Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

28

03

2024

НЕКРОЛОГ

28.03.2024

НЕКРОЛОГ

27.03.2024

Бишкекте “Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдө кардиологияны өнүктүрүүдөгү инновациялар жана технологиялар” конгресси өтүүдө

25.02.2023
Бардык мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарындагы компьютердик томография кабинеттери бейтаптарды күнү-түнү кабыл алат

  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында диагностиканын заманбап жогорку технологиялык ыкмаларына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Республиканын калкына өз убагында консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында саламаттыкты сактоо уюмдарында орнотулган компьютердик томографтар (КТ) күнү-түнү иштөөгө өттү.

Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине диагностикалык кызматтардын баасын 1500 сомдон ашпай тургандай кылып иштеп чыгуу тапшырылды.

Бүгүнкү күндө компьютердик томографтар Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарындагы беш облустук бириктирилген ооруканаларда иштеп жатат.

Сатып алынган жабдуулар саламаттыкты сактоо системасына жеринде ар кандай ооруларга заманбап диагностикалык кызматтарды көрсөтүүгө, жергиликтүү саламаттыкты сактоо системаларынын потенциалын жогорулатууга, ошондой эле биздин өлкөнүн аймактарында жогорку технологиялык диагностиканын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле медициналык “сүрөттөрдү” борборлоштурулуп сүрөттөө үчүн маалымат системасын түзүү боюнча иштер башталды.

Быйыл Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” жана “Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу ERIK-CERC” долбоорлорунун алкагында эки ядролук магниттик-резонанстык томографтарды жана эки ангиографты, Азия өнүктүрүү банкы аркылуу эки компьютердик томограф жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору аркылуу алты компьютердик томографтарды жеткирүү күтүлүүдө.

Компьютердик томографиядан өтүүгө боло турган саламаттыкты сактоо уюмдарынын даректери:

- Ош облустар аралык бириккен ооруканасы. Дареги: Ош шаары, Верхне-Увамская көчөсү, 1. Байланыш телефондору: (0555) 68-33-44;

- Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасы. Дареги: Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү, 91. Байланыш телефондору: (0777) 50-22-90;

- Талас облустук бириккен ооруканасы. Дареги: Талас шаары, Бердике Баатыр көчөсү, 1а. Байланыш телефондору: (0700) 35-92-23;

- Нарын облустук бириккен ооруканасы. Дареги: Нарын шаары, Качкынов көчөсү, 5. Байланыш телефондору: (0706) 20-30-21;

- Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы. Дареги: Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү, 2. Байланыш телефондору: (0701) 96-01-44; (0703) 46-52-97.

24.02.2023
Баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү

Бүгүн 24-февралда КРнын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Германиянын Эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан «Баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү» кыргыз-герман долбоорунун жетектөөчү комитетинин отуруму болуп өттү. 

Жыйынга КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин, ММК фондунун, Электрондук саламаттык сактоо борборунун, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун, С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институнун өкүлдөрү, ошондой эле Чүй жана Ош облустарындагы пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана эл аралык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.   

Долбоор 2019-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү программасынын максаттарына шайкеш келет.                                                                                                         Ал «Дени сак адам - өнүккөн өлкө» долбоорунун негизинде баштапкы медициналык санитардык жардам кызматынын сапатын жогорулатууга багытталган. Бул Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын реформалоодо КРнын Өкмөтүнүн да артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

Жыйында саламаттыкты сактоо уюмдары 2022-жылдын жыйынтыгы менен тааныштырып, 2023-жылга пландарды талкуулашты. 

Жетишилген натыйжалардын ичинен баштапкы медициналык санитардык жардам (БМСЖ) көрсөтүү персоналынын компетенцияларын күчөтүү аркылуу адамга багытталган БМСЖ моделин киргизүү, Саламаттык сактоонун жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана социалдык коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, мамлекеттик кепилденген кызмат көрсөтүүлөрдүн пакетине кош бойлуу аялдардын, энелердин жана жаңы төрөлгөн балдардын укуктары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу сыяктуу аспектилерди бөлүп көрсөтүүгө болот.

Ошондой эле долбоордун алкагында 2023-жылга ММК фондуна БМСЖ кызматтарын кайра карап чыгууда колдоо көрсөтүү, кош бойлуу аялдардын БМСЖ кызматтарына жетүү укугу боюнча маалыматтык кампанияны өткөрүү, БМСЖ адистери үчүн тренингдерди жана окуу сапарларын өткөрүү пландаштырылууда.

 

Кыргызстан 1990-жылдардын башынан бери Германиянын өнүгүү жаатында кызматташуу боюнча өнөктөш-өлкөсү болуп саналат жана долбоор саламаттык сактоого өзгөчө көңүл буруу менен бекем өнөктөштүктү өнүктүрүүнү улантууда. Бул программада коюлган максатка жетүү үчүн долбоордун командасы баштапкы медициналык санитардык жардамды контексттештирүүдө жана келечекте анын тиешелүү моделин түзүүдө улуттук өнөккө колдоо көрсөтүүдө.                           

Атап айтканда, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кызматтарын реформалоону, көп тармактуу, интеграцияланган, Баштапкы медициналык санитардык жардамдын командалык моделин киргизүүнү, сапатты жогорулатуунун көп деңгээлдүү системасын чыңдоону жана мобилдик жана санариптик кызматтардын жардамы менен алыскы аймактардагы саламаттык сактоонун моделдерин өркүндөтүүнү билдирет. Бул аракеттердин өзөгүн адамга багытталган комплекстүү кам көрүү принциби десек туура болот.

«Биз саламаттыкты сактоо министрлигине интеграцияланган жардам моделин өнүктүрүү боюнча сунуштарды берүү менен бирге улуттук алкактарды жана колдонмолорду адаптациялоодо жана ишке киргизүүдө Ош жана Чүй облустарындагы айрым баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерин колдойбуз”, -деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Аида Болоталиева.

24.02.2023
Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукана ачылды

Бүгүн, 2023-жылдын 24-февралында Бишкекте кургак учуктун ар кандай түрлөрүн аныктоону жана дарылоону жакшыртуу максатында жаңы кургак учукка каршы оорукана бейтаптарды кабыл алуу үчүн эшигин ачты.

Медициналык мекеменин ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын делегациясы, Германия ФРнын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил, Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) аймактык директору Андреас Шнайдер катышты.

Мындай оорукана Кыргызстанда алгачкы жолу курулду, курулушу Германия Өнүктүрүү Банкынын (KfW) «Кургак учук V» программасын ишке ашыруунун алкагында каржыланды.

Оорукана 128 орундан (койка) турат, анын ичинен 48 керебет кургак учуктун туруктуу формасына, 48 керебет сезимтал формасынын жугуштуу түрүнө, 28 керебет кургак учуктун сезимтал формасынын жугушсуз түрүнө жана 4 керебет интенсивдүү терапия палатасына бөлүнгөн. Оорукана эл аралык жана улуттук инфекциялык көзөмөлдүн талаптарына ылайык курулган, ар бир бөлүмдүн кире бериштери атайын “чиптер” менен жабдылган, ошондой эле оорукананын ичинде “таза аймак” каралган.

Бөлмөлөрдүн аянты стандартка ылайык курулган, жана ар бир палатага өзүнчө санитардык түйүндөр коюлган (сан.узелдер). Ар бир бөлүмдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген бейтаптарды эске алуу менен курулган өзүнчө палаталар да бар.

Аталган кургак учукка каршы заманбап оорукана бардык керектүү медициналык аппаратуралар менен камсыздалды: УЗИ, ЭКГ, рентген жана флюроаппараттар, биологиялык, кан жана ИФА анализаторлору, термостат, дистиллятор ж.б.

Вентиляция системасы медицина кызматкерлеринин жана бейтаптардын коопсуздугун камсыздап, кирип-чыгуучу абаны тазалоо үчүн атайын фильтрлер орнотулган. Жалпы канализацияга кирген суу жергиликтүү септик системасы аркылуу зыянсыздандырат жана залалсыздандырылат.

Оорукананын аймагы буга чейин газон жана көчөттөр менен көрктөндүрүлгөн.

Саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова өз сөзүндө Германия Федеративдүү Республикасына, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо секторуна көрсөтүлгөн баа жеткис жардам үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ал Германия Федеративдүү Республикасы менен саламаттык сактоо жаатында мындан аркы жемиштүү кызматташууну улантуу Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын мындан ары да жакшыртууга багытталат деп белгиледи.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасында 2022-жылга карата Улуттук фтизиатрия борборунун берген маалыматы боюнча (КР ЮМ караштуу Жазаларды аткаруу кызматын кошкондо) кургак учук менен ооругандардын деңгээли 2021-жылга салыштырмалуу жогорулагандыгы белгиленген. Кургак учуктун 3996 учуру биринчи жолу аныкталган, кургак учук оорусунун көрсөткүчү 100 000 калкка 59,7 болгон, ал эми 2021 – жылдын ошол эле мезгилинде 3891 учур катталган-100 000 калкка 58,1. Оорунун эң жогорку деңгээли мурдагыдай эле Чүй облусунда калууда-100 000 калкка 93,7 (2021-жылдын ушул мезгилине карата. - 100 000 калкка 88,2), оорунун эң төмөнкү деңгээли Ысык-Көл облусунда –100 000 калкка 40,9 (2021 – жылдын ушул мезгилинде-36,7).

 

24.02.2023
Улуттук онкология жана гематология борборунда сүт безинин рагын диагностикалоо жана дарылоо боюнча "алтын стандарт" киргизилди

 2020-жылдан бери Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору сүт безинин рагын диагностикалоонун жана дарылоонун заманбап жогорку маалыматтуу ыкмасы болгон "трепанобиопсияны" колдонууда. "Трепанобиопсия" залалдуу шишиктин гистологиялык түзүлүшүн аныктоо үчүн "алтын стандарт" болуп саналат, ошондой эле дарылоо тактикасын аныктайт. Бул ыкманын сезгичтиги 100% түзөт. 

 

Борбордун онколог дарыгерлери атайын окуудан өтүп, РУДН Медициналык институтунун (Москва) үзгүлтүксүз медициналык билим берүү факультетинин сертификатына ээ болушту. Улуттук онкология жана гематология борборунда сүт безинин рагын диагностикалоонун жаңы ыкмасы маммография, ичке ийнелүү аспирациялык биопсия жана УЗИ сыяктуу күнүмдүк стандарттар менен бирге жүргүзүлөт.  Процедура УЗИ же рентген маммографиясынын көзөмөлүндө жергиликтүү анестезия астында жүргүзүлөт.

 2022-жылы трепанобиоптаттардын негизинде 376 изилдөө жүргүзүлүп, анын 236 учурунда рак бар экени аныкталган (2021-жылы 399 изилдөөнүн ичинен 303-рак табылган). 

Мындан тышкары, онко-маммологдор бейтаптарды дарылоо үчүн жаңы тактиканы киргизишти: 

- дарылоону тандоодо жекелештирилген (индивидуалдык) мамиле;

 - онкология жаатындагы эксперттердин мультидисциплинардык мамилеси (кеңеши);

 - пациенттин толук абалын эске алуу (эстроген гормондорунун рецепторлору, прогестерон, HER 2 экспрессиясы, KI-67 деңгээли, оорунун стадиясы, оорунун жүрүшү, менопауза ж.б.).

 

 Онкологияда киргизилген сүт безинин рагын диагностикалоо жана дарылоо боюнча заманбап ыкма өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. 

 

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 30-январдан баштап бир жумага созулган Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнүнө карата 25 жаштан 60 жашка чейинки аялдар арасында “Жатын моюнчасынын жана сүт безинин рагын аныктоо жумалыгы” өттү. Бардык каалоочулар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда сүт безин, жатын моюнчасын текшерүүдөн жана кольпоскопиядан бекер өтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

24.02.2023
Саламаттыкты сактоо министрлиги поликлиникаларга бекитуунун жол-жоболорун бюрократизмден арылтат

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан калкты өлкөнүн поликлиникаларына каттоо жол-жоболорун дебюрократизациялоо жана жөнөкөйлөтүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Алсак, 2023-жылдын 24-февралында «Санарип MED» санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруу максатында, тиркелүү, тейленүүчү саламаттык сактоо уюмун эркин тандоону камсыз кылуу эрежелерин талкуулоо максатында Саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнүн жана директору А.Кененбаеванын катышуусунда учурдагы көйгөйлөрдү чечүү жана санариптик көчүрмөлөрү мамлекеттик органдардын маалымат базаларында камтылган документтерге суроо-талаптыжоюуга багытталган мындан аркы кадамдарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрүлдү. Бул жол-жоболорду өзгөртүү иш кагаздарын кыскартат, ошондой эле калкты баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарына бекитүү жол-жобосун жеңилдетет.

Ошондой эле, учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды тейлөө уюмун эркин тандоо укуктарын камсыз кылуу, жан башына каржылоонун натыйжалуулугун жана айкындуулугун жогорулатуу жана санариптик саламаттыкты сактоо экосистемасында колдонулган маалыматтардын аныктыгын жогорулатуу максатында бекитилген калк боюнча тиешелүү маалымат базасын модернизациялоодо.

22.02.2023
КР Саламаттыкты сактоо министри менен АКШнын Кыргызстандагы Элчиси саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты

Бүгүн, 2023-жылдын 22-февралында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери мырза менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кургак учук, АИВ/ЖИКС жана COVID-19 ооруларын дарылоого жана Кыргызстандын жалпы саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Лесли Вигери мырзаны АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктады, ошондой эле Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына туруктуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн АКШ Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. «Биздин өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуусу USAIDдин АИВ/ЖИКС жана кургак учуктун жайылышын алдын алуу боюнча долбоорлорунун алкагында дарт аныктоонун, кам көрүүнүн жана дарылоонун сапатын жакшыртуу, жогорку тобокел топторуна колдоо көрсөтүү, медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу аркылуу ийгиликтүү ишке ашырылууда. Дары-дармекке туруктуу кургак учуктун жайылышын чектөө, калктын аярлуу катмары үчүн кургак учукка каршы сапаттуу кызматтарга адилеттүү жеткиликтүүлүктү колдоо жана улуттук саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Сиздин келишиңиз менен саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуу артып, мындан ары да бекемделет деп ишенебиз. Ишиңизге албан-албан ийгиликтерди каалайм”, -деди Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар иштеп жаткан долбоорлорду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо жана коомдук саламаттык сактоого байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы боюнча кызматташууну улантууну макулдашышты.

22.02.2023
Кыргызстандын саламаттыкты сактоосун санариптештирүүнүн жаңы этабы

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасы эки жаңы маалыматтык системага ээ болду -  Электрондук медициналык карта (ЭМК) жана Маалыматтык маалыматтарды башкаруу маалыматтык системасы (ИСУЛД).

ИСУЛД жана ЭМК – бул USAID «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун техникалык жардамы менен жүргүзүлүп жаткан Кыргызстандын кургак учукка каршы кызматын комплекстүү санариптештирүүнүн бүлөгү болуп саналат. Өткөн жылдын күзүндө Саламаттыкты сактоо министрлиги кургак учукка каршы кызмат көрсөтүү системасында өздөрүн жакшы көрсөткөн эки системаны – ЭМК жана ИСУЛДду саламаттыкты сактоонун барына жайылтуу чечимин кабыл алган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өтүнүчү боюнча «Кургак учукту айыктыруу» долбоору ушул эки системаны Электрондук саламаттыкты сактоо борборуна (ЭССБ) акысыз берген, алар биринчи кезекте аны Улуттук госпиталдын базасында байкап көрүштү.

ЭССБнын директору Виталий Чумачок айткандай, Улуттук госпиталдын тандалып алынганы «Улуттук госпиталь медицинанын бардык багытты камтыйт, анын 50 бөлүмү бар. 4 айдын ичинде Улуттук госпиталдын 38 бөлүмүнө ЭМК жана ИСУЛД киргизилди, 900дөй киши окутулду. Программа өзүн абдан жакшы көрсөттү, анча-мынча иштеп чыгуулар гана болду». 

Бүгүнкү күнү Улуттук госпиталдын бардык окутулган кызматкерлери өзүнүн ишинде алар үчүн жаңы болуп саналган маалыматтык системаны жигердүү колдонушууда: бейтаптардын 13 миң электрондук медициналык картасы түзүлгөн, ИСУЛДда лабораториялык анализдердин 35 миңге жакын жыйынтыктары сакталган. 

Терапия бөлүмүнүн башчысы Берметгүл Тюреканова ЭМКнын эң маанилүү артыкчылыктарынын бири бейтаптар жөнүндө маалыматты топтоонун сапаты жогорулаганы деп эсептейт: «Албетте, ЭМК онлайн режиминде врачтарды, медайымдарды, лабораторияларды жана жетекчилерди бири-бири менен бириктирет, муну менен алардын ортосунда өз аракеттенүүгө корогон жумуш убактысын, кагаз менен алектенүүнү кыйла азайтат. Бирок эң маанилүүсү бейтаптын оорусунун бардык таржымалы электрондук түрдө сакаталып калганы. Башкача айтканда кийинки жолу ал бизге же башка бөлүмгө, башка стационарга жатса, биз мурдагы анамнезин, кандай оорулар менен текшерилгенин, кандай дарыларды ичкенин, анын өнөкөт же аллергиялык оорусу бар-жогун көрө алабыз. Бейтапты байкоо, дартты аныктоо жана дарылоону тууралоо – бул абдан ыңгайлуу, динамикасын байкоого, салыштырганга болот».

 

ЭМК менен бир убакта саламаттыкты сактоонун баштапкы деңгээлинде лабораторияларда ИСУЛД байкап көрүлдү, көптөгөн артыкчылыктарынын ичнен адистер төмөнкүлөрдү белгилешет:

 - биоматериалды бейтапка уникалдуу штрих-код менен байланыштыруу менен анализдердин аныктыгына, ошондой эле «Түндүк» системасы аркылуу персонификациялоого кепилдик;

 - бейтаптардын анализдеринин жана таржымалынын бирдиктүү базасын түзүү; 

- лабораториялык маалыматтарды региондор жана лабораториялар боюнча анализдөө жана аларды графикалык же таблица түрүндө көрсөтүү мүмкүнчүлүгү.

 

ИСУЛДдун дагы бир талашсыз артыкчылыгы бейтапты дарылоого түздөн-түз таасир берген анализдердин жыйынтыгын ыкчам берүүсү болуп эсептелет. «Филиалдарыбыздан биоматерилдар лабораториялык изилдөөгө бизге келип түшөт, - дейт Бишкек ш. №1 ҮДТнын клиникалык-диагностикалык лабораториясынын башчысы Асель Уголбаева. – Эми врачтар курьерлер анализдердин жыйынтыгын качан алып келишет деп күтүп отурушпайт. Врач каалаган электрондук түзүлүштөн бейтаптын ИНН толтурар менен маалыматтык система анализдердин жыйынтыгын берет. Ал эми дарт канчалык тез аныкталса, бейтап үчүн ошончолук жакшы». 

ЭССБ пилоттук тажрыйба ЭМК жана ИСУЛДду өлкөнүн башка саламаттыкты сактоо уюмдарына жайылтууну пландоого мүмкүндүк бергенин белгилейт. 

Ал убакта жакындагы тажрыйба аталган маалыматтык системалар саламаттыкты сактоонун кайсы гана керектөөсү болбосун жеңил ыңгайлашарын көрсөттү.  COVID-19 пандемиясы учурунда өтө көп көлөмдөгү лабораториялык маалыматтарды каттоо, иштеп чыгуу жана берүү ишенимдүү процессин тездик менен уюштуруу керек болгондо, бул милдетти чечүүгө жөндөмдүү система ИСУЛД экени ачык көрүндү. Бир аз ыкчам иштеп чыгуулардан кийин ал өлкөнүн ондогон мамлекеттик лабораторияларына киргизилип, 2 миллиондой анализдердин жыйынтыктарын чогулткан.

 

 

21.02.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги министрликтин кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык тандоо конкурсун жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги министрликтин кадрлар резервине киргизүү үчүн тиркемеде көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга ылайык ачык тандоо конкурсун жарыялайт.

 

Бардык документтер көктөмөгө тигилип, министрликтин www.med.кg сайтында жарыяланган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде (2023-жылдын 16-февралынан 25-февралына чейин) Бишкек ш., Московская көчөсү 148 дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү жана укуктук колдоо башкармалыгына №3 кабинетке (саат 9.00дөн 18.00гө чейин) берилүүгө тийиш. Маалымат алуу үчүн телефон: +996 312 660548.

Жарыя Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин www.med.кg сайтына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин www.mkk.gov.kg сайтына жайгаштырылды.

Эскертүү: Коюлган талаптарга туура келген конкурсанттар конкурска катышууга чакырылат. Байланыш телефондорун жана электрондук почталарын көрсөтүүлөрү зарыл.

 

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

Административдик мамлекеттик улук кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Кесиптик компетенциялары:

Билими:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Жөндөмдөрү:

- Чечимдерди кабыл алуу натыйжалуулугун арттыруу үчүн статистикалык маалыматтарды талдоо жана маалыматтарды даярдоо.

- Тесттик, графикалык жана таблица редакторлору менен иштөө.

- Файлдарды жана папкаларды түзүп, алар менен иштөө (аталышын өзгөртүү, көчүрүү, орундарын жылдыруу, өчүрүү жана калыбына келтирүү).

- Сырткы перифериялык түзмөктөрдү кошуу.

- Дисктин ичин тазалоо (архивдештирүү).

- Компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө: маалымат издөө, алмашуу жана сактоо) (Интернет, эл. почта ж. б.):

- Электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.

- Ар кандай браузерлер менен иштөө.

- Кеңсе техникалары менен иштей алуу:

- Көчүрмө аппараттары.

- Принтер.

- Сканер.

- Проектор же интерактивдик такта.

- Факс.

Административдик мамлекеттик кенже кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

Кесиптик компетенциялар:

Билими:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Жөндөмдөрү:

- Чечимдерди кабыл алуу натыйжалуулугун арттыруу үчүн статистикалык маалыматтарды талдоо жана маалыматтарды даярдоо.

- Тесттик, графикалык жана таблица редакторлору менен иштөө.

- Файлдарды жана папкаларды түзүп, алар менен иштөө (аталышын өзгөртүү, көчүрүү, орундарын жылдыруу, өчүрүү жана калыбына келтирүү).

- Сырткы перифериялык түзмөктөрдү кошуу.

- Дисктин ичин тазалоо (архивдештирүү).

- Компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө: маалымат издөө, алмашуу жана сактоо) (Интернет, эл. почта ж. б.):

- Электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.

- Ар кандай браузерлер менен иштөө.

- Кеңсе техникалары менен иштей алуу:

- Көчүрмө аппараттары.

- Принтер.

- Сканер.

- Проектор же интерактивдик такта.

- Факс.

 

Административдик мамлекеттик улук кызмат орундарына 

квалификациялык талаптар:

  1. Кесиптик билим деңгээли:

- саламаттык сактоо тармагындагы менеджмент, эл аралык мамилелер, аймак таануу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция багыттарындагы “саламаттык сактоо”, “гуманитардык илимдер” боюнча жогорку билими;

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык  кызматтардагы стажын кошкондо 1 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик тармактагы иш стажы 3 жылдан кем эмес. 

3. Кесиптик компетенциялары:

Билими:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №249 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобосу;

- өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларында, керектүү программалык  продуктылары менен иштөөнү билүүгө тийиш.

Административдик мамлекеттик кенже кызмат орундарына 

квалификациялык талаптар:

  1. 1. Кесиптик билим деңгээли: 

- өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларында, керектүү программалык  продуктылары менен иштөөнү билүүгө тийиш.

 

Административдик мамлекеттик кенже кызмат орундарына 

квалификациялык талаптар:

 

  1. Кесиптик билим деңгээли:

- экономика, логистика, финансы и кредит, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, менеджмент, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, геодезия жана жерге орноштуруу, архитектура жана курулуш багыттары боюнча айыл чарбасы жана айыл чарба илимдери багыттарындагы “саламаттык сактоо”, “экономика жана башкаруу” боюнча жогорку билими;

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талаптар коюлбайт. 

3. Кесиптик компетенциялары:

Билими:

1) “Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

2) “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) “Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №249 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобосу;

- өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларында, керектүү программалык  продуктылары менен иштөөнү билүүгө тийиш.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди алып келүү керек:

– жеке арыз;

– резюме (электрондук дареги көрсөтүлүүгө тийиш), өмүр баяны (соттуулугу жок экендиги тууралуу маалымат көрсөтүлүүгө тийиш);

- негизги жана кошумча (эгерде, бар болсо) билимин тастыктоочу документтеринин нотариалдык же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин (эгерде, иш стажы бар болсо) нотариалдык же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- окумуштуулук даражасы же окумуштуулук наамы тууралуу документтеринин көчүрмөсү (эгерде, бар болсо);

- аскер билетинин көчүрмөсү;

- паспортунун көчүрмөсү. 

20.02.2023
КРВИ жана сасык тумоо боюнча кырдаал

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, 2023-жылдын 13-февралынан 20-февралына чейинки 7-аптада республикада курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен 6960 учур катталып, эпидемиологиялык мезгил башталгандан бери жалпысынан 197643 учур катталды.

Жылдын 46-жумасынан тартып оорунун акырындык менен өсүшү байкалып жылдын 50-жумасында эң жогорку чегине жеткен. 2023-жылдын 7-жумасында оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 100,1 түздү.

 

Күн сайын республика боюнча ооруга чалдыккандарга мониторинг жүргүзүү улантылууда.

 

Сасык тумоо, сасык тумоого окшош оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:

— беткап режимин жана социалдык аралыкты сактоо;

—  дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо

—  жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду менен жабуу;

—  үшүп калуудан жана өтө ысып кетүүдөн сактануу;

—  өзүн жаман сезген, жогорку температура жана башка сасык тумоого окшош белгилери бар адамдардын өз убагында обочолонуусу;

— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.у.с.)

—  эгерде балада сасык тумоонун белгилери пайда болсо, дарыгерге кайрылыңыз;

—  эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо.

20.02.2023
Эхинококкоз жана анын алдын алуу

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, эхинококкоз дүйнөлүк көйгөй бойдон калууда. Дүйнөдө жыл сайын эхинококкоздун жарым миллион жаңы учуру катталат. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин расмий статистикасына ылайык, эхинококкоз оорусу акыркы жылдары туруктуу жогору бойдон калууда. Республикада жыл сайын 1000ге жакын киста жана 200 альвеолярдык эхинококкоз учуру катталат.

 

Эхинококкоз оорусунун узак мөөнөттүү динамикасын талдоодо республика боюнча 2012-жылга салыштырмалуу 2022-жылы оорунун 1,3 эсеге өскөндүгү байкалат.

Эхинококкоз эң оор инвазиялардын бири болуп саналат, аны дарылоо өз убагында жүргүзүлбөсө, хирургиялык жол менен гана дарыланарын билишибиз керек. Ошол эле учурда хирургиялык операциядан кийин бейтаптардын 35%ында татаалдашуу байкалат жана көп учурда бул оору өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Адамдын эхинококкоз инфекциясы эхинококкоз менен ооруган иттердин, жапайы жырткычтардын (түлкү, чөөлөр) заңы менен бирге организмге эхинококкоздун жумурткалары киргенде пайда болот. Эхинококк жумурткалары жырткыч жаныбарлардын заңы менен: жерге, сууга, жашылча-жемиштерге, жалпысынан сырткы чөйрөдөгү заң тийген нерселерге түшөт. Адамга кир кол аркылуу жугузууда негизги ролду эхинококкоз менен ооруган ит менен байланыш (80%) ойнойт, анын жүнүндө жана тилинде эхинококкоздун жумурткалары кездешет. Эхинококкозду чийки жашылчаларды, жапайы мөмө-жемиштерди, иттердин же жапайы жырткычтардын заңы менен булганган чөптөрдү тамак-ашка колдонгондон, ошондой эле эхинококкоз жумурткалары менен булганган табигый суу сактагычтардан суу ичкенден жуктуруп алуу мүмкүн.

 

Эхинококкоздун алдын алуу жеке гигиена эрежелерин сактоодон көз каранды:

 

  • жаныбарларды сылагандан кийин тамак-ашка жумуртка түшпөш үчүн колуңузду жакшылап жууңуз
  • жуулбаган жашылчаларды, жапайы мөмөлөрдү жебеңиз
  • жашылчаларды жана чөптөрдү жакшылап жууп, андан кийин кайнак суу менен чайкап коюу керек
  • балдардын жаныбарлар менен тыгыз байланышын чектөө
  • жалпы эрежелерден тышкары, иттер менен мамиле кылууда өзгөчө этият болуу керек.

 

Эхинококкоздун алдын алууда жаныбарларды ветеринардык көзөмөлгө алуу, атап айтканда, жаныбарларды, өзгөчө кароол жана кызматтык иттерди дайыма профилактикалык дегельминтизациялоо маанилүү роль ойнойт.

Эгерде үйүңүздө ит кармасаңыз, анда аны ветеринарга көрсөтүүнү адатка айлантыңыз. Бул сизди жана сиздин балдарыңызды көптөгөн оорулардан, анын ичинде эхинококкоздон коргойт.

Ден соолукта болуп, оорубаныз!!!

17.02.2023
Кыргызстан ДССУнун Европа аймагынын өлкөлөрүнүн арасында адам папилломавирусуна каршы эмдөөнү киргизүү тажрыйбасы менен бөлүштү

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын 15-16-февралында Австрияда өткөн адам папилломавирусуна (АПВ) каршы эмдөө боюнча жыйынга катышты.

Бул жыйынга саламаттыкты сактоо министрликтеринин өкүлдөрү, Улуттук эмдөө программаларынын жетекчилери, АПВ вакциналарын киргизген өлкөлөрдүн иммунизациялоо боюнча Илимий-техникалык консультациялык топторунун төрагалары катышууда. КеңешмеДССУнун Европа регионалдык бюросунун, ДССУнун Штаб-квартирасынын жана АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун эксперттери тарабынан уюштурулган.

АПВга каршы эмдөөнү ийгиликтүү киргизген өлкөлөрдүн бири катары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.

Бул кеңешменин максаты адам папилломавирусуна каршы эмдөөнү киргизген өлкөлөр ортосунда тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр киргизилген:

  • АПВ вакцинациясын ишке ашыруудагы жетишкендиктерди талкуулоо;
  • АПВга каршы эмдөөнүн кыскартылган схемасы боюнча ДССУнун жаңыланган сунуштарын карап чыгуу;
  • Улуттук сунуштарды иштеп чыгууну талкуулоо;
  • АПВга каршы эмдөө программаларын күчөтүүдө ДССУ тарабынан андан ары колдоо көрсөтүү үчүн өлкөлөрдүн муктаждыктарын аныктоо.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 11 жаштагы кыздар арасында АПВга каршы эмдөөнү Кыргыз Республикасынын Профилактикалык эмдөө календарынын алкагында киргизген.

2023-жылдын 15-февралына карата 163 823 өспүрүм кыздар эмдөөдөн өткөн, бул максаттуу топтун 68%ын түзөт.

15.02.2023
Саламаттык сактоо министри мененUSAIDдин Администраторунун орун басары саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты

Бүгүн, 15-февралда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова USAIDдин администраторунун орун басары Изобель Коулман менен жолугушту. Жолугушууда тараптар кургак учук, COVID-19, АИВ/ЖИКС менен күрөшүү жана жалпы саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча биргелешкен демилгелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Агенттикке Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумуна көрсөтүп келген туруктуу жардамы жана колдоосу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирип,Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын чыңдоо үчүн биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууда министрликтин кызматташуу принциптерине мындан ары да берилгендигин далилдөө ниетине ишендирди. «Сиздин иш сапарыңыздын алкагында биздин ортобуздагы саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу жаңы дем-күч алып, өз ара урматтоонун жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн негизинде ийгиликтүү жана ырааттуу өнүгүп, чыңдалат деп ишенебиз», - деди министр Гүлнара Баатырова.

 

USAIDдин администраторунун орун басары Изобель Коулман саламаттык сактоо USAIDдин бүткүл дүйнө боюнча жана Кыргыз Республикасындагы артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Ал бул жааттагы жемиштүү кызматташтык үчүн министрге жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

 

Коулман айым ошондой эле USAID жаңы коркунучтардын жана жугуштуу оорулардын чыгышынын тобокелдиктерин азайтуу жана алардын кесепеттери менен күрөшүү үчүн бөлүнгөн каражатка жараша Кыргыз Республикасына 4 миллион доллар кошумча каржылоону пландаштырып жатканын билдирди. Бул каржылоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумун чыңдоого жана коомдук саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатууга жумшалат.

 

USAIDдин администраторунун орун басары Изобель Коулман Кыргыз Республикасына Борбордук Азияга болгон иш сапарынын алкагында келди. Сапардын жүрүшүндө ал өкмөт өкүлдөрү, ишкерлер, жарандык коомдун лидерлери жана массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, ар түрлүү тармактардагы, анын ичинде саламаттык сактоо тармагындагы учурдагы жетишкендиктерди жана көйгөйлөрдү талкуулайт.

14.02.2023
Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө боюнча координациялык кеңешме өттү

2023-жылы 13-февралда Бишкекте Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун өлкөлүк кеңсесинин техникалык колдоосу менен Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө маселелери боюнча эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин координациялык кеңешмеси болуп өттү.

 

Бул жолугушуунун максаты - учурдагы кырдаалды талкуулоо жана 2023-жылга Эмдөөнүн улуттук планын адаптациялоо боюнча чечим кабыл алуу.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Республикалык иммунопрофилактика борборунун, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле ДССУ, ЮНИСЕФ, ЮСАИД, Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун өкүлдөрү катышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы коронавирустун эпидемиологиялык абалы, эмдөөнүн учурдагы абалы, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн COVID-19га каршы эмдөөнү жайылтуу боюнча Улуттук планды ишке ашырууга кошкон салымы тууралуу маалымат берилди. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү COVID-19га каршы эмдөөгө артыкчылык берүү боюнча жаңыланган сунуштарды берди.

Өз сөзүндө КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Зыйнат Бейшебаева калктын ден соолугун коргоодо жана COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүүдө техникалык жардам көрсөткөндүгү жана жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле, өнөктөштөр менен болгон бүгүнкү жолугушуунун 2023-жылга карата COVID-19га каршы эмдөөнү жайылтуу боюнча Улуттук планды андан ары ишке ашыруу жана адаптациялоо үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

13.02.2023
КРВИ жана сасык тумоо боюнча кырдаал

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 6-жумасында 6-февралдан 12-февралга чейин республикада курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 6966 учуру катталып, эпидсезондун башталышынан бери жалпы 191 224 учур аныкталган. 

46-жумадан тартып оорунун өсүшү байкалып, эң жогорку көрсөткүч 50-жумага туш келген.

Өткөн жумага салыштырмалуу, 2023-жылдын 6-аптасында оорунун көрсөткүчү 100 000 адамга 100,3 болуп, +9,5%га өскөн.

Сасык тумоонун жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын төмөнкү температуралык шартка туруктуулугун эске алуу менен (октябрдан мартка чейинки мезгил) калк арасында оорунун жайылышына күн сайын мониторинг жүргүзүү улантылууда.

 

Курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккан адам, эгерде жөнөкөй алдын алуу эрежелери сакталбаса, курч респиратордук вирустук инфекциялардын башка түрлөрүн жуктуруп алышы мүмкүн, ошондуктан:

 

  • беткап режимин жана социалдык аралыкты сактоо;
  • дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо - жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу;
  • катуу үшүп калуудан сактануу
  • өзүн жаман сезген, жогорку температура жана башка сасык тумоонукуна окшош белгилери байкалганда дароо обочолонуу;
  •  санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (колдун тазалыгы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.у.с.)
  • балдарда сасык тумоонун белгилери  байкалаар замат дарыгерге кайрылуу, үй шартында дарылоодон алыс болуу
  • танкы физикалык көнүгүүлөрдү жасоо


 

13.02.2023
Жаңы шарттарда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ишин укуктук жөнгө салуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы №39 Токтому менен “Кадрлардын резервин түзүүнүн жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо” бекитилген.

Жобо кадрлардын резервин түзүү, ошондой эле аларды тандоонун туруктуу жана натыйжалуу системасын киргизүү аркылуу саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жогорку профессионалдуу курамын түзүү максатында иштелип чыккан.

Документ саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерге коюлуучу талаптарды, кадрдык резервди түзүүнүн тартибин жана шарттарын, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоодо жетекчилерди тандоонун жана жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнүн жол-жоболорун аныктайт.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо системасындагы уюмдарды сапаттуу жана натыйжалуу башкаруунун шарты саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин компетенттүүлүгү жана кесипкөйлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Компетенттердин каталогун (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 508 буйругу) бекиткен, анда заманбап лидер үчүн зарыл болгон билимдердин, көндүмдөрдүн жана тажрыйбалардын спектри аныкталган. Кошумча кесиптик билим берүүнүн алкагында С.Б.Данияров актындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда «Саламаттык сактоону башкаруу» квалификациясы боюнча кесиптик кайра даярдоо программасын ишке ашыруу башталды.

Кадрлардын резервин түзүүнүн жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жана Кыргыз Республикасындагы калктын жашоо-турмушунун жана ден соолугунун сапатын жакшыртуу» жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу максатында. Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча агенттигинин/ AОЗ - Фаза II «Ден соолукту башкаруу системасын чыңдоо» долбоорунун техникалык жардамы менен иштелип чыккан.

10.02.2023
Саламаттыкты сактоо министрлигинде медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базалар менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу маселелери талкууланды

2023-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базалар менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча кеңешме болуп өттү.

Бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин медициналык кадрларды сапаттуу даярдоо үчүн билим берүү уюмдарынын клиникалык база менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча буйругун аткаруу максатында уюштурулду.

Жыйын КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын, ректорлордун жана менчигинин түрүнө карабастан медициналык билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректорлору мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында клиникалык базаларды уюштуруу боюнча өздөрүнүн мыкты тажрыйбалары менен тааныштырышты. Ошондой эле студенттик практиканын деңгээлин жогорулатуу боюнча бир топ иштер жасалып жатканы, бирок бүгүнкү күндө ооруканалардын материалдык-техникалык жактан начар жабдылышы сыяктуу көйгөйлөр бар экендиги айтылды. Буга байланыштуу клиникалык базалар менен окуу жайларынын биргелешкен ишинин жакшы тажрыйбасы катары ар бир билим берүү уюмуна клиникалык базаларды оңдоого жана жабдууга көмөк көрсөтүү сунушталды.

Жолугушууда министр мыкты адисти даярдоодо жакшы жабдылган клиникалык базалардын мааниси чоң экенин белгиледи. «Албетте, медициналык билим берүү уюмдарында окуу кабинеттери же борборлор бар, бирок келечектеги дарыгердин практикалык көндүмдөрү жана бейтап менен баарлашуусу студент үчүн абдан маанилүү», - дейт Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Кеңешменин жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди мындан ары изилдөө үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Республикада 23 медициналык университет (6 мамлекеттик жана 17 жеке менчик) жана 27 медициналык колледж (14 мамлекеттик, 13 жеке менчик) бар экенин жана райондук саламаттыкты сактоо уюмдары студенттерге практикалык көндүмдөрдү үйрөтүү үчүн клиникалык база боло аларын эске салабыз.

11.02.2023
Кыргызстандык дарыгерлер Түркияга медициналык жардам көрсөтүү үчүн барышат

КР Саламаттык сактоо министрлиги үчүнчү деңгээлдеги дарылоо уюмдарынан – нейрохирург, травматолог, реаниматолог, анестезиолог, кан тамыр хирургунан, жалпы профилдеги хирургдан турган жогорку квалификациялуу адистерди топтоду. Дарыгерлер КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдик госпиталында медициналык жардам көрсөтүшөт.

Министр Гүлнара Баатырова Кыргызстандын медицина кызматкерлери жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгон жарандар үчүн боордош түрк эли менен бирге чын жүрөктөн аза күтөрүн белгиледи. «Түркия биз жардамга муктаж болгондо ар дайым жардам колун сунуп келет, биз дагы боордошторубуз үчүн ушундай оор мезгилде аларды колдоого милдеттүүбүз. Андыктан дарыгерлер тобу Түркиянын жабыр тарткан аймактарына барып, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтөт», - деди министр.

Дарыгерлер өзгөчө кырдаалдарда медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон дары-дармек каражаттары жана тигүүчү-таңуучу материалдар менен камсыз болушат. Ошондой эле дары-дармек жана медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жүк жөнөтүлөт.

Мындан тышкары, медициналык кызматкерлер Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк эмгек акысын которот.

10.02.2023
Министр баштаган КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери В гепатитине экспресс-тесттен өтүштү

Бүгүн, 2023-жылдын 10-февралында, министр Гүлнара Баатырова жетектеген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери В гепатитине экспресс-тесттен өтүштү. Андан ары анализдин жыйынтыгы терс болсо, кызматкерлер жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун эмдөө бөлмөлөрүнөн вакцина ала алышат.

"Дарыгерлер өздөрү эмдөөдөн өтүү менен бардык жарандарга үлгү болушу керек. Бүткүл дүйнөдө эмдөө гепатитке каршы күрөшүүдө далилденген жана эффективдүү чара болуп саналат. Калк үчүн бекер эмдөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгүн киргизүү аркылуу биз гепатит В менен ооругандардын азайышына жетишебиз деп ишенебиз», - деди КР Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Вирустук гепатит В – боорду жабыркатуучу цирроз жана боор рагы сыяктуу өтүшүп кетүүлөргө алып келүүчү кеңири таралган жана коркунучтуу жугуштуу оору.

Эске салсак, Кыргызстанда вирустук "В" гепатитине каршы бойго жеткен калкты эмдөө жүрүп жатат, анын алкагында 23-65 жаштагы Кыргыз Республикасынын бардык жарандары жашаган жери боюнча ҮМБ/ЖДПБда акысыз эмдөөдөн өтө алышат.

Эмдөө алдында В гепатитинин бар-жогуна акысыз экспресс-тестирлөө жүргүзүлөт. Эгерде натыйжасы терс болсо, В гепатитине каршы вакцина 0-1-6 схемасы боюнча үч жолу жүргүзүлөт:

• биринчи доза - эмдөө күнү

• экинчи доза 1 айдан кийин 

• үчүнчү доза 6 айдан кийин сайылат.

"В" гепатитине каршы эмдөө сиздин ден соолугуңузду коргойт жана боор оорусунун өтүшүп кетүүсүн алдын алууга жардам берет!

09.02.2023
Республика боюнча мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 28 ишкердик жүргүзүүчү субъектилердин ишмердүүлүгү токтотулган

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, 2022-жылы республика боюнча ишкердик кылган 5700 субъектке текшерүүлөр жүргүзүлгөн, анын 5143ү пландуу, 557си пландан тышкаркы, жарандардан түшкөн арыздардын негизиндеги текшерүүлөр 

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 4160 объектиде санитардык-эпидемиологиялык нормалардын бузулушу аныкталып, анын ичинен 2394 объектиге мыйзам бузуу протоколу түзүлүп, жалпысынан 12 064 500 сомго административдик айып салынган.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 2321 санитардык эскертүү кагазы берилген. Мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 28 ишкердик жүргүзүүчү субъектилердин ишмердүүлүгү токтотулган. 14 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

09.02.2023
Саламаттыкты сактоо министри Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолугушту

Бүгүн, 8-февралда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Арун Кумар Чаттерджи мырза менен жолугушту. 
Гүлнара Баатырова эң оболу Арун Кумар Чаттерджиге бул кызматтагы эмгеги жана эки элдин ортосундагы достук мамиленин орношуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашты. Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Кыргыз-Индия тоо биомедициналык илимий борборунун мындан аркы эффективдүү иштеши, калктын саламаттыгын чыңдоо боюнча биргелешкен илимий программанын 3-фазасын ишке киргизүү жолугушуунун негизги маселеси болду.
Мындан тышкары, министр Элчиден Кыргызстандын жарандары үчүн Индиянын клиникаларында жогорку технологиялык дарыланууга квота берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.
Элчи мырза Индия Кыргызстандын жарандары үчүн квота бөлүү маселесин кароого даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар телемедицина, медициналык билим берүү, фармацевтика ж.б. өнүктүрүү тармагында мындан аркы жемиштүү эки тараптуу кызматташуу ниетин билдиришти.