Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

29

12

2025

Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

26.12.2025

Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

25.12.2025

Медициналык 083 формадагы маалымкат алуудагы кезектер боюнча маалымат

20.09.2023
Балыкчы шаарында Компьютердик томография борбору ачылды

2023-жылдын 20-сентябрында МЖӨ долбоорунун алкагында Балыкчы шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда үчүнчү компьютердик томография борбору ачылды.

«Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында компьютердик томография аппараттарын орнотуу» МЖӨ долбоорунун алкагында жеке өнөктөш тарабынан капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, бөлмөлөр жабдылды жана «Neusoft Medical Systems» компаниясынын акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулары менен заманбап компьютердик томографиялык аппараттар орнотулду.

Буга чейин Бишкек шаарында да ушундай 2 борбор ачылган. Кызматтын баасы жеке клиникаларга караганда арзан болот. Инвестициянын көлөмү 5 миллион АКШ долларын түздү, долбоор инвестордун катышуусу менен 15 жылга ишке ашырылат.

«Балыкчы шаарына жакын жайгашкан айылдардын тургундары, анын ичинде Чүй жана Нарын облустарынын тургундары компьютердик томография борборунун кызматы менен пайдалана алышат. Буга чейин Балыкчы шаарында компьютердик томография жок болгондуктан, бейтаптар Бишкекке же Караколго барууга аргасыз болушкан», - дейт Балыкчы шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунун башкы дарыгеринин орун басары Асыл Адылбекова.

Ошондой эле долбоордун алкагында дагы 3 ооруканага: Өзгөн, Токтогул жана Кадамжай райондоруна компьютердик томография орнотулат.

20.09.2023
Светлой памяти профессора Зурдинова Аширали Зурдиновича

Медицинская общественность Кыргызстана понесла невосполнимую утрату.

19 сентября 2023 года на 76 году жизни ушел из жизни академик Национальной академии наук Кыргызской Республики, академик Международной Академии информатизации, Заслуженный деятель науки Кыргызской Республики, доктор медицинских наук, профессор Зурдинов Аширали Зурдинович. 

Зурдинов Аширали Зурдинович родился 28 декабря 1946г в Карасуйском районе Ошской области. После окончания средней школы в 1962г. (в 15-ти летнем возрасте) поступил в Кыргызский государственный медицинский институт и в 1968г. с отличием окончил учебу. После этого в числе лучших выпускников медицинского института он был направлен ассистентом на кафедру фармакологии. В 1971 году поступил в аспирантуру, досрочно защитил кандидатскую диссертацию под руководством профессора М.Т. Нанаевой. В 1984-87 гг. проходил докторантуру в НИИ фармакологии АМН СССР и в Институте медико-биологических проблем МЗ СССР. В 1987г. защитил докторскую диссертацию в г. Москва, научными консультантами работы были выдающиеся советские фармакологи академик А.В. Вальдман и профессор Ю.Г. Бобков. В 1990г. Госкомитетом СССР по образованию ему было присвоено ученое звание профессора. В 1993г. был избран академиком Международной Академии информатизации. В мае 2006г. избран членом-корреспондентом НАН Кыргызстана. В 2021 году избран академиком Национальной академии наук КР. 

С начала трудовой деятельности Аширали Зурдинович активно участвовал в общественной жизни: в 1971-72гг. – зам. секретаря комитета комсомола КГМИ, 1975-80гг. председатель Совета молодых ученых института и член бюро СМУ при ЦК ЛКСМ Киргизии, 1987-91гг. член парткома КГМИ, 1989 - 91гг. – зам. председателя Ученого медицинского Совета МЗ республики, 1992-93гг. – член Государственной комиссии по разработке республиканской научно-технической программы, 1993-95гг.– председатель Научного совета по медицине Госкомитета по науке и новым технологиям, 1995-97гг.– член научно - экспертного совета по медицине Комитета по науке МОиН республики, 1991-2006 гг. – член Президиума республиканского общества «Кыргыз тили», 2001-2005 гг.- эксперт Агентства КР по контролю наркотиков.

А.З. Зурдинов - зам. главного редактора первого выпуска (1997г.) и главный редактор 2-го, 3-го и 4-го изданий (1999, 2003 и 2010 гг.) Формуляра основных лекарственных средств Кыргызской Республики, который признан настольной книгой специалистов здравоохранения. Первый Национальный формуляр КР был выпущен (1997 г.) на русском языке (впервые среди стран СНГ) и получил высокую оценку Всемирной организации здравоохранения.

В 1998г. под руководством проф. Зурдинова А.З., одним из первых среди медвузов стран СНГ, в учебный процесс по клинической фармакологии был внедрен, рекомендованный ВОЗ, проблемный метод обучения, разработанный Гронингенским университетом Нидерландов.

С 1999г. под его руководством начата подготовка новых для республики специалистов – клинических фармакологов через клиническую ординатуру и в учреждениях здравоохранения была введена новая должность «врач-клинический фармаколог». В 1998 году проф. Зурдинов А.З. организовал и до 2016 года возглавлял Фармакологический комитет МЗ КР, наряду с этим он постоянно участвовал в работе по оптимизации лекарственного обеспечения населения и реализации Государственной лекарственной политики КР, более 10-ти лет постоянно участвовал в разработке нескольких редакций лекарственной политики КР, Закона о лекарственных средствах.

В 2003г. по инициативе А.З. Зурдинова на базе кафедры создан Научно-методический центр МЗ по рациональному и безопасному использованию лекарств. Также под его руководством функционирует Общественное объединение «Кыргызское общество за безопасное и рациональное использование лекарств», которое в 2004г. было принято в Международную сеть INRUD (Internationalnetworkrationaluse drug).

Профессор Зурдинов А.З. в 2008-2013гг был заместителем председателя, а в настоящее время членом бюро, отделения химико-технологических, медико- биологических, сельскохозяйственных наук НАН КР (с 2008 г.); являлся членом Президиума международной Ассоциации фармакологов, клинических фармакологов и фармацевтов стран СНГ (Москва, с 2009 г); почетным членом Научного общества фармакологов России (с 2003 г.). В 2011 году являлся членом Экспертного совета Межгосударственного фонда гуманитарного сотрудничества государств-участников СНГ.

А.З. Зурдинов является автором более 290 научных работ, 2 патентов Российской Федерации, 16 патентов Кыргызской Республики и 2 изобретений. В 2003г. на II съезде был избран почетным членом научного общества фармакологов России.

Зурдинов Аширалы Зурдинович принимал активное участие в подготовке научных кадров в рамках работы диссертационных советов по защите кандидатских и докторских диссертаций. Под его руководством защищены 5 докторских и 35 кандидатских диссертаций, подготовлены к защите 2 докторские диссертации. 

Заслуги А.З. Зурдинова перед страной, обществом и здравоохранением были отмечены наградами: «Заслуженный деятель науки КР» (1996), Почетная Грамота КР (2005), «Отличник здравоохранения СССР» (1991), Почетные грамоты МЗ КР, ЦК ВЛКСМ, ЦК ЛКСМ Киргизии, Комиссии по госязыку, Агентства по контролю наркотиков, “Отличник образования Кыргызской Республики” (2007г.), “Нагрудный знак комиссии по государственному языку при Правительстве Кыргызской Республики” (2010 г.). За выдающиеся достижения и вклад в развитие фармакологии и клинической фармакологии награжден медалью им.  Н.П. Кравкова Научного общества фармакологов России (2012), медалью Международной Ассоциации клинических фармакологов и фармацевтов “За труд во имя жизни” (2012), медалью “За заслуги в патриотическом воспитании молодежи” от Совета ветеранов Афганистана (2012). Награжден золотым знаком Министерства здравоохранения Республики Казахстан (2015).

Помимо медицинской стези, академик А.З. Зурдинов активно участвовал в политической и государственной деятельности во благо народа.

От имени коллектива Министерства здравоохранения КР, КГМА, руководителей организаций здравоохранения республики выражаем глубочайшие соболезнования семье, родным и близким. Разделяем боль и горечь невосполнимой утраты. Светлая память о выдающемся ученом Зурдинове Аширалы Зурдиновиче навсегда сохранится в наших сердцах.

 

19.09.2023
Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда үч эм төрөлдү

Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда 2023-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь районунун 34 жаштагы тургуну кесарево жолу менен кош бойлуулуктун 36-жумасында үч эм уул төрөдү. Бул анын 5-төрөтү. Наристелер 3кг 300г, 3кг 660г, 3кг 445г салмакта төрөлгөн.

«Жаңы төрөлгөн ымыркайлар балдардын реанимация бөлүмүндө жаткырылып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы турукташкандан кийин ара төрөлгөн балдарга кам көрүүнүн 2-баскычы бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө эне жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарууга даярданып жатабыз», - деди Шаардык перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамиля Марипова.

18.09.2023
Кыргызстанда кызамыкка каршы эмдөө өнөктүгү башталды

       Бүгүн, 18-сентябрда, Кыргызстанда кызамыктын чыгышына жооп катары эмдөө боюнча өнөктүк өз ишин баштады. Ага байланыштуу «Кабар»  маалыматтык агенттигинде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Зинат Бейшебаева, Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) өкүлү д-р Ливиу Ведраско жана Кыргызстандагы  ЮНИСЕФтин өкүлүнүн орун басары Кристина Бруджиоло, Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Ишенапысованын катышуусунда маалымат жыйын өттү.

«КР Саламаттык сактоо министрлиги Эмдөө программасын коомдук саламаттык сактоонун артыкчылыктуу программаларынын бири катары аныктайт жана калкты иммунизациялоо жаатында сапаттуу кызматтарга адилетүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча бардык күч-аракетин жумшайт. Бүгүнкү күндө кызамык менен ооруп калгандардын саны өлкө боюнча 2018 учурга жетти, алардын көпчүлүгү балдар. Кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө боюнча өнөктүк вирустун жайылуусун алдын алат. Урматтуу ата-энелер! Окуу жылы башталышы менен балдар арасындагы байланыштар көбөйөт, демек, кызамыкты жуктуруп алуу тобокелчилиги жогорулайт. Балдардын ден соолугун коргоо үчүн аларды эмдетиңиздер», - деди чакырык иретинде Зинат Бейшебаева. 

Ал ошондой эле Эмдөө маселелери боюнча эксперттердин улуттук техникалык тобунун сунуштамасы боюнча эмдөө 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар арасында кызамык-кызылча вакцинасы (ККВ) менен жасаларын белгилеп өттү.

Кызамык-кызылча вакцинасынын сапатына, эффективдүүлүгүнө жана коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти тарабынан жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө вакциналардын сериялары спецификалык коопсуздук жана ченемдик-техникалык документация экспертизасынын талаптарына дал келүүсүнө толук текшерүү жүргүзүлдү.

«Вакцина кызамыкка каршы вирустун абдан алсыз формасын камтыйт, ошондуктан ал кыйла коопсуз жана вирустун жапайы формасына караганда баланын иммундук системасына көп күч келтирбейт. Буга чейин эмдөө алган бала үчүн кошумча өлчөм иммундук системага чыныгы вирус менен байланышка даяр болуу керектиги тууралуу ишенимдүү эскертүү катары кызмат кылат», - деп айтты Гульбара Ишенапысова.

Кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо боюнча кампания кызамыктын вирусунун айланышын төмөндөтүү, оорунун чыккан жерин аныктоо жана анын мындан ары Кыргызстанда жайылуусуна жол бербөө максатында өтүп жатат. 

Кызамык-кызылча вакцинасы (ККВ) менен эмдөө Бишкек, Ош шаарларынын, Ош жана Чүй областтарынын аймагында жүргүзүлөт жана 29-сентябрга чейин уланат. 

Эмдөөнү ҮМБ/ҮДТ/ФАПтарда жана билим берүү мекемелеринде түзүлө турган убактылуу эмдөө пункттарында акысыз алууга болот. 

Максаттуу топтун ичинен кампания башталганга чейин 28 күндөн кем эмес убакыт калганда КПК вацинасын алган балдар гана чыгарылат.

Ошондой эле кампания жүргүзүлүп жаткан учурда Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен областтарынын аймагында кызамык-кызылча вакцинасы (ККВ) менен пландуу иммунизациялоонун алкагында кызамык жана кызылчага каршы «ордун толуктоочу» иммунизация жүргүзүү күчөтүлмөкчү. 

Эске салсак, кызамык – бул коркунучтуу жана абдан жугуштуу вирустук оору. Балдарды коргоонун жалгыз ыкмасы эмдөө болуп саналат!

16.09.2023
Кытайдан келген офтальмолог дарыгерлер көзгө бекер операцияларды жасоодо

Бүгүн, 2023-жылдын 16-сентябрында, Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым, ШКУнун Жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча Кытай комитетинин төрагасынын орун басары Цуй Ли айым, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталына келишип, 12-сентябрдан баштап кытайлык адистер тарабынан кыргызстандыктарга жасалып жаткан акысыз офтальмологиялык операциялардын өтүшү менен таанышышты.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев Кытай өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. «Биз эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүдө жана саламаттык сактоо тармагында өз ара колдоону жана түшүнүүнү чыңдоодо бакубаттуулукка жана кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү “Экспресс ден соолук” долбоорунун жана башка келечектеги демилгелердин ийгиликтүү ишке ашарына ишенебиз», - деп белгиледи.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов бүгүнкү күндө 150 бейтапка ийгиликтүү операция жасалып, дагы жарымын 26-сентябрга чейин бүтүрүү пландалып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, кытайлык адистер 12-сентябрдан 28-сентябрга чейин 600 кыргызстандыкка катаракта операциясын бекер жасашат. Бишкектеги Улуттук госпиталда 300 операция жасалса, 17-сентябрдан 29-сентябрга чейин Ош облустар аралык бириккен ооруканасында дагы 300 операция пландалууда. Мындан тышкары, кытайлык адистер жогоруда аталган ооруканалардын көз микрохирургиясы бөлүмдөрүнө бекер медициналык жабдууларды тапшырышат.

16.09.2023
Улуттук кардиология жана терапия борборунда материалдык-техникалык абалды жакшыртуу боюнча иш алып барылууда

Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган пресс-кафенин алкагында Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Сооронбаев өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен борбордун материалдык-техникалык абалын жакшыртуу боюнча жасалып жаткан иштерге токтолду.

Т.Сооронбаев Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында Улуттук кардиология жана терапия борборунда оңдоо иштери жүргүзүлүп, жабдуулар алынганын айтты.

2022-жылы УКжТ борборунун 1-кабатындагы терапия бөлүмүндө оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Терезелер, эшиктер, суу түтүктөрү жана жылытуу батареяларын алмаштыруу менен имараттын ичинде жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, имарат оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ошондой эле электр зымдары алмаштырылып, жаңы ванна жана раковиналар орнотулду. Канализация жана желдетүү системалары тазаланды.

Бөйрөгү катуу жабыркаган, анын ичинде COVID-19дан кийинки татаалдашкан бейтаптарды дарылоо үчүн суу менен тазалоо системасы бар көчмө гемодиализ аппараты сатылып алынды. Бул аппарат интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө жана реанимация бөлүмдөрүндө өтө зарыл, ал бөйрөктүн курч бузулушу учурунда канды токсиндерден жана ашыкча суюктуктан тазалоого багытталган. Ковидден кийинки кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн заманбап ангиографиялык комплекс сатылып алынды. Жабдуулар жеткирүү стадиясында. Ошондой эле жаңы жабдууларды – ангиографты орнотуу үчүн үчүнчү эксплуатациялоочу блокто оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда.

16.09.2023
ММК өкүлдөрү ден соолуктун 8 параметри боюнча текшерүүдөн өтүштү

2023-жылдын 15-сентябрында Улуттук кардиология жана терапия борборунда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн “Ар бир жүрөк маанилүү” аталышындагы пресс-кафе уюштурулду. Пресс-кафе жыл сайын 29-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган.

Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү - бул глобалдык ден соолук кампаниясы. Анын негизги максаты - жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, алардын пайда болуу себептери жана алдын алуу ыкмалары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу.

Борбордун адистери жүрөк-кан тамыр ооруларын азайтуу үчүн жугуштуу эмес оорулардын алдын алуунун маанилүүлүгү тууралуу айтып беришти.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Сооронбаев өз сөзүндө, Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары калк арасындагы өлүмдүн негизги себеби болуп саналаарын жана Улуттук статистикалык комитеттин 2021-жылдагы маалыматы боюнча өлүм структурасында жүрөк-кан тамыр оорулары жалпы өлүм учурларынын жарымынан көбүн (52,3%) түзөт. Ушуга байланыштуу Улуттук кардиология жана терапия борбору кардиология, ички жана тоо медицинасы боюнча жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча алдыңкы медициналык мекеме катары “Ыкчам кардиология” программасын иштеп чыккан, анын негизи Курч миокард инфаркты жана башка жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптардын өмүрүн сактоо маселелерин жекелештирилген принципте системалуу чечүүгө багытталган “Курч миокард инфарктыжана башка жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган оор абалдагы бейтаптарды дарылоонун жана диагностикалоонун толук цикли” моделин түзүү.

“Ыкчам кардиология” программасы бир катар стратегияларды камтыйт, жана негизги максаттардын бири Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүндө баса белгиленген ден соолуктун 8 параметри боюнча текшерүү модулун ишке ашырууну камтыган курч миокард инфаркты жана жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча тобокелдик факторлорун стратификациялоо жана алдын алуу стратегиясы (биринчи жана экинчи профилактика). 

Пресс-кафенин жүрүшүндө ММК өкүлдөрү салмакты көзөмөлдөө, кан басымын көзөмөлдөө, тамекини таштоо, жетиштүү физикалык активдүүлүк, кандагы кантты жана холестеринди көзөмөлдөө, туура тамактануу, дени сак уйкуну камтыган ден соолуктун 8 көрсөткүчү боюнча текшерүүдөн өтүштү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык 2023-жылдын 27-28-сентябрында Улуттук кардиология жана терапия борбору «Ден соолугуңду текшер!» ачык эшик күндөрүн уюштурат, анын жүрүшүндө ар бир адам ден соолуктун 8 көрсөткүчү боюнча акысыз текшерүүдөн өтө алат.

16.09.2023
Таза жаратылыш – ден соолуктун булагы

Бүгүн, 2023-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана министрликтин алдындагы Департаменттердин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жалпы жамааты республикалык ишембиликке чыкты. Медициналык кызматкерлер ишембиликтин алкагында Бишкектин четиндеги Степное, Озёрное айылдары тараптагы 4.5 кмге жакын жол жээгинде тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айлана-чөйрөгө кам көрүү максатында мамлекет башчысы тарабынан демилгеленген иш-чараны колдоп ишембиликке чыгып, калаа тазалыгына көңүл кош карабаган ар бир кызматкерге ыраазычылыгын билдирди. 

“Үч-төрт сааттын ичинде 200дөй кап таштанды чыгарылып, калаабызды айланып өткөн жол жээги тазалыгы менен көз кубандырып калды.Мындай иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп, мамлекетибиздин ар бир жараны жаратылышка аяр мамиле жасаса. Таза жаратылыш – ден соолуктун булагы эмеспи”, - деди ал. 

Эскерте кетсек 2022-жылдын 6-сентябрында президент Садыр Жапаров «Улуттук тазалык күнү жөнүндө» жарлыкка жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планына кол койгон. Жарлыкка ылайык, Кыргызстан айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле санитардык-экологиялык абалды жакшыртуу жаатындагы саясатты ырааттуу ишке ашырат.

 

#ишембилик

 #тазашаар

 #тазаМурас

12.09.2023
Кыргызстанга кызамыктын чыгышына жооп катары иммунизация кампаниясы үчүн кызылча-кызамык вакцинасы келди

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстанга Кызамык жана кызылча менен күрөшүү боюнча демилгеден кызылча-кызамык вакцинасынын 755 500 дозасы келди.

 

Вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага КР Саламаттык сактоо министрлиги, КРдагы БДСУ, ЮНИСЕФ жана УКАК өкүлдөрү катышты.

Кызылча-кызамык вакцинасы (ККВ) – бул кызамык жана кызылчага каршы тирүү лиофилизацияланган (кургак) аралаш вакцина, ал ийиндин мүрү булчуңуна тери астына куюуга гана арналган. Иммунизациядан кийинки мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр - инъекция жасалган жердеги кызаруу жана ооруксунуу, ал 3 күндөн көп эмес убакыт ичинде өз алдынча өтүп кетет. 

Бул вакцина менен оорунун чыгышына жооп катары иммунизация жүргүзүүнүн алкагында 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар эмделмекчи. Иммунизация убактылуу эмдөө пункттарында жүргүзүлөт, алар саламаттык сактоо уюмдарында жана билим берүү мекемелеринде уюштурулат. 

Кызамык вирусунун айлануусун азайтуу, оорунун чыгышын аныктоо жана анын андан ары жайылышына бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан БДСУ жана ЮНИСЕФтин колдоосу астында Кызамык жана кызылча менен күрөшүү боюнча демилгенин алкагында түзүлгөн, оорулардын чыгышына жооп берүү фондуна шашылыш өлкө өтүнмөсү даярдалган болчу. 

Кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо кампаниясы 18- сентябрда Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош областтарында башталат жана  29-сентябрга чейин уланат.  

Кызамык жана кызылчага каршы кампаниянын алкагында  ҮМБ, ҮДТ жана ФАПтын базасында, ошондой эле билим берүү мекемелеринде 750дөн ашык убактылуу эмдөө пункттары иштейт. Мындан тышкары медицина кызматкерлери жетүүгө кыйын болгон калктуу пункттарда жашап жаткан балдар үчүн жеринде барып эмдөө жүргүзүшөт. Кампаниянын алкагында бардыгы болуп мобилдүү 60 бригаданы аракетке келтирүү пландаштырылууда.

Башка областтардын саламаттык сактоо уюмдарында кызамык вирусунун айлануусун алдын алуу максатында 1 жаштагы жана 6 жаштагы балдар арасында кызамык-паротит-кызылчага (КПК) каршы вакцинаны пайдалануу менен кызамыкка каршы пландуу жана «ордун толуктоочу иммунизация» жүргүзүлөт. 

Кампания учурунда саламаттык сактоо уюмдарынын адистери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте жана аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу аркылуу максаттуу топко кирген балдардын ата-энелери, мектепке чейинки мекемелердин жана мектептеги билим берүүнүн жетекчилери менен кызамык жана кызылчага каршы эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу маектешүүлөрдү өткөрүшмөкчү. 

 

***Маалымат: Жыл башынан бери кызамык менен 1982 адам ооруду, алардын 147си чоңдор жана 1835и балдар, балдардын ичинен  0 дөн 4 жашка чейинки 1454 бала катталган. Ооругандардын көпчүлүгү Ош областында (635 адам), Бишкек шаарында (485 адам), Ош шаарында (296 адам) катталган. Чүй (214 адам), Жалал-Абад (116 адам), Баткен областтарында (92 адам), Талас (77 адам), Ысык-Көл (60 адам) жана Нарын областтарында (7 адам) ооругандар азыраак. 

Кызамык – бул кооптуу жана абдан жугуштуу вирустук оору, ага каршы дары-дармек жок, ал эми бул оорудан болгон татаалдашуулар өлүмгө алып келиши мүмкүн. 

Профилактикалык эмдөө албаган балдар жана чоңдор тобокелчилик зонасында болушат. Оорудан эмдөө гана коргой алат. 

Урматтуу ата-энелер! Окуу жылынын башталышы менен балдардын арасындагы байланыштар жогорулайт, демек, кызамыкты жуктуруп алуу тобокелчилиги дагы өсүп жатат. Балдардын саламаттыгын сактоо үчүн аларды эмдетиңиздер!

 

08.09.2023
Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды

Бүгүн, 2023-жылы 8-сентябрьда Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев жакында үч бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалган Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды.

 

Иш сапардын алкагында министр оорукананын жетекчилиги жана операция жасаган түрк адистери менен жолугушуп, алар дагы октябрь айында кайтып келип, ушул сыяктуу операцияларды жасоого убада беришти. Андан тышкары жакынкы эки жылда түрк адистери кыргыз кесиптештерин окутуп, бирге иштешет.

 

Жолугушууда Кыргызстанда трансплантология кызматын өнүктүрүү жана кеңейтүү артыкчылыктуу багыт экендиги баса белгиленди. Алымкадыр Бейшеналиев түрк кесиптештерине жана оорукананын бардык кызматкерлерине операцияларды ийгиликтүү жасашканы үчүн ыраазычылык билдирип, бул бүтүндөй команданын жетишкендиги экенин баса белгиледи.

08.09.2023
Саламаттыкты сактоо системасындагы жетишкендиктер жылы: министр Гүлнара Баатырованын жетишкендиктери

Бишкек, 2023-жылдын 7-сентябры – Гүлнара Маришовна Баатырова 2022-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри болуп дайындалып, акыркы бир жыл ичинде өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга багытталган алгылыктуу иштерди аткарды.

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги эң жогорку – ЭҢ ЖАКШЫ деген баа алды. Бул Гүлнара Баатырованын жетекчилиги астында жүргүзүлгөн ийгиликтүү өзгөрүүлөрдүн жана реформалардын күбөсү.

Министрдин жетекчилиги менен саламаттыкты сактоо тармагында 10 жаңы мыйзам жана ченемдик укуктук актылар иштелип чыгып, ийгиликтүү ишке ашырылды.

Кыргызстан дары-дармектерге жетүүнү камсыз кылуу жана дарылоо стандарттарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү аркылуу рак менен ооруган балдарга жардам көрсөтүүнү жакшыртуу максатында Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге кошулду. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан таанылган антибиотиктерге туруктуулуктун глобалдык коркунучу менен күрөшүүгө арналган дүйнөдө биринчи жолу антибиотиктерге туруктуулукту улуттук изилдөө Кыргызстанда жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги калкты саламаттыкты сактоо уюмдарына бекитүү, аймактык чектөөлөрдү алып салуу жана медициналык жардамга бирдей жеткиликтүүлүккө көмөк көрсөтүү процедурасын жөнөкөйлөттү.

Кургак учукка каршы оорукананын, перинаталдык борбордун курулушунун, 100гө жакын жаңы медициналык мекемелердин ишке киргизилиши менен республиканын саламаттыкты сактоо системасынын материалдык-техникалык базасы жакшырды. Үстүбүздөгү жылдын октябрь-ноябрь айларында дагы эки жаңы перинаталдык борбордун курулушу башталат. Мындан тышкары, республикада медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында медициналык жабдууларды, анын ичинде рентген аппараттарын, КТ, МРТ аппараттарын жана ангиографиялык аппаратты ири өлчөмдө сатып алуу жүргүзүлдү.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо уюмдарын башкарууда, анын ичинде сынактын жыйынтыгы боюнча жетекчилерди дайындоо жана кадрдык резервди калыптандырууда олуттуу өзгөрүүлөр болду. Ошондой эле медициналык билим берүү тармагында реформалар жүргүзүлүп, клиникалык базалар менен кызматташуу жакшырып, өлкөдө биринчи жолу органдарды трансплантациялоо боюнча толук кандуу иштер башталды.

Кыргызстанда жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүүнүн алкагында кыздарды адам папилломавирусуна каршы эмдөө, вирустук гепатит жана ВИЧке каршы скринингден өткөрүү, ошондой эле чоң кишилерди В гепатитине каршы эмдөө сыяктуу профилактикалык иш-чаралар киргизилди.

2023-жылдын башынан бери дары-дармек каражаттарына көз салуу системасы ишке киргизилди, ал дары-дармек каражаттарын жеткирүү учурунан тартып дарыканаларда жана ооруканаларда сатууга чейин байкоо жүргүзүүнү жана сапатын көзөмөлдөөнү камсыз кылат. Системага жүздөгөн дарыкана жана саламаттыкты сактоо уюмдары катышып, калктын ыңгайлуулугу үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты.

Быйылкы жылы 58 550 026 сом суммасына 27 362 ММК полисисатылды.

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 1-июлунан тарта иштей баштап, анын ишмердүүлүгүнө 30 миллион сом бюджеттик кредит алынып, дары-дармек сатып алууга кошумча 1 миллиард сом бөлүнгөн. Июль айынын башынан бери ар кандай саламаттык сактоо уюмдары үчүн дары-дармектер, анын ичинде онкологиялык ооруларга каршы дары-дармектер алынып, сатып алуудан үнөмдөлгөн каражат 250 миллион сомго жакын сумманы түздү.

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагын санариптик өнүктүрүүнүн алкагында бир катар долбоорлор ишке ашырылды, анын ичинде санариптик медициналык күбөлүктөр, санариптик ден соолук профили, лабораториялык маалымат тутумдары, коомдук саламаттыкты сактоо окуяларына мониторинг жүргүзүү тутумдары жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу боюнча башка чаралар көрүлдү.

Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо боюнча улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу башталды. Бул улуттук план 2023-жылдын июль айында өткөрүлгөн экинчи Биргелешкен тышкы баа берүүнүн сунуштарына негизделген, анда Кыргызстан ДСУнун Европа аймагында экинчи Биргелешкен тышкы баа берүүнү ийгиликтүү аяктаган биринчи өлкө болгон.

06.09.2023
Санариптик чечимдер саламаттыкты сактоодогу өзгөчө кырдаалдарды башкарууну жана жооп кайтарууну олуттуу түрдө жакшыртат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев, Саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Б.Джангазиев жана Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун директорунун орун басары Ч.Бексултанов баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Португалиянын Порту шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун "Санариптик доордогу саламаттык сактоо системаларынын келечеги" аттуу экинчи симпозиумуна катышууда.

 

Симпозиумда саламаттыкты сактоо тармагында жасалма интеллект технологияларын колдонуу, чоң маалыматтарды талдоо, саламаттыкты сактоодогу өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн санариптик чечимдерди колдонуу жана башка маселелер талкууланды.

 

«Санариптик чечимдер саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарды башкарууну жана жооп кайтарууну олуттуу түрдө жакшыртат, тобокелдиктерди азайтат жана калк саламаттыгын натыйжалуу коргоого жардам берет. Кыргызстанда пандемия учурунда санариптик платформалар саламаттыкты сактоо кызматтарын координациялоо, байланыштарды издөө системалары, маалыматтык башкаруу жана мониторинг системалары колдонулду”, - деди Б.Джангазиев саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдар учурунда санариптик чечимдерди колдонуу боюнча панелдик сессияда сүйлөп жатып.

 

Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги санариптик ден соолук тармагындагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн 2022-жылдын Максаттуу тобунун жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баштапкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча атайын программасынын сыйлыгына татыган.

06.09.2023
Кыргызстандагы кызамык оорусу боюнча абал

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда экинчи жума катары менен кызамык оорусунун азайышы байкалууда. Тактап айтканда, 2023-жылдын 34-жумасында кызамык оорусунун 39 учуру катталды, анын ичинде 34 бала жана 5 чоң адам. Балдар арасында кызамык оорусун катталышы өткөн жумага салыштырмалуу 15%га кыскарган (46 учур).

Жыл башынан бери кызамык оорусунун 1982 учуру катталса, анын 147си чоңдор, 1835и балдар, анын ичинде 1454 учур 4 жашка чейинки балдар арасында катталган.

Кызамык оорусунун аймактык бөлүнүшү боюнча Ош облусунда 635 учур, Бишкек шаарында 485 учур, Ош шаарында 296 учур, Чүй облусунда 214 учур, Жалал-Абад облусунда 116 учур, Баткен облусунда 92 учур, Таласта облусунда 77 учур, Ысык-Көл облусунда 60, Нарын облусунда 7 учур.

Кызамык - коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору, анын өтүшүп кетүүсү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Профилактикалык эмдөөдөн өтпөгөн балдар жана чоңдордо жугузуп алуу коркунучу жогору. Кызамыкты атайын дарылоо жолу жок, ошондуктан бул ооруну алдын алуу үчүн өз убагында чараларды көрүү зарыл. Эмдөө - кызамыкты алдын алуунун негизги жана эң натыйжалуу жолу экенин эсиңиздерге салабыз.

 

 

05.09.2023
Кыргыз Республикасында Саламаттыктын коопсуздугу боюнча улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу башталды

Кыргыз Республикасында Саламаттыктын коопсуздугу боюнча улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу башталды. Бул улуттук план 2023-жылдын июль айында өткөрүлгөн экинчи Биргелешкен тышкы баалоонун сунуштарына негизделген, анда Кыргызстан ДСУнун Европа аймагында экинчи Биргелешкен тышкы баалоону ийгиликтүү аяктаган биринчи өлкө болгон.

Бул улуттук план жугуштуу оорулардын чыгышын, табигый кырсыктарды жана башка өзгөчө кырдаалдарды камтыган ден-соолукка коркунуч келтирүүлөрдүн кеңири спектрине даярдык көрүү, жооп кайтаруу жана калыбына келтирүү чараларын камтыган стратегиялык жол картасы болуп саналат. Ал кризис болгон учурда ыкчам жана координацияланган жооп кайтарууну камсыз кылуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар менен эл аралык өнөктөштөрдүн кызматташтыгын бекемдөөгө багытталат.

Бул планды түзүүгө саламаттыкты сактоо, айыл чарба, ветеринария жана башка тармактардагы түрдүү улуттук өнөктөштөр активдүү катышууда. Мындан тышкары, бул иш-чарага USAID жана US CDC сыяктуу эл аралык өнөктөштөр да катышууда.

05.09.2023
Елизавета Хаматханова: «Я горжусь коллегами из Кыргызстана»

Первый день учебного года для Бишкекских акушер-гинекологов начался с обмена опытом.

В Бишкекском родильном доме №2 проходит обучение акушеров-гинекологов, неонатологов, анестезиологов и реаниматологов Кыргызстана навыкам неотложной акушерской помощи тренерами из симуляционно-тренингового центра ФГБУ «НМИЦ АГП им. В.И.Кулакова» Минздрава РФ

 

В качестве важного шага на пути к улучшению охраны здоровья матери и новорожденного в Кыргызстане команда экспертов-тренеров из престижного Центра Кулакова в Москве, Россия, проводит специализированную программу обучения для медицинских работников. Программа интенсивного обучения была сосредоточена на неотложных акушерских ситуациях, предоставляя практикующим врачам важнейшие навыки и знания для решения сложных ситуаций во время беременности и родов согласно современным вызовам.

Раиса Асылбашева, главный специалист отдела первичной медико-санитарной помощи УОМПиЛП МЗ КР: «Эта учебная программа, организованная в Кыргызстане, стала результатом сотрудничества Министерства здравоохранения Кыргызстана и симуляционно-тренингового центра ФГБУ «НМИЦ АГП им. В.И.Кулакова» Минздрава РФ, известного своим опытом в акушерстве и гинекологии. Это очередной раунд обучающей программы. До сегодняшнего мероприятия мы охватили южные регионы, где приняли участие акушеры, гинекологи, неонатологи, анестезиологи и реаниматологи из различных больниц и медицинских учреждений. Такие же тренинги проходят в Чуйской области и в городе Бишкек. С 2022 года ВОЗ при содействии симуляционно-тренингового центра «НМИЦ им. В.И.Кулакова» проводится данная работа. Скоро будет мониторинговые исследования по результатам обучения».

 

Тренинг был направлен на решение важнейших проблем в области охраны здоровья матерей и новорожденных, а также по организационной части в структурах и подразделениях роддомов, подчеркивая важность раннего распознавания, быстрого вмешательства и совместной командной работы в неотложных акушерских ситуациях. Участники прошли практическое обучение по ведению широкого спектра неотложных акушерских ситуаций.

 

Майрам Керималы кызы, главный врач клинического родильного дома №2 г. Бишкек, Кандидат медицинских наук РФ: «Тренеры Кулаковского центра (Москва) привнесли в программу богатый опыт и знания. Они поделились своими знаниями о последних достижениях в акушерстве и гинекологии, а также научно обоснованными передовыми, современными практиками оказания неотложной акушерской помощи. В ходе тренинга подчеркивалась важность междисциплинарного подхода, способствующего эффективному общению и координации между различными медицинскими работниками, участвующими в уходе за матерями и новорожденными. А также межличностному общению с пациентами».

 

Елизавета Хаматханова один из ведущих тренеров Кулаковского центра в Москве, заведующая отделом образовательных технологий в медицине, заведующая кафедрой непрерывного профессионального образования, доктор медицинских наук выразила свой энтузиазм по поводу программы, сказав: «Система здравоохранения в лице министерства здравоохранения, руководящий состав медицинских организации и практическое звено должны говорить на одном языке и одинаково понимать стоящие задачи. Разрозненность в данной цепочке приводит к ошибке, которая рушит доверие населения к медицине в целом. Подходы решения данной задачи прежде всего обучать не только медсестер и врачей, но и для совершенствования качества оказания помощи нужно обучать руководителей. Это командная работа. На данный момент вызовы и задачи ставит именно пациент. С точки зрения профессиональной мотивации, с точки зрения подходов и стремлении, с точки зрения попытки создать условия для меня Кыргызстан стоит в одной из высоких позиций. Я горжусь коллегами из Кыргызстана».

 

Программа обучения получила положительные отзывы участников, которые оценили комплексный и практический подход к неотложным акушерским ситуациям. Многие участники подчеркнули актуальность тренинга для их повседневной клинической практики и выразили благодарность за возможность учиться у экспертов Кулаковского центра.

 

Эти совместные усилия Министерства здравоохранения Кыргызстана и Центра Кулакова в Москве отражают стремление улучшить результаты медицинского обслуживания матерей и новорожденных в Кыргызстане. Это также подчеркивает важность международного сотрудничества в решении глобальных проблем здравоохранения.

02.09.2023
Организации здравоохранения как ключевые участники в Системе маркировки и прослеживаемости лекарственных средств

        Одной из самых главных и важнейших задач любого государства, является обеспечение населения качественной и эффективной системой здравоохранения. 

        Для реализации поставленных задач, появилась необходимость внедрения новой информационной системы, которая позволила бы получать актуальную информацию по лекарственным препаратам и медицинским изделиям в открытом доступе в режиме online каждому участнику фармацевтического рынка в зависимости от его статуса. 

        По итогам проведенных многочисленных обсуждений совместно с профильными ведомствами, Кабинет Министров Кыргызской Республики утвердил Постановление №53 от 09.02.2023г “О внедрении системы прослеживаемости лекарственных средств в Кыргызской Республике”. 

         Система прослеживаемости лекарственных средств - это новый этап в развитии электронного здравоохранения, важнейшим инструментом которого, является маркировка лекарственных препаратов и медицинских изделий. Внедрение данной системы, позволяет контролировать движение лекарственных препаратов и медицинских изделий на всех этапах, с момента ввоза на территорию республики, включая аптеки и медицинские организации до потребителя. И самое главное, обеспечивая население качественными и эффективными препаратами, будет достигнута одна из основных целей - это безопасность жизни пациента.

         В марте 2023 года, Департаментом лекарственных средств и медицинских изделий, под руководством А.И. Абалиевой был запущен процесс системы прослеживаемости лекарственных средств и медицинских изделий. Были разработаны нормативно-правовые акты, установлены сроки и этапы реализации системы прослеживаемости для каждого участника оборота фармацевтического рынка. В систему были вовлечены организации здравоохранения: дистрибьюторы, медицинские учреждения, аптеки и аптечные сети.

       Следует отметить, что несмотря на сжатые сроки реализации, сложности и проблемы современного фармацевтического рынка, участниками системы была проведена огромная работа и уже сегодня наблюдаются позитивные сдвиги, направленные на улучшение качества системы здравоохранения. 

          На состоявшейся 30 августа 2023 года встрече с руководителями организаций здравоохранений, директор Департамента Джанкорозова М.К. представила сведения по итогам завершения реализации I этапа системы прослеживаемости лекарственных средств.

        В ходе встречи обсудили вопросы, связанные с техническим оснащением медицинских учреждений, необходимых для реализации системы прослеживаемости и обучением персонала навыкам работы в электронной базе данных. В рамках обсуждения были рассмотрены поступившие от участников конструктивные предложения по оптимизации внедрения системы прослеживаемости.

 

 

       Представленные первые успехи в реализации системы прослеживаемости стали возможными, благодаря высокому профессионализму и активному содействию, руководителей медицинских учреждений и компаний-дистрибьюторов, которые являются ключевыми участниками оборота фармацевтического рынка. 

                        

          За высокий профессионализм, добросовестное отношение к работе и личный вклад в реализации Постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики №53 от 09.02.2023г “О внедрении системы прослеживаемости лекарственных средств в Кыргызской Республике”, выражается благодарность следующим организациям здравоохранения:

 

  • Беловодское детское психоневрологическое социальное стационарное учреждение;
  • Городская детская клиническая больница скорой медицинской помощи;
  • Городской перинатальный центр;
  • Жайылское психоневрологическое социальное стационарное учреждение;
  • Жалалабатский областной центр психического здоровья;
  • Иссык-Кульская областная объединенная больница;
  • Клиническая больница управления делами Президента КР
  • Кыргызский научно-исследовательский институт курортологии и восстановительного лечения;
  • Кыргызский научный центр репродукции человека;
  • Медицинский центр "Здоровье"; 
  • Многопрофильная клиника «MEDCENTER.KG» 
  • Нарынская областная объединенная больница;
  • Национальный центр онкологии и гематологии;
  • ОсОО "Uni Help";
  • ОсОО "Фармамир"; 
  • ОсОО «КафМедЦентр Плюс»;
  • ОсОО Бимед фарм;
  • ОсОО Неман-Фарм;
  • Ошская межобластная детская клиническая больница;
  • Ошская межобластная объединенная клиническая больница;
  • Ошский межобластной центр онкологии;
  • Ошский областной центр психиатрии и наркологии;
  • Республиканская психиатрическая больница с. Чым-Коргон;
  • Республиканский центр психиатрии и наркологии;
  • Родильный дом №1;
  • Родильный дом №2;
  • Таласская областная объединенная больница им. Ч. Мамбетова;
  • Центр общеврачебной практики Кеминского района;
  • Центр общей врачебной практики Московского района;
  • Центр экстренной медицинской помощи г. Бишкек;
  • Центр общеврачебной практики Бакай-Атинского района; 
  • Чуйская областная объединенная больница.
01.09.2023
Ош облусунун Өзгөн районунун Токтогул айылында 225 орундуу жаңы мектеп эшигин ачты

Бүгүн, 2023-жылдын 1-сентябрында Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул айылында 225 орундуу Шопоков атындагы жаңы мектеп эшигин ачты.

Мектептин ачылышына КРнын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова катышты. Министр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүнүн атынан аталган мектептин мугалимдерин, окуучуларын жана ата-энелерин Билим күнү менен куттуктады.

Министр куттуктоо сөзүндө өлкө башчысы Садыр Нургожоевич Жапаровдун аракетинин аркасында кенен, жарык класстары, китепканасы, спорт залы жана ашканасы бар жаңы мектеп балдарга эшигин ачканын белгиледи. «1-сентябрь – балдар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн өзгөчө майрам. Жаңы мектептин ачылышы Зергер айылынын бардык тургундары үчүн жаңы окуу жылынын башталышына эң жакшы белек болду. Түзүлгөн шарттар жана мектептин мугалимдеринин кесипкөйлүгү балдарыбыздын окууда жакшы ийгиликтерге жетишүүсүнө жардам берет деп ишенем», - деп кошумчалады министр.

Министр Гүлнара Баатырова балдардын жана жаштардын арасында пайдалуу адаттарды калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин атынан сергек жашоо образын жайылтуу үчүн пайдалуу адаттарды калыптандырууга, ден соолук жана жалпы жашоо сапатын жакшыртуугакөмөктөшүүчү видео роликтерди көрсөтүп туруу үчүн сыналгы белек кылды.

Үстүбүздөгү жылдын башында мамлекет башчысы өлкө боюнча 100 жаңы мектеп куруу тапшырмасын берген. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 43 жаңы мектеп окуучулар үчүн эшигин ачты.

01.09.2023
Ош облусундагы Өзгөн ЖДПБда амбулатордук бейтаптарды кабыл алуу үчүн салынган жаңы имараттын ачылышы болду

Бүгүн, 2023-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы бейтапканасынын имаратынын ачылыш аземине катышты.

Министр өз сөзүндө эффективдүү башкаруунун жана эки жылдык экономикалык пландаштыруунун аркасында үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен Өзгөн райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги бардык санитардык нормаларга жана талаптарга жооп берген заманбап бейтапканалык имарат курууга жетишкендигин белгиледи. Эми медицина кызматкерлери жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүп, Өзгөн районунун калкынын талаптарын толук канааттандыра алышат.

МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун алкагында ноябрь айында имаратка жаңы компьютердик томография (КТ) аппараты, жакынкы күндөрү санариптик рентген аппараты орнотулат. Кошумчалай кетсек, жалпы дарыгерлик практика борбору буга чейин өз каражатына заманбап УЗИ аппараты, эхокардиограф жана эндоскоп сыяктуу акыркы үлгүдөгү медициналык жабдууларды сатып алган.

Бермет Мамасадыкова, Өзгөн ЖДПБнын директору: «Өзгөн районунун 130 миңге жакын тургуну биздин бейтаптарыбыз. Жаңы имараттын пайдаланууга берилиши менен калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүп, Өзгөн районунун тургундарынын ден соолугун чыңдоого көмөктөшөбүз. Биздин ЖДПБга кайрылган бейтаптарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз».

01.09.2023
КР Саламаттыкты сактоо министри менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Кытай грантынын эсебинен курулган Ош шаардык клиникалык ооруканасынын иши менен таанышты

2023-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэнь айым Ош шаардык клиникалык ооруканасы жайгашкан “Ак-Тилек” кичи районуна барышты. Оорукана Кытай Эл Республикасынын гранттык каражатына курулуп, учурда ийгиликтүү иштеп жатат.

  «Оорукананын төрт жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде ал жергиликтүү тургундар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн алмаштырылгыс борборлорунун бирине айланды, бул эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгилейт», - деди Гүлнара Баатырова ооруканага болгон иш сапарынын жүрүшүндө.

Саламаттыкты сактоо министринин жана Кытай Элчисинин иш сапары бул саламаттыкты сактоо мекемесинин маанилүүлүгүн арттырып, анын медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын бир топ жакшыртып, Ош шаары, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун камсыздоодогу ордун баса белгиледи.

Маалымат үчүн:

Ош шаардык клиникалык ооруканасы үч корпустан – амбулатордук-диагностикалык, стационардык жана административдик корпустан турат. Амбулатордук-диагностикалык корпуста дарыгерлер бейтаптарга кенеш берип, диагноз коюп, тез жардам көрсөтөт. Анда жандандыруу бөлүмү жана операциялык бөлмө каралган. Стационардык имарат 250 орунга ылайыкталган. Административдик корпуста иш бөлмөлөрү, бухгалтерия, телемедициналык кабинет жана 200 орундуу конференц-зал бар.

Ооруканада хирургия, травматология, нейрохирургия, урология бөлүмдөрү бар. Гастроскопия, лапароскопия, колоноскопия, эхокардиография жана башка диагностикалык жана дарылоо процедуралары үчүн жабдуулар орнотулган. Мекемеде 300дөн ашык медицина кызматкерлери иштейт.

2022-жылы ооруканада 8800 адам дарыланып, 17 000 амбулатордук кайрылуулар катталган. 2022-жылы ооруканада 4060 операция жасалган.

30.08.2023
Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында алгачкы жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өттү

Бүгүн, 30-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ички органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция ийгиликтүү жасалган Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды. 

Оорукана жетекчилиги мекеме мындай операцияларды толугу менен ишке ашыра баштаганын, бул үчүн ооруканага квалификациялуу медициналык кызматкерлер тартылып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө теңдеши жок заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын билдирди.

Мындан тышкары учурда Түркиядан келген 140 медициналык адис Кыргызстанда эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерди иш жүзүндө үйрөтүшөт. Бул мезгилде ата мекендик адистер тажрыйба топтоп, бөйрөк алмаштыруу операцияларын өз алдынча жасай башташат.

Мамлекет башчысы ички органдарын трансплантациялоодон өткөн бейтаптарды көрүп, алардын ден соолугунан, ал-акыбалынан жана медициналык мекемеде болуу шарттарынан кабар алып, алардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Садыр Жапаров эми өлкө жарандарына өтө маанилүү жана кымбат баадагы операцияларды жасатуу үчүн алыскы чет өлкөлөргө баруунун кажети жоктугун канааттануу менен белгиледи. Чет өлкөдө 50-60 миң АКШ доллары өлчөмүндө эбегейсиз чыгым болсо, Кыргызстанда ушундай операцияга 10 миң долларга жакын каражат керектелет. Мындай арзан баада ата мекендик адистер башка өлкөлөрдөн келген бейтаптарды да тейлей алышат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар, ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Ошентип, жыл ичинде бул процедураларды төлөөгө мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллиард сомго жакын каражат бөлүнүүдө. Эми өлкөдө ички органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды жасоо мүмкүнчүлүгү түзүлүп, бул бюджеттик каражаттар башка социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багыттаса болот.

Мамлекет башчысы Түркия Республикасынан келген дарыгерлерге кайрылып, кыргыз тарапка көп жактуу колдоо көрсөтүп келе жаткан бир тууган Түркияга жеке өзүнүн жана кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда Садыр Жапаров өлкөгө келген 140 адис ар кандай каалоо-тилектери менен кайрыла аларын, кыргыз тарап аларга Кыргызстанда ыңгайлуу болушу үчүн бардык шарттарды түзүүгө милдеттенерин баса белгиледи.

 

Мамлекет башчысы белгилегендей, келечекте мындай операцияларга чет өлкөлүк жарандар тарабынан суроо-талап күчөсө, анда бул тармакты дагы да өнүктүрүү жана кеңейтүү зарыл.

Мамлекет башчысы кошумча медициналык имараттарды куруу жана көбүрөөк сандагы бейтаптарды кабыл алуу үчүн бул медициналык мекеме жайгашкан жердин аянтын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну тапшырды.

Ооруканага болгон иш сапарынын соңунда Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда саламаттык сактоону өнүктүрүүгө жана медициналык кадрларды даярдоого кошкон зор салымдары үчүн Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Европа Биримдиги жана тышкы байланыштар боюнча башкы директору Кылыч Селамини жана Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик ооруканалар башкы башкармалыгынын департамент башчысы Ташкын Мустафаны Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйлады.