Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
12
05
2025
Президенттин бардык тапшырмалары аткарылды: Кыргызстанда жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүлүү улантылууда
Кыргызстан менен Кытай медициналык билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо
19.02.2025
КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФ саламаттыкты сактоо системасын каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жолдорун жана абанын булганышынын калктын саламаттыгына тийгизген таасирин талкуулашты
Бүгүн, 2025-жылдын 19-февралында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Самман Таппа мырза жетектеген ЮНИСЕФтин өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер менен техникалык кеңешме өткөрдү, анда саламаттыкты сактоону каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатуунун негизги маселелери, ошондой эле балдардын жана бүтүндөй калктын ден соолугуна абанын булганышынын таасирин азайтуу боюнча чаралар талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик чыгашалардын натыйжалуулугун талдоонун жыйынтыктары талкууланып, кыйла олуттуу натыйжаларга жетишүү жана калктын медициналык кызматтарга жалпы жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардамга (БМСЖ) инвестицияларды көбөйтүү зарылчылыгы баса белгиленди. Сунуштардын катарында каржылоонун айрым принциптерин кайра карап чыгуу, профилактикалык медицинаны чыңдоо, дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, медициналык секторду жыйынтыкка негизделген каржылоого өткөрүү ж.б.у.с. сунуштар айтылды.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев белгилегендей, саламаттыкты сактоо тармагын эффективдүү каржылоо өтө маанилүү маселе. «Биз мамлекеттик чыгымдарды гана көбөйтпөстөн, баштапкы медициналык-санитардык жардамга жана оорулардын алдын алууга басым жасоо менен аны кайра бөлүштүрүүбүз керек. ЮНИСЕФтин далилдүү жана глобалдык тажрыйбалуу талдоосу көрсөткөндөй, каржылоодо, кызматтарды көрсөтүүдө, дары-дармектерде ж.б. негиздүү чараларды колдонуу системанын туруктуулугун жана эң негизгиси калктын медициналык кызмат көрсөтүүгө жалпы жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жардам берет. Биз ЮНИСЕФ жана башка өнөктөштөр менен бул чараларды мындан ары иштеп чыгуу үчүн деталдуу негиздөө боюнча иш алып барууга даярбыз», - деп кошумчалады Эркин Чечейбаев.
Жыйындын маанилүү темасы абанын булганышы жана анын ден соолукка тийгизген таасири болду. ЮНИСЕФтин консультанты Сент-Луис университетинин (АКШ) профессору Джей Р.Тернер абанын булганышынын балдарга жана аялдарга тийгизген таасирин азайтуу стратегиясын сунуштады. Ал бул көйгөйдү изилдөөгө багытталган Ош шаарында пилоттук долбоорго токтолду. Изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктарын 2025-жылдын апрелинде берүү пландалууда. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин ортосундагы медициналык системаны жакшыртуу жана жарандардын, өзгөчө балдардын ден соолугун коргоо боюнча чечимдерди издөөдө техникалык өнөктөштүктүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
19.02.2025
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саламаттыкты сактоодо маалымат чогултуунун жана колдонуунун натыйжалуулугун баалоо үчүн ДССУнун SCORE методологиясын колдонуу менен изилдөө жүргүзүүдө
2025-жылдын 19-февралы, Бишкек ш. – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) менен биргеликте саламаттыкты сактоонун маалыматтык системаларынын абалын жана медициналык маалыматтарды колдонуунун натыйжалуулугун комплекстүү баалоого багытталган SCORE (Surveys, Count, Optimize, Review, Enable) методологиясын колдонуу менен изилдөөнү демилгеледи.
ДССУ тарабынан иштелип чыккан SCORE методологиясы өлкөлөргө маалыматтарды чогултуунун сапатына, башкаруу чечимдерин иштеп чыгууда аны колдонуунун деңгээлине жана саламаттык сактоо системасын санариптештирүү даражасына комплекстүү талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берген эл аралык таанылган инструмент болуп саналат. Изилдөө саламаттыкты сактоо тармагындагы маалыматтарды башкаруунун натыйжалуулугун баалоого секторлор аралык мамилени камсыз кылуучу саламаттыкты сактоо адистеринин, мамлекеттик статистика органдарынын жана жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын аракеттерин бириктирет.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарман Байдавлетов белгилегендей, медициналык маалыматтардын сапаты саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда негизги ролду ойнойт, анык маалыматтын негизинде натыйжалуу жана негизделген чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. «Маалыматтардын сапатын жогорулатуу 2025-2027-жылдарга санариптик саламаттыкты сактоонун «Санарип MED 2.0» максаттуу моделинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат», - деп баса белгиледи министрдин орун басары.
ДССУнун Саламаттык сактоо саясаты боюнча кеңешчиси Аманда Шривис бул изилдөөнү ишке ашыруу Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ), атап айтканда, "Сергек жашоону камсыз кылуу жана бардык курактагы адамдардын бакубаттуулугун жогорулатуу" ТӨМ 3кө жетишүүгө көмөктөшөөрүн баса белгиледи.
Алынган маалыматтар стратегиялык пландаштыруу жана саламаттыкты сактоодо санариптик чечимдерди жакшыртуу үчүн маанилүү курал болуп калат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги санариптик саламаттыкты сактоо тармагындагы эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча системалуу иш алып барууда жана калктын кызыкчылыгында маалыматтарды башкаруунун сапатын жакшыртуу боюнча ишти улантууда.
18.02.2025
Саламаттыкты сактоо министри эл аралык өнөктөштөр менен Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулады
2025-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Саламаттыкты сактоону өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши менен биргеликте саламаттыкты сактоо тармагындагы негизги артыкчылыктарды жана өнөктөштүк колдоону кеңейтүү жолдорун талкуулоо үчүн танышуу жыйынын өткөрдү.
Жыйын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ВОЗ) менен Дүйнөлүк банктын тең төрагалыгы астында өттү. Ага эл аралык уюмдардын, донордук агенттиктердин жана дипломатиялык корпустун 30дан ашык өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө министр Эркин Чечейбаев оорулардын алдын алуу жана жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) менен күрөшүү, өлүм көрсөткүчүн азайтуу жана жигердүү узак жашоону жогорулатуу, медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, саламаттыкты сактоо тармагында санариптештирүүнү өнүктүрүү сыяктуу саламаттык сактоо министрлигинин стратегиялык артыкчылыктары менен тааныштырды.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр өз кезегинде Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасына техникалык жардам жана колдоо көрсөтүү боюнча демилгелери тууралуу айтып беришти.
Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев саламаттыкты сактоо тармагын чыңдоо үчүн натыйжалуу өнөктөштүк жана стратегиялык инвестиция керек экенин баса белгиледи. «Саламаттык сактоо министрлиги өнөктөштөр менен эффективдүү кызматташуу аркылуу Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө умтулат. Бүгүнкү жолугушуу эл аралык уюмдардын жана донорлордун колдоосунун жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Биргелешип иш алып баруу менен биз Кыргызстандын бардык жарандары үчүн кыйла туруктуу жана жеткиликтүү саламаттык сактоо системасын кура алабыз», - деп кошумчалады Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев.
Дүйнөлүк банктын өлкө боюнча менеджери Хью Ридделл мырза мындай форумдар секторлор аралык кызматташууда маанилүү роль ойноорун, ал эми саламаттыкты сактоо тармагы - туруктуу өнүгүү үчүн эффективдүү өнөктөштүктүн үлгүсү экенин белгиледи. Ал ошондой эле Дүйнөлүк банк 2030-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча 1,5 миллиард адамды жакшыраак медициналык тейлөө менен камсыз кылуу максатын көздөп, жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүдө өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө умтуларын баса белгиледи.
«ДССУ, башка өнүктүрүү өнөктөштөрү жана донорлор сыяктуу эле, Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун натыйжаларын жакшыртуу боюнча миссиясында Саламаттык сактоо министрлигине колдоо көрсөтүүнү улантууда. Бул жолугушуу диалог үчүн маанилүү аянтча катары кызмат кылат, күч-аракеттерди шайкеш келтирүү жана өлкөнүн саламаттык сактоодогу эң актуалдуу маселелерин чечүү үчүн техникалык жардамдын натыйжалуу координациясын камсыз кылуу. Биз бардык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана донорлордун саламаттыкты сактоо секторун чыңдоого умтулуусун жогору баалайбыз», - деп түшүндүрдү ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско.
17.02.2025
Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча 2025-жылдын 7-жумасында (10.02.25 - 16.02.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10 796 учуру жана сасык тумоонун 73 учуру катталып, мурунку жумага (06-жума и.к. 148,6) салыштырмалуу + 3% га жогору. Ооругандардын 4,4%ы (483 адам) ооруканага жаткырылган.
2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап сасык тумоонун 66% A/(H1N1(2009)), 29,3% В түрү жана 4,7% COVID-19 менен шартталган сасык тумоо мезгили болду.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын айлануусу байкалган, алардын ичинен респиратордук синцитиалдык вирус – 28%, риновирус – 26,6%, аденовирус – 13%, I-IV парагрипп – 11,9% жана башка вирустук инфекциялар – 205%.
Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында мектептерде балдардын сабакка катышуусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.
КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:
- коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;
- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,
- дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),
- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.
12.02.2025
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунан эвакуацияланган бейтаптардын ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат
Окуя болгон учурда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда жалпы 104 адам, анын ичинде 50 бейтап, анын 19у бала, 32 багуучу жана 22 кызматкер болгон.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунан 31 бейтап жакынкы ооруканаларга жайгаштырылды: 12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулду, анда 12 энеге жана эки атага медициналык жардам көрсөтүлдү. Эки бейтап Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө которулду. Академик М.Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборуна 15 бейтап, анын ичинде 8 чоң адам жана 7 бала. Операцияга чейинки 19 бейтап үйлөрүнө жөнөтүлдү.
Тилекке каршы, дарыгерлердин аракетине карабай, операциядан кийинки эки бала (1 жаш 7 ай жана 16 жаш) Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө каза болду.
2025-жылдын 12-февралынын таңына карата Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы балдардын абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда. Учурда көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө 11 бейтап, анын ичинен 4 бала жатат. Төрт баланын экөөнүн абалы өтө оор.
Улуттук госпиталда 2 бейтап жатат, бейтаптардын абалы орто, дарылоо улантылууда.
Өрттөн бейтаптардан тышкары 9 адам жабыркап, истүү газга ууланып ооруканага жаткырылды. Алардын арасында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун 7 медициналык кызматкери жана 2 багуучу бар. Төрт медицина кызматкеринин абалы канааттандырарлык. Үчөөнүн абалы орточо жана туруктуу. Алар тез жардам клиникалык ооруканасынын токсикология бөлүмүндө.
Окуянын кесепеттерин жоюуга Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык кызматтары, мэрия, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Ички иштер министрлиги тартылып, Бишкек шаарындагы медициналык мекемелер күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Алты психолог бейтаптар жана алардын жакындары менен иш алып барып, жардам көрсөтүштү.
10.02.2025
КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал
Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча 2025-жылдын 6-жумасында (25.03.25 - 25.09.) 10407 курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун 30 учуру катталып(и.к. 146,6), өткөн жумага салыштырмалуу (05-жума и.к. 155,5) -0,9% га төмөндөдү. Катталгандардын 3,9% (407 учур) ооруканага жаткырылган.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалган, алардын ичинен респиратордук синцитиалдык вирус – 28,9%, риновирус – 26,3%, аденовирус – 12,9%, I-IV парагрипп – 11,9%, башка вирустук инфекциялар 11,9%ды түзөт.
2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосу жана В гриппинин айрым учурлары - 29,6% жана COVID-19 - 6,2% шарттаган сасык тумоо мезгили байкалууда.
Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.
КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:
- коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;
- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,
- дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),
- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.
07.02.2025
ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлигине 507 даана компьютер тапшырды
Бүгүн, 2025-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Эркин Чечейбаев менен ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапанын жолугушуусу болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө ЮНИСЕФ министрликке «iEMDOO» маалымат системасын ишке киргизүү үчүн 507 моноблок тапшырды. Бул система баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде эмдөө программасына санариптик инструменттерди киргизүүгө, персоналдаштырылган эсепти жакшыртууга жана балдарды эмдөө менен камтууну жогорулатууга мүмкүндүк берет. Демилге Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамды модернизациялоого жана саламаттыкты сактоодо санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЮНИСЕФтин 2023-2027-жылдарга карата өлкө программасы да талкууланды. Самман Тапа Саламаттыкты сактоо министрлиги, ЮНИСЕФтин жүргүзүлүп жаткан иш-чаралары жана иш планы менен тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, уюмдун Кыргызстандагы балдардын ден соолугун, өнүгүүсүн жана бакубаттуулугун жакшыртууга умтулуусун баса белгиледи. Бул аракеттер бардык жарандардын өмүр бою негизги медициналык кызматтардын толук спектрин камтыган, финансылык кыйынчылыктарсыз сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүүсүн камсыз кылууга багытталган.
«I-EMDOO» системасы Кыргызстандагы медициналык кызматтарды санариптештирүүдөгү олуттуу прогрессти билдирет. Эмдөөлөрдү каттоону толугу менен санариптештирүү менен система медициналык кызматкерлердин административдик жүгүн азайтат, бул аларга бейтаптарды тейлөөгө көбүрөөк көңүл бурууга жана коомдук саламаттыкты сактоонун алдын алуу чараларынын алкагында камтылбай калган балдарды жана калкты оңой көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Учурдагы саламаттык сактоо маалымат базалары жана платформалары менен интеграциялоо коомдук саламаттыкты сактоону эффективдүү башкаруу үчүн маанилүү болгон ар тараптуу жана так маалыматтарды чогултууну камсыздайт», - деди Самман Тапа.
«ЮНИСЕФтин Өкүлү Самман Тапа мырза менен жолугуп жатканыбызга кубанычтабыз жана Кыргызстанга, өзгөчө эне жана баланын саламаттыгы тармагында көрсөтүлүп келе жаткан колдоо үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Биздин кызматташтыгыбыз уланып, чыңдалып жатканы маанилүү. Өткөн жылы эле биз өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүдө олуттуу ролду ойногон 3 миллион долларга жакын жардам алдык. ЮНИСЕФтин COVID-19 пандемиясынын учурунда маанилүү болгон иммунизация системасын санариптештирүүгө кошкон салымы өзгөчө баалуу. Биз мындан ары жемиштүү өнөктөштүктү, анын ичинде техникалык колдоо жана эксперттик жардам маселелерин чыдамсыздык менен күтөбүз. Учурда биз саламаттыкты сактоо тутумундагы кырдаалга комплекстүү баа берүүнү жүргүзүп жатабыз жана бирдиктүү эксперттик топ түзүү үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде ЮНИСЕФтин, ДССУнун жана башка уюмдардын аракеттерин бириктиришибиз керек. Бул бизге Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын мындан ары өнүктүрүү боюнча негиздүү сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет»,-деди КРнын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев.
2025-жылы эмдөө процессин кагазсыз эсепке алууга толук өтүү үчүн шарттарды камсыз кылуу пландалып жатканын белгилейбиз. Бул үчүн бардык журналдарды жана эсепке алуу формаларын санариптештирүү, ошондой эле республика боюнча 1750гө жакын эмдөө пункттарында «iEMDOO» маалымат системасын киргизүү талап кылынат.
Маалымат үчүн:
Компьютерлер ЮНИСЕФтин аракеттеринин алкагында ГАВИ (Вакциналар жана иммунизация боюнча Глобалдык альянс) жана Канада Өкмөтүнүн колдоосу менен тапшырылды. Бул салым ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо боюнча жүргүзүп жаткан аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат. ЮНИСЕФ ГАВИ менен биргеликте жакында төрөт үйлөрүндөгү дагы бир маалыматтык система үчүн 117 компьютер, 9500дөн ашык жеке коргонуу каражаттары жана Саламаттык сактоо министрлигине вакциналарды ташуу үчүн 26 жол тандабас алып берген.
05.02.2025
КР Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев тармакты өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүштү
Бүгүн, 2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттарды белгиледи:
«Мен саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүдө негизги деп эсептеген багыттарга токтолгум келет. Биринчи кезекте – бул башкаруу деңгээлиндеги системалуу коррупцияга каршы күрөш. Бул жөнөкөй дарыгерлерге эмес, чечим кабыл алган жетекчилерге, Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын, республикалык медициналык уюмдардын жетекчилерине, башкы дарыгерлерге, мамлекеттик каражатты бөлүштүргөн жана сатып алууларды жүргүзгөн адамдарга тиешелүү. Коррупцияга каршы күрөш – менин ишмердүүлүгүмдөгү эң маанилүү багыттардын бири.
Экинчиден, калкты дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен жеткиликтүү камсыздоо. Бул финансылык жактан гана эмес, физикалык жана географиялык жеткиликтүүлүктү да камтыйт. Айрыкча алыскы аймактардагы жарандар өздөрүнө керектүү дары-дармектерди оңой сатып ала алышы керек. Бул багытта Кыргызстанда азыр олуттуу көйгөйлөр бар.
Үчүнчүдөн, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы боюнча маселе. Дары-дармектердин баасын жөнгө салуу идеясы абдан жакшы, бирок аны ишке ашыруунун механизмдери жакшыртууну талап кылат. Алгач пилоттук долбоорлорду киргизип, бардык процесстерди так иштеп чыгуу зарыл. Медицина мекемелеринде дары-дармектердин жетишсиздиги болбошу керек, калк зарыл болгон медикаменттер менен камсыз болушу керек. Учурда биз кырдаалды талдап жатабыз, андан кийин өз сунуштарыбызды киргизебиз.
Төртүнчү багыт – стационардык кызматты чыңдоо. Ооруканаларды куруу, оңдоо жана заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо иштерин улантуу зарыл. Өлкө боюнча ооруканалардын абалы начар, жана биз муну өзгөртүшүбүз керек. Айрыкча алыскы аймактарда, райондордо жаңы клиникалар курулушу керек. Азыр клиникалар ар кандай фонддордун жана башка каржылык булактардын эсебинен курулууда, бул ишти күчөтүү керек.
Кадр маселеси дагы чоң көйгөй бойдон калууда. Медициналык адистердин жетишсиздиги аймактарда гана эмес, Бишкек жана Ош шаарларында да байкалууда. Бизге врачтар, орто медициналык кызматкерлер жетишпейт. Медициналык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу бул көйгөйдү чечүүнүн негизги фактору болуп саналат. Биз буга байланыштуу комплекстүү анализ жүргүзүп жатабыз жана жакынкы убакта өз сунуштарыбызды киргизебиз.
Жана акыркы маанилүү маселе – бул оорулардын алдын алуу жана профилактиканы өнүктүрүү. Азыркы учурда саламаттык сактоо тутуму негизинен оорулардын кесепеттери менен күрөшүүгө багытталган. Бирок биз алдыбызга калктын орточо жашоо узактыгын жогорулатуу, улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу сыяктуу башка максаттарды коюубуз керек. Пенсионерлер ооруканага барып убакыт өткөрбөстөн, дени сак жана активдүү жашоо кечириши керек. Бирок мунун баары профилактикага жетиштүү деңгээлде каржы бөлүүгө байланыштуу. Азыр саламаттык сактоо бюджетинин болгону 5% гана профилактикага жумшалат, биз бул көрсөткүчтү жогорулатышыбыз керек.
Жалпысынан, мен саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүдө төрт негизги багытты көрүп турам – коррупцияга каршы күрөш, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, кадр саясаты жана профилактика», – деп билдирди Эркин Чечейбаев.
05.02.2025
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда операциялык зал, жандандыруу жана паллиативдик жардам бөлмөлөрү уюштурулду
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы бөлүмүндө онкологиялык патологиясы бар балдар үчүн операциялык зал, жандандыруу жана паллиативдик жардам бөлмөлөрү ачылды. Мындай чаралар онкологиялык патологиясы бар балдарга адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.
Химиотерапия же нур терапиясын алган балдардын өмүрүнө коркунуч туудурган кыйынчылыктар сейрек эмес. Алардын иммундук системалары бул дарылоо аркылуу басылып, инфекцияларга алсыз болуп калат. Ошондуктан, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында жаңы адистештирилген түзүмдөрдүн ачылышыизоляцияга алынган бейтаптарга күнү-түнү мониторинг жүргүзүүгө, инфекциялык оорлошууларды алдын алууга, начарлоонун алгачкы белгилерине ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, балдар чоңдорго караганда респиратордук жардамга көбүрөөк муктаж.
Паллиативдик жардам негизги дарылоого толуктоо катары диагноз коюлган учурдан башталышы керек. Аны онкопатологиянын терминалдык баскычы менен гана байланыштыруу жаңылыштык. Мындай жардамдын негизги максаты - ыңгайлуу шарттарды түзүү, баланын жана үй-бүлөнүн жашоо сапатын жакшыртуу, физикалык, эмоционалдык жана социалдык кыйынчылыктарды жеңүүдө колдоо көрсөтүү. Изилдөөлөр паллиативдик кызматтарды эрте тартуу ата-энелердин тынчсыздануу жана депрессия деңгээлин азайтарын жана ооруканага шашылыш жаткырылгандардын санын азайтарын тастыктайт.
Бул түзүмдөрдү уюштуруу мультидисциплинардык бригаданы (онколог, реаниматолог, психолог, физиотерапевт жана социалдык кызматкер) жана кошумча каржылык чыгымдарды талап кылат.
Биз бул багытка инвестиция салуу медициналык гана зарылчылык эмес, ошондой эле аярлуу бейтаптар алдындагы коомчулуктун моралдык милдети деп эсептейбиз.
04.02.2025
Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчи тааныштырылды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини – Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Эркин Чечейбаевди тааныштырды.
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Эркин Чечейбаевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.
03.02.2025
Сасык тумоо жана КРВИ боюнча эпидемиологиялык абал
Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча, 2025-жылдын 5-жумасында (27.01.25 - 02.02.25) республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11037 учуру жана сасык тумоонун 40 учуру (и.к. 156,0) катталган, өткөн жумага салыштырмалуу (04-жумада и.к. 161,9) -3,6%га төмөндөгөн. Жалпы ооругандардын 3,9% (436 учур) ооруканага жаткырылган.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында курч кармаган респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылууда.
Октябрь айынан бери (2024-жылдын 40-жумасынан 2025-жылдын 5-жумасына чейин) 1713 үлгү чогултулду, анын 260ы оң, анын ичинде 77,7% А (H1N1 (2009) - 200 учур, H3N2-2 учуру), В- 16,1% (42 учур), COVID-19 -6,2% (16 учур).
Ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы басымдуулук кылууда, 1713 үлгүнүн ичинен 1045и оң, анын ичинде РС вирусу – 29,7% (310), риновирус – 25,4% (266), аденовирус – 13, 3% (139), парагрипп I-IV – 12,1% (126), башка вирустар – 19,5% (204).
Республикада COVID-19 оорусуна жума сайын мониторинг жүргүзүү улантылууда. 2025-жылдын 05-жумасында Бишкек шаарында оорунун 1 учуру катталды.
КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:
- коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;
- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,
- дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),
- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.
31.01.2025
КР Саламаттык сактоо министрлигинде 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү
Бүгүн, 31-январда КР Саламаттык сактоо министрлигинде республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын 2024-жылга карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, ошондой эле быйылкы жылга ведомствонун алдында турган милдеттер талкууланды.
Коллегия Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Элден Калчакеевдин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, министрдин орун басарларынын, ведомствого караштуу уюмдардын жетекчилеринин, ошондой эле республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.
Күн тартибинде республикадагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишмердүүлүгү, коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын ишмердүүлүгү, дары-дармек саясаты жана саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүүнү илгерилетүү маселелери каралды.
2024-жылга карата аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов баяндама жасады.
30.01.2025
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Abbott компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту: Кыргызстанда жүрөккө механикалык имплант коюу пландалууда
2025-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо улуттук илимий-изилдөө институтуна барып, Abbott компаниясынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Евгений Долженко баштаган делегациясы менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарды дарылоонун инновациялык технологияларын киргизүүнүн келечеги талкууланды. Тактап айтканда, талкуу жүрөк трансплантациясынын альтернативалык ыкмалары – LVAD (Left Ventricular Assist Device) HeartMate 3 системасынын жардамы менен механикалык сол карынчаны имплантациялоо жөнүндө болду. Бул аппарат жүрөккө канды айлантууга, анын жүгүн азайтууга жардам берген жана бейтапка активдүү жашоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу жогорку технологиялуу аппарат.
Министр Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кардиохирургиялык жардамды жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барып жатканын белгиледи. Abbott компаниясы менен кызматташуунун алкагында, LVAD имплантациялоо технологиясын ишке ашыруу бир нече этапта ишке ашат:
• Биринчи этап - Кыргызстандагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо улуттук илимий-изилдөө институтунун жана Улуттук кардиология жана терапия борборунун кардиологдорун, кардиохирургдарын жана реаниматологдорун даярдоо;
• Экинчи этап - Москвада адистерди тереңдетип окутуу;
• Үчүнчү этап – Кыргызстанда жасалма жүрөктүимплантациялоо боюнча биринчи операцияны жасоо.
Жакынкы күндөрү Abbott компаниясынын делегациясы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо улуттук илимий-изилдөө институтунун адистери менен жолугушууларды өткөрөт жана мындай операцияларды жасоо үчүн зарыл болгон операциялык бөлмөлөр, керектүү аспаптар жана медициналык жабдуулар менен таанышат.
HeartMate 3 аппаратынын баасы 100 миң доллардын тегерегинде. Операцияны каржылоо маселеси иштелүүдө.
Мындай операцияларды өткөрүү Кыргызстанда жогорку технологиялык медициналык жардамды өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, жүрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптардын жашоо сапатын бир топ жакшыртат.
29.01.2025
Саламаттыкты сактоо министри Ош шаарындагы балдар клиникалык ооруканасында болуп, онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдар үчүн жаңы оорукананын курулушун талкуулады
2025-жылдын 29-январында Ош шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Элдар Сулайманов менен бирге Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына барды.
Сапардын жүрүшүндө оорукананын балдар онкогематология бөлүмүндө орун жетишсиздигине байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды. Бүгүнкү күндө Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарын кошкондо республиканын түштүк аймактарынан балдарды кабыл алган бөлүмдө 25 гана керебет бар, бул оорулууларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн бир топ чектейт. Оорукана 540 койкага ылайыкталган, жылына 27 миңге жакын бала стационардык дарылануудан өтүп, күнүнө 800дөн 1500гө чейин бала амбулатордук жардам алат.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев онкогематология бөлүмүндө өлкөнүн бардык түштүк аймактарынан келген балдарды тейлегендигин эске алганда, керебеттердин жетишсиздиги маселеси өзгөчө актуалдуу болуп жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу Ош шаарына өзүнчө балдардын онкогематология ооруканасын куруу маселеси тараарын белгилеп. Жаңы имарат курулса азыркы бөлүмдүн жумушу жеңилдеп, медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулаарын кошумчалап өттү.
Министр Балдар ооруканасынын директору Жыргалбек Толоровго жаңы оорукананын курулушун баштоо үчүн бардык керектүү документтерди даярдоону тапшырды.
Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов бул маселени чечүүгө активдүү салым кошууга жана Ош шаарына өзүнчө балдардын онкогематология ооруканасын куруу долбоорун илгерилетүүгө даяр экендигин билдирди.
28.01.2025
Бүткүл дүйнөлүк гемофилия федерациясы Кыргызстандагы гемофилия менен ооруган бейтаптарга колдоо көрсөтүүнү улантат
2025-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов Бүткүл дүйнөлүк Гемофилия федерациясынын (WFH, Канада) Медициналык жана гуманитардык жардам боюнча директору доктор Ассад Хаффар менен жолугушту.
Жолугушуунун негизги максаты КР Саламаттык сактоо министрлиги менен WFH ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле гемофилия менен ооруган бейтаптарды мындан аркы колдоонун келечегин талкуулоо болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык кызматташтыктын негизги маселелери, анын ичинде гемофилия менен ооруган бейтаптарга гуманитардык жардам көрсөтүү программасын кеңейтүү, көрсөтүлүүчү жардамдын көлөмүн көбөйтүү перспективалары, мамлекеттик деңгээлде антигемофильдик факторлор менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана бул оору менен ооругандарды колдоо үчүн улуттук программаны бекемдөө талкууланды. Бул талкуулар Кыргызстандагы гемофилия менен ооруган бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга жана алардын керектүү медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Кыргызстанда гемофилия диагнозу коюлган бейтаптарга 15 жылдан ашык убакыттан бери Бүткүл дүйнөлүк Гемофилия федерациясы тарабынан берилген кандын уюшу факторунун концентраттары түрүндөгү өтө маанилүү гуманитардык жардам көрсөтүлүп келет. Бул мезгилдин ичинде республикага коагуляциянын VIII, IX жана VII факторлору бир кыйла өлчөмдө жеткирилди, бул 400 оорулууну өз убагында дарылоого мүмкүндүк берди. Гуманитардык жардамдын аркасында бейтаптар татыктуу жашоого жана керектүү медициналык жардамга ээ болуп келишет.
28.01.2025
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кызматкерлери эрте кийлигишүү программасынын активдүү катышуучулары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Дени сак адам – өнүккөн өлкө – 2030” программасында калктын ден соолугун коргоонун көптөгөн маанилүү элементтери менен катар жаңы төрөлгөн ымыркайларды аудиологиялык скринингден өткөрүү маселелери да камтылган. Бул программанын алкагында жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу жана катышуусу менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун адистери Чүй төрөт үйүнө жана №2 шаардык төрөт үйүнө угууну скринингден өткөрүү аппараттарын орнотушту. Скрининг процедураларын сапаттуу аткаруу үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кызматкерлери аталган медициналык мекемелердин адистери үчүн окутууларды өткөрүштү. Кесиптештерге бул изилдөөнү өткөрүүнүн методикасы үйрөтүлдү. Бул жаңы төрөлгөн ымыркайлардын угуусунун начарлашын эрте аныктоого багытталган өтө маанилүү кадам болуп, өз убагында диагноз коюуга, коррекциялоого, балдардын жашоо сапатын жакшыртууга, балдардын майыптыгын кыскартууга өбөлгө түзөрүн белгилей кетүү керек.
28.01.2025
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри түрк делегациясы менен органдарды трансплантациялоо боюнча кызматташууну кеңейтүү маселесин талкуулады
Бүгүн, 2025-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик ооруканалардын башкы директорунун орун басары доктор Бахар Айдынлы баштаган делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасында органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле, учурда доктор Бахар Айдынлы жетектеген түркиялык адистердин тобу Режеп Тайып Эрдоган атындагы кыргыз-түрк ооруканасынын иши менен таанышып жатканы айтылды. Делегациянын курамында жакынкы убакытта даярдыгына жараша эки бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясын жасоону пландап жаткан трансплантолог дарыгерлер бар.
Жолугушууда доктор Бахар Айдынлы трансплантологдордун эки тобу Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасында ишин уланта турганын билдирди. Дарыгерлер даярдыкка жараша бейтаптарга бөйрөк алмаштыруу боюнча операцияларды жасашат.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда эки бейтап бөйрөгүн алмаштырууга даяр экенин билдирди. «Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда буга чейин кол коюлган келишимдердин алкагында бөйрөктү трансплантациялоо башка бейтаптарга да жеткиликтүү болот. Бул операцияларды финансылоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйруктарынын негизинде ишке ашырылат. Бир бейтапка бөйрөк алмаштыруунун баасы 7,5 миң АКШ долларын түзөт. Алгачкы эки операцияга Президенттин демөөрчүлүк фондунан 15 миң АКШ доллары бөлүндү», - деди КРнын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
28.01.2025
Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык кырдаал
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча 2025-жылдын 4-жумасында (20.01.25 - 26.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 441 учуру жана сасык тумоонун 53 учуру катталган (и.к. 161,9), өткөн жумага салыштырмалуу (03-жума, и.к. 166,2) -2,6%га аз катталган. Ооругандардын 5%ы (563 бейтап) ооруканага жаткырылган.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын таралуусу байкалууда, анын ичинде эң көп таралганы респиратордук синтициалдык вирус – 29,9%, риновирус – 25,2%, аденовирус – 13,2%, I-IV парагрипп – 12,1%, башка вирустук инфекциялар 19,6%ды түздү.
2024-жылдын декабрь айынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосунан келип чыккан сасык тумоо мезгили байкалууда жана В тумоосунун айрым учурлары - 13,2% жана COVID-19 - 6,8% болду.
Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.
КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керек:
- коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;
- жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,
- дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),
- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.
27.01.2025
Кыргызстан алыскы аймактарда медициналык тейлөөнү жакшыртуу үчүн санариптик саламаттыкты сактоо технологияларын киргизүүдө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган Кыргызстандын делегациясы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Москвага расмий иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында санариптик медицина тармагында алдыңкы чечимдерди иштеп чыгуучу SberMedAI компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстанда компакттуу медициналык комплекстерди – «Санарип ФАПтарды» киргизүү чечими кабыл алынды. Бул приборлор заманбап диагностикалык жабдуулар, анын ичинде электрокардиографтар, пульсоксиметрлери, кан жана заара анализаторлору, ошондой эле алгачкы диагностика үчүн башка аспаптар менен жабдылган көчмө кейс. «Санариптик ФАПтар» квалификациялуу медициналык адистер жетишсиз болгон өлкөнүн алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарында медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кыйла жакшыртат.
Кошумчалай кетсек, саламаттыкты сактоону санариптештирүүнүн алкагында бул жабдуулар иштелип жаткан Sanarip Clinic маалымат системасына, атап айтканда бейтаптын электрондук амбулаториялык картасы менен туташтырылат. Бул реалдуу убакыт тартибинде дарыгерлерди керектүү маалымат менен камсыз кылып, медициналык маалыматтарды эффективдүү башкарууга мүмкүндүк берет.
Программанын алкагында 200 «Санарип ФАПты» сатып алуу пландаштырылууда, алар өлкөнүн бардык аймактарына таркатылат.
«Мындай технологияларды ишке киргизүү алыскы аймактардагы бейтаптарды диагностикалоону жана дарылоону жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Бул демилге Кыргыз Республикасында санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүү жана баштапкы медициналык-санитардык жардам системасын чыңдоо стратегиясынын бир бөлүгү болуп калат”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Жакынкы айларда аймактарга алгачкы комплекстердин жеткирилиши күтүлүүдө.
20.01.2025
Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык кырдаал
Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча, 2025-жылдын 3-жумасында (13.01.25 - 19.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 761 учуру жана сасык тумоонун 41 учуру катталып (и.к. 166,2), өткөн жумага салыштырмалуу (02-жума, и.к. 105,0) +1,6 эсеге жогору. Ооругандардын 4,8%ы (563 бейтап) ооруканага жаткырылган.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын таралышы байкалууда, алардын ичинен эң көп таралган респиратордук синцитиалдык вирус – 30,3%, риновирус – 25,8%, аденовирус – 13,2%, I-IV парагрипп – 11,4%, башка вирустук инфекциялар 19,3%ды түздү.
2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосунан жана В тумоосунун айрым учурлары - 10,7% жана COVID-19 - 8,9% шарттаган сасык тумоо мезгили болду.
Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.
Республикада сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жана баалоо улантылууда жана көзөмөлдө.