Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

19

04

2024

Кене вирустук энцефалиттин алдын алуу боюнча сунуштар

19.04.2024

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Ысык-Көл облусундагы жаңы тез жардам бөлүмүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты

19.04.2024

Каракол шаарында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

29.08.2023
Саламаттык сактоо министрлиги: "убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы" эми онлайн режиминде жеткиликтүү

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн Санарип MED максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында «Тундук» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында тесттик режимде убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын алуу боюнча жаңы кызматты ишке киргизди.

Ал үчүн portal.tunduk.kg порталына, же «Tunduk» мобилдик тиркемесине кирип, андан соң “Ден соолук” бөлүмүнө өтүп, “Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы” бөлүмүн тандоо керек.

Ошондой эле, алынган убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары жөнүндө маалымат Санариптик ден соолук профилинде да бар.

Убактылуу эмгекке жарамсыздык санариптик баракчасы ошол эле саламаттык сактоо уюмдары кагаз жүзүндө берген «убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары» болуп саналат, мындан ары алар атайын маалыматтык системанын жардамы менен толтуруп, өткөрүп жана сакташат.

Жарандын жеке маалыматтары маалыматты коргоо жана анын купуялуулугун сактоо үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылган «Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы» маалымат системасында сакталат. Кызматкердин диагнозу жөнүндө маалымат иш берүүчүгө берилбейт, документти берүү себептери гана (оору, кош бойлуулук жана төрөт, карантин, жаракат алуу жана кырсык, кесиптик оору, бейтапты кароо) көрсөтүлөт. Убактылуу эмгекке жарамсыздыктын санариптик баракчалары үчүнчү тараптарга жеткиликсиз.

 

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо системасынын медициналык документтерди электрондук документ түрүндө жүргүзүү бөлүгүндө иш процессин уюштуруу жөнүндө жобону бекиткен. Жобого ылайык, медициналык документтерди кагазсыз жүргүзүү иштери этап-этабы менен жүрүп жатат.

29.08.2023
Токтогулда Гемодиализ борборунун ачылышы медициналык жардам көрсөтүүдөгү жаңы кадам!

28-августта Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында жеке менчик Гемодиализ борборунун ачылышы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуудагы маанилүү этап. 

 

Ачылыш аземге Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Жалал-Абад облусунун ММК фондунун аймактык башкармалыгынын башчысы, Токтогул районунун акими, Токтогул шаарынын мэри, Гемодиализ борборлорунун ассоциациясынын жетекчиси, ошондой эле медицина кызматкерлери жана шаардын тургундары катышты.

 

Гемодиализ борбору өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптарды жогорку технологиялык дарылоону камсыз кылган заманбап диализ аппараттары менен жабдылган. Алгач төрт аппарат тажрыйбалуу медициналык адистердин көзөмөлүндө иштеп, процедуралардын коопсуздугуна жана сапатына кепилдик берет. Андан ары гемодиализ аппараттарын жетиге чейин көбөйтүү пландалууда.

 

"Токтогул шаарында гемодиализ борборунун ачылышы КР Саламаттыкты сактоо министрлиги, жеке ишкерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тыгыз кызматташтыгынын натыйжасы. Бул кадам гемодиализге муктаж бейтаптарды натыйжалуу жана жеткиликтүү дарылоого жардам берет", — деди Саматбек Тойматов, министрдин кеңешчиси.

 

Жалал-Абад облусу боюнча ММК фондунун аймактык башкармалыгынын директору Акмат Самарбеков белгилегендей, Токтогул району боюнча 70тен ашык адам гемодиализге муктаж жана алардын баары Бишкек шаарында диализ алууга аргасыз. Жашоочулар эми жашаган жеринде диализ ала алышат, бул алардын жашоо сапатын бир топ жакшыртат. 

 

Токтогул шаарынын тургуну Калипа Токтогулова уулу акыркы 5 жылдан бери диализ алып жатканын айтты. «Токтогул шаарында гемодиализ борборунун жоктугунан улам, балабыз тынымсыз диализден өтүүгө аргасыз болгондуктан, Бишкек шаарында батир ижарага алып жашоого аргасыз болдук. Азыр биз үйгө кайтып келдик. Жеке ишкерлер менен биргеликте диализ менен ооругандардын жашоо сапатын жакшыртып жаткан Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатыровага, министрликтин кызматкерлерине жана гемодиализ борборунун жетекчиси Айдар Казатовго терең ыраазычылык билдиребиз. Азыркы учурда мамлекет жеке борборлор көрсөткөн диализ кызматына кеткен каражатты ММК фонду аркылуу кайтарып берет. Гемодиализдин кийинки сеансына акчаны кайдан аларыбызды билбей калган учурлар болгон. Мен дагы бир жолу аткарылып жаткан иштер үчүн ыраазычылык билдирем», - деди ал.

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 5-даражадагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган 2728 бейтапты гемодиализ кызматы менен толук камсыздап, 2023-жылдын 6 айында 170,5 миң гемодиализ сеансы жүргүзүлүп, республикалык бюджеттен 1,1 млрд сом бөлүнгөнүн белгилейбиз. 2021-жылдан бери бюджеттик негизде гемодиализ алуу үчүн бейтаптардын кезеги жок.

25.08.2023
Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеп алган сегиз бейтап ооруканага жаткырылды

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борбору 2023-жылдын 25-августунда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында белгисиз ит тиштеп алган окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Эпидемиологиялык иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын 8 тургунун 1 белгисиз ит тиштеп алганы аныкталган. Ит табылып жок кылынды. Баткендеги ветеринардык лабораторияга кийинки изилдөө үчүн патологиялык материал (иттин мээси) алынды. Ошондой эле бул ит 3 баш бодо малды тиштеп алган, алар 10 күндүк байкоодо турат.

Бул иттин тиштөөсүнөн жабыркагандардын бардыгы Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык жардам көрсөтүү борборунун травматология бөлүмүнө жаткырылып, аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу дайындалган.

Инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар улантылууда.

Биз бардык жарандарды сак болууга жана мындай окуяларды өз убагында билдирүүгө чакырабыз. Коомчулуктун коопсуздугун сактоо үчүн өз убагында жооп кайтаруу жана кызматташуу маанилүү экенин унутпаңыз.

 

Кутурма – бул вакцина менен башкарылуучу зооноздук вирустук оору.

Кутурма вирусунун адамдарга жугушу дээрлик 99% учурда үй иттеринен болот.

Ошол эле учурда кутурма үй жаныбарларын гана эмес, жапайы жаныбарларды да жабыркатышы мүмкүн.

Инфекция адамга жана жаныбарларга тиштеп же тытып алганда, көбүнчө шилекей аркылуу жугат.

Эгер сизди белгисиз ит тиштеп алган болсо:

- чаккан жерди дароо самын менен жуу;

- андан кийин тез арада жакынкы тез жардам бөлүмүнө кайрылуу керек же тез жардам кызматын чакыруу керек;

- дарыгер белгилеген эмдөө курсунан өтүү зарыл.

Дарыгер тиешелүү адистерге жөнөтөт, дарылоо курсу тиштегендин мүнөзүнө жана бейтаптын абалынын оордугуна жараша жекече тандалат. Эмдөө акысыз.

25.08.2023
Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу ооруканада оңдоо иштери башталды

Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу ооруканада оңдоо иштери жүрүп жатат, бул медициналык жардам көрсөтүү шарттарын бир топ жакшыртат. Оорукананын экинчи корпусунун имаратына өзгөчө көңүл бурулууда, анда мурун жеке менчик көз клиникасы жайгашкан. Бул имаратта 80 койкалуу неврология бөлүмү түзүлөт. Мындан тышкары, №2 клиникалык көп тармактуу оорукананын башкы корпусунда жайгашкан пульмонология бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Оңдоо иштери Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында каржыланат.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө имараттын ички жасалгалоо иштерин жүргүзүү, эшиктерди, полдорду алмаштыруу, ошондой эле канализация жана суу түтүктөрүн алмаштыруу пландалууда. Мындан тышкары, электр зымдары алмаштырылып, палаталарда жаңы душ кабиналары, санузел орнотулат. Оңдоо иштери үч айга жакын убакытка созулары күтүлүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери оорукананын ишин жакшыртып, медицина кызматкерлери жана бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Бул иш-аракеттер оорукананын аянтын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

24.08.2023
Кыргыз Республикасында жакынкы 5-7 жылга багытталган Улуттук эмдөө стратегиясын талкуулоо

Бүгүн, 2023-жылдын 24-августунда, жакынкы 7 жылга багытталган Улуттук эмдөө стратегиясын иштеп чыгуу боюнча талкуулар башталды. Иш-чаранын катышуучулары улуттук эмдөө программасын тыкыр карап чыгуу, ошондой эле стратегиялык артыкчылыктарды аныктоо жана тиешелүү максаттарды жана милдеттерди иштеп чыгуу үчүн чогулушту.

Жаңы стратегия саламаттыкты сактоонун башка маанилүү программаларын, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардам (БМСЖ) программасын колдоо үчүн негиз болот. Ал Кыргызстанда иммунизациялоо стратегияларын ийгиликтүү ишке ашырууга кызыкдар тараптарды, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жана донорлорду тартуу үчүн маанилүү инструмент катары кызмат кылат.

Бул талкуу Кыргыз Республикасы тарабынан калкты сапаттуу медициналык жактан коргоо жана жарандардын ден соолугун чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан кеңири аракеттердин бир бөлүгү болуп саналат. Иш-чаранын жыйынтыгы өлкөдөгү калктын ден соолугун чыңдоого салым кошкон узак мөөнөттүү стратегияларды иштеп чыгууга салым кошуп, олуттуу таасирин тийгизери күтүлүүдө.

«Пландаштырылган эмдөө – бул бүткүл дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоо кызматтары үчүн экономикалык жактан натыйжалуу стратегия, аны ишке ашыруу балдардын илдеттеринин деңгээлин кескин түрдө төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет», - деди Зинат Бейшебаева, министрликтин Коомдук саламаттыкты сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо башкармалыгынын жетекчиси.

"Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) тарабынан уюштурулуп жаткан бүгүнкү иш-чара Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгына жана бакубаттуулугуна карата биздин жалпы милдеттенмебизди билдирет. Иммунизациялоонун улуттук стратегиясын иштеп чыгуу - бул адамдардын ден соолугун чыңдоодогу негизги кадам. Биздин бүгүнкү күч-аракетибиз Кыргызстандагы коомдук саламаттыкты сактоонун келечегине маанилүү таасир этээри шексиз”, - деди ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско.

«Өлкөнүн иммунизациялоо программасынын алдында турган улуттук жана субнационалдык деңгээлде иммунизациялоонун камтылышынын азайышы, эмдөөгө суроо-талаптын азайышы сыяктуу учурдагы көйгөйлөр Саламаттыкты сактоо министрлигинен калкты иммунизациялоону стратегиялык пландоону жана эмдөө программасынын натыйжалуулугун жогорулатууну талап кылат», - деди Кристин Жольм, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү.

24.08.2023
Япония өкмөтү Улуттук кардиология жана терапия борборуна заманбап эхокардиограф аппаратын тапшырды

Бүгүн, 2023-жылдын 24-августунда Улуттук кардиология жана терапия борборунда Япония Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында медициналык жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү. Гранттык контрактка ылайык, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жалпы суммасы 6 634 544 сомду түзгөн кызыл өңгөч аркылуу эхокардиография жасоо үчүн датчиги бар эксперттик класстагы көчмө санариптик УЗИ системасы тапшырылды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидеки мырзанын катышуусунда өттү.

Өзүнүн ыраазычылык сөзүндө министр Япониянын элчиси Года Хидеки мырзага, «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» программасынын координаторлоруна саламаттыкты сактоо уюмдарын жабдуулар менен камсыздоодо көрсөткөн колдоосу үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. «Берилген портативдик ЭХОКГ аппараты менен курч коронардык синдрому бар бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын мындан ары да жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү шашылыш кардиологиялык кызматты чыңдоо, бейтаптарга медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», - деп белгиледи Гүлнара Баатырова.

24.08.2023
Чаек айылында санитардык-эпидемиологиялык башкармалыктын вакцина сактоочу кампасы оңдолду

Чаек айылында Жумгал райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүндө вакциналарды сактоочу кампа оңдоп-түзөөдөн өттү. Терезе, эшик, пол жана электр тармактарын алмаштыруу менен имараттын ички жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле желдетүү системасы, кондиционер жана генератор орнотулду. Оңдоо иштерин жүргүзүү Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоору аркылуу мүмкүн болду.

Кошумчалай кетсек, аталган долбоордун алкагында буга чейин Москва, Кемин, Базар-Коргон райондорунун санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдөрүндө, ошондой эле Талас райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда вакциналарды сактоочу 4 кампа оңдолуп бүттү.

Учурда Токтогул, Ала-Бука, Баткен жана Жалал-Абад шаарларындагы райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунда, ошондой эле Араван, Ак-Талаа жана Кербен айылдарында жайгашкан санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмдөрүндө вакциналарды сактоочу 7 кампаны куруу иштери жүрүп жатат. Бишкек шаарындагы оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун курулуш иштеринин башталышы күтүлүүдө.

Долбоордун максаты - тийиштүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү.

24.08.2023
Үй-бүлөлүк медайымдар баштапкы медициналык кызматта негизги ролдо

2023-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Медайымдар Ассоциациясы менен биргеликте тегерек стол өткөрүп, анда баштапкы медициналык-санитардык жардамда (БМСЖ) иштеген үй-бүлөлүк медайымдардын жаңы кызматтык нускамаларын киргизүү тажрыйбасы талкууланды.

Бул негизги этап Германия өкмөтү каржылап, GIZ уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан «Баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү» кыргыз-герман долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылып, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана калкты медициналык жактан тейлөө спектрин кеңейтүүгө багытталган.

Калкка медициналык жардам көрсөтүүдө комплекстүү мамиленин, заманбап стандарттардын жана алдыңкы тажрыйбанын негизинде үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана үй-бүлөлүк медайымдардын жаңы кызматтык нускамаларын иштеп чыгуу негизги жетишкендиктердин бири болду. Бул маанилүү кадам үй-бүлөлүк медайымдарга көбүрөөк автономдуу иштөөгө мүмкүндүк берет, анын ичинде бейтаптарды кабыл алууларды жүргүзүү, төрөткө чейинки кароого жардам берүү, ал тургай, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн колдоо сыяктуу социалдык маселелерге көмөктөшүү.

Комплекстүү мамиле кылуунун жана адамдын ден соолугунун маселелерине активдүү катышуусунун принциптерин колдоо менен жаңы нускамалар медайымдарга ооруларды дарылоого гана эмес, бейтаптардын ден соолугуна таасир этүүчү социалдык факторлорду аныктоого да көңүл бурууга мүмкүндүк берет.

Тегерек столдо Ош шаарынын жана Чүй облусунун пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу менен бирге медайымдык ишти өнүктүрүүнүн келечектеги кадамдары, жаңы нускамаларды өркүндөтүү жана мындан ары ишке ашыруу жолдору талкууланды.

Бул маанилүү иш-чара Саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейин “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” программасында белгиленген максаттарды камтып, Кыргызстандын калкына сапаттуу жана комплекстүү медициналык жардам көрсөтүү үчүн медайымдык практиканы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтөт. Германиянын тажрыйбасы жана эксперттик колдоосу аркылуу Саламаттык сактоо министрлиги менен Медайымдардын Ассоциациясынын биргелешкен аракеттери өлкөнүн бардык жарандары үчүн дени сак жана туруктуу келечекти курууга жардам берет.

23.08.2023
Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге кошулууга ниеттенүүдө

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстанда рак оорусуна көзөмөлдү жакшыртуу боюнча Миссиясы 2023-жылдын 21-августунан 25-августуна чейин Бишкекте болот.

Бүгүн, 23-августта Бишкекте Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге Кыргызстандын кирүүсүн талкуулоо боюнча тегерек стол өттү.

«Онкология маселеси, өзгөчө балдар онкологиясы, биздин өлкө үчүн актуалдуу. Кыргызстанда 2022-жылы 180 бала онкология менен катталса, ага чейин жыл сайын 120га жакын бала аныкталчу. Биз диагностикалык методдорду, аныктоо куралдарын өркүндөтүү, керебеттердин санын кеңейтүү жана техникалык базаны жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барып жатабыз. Дары-дармектерди ачык пландаштырууну жана бөлүштүрүүнү камсыз кылуу үчүн онкологиялык бейтаптардын санариптик реестри түзүлөт. Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге кошулуу ниетинде. Бул жол берилгис ажырымды жоюу жана баланын рак оорусуна байланыштуу эң оор сыноолорду башынан өткөрүп жаткан ата-энелерге үмүт берүү үчүн жасалган кадам», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Маалымат үчүн:

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча болжол менен 400 000ге жакын бала (0-19 жаштагы) рак оорусуна чалдыгышат. Рак оорусуна чалдыккан 10 баланын дээрлик 9у кирешеси төмөн жана орто мамлекеттерде жашашат. Рак жыл сайын 100 000ге жакын баланын өмүрүн алат.

Ушуга байланыштуу, Иуда Фаддейдин Ыйык апостолу ооруканасы 2018-жылы Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгени ишке киргизди. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен бирге Иуда Фаддейдин Ыйык апостолу ооруканасы Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгенин платформасын түздү. Ал 2030-жылга карата балдардын эң кеңири тараган рак оорусунан жашап кетүү көрсөткүчүн 60% га чейин жогорулатууга багытталган. Бул балдарга онкологиялык жардам көрсөтүү үчүн дары-дармек менен камсыздоо боюнча алгачкы дүйнөлүк платформа аз жана орто кирешелүү өлкөлөрдө балдардын рак ооруларын дарылай турган дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Платформа өлкөлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтөт: өлкөнүн билдирмелерин консолидациялоодон жана суроо-талапты түзүүдөн баштап; дары-дармектерди тандоодо өлкөлөргө жардам көрсөтүү; дарылоо стандарттарын иштеп чыгуу; жардамдын натыйжалуулугун көзөмөлдөө жана инновацияларды стимулдаштыруу үчүн маалыматтык системаларды түзүүгө чейин.

Ошондой эле, ДССУнун Миссиясы Кыргызстанга жогорку квалификациялуу онкологиялык жардам көрсөтүүдө орун алган көйгөйлөрдү аныктоо жана алынган маалыматтардын жана аларды талдоонун негизинде эрте аныктоо жана дарылоо боюнча иш-чараларды пландаштырууга жана ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү стандарттарды жана методдорду иштеп чыгууга жардам берүү, онкологиялык ооруларды дарылоо, паллиативдик жардам көрсөтүү жана онкологиялык оорулардан жапа чеккендерге колдоо көрсөтүү, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн мыкты жолдорун иштеп чыгуу жана өлкөгө сунуш кылуу үчүн жөнөтүлгөн.

22.08.2023
КР Саламаттыкты сактоо министри менен ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы жетекчиси саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулашты

2023-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы жетекчиси доктор Ливиу Ведраско менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен ДССУнун ортосундагы өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын реформалоо жана өркүндөтүү боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өлкө боюнча кеңсесинин жаңы жетекчиси кеңсенин артыкчылыктары жана келечектеги пландары тууралуу маалымат берди. Ал КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун ортосундагы кызматташтыктын жети жылдык планын иштеп чыгууну талкуулады, ал эң артыкчылыктуу багыттарды камтыйт жана ден соолукту коргоо жана 2030-жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук программага шайкеш келет. План ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагына финансылык инвестицияларды тартууга жана баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоого жардам берет. Доктор Ведраско саламаттыкты сактоо системасы эффективдүүлүгү жана медициналык туризм боюнча лидерлердин бири болгон Таиландды мисал келтирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстанда олуттуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган эки тараптуу кызматташууга макулдашышты. Алар кызматташтыкты өркүндөтүү жана өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу үчүн биргелешип иштөө ниетин билдиришти.

«Бул кызматташтыктын маанилүүлүгүн түшүнүү менен биз ДССУ менен болгон өнөктөштүгүбүз Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүдө жана модернизациялоодо, ошондой эле жарандарыбызга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө маанилүү роль ойнойт деп ишенебиз», - деди министр Гүлнара Баатырова жолугушуу учурунда.

21.08.2023
Ош шаарындагы баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматынын инфраструктурасын жакшыртуу

Ош шаарынын саламаттыкты сактоо тармагында, анын ичинде шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун (ҮМБ) жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун (ҮДТ) инфраструктурасында олуттуу жылыштар байкалууда. 750 миң адамдан ашкан калктын динамикалык өсүшү менен медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Шаардын саламаттыкты сактоо боюнча координатору Эрмек Нурумбетов белгилегендей, расмий статистикада 367 548 жашоочу катталганы менен, иш жүзүндө медициналык мекемелер жана алардын филиалдары 1 миллионго жакын жаранды тейлейт.

 

Жалпысынан борбордук ҮМБда, 11 филиалында жана 10 фельдшердик-акушердик пунктта 900дөн ашык медицина кызматкери эмгектенет, бул алардын иштөө шарттарын жакшыртуу зарылдыгын көрсөтөт. Маалым болгондой, Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратында косметикалык оңдоо иштери кызуу жүргүзүлүп, инфраструктурасы жаңыланууда. ҮМБнын №8 филиалында канализация түтүктөрүн алмаштыруу, терезелерди алмаштыруу жана фасадды жаңылоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, №2, 3 жана 4-филиалдарында да оңдоо иштерин жүргүзүү пландалган.

 

Мындан тышкары, бардык медициналык мекемелерде коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп,видеокөзөмөл системасы орнотулууда.

Ички органдардын ооруларын диагностикалоо жана алдын алуу иштерин жакшыртуу максатында 7 даана УЗИ диагностикалык аппараттар сатылып алынып, аларды Ош шаарынын БҮМБнын бардык бөлүмдөрүнө бөлүштүрүү пландалууда. Ошондой эле флюорографиялык аппарат сатып алуу да планда бар.

 

Лабораториялык кызматты борборлоштуруунун алкагында лабораториялык анализдерди жана стерилдүү медициналык аспаптарды ташуу үчүн автотранспортторду сатып алуу пландаштырылууда. Бул кадамдар Ош шаарында саламаттыкты сактоону жакшыртуу жана өсүп жаткан калкка медициналык тейлөөнү жакшыртуу аракетинин бир бөлүгү.

 

Медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана медициналык практиканын жогорку деңгээлин камсыз кылуу максатында дарыгерлерди, медайымдарды жана башка адистерди системалуу окутуу семинарларын жана курстарын өткөрүү пландаштырылууда. Бул медицина тармагындагы заманбап билимдерди жана көндүмдөрдү өркүндөтүүгө жана дарылоонун заманбап ыкмаларын колдонууга мүмкүндүк берет.

 

Бейтаптар менен байланыш түзүүгө да өзгөчө көңүл бурулат. Кабыл алуу, консультацияларды жана медициналык маалыматтарды алуу үчүн маалымат каналдарын жана онлайн платформаларды өнүктүрүү пландаштырылууда. Бул медициналык система менен өз ара аракеттенүүнү ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.

 

Мындай масштабдуу пландар жана аракеттер Ош шаарында медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана бейтаптарга да, медицина кызматкерлерине да ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

 

Жалпысынан алганда, Ош шаарынын саламаттыкты сактоо системасын өркүндөтүү пландары инфраструктураны жана технологиялык ресурстарды жаңылоодон баштап, бейтаптарды тейлөөнү жакшыртууга жана медициналык персоналды колдоого чейин комплекстүү мамилени камтыйт. Бул чаралар шаардын бардык жашоочулары үчүн дени сак жана бакубат чөйрөнү түзүүгө багытталган.

18.08.2023
Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн тренинг: Заманбап коммуникация каражаттарын жана технологияларын өздөштүрүү

Заманбап саламаттыкты сактоо жогорку деңгээлдеги медициналык билимди гана эмес, эффективдүү коммуникация жөндөмүн да талап кылат. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен сапаттуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Ош шаарынын жана Ош облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн тренинг өткөрүү демилгесин көтөрдү. Ушундай эле тренинг Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн өткөрүлөт жана келечекте башка аймактарды да тартуу жана окутуу пландалууда.

Бул тренингдерди уюштуруунун максаты - тренингдин катышуучуларынын коммуникация чөйрөсүндөгү көндүмдөрүн жана билимдерин өнүктүрүү жана атайын медициналык тармакка багытталган заманбап коммуникациялык куралдарды, анын ичинде социалдык медиа маркетинги (SMM) жана мобилографияны колдонууда ишенимин арттыруу аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана позитивдүү тажрыйбаны камсыз кылуу үчүн инсанга багытталган мамилени киргизүү.

 

Бул тренингдер “Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө көмөктөшүү” кыргыз-герман GIZ долбоорунун техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө.

18.08.2023
Улуттук госпиталдын кызматкерлери акцияны колдоп кан тапшырышты

Башкы дарыгер баштаган Улуттук госпиталдын жетекчилиги жана кызматкерлери четте калбай, кан тапшыруу боюнча кайрымдуулук акциясына активдүү катышты.

Адатта, "баррикаданын каршы тарабында" туруп, донорлорду кабыл алган оорукананын кызматкерлери бул жолу өздөрү маанилүү иш-чаранын катышуучулары болушту.

Госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов белгилегендей, донордук - жардамга муктаж бейтаптардын өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү гана эмес, жарандык позициянын, коом алдындагы жоопкерчиликтин жана жакыныңа болгон камкордуктун белгиси. «Донор болуу – бул башка адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн өзүңүздүн бир бөлүкчөңүздү берүү. Бүгүн биз сиздерди донордук акцияга катышууга чакырабыз. Бул сиздин бир-эки сааттык убактыңызды алат, бирок ал кимдир бирөөгө бүтүндөй өмүр тартуулайт”, - деген чакырык жасады Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов.

Башкаларга жардам берүү ар дайым актуалдуу болуп саналат жана мындай иш-аракеттер медицина тармагынын өкүлдөрү тарабынан колдоого алынганда, бул бүткүл коомду шыктандырат. Улуттук госпиталдын кызматкерлеринин үлгүсү дагы көп адамдарды кайрымдуулук жана донордук иш-чараларга катышууга үндөйт деп ишенебиз!

18.08.2023
Бишкектеги «Кургак учук учурун башкаруу»

Бишкек шаарынын №9-ҮМБнын (үй-бүлөлүк медицина борборунун) райондук фтизиатры Бүкөш Асылымбекова мурда кургак учук негизинен стационардык дарыланганын, б.а. оорулуулар кургак учукка каршы ооруканаларда айлап жатууга туура келгенин, жумушун же окуусун көпкө калтырганын эскерет. Алардын жакындарына ооруканада узак убакыт жаткан тууганын колдоо психологиялык жана экономикалык жактан да кыйын болгон. «Бирок, белгилүү болгондой, кургак учукка каршы дарыланып жаткан адамдар дарылоо башталгандан көп өтпөй башкаларга жугуштуу болбой калышат, - деп белгилейт дарыгер. - Демек, мындан ары алар дарылоону амбулатордук шарта, б.а. үйдө – тааныш шарттарда жашап, күн сайын жакынкы баштапкы медициналык мекемеге дарыланууга барып, уланта алышат».

Кыргызстанда 2018-жылдан баштап, кургак учукту амбулаториялык дарылоо USAIDдин колдоосу менен иштелип чыгып, ишке киргизилип жаткан «Кургак учук учурун башкаруу» ыкманын негизинде ишке ашырылууда. Бул ыкма боюнча бейтаптын дарылоосун райондук фтизиатр-дарыгер, үй-бүлөлүк дарыгер, үй-бүлөлүк медайым (же айылдык фельдшер) түзгөн медкызматкерлердин тобу жүргүзөт. «Бейтапты жашаган жери боюнча дарылоодо чоң плюс бар, анткени үй-бүлөлүк дарыгер жана үй-бүлөлүк медайым бул бейтаптын кандай шартта жашаарын, дарыланууга канчалык берилерин башкалардан жакшы билишет», - деп эсептейт №9-ҮМБ караштуу Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун биринин үй-бүлөлүк дарыгери Шайирахан Махмудова.

№9-ҮМБнун директорунун орун басары Лира Жайлообаеванын айтымында, медициналык кызматтын бейтаптын жашаган жерине жакындашы – бул бир жагынан бейтаптын ыңгайлуулугу, экинчи жагынан үзгүлтүккө учураган дарылоолордун азайышы: «Биз шаардын четинде турабыз, адамдар болсо, шаарды аралабай, үйдүн жанында дарыланганды ыңгайлуу көрүшөт. Жол киреге да корошпойт. Натыйжада учурда биз дарылоосун үзгүлтүккө учураткан кургак учук менен ооруган бейтаптардын санын азайгандыгын көрүп жатабыз».

Кургак учукту ийгиликтүү дарылоонун башкы шарты – бул медициналык кызматкердин көзөмөлү астында кургак учукка каршы дары-дармектерди күн сайын кабыл алуу. Ошондуктан баштапкы медициналык мекеменин милдети – бейтаптын кызыкчылыгын эске алуу менен үзгүлтүксүз дарылоо үчүн шарттарды уюштуруу. Үй-бүлөлүк дарыгер Махмудованын камкордугундагы бир бейтап жалпы пикирди мындайча билдирет: «Белгилүү бир убакта медайым бизди күтөт, дарыларыбызды убагында ичебиз. Айына бир жолу текшерилип, анализдерди тапшырабыз. Кезекке турмай жок».

Бишкек шаарында кургак учук менен ооругандарды үй-бүлөлүк медицинанын камкордугуна өткөрүү алдында USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбору №9-ҮМБда эле 130га жакын кызматкерди окуткан. Андан башка, ишин санариптештирүүдөн баштап бардык керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздоого чейин, райондук фтизиатрдын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, кургак учук менен ооруган бейтаптарды баштапкы медициналык мекемелерге берүү алардын кызматкерлеринин жумушун көбөйүшүнө алып келгендиктен, аларга материалдык стимулдаштыруу атайын системасы иштелип чыккан. Бул система боюнча оң натыйжанын негизинде, б.а. дартты ийгиликтүү дарылоо үчүн гана төлөмдөр каралган: 

-12000 сом – дарыга сезгич кургак учук менен ооруган бейтапты дарылоо үчүн,

- 24000 сом – дарыга туруктуу кургак учук менен ооруган бейтапты дарылоо үчүн.

Лира Жайлообаеванын айтымында, «бул каражаттар аткарылган иштин көлөмүнө жараша аталган бейтаптын дарылоосуна катышкан медкызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрүлөт. Өткөн жылдан бери №9-ҮМБнун кызматкерлери кургак учук менен ооруган 52 бейтапты ийгиликтүү дарылагандыгы үчүн эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү алышкан».

Мындай медициналык кызматкерлердин бири үй-бүлөлүк медайым Нарынгүл Шамшиева алгачкы эки бейтап үчүн төлөм алганда таң калганын эскерет: «Ошол акча жакшы иштерге жарап берди. Курулуш иштерин жүргүзүп атам, көптөгөн чыгымдарды жаба алдым». Учурда Нарынгүлдүн дагы бир бейтабы кургак учукка каршы дарылоо курсун ийгиликтүү аяктап, шаардык консилиумунун чечимин күтүп жаткан кез. Анын жыйынтыгында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бул бейтапты дарылаган медкызматкерлерге стимул төлөмдөрдү берүү жөнүндө чечим кабыл алыш керек.

 

18.08.2023
Түрк медициналык конгрессинин алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды

16-17-августта Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өткөн Түрк медициналык конгрессинин алкагында Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев жана Түркия, Өзбекстан, Азербайжан өлкөлөрүнүн Саламаттык сактоо министрлери менен эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү. 
Жолугушууларда Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн медициналык уюмдары менен медициналык жогорку окуу жайларынын ортосундагы байланышты активдештирүү, Түрк медицинасы ассоциациясын түзүү маселелери талкууланды. Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын медициналык дипломдорун өз ара таанууну камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдарда өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

16.08.2023
Кыргызстандын делегациясы медициналык форумга катышууда

2023-жылдын 16-17-августунда Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында эл аралык медициналык иш-чара өтүп жатат, ага Кыргызстандан саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев баштаган делегация катышууда. Иш-чаранын негизги максаты - Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө болгон Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия мамлекеттеринин калкынын бакубаттуулугун жана саламаттыгын камсыздоо.

Иш-чаранын программасына ылайык Бүткүл дүйнөлүк түрк медициналык конгресси өтүп, ага катышуу үчүн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин гана эмес, Татарстандын да саламаттыкты сактоо министри келди.

Конгрессти Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев ачып, бүгүнкү иш-чаранын мааниси, максаттары жана күтүлүп жаткан жыйынтыктарга токтолду.

КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев өз сөзүндө бул конгресс түрк мамлекеттеринин медицина адистеринин башын кошкон маанилүү окуя экенин белгиледи. Ал ошондой эле конгресстин жүрүшүндө катышуучу өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо системасын жакшыртуу боюнча инновациялык сунуштар айтыларын кошумчалады. «Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасы кабыл алынып, анда өлкөбүздү өнүктүрүүнүн негизги социалдык-экономикалык демилгелери аныкталган. Улуттук программада белгиленгендей, өлкөнүн келечегине стратегиялык көз караштын болушу өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетишүүгө көмөктөшүүчү тармактык/системалык программалардын алкагында долбоорлорду жана пландарды ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Калктын ден соолугун коргоо жана Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» программасы өлкөнүн бардык аймагында калктын ден соолугун жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуучу системаларды чыңдоого, калктын ден соолук көрсөткүчтөрүн максималдуу жакшыртууга, ден соолукка болгон теңсиздикти кыскартууга жана финансылык жактан коргоого көмөктөшөт.

Системаны өнүктүрүүдө заманбап электрондук саламаттыкты сактоонун ролу абдан маанилүү, ошондуктан медициналык технологияларды өнүктүрүүгө, баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоого, ошондой эле мамлекеттердин улуттук илимий-техникалык билим берүү уюмдарынын ортосундагы тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Биз ошондой эле кызматташуунун маанилүүлүгүн жана саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдеринде, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууда сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгилейбиз.

Калкка сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызматтарды көрсөтүү максатында биздин өлкөлөр ортосундагы органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташууну кеңейтүү дагы эле өтө актуалдуу жана маанилүү маселе экендигин белгилегим келет.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу биздин тажрыйбабыз көрсөткөндөй, саламаттык сактоо системасын чыңдоо негизги медициналык кызматтарды колдоо үчүн гана эмес, өзгөчө кырдаалдарга эффективдүү жооп кайтаруу үчүн да маанилүү.

Мен биздин өлкөлөр бирдиктүү, тең укуктуу, туруктуу саламаттык сактоо системасын куруу жана бекемдөө милдеттерин чечүү үчүн БИРГЕ иш алып бараарыбызга ишенем», - деди министрдин орун басары.

 

Ошондой эле, программанын алкагында өзбек-түрк медициналык форуму өтүп, медициналык көргөзмө уюштурулду. Түштөн кийин Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин жыйыны болду. Жолугушууда саламаттыкты сактоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.

14.08.2023
Кыргыз Республикасында кызамык оорусунун абалы тууралуу маалымат

 

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери 1704 кызамык оорусу аныкталган. Кызамык оорусунун аймактык бөлүнүшү боюнча Бишкек шаарында - 361 учур, Ош шаарында - 277, Ош облусунда - 609, Баткен облусунда - 89, Чүй облусунда - 165, Жалал-Абад облусунда - 94, Талас облусунда - 74 , Ысык-Көл облусунда – 59 , Нарын облусунда – 6 учур катталды.

Акыркы маалыматтарга ылайык, КМШ өлкөлөрүндө кызамык оорусуна чалдыккандардын өсүшү төмөнкү мамлекеттерде белгиленген: Тажикстанда – 528, Россия Федерациясында – 5000, Казакстанда – 3000, Өзбекстанда – 89, Түркияда – 2147 учур. 

   Белгилей кетсек, баш тартуулар ата-энелери В вирустук гепатитине жана кургак учукка каршы профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тарткан жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында катталууда. Түзүлгөн кырдаал сезгич контингенттин топтолушуна, популяциялык (жамааттык) иммунитеттин төмөндөшүнө жана вакцина менен алдын ала турган кооптуу жугуштуу оорулардын айлануусу үчүн шарттарды түзүүгө алып келет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында кызамык оорусунун татаалдашынан улам Бишкек шаары боюнча 3 жаш курагында жана Чүй облусунда 1 жаш курагында эки өлүм катталган. Эки учурда тең, балдар профилактикалык эмдөө календарына ылайык эмдөөлөрдү алышкан эмес,  ата-энелер диний көз караштан улам баш тартышкан.

 

Маалымат үчүн:

Урматтуу ата-энелер!

Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө Кодексинин негизинде:

9-берене. Баланын ден соолугун коргоо укугунун негизги кепилдиктери.

1. Ар бир бала, жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте камсыз кылынуучу ден соолукту коргоонун, чыңдоонун жана медициналык-санитардык жардам алуунун ажыратылгыс укугуна ээ.

5. Ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар балдардын ден соолугуна тиешелүү кам көрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

6. Ата-энелер жана аларды алмаштырган адамдар, атайылап медициналык жардамга кайрылбагандар, эгерде бул баланын ден соолугуна зыян келтирсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде 5-беренеде. Иммунопрофилактиканы жүзөгө ашыруудагы жарандардын укуктары жана милдеттери

Профилактикалык эмдөөлөрдүн жоктугу төмөнкүлөргө алып келет:• массалык жугуштуу оорулар же эпидемия коркунучу болгон учурда жарандарды билим берүү мекемелерине жана ден соолукту чыңдоочу мекемелерге кабыл алуудан убактылуу баш тартуу;• жарандарды ишке алуудан баш тартуу же жарандарды жумуштан четтетүү, алардын аткарылышы жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу коркунучу менен байланышкан.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандарты жөнүндө токтомуна ылайык, 11-глава. 62-пункт. Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр баланы мектепке чейинки билим берүү уюмуна жайгаштырууда медициналык маалымкатты жана эмдөө картасын (063/У жана 26/У формалары) берүүгө жана мектепке чейинки билим берүү уюмунун кызматкерине анын саламаттыгы жөнүндө туруктуу негизде маалымдап турууга милдеттүү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2026-жылдын 11-апрелиндеги № 201 “Билим берүү уюмдарында окутуунун шарттарына жана уюштуруусуна карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” токтому 12-глава, 203-пункт. Балдарды мектепке кабыл алуу ден соолугунун абалы, эмдөөлөр жана жугуштуу оорунун жоктугу жөнүндө медициналык документтер болгондо жүргүзүлөт.Кызамык оорусу татаалдашуу менен коркунучтуу, өпкөнүн, мээнин, көздүн сезгенүүсү жана сокурлукка алып келиши мүмкүн. Оор учурларда өлүмгө алып келиши ыктымал.Кызамыка каршы эмдөө 12 айында жана 6 жашында  жүргүзүлөт.

14.08.2023
Кыргызстанга «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы тарабынан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн сатылып алынган дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын алгачкы партиясы келе баштады

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 21-июнунда «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына дары-дармек сатып алуу үчүн 1 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Ал эми 2023-жылдын июль айынан тарта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жогорку технологиялык фондунун жана борборлоштурулган иш-чаралардын алкагында саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармектерди, ошондой эле бул фонддордон тышкары дары-дармектердин айрым позицияларын алгачкы сатып алуу иштери башталган.

Алсак, июль айында Улуттук фтизиатрия борборуна, Улуттук госпиталга, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, ошондой эле экинчи баскычтагы башка саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармектер келип түшкөн.

2023-жылдын 14-августунда онкологиялык ооруларга каршы европалык өндүрүүчүлөрдөн 227 миллион сомго жакын суммага химиотерапиялык дарылар өлкөгө келе баштады.

Мындан тышкары, өлкө неонаталдык скрининг үчүн, эрте аныктоо, өз убагында дарылоо, майыптуулуктун жана оор клиникалык кесепеттерди алдын алуу, ошондой эле тукум куума оорулардан балдардын өлүмүн азайтуу үчүн европалык өндүрүштөн алынган дарыларды алат.

Жеткирүү графигине ылайык, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жума сайын келүүсү күтүлүүдө.

Алсак, Жогорку технологиялар фондунун өтүнмөлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борборлоштурулган иш-чараларынын алкагында келишимдерди түзүү аяктоодо, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жеткирүү график боюнча жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган фонддордун жана түзүлгөн келишимдердин алкагында дары-дармек каражаттарын сатып алуу менен 250 миллион сомго жакын каражат үнөмдөлгөн.

11.08.2023
iLab тутумунун жардамы менен Баткен облусунун тургундары үчүн 150 миңден ашык лабораториялык жыйынтыктар онлайн режиминде жеткиликтүү

«Санарип MED» максаттуу моделинин алкагында иштелип чыккан ILab лабораториялык маалымат системасы бүткүл өлкө боюнча ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Баткен облусунда 150 миңден ашык лабораториялык жыйынтыктар системага катталып, жарандарга онлайн режиминде жеткиликтүү. Санариптик ден соолуктун бул кадамы лабораториялык натыйжаларга ыңгайлуулук жана жеткиликтүүлүк алып келет.

iLab системасы бардык жарандарга лабораториялык натыйжаларды онлайн режиминде тез жана ыңгайлуу түрдө алууга мүмкүндүк берген санариптик чечим болуп саналат. Эми бейтаптар өз анализдерин көрө алышат, ошондой эле дарыгерлер же адистер менен аралыктан маалымат бөлүшө алышат, система QR-код менен корголгон, медициналык мекемеге барбастан, лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгын PDF форматында жүктөп алууга мүмкүндүк берет.

Ушул сыяктуу саламаттыкты сактоо маалымат системалары бюрократиялык жүктөрдү азайтат, натыйжаларды жеткирүү убактысын кыскартат жана кагаз документтерди алуу үчүн медициналык мекемелерге физикалык түрдө баруу зарылдыгын жокко чыгарат.

Лабораториялык натыйжаларга онлайн режиминде кирүүнү кааласаңыз, сизге төмөнкүлөр керек:

1. https://ilab.med.kg/ сайтына өтүңүз

2. "Анализ натыйжалары" бөлүмүнө өтүңүз

3. ПИН-кодду, паспорттун сериясын жана паспорттун номерин сактаңыз

4. Сиздин лабораториялык натыйжалар даяр

 

Ошондой эле, жарандарга Тундук мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу өз анализдеринин жыйынтыгын алуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча иштер жүрүп жатат, иш 2023-жылдын сентябрына чейин бүткөрүлөт.

Буга байланыштуу биз булуттук санариптик кол тамгаларды алууну жана саламаттыкты сактоо тармагында санариптик кызматтарды онлайн режиминде колдонууну сунуштайбыз.

Буга байланыштуу биз булуттук санариптик кол тамгаларды алууну жана саламаттыкты сактоо тармагында санариптик кызматтарды онлайн режиминде колдонууну сунуштайбыз.

10.08.2023
Алдынкы 7 жылга саламаттыкты сактоонун Улуттук планын иштеп чыгуу пландаштырылды

Замглавы Минздрава Бакыт Джангазиев провел совещание секретариата по разработке Национального плана по обеспечению безопасности здоровья, где были обсуждены результаты:

  • Совместной внешней оценки реализации мероприятий Международных медико-санитарных правил в республике
  • ежегодный отчет на основе самооценки по реализации мероприятий ММСП по 15 ключевым направлениям
  • оценки всех рисков в республике при проведении массовых мероприятий, в выявлении всех угроз, связанных с мероприятием, проведение оценки и количественного определения общего уровня риска, а также определение и учет мер предосторожности, которые помогут снизить риск и повысить уровень безопасности мероприятия
  • дорожной карты по единому здоровью

 

“Мы обязаны приложить все усилия и принять все необходимые меры по обеспечению готовности нашей системы для ответных мер на любые угрозы в области общественного здравоохранения”, - отметил заместитель министра здравоохранения Кыргызской Республики Бакыт Джангазиев.

На основе результатов всех ранее проведенных мероприятий запланирована разработка Национального плана по обеспечению безопасности здоровья на ближайшие 7 лет. Реализация данного Национального плана усилит подготовленность организаций здравоохранения к реагированию на различные чрезвычайные ситуации.