Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
11
12
2023
Саламаттык сактоо министри иш сапары менен Баткен облустук бириккен ооруканасына барды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров саламаттык сактоо тармагына 107 даана автотранспортту тапшыруу аземине катышты
09.11.2023
Жайыл районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын эки филиалы ачылды
Ачылыш Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өтүп, ал өз сөзүндө жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүү максатында мамлекеттик дарыканаларды ачуунун зарылдыгын жана маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, жалпысынан өлкө боюнча 49 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда, аларда сапаттуу дары-дармектер жарактуулук мөөнөтүн эске алуу менен сатылат, эң негизгиси, бүткүл Кыргызстан боюнча “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында дары-дармектерге бирдиктүү баа базасы түзүлөт.
«Көптөгөн лицензиясы жок башка жеке дарыканалар дары-дармектерди кымбат баада сатып, дарылардын жарактуулук мөөнөтүн сакташпайт, ал өз кезегинде адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, эч кандай пайдасы жок. Дарыканалар – коррупциялык схемалар менен күрөшүүнүн жолдорунун бири. Биз рейддерди жүргүзүп жатабыз, анын жыйынтыгында тиешелүү лицензиясы жок иштеп жаткан дарыканаларды аныктадык”,- деп билдирди саламаттык сактоо министри.
Ошондой эле ачылышка Жайыл районунун акими Т.Туркбаев, акимдин орун басары Рыскулбек уулу Нурмат, Чүй облусу боюнча саламаттыкты сактоо координатору Назарбек уулу Алмаз, ҮМБнын башчысы А.Кожобекова, аймактык оорукананын директору Б.Майканаев жана башкалар катышты.
Мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасынын филиалдары ҮМБнын («Кызыл» поликлиникасы) имаратында жана Жайыл районунун аймактык ооруканасынын аймагында жайгашат.
Расмий статистика боюнча Кара-Балта шаарында 52 миң 933 адам, Жайыл районунда 100 миңден ашуун адам жашайт. Кара-Балта шаарында Жайыл районунун ҮМБ («Кызыл» поликлиникасы), №2 ҮДТ жана Жайыл районунун аймактык ооруканасы иштейт. Жалпысынан шаар боюнча ар кандай профилдеги 40тан ашык саламаттыкты сактоо мекемелери бар.
09.11.2023
Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын филиалы ачылды
Бүгүн, 9-ноябрда КРнын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына барып, "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын дагы бир филиалынын ачылыш аземине катышты.
Саламаттыкты сактоо министри дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнүн жана саламаттыкты сактоону жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Эл Аман» дарыканасынын филиалын ачуу жана КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин башка демилгелери өлкөдөгү саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатууга багытталган. Медициналык инфраструктураны кеңейтүү жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу иштери да көңүл борборунда”,-деди министр.
09.11.2023
№6 үй-бүлөлүк медицина борборунда дагы бир мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды
Бүгүн, 9-ноябрда Бишкектеги №6 ҮМБда дагы бир мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды. Дарыкананын ачылыш аземи Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Чинара Жаныкеева жана башкалардын катышуусунда өттү.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи. «Өзүңүздөр көрүп тургандай, биз күн сайын 2-3 мамлекеттик аптеканы ачып жатабыз, ушул темп менен жыл аягына чейин бардык пландаштырылган 46 мамлекеттик дарыкананы ача алабыз. Келечекте дарыканалардын ассортиментин 800 фирмалык аталыштан 2 миңге чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз. “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалардын ачылышы элге эбегейсиз пайда алып келүүдө. Дары-дармектердин жеткиликтүү баада болушу ден соолуктун гана эмес, социалдык адилеттүүлүктүн да маселеси. Арзандатылган баалар, чоң ассортимент жана мындай дарыканаларды кеңири жайылтуу менен жарандар өздөрүн керектүү дары-дармектер менен оңой камсыздай алышат, бул өз кезегинде медициналык тейлөөнүн сапатын жана өлкөдөгү жалпы ден соолуктун деңгээлин жогорулатууга жардам берет».
№6 ҮМБнын директору Асел Тенизбаевна белгилегендей: «Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик дарыканаларды ачуу демилгеси коомчулуктун кеңири колдоосуна ээ болуп, активдүү өнүгүүсүн улантууда. Бул медициналык жардам калктын бардык катмары үчүн Бишкек шаарында да, аймактарда да жеткиликтүү жана ырааттуу болуп баратат дегенди билдирет. Биз мындай дарыканалардын ачылышы башталышы гана деп эсептейбиз, жарандарга керектүү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн мындан ары жеңилдетүү жана биздин аймакта саламаттыкты сактоо системасын жакшыртууну улантуу максатында биз дары-дармектердин ассортиментин кеңейтүүнү жана филиалдарыбызда мамлекеттик дарыканалардын санын көбөйтүүнү пландап жатабыз».
Эл Аман дарыканасы эң зарыл дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектерди сунуштайт. Бул жарандар керектүү дарыларды өлкөдөгү жеке менчик дарыканаларга караганда бир топ арзан баада сатып ала алат дегенди билдирет. “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында дары-дармектерге арзандатуу 10-15% түзөт, бул калктын кеңири катмары үчүн керектүү дары-дармектерге жетүүнү кыйла жеңилдетет.
09.11.2023
Кыргызстанда телемедицинаны өнүктүрүү: биринчи ченемдик-укуктук акт кабыл алынды
Кыргызстанда саламаттык сактоо уюмдарынын же телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык кызмат көрсөтүүчү жеке медициналык практиканы жүргүзгөн адамдардын медициналык жардам көрсөтүүдө телемедициналык технологияларды колдонуу эрежелерин жөнгө салуучу биринчи ченемдик-укуктук акт кабыл алынды. Тиешелүү токтомго үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров кол койгон.
Кабыл алынган документке ылайык, телемедицина технологиялары профилактика, чогултуу, диагностикалоо, диагностикалык жана дарылоо иш-чараларынын натыйжалуулугун баалоо, бейтаптын ден соолугунун абалына мониторинг жүргүзүү жана башка максаттарда колдонулушу мүмкүн.
Документ ошондой эле медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматты документтештирүүчү телемедицинанын маалыматтык тутумдарына жана телемедициналык консультациялардын катышуучуларынын жоопкерчилик чөйрөсүнө карата талаптарды аныктайт.
Бул чечим калкка, өзгөчө өлкөнүн алыскы райондорунда медициналык тейлөөнүн натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн арттырууга, калктын убактысын жана каржылык чыгымдарын кыскартууга жана өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
07.11.2023
ЮНИСЕФ медициналык мекемелерге калдыктарды коопсуз башкаруу үчүн 15 миллион сомдук шаймандарды тапшырды
Шаймандар медициналык калдыктар менен иштөөнүн коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
ЮНИСЕФ өлкө боюнча медициналык мекемелерге шприц ийнелерин кесүүчү кайчыларды, ийнелер үчүн атайын контейнерлерди, чакаларды жана атайын санитардык баштыктарды өткөрүп берди. Берилген шаймандардын жалпы наркы 15 миллион сомдон ашат. Каражат COVID-19га каршы эмдөөнү илгерилетүү жана вирус менен күрөшүү боюнча Gavi программасынын (CDS) алкагында медициналык калдыктарды башкарууну жакшыртуу үчүн берилди.
Бул каражаттар өлкө боюнча 1735 эмдөө пунктунун арасында бөлүштүрүлүп чыгат: запастар бул мекемелердин муктаждыктарын дээрлик эки жылга жабат деп күтүлүүдө.
“Медицина кызматкерлеринин жана жалпы калктын коопсуздугу ЮНИСЕФ үчүн биринчи орунда турат. Биз медициналык калдыктарды туура башкарууну жакшыртуу жана бул системанын туруктуулугун бекемдөөдө Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтө бермекчибиз”, - дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло.
Бул жардам Gavi альянсынын COVID-19га каршы вакциналарды жеткирүүнү колдоо (CDS) программасынын алкагында ЮНИСЕФтин Кыргызстанда эмдөөнү күчөтүү боюнча аракетинин бир бөлүгү.
Кыргызстанда саламаттык сактоо системасы жыл сайын 10 миң тоннадан ашык калдык чыгарат. Медициналык калдыктар жалпы таштандынын болжол менен 2-3 пайызын гана түзгөнүнө карабастан, алар өзгөчө коркунучтуулардын катарына кирет. Алар кооптуу микроорганизмдерди, уулуу дары-дармектерди камтыйт жана радиологиялык коркунучу бар. Ошондуктан, мындай калдыктар менен иштөө маселесине өтө олуттуу мамиле жасалууга тийиш. Медициналык калдыктардын ар бир түрү өзгөчө туруктуу жана экологиялык жактан коопсуз жол менен иштетилиши керек.
04.11.2023
В Национальном Госпитале открыт новый корпус отделения медицины катастроф и экстренной консультативной медицинской помощи с Ситуационным центром
Отделение медицины катастроф и экстренной консультативной медицинской помощи (МКиЭКМП) Национального Госпиталя является республиканским головным учреждением по линии оказания экстренной консультативной медицинской помощи организациям здравоохранения Кыргызской Республики.
В отделение МК ЭКМП ежегодно поступает более 1000 вызовов (2020-905, 2021-1239, 2022-1009) с различных регионов Кыргызской Республики, из них 96% для экстренных больных, а по городу Бишкек поступают в среднем более 3000 вызовов из городских организаций здравоохранения.
Заочная консультация больных (по телефону, телемедицина, Scype и т.д.) проводится около 60-65 %, с выездом на место и оказания практической помощи около 35% (2020-424, 2021-325, 2022-340). Оперативных вмешательств проведено в 2020-109, 2021-87, 2022-96, а проведено транспортировок в различные республиканские центры около 60 больных (в т.ч. детей, беременных).
Ситуационный центр при отделении Медицины катастроф и экстренной консультативной медицинской помощи, оснащённое средствами коммуникаций (видео-конференц-связь, конференц-связь и другими средствами интерактивного представления информации), предназначено для ситуационного управления, а также оперативного принятия кризисных решений, контроля и мониторинга объектов различной природы, ситуаций и других функций.
04.11.2023
Улуттук госпиталдын базасында «ЭЛ АМАН» мамлекеттик дарыканасынын дагы бир филиалы ачылды
Бүгүн, 2023-жылдын 4-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын базасында уюштурулган кезектеги “ЭЛ АМАН” мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты.
Дарыканада эң керектүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектердин түрү сунушталып, калк аларды өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат.
Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алгач 46 дарыкана ачуу пландалууда. Келечекте аптекадагы дары-дармектердин ассортиментин сегиз жүз фирмалык аталыштан эки миңге чейин көбөйтүү пландаштырылууда.
04.11.2023
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров борбор калаадагы бир катар медициналык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты
Алсак, министрлер кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын Урология илимий борборуна барып, жакында сатылып алынган медициналык жабдууларды карап чыкты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, урологиялык борбордун муктаждыктары үчүн 24 даана медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен Саламаттык сактоо министрлигине 80 миллион сом бөлүнгөн.
Өкмөт башчы белгилегендей, саламаттык сактоо мамлекеттик саясаттын негизги социалдык багыттарынын бири болуп саналат жана медициналык мекемелерди заманбап жабдуулар менен жабдуу жана калкты сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыздоо Саламаттык сактоо министрлигинин негизги максаты болуп саналат.
Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, «бул техника күнү-түнү пайдалуу болушу керек, жана бузулган учурда запастык бөлүктөр менен өз убагында камсыз кылуу зарыл».
04.11.2023
Улуттук госпиталда жаңы МРТ аппараты ишке кирди
Бүгүн, 2023-жылдын 4-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томографиялык аппараттын ачылыш аземи болуп өттү. Бул заманбап МРТ аппараты Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоорунун алкагында сатылып алынган.
Алдыңкы технологиялар менен жабдылган жаңы медициналык аппарат бардык курактагы бейтаптарды диагностикалык изилдөөгө, анын ичинде COVID-19дун ар кандай кесепеттерин аныктоого мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, Улуттук госпиталда бүгүнкү күнгө чейин бир дагы МРТ аппараты болгон эмес. МРТ текшерүүсүнө муктаж бейтаптар жеке медициналык борборлорго кайрылууга аргасыз болуп, бейтаптарга жана медицина кызматкерлерине ыңгайсыздык жараткан.
MРТ диагностикасы балдар жана ымыркайлар үчүн эң коопсуз болуп саналат, анткени ал магниттик таасирге негизделген, анын натыйжасында бейтаптар нурлануунун нөлдүк дозасын алышат. Болжолдуу МРТнын кубаттуулугу, бейтаптын патологиясынын оордугуна жараша, күнүнө орточо 10-15 адам кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Учурда Улуттук госпиталда МРТнын прейскуранты иштелип чыгууда, болжол менен бир изилдөөнүн баасы 2000-2200 сомду түзөрү пландалууда.
Долбоордун алкагында буга чейин ушундай эле МРТ аппараты сатылып алынып, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна орнотулган.
Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19 коркунучун алдын алууда, аныктоодо жана ага жооп кайтарууда жана саламаттык сактоонун улуттук системасын бекемдөөдө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
03.11.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Борбор Азия региондук экономикалык кызматташтык уюмунун (БАРЭК) саламаттыкты сактоо боюнча жумушчу тобунун 5-жыйынына катышууда
2023-жылдын 2-3-ноябрында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Борбор Азия региондук экономикалык кызматташтык уюмунун (БАРЭК) саламаттыкты сактоо боюнча жумушчу тобунун 5-жыйыны өтүүдө. Ага КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышууда.
БАРЭК 2030-жылга чейинки Саламаттыкты сактоо стратегиясы төрт негизги компонентке негизделген: лидерлик жана адам ресурстары; техникалык даярдык (лабораториялар жана эпидкөзөмөл); чыгымдалуучу материалдарга суроо-талапты жана жеткиликтүүлүктү тез арада жогорулатуу; жана калктын аялуу катмары, ошондой эле чек арадагы саламаттыкты сактоо.
Компоненттерди ишке ашыруу коомдук саламаттыкты сактоо тармагында БАРЭК тарабынан колдоого алынган институционалдык базаны кошкондо, жагымдуу факторлор менен колдоого алынат. Борбордук Азиянын Регионалдык Экономикалык Кызматташтыгы (БАРЭК) программасы 11 өлкөнүн (Ооганстан, Азербайжан, Кытай Эл Республикасы (КЭР), Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өнөктөштүгү болуп саналат.
БАРЭК - 2030 Стратегиясы БАРЭК өлкөлөрүнө пандемиялык тобокелдиктерди чечүүдө жана жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүдө колдоо көрсөтөт. Коронавирустук оорунун пандемиясы саламаттыкты сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи, анткени инфекциялык оорулардын чыгышы сыяктуу коомдук ден соолук коркунучтары тез арада чек араларды кесип өтүп, чек ара көйгөйүнө айланышы мүмкүн жана саламаттыкты сактоонун аймактык кызматташуусу БАРЭКөлкөлөрүнүн ортосундагы ден соолукту коргоого жетишүүнүн ачкычы болуп саналат.
02.11.2023
Кыргызстанда тузду ашыкча колдонууга каршы кампания. Кадимки азыктарды колдонуу менен тамак-ашыбызды кантип азыраак туздасак болот?
Бүгүн, 2023-жылдын 2-ноябрында, тузду ашыкча колдонуунун тобокелдиктери тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана сергек жашоого үндөө демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско, БУУнун Кыргызстандагы башка агенттиктеринин өкүлдөрү менен бирге «Зерно» ресторанынын атактуу ашпозчусу жана жергиликтүү журналисттер менен бирге уникалдуу кулинардык иш-чарага катышты.
«Зерно» ресторанында өткөн иш-чара конокторго тузу аз кулинардык искусство дүйнөсүнө эшик ачты. Атактуу ашпозчу тузу аз кошулган даамдуу тамактардын бай даамын сактап калуу сырлары менен бөлүштү.
Тузду көп колдонуу саламаттык сактоо тармагынын глобалдык көйгөйү, Кыргызстанда да бул маселе актуалдуу. Кыргызстанда оорулардын жана өлүмдөрдүн 80%дан ашыгы рак, өнөкөт респиратордук оорулар жана жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары сыяктуу жугуштуу эмес оорулардан болот. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүшүнө шарт түзгөн негизги фактор – аш тузун көп колдонуу.
«Биз тамактануу адаттарыбызды өзгөртүү аркылуу жашообуздун сапатын жана ден соолугубузду жакшырта аларыбызды түшүнүшүбүз керек. Келгиле, даамдуу жана пайдалуу заттарга бай туура тамактануунун пайдасына туура тандоо жасап, өзүбүзгө жана жакындарыбызга кам көрөлү», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева.
Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор күнүмдүк тамактануу рационунда тузду колдонууну азайтуунун маанилүүлүгү боюнча өз ойлорун айтышып, тамак жасоонун креативдүү ыкмалары, чөптөрдү жана татымалдарды колдонуу кандайча тамактарга тереңдик жана даамдык байлык кошуп жатканын көрүштү.
«Бүгүн биз кадимки азыктарды колдонуу менен тамак-ашыбызды кантип тузсуз кылууну көрсөттүк. Тузду азайтуу даамды жоготуу дегенди билдирбейт, тескерисинче, ден соолукту сактоого жана туздан арылууга жардам берет”, - дейт доктор Ливиу Ведраско.
Бул иш-чара 30-октябрдан 6-ноябрга чейин Кыргызстанда туз колдонууну азайтуу боюнча КР Саламаттык сактоо министрлиги жана анын өнөктөштөрү тарабынан кеңири маалыматтык кампаниянын бир бөлүгү болду.
01.11.2023
Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында төрт мамлекеттик “ЭЛ АМАН” дарыканасы ачылды
Бүгүн, 2023-жылдын 2-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош шаарында жана Ош облусунда төрт мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасынын ачылыш аземине катышты.
Ош шаарындагы №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында, Ош шаардык клиникалык ооруканасында, Ош облусунун Кара-Суу районунун балдар ооруканасында жана Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында дарыкана ачылды.
Дарыканаларда Өтө маанилүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектер сунушталып, калк аларды өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алышат. Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алгач 46 дарыкана ачуу пландалууда. Келечекте дарыканалардагы дары-дармектердин ассортиментин сегиз жүз фирмалык аталыштан эки миңге чейин көбөйтүү пландаштырылууда.
01.11.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө Кыргыз Республикасындагы 2024–2030-жылдарга ден соолук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин биринчи улуттук планын (NAPHS) сунуштады
Бүгүн, 2023-жылдын 1-ноябрында КР Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлчүлүгү менен биргеликте 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында ден соолуктун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин биринчи улуттук планынын бет ачарын жасады.
Бул план 2023-жылдын июль айында Эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин (ЭМСЭ) алкагында негизги мүмкүнчүлүктөргө биргелешкен тышкы баалоо жүргүзүлгөндөн кийин улуттук жана эл аралык эксперттер, ар кандай министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү тарабынан иштелип чыккан. Бул план ден соолуктун коопсуздугу жаатындагы максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон кадамдарды жана ресурстарды, ишке ашыруу үчүн конкреттүү иш-чараларды сүрөттөгөн так жол картасы түрүндө болот.
Деталдардын бул деңгээли биздин мамилебиз стратегиялык гана эмес, практикалык да болушуна кепилдик берет жана өлкөдөгү мүмкүн болгон ден соолук кризисин башкарууга эң жогорку даярдыкты камсыздайт, ошондой эле донорлорду координациялоо жана ресурстарды мобилизациялоо үчүн аянтча катары кызмат кылат.
«Биз Кыргыз Республикасы үчүн сак-саламат жана коопсуз келечекке карай жолубуздун орчундуу баскычында турабыз. Бул жамааттык эмгек жана өнөктөштүк биргелешкен аракеттер саламаттык сактоо жаатындагы маанилүү жетишкендиктерге кандайча алып келе тургандыгынын мисалы болуп саналат. Биз жетишкендиктерибиз менен сыймыктанабыз жана биздин кызматташуубуз бардык жарандардын коопсуздугун жана ден соолугун чыңдоого көмөктөшүүсүн улантат деп ишенебиз”,-деп КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгилеп кетти.
ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү, доктор Ливиу Ведраско бул пландын маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Бул план кызматташтыкты, ачык-айкындуулукту жана Кыргызстандын саламаттык сактоо системасынын келечегине айкын көз карашты чагылдырган биргелешкен чоң аракет. Бул биздин Кыргызстандын жарандарынын бакубаттуулугун камсыздоого жана бардыгы үчүн туруктуу саламаттык сактоо системасын камсыз кылууга берилгендигибиздин далили».
Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин улуттук планы:
2019–2030-жылдарга карата Калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын, катышуучу мамлекеттин 2022-жылга карата өзүн-өзү баалоо боюнча жылдык отчетунун (SPAR), 2023-жылга биргелешкен тышкы баалоонун (JEE) жана 2022-жылы стратегиялык тобокелдиктерди баалоо куралынын (STAR) негизинде иштелип чыккан.
Планды ишке ашыруу жакынкы 7 жылга белгиленген: 2024-жылдын 1-январынан 2030-жылдын 31-декабрына чейин.
01.11.2023
Кызамык боюнча эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып, уюшкан топтордогу балдар ооруп жатышат
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери 3289 адам кызамык оорусуна чалдыкса, алардын көбү 4 жашка чейинки балдар. Эң көп катталгандар Бишкек шаарында (989 адам), Ош шаарында (321 адам), Ош облусунда (683 адам), Чүйдө (515 адам) жана Жалал-Абадда (501 адам), Ысык-Көлдө - 68, Баткенде 94, Таласта 92, Нарында 26 учур катталган.
Жалпысынан кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Окуу жылы башталгандан бери бул оору орто мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин окуучуларынын арасында, эмдөөдөн өтпөгөн балдардын арасында көп катталууда.
Кызамык оорусунун очогун чектөө үчүн уюшкан топтордо карантин жүргүзүлүүдө, анда билим берүү мекемелери инкубациялык мезгил аяктаганга чейин дистанттык окутууга убактылуу которулат. Бишкек шаарында 2 жеке менчик бала бакчада, бир жеке мектепте, Каракол шаарында 1 кызамык оорусу мамлекеттик бала бакчада катталган. Ал эми 30-октябрда Жалал-Абад шаарындагы эки орто мектептерде кызамык оорусу катталгандыктан карантинге жабылган. Эпидемияга жана эпизоотияга каршы атайын комиссиянын чечими менен окуу процесси убактылуу дистанциялык форматта өткөрүлөт. Бардык уюмдарга санитардык эрежелер даярдалып, жетекчилерге токтомдор менен протокол түзүлдү.
Ушуга байланыштуу кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясы 9 айдан 7 жашка чейинки балдар арасында уланууда, бул вирус эң активдүү тараган аймактарда Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында, ошондой эле Жалал-Абад облусунда кызамык оорунун көбөйүшүнө байланыштуу кызамык оорусуна каршы, уюшкан топтордогу балдарды кызамык менен кызылчага каршы вакцина менен кошумча эмдөө бардык курактагы байланыштагы адамдар 72 сааттын ичинде шашылыш түрдө эмделүүдө.
Инфекциянын таралышын токтотуу үчүн эмдөө менен камтуу 95% дан жогору болушу керек. Кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясынын алкагында бүгүнкү күндө 450 миңден ашык бала алды, бул 76% түзөт.
Урматтуу ата-энелер! Балдарды өз убагында эмдөө балдар топторундагы ооруларды алдын алууга жана чоң кишилерде инфекциянын коркунучун азайтууга жардам берет, алар үчүн татаалдашуу ыктымалдыгы алда канча жогору. Демек, бала кездеги пландуу эмдөө калктын башка катмарын кызамыктан коргоого жардам берет. Кызамык - коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору, аны айыктырууга мүмкүн эмес, оорунун татаалдашы өлүмгө алып келиши мүмкүн.
01.11.2023
Мыйзамсыз медициналык клиникалар жарандардын ден соолугуна коркунуч туудурушу мүмкүн
2023-жылдын 31-октябрында КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КР ЖК депутаттары Аида Исатбек кызы жана Чыңгыз Айдарбеков менен биргеликте дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу максатында Бишкек ш., Ош базарына жасалган рейддин жүрүшүндө ошондой эле жеке медициналык клиникаларга/кабинеттерге барышты.
Жеке медициналык клиникаларга/кабинеттерге барган учурда алардын ичинен бирөөсүнүн дагы медициналык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн уруксат берүүчү документтери жок болуп чыкты.
Маалыматтарга ылайык, ушул тапта республикада 2800гө жакын юридикалык жана жеке жактар медициналык ишмердүүлүгүн мыйзамсыз (лицензиясы жок) жүзөгө ашырып келишет.
КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев: «Республикадагы мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүк менен болгон кырдаал өтө тынч эмес. Жеке клиникаларда лицензиялардын жоктугу биздин жарандарыбыздын ден соолугу үчүн олуттуу коркунуч туудуруп жатат. Биз бейтаптардын сертификацияланбаган кызматтардын айынан жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу тобокелчилигине дуушар болушуна жол бере албайбыз. Депутаттардын жардамы жана тиешелүү мыйзамды чыгаруу бул көйгөйдү чечип жана өлкөдөгү медициналык ишмердүүлүктүн үстүнөн көзөмөлдөөнү күчөтө алат”-, деп айтты.
Жарандардан, лицензиясы бар гана жеке медициналык клиникаларга кайрылуусун абдан өтүнөбүз!
31.10.2023
Сауд Арабиядан келген дарыгерлер кыргызстандыктардын жүрөгүнө бекер операция жасоону пландоодо
31-октябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Араб Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради мырза менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу, аймактарда фельдшердик-акушердик пункттарды куруу, тажрыйба алмашуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.
Салман падышасы атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору тарабынан ушул жылдын 10-ноябрынан 17-ноябрына чейин Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасоо кампаниясын өткөрүүнү көздөп жаткандыгын билдирди. Бул акцияны өткөрүү үчүн Кыргызстанга 30 адистен турган топ келип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 100гө жакын жардамга муктаж бейтаптарга жүрөккө бекер операция жасатары күтүлүүдө. Ошондой эле, алар өздөрү менен кошо 500 миң АКШ долларын түзгөн каражатка стенттерди жана керектүү медициналык жабдууларды бекер алып келе тургандыктары айтылды. Министр Алымкадыр Бейшеналиев элчиге саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул иш-чараны өткөрүүдө КР Саламаттык сактоо министрлиги келген дарыгерлер тобуна бардык зарыл болгон колдоону көрсөтөөрүн белгиледи.
31.10.2023
Ош базарында дары каражаттарын мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу боюнча рейд өттү
КР Саламаттык сактоо министрлиги жана КР ИИМ БМАККтын ишкердик ишмердүүлүктү лицензиясыз жүзөгө ашырууну текшерүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын алкагында, бүгүн 2023-жылдын 31-октябрында КР Саламаттык сактоо министрлиги, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти, Бишкек ш., Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери КР ИИМдин БМАКК кызматкерлери менен биргеликте Бишкек ш. Ош базарында дары каражаттары жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу максатында рейд жүргүзүлдү.
Бул иш-чара КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана КР ЖК депутаттары Аида Исатбек кызы жана Чынгыз Айдарбековдун катышуусунда өттү.
Ош базарындагы «Берекет Гранд» соода борборуна жасалган рейддин жүрүшүндө ээлери дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды уруксат берүүчү документтерсиз жана тиешелүү ченемдерди сактабастан сатып жаткан бир нече контейнелер жабылды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча беш контейнердин ээсине КРнын укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 284-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп жана айыппул салынды. Мындан тышкары БМАКК тарабынан экспертиза жүргүзүү үчүн дары каражаттарынын үлгүлөрү алынды. Контейнерлердин ээлеринин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев рейддин жүрүшүндө дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз сатууга чечкиндүү күрөшүү керектигин баса белгиледи. “Бул биздин жарандардын ден соолугунун маселеси жана биз жасалма же сапатсыз дары каражаттарынын биздин жарандарыбыздын колуна тийишине жол бербешибиз керек. Биздин максатыбыз – базардагы медициналык товарлардын коопсуздугун жана сапатын камсыздоо”, - деди ал.
31.10.2023
KOICA Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине медициналык жабдууларды тапшырды
2023-жылдын 30-октябрында M. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA) “Өнүктүрүү кызматташтыгы аркылуу COVID-19га туруктуулукту жогорулатуу” программасынын алкагында медициналык жабдууларды тапшыруу аземин өттү. KOICA менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы бул кызматташуу Корея өкмөтүнүн COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүүдө өнөктөш өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган “Ишенимдүүлүктү бекемдөө” Стратегиясынын алкагында ишке ашырылган.
Салтанатка Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Джэ, Саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун жетекчилиги жана KOICA уюмунун директору Ли Джонгсу катышышты.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Корея Республикасына жана Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык агенттигине Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. «Көп жылдык кызматташуунун жүрүшүндө корей тарап Кыргыз Республикасына долбоорлор аркылуу колдоо көрсөтүп келет. Сатып алынган аппараттар ишти бир кыйла жакшыртып, калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат. Биз Корея Республикасынын жана KOICAнын биздин калыптанышыбызды жана туруктуу өнүгүүбүздү колдоодогу жан аябас жардамын жогору баалайбыз», - деп белгиледи Айжамал Шамбетова.
Кыргыз Республикасында COVID-19 жана башка жугуштуу ооруларга туруктуулукту жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 56 067 000 сомго медициналык жабдуулар сатылып алынып, республиканын бир канча саламаттык сактоо уюмдарына өткөрүлүп берилди.
Маалымат үчүн:
Стационардык санариптик ентген-аппараты 7 даана:
1. Кара-Кулжа Жалпы дарыгерлик практика борбору (Ош облусу);
2. Панфилов Жалпы дарыгерлик практика борбору (Чүй району);
3. Ак-Талаа Жалпы дарыгерлик практика борбору (Нарын облусу);
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин астындагы Улуттук хирургиялык борбору (Бишкек ш.);
5. Клиникалык тез жардам ооруканасы (Бишкек ш.);
6. №1 Үй-бүлөлүк медицина борбору (Бишкек ш.);
7. №4 Үй-бүлөлүк медицина борбору (Бишкек ш.).
Стационардык УДИ аппараты 6 даана:
1. №10 Үй-бүлөлүк медицина борбору (Бишкек ш.);
2. Шаардык студенттик поликлиника (Бишкек);
3. Жумгал Жалпы дарыгерлик практика борбору (Нарын облусу);
4. №3 Үй-бүлөлүк медицина борбору (Бишкек ш.);
5. Чүй облустук бириккен ооруканасы (Чүй облусу);
6. Клиникалык тез жардам ооруканасы (Бишкек ш.).
Офтальмикалык лазер 1 даана:
Эндокринологиялык борбор (Бишкек ш.).
31.10.2023
Саламаттык сактоо министрлигинде республиканын стоматологиялык кызматын өнүктүрүү концепциясы талкууланды
30-октябрда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында республиканын калкы үчүн стоматологиялык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу маселелери талкууланган КР Саламаттык сактоо министрлигинин жыйыны өтүүдө.
Жыйын КР Саламаттык сактоо министринин, республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин, Кыргызстандын стоматологдор ассоциациясынын өкүлдөрүнүн жана өлкөдөгү бардык стоматологиялык мекемелердин, анын ичинде жеке структуралардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан стоматологдор ассоциациясынын вице-президенти, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Абдимамет Сыдыков стоматологиялык кызматтын абалы боюнча баяндама жасады. Анын айтымында, республика боюнча 11 мамлекеттик өз алдынча стоматологиялык клиника, республика боюнча 66 саламаттык сактоо уюмдарында стоматологиялык бөлүмдөр бар. Жалпысынан 2022-жылы 1 796 683 адам кайрылган, анын ичинде 10 жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар, 70 жаштан жогорку бейтаптар.
Ал ошондой эле стоматологиялык кызматтагы бүгүнкү күндөгү көйгөйлөргө токтолду, мисалы, бет-жаактарында тубаса кемтиктери бар балдарга стоматологиялык жардам көрсөтүү; онкологиялык операциялардан кийин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ортопедиялык жардам көрсөтүү; балдарга ортодонтиялык жардам көрсөтүү; өзгөртүүлөрдү киргизүү жана ченемдик-укуктук документтерди унификациялоо жана санариптештирүү.
Кыргызстандын стоматологдор ассоциациясынын вице-президенти Абдимамет Сыдыков республиканын стоматологиялык кызматын мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун да айтты. Республиканын стоматологиялык кызматынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу, анын ичинде үч өзүнчө балдар стоматологиялык клиникасын уюштуруу: экөө Бишкекте жана бирөө Ошто. Бардык стоматологиялык клиникаларды чарбалык эсепке өткөрүү жана алардын структурасында иштеп жаткан балдар бөлүмдөрүн кармап туруу. Башка региондордо ҮМБнын стоматологиялык бөлүмдөрүндө кошумча балдар бөлүмдөрүн уюштуруу.
КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө тиш ооруларын алдын алуу жана өспүрүм куракта ооз көңдөйүн санациалоо чоң кишилерде көптөгөн оорулардын алдын ала тургандыгын белгиледи. «Дени сак балдар биздин келечегибиз. Балдардын өзүнчө стоматологиялык клиникаларын ачуу гана эмес, жеке сектор менен биргеликте иш алып баруу маанилүү. Уруксатсыз иштеген жеке клиникалардын ишин токтотуу керек. 2021-жылы жеке стоматологиялык клиникаларды текшере баштаганда 837 клиниканын дээрлик жарымынын лицензиясы жок болчу. Бул болсо өз кезегинде калкыбыздын ден соолугуна таасирин тийгизүүдө. Гепатит жана АИВ менен ооругандардын саны көбөйүшү мүмкүн», - деди министр.
Бардык тараптарды, анын ичинде жеке сектордун өкүлдөрүн угуп, министр жыйында айтылган сунуштарды эске алуу менен республиканын стоматологиялык кызматынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүп, аны ушул жылдын 13-ноябрына чейин карап чыгып Саламаттык сактоо министрлигине киргизүү тапшырмасын берди.
30.10.2023
«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы менен «Казакстан СК Фармация» ЖЧКсынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду
Фармацевтикалык продукцияны өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин катышуусунда Астанада өткөн, 3-эл аралык фармацевтикалык форумдун жүрүшүндө «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы менен «СК Фармация» ЖЧШсынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Буга чейин ушундай эле протоколго “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы менен Түркиянын “Ускаш” ишканасынын ортосунда кол коюлган. Муну менен мамлекеттик ишкана фармацевтика тармагындагы аймактык жана дүйнөлүк лидерлер менен байланыштарын чыңдоодо. Жетишилген макулдашуулар дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу маселелерин биргелешип чечүүгө мүмкүндүк берет.