Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

04

12

2024

Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылып, облустук төрөт үйү болот

04.12.2024

Шаардык тез жардам балдар ооруканасында кичинекей бейтаптар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү

03.12.2024

КР Саламаттык сактоо министри Клиникалык тез жардам ооруканасына барды

25.01.2023
Кыргызстанга мобилдик компьютердик томографты алып келүү пландалууда

2023-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде RTIC Радиологиялык технологиялардын эл аралык кызматташтык академиясы (Япония) жана Sansei Корпорациясынын (Япония) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда жапон тарап мобилдик томографтарды киргизүү долбоору Өзбекстан Республикасы менен Тажикстан Республикасында өзүн ийгиликтүү көрсөткөнүн белгиледи. «Долбоор бир жылга эсептелген, бул аралыкта кыргызстандык адистерди окутуу жана республиканын алыскы аймактарынын жашоочуларына диагностикалык кызматтарды көрсөтүү пландаштырылууда. Мобилдик КТнын артыкчылыгы - анын толук автономиясы, аны электр энергиясына туташтыруунун кереги жок. Жылдын аягында кызматташуубузду кеңейтүү боюнча кийинки кадамдарыбызды карап чыгабыз», - деди Япониянын радиологдор ассоциациясынын президенти Kaoru Matsubara мырза.

   «Технологиялык жана инновациялык ыкмаларды колдонуу алыскы аймактардагы калкты скринингден өткөрүү, жүрөк ооруларын, шишиктерди, инсульттарды, өпкө жана башка ички органдардын ооруларын эрте диагностикалоо үчүн зарыл. Биз дагы бул долбоорду илгерилетүүгө кызыкдарбыз жана Япония Өкмөтүнө бул демилгеси үчүн ыраазычылык билдиребиз жана мындан аркы жемиштүү кызматташууну күтөбүз”,-деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Жолугушуунун аягында УКжТ борборунун имаратында Улуттук кардиология жана терапия борборунун, RTIC Радиологиялык технологиялардын эл аралык кызматташтык академиясынын (Япония) жана Sansei Корпорациясынын (Япония) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду. Бул кызматташтыктын алкагында Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр жана башка социалдык маанилүү ооруларды эрте диагностикалоо үчүн мобилдик компьютердик томографиялык сканерлерди киргизүү пландалууда. Мындан тышкары, кызматташтыктын алкагында RTIC Радиологиялык технологиялар академиясы дарыгерлерди жана рентгенологдорду, өзгөчө жаштарды компьютердик томографиянын негиздерине үйрөтүүнү, Sansei Корпорациясынын (Япония) компьютердик томографиянын заманбап технологияларын (MS-Cube) колдонуу менен практикалык курстарды жана мастер-класстарды өткөрүүнү пландаштырууда.

23.01.2023
Республикада кызамык боюнча абал туруктуу

Республикалык иммунопрофилактика борбору 2023-жылдын январь айында өлкөдө кызамык жана кызылча оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн алкагында кызамык жана кызылча оорусуна шектелген 10 кан үлгүсү лабораториялык текшерүүдөн өткөнүн, анын ичинен 4 анализ кызамык оорусуна  оң натыйжа, алардын бири Түркиядан алынып келинген жана 2 анализ кызылча оорусуна оң натыйжа берген.

Жалпысынан 2023-жылдын 23-январына карата 4 кызамык жана 2 кызылча оорусу катталган. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, дарыгерлер көзөмөл жүргүзүп жатат.

Республикада кызамык боюнча абал туруктуу, кызамык оорусунун айрым учурлары катталган. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча 2022-жылы 1 учур, 2021-жылы 3 учур катталган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ыкчам штаб түзүлүп, тиешелүү протоколдук тапшырмалар кабыл алынды: кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөлөрдү күчөтүү, эмдөөнүн маанилүүлүгү жана кызамыкты алдын алуу боюнча маалымдуулукту жогорулатуу иш-чараларын күчөтүү. Ошондой эле, саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан оорулуу менен байланышта болгондорду көзөмөлдөө боюнча эпидемиологиялык чаралар көрүлүүдө.

Маалымат үчүн:

Кызамык - бул вирус козгогон өтө жугуштуу инфекциялык оору. Бул инфекция жогорку сезгичтиги менен мүнөздөлөт - башкача айтканда, мурда кызамык менен оорубаган жана эмдөөдөн өтпөгөн адам кызамык менен ооруган адам менен байланышта болсо, ооруп калуу ыктымалдыгы өтө жогору. Кызамык аба аркылуу жугат.

Инфекциянын булагы болуп кызамык менен ооруган бейтап саналат, ал инкубациялык мезгилдин акыркы 2 күнүнөн баштап тактар пайда болгондон 4-күнүнө чейин башкаларга жугузат. Оорунун башталшында сасык тумоого окшош симптомдор пайда болот: жалпы алсыздык, баш оору. Оорунун 1-2-күнүндө жаактын былжыр челинде майда аппак тактар ​​пайда болот, андан соң оору башталгандан 4-5 күндөн кийин тактар акырындык менен жайылып баштайт: адегенде кулактын артына, бетте, моюнда, кийинки сутка аралыгында денеде жана колдо, 3-күнү буттарда пайда болот. Жакынкы 3-5 күндүн ичинде оорунун белгилери азайып, температура төмөндөйт.

Кызамыктын атайын дарылоосу жок. Бирок оорунун алдын алса болот. Алдын алуунун жападан жалгыз эффективдүү ыкмасы бул эмдөө. Эгерде вирус эмдөө менен камтуу 98% кем эмес чөйрөгө кирсе, оору жайылбайт. Эмдөө менен камтуу жамааттык иммунитетти түзөт. Эмдөө календарына ылайык, кызамыктан коргонуу үчүн вакцинанын эки дозасын алуу керек: 1 жашта жана 6 жашта. КПК вакцинасы коопсуз жана эффективдүү, бир эле учурда үч жугуштуу ооруга каршы иммунитетти камсыз кылат: кызамык, паротит жана кызылча.

Урматтуу ата-энелер!

Эгерде сиздин балаңыз кызылчага каршы эмдөө ала элек болсо, анда азыр эмдөөдөн өтүү мезгили келди! Дарыгерге барганда балаңыздын профилактикалык эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүктү өзүңүз менен кошо ала кетүүнү унутпаңыз.

Калкты эмдөө коомдук саламаттыкты сактоонун эң ийгиликтүү жана эффективдүү чараларынын бири болуп саналат. 

23.01.2023
Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө 35 миллион сомдук микроскоп аппараты тапшырылды

Бүгүн, 2023-жылдын 23-январында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө оор операцияларга керектелүүчү нейрохирургиялык LEIСA M 530 OHX микроскоп аппараты берилди. 

Аппараттын келүүсүнө “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому демөөрчүлүк кылган жана анын баасы 35 млн сомду түзөт.

 Микроскопту тапшыруу аземине “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунунун вице президенти Абакиров Улукмырза келип КР саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев, профессор, нейрохирург Миталип Мамытов жана нейротравматология бөлүмүнүн дарыгерлеринин катышуусунда тапшырды. 

Өз сөзүндө саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова акыркы үлгүдөгү заманбап операциялык микроскоп бүгүнкү күндө нейрохирургия тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, аны менен бирге элибизге көрсөтүлүп жаткан жардамдын сапаты көтөрүлөөрүн белгиледи. “Өлкө башчысы тарабынан саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат, бүгүнкү алынган жабдуу дагы ошонун бир мисалы деп айтып кетким келет. Бул заманбап аппараттын жардамы менен нейрохирургиялык жардамга муктаж бейтаптарга көрсөтүлүүчү жардамдын сапаты жакшырып, ошондой эле дарыгерлердин ишин да жеңилдетет. Биз бул үчүн “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчилигине ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деди Гулнара Баатырова.

 Мындан тышкары өлкө жетекчилигинин демилгеси менен, калкка көрсөтүлчү медициналык кызматтын сапатын көтөрүү максатында саламаттык сактоо уюмдарына заманбап компьютердик томограф, рентген-аппараттар берилип жатканы айтылып, жакынкы арада Улуттук Госпиталга Магниттик резонанстык томограф аппараттары орнотулары да белгилүү болду.

 

23.01.2023
Сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык кырдаал

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, 2023-жылдын 3-жумасында 16-январдан 23-январга чейин республикада курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 7061 учуру катталган.

 

Өткөн жумага салыштырмалуу, 2023-жылдын 3-аптасында оорунун көрсөткүчү 100 000 адамга 101,9 болуп, 15,2%га төмөндөгөн.

 

Сасык тумоонун жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын төмөнкү температуралык шартка туруктуулугун эске алуу менен (октябрдан мартка чейинки мезгил) калк арасында оорунун жайылышына күн сайын мониторинг жүргүзүү улантылууда.

 

Бул эпидемиологиялык сезондо А тумоосу (анын ичинде 2 түрү: A (H1N1) 09 A (H3N2) жана В тумоосу катталууда.

 

Курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккан адам, эгерде жөнөкөй алдын алуу эрежелери сакталбаса, курч респиратордук вирустук инфекциялардын башка түрлөрүн жуктуруп алышы мүмкүн, ошондуктан:

 

  • беткап режимин жана социалдык аралыкты сактоо;
  • дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо - жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу;
  • өзүн жаман сезген, жогорку температура жана башка сасык тумоонукуна окшош белгилери байкалганда дароо обочолонуу;
  •  санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (колдун тазалыгы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.у.с.)
19.01.2023
16-январдан баштап республика боюнча бойго жеткен калкты В гепатитине каршы эмдөө башталды

Республика боюнча бойго жеткен калкты В гепатитине каршы эмдөө башталды.
Жалпысынан республикада В вирустук гепатитине каршы 600 миң доза вакцина бар. Анын ичинде:
🔸 Гуманитардык жардамдын алкагында 450 миң доза;
🔹 Бюджеттик каражатка 150 миң доза сатылып алынды.

Биринчи этапта эмдөө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлгөн. 2023-жылдын 16-январынан тарта республиканын бардык аймактарында эмдөө башталды.

2023-жылдын 17-январына карата 
🔹Бишкек шаарында 1636 адам, 
🔹Чүй облусунда 1642, 
🔹Ош шаарында 1330 адам В гепатитине каршы эмдөөдөн өткөн.

‼️Эс ке салсак, Кыргыз Республикасынын 23 жаштан 65 жашка чейинки жарандары бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан В гепатитине каршы эмдөөдөн өтө алышат. Эмдөө үч жолу бир ай жана 6 ай аралыкта жүргүзүлөт.

18.01.2023
2022-жылдын июнь айынан бери Чүй облусунда 3,5 миң аял көкүрөк безинин жана жатын моюнчасынын рагы боюнча текшерүүдөн өткөн

2022-жылы Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер ҮДТ жана ЖДПБ Кыргызстанда көкүрөк безинин рагы жана жатын моюнчасынын рагы боюнча скринингдик программасынын башталгыч аянтчасы болуп калды. 
“Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык медициналык гуманитардык уюму (MSF) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте көкүрөк безинин жана жатын моюнчасынын рагын алдын алуу боюнча жаңы программаны ишке киргизди, анын максаты ракты эрте аныктоо жана үч жылдын ичинде 60 000ге жакын аялдарды камтуу пландаштырылган. 
2022-жылдын 15-июнунан бери 3500 аял текшерүүдөн өтүп, анын ичинен бир аялда көкүрөк безинин рагы аныкталган. 2441 аял көкүрөк безинин рагына, 2219 аял жатын моюнчасынын рагына скринингден өткөн. 1100 аялда жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар аныкталып, дарыланган. 2029 аял үй-бүлөнү пландоо боюнча консультация алышкан. Көкүрөк безинин рагы жана жатын моюнчасынын рагы Кыргызстанда аялдар арасында эң көп катталган рак ооруларына кирет, ошондой эле бул рак оорулары өлүмдүн негизги себеби болуп саналат.

 

P.S. фото MSF инстаграм баракчасынан алынды

18.01.2023
Иммунизациялоону санариптештирүү

2023-жылдын 17-18-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги  «Санарип МЕД» Кыргыз Республикасынын санариптик саламаттыкты өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өлкөлүк кеңсесинин колдоосу менен  2023-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасында иммунизациялоону санариптештирүү боюнча Жол картасынын аягына чыгышы боюнча кеңешме өткөрдү.

Жол картанын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын калкын иммунизациялоо чөйрөсүндө санариптик трансформация, Жол картаны ишке ашыруунун жүрүшүндө вакциналарды сатып алууну пландаштыруудан баштап персоналдаштырылган эмдөө тууралуу маалыматтарды түзүүгө чейин кагаздан санарип технологияларга өтүү уюштурулат,  ошондой эле натыйжалуу башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн аналитикалык куралдар менен камсыз кылуу ишке ашырылат.
Бул чаралар иш кагаздарын кыскартуунун эсебинен медицина кызматкерлеринин түйшүгүн азайтат, ошондой эле өлкө калкынын эмдөө боюнча жеке маалыматтарга жетүүсүн камсыздайт.

Эске салсак, буга чейин КР Саламаттыкты сактоо министрлиги i-Emdoo маалыматтык системасын иштеп чыкса, быйыл бул системаны иммунизациялоо процессине катышкан бардык саламаттык сактоо уюмдарына киргизүү пландалууда.

17.01.2023
Япония өкмөтүнүн гранттык программасынын алкагында төрт саламаттыкты сактоо уюму жаңы жабдууларды алышат

2023-жылдын 17-январында Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинде Япония Өкмөтүнүн «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында төмөнкү долбоорлор боюнча Гранттык келишимге кол коюу аземи болуп өттү:

1. «Жумгал районунун Жалпы дарыгерлик практика борборун медициналык жабдуулар менен камсыздоо долбоору». Бул долбоордун алкагында Жумгал райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна жалпы суммасы 143 447 АКШ долларына санариптик флюорограф жана ЛОР-комбайн орнотулат.

2. «Мырза-Аке Жалпы дарыгерлик практика борборун медициналык жабдуулар менен камсыздоо долбоору». Бул долбоордун алкагында Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке Жалпы дарыгерлик практика борбору жалпы наркы 111 344 АКШ долларын түзгөн Fujifilm үлгүсүндөгү стационардык УЗИ аппаратын жана лапароскоп аппаратын топтому менен алат.

3. «Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын медициналык чөйрөсүн жакшыртуу долбоору». Бул долбоордун алкагында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жалпы суммасы 114 747 АКШ долларына эндоскопиялык операцияларды жасоо үчүн аппараттар жана инструменттер, ошондой эле геморрой ооруларын дарылоочу аппарат алынат.

4. «Ысык-Көл областынын Каракол шаарындагы Облустук үй-бүлөлүк медицина борборун медициналык жабдуулар менен камсыздоо долбоору». Бул долбоордун алкагында Каракол шаарынын Облустук үй-бүлөлүк медицина борбору жалпы суммасы 95 547 АКШ долларын түзгөн стационардык Shimadzu рентген аппаратын алат.

Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экинчи саясий башкармалыгынын Атташеси Абдулла уулу Абдисухан мырза, ошондой эле грант алуучу уюмдар катышты: Жумгал райондук ЖДПБ, Мырза-Аке ЖДПБ, ООБКО жана Ысык-Көл ОҮМБ.

Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года мырза менен грант алуучу уюмдардын жетекчилеринин ортосунда гранттык келишимдерге кол коюлду.

Куттуктоо сөзүндө КР Саламаттык сактоо министринин орун басары бул гранттык программанын калктын ден соолугун чыңдоого жана аймактык ооруканалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга кошкон салымын баса белгиледи. Улан Садыков белгилегендей, Япония Өкмөтүнүн бул гранттык программасы жергиликтүү тургундардын негизги муктаждыктарын канааттандырууга, анын ичинде жергиликтүү тургундарды медициналык жабдуулар менен камсыздоо аркылуу медициналык тейлөөнү жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” Программасынын негизги принциптерине шайкеш келет. Ал ошондой эле Японияда магистратурада жана докторантурада билим алып жаткан медицина кызматкерлеринин ийгиликтерине токтолду. Андан соң Япония өкмөтүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтык мындан ары дагы өнүгөт деген ишенимин билдирди.

Өз сөзүндө Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года мырза гранттык келишимдерге кол коюлгандыгына кубанычын билдирди жана бул программанын долбоорлору адам коопсуздугу жаатындагы негизги багыттарды - саламаттыкты сактоо, билим берүү же социалдык чөйрөнү колдойт. Берилген жабдуулар сапаттуу медициналык жардам көрсөтүп, жергиликтүү калктын ден соолугун чыңдоого салым кошот деген ишенимин билдирди.

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын директорлору көрсөтүлгөн жардам үчүн Элчи мырзага жана Япония Өкмөтүнө ыраазычылык билдиришти, алынган жабдыктар көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатын жакшыртаарын белгилешти. Директорлор берилген заманбап жабдыктар жергиликтүү калк үчүн эрте жана туура диагноз коюу жана дарылоо үчүн өтө зарыл экендигин, бүгүнкү медицинанын талабы болгон эндоскопиялык операциялар мындан ары операциядан кийинки татаалдашуу коркунучун азайтып, ооруканада жатуу мөөнөтүн кыскартарын белгилешти. 

17.01.2023
Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйү дезинфекциялык иш-чараларга жабылды

2023-жылдын 11-январында ымыркайлардын жана балдардын өлүмү боюнча оперативдүү маалыматтарды чогултуу учурунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ымыркайлардын жана балдардын өлүмү боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо бөлүмү тарабынан жаңы төрөлгөн ымыркайлардын чарчап калган учурлары аныктаган. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тез арада перинатология боюнча алдыңкы адистердин курамынан турган комиссия түзүп, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнө жөнөткөн. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнө текшерүү менен келген комиссия беш учурду каттаган, перинаталдык өлүмдүн алтынчы учуру 15-январда болгон. Оорукананын директору Мирбек Сагынбаев ээлеген кызматынан убактылуу бошотулду. 

Учурда комиссия мүчөлөрү тарабынан перинаталдык өлүмдүн бардык учурлары талданууда. Жакынкы арада бул иштер ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча Ыкчам штабда жеринен каралып, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Учурда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйү дезинфекциялык иш-чараларга жабылды. Бардык кош бойлуулар жана төрөт учурундагы аялдар Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүнө жөнөтүлүүдө. Бардык керектүү дары-дармектер жана медициналык буюмдар толугу менен камсыздалган.

Бул жагдай КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

17.01.2023
Саламаттык сактоо уюмдарына жаңы рентген-аппараттары берилди

Саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, диагностикалык процедуралардын сапатын жогорулатуу максатында 2022-жылдын декабрь айында 96 рентген-аппараты сатылып алынган. Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) аркылуу республиканын саламаттык сактоо уюмдарына 44 рентген аппараты (20 стационардык жана 24 көчмө) жана 52 аппарат (30 стационардык, 22 көчмө) Глобалдык фонддун каражатына Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы аркылуу алынган.
«Улуттук госпитал үчүнчү даражадагы мекеме болуп саналат, республиканын бардык аймактарынан ар кандай диагноздор менен оорулуулар кайрылышат. Бизде 8 рентген бар болчу, көбү эскирип, көп учурда иштебей калган. Бизге 10 аппарат берилди, ошонун аркасы менен материалдык-техникалык базабызды жаңырттык. Травматология, реанимация бөлүмдөрүнө көчмө рентген-аппараттары тапшырылып, учурда шашылыш медициналык жардамга муктаж болгон бейтаптарды кароодон өткөзүп жатабыз, ал эми стационардык рентген-аппараттары азыркы учурда орнотулууда. Мунун баары бейтаптарга көрсөтүлчү медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртат”,-дейт Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев.
Апараттар рентгендери жок же иштен чыккан саламаттыкты сактоо уюмдарына таратылган. Бүгүнкү күндө бардык аймактарда жабдууларды орнотуу процесси жүрүп жатат.

16.01.2023
КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 2-жумасына (09.01-15.01.23) карата республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоого  кабылган 8366 учур катталган. 

Өткөн жумага салыштырмалуу, 2023-жылдын экинчи жумасында 100,000 калкка оорунун көрсөткүчү 120,2 болуп, +0,7% га өскөн.

Сасык тумоонун жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын төмөнкү температуралык шарттарына туруктуулугун эске алуу менен (октябрдан мартка чейинки мезгил) калк арасында ооруга чалдыгуу боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүү улантылууда.

Бул эпидемиологиялык сезондо А тумоосу басымдуулук кылууда (анын ичинде 2 түрү: A (H1N1)09 - грипп А жана (H3N2) - грипп В.

Курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруган адам, эгерде жөнөкөй профилактикалык эрежелер сакталбаса, курч респиратордук вирустук инфекциялардын башка түрлөрүн жуктуруп алышы мүмкүн, ошондуктан: 

  • беткап тагынуу режимин сактоо жана физикалык аралыкты сактоо зарыл
  • дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо - жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу;
  • өзүн жаман сезген, жогорку температура жана башка сасык тумоого окшош белгилери бар адамдарды өз убагында обочолонуусу;
  • санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (колдун гигиенасы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.у.с.)
16.01.2023
КР Саламаттыкты сактоо министри жана ДССУнун Кыргызстандагы жаңы жетекчиси кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты

Бүгүн, 2023-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Г.Баатырова Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы регионалдык директорунун жаңы Атайын өкүлү доктор Шахин Хусейновду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоо, саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыздоо, ошондой эле үстүбүздөгү жылга саламаттыкты сактоону санариптештирүү жаатында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Г.Баатырова Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өлкө калкынын ден соолугун коргоо жаатында министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардагы жигердүү ролун, ошондой эле иммунизациялоо жана санариптештирүүдөгү ар тараптуу колдоосун белгиледи.

Доктор Хусейнов кызматташуу үчүн терең ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан мындан ары да колдоо уланаарына ишендирди.

10.01.2023
Тайгак жолдо баратып жаракат алуудан кантип сактануу керек?

Тайгак жолдо баратып жаракат алып калбоо үчүн, төмөнкү эрежелерди сактоо керек:

  Коопсуз жолду танданыз - жарыктандырылган, муз азыраак, кум чачылганжолдорго артыкчылык бериңиз. Эсиңизде болсун, муз каптап калган канализациялык люктардын капкактары жана дүкөндүн тепкичтери кооптуу. Ошондуктан, мындай тепкичке чыкканда, кармагычтарды кармануудан тартынбаңыз. Ал эми калың муз тоңгон учурда алгач ар бир тепкичке эки бутуңуз менен чыгып, андан кийин гана кийинки кадамга туруңуз.

  Бут кийимге өзгөчө көңүл буруңуз. Ал тайгаланбаган, туруктуу, эң жакшысы резина же таманында оюктары бар болушу керек. Бийик такалуу бут кийимдерден баш тартыңыз. Эгерде, болбой эле бут кийим тайып кетсе, атайын тикенектүү саптамаларын колдонуңуз. Таманга кайчылаш же тепкич сымал кылып лейкопластырь да чаптап койсоңуз болот, бул убактылуу жардам берет.

  Бутуңузду бийик көтөрбөшүңүз керек. Лыжа тебүүчү сыяктуу кыймылдап, майда кадамдар менен бутту толук жерге тийгизип басып, жантайыңкы жерлерден айланып өтүүгө аракет кылыңыз. Муз үстүндө басууда кадамыңыздын узундугу таманыңыздын узундугуна барабар болушуна аракет кылыңыз.

  Колуңузду чөнтөгүңүзгө салбаңыз. Жыгылганда аларды инстинктивдүү түрдө алып чыгууга убакытыңыз жетпей калат.

  Көчөгө чыкканда улгайган адамдар таяк алып жүрүшү керек. Кош бойлуу аялдар коштоочусу жок чыкпаганы оң, жалгыз жүрүү болочок эне үчүн да, бала үчүн да өтө кооптуу.

  Жолдун машина жүргөн тарабында өзгөчө этият болуңуз. Аны чуркабай, жай баракат кесип өтүңүз. Анткени, тайгаланып жыгылышыңыз мүмкүн. Ал эми мындай кырдаалда айдоочуга унааны дароо токтотуу кыйын экенин, унааны токтуу аралыктары бир топ узарарын унутпаңыз.

  Автобустан же троллейбустан чыкканда кармагычтарды кармаңыз. Жылып бараткан транспортту кууп жетүүнүн кереги жок, тайгаланып, дөңгөлөктөрүнүн астында калуу коркунучу бар.

  Муздуу көчөлөрдө мас абалында жүрүү кооптуу. Ичкиликтин таасири астында оор жаракат алышы мүмкүн. Алкоголь ооруга сезимталдыкты азайтат, ошондуктан көп адамдар дароо медициналык жардамга кайрылышпайт.

  Имараттардын чатырларында муздун пайда болушуна өзгөчө көңүл буруу керек. Мүмкүн болсо, кыймылдын коопсуз жолун тандап, үйлөрдөн жана башка курулуштардан коопсуз аралыкты сактоо зарыл.

  Эгерде сиз тайып жыгылып, башыңыз ооруп, көңүлүңүз айланып, башыңыз айланып, муундар ооруп, шишик пайда болсо - дароо медициналык мекемеге кайрылыңыз!

10.01.2023
Г.Баатырова, КР Саламаттыкты сактоо министри: “Жарандардын укуктары тууралуу маалымат берүү - медициналык уюмдарга милдеттүү талап”

Г.Баатырова, КР Саламаттыкты сактоо министри: “Жарандардын укуктары тууралуу маалымат берүү - медициналык уюмдарга милдеттүү талап”

2023-жылдын 9-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде республиканын мекеме-уюмдарынын жетекчилери менен кеңешме болуп, анда быйылкы жылы саламаттыкты сактоо тутумунун алдында турган эң маанилүү жана артыкчылыктуу милдеттер талкууланды. Маселелердин бири мамлекет тарабынан калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтар тууралуу жарандарга маалымат берүү болду.

Министр белгилегендей, медициналык уюмдардын жарандарга маалымат берүүсү каалоо же өтүнүч эмес, бул талап. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери мамлекет тарабынан калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтар тууралуу маалымат алуу үчүн маалыматтык стенддерди толугу менен жаңыртышы керек болчу. Маанилүү критерий – маалыматты жеткиликтүү түрдө даярдап, амбулатордук деңгээлде каттоо жайынын жанында, ооруканалардын кабыл алуу бөлүмдөрүндө жайгаштыруу. «Жакынкы арада тапшырманын аткарылышынын жыйынтыгына текшерүү жүргүзүп, зарыл болгон учурда жетекчилерге тиешелүү чараларды көрөбүз», - деди КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Маалымат үчүн:

Маалымат такталарында кандай маалыматтар илинет?

Амбулатордук деңгээлде - мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык лабораториялык диагностикалык изилдөөлөрдү жана жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоону (дары-дармектерге 50дөн 90%га чейин арзандатууну) камтыган акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси. 

Оорукана деңгээлинде - медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн, маанилүү дары-дармектердин тизмесине ылайык, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын, клиникалык протоколдордун жана колдонмолордун тизмеси.

Төрөт үйлөрү үчүн - төрөттү, анын ичинде кесарево жолу менен төрөттү кошкондо, акысыз медициналык кызматтардын тизмеси.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медициналык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө уюмдун кассасындагы прейскурант боюнча жүргүзүлөөрүн бардык жарандардын эсине салат. Медицина кызматкерлерине кассадан тышкары акча төлөөгө тыюу салынат.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 1-январынан тарта Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда, жалпы ооруканалардын амбулатордук-диагностикалык бөлүмдөрүндө, ошондой эле үчүнчү деңгээлдеги стационарлардын клиникалык диагностикалык бөлүмдөрүндө медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы прейскуранты күчүнө кирген.

Суроолоруңуз болсо Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 шыр байланыш телефонуна чалыңыз. Бардык уюлдук түйүндөрдөн чалуулар акысыз.

 

 

 

03.01.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги балдар дарыгерлерине байланыштуу болуп жаткан окуяны өкүнүч менен белгилейт

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги балдар дарыгерлерине байланыштуу болуп жаткан окуяны өкүнүч менен белгилейт. Тергөө иш-чаралары жүрүп жаткандыктан, бүгүнкү күндө биз аларга таасир эте албагандыктан, кырдаалга байкоо салып гана тура алабыз. Буйурса жакынкы кундору алардын чыгышына ишенебиз жана умут артабыз.
Каза болгон наристенин жакындарына көңүл айтабыз. Ооба, дарыгерлер айрым учурда медициналык жардам көрсөтө алышпай калат, бирок биз ар дайым бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн акырына чейин зарыл болгон нерселердин баарын жасайбыз. Акыркы убакта бул окуяга байланыштуу медицина чөйрөсүндө көптөр жумушун таштап же иштен кеткиси келип жатканы тууралуу кептер айтыла баштады. Бардык медицина кызматкерлерин дүрбөлөңгө түшпөөгө жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырабыз. Дарыгерлик кесип эң гумандуу жана ошол эле учурда жоопкерчиликтүү иш болуп келген жана боло берет, дарыгерлер ар дайым колунан келгендин баарын жасап, улут саламаттыгын сактоо үчүн жан үрөп келишет.
Дарыгерлерибиздин, жаш кызматкерлерибиздин туугандары жана жакындары менен байланышта болуп, колдон келген жардамыбызды берип жатканыбызды белгилейбиз.
Ошондой эле, мындан ары ушул сыяктуу жагдайларды болтурбоо үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

04.01.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги балдар дарыгерлерине байланыштуу болуп жаткан окуяны өкүнүч менен белгилейт

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги балдар дарыгерлерине байланыштуу болуп жаткан окуяны өкүнүч менен белгилейт. Тергөө иш-чаралары жүрүп жаткандыктан, бүгүнкү күндө биз аларга таасир эте албагандыктан, кырдаалга байкоо салып гана тура алабыз. Буйурса жакынкы кундору алардын чыгышына ишенебиз жана умут артабыз.
Каза болгон наристенин жакындарына көңүл айтабыз. Ооба, дарыгерлер айрым учурда медициналык жардам көрсөтө алышпай калат, бирок биз ар дайым бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн акырына чейин зарыл болгон нерселердин баарын жасайбыз. Акыркы убакта бул окуяга байланыштуу медицина чөйрөсүндө көптөр жумушун таштап же иштен кеткиси келип жатканы тууралуу кептер айтыла баштады. Бардык медицина кызматкерлерин дүрбөлөңгө түшпөөгө жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырабыз. Дарыгерлик кесип эң гумандуу жана ошол эле учурда жоопкерчиликтүү иш болуп келген жана боло берет, дарыгерлер ар дайым колунан келгендин баарын жасап, улут саламаттыгын сактоо үчүн жан үрөп келишет.
Дарыгерлерибиздин, жаш кызматкерлерибиздин туугандары жана жакындары менен байланышта болуп, колдон келген жардамыбызды берип жатканыбызды белгилейбиз.
Ошондой эле, мындан ары ушул сыяктуу жагдайларды болтурбоо үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

04.01.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Ысык-Көл облусунун бир катар саламаттык сактоо уюмдарынын иши менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова 2023-жылдын 3-январынан тарта Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болуп, облустун бир катар саламаттык сактоо уюмдарын кыдырып, медициналык кызматтын ишин уюштурууга баа берди.
Министр иш сапарын Ысык-Көл облусунун Жалпы медициналык практика борборуна баруудан баштады, ал жерде Эл аралык жогорку медицина мектебинин 10 миллион сомго жакын суммада инвестициясы менен башкы имараттын жер төлөсүнө канализацияны, суу менен жабдууну жана энергия менен жабдуу системасын толугу менен алмаштыруу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле реанимация бөлүмүнө, хирургиялык жана төрөт бөлүмдөрүнө 800 миң сомго абаны вентиляциялоо системасы орнотулду. Министр медициналык кадрлардын жетишсиздигинен улам ЖОЖдор менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, медициналык жогорку окуу жайлардын жардамынын маанилүүлүгүн белгиледи. «Мамлекеттик медициналык уюмдардын айрым жайларын ЖОЖдор үчүн клиникалык базаларга берип, биз мекемелердин материалдык-техникалык абалын жакшырта алабыз, ошондой эле кадрдык потенциалды да жакшырта алабыз», - деп белгиледи Гүлнара Баатырова.
Андан ары министр Григорьевка айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратындагы капиталдык оңдоо иштери менен таанышты. Оңдоо иштери Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун эсебинен 2 млн сом өлчөмүндө жүргүзүлүүдө. Бул жерде терезелер жана жылуулук системасы толугу менен алмаштырылат.
Ананьево айылындагы жалпы дарыгерлик практика борборуна барганда министр материалдык-техникалык жактан жабдуу жана кадрдык ресурстар боюнча бир катар кемчиликтерди белгилеп, аларды тез арада жоюу боюнча мекеменин директоруна жана облустун координаторуна тиешелүү тапшырмаларды берди. Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо министри калктын тез жардам кызматына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында Ананьево айылындагы тез жардам пунктунун ишин рационализациялоо боюнча сунуштарды кароону жана киргизүүнү тапшырды.

30.12.2022
Кыргыз-түрк достугу ооруканасынын түрк адистери ыраазычылык каттары менен сыйланышты

Үстүбүздөгү жылдын 30-декабрында Бишкектеги Кыргыз-түрк достугунун мамлекеттик ооруканасында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев Кыргыз Республикасынын калкына медициналык жардам көрсөтүү үчүн Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дайындалган медициналык жана техникалык кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын атынан ыраазычылык каттарды тапшырды. Сыйлыктар түркиялык адистерге кесипкөйлүгү, боордош кыргыз-түрк элдеринин достугун өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылды. 

Эскерте кетсек, Бишкектеги Кыргыз-түрк достугунун мамлекеттик ооруканасы Кыргызстандын калкына медициналык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкектеги Кыргыз-түрк достугунун мамлекеттик ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Түркия Республикасында кыргыз жарандарынын медицина жаатында билим алуусу жөнүндө 2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 28-майындагы № 68 КР Мыйзамы менен ратификацияланган Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында түрк тарабынан дайындалган медициналык жана техникалык адистердин катышуусунда иштей баштаган. 

Заманбап оорукана Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен курулган, ооруканада жалпысынан 72 орун бар, анын 21и кайра жандандырууга ылайыкташкан. Ар түрлүү заманбап диагностикалык жабдуулар менен жабдылган: ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген аппараты, гастроскоп, эхокардиограф жана башкалар, ошондой эле лабораториялык изилдөөлөрдүн көптөгөн түрлөрү бар.

 

29.12.2022
2023-жылы Кытай мамлекети Кыргызстанга мобилдүү оорукана берүүнү пландоодо

Бүгүн, 2022-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен Кытай Эл Республикасынын Элчиси Ду Дэвэнь айымдын жолугушуусу болуп өттү.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы COVID-19га каршы вакциналарды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берүү жөнүндө кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кол коюу аземи болду.

 

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айым белгилегендей, эки тараптуу кызматташуунун алкагында келерки жылы мабилдик оорукана берүү пландалып жатканын жана «Экспресс ден соолук» программасынын алкагында 2023-жылдын февраль-март айларында катаракта илдетине бекер операцияларды жасоо үчүн кытайлык адистердин келиши пландалууда, ал эми операциялар келерки жылдын июнь айында жүргүзүлөт.

 

Министр Гүлнара Баатырова Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн COVID-19 менен күрөшүүдө кошкон зор салымын белгилеп, КЭР жетекчилигине Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасына кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди. «Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелер мындан ары өнүгүп, чыңдала берерине терең ишенебиз. Ал эми биздин өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо системасын, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардам жана коомдук саламаттыкты сактоонун деңгээлинде чыңдоо коронавирус инфекциясынын жайылуусу уланып жаткан маалда өтө актуалдуу маселе бойдон калууда».

 

Эскерте кетсек, 500 000ден ашык шприц жана 500 000  дозада COVID-19га каршы инактивдештирилген Vero Cell вакцинасы түрүндөгү жогоруда аталган гуманитардык жүктү Кытай тарап 2022-жылдын 23-ноябрында кыргыз тарапка тапшырып берген.

23.12.2022
Саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова Жалал-Абад облусундагы саламаттык сактоо мекемелеринин иши менен таанышты

2022-жылдын 21-23-декабрь күндөрү Саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир нече саламаттык сактоо мекемелердин учурда жүргүзүп жаткан иштери менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жарандарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча берилген тапшырмасынын аткарылышынан кабар алып, жергиликтүү жашоочулар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, суроолоруна жооп берди.

Андан тышкары, саламаттык сактоо уюмдарынын эмгек жамааттары менен жолугушуп учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды, элге сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү жана тез медициналык жардамды уюштуруу маселелери, көйгөйлөр боюнча пикир алмашты. Ошону менен катар жаш балдарга өз убагында профилактикалык эмдөөлөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө маалымат алды. 

Иш сапардын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала Бука, Шамалды-Сай, Кочкор-Ата Жалпы дарыгерлик практика борборлорун,  Үй бүлөлүк дарыгерлер топторун, фельшердик акушерлик пункттарды кыдырып, калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапаты менен жеринен таанышты. 2022-жылда жасалган жумуштардын жыйынтыгын көрүп, инфрастурктура, дары-дармектердин жетиштүүлүгү, медициналык кызматтын сапатын жакшыртууга байланышкан маселелерди келе жаткан жылы жүзөгө ашырууга керектүү тапшырмаларды берди.