Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
29
12
2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
30.10.2023
КР Саламаттык сактоо министри Пакистан Ислам Республикасынын элчиси менен жолугушту
Бүгүн, 2023-жылдын 30-октябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тарапты кызыктырган бир катар маселелерди, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун, мисалы, медициналык жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты жана фармацевтика тармагындагы кызматташууну талкуулашты.
Ошондой эле, Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хасан Али Зайгам мырза Алымкадыр Бейшеналиевди ушул жылдын декабрь айында Пакистанда өтө турган Саламаттык сактоо боюнча саммитке катышууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча мындан аркы кызматташууну кеңейтүү боюнча макулдашышты.
25.10.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Улуттук онкология жана гематология борборунда өзөктүк медицинаны кайра жандандыруу боюнча иштердин жүрүшү менен таанышты
2023-жылдын 25-октябрында КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин КР ССМнын Улуттук онкология жана гематология борборунун (УОГБ) Ядролук медицина бөлүмүнө жумушчу сапары болду. Бөлүмдүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана изилдөөчүлүк потенциалы Саламаттык сактоо министрлиги, КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматы, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги, КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти, Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту коргоо жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу департаменти, И.К. Ахунбаев ат., Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Ж. Баласагын ат., Кыргыз улуттук университети, КР ССМнын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрүнүн катышуусундагы отурумда талкууланды.
Иш сапардын жүрүшүндө министр технеций-99m менен белгиленген радиофармацевтикалык дары каражаттарын даярдоо үчүн радиофармацевтикалык дарыкананы, МАГАТЭ жана ГК Росатомдун колдоосунда калыбына келтирилген радионуклиддик визуализация блогун карап чыкты.
Чогулуштун жүрүшүндө бөлүмдүн радиациялык коопсуздук талаптарына жана ченемдерине дал келүүсүнө уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча баскыч ийгиликтүү аяктагандыгы белгиленди. Министр катышып жаткандардын бардыгына шайкеш иштегендиги жана КРнын жөнгө салуу ведомстволоруна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Алымкадыр Бейшеналиев долбоордун Экинчи баскычына тез арада өтүү милдетин койду: «Иштеп жаткан радиофармацевтикалык дарыканаларды жана ОФЭКТ-бөлүмдөрдү өнүктүрүү жана заманбап борборлоштурулган радиофармацевтикалык дарыканаларды түзүү, молекулярдык визуализация борборун жана радионуклиддик таргеттик терапия жана тераностика борборун түзүү».
Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы КР Саламаттык сактоо системасынын заманбап деңгээлин камсыздоо үчүн долбоордун артыкчылыктуулугун, дары-дармек коопсуздугун жана өлкөнүн демографиялык коопсуздугун белгиледи. Министр долбоордун жогоруда саналып өткөн кыргыз жана россиялык ведомстволордун жана уюмдаодын катышуусунда түзүлгөн командасы командалык духту, жогорку темп жана натыйжалуулукту камсыздай тургандыгына ишенерин билдирди.
Ядролук медицина бөлүмүндөгү техникалык даярдоо иштеринин жүрүшү, ошондой эле анын кесипкөй кадрлар менен толукталышы тууралуу саламаттык сактоо министри жана кызыктар ведомстволордун өкүлдөрүнө КР ССМнын Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгуль Султангазиева маалымат берди:
“Белгилүү бир мезгилде биз ядролук медицинадан объективдүү себептерден улам ажырап калган болчубуз. Андан кийин 2011-жылы бизге МАГАТЭ аркылуу аппарат коюшту, бирок ядролук медицинаны өнүктүрүү абдан так документацияны талап кылгандыктан, радио коопсуздук сакталышы керек болгондуктан эксплуатацияга киргизүү кийинкиге калтырылган. Буга бүт дүйнө жүзү көз салып турат. Андан кийин коронавирус пандемиясынан кийин биздин кызматкерлер Ядролук медицина бөлүмүн техникалык ишке киргизүүгө даярдоо үчүн бул багытта иштей башташты. Документация жана кызматкерлерди алуу боюнча маселелер чечилип жатты. Азыр бизде жакшы команда, дал ушул жерде иштейм деген каалоосу жанып турган жаш акылдуу жигиттер бар. Бул өзүнчө бир мекенчилдик. Анткени ядролук медицинаны өнүктүрүү – бул кайсы гана өлкөнүн болбосун саламаттык сактоо системасындагы биринчи көрсөткүч эмеспи”.
Кыргызстанда ядролук медицинаны өнүктүрүү заманбап жогорку технологиялык ыкмаларды колдонуу жолу менен шишик жана шишик эмес ооруларды эрте аныктоо үчүн керек, бул бейтаптардын толук баалуу жашоого кайтып келүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.
Республикалык онкология борборунун башчысы ошондой эле Ядролук медицина бөлүмүндөгү жабдуу онкологиялык учурларды аныктоо жана дарылоо үчүн эле эмес, ошондой эле кардиологиялык, неврологиялык, эндокринологиялык ж.б. социалдык-маанидеги оорулар менен жабыркаган бейтаптарды кароо программаларында дагы колдонууга болорун белгиледи. Ал Кыргызстанда калктын керектөөлөрүн толугу менен жабуу үчүн ушундай аппараттар көбүрөөк пайда болот деген ишенимин билдирди:“1 миллион калкка бизде жок дегенде 1 аппаратыбыз болушу керек, демек бизде аз дегенде жети ПЭТ турууга тийиш”.
КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлерге медицинада алдыңкы технологияларды өнүктүрүү максаттарын колдоп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргызстанда ядролук медицина долбоорлорун тез арада ишке киргизебиз деген ишенимин билдирди:
“Мен балдарыбызды дарылоо үчүн ядролук медицинага курч керектөө бар экендигин билем. Азыр көп адамдар анын ичинде биздин квоталар боюнча башка өлкөлөрдө дарыланып жатышат. Бирок мындай дарылоо сөөк чучугун которуштуруу жана башка татаал манипуляциялардан улам көптөгөн жылдарга созулуп кетет. Мындай кырдаалдарды жеңилдетүү үчүн мен Ядролук медицина бөлүмү жакын арада биздин
Республикада иштей баштайт деп үмүттөнөм, жана биз ар кандай баскычтардагы онкологиялык учурларды аныктай алабыз”.
Министр КР ССМнын Улуттук онкология жана гематология борбору - структурасында ядролук медицина бөлүмү бар жалгыз дарылоо мекемеси экендигин белгиледи. Ядролук медицина – бул радиоактивдүү изотопторду пайдалануу менен дартты аныктоонун жана дарылоонун заманбап багыттары. КР ССМнын Улуттук онкология жана гематология борборунун Ядролук медицина бөлүмүндө рактын өнүгүүсүнүн 1-2-баскычында табууга мүмкүнчүлүк бере турган радионуклиддик диагностика жүргүзүлөт. Изилдөөнүн өзү “Кыргызстанда ядролук медицинаны калыбына келтирүү” долбоору боюнча МАГАТЭнин Техникалык кызматташуусунун алкагында инсталляцияланган Бирфотондуу эмиссиялык компьютердик томографияда жүргүзүлөт, ошондой эле МАГАТЭнин ушул долбоорунун алкагында радиометриялык жабдууларды жана коргоочу-техникалык жабдууларды камсыздоо жаатында кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүлдү. Бөлүмдүн кызматкерлери долбоордун алкагында европалык ядролук медицина мектептеринде окутулду. 2022-жылдан баштап ушул кезге чейин «РОСТАТОМ» корпорациясы долбоордун алкагында УОГБнын базасында орун алган ОФЭКТ-бөлүмдү аракетке келтирүү боюнча жардам көрсөтүүдө, жумуш орундарындагы бөлүмдүн кадрларын окутууга көмөктөшүүдө жана радиофармацевтикалык өндүрүш үчүн ченемдик-укуктук документацияны иштеп чыгууга көмөк көрсөттү, бул ата мекендик ядролук медицинанын өнүгүүсүнө аябагандай чоң салым катары кызмат кылды.
25.10.2023
Общественный благотворительный фонд построил детскую площадку для отделений детской онкологии и гематологии НЦОМиД
25 октября 2023 года в Национальном центре охраны материнства и детства (НЦОМиД) в отделении детской онкологии и онкогематологии прошло торжественное открытие детской площадки стоимостью 3 300 000 сомов.
Площадка - это 500 квадратных метров отдыха для детей и их родителей.
По периметру она озеленена деревьями с автоматическим капельным поливом и зеленой изгородью. На ней установлен детский игровой комплекс: качели, горки, инклюзивные карусели (для детей на инвалидных колясках), скамейки и беседки для отдыха родителей и многое другое. И что особенно хотелось бы отметить: площадка покрыта бесшовным безопасным покрытием из резиновой крошки, которая выдерживает перепады температур и интенсивные механические воздействия.
Сбор средств на возведение инклюзивной, безопасной детской площадки начался в феврале 2023 года. Средства собирались посредством организации гольф-турнира, беспроигрышной лотереи, благотворительной ярмарки, благотворительного аукциона.
Возведение детской площадки стало возможным благодаря пожертвованиям компаний-меценатов, частных лиц, средствам из благотворительных боксов сети «Umai Group».
Мероприятие прошло с участием Елены Коневой, президента благотворительного фонда «HelpThe Сhildren SKD», Айжамал Шамбетовой, заместителя министра здравоохранения КР, Шайырбека Сулайманова, директора НЦОМиД.
«Всего на строительство детской площадки требовалось почти 4 миллиона сомов, мы с февраля искали средства для того, чтобы у детей была своя зона отдыха. Так получилось, что место возведения площадки поменялось, уменьшился ее размер, но наполнение не пострадало. Собрать всю сумму не удалось, итоговая стоимость возведения площадки составила 3 300 000 сомов с учетом всех скидок от компаний-подрядчиков», - рассказала Елена Конева, президент ОБФ «Help The Сhildren SKD».
«От лица министерства здравоохранения КР выражаю огромную благодарность за ваш огромный труд. Площадка – это прекрасное на сегодняшний день инфраструктурное решение, нужно и так актуально. Она однозначно повысит качество жизни тех, кто проходит длительное и тяжелое лечение. Когда мы учились в Медицинской Академии, нам всегда говорили: у болезни 2 смысла: негативный и позитивный. Позитивный, как бы это не звучало он делает нас сильнее. А некоторых, таких как Елена Конева, делает настолько сильными, что они не просто преодолевают эту боль, а еще находят в себе душевные силы помогать другим и превратить это в дело всей жизни», - говорит Айжамал Шамбетова, заместитель министра здравоохранения КР.
Справочно:
16 лет фонд помогает в нескольких направлениях:
- Закупает дорогостоящие медицинские препараты;
- Собирает средства на препараты крови;
- Закупает и передает медицинскую мебель и медицинское оборудование и бытовую технику для больниц;
- По программе «Академия врача» финансирует обучение врачей;
- На протяжении 16 лет фонд ведет 2 проекта: первый – больничная клоунада, и второй – 2 центра психологической реабилитации в НЦОИМиД
За 16 лет фонд «Help the Children SKD» оказал помощь более 40 тысячам детей с онкологическими и гематологическими заболеваниями на общую сумму более 205 миллионов сомов.
25.10.2023
24-октябрда Полиомиелит менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү белгиленүүдө
Бул жалпы дүйнөлүк коомчулук үчүн маанилүү күн. Полиомиелит – вирус козгогон өтө кооптуу жана коркунучтуу жугуштуу оору. Вирус фекалиялык жол менен, ооз аркылуу жана булганган суу же азык-түлүк аркылуу жугат. Ал нерв системасын жабыркатат жана 5 жашка толо элек балдар тобокелдик тобунда болушат. Оору биринчи кезекте ушул курактагы балдарды бутага алат. Вирус жуккан 200 учурдун биринде айыкпас шал оорусу пайда болот. Вируска кабылган адамдардын 5-10% дем алуу булчуңдарынын шал оорусунан улам көз жумат.
Полиомиелитке каршы вакцина ойлоп табылганга чейин дүйнө жүзү боюнча жыл сайын миңдеген адамдар шал болуп, ушундан көз жумуп келишкен. Алсак, 1916-жылы эпидемиянын натыйжасында АКШда эле 6 000 адам каза болуп, 27 000ден ашуун адам шал болуп калган. 1950-жылдардын башында жыл сайын полиомиелиттин 25 000ден ашуун учуру катталып турган.
1993-жылдан бери Кыргыз Республикасында жапайы жана вакцина менен байланышкан полиовирустар катталган эмес. 2002-жылдан бери өлкө “Полиомиелиттен эркин өлкө” деген сертификатты алып жүрөт. Кыргызстанда жапайы жана вакцинага байланышкан полиовирустар болбогонун тастыктаган калыс маалыматтар бар.
25 жылдан ашык убакыттан бери өлкөдө “жапайы” вирус чакырган курч, шал кылуучу полиомиелит учурлары бир да жолу катталган эмес.
Бирок, полиомиелиттин жапайы вирусу жугуп жаткан эндемикалык өлкөлөр да, ошондой эле айланып жүрүүчү вакцинага байланышкан полиовирус катталып жаткан бир катар өлкөлөр да бар.
Полиомиелитке каршы атайын дарылоо жок, бирок аны вакцина менен алдын алууга болот.
Полиомиелитке каршы эмдөөлөр Кыргыз Республикасынын Профилактикалык эмдөөлөр календарына ылайык 4 жолу жасалат:
ымыркай 2 айында бОПВ
ымыркай 3,5 айга толгондо бОПВ, ИПВ
бала 5 айында бОПВ
бала 9 айга толгондо ИПВ сайылат
Оралдык полиомиелит вакцинасы (ОПВ) жандуу, бирок алсыраган полиовирустардан турат. Вакцина баланын оозуна тамчылатып берилет. Вакцина полиовирустарга каршы жакшы жергиликтүү (ичегиде) иммунитетти пайда кылат.
Инактивацияланган полиомиелит вакцинасы (ИПВ) адам үчүн абдан коопсуз вакцина болуп саналат, ал 1-, 2- жана 3-типтеги жансыз полиовирустун антигендерин камтыйт жана булчуңга сайылат.
ИПВ менен ОПВнын айкалышы полиомиелиттен мыкты коргоону камсыз кылат. ИПВ жана ОПВ ар кандай иммундук реакцияларды жаратып, балаңыздын иммунитетин биргелешип бекемдейт. Вакцина сиздин ымыркайыңызды да, айланаңыздагы адамдарды да коргоого жардам берет.
Балдарыбызды чогуу коргоп калалы!
Эмдөөгө байланышкан бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылсаңыз болот. Колл-борбор күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт:
+996 (551) 880 229
+996 (708) 521 710
+996 (703) 126 442
+996 (501) 323 011
+996 (999) 323 011
+996 (312) 323 011
25.10.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри ДССУ менен өнөктөштүктүн ийгилигин жана Борбордук Азиядагы саламаттык сактоо чараларынын актуалдуулугун баса белгиледи
2023-жылдын 24-октябрында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа боюнча Регионалдык комитетинин 73-сессиясында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигинин тармакты өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан саясаты жөнүндө айтып берди. Ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы ДССУ менен биргеликте ишке ашырылып жаткан негизги жетишкендиктерге басым жасады.
Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо саясаты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына” жана туруктуу өнүктүрүүнүн принциптерине ылайык, өлкө жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Дени сак адам - өнүккөн өлкө» программасынын алкагында жүзөгө ашырылат.
Учурда ДССУ менен биргеликте максаттарга жетүү боюнча иш-чаралардын деталдуу сүрөттөлүшү менен жети жылдык план иштелип жатат.
Өлкөбүздө саламаттык сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар өлкөнүн Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын №3 артыкчылыктуу багытын ишке ашырууда адамдарга багытталган жана “эч кимди артта калтырбоо” принципиалдуу милдеттенмесине басым жасоо менен жүргүзүлүүдө. Жана алдыбызга коюлган максаттар:
- энелердин, ымыркайлардын жана беш жашка чейинки балдардын өлүмүн кыскартуу;
- инфекциялык жана вирустук оорулардын деңгээлин төмөндөтүү, инфекциялык эмес оорулардын жүгүн андан ары азайтуу.
Албетте, биздин республикалардын калкынын саламаттыгы бири-бири менен тыгыз байланышта жана 2022–2025-жылдарга Борбордук Азияда ден соолукту жана бакубатчылыкты колдоо боюнча Жол картасы актуалдуу, анткени биздин өлкөлөр соода, эмгек жагынан социалдык-экономикалык байланыштардан көз каранды. Миграция, туризм жана башка чөйрөлөрдө ушул жана башка мамилелер жаңы жугуштуу оорулардын чыгышына алсыз жана COVID-19 пандемиясы муну көрсөттү, муну менен катар адамдын ден соолугуна коркунучтуу башка инфекциялык эмес жана жугуштуу оорулар дагы бар, буга биз климаттын өзгөрүшүн кошсок болот.
Жол картасы бардыгыбызга Борбор Азиядагы саламаттык сактоо кризистерине, глобалдык чакырыктарга биргелешип жооп кайтарууга мүмкүндүк берет жана кабыл алынган чечимдер ден соолук үчүн саясий капиталды түзө турган жана Борбордук Азияда инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүчү трансформациялык өзгөрүүлөргө түрткү берүүчү өнөктөштүктү жеңилдетет.
Министр Кыргыз Республикасы саламаттык сактоо тармагындагы бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну улантууга жана тажрыйба алмашууга даяр экенин баса белгиледи.
Алымкадыр Бейшеналиев ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна эң жакшы каалоолорун жана чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун мааракеси, түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы менен куттуктады.
24.10.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа боюнча аймактык комитетинин 73-сессиясына катышты
Бүгүн, 2023-жылдын 24-октябрында Казакстан Республикасынын Астана ш., Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 73-сессиясы старт алды, ага башында КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев турган Кыргызстандан барган делегация катышууда.
КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Саламаттык сактоо жаатындагы кызматташуу боюнча кеңешинин төрагасы катары Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 73-сессиясынын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү.
Өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө министр БДСУнун Европа аймактык боюросунун директору доктор Ханс Клюгеге ушундай жогорку деңгээлдеги отурумга катышуу үчүн чакыргандыгына ыраазычылык билдирди.
«Биз ушул чакырууну Шериктештиктин катышуучу-мамлекеттеринин саламаттык сактоо системаларын өнүктүрүүдөгү кеңештин медициналык жардамга жалпы камтууну камсыздоо жана коомдук ден соолук иш-чараларын чыңдоодогу жетишкендиктерин таануу катары карайбыз. Достук жана өз ара урматтоонун ак пейил салттарына таянуу менен Кеңеш өзүнүн отуз жылдык ишинде Шериктештикке мүнөздүү болгон ынтымак жана өнөктөштүк духун бекемдөө үчүн ишенимдүү пайдубал болуп калды.
Бүгүнкү күндө Кеңеш КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин жарандарынын ден соолугун чыңдоо жана сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылыгын камсыздоого орчундуу салым кошуп жатат. Биздин биргелешкен ишибиз башкы максатка – адамдын ден соолугун анын бүт жашоосу ичинде камсыздоого жетишүүгө багытталган. Бул максатка жетишүү аймактык, улуттук, глобалдуу, коомдук жана тармактар аралык механизмдерди бириктирүүнү талап кылат. Буга байланыштуу БДСУнун бириктирүүчү ролун өзгөчө белгилегим келет. Акыркы жылдарда көп нерсе жасалды. БДСУ жана биздин өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан жасалып жаткан биргелешкен күч-аракеттер менен COVID-19 пандемиясын чектөөгө, жугуштуу эмес оорулардан болгон өлүмдөрдүн глобалдуу жүгүн азайтууга, кургак учук менен күрөшүүдө жана антибиотиктерге резистенттүүлүккө каршы аракеттенүүдө прогресске жетише алдык»,- деп айтты Алымкадыр Бейшеналиев.
Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылы КМШнын Саламаттык сактоо жаатындагы кызматташуу боюнча кеңешинде төрагалык кылып жаткандыгын белгилеп кетти. Ошондой эле мүмкүнчүлүктүн пайдаланып доктор Ханс Клюгени жана өзүнүн кесиптештерин – КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлерин 14–15-ноябрда Бишкекте өтө турган Кеңештин жыйынтыктоочу отурумуна катышууга чакырып кетти.
Өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүн жыйынтыктап жатып министр ошондой эле КМШнын Саламаттык сактоо жаатындагы кызматташуу боюнча кеңеши саламаттык сактоо жаатындагы өз ара аракеттенишүүнүн бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча сүйлөшүүгө жана тажрыйба алмашууга даяр экендигине ишендирди.
24.10.2023
Кыргызстан менен Орусиянын саламаттык сактоо министрлери саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты
2023-жылдын 23-октябрында Астана шаарында өткөн баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конференцияга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун негизги багыттарын, атап айтканда, фармацевтика тармагын өнүктүрүү жана бейтаптарды дары-дармек менен камсыздоо маселелерин талкуулашты. Мурашко Орусия Федерациясы жаңы фармацевтикалык заводдорду үзгүлтүксүз ачып, өзүнүн дары-дармектерин, анын ичинде онкологиялык оорулуулар үчүн дарыларды чыгарып жатканын, бул импорттук аналогдордон баш тартууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.
Өз кезегинде Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Орусия Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдөгү стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Ал кызматташуу жана үзгүлтүксүз колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле биргелешкен аракеттер эки өлкөнүн элинин ден соолугун жана бакубаттуулугун чыңдоого салым кошуп жатканын баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар калктын саламаттыгын жана медициналык жардамды уюштуруу системасын жакшыртууга багытталган иштерди активдештирүү ниетин ырасташты.
23.10.2023
Кыргызстандык делегация Астана ш., баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конференцияга катышты
Бүгүн, 2023-жылдын 23-октябрында Казакстан Республикасынын Астана ш., “Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жаатындагы саясат жана тажрыйба: жогорку натыйжаларга умтулуу” эл аралык конференциясы өтүп жатат, ага КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышууда.
Аталган конференция жогорку деңгээлде, Астана декларациясынын кабыл алынышынын беш жылдыгына жана БМСЖ боюнча Алма-Ата декларациясынын кабыл алынгандыгынын кырк беш жылдыгына арналган.
Эл аралык конференциянын расмий ачылышы Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, БДСУнун Башкы директору Тедрос Адан Гебреисус, БДСУнун Регионалдык бюросунун директору Ханс Клюгенин катышуусунда өттү.
Ден соолук жана оорулар боюнча максаттарга жетүү үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү чыңдоо боюнча пленардык отурумдагы өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө министр Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда 2002-жылдан баштап ишке ашырылып жаткан жана калктын ден соолугун чыңдоого багытталган “Ден соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттардын аракеттери” программасын өнүктүрүү боюнча маалымат менен бөлүштү. Бул программа жергиликтүү жамааттардын жана мамлекеттик саламаттык сактоо системасынын ортосундагы өнөктөштүк болуп саналат, анын алкагында биринчи жолу жергиликтүү калктын ден соолугун жакшыртуу жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (БМСЖ) медицина кызматкерлери менен өз ара аракеттенишүү боюнча иштер үчүн ыктыярчылардан турган Айылдык ден соолук комитеттери (АДК) түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө бүт өлкөнүн масштабында 25 000 ден ашуун мүчөсү бар 1700 АДК иштейт, бул Кыргызстандын 80%дан ашуун айылын камтыйт. АДК калк арасында калыптанып калган жакшы кадыр-баркка ээ жана адамдардын өзүнүн алардын саламаттыгын жана жыргалчылыгын аныктоочу жашоо шарттарына тийгизүүчү потенциалын көрсөтүп турат. Калган 75% – бул медициналык кызматкерлердин мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагынан чыгып турган, бирок адамдын жашоо сапатын аныктоочу ден соолук детерминанттары.
Айылдык ден соолук комитеттеринин миссиясы “Адамдарга дени сак болууга жардам берүү!” катары аныкталган. АДКнын ишмердүүлүгү адамдардын жүрүм-турумун, алардын жашоо мүнөзүн калк арасында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, тамактануу жана йод жетишсиздиги маселелери, ден соолук детерминанттарын жакшыртуу жана башка аспекттер боюнча маалыматтык жана агартуучу иш-чараларды өткөрүү жолу менен өзгөртүүгө багытталган. 2011-жылдан тарта жыл сайын АДКнын күчү менен 18 жаштан жогорку курактагы калктын артериялык кан басымына скрининг жүргүзүлүп турат.
“Айылдык ден соолук комитеттеринин тармагы калкка ден соолук маселелери боюнча кеңири маалымат берүү жана консультация берүү үчүн таасирдүү платформа болуп саналат. Ал БМСЖнын алдын алуу иштерине көмөктөшөт жана калктын ден соолугун чыңдоого олуттуу салым кошуп жатат. Ошентип Айылдык ден соолук комитеттерин түзүү калктын ден соолугун жакшыртууга багытталган борбордогу жана жер-жерлердеги тармактар аралык саясатты калыптандыруу жана жакшыртуу үчүн негиз болуп калды. Айылдык ден соолук комитеттеринин ишмердүүлүгү баштапкы медициналык санитардык жардамга жамааттарды алардын ден соолугу жана ден соолук детерминанттарын көзөмөлдөө маселелерине тикелей катыштыруу боюнча орчундуу демилгелерди жана мамилелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди”,-деп белгиледи КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
22.10.2023
“Бирдиктүү ден соолук” аракеттеринин алкактык программасын ишке ашырууда Дүйнөлүк банк пандемиялык фондунун гранттык каражаттарынын эсебинен колдоо көрсөтөт
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте ден соолуктун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жети жылдык көп сектордуу улуттук иш-аракеттер планын жана 24-36 айга артыкчылыктуу иш-аракеттер планын иштеп чыккан. Аны ишке ашыруу пандемиялык фонддун гранттык каражаттарынын эсебинен пландаштырылууда.
2023-жылдын 19-20-октябрында Бишкекте көп сектордуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга ДССУ, Дүйнөлүк Банк, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Айыл-чарба министрлигинин, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Финансы министрлигинин өкүлдөрү жана башка ведомстволук адистер катышышты.
Иш-чарада, ден соолуктун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жети жылдык көп сектордуу улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча Дүйнөлүк банк менен биргеликте каражат маселесин чечүү жолдору талкууланды.
КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Медер Исмаилов Борбордук Азия өлкөлөрүндө “Бирдиктүү ден-соолук” аракеттеринин алкактык программасын ишке ашырууну илгерилетүү үчүн колдоо көргөзгөн катышуучуларга ыраазычылык билдирди.
“Биз көп сектордук, көп дисциплинардык жана ведомстволор аралык кызматташуу адамдын ден соолугуна коркунучтарды азайтуу жана келечектеги пандемиялардын алдын алуу үчүн абдан маанилүү экенин түшүнөбүз. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коопсуз, сергек жана туруктуу айлана-чөйрөнү түзүү боюнча прогресске жетишүүдөгү өлкөнүн артыкчылыктарын толук чагылдырган демилгелерди кабыл алууну жана "Бирдиктүү ден-соолук" ыкмаларын ишке ашырууну колдойт”,- деп билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында “Бирдиктүү ден соолук” аракеттеринин алкактык программасын ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын пандемиялык фондунун гранттык каражаттарынын эсебинен колдоо көрсөтөөрү белгилүү болду.
20.10.2023
Кыргызстан менен Түркиянын саламаттык сактоо министрлери кыргызстандыктар үчүн квоталарды жандантуу, дары-дармек менен камсыздоо жана кадрдык потенциалды жогорулатуу маселелерин талкуулашты
Ушул күндөрү Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын 9-конгрессинин алкагында, 20-октябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министри доктор Фахреттин Коджа менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер Кыргызстан менен Түркиянын саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуусунун эң актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам убактылуу токтотулган түрк клиникаларында кыргызстандыктардын жогорку квалификациялуу медициналык жардам алуусу үчүн буга чейин берилип келген квоталарды жандандыруу маселесин көтөрдү. Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасынын кошумча имаратынын курулушун жүргүзүүгө азыркы учурда кыргыз тарабы даярдыктарды көрүп, ал эми түрк тарабы консультациялык жардам көрсөтүп, алдыңкы трансплантология бөлүмүн куруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөөрү айтылды.
Мындан тышкары, министр Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун берген тапшырмасына ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин астында «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы ачылып калкка дары-дармектерди түздөн-түз өндүрүш ишканаларынан арзан баада сатып алып жеткирүү боюнча иш жүрүп жатканын маалымдап, Министрликтин бул багытта да тыгыз кызматташууга даяр экендигин белгиледи.
Талкуулардын жыйынтыгы боюнча Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджа түрк тарап оор дартка чалдыккан кыргызстандыктар үчүн квоталарды толугу менен жаңыртуу боюнча, ошондой эле түркиялык дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөргө жолугушууларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштыраарына ишендирди.
Ошондой эле, жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2018-жылдын 30-августундагы №303 Түркия Республикасында медицина жана медициналык адистиктер боюнча билим алып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, 20 дарыгер, андан тышкары медайымдар Түркия Республикасында билимин жогорулатууга бараары макулдашылды.
20.10.2023
Кыргызстандагы инфекционист дарыгерлердин потенциалын жогорулатуу
Бүгүн, 20-октябрда Бишкекте Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын кызматкерлерин окутуу боюнча үч жылдык долбоордун жыйынтыктоочу этабынын алкагында сертификаттарды тапшыруу аземи өттү.
Бул тренинг Корей Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин KOICA колдоосу менен Инха университетинин ооруканасы (Корея Республикасы) тарабынан «Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын персоналынын потенциалын жогорулатуу» программасынын алкагында уюштурулган.
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев 3 жылдык квалификацияны жогорулатуунун аркасында өзгөчө кырдаалдарда медициналык жардамдын сапаты жакшырып, өлүмдүрдөн азайганын белгиледи. КРДС (курч респиратордук дистресс-синдром) менен ооруган бейтаптарды диагностикалоо жана дарылоо, өзгөчө кырдаалдагы бейтаптарды башкаруу алгоритмдери темасында окуу куралдары басылып чыккан. Алынган билимдер республиканын дарыгерлерине да окутулуп жатат. Бул 3 жылдык кызматташуунун алкагында Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы көчмө кычкылтек концентраторун, ошондой эле симуляциялык тренингдерди өткөрүү үчүн манекендерди алды.
Ошондой эле Республикалык клиникалык оорукана менен Инха клиникасынын ортосунда медицина кызматкерлерин окутуу жана Кыргыз Республикасынын Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын кеңейтүү боюнча техникалык-экономикалык негиздемелерди жүргүзүү аркылуу мындан аркы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Сертификаттарды тапшыруу аземи Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ, KOICA кеңсесинин директору Ли Чжон Су, Инха университеттик ооруканасынын башкы дарыгердин медициналык иштер боюнча орун басары Чой Сон Гындын катышуусунда өттү.
20.10.2023
Кыргызстан менен Кувейт саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты кайрымдуулук демилгелери аркылуу бекемдөөдө
Ушул күндөрү Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өтүп жаткан түрк медицинасынын 9-конгрессинин алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кувейт мамлекетинин саламаттык сактоо министри доктор Ахмад Аль-Авади менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты. КРнын Саламаттык сактоо министри кесиптешин Кыргызстанга келип, эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө чакырды. Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, Кувейт Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына кайрымдуулук фонддору аркылуу жигердүү колдоо көрсөтүп келет. Атап айтканда, «Центр Ас-Сафа» бейөкмөт уюму республика боюнча саламаттык сактоо уюмдарын материалдык-техникалык жактан жабдууну жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Өз кезегинде Кувейттин Саламаттык сактоо министри Ахмад аль-Авади дагы Кувейттин «Ас-Сафа» сыяктуу эл аралык кайрымдуулук фонддору оорукана куруу долбоорлорун кыйынчылыксыз активдүү ишке ашырып жатканын жана Кувейттен келген дарыгерлер бригадасы бекер медициналык жардам көрсөтүп жатканын баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар медициналык тейлөөнү уюштурууну жакшыртуу жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуу боюнча меморандумду иштеп чыгууну макулдашты.
20.10.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Түрк медицинасынын 9-Бүткүл дүйнөлүк конгрессине катышууда
2023-жылдын 20-22-октябрында Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгына арналган 9-Бүткүл дүйнөлүк түрк медицинасынын конгресси өтүүдө. Конгресске сегиз саламаттык сактоо министри, ошондой эле 21 өлкөнүн делегаттары катышууда.
Кыргызстандан КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышууда.
Пленардык жыйында сүйлөгөн сөзүндө министр боордош түрк элине ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык каалады. «Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташуу терең туугандык тамырларга ээ жана бүгүнкү Конгресс биздин мамилелерибизди андан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө болгон жалпы каалообуздун чагылышы болуп саналат. Ошондой эле саламаттык сактоо тармагында тыгыз кызматташуу биз үчүн өтө маанилүү экендигин жана көп жылдардан бери актуалдуулугун жоготпой келе жаткандыгын өзгөчө белгилегим келет. Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасы биздин өлкөлөр ортосундагы достуктун, кызматташтыктын жана колдоонун жаркын үлгүсү болуп саналат”, - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.
Конгрессте түрк мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлеринин эки тараптуу жолугушуулары өтөт. Ошону менен бирге дүйнөлүк жеткирүү чынжырларында кызматташуунун туруктуу моделдерин түзүү, саламаттык сактоо боюнча изилдөөлөр (вакциналар-дары-диагностика), санариптик трансформация жана жасалма интеллект, залалдуу шишиктер, сейрек кездешүүчү оорулар, геном жана анын келечеги боюнча илимий жолугушуулар болору күтүлүүдө.
19.10.2023
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанды калктын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууда колдойт
2023-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско менен бирге Аламүдүн районунда жайгашкан “Арчалы” мамлекеттик мекемесине барды. Чүй облусунун району. Ал жерде балдарды реабилитациялоо үчүн медициналык мекеме түзүү пландалууда.
ДССУнун өкүлү медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмуна дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды тапшырды. Ошондой эле кан басымын, кандагы глюкозаны, гемоглобинди жана зааранын негизги анализдерин өлчөө үчүн керектүү медициналык жабдууларды камтыган медициналык баштыктар берилди. Баштыктарда ошондой эле пульсоксиметрлер, термометрлер, турникеттер жана кол чырактар бар. Мындан тышкары, түйүлдүктүн жүрөк кагышын аныктоо үчүн кардиотокографтар да камтылган.
Министр Саламаттык сактоо министрлигинин калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча демилгелерин ар тараптуу колдогону үчүн ДССУга ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстандын калкынын саламаттыгынын кызыкчылыгында өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга даяр экендигин баса белгиледи.
18.10.2023
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын лидеринин орун басары Жылдыз Садырбаева медайымдардын жана акушерлердин Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалды
18-октябрда Бишкекте медайымдык жана акушерлердин “Кыргызстандагы жугуштуу эмес оорулардын алдын алууда жана башкарууда үй-бүлөлүк медайымдардын учурдагы жана келечектеги ролу” аттуу саясий диалог болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жылдыз Садырбаева, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Медер Исмаилов, ДССУнун жана медициналык ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.
Диалогдун жүрүшүндө медайымдар менен камсыздоо маселелери, медайымдардын жана акушердик кесиптин билим берүүсүндөгү жүргүзүлүп жаткан реформалар, адистердин практикалык муктаждыктары, медайымдардын илимий ишмердүүлүгү талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө медайымдардын күжүрмөн эмгегин белгиледи. Алар күнү-түнү өз постторунда болуп, ар бир бейтапты тыкыр көзөмөлдөп, дарыгерлердин көрсөтмөлөрүн так аткаруу менен гана эмес, аларга колдоо көрсөтүү менен да ооруну жеңүүгө жардам беришет.
Ошондой эле, саясий диалогдун жүрүшүндө министр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидеринин орун басары Садырбаева Жылдыз Эсенбековнаны медайымдардын жана акушерлердин улуттук элчиси кызматына көрсөтүүнү жарыялады. Бул наам Жылдыз Эсенбековнага Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин укуктарын коргоо боюнча узак мөөнөттүү иш алып баргандыгын, медайымдардын жана акушеркалардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча миссияны мындан ары да колдоо ниетин эске алуу менен ыйгарылды.
Улуттук элчи Жылдыз Садырбаева учурда медициналык кадрлардын жетишсиздигин белгилеп, медайымдардын жана акушерлердин ролун жогорулатууга кубанычта болорун белгиледи.
18.10.2023
Саламаттык сактоонун төрт уюму Япония Өкмөтүнүн “Чөп тамырлары жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында заманбап жабдуу алышты
2023-жылдын 18-октябрында КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Япония Өкмөтүнүн “Чөп тамырлары жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында төрт грант-келишимге кол коюу аземине Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Года Хидэки мырза, ошондой эле республиканын саламаттык сактоо уюмдары - грант алуучулардын жетекчилери менен биргеликте катышты.
Жогоруда аталган долбоордун алкагында Ат-Башы районунун Жалпы дарыгерлерлик практика борбору жалпы суммасы 86 697 АКШ долларын түзгөн комплектиси менен лапароскоп алат. Аксы ЖДПБсынын №11 ҮДТсы жалпы суммасы 58 197 АКШ долларын түзгөн стационардык УДИ аппаратына ээ болот. Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы жалпы суммасы 85 947 АКШ долларын түзгөн балдардын наркоздук-дем алдыруучу аппараты, ошондой эле балдар жана жаңы төрөлгөн балдар үчүн ӨЖД аппараттары менен жабдылат. Үч-Коргон ЖДПБсы жалпы суммасы 89 667 АКШ долларын түзгөн лапароскопту комплектациясы менен алмакчы.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Года Хидэки мырза, Япония Өкмөтүнүн “Чөп тамырлары жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында 1996-жылдан тарта КР саламаттык сактоо системасына 12 млн ашуун АКШ доллары өлчөмүндөгү жардам көрсөтүлгөндүгүн белгиледи.
Өз кезегинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев элчи мырзага жана Япониянын Өкмөтүнө Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн жардамы үчүн чоң ыраазычылык билдирди. «Мен өзүмдүн 40 жылдык хирургиялык тажрыйбамда иште лапароскоптун болушу канчалык маанилүү экендигин билем. Эми алыскы райондордун жашоочуларына операцияларды жасоо үчүн областтык борборго же Бишкекке келүүнүн кереги жок. Бишкек ш., балдар ооруканасы күн сайын балдарга 40-50гө жакын операция жасайт жана наркоздук-дем алдыруучу аппарат, ӨЖД аппараты ал жерде керек болчу. Алган заманбап жабдуулар республиканын калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын кыйла жакшыртууга жардам берет», - деп белгиледи министр.
18.10.2023
Бишкекте төрт Үй-бүлөлүк медицина борборундабалдар бөлүмү ачылды
Бүгүн, 2023-жылдын 18-октябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №7 үй-бүлөлүк медицина борборундагы балдар амбулаториялык бөлүмүнүн ачылыш аземине катышты.
Жаңы ачылган балдар бөлүмүндө педиатрлардан тышкары ЛОР, невропатолог, окулист сыяктуу дарыгерлер бейтаптарды кабыл ала башташты.
Министр эне менен баланын ден соолугу КР Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин, ал эми педиатриялык бөлүмдөрдүн ачылышы мамлекеттин балдардын ден соолугуна болгон камкордугунун көрсөткүчү экенин баса белгиледи. Бишкек шаарынын балдар калкын өз убагында, сапаттуу жана квалификациялуу медициналык жардам менен камсыздоо максатында Бишкек шаарынын төрт районунда ҮМБнын алдында балдардын амбулаториялык бөлүмдөрүн уюштуруу чечими кабыл алынды. «Республика боюнча бизде 2,5 миллионго жакын бала бар, алардын көбү ички миграцияны эске алганда борбордо жашашат. Жыл сайын КРВИ жана сасык тумоо маалында Шаардык балдар ооруканасына жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кезек күтүүлөр катталып, кайрылгандардын басымдуу бөлүгүн амбулатордук дарыланууга муктаж болгондор түзөт. Жаңы балдардын амбулаториялык бөлүмдөрүнүн ачылышы биринчиден, ооруканалардын жүгүн азайтып, кезек күтүүнү азайтат, алардын ишин жакшыртат. Жаш балдар амбулаториялары зарыл жабдуулар жана тажрыйбалуу кызматкерлер менен камтылган. Педиатриялык бөлүмдөрдүн оңой жете турган жерде болушу ата-энелердин жашоосун жеңилдетип, балдарына тез арада медициналык жардам алууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, өз учурунда медициналык кызматтарды алуу оорулардын алдын алууга жана көйгөйлөрдү эрте аныктоого жардам берет. Жакынкы арада республиканын башка аймактарында да ушундай эле балдар кабылдамаларын ачуу пландалууда», - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Маалымат үчүн:
Бишкек шаарында 4 балдар амбулаториясы уюштурулган: №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында: Киев көч., 154; № 1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында Фучик көч., 13; №4 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында, Бөкөнбаев көч., 61; № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында, Тыныстанова көч., 1.
Суроолор боюнча ҮМБнын жетекчилерине кайрылсаңыздар болот.
• Тенизбаева Асель Тенизбаевна, №6 ҮМБнын директору, Октябрь району. Тел.: +996 555 928 392;
• Касымалиева Айнагул Касымалиевна, № 4 ҮМБнын директору, Свердлов району. Тел.: +996 555 951 459;
• Чарабаева Дамира Алтынбековна, №7 ҮМБнын директору, Биринчи Май району. Тел.: +996 550 151 528;
• Сатаев Чоро Болотбекович, Ленин району, №1 ҮМБнын директору. Тел.: +996 772 667 319.
18.10.2023
КР Саламаттык сактоо министри «Фарма Нур» ЖЧКсында болуп, дары-дармектерди өндүрүүдө кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи
2023-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Фарма Нур» фармацевтикалык заводуна иш сапары менен барды.
Иш сапардын алкагында министр «Фарма Нур» ЖЧКсы чыгарган дары-дармектердин өндүрүш процесси менен таанышты. Министрге таблеткаларды, капсулаларды жана флакондордо инъекциялык порошок чыгарууга адистешкен өндүрүш участоктору жана лабораториялардын иши тааныштырылды.
«Фарма Нур» ЖЧКсы 30га жакын дары-дармектерди чыгарат, алардын айрымдары эң керектүү дарылардын тизмесине кирген. Мисалы, цефтриаксон, ампициллин, глицин, каптоприл, диклофенак, кетопрофен, азитромицин, димедрол жана башка дарылар.
Министр Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуу калкты сапаттуу, арзан дары-дармектер менен камсыз кылууда маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн фармацевтикалык заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдары менен тыгыз кызматташууга чакырды. «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдында республика боюнча 40тан ашык мамлекеттик дарыканаларды уюштуруу боюнча чоң пландар бар, анын аркасында калк сапаттуу жана ошол эле учурда арзан дары-дармектер менен камсыз болот. Бул багытта ата мекендик ишканалар менен кызматташууга кубанычтабыз”, - деди министр.
Өз кезегинде «Фарма Нур» ЖЧКсы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге импортту алмаштыруу стратегиясын иштеп чыгуу жана маанилүү дары-дармектерди чыгарууну көбөйтүүгө даярдыгы тууралуу маалымат берди.
«Фарма Нур» фармацевтикалык заводу эл аралык GMP стандартына жана ISO 9000 сериясынын стандартына ылайык курулган. Ишкана Түштүк Корея, Германия, Аргентина жана Кытайда чыгарылган заманбап компьютерлештирилген жабдуулар менен жабдылган.
17.10.2023
КР Саламаттык сактоо министри менен “Ас-Сафа” Кувейт кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү саламаттык сактоо системасында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты
2023-жылдын 15-октябрында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен «Ас-Сафа» Кувейт кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү, шейх Мухаммад Абдурахман Альшаянын жолугушуусу болуп, анда саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу талкууланды. Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун базасында гемодиализ бөлүмүн куруу сунушу негизги пункттардын бири болду. Министр республиканын алыскы аймактарын кошкондо медициналык уюмдардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Бул жолугушуу калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен коомдук уюмдардын өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн белгилейт. Тараптар саламаттык сактоо системасын мындан ары жакшыртуу жана жарандарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү максатында келечекте жемиштүү кызматташууга үмүт артышты.
17.10.2023
450 миңден ашуун бала кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө алышты
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, жылдын башынан бери 2842 адам кызамык менен ооруган, алардын басымдуу бөлүгүн 4 жашка чыга элек балдар түзөт. Ушуга байланыштуу кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өнөктүгү уланууда. Бул өнөктүк 2023-жылдын 18-сентябрында вирус өзгөчө кеңири жайылып жаткан аймактарда – Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында башталган. Төрт жуманын ичинде 450 миңден ашуун бала вакцина алышты.
Эмдөө 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар арасында буга чейин эмделгенине же кызамык жана кызылча менен оорусуна карабастан жүргүзүлүп жатат. Эмдөө өнөктүгү ЮНИСЕФ менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу алдында өтүүдө.
Ооругандардын көбү Бишкек шаарында (757 адам), Ош шаарында (321 адам), Ош облусунда (670 адам), Чүйдө (389 адам) жана Жалал-Абад шаарында (440 адам) жашайт.
Вирус кеңири жайылган Ош шаарында жана Ош облусунда инфекцияны жуктурган учурлар кыйла төмөндөдү жана жумасына эң көп дегенде 5 учур катталып калды. Бишкекте жана Чүй облусунда кызамыкка каршы кошумча иммунизациялоого тартуунун деңгээли төмөн болгондуктан кырдаал курч бойдон кала берүүдө жана жумасына 20дан 50гө чейин учур катталып жатат.
Жалпысынан алганда, кызамык боюнча кырдаал курч бойдон кала берүүдө. Окуу жылынын башталышы менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын жана бала бакчага баргандардын арасында оорулар көбөйдү. Балдар топтолгон жамааттарда вирустун алдын алуу үчүн эмделбеген балдарды мындай жамааттарга киргизбөө боюнча санитардык көрсөтмөлөр жөнөтүлдү.
Вирустун жайылышын токтотуу үчүн эмделгендердин көрсөткүчү 95 пайыздан жогору болууга тийиш.
Кызамык – бул коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору, аны айыктыра турган дары жок, ал эми анын оор түрү өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Профилактикалык эмдөөдөн өтпөгөн балдар жана чоңдор тобокелдик зонасында болушат. Оорудан вакцина гана коргой алат.
____
Урматтуу ата-энелер! Балдарды өз убагында эмдөө балдар жүргөн жамааттарда эпидемиянын алдын алат жана чоң адамдарга вирусту жуктуруу тобокелдигин азайтат. Чоң адамдар бул ооруну балдарга караганда өтө оор көтөрүшөт. Мындан улам балдарды пландуу эмдөө калктын башка катмарларын да кызамыктан коргоого шарт түзмөкчү.