдарды профилактикалык текшерүүлөр өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорунун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгын жарыялады. 

Аялдар үй-бүлөдө жана коомдо маанилүү ролду аткарат, демек, аялдардын ден соолугуна артыкчылык берүү жеке адамдын бакубатчылыгына гана эмес, бүткүл коомдун чыңдалуусуна жана жакшыруусуна да салым кошот. Бүткүл өлкө боюнча белгиленип жаткан «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы аялдардын жугуштуу эмес ооруларын алдын алууну жана эрте аныктоону колдоого багытталган.

Калкка жугуштуу эмес ооруларды (мисалы, алкоголдук ичимдиктер, тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, кыймылсыз жашоо образы) алдын алуу жана алардын тобокел факторлору жөнүндө маалымат берүү ошондой эле баштапкы медико-санитардык жардам деңгээлинде сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү акциянын негизги элементтери болуп саналат. 

«Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы жыл сайын октябрь айында өткөрүлөт жана бардык баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдары алдын ала кезекке жазбастан аялдарды текшерүүдөн өткөрүп, кеңеш беришет.

Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган Ал эми азыр, долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда.

29.09.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Ош облусундагы саламаттык сактоо уюмдарынын иши менен таанышты

Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында 29-сентябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жалолидин Нурбаев менен бирге Ош облусунун Араван районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, ЖДПБнын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушту.

Араван Жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Саламаттык сактоо системасынын эң артыкчылыктуу багыттары – эненин жана баланын ден соолугун коргоо, 2030-жылга чейин “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” саламаттыкты сактоону өнүктүрүү программасынын максаттарын аткаруудагы аткарылган жумуштар талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жалолидин Нурбаев дары-дармек менен камсыздоо маселесине көңүл бөлүүнү, ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында, бейтаптардын медициналык картасын кыргыз тилинде жүргүзүү керектиги боюнча өз пикирин билдирип, Жалпы дарыгерлик практика борборун компьютердик жабдуулар менен камсыз кылууга жардам көрсөтүүнү министрден өтүндү.

Андан кийин министр өлкөнүн түштүгүндөгү эң ири жана жалгыз көп тармактуу балдар ооруканасы болгон Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында болду. Аталган оорукананын жамааты менен жолугушууда эмгек акы, айрым адистердин жетишсиздиги боюнча суроолор көтөрүлүп, кадр потенциалын жогорулатуу үчүн башка мамлекеттерде тажрыйба алмашуу жана окутуунун маанилүүлүгү талкууланды.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусунун саламаттык сактоо уюмдарына болгон иш сапарынын жыйынтыгында айтылган бардык каалоо-тилектер жана тапшырмалар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эске алынаарын баса белгиледи. Ал ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрлардын жеке структураларга же чет өлкөлөргө агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн медицина кызматкерлеринин айлык акысы татыктуу болушу керектигин белгилеп Министрлик бул багытта иш алып бараарын белгиледи.

29.09.2023
КР Саламаттык сактоо министри Жалал-Абад облусундагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аймактарга болгон иш сапарынын алкагында 28-сентябрда Жалал-Абад облусундагы саламаттык сактоо уюмдарын кыдырып, алардын иши менен жеринде таанышты.

Алымкадыр Бейшеналиев Аксы, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр, Базар-Коргон Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда болуп, медицина кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүүгө пландалып жаткан Облустук бириккен оорукананын имаратынын, кургак учукка каршы оорукананын имаратынын, Сузактагы төрөт үйүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Аксыдагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда министр санариптик чечимдердин ишке ашырылышы менен таанышып, КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан санариптик системаларды тезинен ишке киргизүүнү баштоону тапшырды.

Базар-Коргон Жалпы дарыгерлик практика борборунда министр неврологиялык бөлүмдүн иши менен таанышты. Бул бөлүмдүн имараты кургак учукка каршы кызматты реформалоонун алкагында 2021-жылы бошотулган.

Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев облустагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө министрге облустагы саламаттык сактоо мекемелеринин жылытуу мезгилине даярдыгы, дары-дармек менен камсыздоо жана башка маалыматтар берилди.

Отурумдун жыйынтыгында министр жетекчилерге жылытуу мезгилине даярдык көрүү, кызамык оорусунун жайылышы боюнча кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо сезонуна даяр болуу, санариптик чечимдерди ишке ашыруу, курулуш иштерин көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошону менен бирге, Жалал-Абад облусунун калкынын ден соолугун чыңдоо боюнча көйгөйлөрдү чечүүдө жана жалпы максаттарга жетишүүдө биргелешкен күч-аракеттин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

28.09.2023
КР Саламаттык сактоо министри мульти-диагностикалык көчмө комплексте болуп, калкка акысыз медициналык кызмат көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи

2023-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында үстүбүздөгү жылдын июль айынан баштап Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрүп жаткан мульти-диагностикалык көчмө комплекстин иши менен таанышты.

Долбоордун координатору Айчүрөк Смаилова калкка акысыз кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтар менен бөлүшүп, 20-сентябрга карата жалпысынан 38 663 тургунга кеп-кеңештер берилгенин белгиледи. 679 томографиялык текшерүү жүргүзүлүп, көзгө 72 операция жасалып, 608 адам гастроскопиядан, 3953 жаран УДИ текшерүүдөн өтүп, 20 миңден ашык адам лабораториялык текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Министр оорулардын алдын алуу максатында калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча министрлик тарабынан бир топ иштер жасалып жатканын белгиледи. Ал эми аймактарда мобилдүү мульти-диагностикалык комплекстин иштеши республиканын жарандарынын ден соолугун коргоонун алкагында оң натыйжалардын бири болуп саналарын айтты.

Ал ошондой эле комплекс андан ары Кочкор-Ата шаарына жөнөтүлүп, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундарына бекер медициналык кызмат көрсөтөрүн билдирди.

Мобилдик комплекс медициналык изилдөөлөрдүн кеңири спектрин жүргүзүүгө жана ар кандай ооруларды диагностикалоого мүмкүндүк берүүчү заманбап жабдуулар менен жабдылган. Анын иши медициналык жардам алууда кыйынчылыктарга туш болгондорго сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.

Маалымат үчүн: Долбоор беш жылга эсептелген жана бул убакыт аралыгында Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан дары-дармектер, жабдуулар, күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздалып, медицина кызматкерлерине айлык акы берилет. Мобилдик клиникада дарыгерлердин кабинеттери, текшерүү лабораториясы, компьютердик томограф жана маммограф, операциялык блок, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору бар. Ташуу үчүн кичи автобустар, анын ичинде тез жардам унаасы да бар.

28.09.2023
КР Саламаттык сактоо министрлигинде лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүү жана чыңдоо маселеси каралды

2023-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борборунун жетекчилиги менен биргеликте “Roche Diagnostics” компаниясынын Борбор Азия жана Кавказ боюнча директору Хасан Демирчи мырза менен жолукту.  
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар керектүү инновациялык лабораториялык жабдуулар менен жабдуу жана ар кандай инвестициялык механизмдерди колдонуу менен оорулардын кеңири спектрин диагностикалоонун алдыңкы ыкмаларын киргизүү аркылуу лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүү жана чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле, “Roche Diagnostics” компаниясы Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борбору менен кызматташуунун алкагында, борбордун саламаттык сактоодогу жаңы технологияларды баалоо жана жайылтуу боюнча кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экени белгиледи.