Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

28

03

2024

НЕКРОЛОГ

28.03.2024

НЕКРОЛОГ

27.03.2024

Улуттук госпитал диагностикалык текшерүүлөрдү, ошондой эле атайын транспорт менен бейтаптарды ташуу кызматын көрсөтөт

06.09.2023
Санариптик чечимдер саламаттыкты сактоодогу өзгөчө кырдаалдарды башкарууну жана жооп кайтарууну олуттуу түрдө жакшыртат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев, Саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Б.Джангазиев жана Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун директорунун орун басары Ч.Бексултанов баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Португалиянын Порту шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун "Санариптик доордогу саламаттык сактоо системаларынын келечеги" аттуу экинчи симпозиумуна катышууда.

 

Симпозиумда саламаттыкты сактоо тармагында жасалма интеллект технологияларын колдонуу, чоң маалыматтарды талдоо, саламаттыкты сактоодогу өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн санариптик чечимдерди колдонуу жана башка маселелер талкууланды.

 

«Санариптик чечимдер саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарды башкарууну жана жооп кайтарууну олуттуу түрдө жакшыртат, тобокелдиктерди азайтат жана калк саламаттыгын натыйжалуу коргоого жардам берет. Кыргызстанда пандемия учурунда санариптик платформалар саламаттыкты сактоо кызматтарын координациялоо, байланыштарды издөө системалары, маалыматтык башкаруу жана мониторинг системалары колдонулду”, - деди Б.Джангазиев саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдар учурунда санариптик чечимдерди колдонуу боюнча панелдик сессияда сүйлөп жатып.

 

Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги санариптик ден соолук тармагындагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн 2022-жылдын Максаттуу тобунун жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баштапкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча атайын программасынын сыйлыгына татыган.

06.09.2023
Кыргызстандагы кызамык оорусу боюнча абал

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда экинчи жума катары менен кызамык оорусунун азайышы байкалууда. Тактап айтканда, 2023-жылдын 34-жумасында кызамык оорусунун 39 учуру катталды, анын ичинде 34 бала жана 5 чоң адам. Балдар арасында кызамык оорусун катталышы өткөн жумага салыштырмалуу 15%га кыскарган (46 учур).

Жыл башынан бери кызамык оорусунун 1982 учуру катталса, анын 147си чоңдор, 1835и балдар, анын ичинде 1454 учур 4 жашка чейинки балдар арасында катталган.

Кызамык оорусунун аймактык бөлүнүшү боюнча Ош облусунда 635 учур, Бишкек шаарында 485 учур, Ош шаарында 296 учур, Чүй облусунда 214 учур, Жалал-Абад облусунда 116 учур, Баткен облусунда 92 учур, Таласта облусунда 77 учур, Ысык-Көл облусунда 60, Нарын облусунда 7 учур.

Кызамык - коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору, анын өтүшүп кетүүсү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Профилактикалык эмдөөдөн өтпөгөн балдар жана чоңдордо жугузуп алуу коркунучу жогору. Кызамыкты атайын дарылоо жолу жок, ошондуктан бул ооруну алдын алуу үчүн өз убагында чараларды көрүү зарыл. Эмдөө - кызамыкты алдын алуунун негизги жана эң натыйжалуу жолу экенин эсиңиздерге салабыз.

 

 

05.09.2023
Кыргыз Республикасында Саламаттыктын коопсуздугу боюнча улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу башталды

Кыргыз Республикасында Саламаттыктын коопсуздугу боюнча улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу башталды. Бул улуттук план 2023-жылдын июль айында өткөрүлгөн экинчи Биргелешкен тышкы баалоонун сунуштарына негизделген, анда Кыргызстан ДСУнун Европа аймагында экинчи Биргелешкен тышкы баалоону ийгиликтүү аяктаган биринчи өлкө болгон.

Бул улуттук план жугуштуу оорулардын чыгышын, табигый кырсыктарды жана башка өзгөчө кырдаалдарды камтыган ден-соолукка коркунуч келтирүүлөрдүн кеңири спектрине даярдык көрүү, жооп кайтаруу жана калыбына келтирүү чараларын камтыган стратегиялык жол картасы болуп саналат. Ал кризис болгон учурда ыкчам жана координацияланган жооп кайтарууну камсыз кылуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар менен эл аралык өнөктөштөрдүн кызматташтыгын бекемдөөгө багытталат.

Бул планды түзүүгө саламаттыкты сактоо, айыл чарба, ветеринария жана башка тармактардагы түрдүү улуттук өнөктөштөр активдүү катышууда. Мындан тышкары, бул иш-чарага USAID жана US CDC сыяктуу эл аралык өнөктөштөр да катышууда.

05.09.2023
Елизавета Хаматханова: «Я горжусь коллегами из Кыргызстана»

Первый день учебного года для Бишкекских акушер-гинекологов начался с обмена опытом.

В Бишкекском родильном доме №2 проходит обучение акушеров-гинекологов, неонатологов, анестезиологов и реаниматологов Кыргызстана навыкам неотложной акушерской помощи тренерами из симуляционно-тренингового центра ФГБУ «НМИЦ АГП им. В.И.Кулакова» Минздрава РФ

 

В качестве важного шага на пути к улучшению охраны здоровья матери и новорожденного в Кыргызстане команда экспертов-тренеров из престижного Центра Кулакова в Москве, Россия, проводит специализированную программу обучения для медицинских работников. Программа интенсивного обучения была сосредоточена на неотложных акушерских ситуациях, предоставляя практикующим врачам важнейшие навыки и знания для решения сложных ситуаций во время беременности и родов согласно современным вызовам.

Раиса Асылбашева, главный специалист отдела первичной медико-санитарной помощи УОМПиЛП МЗ КР: «Эта учебная программа, организованная в Кыргызстане, стала результатом сотрудничества Министерства здравоохранения Кыргызстана и симуляционно-тренингового центра ФГБУ «НМИЦ АГП им. В.И.Кулакова» Минздрава РФ, известного своим опытом в акушерстве и гинекологии. Это очередной раунд обучающей программы. До сегодняшнего мероприятия мы охватили южные регионы, где приняли участие акушеры, гинекологи, неонатологи, анестезиологи и реаниматологи из различных больниц и медицинских учреждений. Такие же тренинги проходят в Чуйской области и в городе Бишкек. С 2022 года ВОЗ при содействии симуляционно-тренингового центра «НМИЦ им. В.И.Кулакова» проводится данная работа. Скоро будет мониторинговые исследования по результатам обучения».

 

Тренинг был направлен на решение важнейших проблем в области охраны здоровья матерей и новорожденных, а также по организационной части в структурах и подразделениях роддомов, подчеркивая важность раннего распознавания, быстрого вмешательства и совместной командной работы в неотложных акушерских ситуациях. Участники прошли практическое обучение по ведению широкого спектра неотложных акушерских ситуаций.

 

Майрам Керималы кызы, главный врач клинического родильного дома №2 г. Бишкек, Кандидат медицинских наук РФ: «Тренеры Кулаковского центра (Москва) привнесли в программу богатый опыт и знания. Они поделились своими знаниями о последних достижениях в акушерстве и гинекологии, а также научно обоснованными передовыми, современными практиками оказания неотложной акушерской помощи. В ходе тренинга подчеркивалась важность междисциплинарного подхода, способствующего эффективному общению и координации между различными медицинскими работниками, участвующими в уходе за матерями и новорожденными. А также межличностному общению с пациентами».

 

Елизавета Хаматханова один из ведущих тренеров Кулаковского центра в Москве, заведующая отделом образовательных технологий в медицине, заведующая кафедрой непрерывного профессионального образования, доктор медицинских наук выразила свой энтузиазм по поводу программы, сказав: «Система здравоохранения в лице министерства здравоохранения, руководящий состав медицинских организации и практическое звено должны говорить на одном языке и одинаково понимать стоящие задачи. Разрозненность в данной цепочке приводит к ошибке, которая рушит доверие населения к медицине в целом. Подходы решения данной задачи прежде всего обучать не только медсестер и врачей, но и для совершенствования качества оказания помощи нужно обучать руководителей. Это командная работа. На данный момент вызовы и задачи ставит именно пациент. С точки зрения профессиональной мотивации, с точки зрения подходов и стремлении, с точки зрения попытки создать условия для меня Кыргызстан стоит в одной из высоких позиций. Я горжусь коллегами из Кыргызстана».

 

Программа обучения получила положительные отзывы участников, которые оценили комплексный и практический подход к неотложным акушерским ситуациям. Многие участники подчеркнули актуальность тренинга для их повседневной клинической практики и выразили благодарность за возможность учиться у экспертов Кулаковского центра.

 

Эти совместные усилия Министерства здравоохранения Кыргызстана и Центра Кулакова в Москве отражают стремление улучшить результаты медицинского обслуживания матерей и новорожденных в Кыргызстане. Это также подчеркивает важность международного сотрудничества в решении глобальных проблем здравоохранения.

02.09.2023
Организации здравоохранения как ключевые участники в Системе маркировки и прослеживаемости лекарственных средств

        Одной из самых главных и важнейших задач любого государства, является обеспечение населения качественной и эффективной системой здравоохранения. 

        Для реализации поставленных задач, появилась необходимость внедрения новой информационной системы, которая позволила бы получать актуальную информацию по лекарственным препаратам и медицинским изделиям в открытом доступе в режиме online каждому участнику фармацевтического рынка в зависимости от его статуса. 

        По итогам проведенных многочисленных обсуждений совместно с профильными ведомствами, Кабинет Министров Кыргызской Республики утвердил Постановление №53 от 09.02.2023г “О внедрении системы прослеживаемости лекарственных средств в Кыргызской Республике”. 

         Система прослеживаемости лекарственных средств - это новый этап в развитии электронного здравоохранения, важнейшим инструментом которого, является маркировка лекарственных препаратов и медицинских изделий. Внедрение данной системы, позволяет контролировать движение лекарственных препаратов и медицинских изделий на всех этапах, с момента ввоза на территорию республики, включая аптеки и медицинские организации до потребителя. И самое главное, обеспечивая население качественными и эффективными препаратами, будет достигнута одна из основных целей - это безопасность жизни пациента.

         В марте 2023 года, Департаментом лекарственных средств и медицинских изделий, под руководством А.И. Абалиевой был запущен процесс системы прослеживаемости лекарственных средств и медицинских изделий. Были разработаны нормативно-правовые акты, установлены сроки и этапы реализации системы прослеживаемости для каждого участника оборота фармацевтического рынка. В систему были вовлечены организации здравоохранения: дистрибьюторы, медицинские учреждения, аптеки и аптечные сети.

       Следует отметить, что несмотря на сжатые сроки реализации, сложности и проблемы современного фармацевтического рынка, участниками системы была проведена огромная работа и уже сегодня наблюдаются позитивные сдвиги, направленные на улучшение качества системы здравоохранения. 

          На состоявшейся 30 августа 2023 года встрече с руководителями организаций здравоохранений, директор Департамента Джанкорозова М.К. представила сведения по итогам завершения реализации I этапа системы прослеживаемости лекарственных средств.

        В ходе встречи обсудили вопросы, связанные с техническим оснащением медицинских учреждений, необходимых для реализации системы прослеживаемости и обучением персонала навыкам работы в электронной базе данных. В рамках обсуждения были рассмотрены поступившие от участников конструктивные предложения по оптимизации внедрения системы прослеживаемости.

 

 

       Представленные первые успехи в реализации системы прослеживаемости стали возможными, благодаря высокому профессионализму и активному содействию, руководителей медицинских учреждений и компаний-дистрибьюторов, которые являются ключевыми участниками оборота фармацевтического рынка. 

                        

          За высокий профессионализм, добросовестное отношение к работе и личный вклад в реализации Постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики №53 от 09.02.2023г “О внедрении системы прослеживаемости лекарственных средств в Кыргызской Республике”, выражается благодарность следующим организациям здравоохранения:

 

  • Беловодское детское психоневрологическое социальное стационарное учреждение;
  • Городская детская клиническая больница скорой медицинской помощи;
  • Городской перинатальный центр;
  • Жайылское психоневрологическое социальное стационарное учреждение;
  • Жалалабатский областной центр психического здоровья;
  • Иссык-Кульская областная объединенная больница;
  • Клиническая больница управления делами Президента КР
  • Кыргызский научно-исследовательский институт курортологии и восстановительного лечения;
  • Кыргызский научный центр репродукции человека;
  • Медицинский центр "Здоровье"; 
  • Многопрофильная клиника «MEDCENTER.KG» 
  • Нарынская областная объединенная больница;
  • Национальный центр онкологии и гематологии;
  • ОсОО "Uni Help";
  • ОсОО "Фармамир"; 
  • ОсОО «КафМедЦентр Плюс»;
  • ОсОО Бимед фарм;
  • ОсОО Неман-Фарм;
  • Ошская межобластная детская клиническая больница;
  • Ошская межобластная объединенная клиническая больница;
  • Ошский межобластной центр онкологии;
  • Ошский областной центр психиатрии и наркологии;
  • Республиканская психиатрическая больница с. Чым-Коргон;
  • Республиканский центр психиатрии и наркологии;
  • Родильный дом №1;
  • Родильный дом №2;
  • Таласская областная объединенная больница им. Ч. Мамбетова;
  • Центр общеврачебной практики Кеминского района;
  • Центр общей врачебной практики Московского района;
  • Центр экстренной медицинской помощи г. Бишкек;
  • Центр общеврачебной практики Бакай-Атинского района; 
  • Чуйская областная объединенная больница.
01.09.2023
Ош облусунун Өзгөн районунун Токтогул айылында 225 орундуу жаңы мектеп эшигин ачты

Бүгүн, 2023-жылдын 1-сентябрында Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул айылында 225 орундуу Шопоков атындагы жаңы мектеп эшигин ачты.

Мектептин ачылышына КРнын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова катышты. Министр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүнүн атынан аталган мектептин мугалимдерин, окуучуларын жана ата-энелерин Билим күнү менен куттуктады.

Министр куттуктоо сөзүндө өлкө башчысы Садыр Нургожоевич Жапаровдун аракетинин аркасында кенен, жарык класстары, китепканасы, спорт залы жана ашканасы бар жаңы мектеп балдарга эшигин ачканын белгиледи. «1-сентябрь – балдар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн өзгөчө майрам. Жаңы мектептин ачылышы Зергер айылынын бардык тургундары үчүн жаңы окуу жылынын башталышына эң жакшы белек болду. Түзүлгөн шарттар жана мектептин мугалимдеринин кесипкөйлүгү балдарыбыздын окууда жакшы ийгиликтерге жетишүүсүнө жардам берет деп ишенем», - деп кошумчалады министр.

Министр Гүлнара Баатырова балдардын жана жаштардын арасында пайдалуу адаттарды калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин атынан сергек жашоо образын жайылтуу үчүн пайдалуу адаттарды калыптандырууга, ден соолук жана жалпы жашоо сапатын жакшыртуугакөмөктөшүүчү видео роликтерди көрсөтүп туруу үчүн сыналгы белек кылды.

Үстүбүздөгү жылдын башында мамлекет башчысы өлкө боюнча 100 жаңы мектеп куруу тапшырмасын берген. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 43 жаңы мектеп окуучулар үчүн эшигин ачты.

01.09.2023
Ош облусундагы Өзгөн ЖДПБда амбулатордук бейтаптарды кабыл алуу үчүн салынган жаңы имараттын ачылышы болду

Бүгүн, 2023-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы бейтапканасынын имаратынын ачылыш аземине катышты.

Министр өз сөзүндө эффективдүү башкаруунун жана эки жылдык экономикалык пландаштыруунун аркасында үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен Өзгөн райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги бардык санитардык нормаларга жана талаптарга жооп берген заманбап бейтапканалык имарат курууга жетишкендигин белгиледи. Эми медицина кызматкерлери жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүп, Өзгөн районунун калкынын талаптарын толук канааттандыра алышат.

МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун алкагында ноябрь айында имаратка жаңы компьютердик томография (КТ) аппараты, жакынкы күндөрү санариптик рентген аппараты орнотулат. Кошумчалай кетсек, жалпы дарыгерлик практика борбору буга чейин өз каражатына заманбап УЗИ аппараты, эхокардиограф жана эндоскоп сыяктуу акыркы үлгүдөгү медициналык жабдууларды сатып алган.

Бермет Мамасадыкова, Өзгөн ЖДПБнын директору: «Өзгөн районунун 130 миңге жакын тургуну биздин бейтаптарыбыз. Жаңы имараттын пайдаланууга берилиши менен калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүп, Өзгөн районунун тургундарынын ден соолугун чыңдоого көмөктөшөбүз. Биздин ЖДПБга кайрылган бейтаптарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз».

01.09.2023
КР Саламаттыкты сактоо министри менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Кытай грантынын эсебинен курулган Ош шаардык клиникалык ооруканасынын иши менен таанышты

2023-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэнь айым Ош шаардык клиникалык ооруканасы жайгашкан “Ак-Тилек” кичи районуна барышты. Оорукана Кытай Эл Республикасынын гранттык каражатына курулуп, учурда ийгиликтүү иштеп жатат.

  «Оорукананын төрт жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде ал жергиликтүү тургундар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн алмаштырылгыс борборлорунун бирине айланды, бул эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгилейт», - деди Гүлнара Баатырова ооруканага болгон иш сапарынын жүрүшүндө.

Саламаттыкты сактоо министринин жана Кытай Элчисинин иш сапары бул саламаттыкты сактоо мекемесинин маанилүүлүгүн арттырып, анын медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын бир топ жакшыртып, Ош шаары, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун камсыздоодогу ордун баса белгиледи.

Маалымат үчүн:

Ош шаардык клиникалык ооруканасы үч корпустан – амбулатордук-диагностикалык, стационардык жана административдик корпустан турат. Амбулатордук-диагностикалык корпуста дарыгерлер бейтаптарга кенеш берип, диагноз коюп, тез жардам көрсөтөт. Анда жандандыруу бөлүмү жана операциялык бөлмө каралган. Стационардык имарат 250 орунга ылайыкталган. Административдик корпуста иш бөлмөлөрү, бухгалтерия, телемедициналык кабинет жана 200 орундуу конференц-зал бар.

Ооруканада хирургия, травматология, нейрохирургия, урология бөлүмдөрү бар. Гастроскопия, лапароскопия, колоноскопия, эхокардиография жана башка диагностикалык жана дарылоо процедуралары үчүн жабдуулар орнотулган. Мекемеде 300дөн ашык медицина кызматкерлери иштейт.

2022-жылы ооруканада 8800 адам дарыланып, 17 000 амбулатордук кайрылуулар катталган. 2022-жылы ооруканада 4060 операция жасалган.

30.08.2023
Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында алгачкы жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өттү

Бүгүн, 30-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ички органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция ийгиликтүү жасалган Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды. 

Оорукана жетекчилиги мекеме мындай операцияларды толугу менен ишке ашыра баштаганын, бул үчүн ооруканага квалификациялуу медициналык кызматкерлер тартылып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө теңдеши жок заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын билдирди.

Мындан тышкары учурда Түркиядан келген 140 медициналык адис Кыргызстанда эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерди иш жүзүндө үйрөтүшөт. Бул мезгилде ата мекендик адистер тажрыйба топтоп, бөйрөк алмаштыруу операцияларын өз алдынча жасай башташат.

Мамлекет башчысы ички органдарын трансплантациялоодон өткөн бейтаптарды көрүп, алардын ден соолугунан, ал-акыбалынан жана медициналык мекемеде болуу шарттарынан кабар алып, алардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Садыр Жапаров эми өлкө жарандарына өтө маанилүү жана кымбат баадагы операцияларды жасатуу үчүн алыскы чет өлкөлөргө баруунун кажети жоктугун канааттануу менен белгиледи. Чет өлкөдө 50-60 миң АКШ доллары өлчөмүндө эбегейсиз чыгым болсо, Кыргызстанда ушундай операцияга 10 миң долларга жакын каражат керектелет. Мындай арзан баада ата мекендик адистер башка өлкөлөрдөн келген бейтаптарды да тейлей алышат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар, ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Ошентип, жыл ичинде бул процедураларды төлөөгө мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллиард сомго жакын каражат бөлүнүүдө. Эми өлкөдө ички органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды жасоо мүмкүнчүлүгү түзүлүп, бул бюджеттик каражаттар башка социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багыттаса болот.

Мамлекет башчысы Түркия Республикасынан келген дарыгерлерге кайрылып, кыргыз тарапка көп жактуу колдоо көрсөтүп келе жаткан бир тууган Түркияга жеке өзүнүн жана кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда Садыр Жапаров өлкөгө келген 140 адис ар кандай каалоо-тилектери менен кайрыла аларын, кыргыз тарап аларга Кыргызстанда ыңгайлуу болушу үчүн бардык шарттарды түзүүгө милдеттенерин баса белгиледи.

 

Мамлекет башчысы белгилегендей, келечекте мындай операцияларга чет өлкөлүк жарандар тарабынан суроо-талап күчөсө, анда бул тармакты дагы да өнүктүрүү жана кеңейтүү зарыл.

Мамлекет башчысы кошумча медициналык имараттарды куруу жана көбүрөөк сандагы бейтаптарды кабыл алуу үчүн бул медициналык мекеме жайгашкан жердин аянтын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну тапшырды.

Ооруканага болгон иш сапарынын соңунда Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда саламаттык сактоону өнүктүрүүгө жана медициналык кадрларды даярдоого кошкон зор салымдары үчүн Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Европа Биримдиги жана тышкы байланыштар боюнча башкы директору Кылыч Селамини жана Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик ооруканалар башкы башкармалыгынын департамент башчысы Ташкын Мустафаны Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйлады.

 

29.08.2023
Япония өкмөтү Бишкектеги №10 үй-бүлөлүк медицина борборуна УЗИ аппаратын белекке берди

2023-жылдын 29-августунда Япония Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында Бишкектеги №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү. Гранттык контракт боюнча №10 ҮМБга жалпы суммасы 55 миңден ашык АКШ доллары турган УЗИ аппараты берилген.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидеки мырза, Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын директору Бакытбүбү Шамырканова жана ҮМБнын кызматкерлеринин катышуусунда өттү. .

Өз сөзүндө министрдин орун басары Япония Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Года Хидеки мырзага, «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» программасынын координаторлоруна саламаттык сактоо уюмдарын медициналык жабдуулар менен камсыздоодо көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. «УЗИ аппараты ооруларды диагностикалоо боюнча баштапкы кызматтын ишин бир топ жакшыртат жана тейленүүчү калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатат», - дейт КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков.

29.08.2023
Саламаттык сактоо министрлиги: Нарын шаарында санариптик амбулатордук карта ишке кирди

2023-жылдын 29-августунда Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиев Нарын облусунун саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери менен санариптик амбулатордук картаны ишке киргизүү боюнча жыйын өткөрдү.

«Министр өлкөнүн аймактарында санариптик амбулатордук картаны киргизүүнү баштоону тапшырды. Биз медициналык документтерди кагазсыз жүргүзүүгө толугу менен өтүп, облустун бейтаптары жана медицина кызматкерлери үчүн ыңгайлуулуктарды түзүшүбүз керек», - деп белгиледи министрдин орун басары.

Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басарына облустун саламаттык сактоо тармагындагы маалыматтык системаларынын иштеши көрсөтүлүп, Нарын облустук саламаттык сактоо координатору Чыңгыз Нарынбеков туулгандыгы тууралуу күбөлүк санарип форматта берилип, ILab лабораториялык маалымат системасы ишке киргизилип жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын Бишкек шаарындагы №9 ҮМБга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмасын аткаруу максатында Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери окутуудан өткөрүлүүдө.

29.08.2023
Саламаттык сактоо министрлиги: "убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы" эми онлайн режиминде жеткиликтүү

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн Санарип MED максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында «Тундук» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында тесттик режимде убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын алуу боюнча жаңы кызматты ишке киргизди.

Ал үчүн portal.tunduk.kg порталына, же «Tunduk» мобилдик тиркемесине кирип, андан соң “Ден соолук” бөлүмүнө өтүп, “Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы” бөлүмүн тандоо керек.

Ошондой эле, алынган убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары жөнүндө маалымат Санариптик ден соолук профилинде да бар.

Убактылуу эмгекке жарамсыздык санариптик баракчасы ошол эле саламаттык сактоо уюмдары кагаз жүзүндө берген «убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары» болуп саналат, мындан ары алар атайын маалыматтык системанын жардамы менен толтуруп, өткөрүп жана сакташат.

Жарандын жеке маалыматтары маалыматты коргоо жана анын купуялуулугун сактоо үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылган «Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы» маалымат системасында сакталат. Кызматкердин диагнозу жөнүндө маалымат иш берүүчүгө берилбейт, документти берүү себептери гана (оору, кош бойлуулук жана төрөт, карантин, жаракат алуу жана кырсык, кесиптик оору, бейтапты кароо) көрсөтүлөт. Убактылуу эмгекке жарамсыздыктын санариптик баракчалары үчүнчү тараптарга жеткиликсиз.

 

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо системасынын медициналык документтерди электрондук документ түрүндө жүргүзүү бөлүгүндө иш процессин уюштуруу жөнүндө жобону бекиткен. Жобого ылайык, медициналык документтерди кагазсыз жүргүзүү иштери этап-этабы менен жүрүп жатат.

29.08.2023
Токтогулда Гемодиализ борборунун ачылышы медициналык жардам көрсөтүүдөгү жаңы кадам!

28-августта Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында жеке менчик Гемодиализ борборунун ачылышы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуудагы маанилүү этап. 

 

Ачылыш аземге Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Жалал-Абад облусунун ММК фондунун аймактык башкармалыгынын башчысы, Токтогул районунун акими, Токтогул шаарынын мэри, Гемодиализ борборлорунун ассоциациясынын жетекчиси, ошондой эле медицина кызматкерлери жана шаардын тургундары катышты.

 

Гемодиализ борбору өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптарды жогорку технологиялык дарылоону камсыз кылган заманбап диализ аппараттары менен жабдылган. Алгач төрт аппарат тажрыйбалуу медициналык адистердин көзөмөлүндө иштеп, процедуралардын коопсуздугуна жана сапатына кепилдик берет. Андан ары гемодиализ аппараттарын жетиге чейин көбөйтүү пландалууда.

 

"Токтогул шаарында гемодиализ борборунун ачылышы КР Саламаттыкты сактоо министрлиги, жеке ишкерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тыгыз кызматташтыгынын натыйжасы. Бул кадам гемодиализге муктаж бейтаптарды натыйжалуу жана жеткиликтүү дарылоого жардам берет", — деди Саматбек Тойматов, министрдин кеңешчиси.

 

Жалал-Абад облусу боюнча ММК фондунун аймактык башкармалыгынын директору Акмат Самарбеков белгилегендей, Токтогул району боюнча 70тен ашык адам гемодиализге муктаж жана алардын баары Бишкек шаарында диализ алууга аргасыз. Жашоочулар эми жашаган жеринде диализ ала алышат, бул алардын жашоо сапатын бир топ жакшыртат. 

 

Токтогул шаарынын тургуну Калипа Токтогулова уулу акыркы 5 жылдан бери диализ алып жатканын айтты. «Токтогул шаарында гемодиализ борборунун жоктугунан улам, балабыз тынымсыз диализден өтүүгө аргасыз болгондуктан, Бишкек шаарында батир ижарага алып жашоого аргасыз болдук. Азыр биз үйгө кайтып келдик. Жеке ишкерлер менен биргеликте диализ менен ооругандардын жашоо сапатын жакшыртып жаткан Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатыровага, министрликтин кызматкерлерине жана гемодиализ борборунун жетекчиси Айдар Казатовго терең ыраазычылык билдиребиз. Азыркы учурда мамлекет жеке борборлор көрсөткөн диализ кызматына кеткен каражатты ММК фонду аркылуу кайтарып берет. Гемодиализдин кийинки сеансына акчаны кайдан аларыбызды билбей калган учурлар болгон. Мен дагы бир жолу аткарылып жаткан иштер үчүн ыраазычылык билдирем», - деди ал.

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 5-даражадагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган 2728 бейтапты гемодиализ кызматы менен толук камсыздап, 2023-жылдын 6 айында 170,5 миң гемодиализ сеансы жүргүзүлүп, республикалык бюджеттен 1,1 млрд сом бөлүнгөнүн белгилейбиз. 2021-жылдан бери бюджеттик негизде гемодиализ алуу үчүн бейтаптардын кезеги жок.

25.08.2023
Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеп алган сегиз бейтап ооруканага жаткырылды

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борбору 2023-жылдын 25-августунда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында белгисиз ит тиштеп алган окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Эпидемиологиялык иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын 8 тургунун 1 белгисиз ит тиштеп алганы аныкталган. Ит табылып жок кылынды. Баткендеги ветеринардык лабораторияга кийинки изилдөө үчүн патологиялык материал (иттин мээси) алынды. Ошондой эле бул ит 3 баш бодо малды тиштеп алган, алар 10 күндүк байкоодо турат.

Бул иттин тиштөөсүнөн жабыркагандардын бардыгы Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык жардам көрсөтүү борборунун травматология бөлүмүнө жаткырылып, аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу дайындалган.

Инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар улантылууда.

Биз бардык жарандарды сак болууга жана мындай окуяларды өз убагында билдирүүгө чакырабыз. Коомчулуктун коопсуздугун сактоо үчүн өз убагында жооп кайтаруу жана кызматташуу маанилүү экенин унутпаңыз.

 

Кутурма – бул вакцина менен башкарылуучу зооноздук вирустук оору.

Кутурма вирусунун адамдарга жугушу дээрлик 99% учурда үй иттеринен болот.

Ошол эле учурда кутурма үй жаныбарларын гана эмес, жапайы жаныбарларды да жабыркатышы мүмкүн.

Инфекция адамга жана жаныбарларга тиштеп же тытып алганда, көбүнчө шилекей аркылуу жугат.

Эгер сизди белгисиз ит тиштеп алган болсо:

- чаккан жерди дароо самын менен жуу;

- андан кийин тез арада жакынкы тез жардам бөлүмүнө кайрылуу керек же тез жардам кызматын чакыруу керек;

- дарыгер белгилеген эмдөө курсунан өтүү зарыл.

Дарыгер тиешелүү адистерге жөнөтөт, дарылоо курсу тиштегендин мүнөзүнө жана бейтаптын абалынын оордугуна жараша жекече тандалат. Эмдөө акысыз.

25.08.2023
Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу ооруканада оңдоо иштери башталды

Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу ооруканада оңдоо иштери жүрүп жатат, бул медициналык жардам көрсөтүү шарттарын бир топ жакшыртат. Оорукананын экинчи корпусунун имаратына өзгөчө көңүл бурулууда, анда мурун жеке менчик көз клиникасы жайгашкан. Бул имаратта 80 койкалуу неврология бөлүмү түзүлөт. Мындан тышкары, №2 клиникалык көп тармактуу оорукананын башкы корпусунда жайгашкан пульмонология бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Оңдоо иштери Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында каржыланат.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө имараттын ички жасалгалоо иштерин жүргүзүү, эшиктерди, полдорду алмаштыруу, ошондой эле канализация жана суу түтүктөрүн алмаштыруу пландалууда. Мындан тышкары, электр зымдары алмаштырылып, палаталарда жаңы душ кабиналары, санузел орнотулат. Оңдоо иштери үч айга жакын убакытка созулары күтүлүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери оорукананын ишин жакшыртып, медицина кызматкерлери жана бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Бул иш-аракеттер оорукананын аянтын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

24.08.2023
Кыргыз Республикасында жакынкы 5-7 жылга багытталган Улуттук эмдөө стратегиясын талкуулоо

Бүгүн, 2023-жылдын 24-августунда, жакынкы 7 жылга багытталган Улуттук эмдөө стратегиясын иштеп чыгуу боюнча талкуулар башталды. Иш-чаранын катышуучулары улуттук эмдөө программасын тыкыр карап чыгуу, ошондой эле стратегиялык артыкчылыктарды аныктоо жана тиешелүү максаттарды жана милдеттерди иштеп чыгуу үчүн чогулушту.

Жаңы стратегия саламаттыкты сактоонун башка маанилүү программаларын, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардам (БМСЖ) программасын колдоо үчүн негиз болот. Ал Кыргызстанда иммунизациялоо стратегияларын ийгиликтүү ишке ашырууга кызыкдар тараптарды, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жана донорлорду тартуу үчүн маанилүү инструмент катары кызмат кылат.

Бул талкуу Кыргыз Республикасы тарабынан калкты сапаттуу медициналык жактан коргоо жана жарандардын ден соолугун чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан кеңири аракеттердин бир бөлүгү болуп саналат. Иш-чаранын жыйынтыгы өлкөдөгү калктын ден соолугун чыңдоого салым кошкон узак мөөнөттүү стратегияларды иштеп чыгууга салым кошуп, олуттуу таасирин тийгизери күтүлүүдө.

«Пландаштырылган эмдөө – бул бүткүл дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоо кызматтары үчүн экономикалык жактан натыйжалуу стратегия, аны ишке ашыруу балдардын илдеттеринин деңгээлин кескин түрдө төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет», - деди Зинат Бейшебаева, министрликтин Коомдук саламаттыкты сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо башкармалыгынын жетекчиси.

"Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) тарабынан уюштурулуп жаткан бүгүнкү иш-чара Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгына жана бакубаттуулугуна карата биздин жалпы милдеттенмебизди билдирет. Иммунизациялоонун улуттук стратегиясын иштеп чыгуу - бул адамдардын ден соолугун чыңдоодогу негизги кадам. Биздин бүгүнкү күч-аракетибиз Кыргызстандагы коомдук саламаттыкты сактоонун келечегине маанилүү таасир этээри шексиз”, - деди ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско.

«Өлкөнүн иммунизациялоо программасынын алдында турган улуттук жана субнационалдык деңгээлде иммунизациялоонун камтылышынын азайышы, эмдөөгө суроо-талаптын азайышы сыяктуу учурдагы көйгөйлөр Саламаттыкты сактоо министрлигинен калкты иммунизациялоону стратегиялык пландоону жана эмдөө программасынын натыйжалуулугун жогорулатууну талап кылат», - деди Кристин Жольм, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү.

24.08.2023
Япония өкмөтү Улуттук кардиология жана терапия борборуна заманбап эхокардиограф аппаратын тапшырды

Бүгүн, 2023-жылдын 24-августунда Улуттук кардиология жана терапия борборунда Япония Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында медициналык жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү. Гранттык контрактка ылайык, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жалпы суммасы 6 634 544 сомду түзгөн кызыл өңгөч аркылуу эхокардиография жасоо үчүн датчиги бар эксперттик класстагы көчмө санариптик УЗИ системасы тапшырылды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидеки мырзанын катышуусунда өттү.

Өзүнүн ыраазычылык сөзүндө министр Япониянын элчиси Года Хидеки мырзага, «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» программасынын координаторлоруна саламаттыкты сактоо уюмдарын жабдуулар менен камсыздоодо көрсөткөн колдоосу үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. «Берилген портативдик ЭХОКГ аппараты менен курч коронардык синдрому бар бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын мындан ары да жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү шашылыш кардиологиялык кызматты чыңдоо, бейтаптарга медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», - деп белгиледи Гүлнара Баатырова.

24.08.2023
Чаек айылында санитардык-эпидемиологиялык башкармалыктын вакцина сактоочу кампасы оңдолду

Чаек айылында Жумгал райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүндө вакциналарды сактоочу кампа оңдоп-түзөөдөн өттү. Терезе, эшик, пол жана электр тармактарын алмаштыруу менен имараттын ички жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле желдетүү системасы, кондиционер жана генератор орнотулду. Оңдоо иштерин жүргүзүү Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоору аркылуу мүмкүн болду.

Кошумчалай кетсек, аталган долбоордун алкагында буга чейин Москва, Кемин, Базар-Коргон райондорунун санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдөрүндө, ошондой эле Талас райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда вакциналарды сактоочу 4 кампа оңдолуп бүттү.

Учурда Токтогул, Ала-Бука, Баткен жана Жалал-Абад шаарларындагы райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунда, ошондой эле Араван, Ак-Талаа жана Кербен айылдарында жайгашкан санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмдөрүндө вакциналарды сактоочу 7 кампаны куруу иштери жүрүп жатат. Бишкек шаарындагы оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун курулуш иштеринин башталышы күтүлүүдө.

Долбоордун максаты - тийиштүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү.

24.08.2023
Үй-бүлөлүк медайымдар баштапкы медициналык кызматта негизги ролдо

2023-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Медайымдар Ассоциациясы менен биргеликте тегерек стол өткөрүп, анда баштапкы медициналык-санитардык жардамда (БМСЖ) иштеген үй-бүлөлүк медайымдардын жаңы кызматтык нускамаларын киргизүү тажрыйбасы талкууланды.

Бул негизги этап Германия өкмөтү каржылап, GIZ уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан «Баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү» кыргыз-герман долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылып, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана калкты медициналык жактан тейлөө спектрин кеңейтүүгө багытталган.

Калкка медициналык жардам көрсөтүүдө комплекстүү мамиленин, заманбап стандарттардын жана алдыңкы тажрыйбанын негизинде үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана үй-бүлөлүк медайымдардын жаңы кызматтык нускамаларын иштеп чыгуу негизги жетишкендиктердин бири болду. Бул маанилүү кадам үй-бүлөлүк медайымдарга көбүрөөк автономдуу иштөөгө мүмкүндүк берет, анын ичинде бейтаптарды кабыл алууларды жүргүзүү, төрөткө чейинки кароого жардам берүү, ал тургай, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн колдоо сыяктуу социалдык маселелерге көмөктөшүү.

Комплекстүү мамиле кылуунун жана адамдын ден соолугунун маселелерине активдүү катышуусунун принциптерин колдоо менен жаңы нускамалар медайымдарга ооруларды дарылоого гана эмес, бейтаптардын ден соолугуна таасир этүүчү социалдык факторлорду аныктоого да көңүл бурууга мүмкүндүк берет.

Тегерек столдо Ош шаарынын жана Чүй облусунун пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу менен бирге медайымдык ишти өнүктүрүүнүн келечектеги кадамдары, жаңы нускамаларды өркүндөтүү жана мындан ары ишке ашыруу жолдору талкууланды.

Бул маанилүү иш-чара Саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейин “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” программасында белгиленген максаттарды камтып, Кыргызстандын калкына сапаттуу жана комплекстүү медициналык жардам көрсөтүү үчүн медайымдык практиканы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтөт. Германиянын тажрыйбасы жана эксперттик колдоосу аркылуу Саламаттык сактоо министрлиги менен Медайымдардын Ассоциациясынын биргелешкен аракеттери өлкөнүн бардык жарандары үчүн дени сак жана туруктуу келечекти курууга жардам берет.

23.08.2023
Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге кошулууга ниеттенүүдө

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстанда рак оорусуна көзөмөлдү жакшыртуу боюнча Миссиясы 2023-жылдын 21-августунан 25-августуна чейин Бишкекте болот.

Бүгүн, 23-августта Бишкекте Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге Кыргызстандын кирүүсүн талкуулоо боюнча тегерек стол өттү.

«Онкология маселеси, өзгөчө балдар онкологиясы, биздин өлкө үчүн актуалдуу. Кыргызстанда 2022-жылы 180 бала онкология менен катталса, ага чейин жыл сайын 120га жакын бала аныкталчу. Биз диагностикалык методдорду, аныктоо куралдарын өркүндөтүү, керебеттердин санын кеңейтүү жана техникалык базаны жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барып жатабыз. Дары-дармектерди ачык пландаштырууну жана бөлүштүрүүнү камсыз кылуу үчүн онкологиялык бейтаптардын санариптик реестри түзүлөт. Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге кошулуу ниетинде. Бул жол берилгис ажырымды жоюу жана баланын рак оорусуна байланыштуу эң оор сыноолорду башынан өткөрүп жаткан ата-энелерге үмүт берүү үчүн жасалган кадам», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Маалымат үчүн:

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча болжол менен 400 000ге жакын бала (0-19 жаштагы) рак оорусуна чалдыгышат. Рак оорусуна чалдыккан 10 баланын дээрлик 9у кирешеси төмөн жана орто мамлекеттерде жашашат. Рак жыл сайын 100 000ге жакын баланын өмүрүн алат.

Ушуга байланыштуу, Иуда Фаддейдин Ыйык апостолу ооруканасы 2018-жылы Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгени ишке киргизди. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен бирге Иуда Фаддейдин Ыйык апостолу ооруканасы Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгенин платформасын түздү. Ал 2030-жылга карата балдардын эң кеңири тараган рак оорусунан жашап кетүү көрсөткүчүн 60% га чейин жогорулатууга багытталган. Бул балдарга онкологиялык жардам көрсөтүү үчүн дары-дармек менен камсыздоо боюнча алгачкы дүйнөлүк платформа аз жана орто кирешелүү өлкөлөрдө балдардын рак ооруларын дарылай турган дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Платформа өлкөлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтөт: өлкөнүн билдирмелерин консолидациялоодон жана суроо-талапты түзүүдөн баштап; дары-дармектерди тандоодо өлкөлөргө жардам көрсөтүү; дарылоо стандарттарын иштеп чыгуу; жардамдын натыйжалуулугун көзөмөлдөө жана инновацияларды стимулдаштыруу үчүн маалыматтык системаларды түзүүгө чейин.

Ошондой эле, ДССУнун Миссиясы Кыргызстанга жогорку квалификациялуу онкологиялык жардам көрсөтүүдө орун алган көйгөйлөрдү аныктоо жана алынган маалыматтардын жана аларды талдоонун негизинде эрте аныктоо жана дарылоо боюнча иш-чараларды пландаштырууга жана ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү стандарттарды жана методдорду иштеп чыгууга жардам берүү, онкологиялык ооруларды дарылоо, паллиативдик жардам көрсөтүү жана онкологиялык оорулардан жапа чеккендерге колдоо көрсөтүү, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн мыкты жолдорун иштеп чыгуу жана өлкөгө сунуш кылуу үчүн жөнөтүлгөн.