Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
12
05
2025
Президенттин бардык тапшырмалары аткарылды: Кыргызстанда жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүлүү улантылууда
Кыргызстан менен Кытай медициналык билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо
13.03.2023
КРВИ жана сасык тумоо боюнча кырдаал
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, 2023-жылдын 6-мартынан 12-мартына чейинки 10-аптада республикада курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен 4594 учур катталып, эпидемиологиялык мезгил башталгандан бери жалпысынан 212 655 учур катталды.
Жылдын 46-жумасынан тартып оорунун акырындык менен өсүшү байкалып жылдын 50-жумасында эң жогорку чегине жеткен. 2023-жылдын 10-жумасында оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 66,0 түздү, б.а. өткөн жумага салыштырмалуу 22,8%га төмөндөдү.
Балдардын бала-бакчаларга жана мектептерге баруусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда.
Сасык тумоо, сасык тумоого окшош оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:
— беткап режимин жана социалдык аралыкты сактоо;
— дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо
— жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду менен жабуу;
— үшүп калуудан жана өтө ысып кетүүдөн сактануу;
— өзүн жаман сезген, жогорку температура жана башка сасык тумоого окшош белгилери бар адамдардын өз убагында обочолонуусу;
— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.у.с.)
— эгерде балада сасык тумоонун белгилери пайда болсо, дарыгерге кайрылыңыз;
— эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо.
10.03.2023
Швейцария саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатууну колдойт
2023-жылдын 10-мартында саламаттыкты сактоо уюмдарынын 38 жетекчисине "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кесиптик кайра даярдоо программасын аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды. Жетекчилерге сертификаттарды КРнын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Оливье Бангертер жана Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ректору Рустам Курманов тапшырышты.
Кайра даярдоо программасы Швейцария каржылаган “Саламаттыкты сактоону башкаруу системасын чыңдоо” Долбоорунун техникалык колдоосу алдында Компетенциялар каталогунун негизинде иштелип чыккан. Программа 15 модулдан турат жана уюмду башкаруунун бардык өңүттөрүн камтыйт. Алар: адам ресурстары, финансы, саламаттыкты сактоо саясатындагы маселелер жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишин талдоо.
Саламаттыкты сактоо уюмдарынын күчтүү жетекчилери бул тармакты реформалоонун негизги кыймылдаткычы болуп саналат. “Саламаттыкты сактоо системасынын натыйжалуу иштеши үчүн келечекти көрө билген, алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди түшүнгөн жана ишке ашырган, ошондой эле жыйынтыктарга кызыкдар болуп, тынымсыз билим алып турган жетекчилер керек”, - деп белгиледи министр Гүлнара Баатырова.
“Швейцария көп жылдардан бери Кыргызстанга саламаттыкты сактоо жаатында жардам көрсөтүп келе жатканына сыймыктанат. Жогорку кесипкөй менеджерлер саламаттык сактоо уюмунун ишин жакшыртууга жана калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына олуттуу салым кошууга жөндөмдүү болушат”, - деп белгиледи элчи Оливье Бангертер.
Окутуу С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында өттү. Окууну уюштурууга КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борбору колдоо көрсөттү.
10.03.2023
Дүйнө жүзү боюнча дарыгерлер коңгуроо кагышууда: "Электрондук тамеки колдонгон өспүрүмдөр менен жаштардын саны өсүүдө!"
Бүткүл дүйнө жүзү боюнча дарыгерлер коңгуроо кагышууда: «Электрондук тамеки колдонгон өспүрүмдөр менен жаштардын саны өсүүдө!». Бул көрүнүш жаңы өсүп келе жаткан муунду тартууга багытталган тамеки кампанияларынын агрессивдүү маркетингине байланыштуу. Алар өз продукцияларын зыяны аз, ал тургай зыяны жок деп позициялап коюшат, бул туура эмес, дейт медицина илимдеринин кандидаты, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун пульмонологу Анара Калиева.
Анын айтымында, электрондук тамекилердин ден соолукка тийгизген терс таасирин көптөгөн илимий изилдөөлөр далилдейт. Сспүрүмдүн калыптанып келе жаткан мээси электрондук тамекидеги никотинге өзгөчө аялуу. Далилдерге негизделген медицина никотиндин көңүл буруу, таанып билүү, эс тутумдун начарлашы жана интеллекттин жана аткаруучу функциянын төмөндөшү менен байланышын көрсөтөт (Slekman J. Vaping: It's all a smokescreen. Pediatric Nursing. 2019;45(1):12–15.35). Электрондук тамекини колдонуу гиперактивдүүлүктү жана импульсивдүү жүрүм-турумдун өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн (Tobore TO. On the potential harmful effects of E-Cigarettes (EC) on the developing brain: The relationship between vaping-induced oxidative stress and adolescent/young adults social maladjustment. Journal of Adolescence. 2019;76:202–209). Demissie жана авторлоштордун илимий иши электрондук тамеки колдонгон орто мектеп окуучуларынын арасында мушташуу, өз жанын кыюу аракети, спирт ичимдиктерин жана марихуананы колдонуу коркунучу жогору экенин тастыктады (Demissie Z, Jones SE, Clayton HB, King BA. Adolescent Risk Behaviors and Use of Electronic Vapor Products and Cigarettes. Pediatrics. 2017;139(2) doi: 10.1542/peds.2016-2921). Никотин бойго жеткен мээге салыштырмалуу өспүрүмдүн мээсине олуттуу жана туруктуу зыяндуу таасирин тийгизет (Britton и соавторы, 2007; Doura и соавторы, 2008).
Дүйнөлүк адабиятта электрондук тамекилерди колдонуу жаштардын кадимки тамекиге же соргуч тамекиге (насвая) өтүү ыктымалдыгын жогорулатат деген басылмалардын саны өсүүдө. Электрондук тамекилерди колдонгон өспүрүмдөр кийинчерээк тамекинин башка түрлөрүн колдонгонун 3,6 эсе көп айтышкан (Jenssen BP, Wilson KM. What is new in electronic-cigarettes research? Current Opinion in Pediatrics. 2019;31(2):262–266).
Ошондой эле өспүрүмдөр никотин көз карандылыгына көбүрөөк кабылаары илимий жактан далилденген. Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, күнүгө тамеки чеккен чоң кишилердин 90% тамеки буюмдарын 18 жашка чейин колдоно башташкан (Kong G, Krishnan-Sarin S. A call to end the epidemic of adolescent E-cigarette use. Drug and Alcohol Dependence. 2017; 174:215–221). Ошентип, электрондук тамеки никотинге көз карандылардын жаңы муунун түзүүгө натыйжалуу жардам берип жатат.
Коммерциялык продуктыларды изилдөөлөр көрсөткөндөй, электрондук тамекилерде 1- 36 мг/мл никотин болушу мүмкүн (Гониевич жана авторлоштор, 2015-ж.); ден соолукка кооптуу кошулмаларды камтышы мүмкүн (Zhu жана авторлоштор, 2014), ошондой эле ингредиенттерде көрсөтүлбөгөн аралашмалар болушу мүмкүн (Varlet et al. 2015); электрондук тамекилер ысыганда ден соолукка коркунуч туудурган кошумча токсиканттарды пайда болот (Taлих ж.б., 2015).
Электрондук тамекилердин кадимки тамекилерге салыштырмалуу никотинди бирдей же андан да көп өлчөмдө жеткирүү жөндөмдүүлүгү жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу тынчсызданууну жаратат. Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, никотин атеросклероздун патогенезине катышкан ар кандай сезгенүү медиаторлорунун өндүрүшүн (Lau and Baldus 2006) жана клеткалык деңгээлде никотин макрофагдарда C-реактивдүү белоктун (СРБ) экспрессиясын индукциялайт да, сезгенүү жана атеросклероздук таасирине өбөлгө түзөт (Mao et al. 2012).
Электрондук тамеки колдонгон кыздарга кош бойлуу болгондо таштоо кыйыныраак болот. Никотин плацента ткандарын кесип өтө алгандыктан, түйүлдүктүн суюктуктарындагы никотиндин концентрациясы эненин сары суусуна караганда жогору экени аныкталган (Сент-Хелен и соавторы, 2016).
2016-жылы Holbrook жана авторлошторунун, ошондой эле 2017-жылы Spindel жана авторлоштору тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр никотиндин күтүлбөгөн жерден ымыркай өлүмү синдромунун өнүгүшү менен, ошондой эле узак мөөнөттүү келечекте өпкө оорусунун өнүгүшү менен байланышын көрсөттү.
Электрондук тамекилердин ден-соолукка тийгизген терс таасири жөнүндө көптөгөн негиздүү аргументтердин бар экендигине карабастан, тамеки өнөр жайы өспүрүмдөрдүн аң-сезимине жигердүү таасирин тийгизүүнү улантып, өздөрүнүн продукциясынын жагымдуулугун жогорулатууда. Заманбап дизайн, жагымдуу жыт, аппаратты жекелештирүү жана башка маркетингдик өзгөчөлүктөрү жаш муундун арасында электрондук тамекилерди колдонууну модага айлантып, аларды туруктуу керектөөчүлөргө айландырууда.
Кыргызстандагы орто жана жогорку класстын окуучулары арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо алардын 25%га жакыны электрондук тамеки колдонуу менен алектенерин, өспүрүмдөрдүн 78% социалдык тармактарда жок дегенде бир жолу электрондук тамекилердин жарнактарын көрүшкөнүн көрсөттү. Мектеп окуучулары электрондук тамекилерди катып коюу жана сабактардын ортосунда чегүү оңой экенин, ал эми жыттын жана тамеки колдонуунун башка издеринин жоктугу ата-энелер тарабынан аныктоо мүмкүнчүлүгүн дээрлик жокко чыгарат. Электрондук тамекилерди колдонуу көбөйгөнүн орто мектептердин мугалимдери тастыктап турат. Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы аппараттардын ден-соолукка тийгизген зыяны тууралуу маалымат берүү боюнча бир топ иштерди жүргүзүүдө: класстан тышкаркы сабактар киргизилди, смс-билдирүүлөр, социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында видеолор таратылууда.
Күчтүү мыйзамдын киргизилиши, акциздердин, салыктардын көбөйүшү уул-кыздарыбыздын ден соолугу, келечеги үчүн күрөштө эң жакшы натыйжа берип жатканын дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп турат.
Камкор мамлекет гана өз элинин саламаттыгын жана жыргалчылыгын тамеки өнөр жайынын агрессивдүү таасиринен коргой алат!
09.03.2023
Кыргызстан Ден соолук коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну баштады
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык бюросунун аймактык өкүлчүлүгү менен биргеликте 9-10-март күндөрү Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди ишке ашыруу боюнча өлкөнүн негизги мүмкүнчүлүктөрүнө биргелешкен тышкы баа берүү боюнча багыттоочу кеңешме өткөрүүдө.
Жыйынга саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүүгө тартылган министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери катышты.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев биргелешкен тышкы баалоо өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча мындан аркы иш-аракеттердин планын иштеп чыгууга мүмкүндүк берерин белгилеп, ошондой эле жыйындын катышуучуларын ыкманы бардык тобокелдиктерди эске алуу менен колдонууга чакырды – булар жугуштуу оорулар, тамак-аш коопсуздугу, микробго каршы препараттарга туруктуулук жана башкалар.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа Регионалдык бюросунун Кыргызстандагы атайын өкүлү Шахин Хусейнов Кыргызстан биргелешкен тышкы баалоону экинчи ирет жүргүзүп жаткан Борбордук Азия чөлкөмүндөгүалгачкы өлкө экенин, бул өлкөнүн ден соолук коопсуздугун камсыздоо тармагындагы потенциалын жогорулатууга умтулуусун айгинелерин баса белгиледи. Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму планды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ар тараптан колдоо көрсөтөт.
Биргелешкен тышкы баалоо Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эл аралык эксперттери тарабынан ушул жылдын июнь айында жүргүзүлөт.
09.03.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен жолугушту
2023-жылдын 7-мартында Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Адамдардын бакубатчылыгын жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тармагын көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматтын жетекчиси Анна Попова менен жолугушту.
Тараптар эпидемиологиялык жана санитардык коопсуздук жаатында эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, жугуштуу жана вирустук ооруларга каршы күрөшүү жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку динамикасын белгилешти.
Министр Г.М. Баатырова орусия тарапка калкты эмдөө, ПЧР тест-системалары түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөтүү жана коронавирус пандемиясынын жайылышынын кесепеттерин жеңүүгө көмөктөшүүнүн алкагында көрсөткөн туруктуу колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Анна Юрьевна Попова көп жылдык кызматташуусу жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
07.03.2023
Кыргызстан менен Орусиянын саламаттык сактоо министрлери саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты
Москва шаарында өтө турган биринчи кыргыз-орус аялдар форумуна катышуу үчүн Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында, 2023-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашконун ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ведомстволор аралык деңгээлде, анын ичинде медициналык мекемелердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн туруктуу динамикасын белгилешти, калктын саламаттыгын жакшыртууга жана медициналык жардамды уюштуруунун системасын жакшыртууга багытталган биргелешкен иштерди активдештирүү боюнча өз ара ниеттерин ырасташты.
Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко Россия тараптан уюштурулган илимий-практикалык семинарларда Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлери үчүн окуу орундарынын санын көбөйтүүгө даярдыгын билдирди.
Өз кезегинде министр Гүлнара Баатырова Россия Федерациясында иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүү менен байланышкан маселелерди чечүүнүн, ошондой эле бардык чет өлкөлүк жарандар үчүн керектүү болгон медициналык кароодон өтүүнүн тартибин жеңилдетүү боюнча алгылыктуу варианттарын табуу максатында диалогду улантуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.
Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө көп тараптуу форматта медицина тармагындагы алдынкы практикалык тажрыйба алмашууну улантуунун, анын ичинде медицина кызматкерлеринин эл аралык саламаттыкты сактоо иш-чараларына катышуусу аркылуу кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди.
Жыйындын соңунда Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованы жана Кыргызстандын адистерин 23-24-мартта Санкт-Петербург шаарында өтө турган «Дени сак коом» форумуна катышууга чакырды. Форумда баштапкы медициналык-санитардык жардамды жакшыртуу, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү, тармакты санариптик трансформациялоо, медициналык кадрларды даярдоо жана башка, эки тарапты кызыктырган актуалдуу маселелер талкууланышы күтүлүүдө.
06.03.2023
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган жарандарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу
2023-жылдын 6-мартында республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жумалык жыйынында Баткен облусунун тургундарына өз убагында жана акысыз медициналык жардам көрсөтүү боюнча маалымат угулду.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Баткен облусунун калкына амбулатордук деңгээлде көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы, рентгенографиялык изилдөөлөр, ички органдардын ультраүн текшерүүлөрү акысыз көрсөтүлөт, ал эми стационардык жардам (ооруканага жаткырууда) 50% жеңилдик менен берилет. Ошону менен бирге Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, анын ичинде Баткен шаарынын жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылынын тургундары саламаттык сактоонун стационардык уюмдарына алгачкы жана кайталап госпиталдаштырууда кошумча төлөөдөн бошотулушканын белгилейбиз.
2023-жылдын башынан бери Баткен облусунун 764 тургуну республиканын аймагындагы саламаттык сактоо уюмдарына кайрылып, бекер дарыланып чыгышкан. Анын ичинен 390 адам үчүнчү баскычтагы, Улуттук ооруканаларга жаткызылып, тийиштүү дарылануудан өтүшкөн.
Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасында – 99 адам;
Курортология институтунун базасында – 95 адам;
Улуттук Госпиталда – 112 адам,
Улуттук кардиология жана терапия борборунда – 37;
Улуттук Эне жана баланы коргоо борборунда – 47 бала дарыланып чыгышкан.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине Баткен облусунун тургундарына өз убагында жана акысыз медициналык жардам көрсөтүү маселесин тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды.
Былтыркы жылы жалпысынан Баткен облусунун 1693 жараны саламаттык сактоо уюмдарына кайрылып бекер дарыланып чыгышкан.
06.03.2023
Жаштардын тандоосу - дени сак жашоо!
Бүгүн, 2023-жылы 6-мартта, «Кыргызстан жаштары» Коомдук бирикмесинин мүчөлөрү «Жаштар чылым чегүүгө каршы» чакырыга менен жүрүш уюштурушту.
Коомдук бирикменин активисти Акылбек коомчулукка кайрылуу жасап, анда ал тамеки продукциясына болгон салык канчалык азайган сайын, тамекинин баасы арзандап, мектеп окуучуларына жеткиликтүү болуп жатканын айтты. Ошондой эле ал келечек ден соолугу чың жаштардын колунда экенин баса белгилеп, өсүп келе жаткан жаш муунду чылымга азгырылбоого чакырды.
Жүрүштүн дагы бир катышуучусу бүгүнкү күндө көптөгөн жаштар тамеки индустриясынын курмандыгы болуп жатканын айтып, эл өкүлдөрүнө тамеки продукциясына болгон акцизди көтөрүү демилгесин колдоп берүү өтүнүчү менен кайрылды.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматы боюнча, тамекиден каза болгондордун 40%дан ашыгы рак, өнөкөт респиратордук оорулар жана кургак учук сыяктуу өпкө ооруларынан келип чыгат. ДССУ өлкөлөрдү жана өнөктөштөрүн адамдарды тамекинин таасиринен коргоо чараларын күчөтүүгө чакырып келет.
«Тамеки жыл сайын кеминде 8 миллион адамдын өмүрүн алат. Дагы миллиондогон адамдар тамекинин айынан өпкө рагы, кургак учук, астма же өпкөнүн өнөкөт ооруларынан жапа чегип келишет, - деди ДССУнун башкы директору доктор Тедрос Адханом Гебрейесус. Дени сак өпкө - дени сак жашоонун ачкычы. Каалаган күнү сиз тамекиге "жок" деп айтып, өзүңүздүн, досторуңуздун жана үй-бүлөңүздүн өпкөсүн коргой аласыз».
03.03.2023
Улуттук онкология жана гематология борбору химиотерапиялык дарыларды сатып алууга тендер жарыялады
Онкологиялык оорулууларды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору 2023-жылдын 28-февралында жалпы наркы 60 миллион сомдон турган химиотерапиялык препараттарды сатып алууга тендер жарыялаган.
Ошондой эле, 2023-жылдын 1-мартында 19 993 817,38 сомго Жогорку технологиялар фонду аркылуу (2022-жылдагы калдык) химиотерапиялык препараттарды сатып алууга тендер жарыяланган.
03.03.2023
Кыргызстанда дары-дармектердин коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуучу дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө системасы киргизилди
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуучу дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын ишке киргизди.
2023-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өлкөдө дары каражаттарын көзөмөлдөө системасын киргизүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул система Кыргызстанда дары-дармектердин коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуунун маанилүү куралы болуп калат.
Дары-дармекти көзөмөлдөө системасы дары-дармекти өндүрүүдөн баштап жайылтууга чейинки жашоо циклинин бардык этаптарында орнотулат. Ал дарылардын сапатын көзөмөлдөөнү жакшыртууга, ошондой эле бейтаптардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жардам берет.
«Дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө системасын киргизүү Кыргызстанда дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун жана эффективдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат, ошондой эле бул система жасалма дары-дармектерди сатуунун алдын алууга мүмкүндүк берип, ар бир дары-дармектин келип чыгышы жана тарыхы тууралуу маалыматты тез алууга шарт түзөт ", - деп билдирди Айнура Абалиева, дары департаментинин башчысы.
Дары-дармектерди көзөмөлдөө системасы Кыргызстандагы бардык дары-дармектерди өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр үчүн милдеттүү болот. Системанын иштешине мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментине жүктөлөт.
Маалым болгондой, Кыргызстандагы көзөмөлдөө системасы өлкөдө каттоо процедурасынан өткөн ар бир дары тууралуу маалыматты камтыган Дары-дармек жана медициналык буюмдардын электрондук маалымат базасынын инфраструктурасына негизделген. Реестр бардык кызыкдар тараптарга, анын ичинде дарыгерлерге, фармацевттерге жана бейтаптарга жеткиликтүү.
Бул система Түркиянын көзөмөлдөө системасынын негизинде иштелип чыккан. Дүйнөлүк банктын 2012-жылдагы макаласында Түркия дүйнөдөгү фармацевтикалык камсыздоо чынжырында толук көзөмөлдү ийгиликтүү ишке ашырган биринчи өлкө болду. Кошумчалай кетсек, көп тармактуу продукцияны
номерлөө системасын иштеткен алдыңкы эл аралык GS1 уюму Түркияда жасалган дары-дармектерди көзөмөлдөө системасы дүйнөдөгү эң ийгиликтүү система экенин билдирди.
Дары-дармек жана медициналык буюмдар электрондук маалымат базасындагы бул инновация дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөөнү жакшыртууга, ошондой эле Кыргызстандагы бейтаптарды дары-дармек менен дарылоонун коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыздоого жардам берет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бардык өндүрүүчүлөрдү жана дары-дармектерди жеткирүүчүлөрдү дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө системасынын алкагында белгиленген жаңы талаптарды жана стандарттарды сактоого чакырат.
02.03.2023
Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат) түрлөрүн көрсөтүүгө 664 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат) түрлөрүн көрсөтүү максатында 2023-жылга карата саламаттыкты сактоо уюмдарына Жогорку технологиялар фонду (ЖТФ) жана Борборлоштурулган Иш-чаралар аркылуу жалпы суммасы 664 миллион сомдон ашык каржылык каражаттарды бөлүштүрүү процессин жүргүзүүдө.
Жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-майындагы №287 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат) түрлөрү боюнча фондун түзүү жөнүндө» Токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдын 25-сентябрындагы № 92 буйругу менен бекитилген Борборлоштурулган иш-чаралар жөнүндө жобого ылайык, бейтаптар жогорку технологиялык жана кымбат баалуу жабдуулар, дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздалат.
ЖТФнын алкагында медициналык жардам алуу үчүн ар бир уюмда комиссия түзүлөт, ал ЖТФнын алкагында дарылануунун кымбат түрлөрүн жана дары-дармектерди алууга муктаж болгон бейтаптардын банкын (регистрин) түзөт, ага өлкөнүн бардык аймактарынан, ал тургай эң алыскы калктуу конуштардан келген бейтаптар кирет. Аныкталган диагнозу боюнча бейтаптар медициналык мекемелердин уюмдарына кайрылып, кезекке турушат. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги ЖТФ алкагында медициналык жардам алууга кезекке туруунун тартибин ачык-айкын камсыз кылуу үчүн санариптик чечимди түзүү тапшырмасын көтөрдү.
ЖТФ биринчи кезекте социалдык багыттагы мүнөзгө ээ. Булар негизинен калктын аялуу катмарынын категориясындагы жарандар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар – балдар жана чоңдор, кароосуз калган балдар, аз камсыз болгон жана кирешеси жок аз камсыз болгон жарандар, пенсионерлер).
2022-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бейтаптарды жашоо үчүн маанилүү дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу үчүн ЖТФ аркылуу 333,0 млн сом жана БИ аркылуу 331 680 миң сом бөлүнгөн.
Бул бөлүнгөн каражаттар жыл сайын Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы тарабынан төмөнкү жогорку технологиялык (кымбат) кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарга бөлүштүрүлөт:
- мээнин тамырларына операциялар;
- курч коронардык синдромдо жана миокард инфарктында жүрөк-кан тамыр, ангиографиялык операциялар, стент орнотуу;
- кардиохирургиялык операциялар (клапандар, ЭКС, АКШ);
- сөөктөргө жана муундарга татаал ортопедиялык операциялар;
- жогорку технологиялык чыгымдалуучу материалдарды талап кылган микрохирургиялык операциялар;
- онко-химикаталарды жана маанилүү дары-дармектерди сатып алуу.
Белгилей кетсек, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Буйругу менен дары-дармек менен камсыздоого, социалдык маанилүү оорулардын алдын алуу жана дарылоо маселелерин чечүүгө кошумча 1 млрд сом бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн сумманын атайын максаты бар, тактап айтканда, бейтаптар үчүн дары-дармектерди сатып алуу: онкология, чоңдор жана балдар гематологиясы, чоңдор жана балдар гемофилиясы, склероз, омуртка булчуңдарынын атрофиясы, кант диабетинин2-типтеги чоңдор үчүн жана 1-типтеги балдар үчүн, вирустук гепатит "C, B, D" түрлөрү.
02.03.2023
Талас облустук биргелешкен ооруканасында компьютердик томографиянын баасы арзандатылды
2023 жылдын январь айынан тарта Ч.Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасында компьютердик томограф иштеп баштады. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген аппараттын баасы 349 000$. Бул заманбап медициналык жабдуу пайдаланууга берилгенден бери бейтаптар ден соолугун текшертүүгө мүмкүнчүлүк алды. Текшерүүнүн баасы дагы карапайым калктын чөнтөгүнө ыңгайлуу.
“2022 жылы чыккан бул жаңы аппарат дарыгерлердин жумушун кыйла жеңилдетүүдө. Ооруканабызда компьютердик томография жокто бейтаптар айласыздан жолдун алыстыгына карабастан борбор калаага же жеке менчик клиникаларга кайрылууга аргасыз эле. Эми бул аппарат менен шашылыш түрдө түшкөн бейтаптардын дартын тез арада аныктап, дарылоого шарт түзүлдү”, - деп белгиледи Нурдин Усупбеков, оорукананын жетекчиси.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен республиканын калкына өз убагында консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында компьютердик томограф күнү-түнү иштөөгө өттү.
Ошондой эле, Саламаттык сактоо министринин берген тапшырмасынын алкагында, калкка жеткиликтүү диагностикалык кызмат берүү үчүн компьютердик томографиянын баасы 2601 сомдон 1500 сомго кайра каралып чыкканын белгилейбиз.
02.03.2023
Саламаттыкты сактоо министри: калк рецепт боюнча бекер бериле турган дарыларды сатып алууга аргасыз
КР Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова республиканын ведомстволук түзүмдөрүнүн жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери менен жума сайын өткөрүлүүчү кеңешмеде калкты жеңилдетилген дары-дармектер менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурду.
«Жарандаржеңилдетилген дары-дармектерди тиешелүү арзандатууларды эсепке албастан сатып алууга мажбурланып жаткандыгы боюнча даттануулар болуп жатат. Урматтуу кесиптештер, дары менен камсыздоо саясатын баарыңар билесиңер. Эмнеге жарандарыбызга дары-дармектерге рецепт жазып бербейсинер. Мамлекет тарабынан дары-дармектерге каражат бөлүнүп жатса да, бейтаптарды кымбат баалуу дарыларды сатып алууга жөнөтөсүңөр. Ал эми башка аймактардан келген канчалаган адамды кайра текшерүүдөн өтүү үчүн жеке лабораторияларга жөнөтөсүңөр? Мамлекеттик лабораторияларга ишенбейсиңерби? Эмнеге бейтаптарды дароо ооруканага жаткырбайсыңар? Ушул маселелерге өзгөчө көңүл бургула», - деди министр.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчисинин тапшырмасы боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине жарандарды амбулатордук жана стационардык деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо маселесин, ошондой эле жарандар республиканын саламаттык сактоо уюмдарына кайрылганда лабораториялык диагностикалык изилдөөлөрдү негизсиз кайталоо маселесин өзгөчө көзөмөлгө алуу боюнча ооз эки тапшырма берилди.
Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлигинде ведомствого караштуу түзүмдөрдүн жетекчилеринин (ММКФ, РИБ, «СПИД» РБ, МСЭКД), баштапкы жана үчүнчү деңгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда жума сайын жыйын өткөрүлөт. Ошондой эле аймактык түзүмдөрдүн жетекчилери онлайн байланышышат.
Маалымдама:
Параноиддик шизофрения, себептери ар кандай аффективдик бузулуулар, эпилепсия, бронхиалдык астма менен жабыркаган бейтаптарды, терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулууларды мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында мамлекет амбулатордук деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылат. Жеңилдетилген дарыларды сатып алууда бейтаптар үчүн арзандатуу 90-100% түзөт.
Мындан тышкары, камсыздандырылган жарандар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим түзгөн дарыканалардан электрондук рецепттерди колдонуу менен дары-дармектерди (500дөн ашык аталыштагы) 50%га чейинки арзандатуу менен сатып алууга укуктуу. Калган сумма (50%) ММК фонду тарабынан каржыланат.
02.03.2023
Саламаттыкты сактоо министрлиги: мобилдик клиниканын дарыгерлери Баткен районундагы алты айылдын тургундары акысыз кароодон өткөрөт
Бүгүн, 2023-жылдын 1-мартында репродуктивдүү курактагы аялдарды жана өспүрүм кыздарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылына медициналык көчмө мобилдик клиника келди.
Көп тармактуу бригада (онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УЗИ адиси) ооруну алгачкы этапта аныктоо, дарылоо-профилактикалык жардам көрсөтүү максатында Баткен районунун эң алыскы айылдарынын тургундарын медициналык кароодон өткөрөт. Кошумча медициналык текшерүүнү же адистин кеңешин талап кылган оору аныкталса, дарыгерлер адистештирилген медициналык мекемелерге тиешелүү сунуштарды беришет. Ошондой эле, текшерүүнүн жыйынтыгы бейтаптарды андан ары көзөмөлдөө жана башкаруу үчүн райондук уюмдардын жетекчилерине өткөрүлүп берилет.
Мобилдик клиника ар кандай климаттык жана географиялык шарттарда бейтаптарды текшерүү жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн бардык керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган.
Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери «Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча Кыргыз Альянсы» бейөкмөт уюмунун жана Улуу Британиянын Өкмөтүнүн жана БУУнун Калкты жайгаштыруу Фондунун (ЮНФПА) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн техникалык колдоосу менен жергиликтүү тургундар арасында репродуктивдүү ден соолук маселелери, гендердик зомбулукту чечүүдөгү гендердик нормалар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 20-февралынан 28-февралына чейин көп тармактуу дарыгерлер тобу Баткен облусунун Лейлек районунда жашаган аялдарга жана өспүрүм кыздарга акысыз консультацияларды жана текшерүүлөрдү жүргүзүшкөн. Аныкталган оорулар боюнча маалыматтар бейтаптарды андан ары текшерүү жана дарылоо үчүн аймактык саламаттык сактоо уюмдарына өткөрүлүп берилди.
Баткен районундагы мобилдик клиниканын иштөө графиги:
- 1-март - Самаркандек айылы, М.Салихов атындагы орто мектеби
- 2-март - Көк-Таш айылы, Ш. Гана атындагы орто мектеби
− 3-март – Ак-Сай айылы, Ак-Сай орто мектеби
- 4-5-март - Кара-Бак айылы, Б.Нарматов атындагы орто мектеби
- 6-7-март - Кызыл-Бел айылы, А.Масалиев атындагы орто мектеби
- 8-март - Боз-Адыр айылы, Б.Акматов атындагы орто мектеби
02.03.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кант диабети менен ооруган балдарды жана чоңдорду сапаттуу инсулин менен камсыздоого ар дайым кызыкдар
2023-жылдын 1-мартында КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова "Диабетсиз балалык" коомдук бирикмесинин төрайымы Нурхан Жумабаева менен жолугушту.
Жыйында кант диабети менен ооруган балдарды жана чоң кишилерди жетиштүү өлчөмдө инсулин менен камсыз кылуу боюнча бардык маселелер талкууланып, тез арада инсулин сатып алуу боюнча тендер өткөрүү жана каржылоону көбөйтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Нурхан Жумабаева белгилегендей, КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан диабет менен ооруган балдарды жана чоңдорду инсулин менен камсыз кылуу боюнча бардык зарыл иштер жүргүзүлүп келет, бирок Министрликти каржылоонун жетишсиздиги бул дары-дармектерди жетиштүү деңгээлде сатып алууга түздөн-түз таасирин тийгизүүдө, анткени кант диабети менен ооругандардын саны да өсүүдө.
Мындан тышкары, жыл сайын оорулуулар арасында инсулиндерди бөлүштүрүү маселеси келип чыгат да, жыл сайын Бишкек шаарында инсулиндердин жетишсиздиги байкалаарын белгиледи.
"Инсулиндерди бирдей бөлүштүрүү маселесин чечүүнүн варианттарынын бири катары инсулиндерди бөлүштүрүү дарыкана тармагы аркылуу өтүшү керек", - деди Нурхан Жумабаева.
«КР Саламаттыкты сактоо министрлиги кант диабети менен ооруган бейтаптарды инсулин менен тийиштүү деңгээлде камсыз кылуу маселесине ар дайым кам көрүп, көзөмөл жүргүзүүдө.
Жыл сайын мамлекеттик бюджеттен дары-дармек сатып алууга 192 миллион сом бөлүнөт, бул каражат жетишсиз экенин билебиз. Учурда кант диабети менен ооруган адамдарды инсулин менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатат, гуманитардык жардам түрүндө инсулин партиясын жеткирүү күтүлүүдө. Ошондой эле инсулиндерди гана эмес, башка дары-дармектерди дагы бир топ арзан баада түздөн-түз өндүрүштүк ишканадан сатып алууну уюштуруу иштери жүрүп жатат», - деди КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.
2-мартта министр КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлери жана эндокринологиялык диспансердин башкы дарыгери Наталья Добрынина менен бирге кант диабети менен ооруган балдардын ата-энелерин кабыл алды. Жолугушуу абдан конструктивдүү маанайда өттү.
Эки жолугушуунун жыйынтыгында Гүлнара Баатырова Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыковго 2023-жылга карата инсулиндерди сатып алуу боюнча тендерди өз убагында өткөрүү маселесин өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди. Ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы эндокринологу Наталья Добрынинага кыска мөөнөттө бүткүл республика боюнча "диабет мектептеринин" ишин текшерүү жана алардын иши жөнүндө отчет даярдоо тапшырмасы берилди.
КРынын Саламаттык сактоо министрлиги ар дайым бейтаптардын ден соолугунун сакчылыгында турат жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга бардык күч-аракетин жумшайт.
28.02.2023
Инсулин жетишсиздиги жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги инсулин жетишсиздигине байланыштуу жаңылыктар боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.
«Левемир» жана «Новорапид» сыяктуу инсулиндердин чектелген саны диабет менен ооругандардын ички миграциясы жогору болгон Бишкек шаарында гана байкалат. Региондордо аталган дары-дармек каражаттары жетиштүү санда – 5 айга чейинки кору бар. Бул көйгөйдү чечүү үчүн министрлик акыркы бир жумадан бери бейтаптардын учурдагы муктаждыктарын эске алуу менен аталган инсулиндерди аймактардан Бишкекке кайра бөлүштүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Мындан тышкары, сатып алуулардын жылдык планына ылайык, кандагы канттын көлөмүн түшүрүүчү дары-дармектерди жана аларды саюу каражаттарын сатып алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын, ага 192 млн сом бөлүнгөнүн маалымдайбыз.
Белгилей кетсек, аймактарда жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, «Левемир» жана «Новорапид» инсулиндеринин 5 айга жете турган кору бар.
Саламаттыкты сактоо министрлиги керектүү дары-дармектер жана чыгымдалуучу материалдар менен өз убагында камсыз кылуу боюнча тынымсыз иш алып барууда.
28.02.2023
Менингококк оорусу 5 жашка чейинки балдар арасындагы эң олуттуу жугуштуу оорулардын бири
Менингококк оорусу негизинен балдарга мүнөздүү инфекция, бирок оорунун узак мөөнөттүү анализи көрсөткөндөй, айрыкча акыркы жылдарда чоң кишилер да жуктуруп алуу коркунучунда.
Менингококк оорусу эң оор жугуштуу оорулардын бири, айрыкча 1 жашка чейинки жана 5 жашка чейинки балдар арасында.
Менингит дене табынын жогорулашы менен курч башталат, ата-энелер баланын кайсы учурда ооруп баштаганын так саатына чейин айтып бере алат. Мындай учурда бала такыр тынчыбай калат. Оору жуккандан 1-2 күн ичинде башы катуу оорутуп, кайра-кайра кусат, аң-сезими бузулат, тынчсызданат жана алтургай жөөлүп баштайт, оорулууга мүнөздүү поза (башын артка чалкалатып капталдап жатып, буттарын курсагына чейин тартат) .
Менингит менен тамактан уулануунун маанилүү айырмачылыгы кусуу балага жеңилдик алып келбейт. Бир нече сааттан кийин денесинде: буту-колунда, жамбашында, капталындабасканда жоголбой турган исиркектер пайда болушу мүмкүн. Көптөгөн ата-энелер бул исиркектер аллергия же башка бир нерсенин натыйжасы деп ойлошот, бирок, исиркектердин пайда болушу абдан коркунучтуу симптом болуп саналат. Оорунун бул түрү менен жабыркаган бейтаптар медициналык жардамга кеч кайрылса, өлүмгө дуушар болушу мүмкүн, ошол себептен дарыгерге эрте кайрылуу зарыл.
Оору аба аркылуу жугат. Оору жуккан учурдан тартып оорунун белгилери пайда болгонго чейинки убакыт 1 күндөн 10 күнгө чейин, орточо 2-3 күнгө чейин эсептелет.
Бул инфекция кыш-жаз мезгилинде күч алат. Оорунун кесепети көп учурда өзүбүздөн көз каранды: оорулуу дарыгерге канчалык тез кайрылса, ошончолук тезирээк жана кыйынчылыксыз айыгып кетет. Оорунун алгачкы белгилери пайда болгондо дароо тез жардам бригадасын чакыруу, бейтапты ооруканага жаткыруу керек жана кандай гана болбосун өзүн-өзү дарылоого болбойт.
Кайсы алдын-алуу чаралары эң натыйжалуу?
Биринчиден иммунитетти жогорулатуу зарыл: дене тарбия жана спорттук көнүгүүлөрдү активдештирүү, тамак ооруларына – тонзиллит, ларингит, фарингит ооруларына профилактикалык дарылоо жүргүзүү.
Менингококк инфекциясынын козгогучу тышкы чөйрөгө туруксуз, ошондуктан бөлмөлөрдү тез-тез желдетүү жана нымдуу тазалоо режимин сактоо, таза абада көбүрөөк сейилдөө, колду тез-тез жууп туруу зарыл.
28.02.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына барып, инфекционисттердин иши менен таанышты
2023-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына барып, жугуштуу оорулар менен жабыркаган калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын сапаты менен таанышты. Ал реанимация бөлүмүн кыдырып, ооруп жаткан балдардын ата-энелери, бейтаптар жана бөлүмдүн кызматкерлери менен баарлашып, оорукананын көйгөйлөрү менен таанышты.
Оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо иштери боюнча орун басары Айнура Узакбаева бүгүнкү күндө ооруканада 311 бейтап жатканын, алардын 236сы балдар экенин билдирди. Жалпысынан 146 бейтап КРВИ менен дарыланууда. Ал ошондой эле бейтаптарды кабыл алуу үчүн бош орундар жана дары-дармектер жетиштүү экенин билдирди.
КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова бейтаптарга күнү-түнү талыкпай медициналык жардам көрсөтүп жаткан бул оорукананын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы үчүнчү даражадагы саламаттык сактоо уюму болуп саналат жана 400дөн ашык бейтаптарды кабыл алууга ылайыкталган, ооруканада реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрү, өзүнүн клиникалык диагностикалык лабораториясы бар, керектүү диагностикалык жабдуулар (УЗИ, рентген жана өпкөнү жасалма желдетүү аппараттары ж.б.) менен камсыздалган. Быйыл ооруканада Кореянын насыя долбоорунун алкагында жаңы имараттын курулушун баштоо пландалууда.
Ошондой эле Гүлнара Баатырова азыркы тапта көптөгөн инфекциялардын – риновирус, аденовирус жана башка жугуштуу оорулардын өсүп жатканын ата-энелердин эсине салды. «Бала ооруп калган тапта, аны мектепке жана бала бакчага жибербеш керек экенин ата-энелер эстен чыгарбашы керек. Курч респиратордук вирустук инфекциялардын алгачкы белгилери байкалганда Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорундагы өзүнүн үй-бүлөлүк дарыгерине кайрылуу зарыл. Анан да КРВИ жана сасык тумоонун алдын алуучу негизги чараларды көрүү маанилүү. Бүгүнкү күндө Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө 7 бала дарыланууда, бирөөнүн абалы оор, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Ар бир балага сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн тажрыйбалуу адистер кеңеш беришүүдө. Бойго жеткен жарандарды коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырабыз, анткени адистер жарым жылда бир эмдөө алуу маанилүү экенин белгилешет», - деди министр.
Маалымат үчүн:
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, 2023-жылдын 20-февралынан 27-февралына чейинки 8-аптада республикада курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо жуктурган 5548 учур катталып, эпидемиологиялык мезгил башталгандан бери жалпысынан 202 852 учур катталды.
Жылдын 46-жумасынан тартып оорунун акырындык менен өсүшү байкалып жылдын 50-жумасында эң жогорку чегине жеткен. 2023-жылдын 8-жумасында оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 79,6 түздү, б.а. өткөн жумага салыштырмалуу 20.4%га түштү.
Күн сайын республика боюнча ооруга чалдыккандарга мониторинг жүргүзүү улантылууда.
Сасык тумоо, сасык тумоого окшош оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:
— беткап режимин жана социалдык аралыкты сактоо;
— дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо
— жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду менен жабуу;
— үшүп калуудан жана өтө ысып кетүүдөн сактануу;
— өзүн жаман сезген, жогорку температура жана башка сасык тумоого окшош белгилери бар адамдардын өз убагында обочолонуусу;
— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.у.с.)
— эгерде балада сасык тумоонун белгилери пайда болсо, дарыгерге кайрылыңыз;
— эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо.
27.02.2023
КРВИ жана сасык тумоо боюнча кырдаал
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, 2023-жылдын 20-февралынан 27-февралына чейинки 8-аптада республикада курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен 5548 учур катталып, эпидемиологиялык мезгил башталгандан бери жалпысынан 202 852 учур катталды.
Жылдын 46-жумасынан тартып оорунун акырындык менен өсүшү байкалып жылдын 50-жумасында эң жогорку чегине жеткен. 2023-жылдын 8-жумасында оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 79,6 түздү, б.а. өткөн жумага салыштырмалуу 20.4%га түштү.
Күн сайын республика боюнча ооруга чалдыккандарга мониторинг жүргүзүү улантылууда.
Сасык тумоо, сасык тумоого окшош оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:
— беткап режимин жана социалдык аралыкты сактоо;
— дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо
— жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду менен жабуу;
— үшүп калуудан жана өтө ысып кетүүдөн сактануу;
— өзүн жаман сезген, жогорку температура жана башка сасык тумоого окшош белгилери бар адамдардын өз убагында обочолонуусу;
— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.у.с.)
— эгерде балада сасык тумоонун белгилери пайда болсо, дарыгерге кайрылыңыз;
— эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо.
25.02.2023
Мобилдик мульти-диагностикалык комплекстин адистери республиканын алыскы райондорунун 165 миңге жакын тургунун текшерүүдөн өткөрүштү
Мобилдик мульти-диагностикалык комплекс 2021-жылдын ноябрь айынан бери республиканын тургундарын акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүп келет. Учурда мульти-диагностикалык көчмө комплекс Ош облусунун Ноокат районунун тургундарын бекер текшерүүдөн өткөрүүдө.
Комплекстин ишине жооптуу адистердин маалыматы боюнча, бир жыл ичинде республиканын алыскы райондорунун 165 миңге жакын тургуну ар кандай профилдеги медициналык адистерден консультация жана дарыланууга мүмкүнчүлүк алышкан, анын ичинен 66 миң 234 адам Ноокат районунун тургундары.
Иш учурунда жалпысынан гинеколог 5778 жолу, офтальмолог 9409 жолу, отоларинголог 5010 жолу, невропатолог 6868 жолу, кардиолог 7321 жолу, тиш доктур тарабынан 3929 жолу, текшерүүлөр жүргүзүлгөн.
Андан сырткары, урологго – 8055 жолу, гастроэнтерологго – 2634, 5652 бейтап хирургга кайрылган.
7 миң 483 адам ультрадиагностикалык изилдөөдөн текшерилип, 65 миң 956 бейтапка лабораториялык кызмат көрсөтүлсө, 2 миң 626 аял маммография, 4 миң 846 адам компьютердик томография кызматынын текшерүүсүнөн өтүп, 2 миң 325 адамга гастроскопия, 5 миң 281 бейтапка рентген кызматы көрсөтүлдү.
Кошумчалай кетсек, мобилдик операциялык бөлмөдө 588 кичи операция жасалган, анын ичинен 498 көз жана 90 ар кандай профилдеги операциялар жасалды.
2023-жылдын 3-мартынан тарта көчмө мульти-диагностикалык комплекс Ноокат районунда ишин аяктап, Ош облусунун Алай районуна багытталат.
Эскерте кетсек, долбоор 5 жылга эсептелген, бул убакыт аралыгында Ислам өнүктүрүү банкы мобилдик клиниканы тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар жана күйүүчү май менен, ал эми медицина кызматкерлерин эмгек акы менен камсыздайт. Мобилдик клиникада дарыгерлер үчүн кабинеттер, анализ жүргүзүүчү лабораториясы жана маммограф, операциялык бөлмө, рентген аппараты, ультрадиагостикалык изилдөө аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору бар. Мобилдик клиникаларга калкты ташыган кичи автобустар, анын ичинде С классындагы тез жардам унаасы да кирет.