Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
29
12
2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
29.09.2023
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында мамлекеттик дарыканалар уюштурулат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош областына 2023-жылдын 29-сентябрында болгон иш сапарынын алкагында, Ош шаарынын жана Ош областынын Саламаттык сактоо мекемелеринин абалы менен таанышып, жыйынтыгында калкты сапаттуу жана жеткиликтүү арзан баадагы дары каражаттары менен камсыздоо үчүн мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде мамлекеттик дарыканаларды ачуу – калктын көйгөйүн чечүүнүн бир жолу экендигин баса белгиледи.
Жыйынтыгында, Ош шаарына 2 дарыкана түйүнүн, Ош областынын Кара-Суу, Ноокат, Каракулжа, Өзгөн, Араван райондорунун борборлорунда бирден мамлекеттик дарыкананы, Жалал-Абад шаарына 1 дарыкананы, Жалал-Абад областынын Базар-Коргон, Токтогул, Ноокен райондоруна, Кочкор-Ата шаарына бирден мамлекеттик дарыкананы, ошондой эле Баткен областынын Баткен, Кадамжай, Лейлек райондоруна, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларына бирден мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча тапшырмаларды берди.
Саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерине калктын көйгөйүн чече тургандай артыкчылыктуу багыт менен иш алып барууга үндөдү.
29.09.2023
Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү
Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү биринчи жолу 1999-жылы Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясынын демилгеси менен уюштурулган. Бул акция Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ), ЮНЕСКО жана башка маанилүү уюмдар тарабынан колдоого алынган. Бул күн алгач сентябрдын акыркы жекшембисинде белгиленип келген, бирок 2011-жылдан бери бул күн 29-сентябрга белгиленген.
Бул датаны өткөрүүнүн максаты - жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, алардын пайда болуу себептери жана алдын алуу ыкмалары тууралуу маалымат берүү.
Жүрөк ооруларынын жана инсульттун негизги тобокелдик факторлору туура эмес тамактануу, кыймылсыздык, тамеки тартуу жана спирт ичимдиктерин ашыкча колдонуу.
Тамеки чегүүдөн баш тартуу, тузду азайтуу, жашылча-жемиштерди колдонуу, үзгүлтүксүз физикалык көнүгүү жана алкоголдук ичимдиктерди зыяндуу колдонуудан алыс болуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун азайтары далилденген.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча:
• Жүрөк-кан тамыр оорулары (ЖКО) дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн негизги себеби болуп саналат.
• 2016-жылы болжол менен 17,9 миллион адам жүрөк оорусунан каза болгон, бул дүйнө жүзү боюнча бардык өлүмдөрдүн 31%ын түзөт. Бул өлүмдөрдүн 85%ы инфаркт жана инсульттан улам болгон.
• Эгерде сиз тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, спирт ичимдиктерин ашыкча колдонуу сыяктуу жаман адаттардан баш тартып, дене салмагыңызды көзөмөлдөп, физикалык активдүүлүктүн деңгээлин сактасаңыз, жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбүн алдын алууга болот.
29.09.2023
Октябрь айында аялдарды профилактикалык текшерүүлөр өткөрүлөт
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорунун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгын жарыялады.
Аялдар үй-бүлөдө жана коомдо маанилүү ролду аткарат, демек, аялдардын ден соолугуна артыкчылык берүү жеке адамдын бакубатчылыгына гана эмес, бүткүл коомдун чыңдалуусуна жана жакшыруусуна да салым кошот. Бүткүл өлкө боюнча белгиленип жаткан «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы аялдардын жугуштуу эмес ооруларын алдын алууну жана эрте аныктоону колдоого багытталган.
Калкка жугуштуу эмес ооруларды (мисалы, алкоголдук ичимдиктер, тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, кыймылсыз жашоо образы) алдын алуу жана алардын тобокел факторлору жөнүндө маалымат берүү ошондой эле баштапкы медико-санитардык жардам деңгээлинде сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү акциянын негизги элементтери болуп саналат.
«Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы жыл сайын октябрь айында өткөрүлөт жана бардык баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдары алдын ала кезекке жазбастан аялдарды текшерүүдөн өткөрүп, кеңеш беришет.
Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган Ал эми азыр, долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда.
29.09.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Ош облусундагы саламаттык сактоо уюмдарынын иши менен таанышты
Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында 29-сентябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жалолидин Нурбаев менен бирге Ош облусунун Араван районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, ЖДПБнын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушту.
Араван Жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Саламаттык сактоо системасынын эң артыкчылыктуу багыттары – эненин жана баланын ден соолугун коргоо, 2030-жылга чейин “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” саламаттыкты сактоону өнүктүрүү программасынын максаттарын аткаруудагы аткарылган жумуштар талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жалолидин Нурбаев дары-дармек менен камсыздоо маселесине көңүл бөлүүнү, ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында, бейтаптардын медициналык картасын кыргыз тилинде жүргүзүү керектиги боюнча өз пикирин билдирип, Жалпы дарыгерлик практика борборун компьютердик жабдуулар менен камсыз кылууга жардам көрсөтүүнү министрден өтүндү.
Андан кийин министр өлкөнүн түштүгүндөгү эң ири жана жалгыз көп тармактуу балдар ооруканасы болгон Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында болду. Аталган оорукананын жамааты менен жолугушууда эмгек акы, айрым адистердин жетишсиздиги боюнча суроолор көтөрүлүп, кадр потенциалын жогорулатуу үчүн башка мамлекеттерде тажрыйба алмашуу жана окутуунун маанилүүлүгү талкууланды.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусунун саламаттык сактоо уюмдарына болгон иш сапарынын жыйынтыгында айтылган бардык каалоо-тилектер жана тапшырмалар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эске алынаарын баса белгиледи. Ал ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрлардын жеке структураларга же чет өлкөлөргө агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн медицина кызматкерлеринин айлык акысы татыктуу болушу керектигин белгилеп Министрлик бул багытта иш алып бараарын белгиледи.
29.09.2023
КР Саламаттык сактоо министри Жалал-Абад облусундагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү
КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аймактарга болгон иш сапарынын алкагында 28-сентябрда Жалал-Абад облусундагы саламаттык сактоо уюмдарын кыдырып, алардын иши менен жеринде таанышты.
Алымкадыр Бейшеналиев Аксы, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр, Базар-Коргон Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда болуп, медицина кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүүгө пландалып жаткан Облустук бириккен оорукананын имаратынын, кургак учукка каршы оорукананын имаратынын, Сузактагы төрөт үйүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Аксыдагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда министр санариптик чечимдердин ишке ашырылышы менен таанышып, КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан санариптик системаларды тезинен ишке киргизүүнү баштоону тапшырды.
Базар-Коргон Жалпы дарыгерлик практика борборунда министр неврологиялык бөлүмдүн иши менен таанышты. Бул бөлүмдүн имараты кургак учукка каршы кызматты реформалоонун алкагында 2021-жылы бошотулган.
Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев облустагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө министрге облустагы саламаттык сактоо мекемелеринин жылытуу мезгилине даярдыгы, дары-дармек менен камсыздоо жана башка маалыматтар берилди.
Отурумдун жыйынтыгында министр жетекчилерге жылытуу мезгилине даярдык көрүү, кызамык оорусунун жайылышы боюнча кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо сезонуна даяр болуу, санариптик чечимдерди ишке ашыруу, курулуш иштерин көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошону менен бирге, Жалал-Абад облусунун калкынын ден соолугун чыңдоо боюнча көйгөйлөрдү чечүүдө жана жалпы максаттарга жетишүүдө биргелешкен күч-аракеттин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
28.09.2023
КР Саламаттык сактоо министри мульти-диагностикалык көчмө комплексте болуп, калкка акысыз медициналык кызмат көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи
2023-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында үстүбүздөгү жылдын июль айынан баштап Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрүп жаткан мульти-диагностикалык көчмө комплекстин иши менен таанышты.
Долбоордун координатору Айчүрөк Смаилова калкка акысыз кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтар менен бөлүшүп, 20-сентябрга карата жалпысынан 38 663 тургунга кеп-кеңештер берилгенин белгиледи. 679 томографиялык текшерүү жүргүзүлүп, көзгө 72 операция жасалып, 608 адам гастроскопиядан, 3953 жаран УДИ текшерүүдөн өтүп, 20 миңден ашык адам лабораториялык текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Министр оорулардын алдын алуу максатында калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча министрлик тарабынан бир топ иштер жасалып жатканын белгиледи. Ал эми аймактарда мобилдүү мульти-диагностикалык комплекстин иштеши республиканын жарандарынын ден соолугун коргоонун алкагында оң натыйжалардын бири болуп саналарын айтты.
Ал ошондой эле комплекс андан ары Кочкор-Ата шаарына жөнөтүлүп, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундарына бекер медициналык кызмат көрсөтөрүн билдирди.
Мобилдик комплекс медициналык изилдөөлөрдүн кеңири спектрин жүргүзүүгө жана ар кандай ооруларды диагностикалоого мүмкүндүк берүүчү заманбап жабдуулар менен жабдылган. Анын иши медициналык жардам алууда кыйынчылыктарга туш болгондорго сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.
Маалымат үчүн: Долбоор беш жылга эсептелген жана бул убакыт аралыгында Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан дары-дармектер, жабдуулар, күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздалып, медицина кызматкерлерине айлык акы берилет. Мобилдик клиникада дарыгерлердин кабинеттери, текшерүү лабораториясы, компьютердик томограф жана маммограф, операциялык блок, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору бар. Ташуу үчүн кичи автобустар, анын ичинде тез жардам унаасы да бар.
28.09.2023
КР Саламаттык сактоо министрлигинде лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүү жана чыңдоо маселеси каралды
2023-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борборунун жетекчилиги менен биргеликте “Roche Diagnostics” компаниясынын Борбор Азия жана Кавказ боюнча директору Хасан Демирчи мырза менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар керектүү инновациялык лабораториялык жабдуулар менен жабдуу жана ар кандай инвестициялык механизмдерди колдонуу менен оорулардын кеңири спектрин диагностикалоонун алдыңкы ыкмаларын киргизүү аркылуу лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүү жана чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле, “Roche Diagnostics” компаниясы Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борбору менен кызматташуунун алкагында, борбордун саламаттык сактоодогу жаңы технологияларды баалоо жана жайылтуу боюнча кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экени белгиледи.
27.09.2023
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында балдардын сөөк чучугун трансплантациялоону киргизүү пландалууда
Бүгүн, 27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө борбордун жетекчилиги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында балдардын сөөк чучугун транчплантациялоо операцияларын киргизүү тууралуу маалымат берди.
Онкология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков Кыргызстанда акыркы жылдары илдеттин көбөйүп жатканын, бирок ал бул оорунун нагыз көбөйүшүнө байланышы жок экенин билдирип, мунун себебин диагностиканын жакшырышы жана статистиканын өркүндөтүлүшү менен түшүндүрдү.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө илдетти аныктоо 50%га өсүп, жылына 120дан 180ге чейин жеткен. Кыргызстанда жыл сайын 50-60ка чейин бала сөөк чучугун трансплантациялоого муктаж (бул нозологиялар: онкогематология, онкология, гематология, тубаса иммуножетишсиздиктер, ар кандай тубаса генетикалык патологиялар). Бул топтун ичинен 20 бала аутотрансплантацияга, 40 бала аллогендик трансплантацияга муктаж. Чет өлкөдө (Түркияда, Россияда) аллогендик трансплантациянын баасы 100 миң АКШ долларына чейин жетет. Борбор алгач аутотрансплантацияларды уюштуруп, өркүндөтүлгөндөн кийин сөөк чучугунун аллогендик трансплантациясына өтүүнү пландаштырууда.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, алгачкы этапта аутологиялык трансплантациялоо операцияларын киргизүү үчүн афферездик аппаратты жана азот үчүн криоцилиндрлерди сатып алуу зарыл. Учурда түркиялык өнөктөштөр менен керектүү медициналык жабдыктарды алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана буга катар эле жакынкы аралыкта кыргызстандык адистерди сөөк чучугун трансплантациялоо боюнча окуудан өтүү үчүн Түркияга жөнөтүү иштери жүргүзүлмөкчү.
Алымкадыр Бейшеналиев өлкө президенти Садыр Жапаровго Кыргызстанда балдардын онкогематологиясы жана трансплантология кызматын өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
27.09.2023
Өлкөдө кызамык оорусунун абалы
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери 2316 кызамык оорусу аныкталган. Аймактар боюнча: Бишкек шаары – 660 учур, Ош шаары – 302 учур, Ош облусу – 654 учур, Баткен облусу – 93 учур, Чүй облусу – 277 учур жана Жалал-Абад облусу – 170 учур, Талас облусу – 84 учур, Ысык-Көл облусу облуста – 65 учур, Нарын облусунда – 11 учур. Оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби кызамык жана кызылчага каршы пландуу эмдөө менен балдарды жана чоңдорду камтуунун кыскарышы болуп саналат.
Кызамык вирусунун жүгүртүүсүн азайтуу, анын очогун локализациялоо жана андан ары жайылышын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылы 18-сентябрдан башталып 29-сентябрга чейин улана турган кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясын вирустун эң активдүү жүгүртүүсү жүрүп жаткан өлкөнүн аймактарында - бул Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында 9 айдан 7 жашка чейинки балдардын арасында, эмдөө статусуна же мурун кызамык жана кызылча ооруганына карабастан эмдөө жүргүзүлүүдө.
18-сентябрдан 26-сентябрга чейин кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө үчүн балдарды камтуу максаттуу топтун 55% түздү.
Урматтуу ата-энелер, силер өзүңөрдүн балдарыңарды эмдөө аркылуу ар кандай жугуштуу оорулардан коргойсуңар жана башка ата-энелерге да үлгү боло аласынар.
27.09.2023
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдолууда
Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVD-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 3 кабаттуу медициналык корпусун оңдоо иштери башталды. РКЖООнун имараты 1989-жылы курулган, пайдаланууга берилгенден бери эч кандай капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.
Эшиктерди, полдорду, канализация жана суу түтүктөрүн, жылытуу батареяларын алмаштыруу менен ички жасалгалоо иштерин жүргүзүү пландалууда. Ошондой эле электр зымдары алмаштырылып, палаталарга жаңы душ, санитардык түйүндөр орнотулат. Мындан тышкары имаратка абаны желдетип тазалоо системасы орнотулат.
Бул Республикалык клиникалык оорукананын башкы корпусу экенин эске алып, бул имаратта оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооруган балдар Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, Шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына жөнөтүлүүдө.
«Бүгүнкү күндө биздин оорукана 400 бейтапка ылайыкталган. Оорулуулар үчүн ыңгайсыздыктар болушу мүмкүн, анткени биз инфекциялык патологиясы барлардын баарын кабыл алабыз, анын ичинде оорлору да бар. Бул имарат пайдаланууга берилгенден бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес, ошондуктан оңдоп түзөөгө муктаж. Бейтаптар бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылат деп ишенебиз”, - дейт Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын директору Гүлжигит Аалиев.
Маалымат үчүн: Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, уюмдарга дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
27.09.2023
КР Саламаттык сактоо министрлигинде лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүү жана чыңдоо маселеси каралды
2023-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борборунун жетекчилиги менен биргеликте “Roche Diagnostics” компаниясынын Борбор Азия жана Кавказ боюнча директору Хасан Демирчи мырза менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар керектүү инновациялык лабораториялык жабдуулар менен жабдуу жана ар кандай инвестициялык механизмдерди колдонуу менен оорулардын кеңири спектрин диагностикалоонун алдыңкы ыкмаларын киргизүү аркылуу лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүү жана чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле, “Roche Diagnostics” компаниясы Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борбору менен кызматташуунун алкагында, борбордун саламаттык сактоодогу жаңы технологияларды баалоо жана жайылтуу боюнча кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экени белгиледи.
27.09.2023
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнө барды
Бүгүн, 2023-жылдын 27-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнө барып, оорукананын жамааты менен жолугушуп, бөлүмдөрдү кыдырып, кош бойлуу аялдарга, төрөт учурундагы жана төрөттөн кийинки аялдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты. Ошондой эле, министр Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражаттарынын эсебинен курулуп жаткан Жаңы перинаталдык борбордун имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Төрөт үйүндө болгон иш сапарынын жүрүшүндө министр өлкөдө энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу жардам көрсөтүү үчүн перинаталдык борборлорду, балдар ооруканаларын, төрөт үйлөрүн куруу, алардагы медициналык кызматтын сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Перинаталдык борбор 203 орунга ылайыкташып, эл аралык стандарттарды эске алуу менен курулган. Бүгүнкү күндө жаңы жогорку технологиялык медициналык жабдууларды сатып алуу жана жеткирүү боюнча тендердик процедуралар жүрүп жатат. Борбор ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилээри күтүлүүдө.
26.09.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бөйрөк алмаштырууга муктаж бейтаптардын реестрин жүргүзүү үчүн өзүнчө адис бөлөт
Өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында КР Саламаттык сактоо министрлиги бул процедурага муктаж болгон бейтаптарды каттоо үчүн өзүнчө адис бөлүүнү чечти. Мындай кадам КРнын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасынын негизинде жасалды.
Адис Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борборунда жайгашып, бөйрөк алмаштырууну күтүп жаткан бейтаптарды туура каттоону жана медициналык процедураларды координациялоону камсыздайт. Мындай чечим бул жааттагы медициналык жардамды оптималдаштырууга жана жакшыртууга багытталган.
КР Саламаттык сактоо министрлиги бул демилге ийгиликтүү бөйрөк алмаштыруу операцияларынын санын көбөйтүүгө жана республиканын жарандарынын ден соолугун чыңдоого жардам берет деген ишенимин билдирет.
Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барганда оорукананын жетекчилиги бөйрөгүн алмаштырууга муктаж бейтаптарды каттоо үчүн өзүнчө адис бөлүп берүүнү суранганын белгилейбиз.
Маалымат үчүн: Бардык суроолор боюнча байланыш телефону: +996 700 844 407, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бөйрөктү трансплантациялоо боюнча координатору Касымалиева Мээрзат Ильясовна.
26.09.2023
КММАнын студенттери балдар арасында кызамык жана кызылча оорусуна каршы эмдөөгө өз салымын кошууда
И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 60тан ашык студенти кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өнөктүгүн өткөрүүгө жардам беришүүдө. Өнөктүк 2023-жылдын 18-сентябрында башталган жана 29-сентябрына чейин созулат.
Эмдөөнүн биринчи аптасында ыктыярчы студенттер өнөктүктү уюштурууда жана өткөрүүдө медициналык кызматкерлерге жардам беришти. Экинчи аптада студенттер эмделбеген балдарды аныктап, кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө маселелери боюнча ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөктөшмөкчү.
Болочоктогу дарыгерлер карточкаларды толтуруп, эмделгендер жөнүндө маалыматты жалпы базага киргизип, балдарды текшерип, ата-энелерине телефон чалышууда, аларга эмдөө тууралуу маалыматты жеткирип, дагы көптөгөн маанилүү иштерди жасашууда.
Өнөктүк кызамык вирусунун таралышын азайтып, ага бөгөт коюп, Кыргызстанда андан ары жайылышына жол бербөө максатында өткөрүлүп жатат.
Эске сала кетсек, Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистери кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өнөктүгүнүн алкагында И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын студенттеринин арасынан тандалган ыктыярчыларды бул өнөктүккө алдын ала даярдашкан.
Маалымат үчүн: Кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында өтүп жатат жана 29-сентябрга чейин уланат. Аталган аймактарда бул вирустар кеңири жайылууда.
Өнөктүктүн алкагында эмдөө статусуна же буга чейин кызамык жана кызылча менен ооруганына карабастан 9 айдан 7 жашка чейинки (эмдөө жүргүзүлгөн учурда) бардык балдар вакцина алууга тийиш.
Вакцинаны ҮМБда/ҮДТда/ФАПта жана билим берүү мекемелеринде түзүлгөн убактылуу эмдөө пункттарында акысыз алууга болот.
Эмделиши керек болгон максаттуу топко өнөктүк башталганга чейин 28 күнгө жетпеген убакытта вакцина алган балдар гана кирбейт.
Кызамык – коркунучтуу жугуштуу оору, бул вирустун кесепеттери оор болуп, өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Кызамыктан коргонуунун жалгыз гана натыйжалуу ыкмасы – эмдөө.
26.09.2023
КР Саламаттык сактоо министри АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин директору менен жолугушту
Бүгүн, 2023-жылдын 26-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин директору Кайя Адамс айымдын жолугушуусу болуп өттү.
Анда өлкөдөгү саламаттык сактоо тармагын жакшыртууга байланышкан маселелер талкууланды. Эки тарап тең республиканын калкы үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандагы ишке ашып жаткан долбоорлордун алкагында тыгыз кызматташууну улантууга макулдашып, кызматташтыкты бекемдөөгө жана саламаттык сактоо тармагын биргелешип өнүктүрүүгө умтула тургандыгын билдиришти.
26.09.2023
КР Саламаттык сактоо министри менен ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты
Бүгүн, 2023-жылдын 26-сентябрында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Ливиу Ведраскону кабыл алды. Ливиу Ведраско министр А.Бейшеналиевди кызматка дайындалышы менен куттуктады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун ортосундагы өлкө кызматташтыгынын жети жылдык стратегиясын талкуулашты. Бул стратегия саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” улуттук программасы менен шайкештирилет.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын калкынын ден соолугунун бакубаттулугу үчүн өз ара сый мамиледе кызматташууну улантууга ниетин ырасташты.
25.09.2023
Саламаттык сактоо министри А. Бейшеналиевдин БУУнун Башкы Ассамблеясына болгон иш сапарынын жыйынтыгы
БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиев жогорку деңгээлдеги 3 жолугушууга катышты.
Пандемияны алдын алуу, ага даярдык көрүү жана ага жооп кайтаруу боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешмеде министр Эл аралык саламаттык сактоо эрежелерин ишке ашырууга биргелешкен тышкы баа берүү жана саламаттык сактоонун улуттук планын иштеп чыгуунун башталышы жөнүндө маалымат берди. Бул саламаттык сактоо тармагындагы келечектеги коркунучтарга саламаттык сактоо системасын даярдоо жана чыңдоо жаатында мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын аракеттерин консолидациялоого мүмкүндүк берет.
Саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтууга арналган жогорку деңгээлдеги жыйында А.Бейшеналиев инфекциялык эмес ооруларга (жүрөк-кан тамыр оорулары, онкологиялык оорулар, кант диабети) каршы күрөшүү саламаттыкты сактоо системасында артыкчылыктуу багыт бойдон калып жатканын белгиледи.
Кургак учук менен күрөшүүгө арналган жогорку деңгээлдеги жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы өлкөнүн бул жааттагы жетишкендиктерин белгилеп, ошондой эле дүйнөлүк коомчулукту жаңы дары-дармектерди жана диагностикалык ыкмаларды инвестициялоого чакырды.
Министр ошондой эле ДСУнун башкы директору Тедрос Гебрейесус, америкалык Medtronic компаниясы жана 15 өлкөнүн саламаттык сактоо министрлери менен саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтууга жетишүүдө жеке саламаттык сактоо секторунун катышуусун талкуулоо үчүн жолугушууга катышты.
Андан соң министр ДСУнун башкы директору Тедрос Гебрейесус менен бейформал жолугушуу өткөрдү, анын жүрүшүндө ДССУ менен кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо перспективалары боюнча пикир алмашуу болду.
23.09.2023
А.Бейшеналиев, Саламаттык сактоо министри: «Медициналык жардамга жеткиликтүүлүктөгү теңсиздикти жоюу кургак учук менен күрөшүү стратегиябыздын ажырагыс бөлүгү болуп саналат»
2023-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев БУУнун Башкы ассамблеясынын кургак учукка каршы күрөшүүгө арналган Жогорку деңгээлдеги жыйынына катышты. 130дан ашык өлкөнүн премьер-министрлери, саламаттык сактоо министрлери жана башка жогорку кызмат адамдары билдирүү жасап, кургак учук менен күрөшүү боюнча өз өлкөлөрүнүн милдеттенмелерин дагы бир жолу ырасташты.
Министр Кыргызстандын кургак учук менен күрөшүүдөгү жетишкендиктери менен бөлүшүп, артыкчылыктуу багыттарды белгиледи. «Теңсиздик сапаттуу медициналык тейлөөгө жана медициналык тейлөөгө жетүүгө тоскоолдуктарды жаратып, кургак учуктун өз убагында диагностикасын жана дарылоону, айрыкча кирешеси төмөн жана ортодон төмөн өлкөлөрдө кыйындатат. Медициналык жардамга жеткиликтүүлүктөгү теңсиздикти жоюу кургак учукту жоюу боюнча биздин стратегиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат», - деди А.Бейшеналиев.
Өз сөзүндө министр ошондой эле көп дарыга туруктуу кургак учуктун жайылышына тынчсыздануусун билдирип, дүйнөлүк коомчулукту жаңы дарыларга жана диагностикалык методдорго инвестиция салууга чакырды.
Маалымат үчүн: 2023-жылдын 22-сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын кургак учукка каршы күрөшүүгө арналган жогорку деңгээлдеги жыйыны өтүп жатат. Жыйынга 130дан ашуун өлкөнүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
22.09.2023
Алымкадыр Бейшеналиев, Саламаттык сактоо министри: «Саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтуу жарандардын эле милдети эмес, бул бүткүл адамзаттын милдети»
«Саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтуу жарандардын эле милдети эмес, бул бүткүл адамзаттын милдети» - Алымкадыр Бейшеналиев БУУнун Жогорку деңгээлдеги жыйынында сөз сүйлөдү. Министр белгилегендей, COVID-19 пандемиясы кризистерге жооп берүүгө даяр күчтүү саламаттык сактоо тутумуна ээ болуу канчалык маанилүү экенин көрсөттү, бирок кыйынчылыктар жугуштуу оорулар менен эле чектелбейт.
«Биз жүрөк-кан тамыр оорулары, диабет жана рак сыяктуу жугуштуу эмес оорулардын эпидемиясына туш болуп жатабыз. Бул оорулар жыл сайын миллиондогон адамдардын өмүрүн алып, эбегейсиз экономикалык зыян алып келет. Бирок сапаттуу медициналык жардам күчү менен алардын көбүн алдын алса болот», - деди Бейшеналиев.
Өз сөзүндө Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы өлкөнүн баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматын трансформациялоо жана аны медициналык кызматты үзгүлтүксүз көрсөтүүгө даярдоо боюнча жетишкендиктери тууралуу кеңири айтып берди. А.Бейшеналиев саламаттык сактоо системасында жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга багытталган инвестициялар чечүүчү мааниге ээ экенин баса белгиледи. Министр ошондой эле медициналык кызматтарга жетүүдө теңсиздикти кыскартуудагы санариптик чечимдердин ролун белгиледи.
Маалымат үчүн: 2023-жылдын 21-сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өтүп жаткан ден соолукту универсалдуу камтуу боюнча жогорку деңгээлдеги жыйын өтүүдө. Жыйынга 149 өлкөнүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
21.09.2023
КР Саламаттык сактоо министри БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында өтүп жаткан пандемиянын алдын алуу, ага даярдык көрүү жана ага каршы күрөшүү боюнча жогорку деңгээлдеги жыйында сөз сүйлөдү
2023-жылдын 20-сентябрында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында өтүп жаткан пандемиянын алдын алуу, ага даярдык көрүү жана ага каршы күрөшүү боюнча жогорку деңгээлдеги жыйында сөз сүйлөдү.
А. Бейшеналиев белгилегендей, өткөн пандемиядан алынган негизги сабак саламаттыкты сактоонун күчтүү жана туруктуу улуттук тутумун түзүү зарылчылыгы болуп саналат. «Пандемия биздин жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч болгондо чек аралар жана улуттук кызыкчылыктар маанилүү болбой турганын көрсөттү. Биз саламаттыкты сактоо тутумубузду чыңдоого, калктын бардык катмарынын медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыздоого инвестиция салышыбыз керек», - деди Бейшеналиев.
Өз сөзүндө Саламаттык сактоо министри келечектеги коркунучтарга даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. А.Бейшеналиев Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймагында биринчилерден болуп Эл аралык санитардык эрежелерди ишке ашыруунун алкагында экинчи биргелешкен тышкы баалоону өткөргөнүн баса белгилеп, ошондой эле Саламаттык сактоонун улуттук планы иштелип чыкканын билдирди.
Маалымат үчүн: 2023-жылдын 20-сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өтүп жаткан пандемиянын алдын алуу, ага даярдык көрүү жана ага жооп кайтаруу боюнча жогорку деңгээлдеги жыйын өтүүдө. Жыйынга 150 өлкөнүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.