Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

29

12

2025

Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

26.12.2025

Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

25.12.2025

Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду

05.07.2023
Субрегионалдык окуу семинарында Кыргызстандын вакциналардын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү боюнча иши баса белгиленди

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин жана Республикалык иммунопрофилактика борборунун улуттук эксперттери 2023-жылдын 26-30-июнунда Германиянын Франкфурт шаарында өткөн вакциналардын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүүдө сапатты камсыздоо жана маалыматтарды башкаруу боюнча субрегионалдык окуу семинарына катышышты. 

Семинарга Албания, Армения, Азербайжан, Беларусь, Босния жана Герцеговина, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Косово, Молдова Республикасы, Черногория, Сербия, Тажикстан, Түндүк Македония Республикасы, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты. 

3 күндүк окуу семинарынын жүрүшүндө катышуучулар вакцинанын сапатын камсыздоо маселелери менен таанышып, эмдөөдөн кийинки кыйыр таасирлерге байкоо жүргүзүүнүн маалыматтарын чогултуу жана колдонуу боюнча алдыңкы тажрыйбалар менен алмашышты. 

Алардын ичинен 3 өлкөдө: Кыргызстанда, Сербияда жана Грузияда вакциналардын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү боюнча иштер өзгөчө белгиленип, аларга тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берилди. 

Семинар Пауль Эрлих институтунун эксперттери, EMA, АКШнын CDC, ECDC, Упсаладагы ДССУнун Кызматташуу борбору жана ДССУнун адистери тарабынан колдоого алынды. 

Семинардын жүрүшүндө ар бир өлкөнүн өкүлдөрү иммунизациядан кийинки кыйыр таасирлер боюнча маалыматтардын сапатын камсыздоого жана башкарууну жакшыртууга багытталган иш пландарын иштеп чыгышты.

05.07.2023
Улуттук онкология борборунда аялдар үчүн акысыз текшерүү жүргүзүлөт

2023-жылдын 6-июлунан 13-июлуна чейин Улуттук онкология жана гематология борборунда аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз скрининг жүргүзүлөт. Кароо Кытай Эл Республикасынан келген Нанкин медициналык университетинин адистери тарабынан жүргүзүлөт.

Жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өтүүнү каалагандар күн сайын саат 9:00-12:00 жана 14:00-17:30 чейин УОжГ борборуна (2 корпус, 2-кабат, 217-бөлмө) келе алышат. Жаныңызда өзүңүздү тастыктаган документ болушу керек.

Кабыл алуу 0550585756, 0706307750 телефондору аркылуу алдан ала жазылуу менен жүргүзүлөт.

Көңүл бургула! Скринингге каршы көрсөтмөлөр бар:

- кош бойлуулук;

- этек кир;

- скрининг жыныстык жашоо баштай элек кыздарга да жасалбайт.

Скринингден 2 күн мурун жыныстык катнашка барбай туруу сунушталат.

Аялдарды жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өткөрүү боюнча макулдашуу 2023-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде өткөн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын профессорлор Чжан Лей жана Ченг Виньцзюнь баштаган кытайлык адистердин делегациясы менен жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилгенин белгилейбиз.

Кытай келечекте Кыргыз Республикасынын медицина тармагындагы маанилүү өнөктөшү болуп саналат. Жатын моюнчасынын рагы - биринчи эл аралык медициналык кызматташуу долбоору болот. Кытай делегациясынын иш сапарынын максаты - биздин аялдарга жатын моюнчасынын рагын алгачкы баскычта аныктоого мүмкүнчүлүк берүү.

03.07.2023
Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтарга карата жооп кайтаруу чараларын күчөтүү: Биргелешкен тышкы баалоо жүргүзүлөт

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерге Биргелешкен тышкы баалоо миссиясын кабыл алууда.

Коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтардын алдын алуу, аныктоо жана тез арада чара көрүү боюнча Кыргызстандын потенциалын баалоо үчүн 2023-жылдын 3-июлунан 7-июлуна чейин өтө турган бул миссияга ар кайсы өлкөлөрдөн, техникалык институттардан жана БУУнун агенттиктеринен келген 15 эл аралык техникалык эксперт катышат.

Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы эл аралык жана улуттук эксперттердин катышуусу менен биргелешкен процесстин алкагында иммундаштыруу, лабораториялар жана башка 19 техникалык тармакты изилдейт.

Бул эксперттер Кыргыз Республикасынын бийлик өкүлдөрү менен бирге жума ичинде боло турган биргелешкен талкууларга катышат жана жер-жерлерге сапарларга да барышат. Бул миссиянын максаты саламаттык сактоо системасынын коопсуздугу жаатында Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптуу баалоо, кемчиликтерин жана күчтүү жактарын аныктоо, ошондой эле коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу үчүн өлкөнү баалуу маалыматтар менен камсыз кылуу болуп саналат.

Кыргызстан ДССУнун Европа регионундагы 53 өлкөнүн ичинен биргелешкен тышкы баалоонун экинчи раундун өткөргөн биринчи өлкө болуп саналат. Бул жетишкендик Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын коопсуздугунун потенциалын чыңдоого жана калктын бакубаттуулугун камсыз кылууга умтулгандыгын көрсөтөт.

Биргелешкен тышкы баалоо миссиясы эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан саламаттык сактоонун коопсуздугу боюнча стратегиялык жана оперативдүү Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууга дем берүү менен саламаттык сактоо системасынын коопсуздугун чыңдоодо чечүүчү ролду ойнойт.

Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди ишке ашыруу жана жалпы эле саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыздоо биздин өкмөттүн башкы орундагы милдети болуп саналат. Эл аралык кесип өтүүлөр кеңири жайылган мезгилде эффективдүү медициналык-санитардык коргоо калктын саламаттыгын камсыз кылуунун ажырагыс бөлүгү болуп калууда. Биргелешкен тышкы баалоо көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди гана ачып берүүчү терс процесс катары каралбашы керектигин түшүнүү керек. Тескерисинче, бул өзүңдүн жетишкендиктериңди жана потенциалыңды көрүү, ошондой эле андан ары жакшыртуу боюнча сунуштарды алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк”, - Гулнара Баатырова, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри. 

ДССУнун Кыргыз Республикасындагы Аймактык директорунун Атайын өкүлү жана кеңсе башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу доктор Шахин Хусейнов бул ыктыярдуу Биргелешкен тышкы баалоо миссиясынын маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Кыргызстандын Биргелешкен тышкы баалоонун ыктыярдуу миссиясын кабыл алууга даярдыгы анын саламаттык сактоо системасынын коопсуздук потенциалын чыңдоого жана өз калкынын бакубаттуулугун камсыз кылууга умтулгандыгын көрсөтүп турат. Бул баалоонун жыйынтыктары жана сунуштары өлкөнүн даярдыгын жогорулатуу жана чара көрүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча келечектеги аракеттерге багыт берет.»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана CDC саламаттык сактоонун коопсуздугун бекемдөө жана өз жарандарын коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтардан коргоону камсыз кылуу аракетинде Кыргыз Республикасын колдоого мурдагыдай эле даяр.

CDCтин Кыргыз Республикасы боюнча өлкөлүк директору Доктор Patrick Nadol:«Бүгүнкү өз ара тыгыз байланышкан дүйнөдө глобалдык саламаттык сактоо коопсуздугу болуп көрбөгөндөй маанилүү. CDC экинчи Биргелешкен тышкы баалоону өткөрүү үчүн Кыргызстан жана өнөктөштөр менен кызматташта болгонуна кубанычта. Бул системалуу көп сектордук баалоолор коомдук саламаттык сактоого болгон коркунучтардын алдын алуу, аныктоо жана аларга чара көрүү жаатында Кыргызстандын потенциалын бекемдөө үчүн колдонула турган бир катар тармактар боюнча негиз салуучу маалыматты берет.» 

***

 

Маалымат үчүн:

Биргелешкен тышкы баалоо — бул ыктыярдуу, биргелешкен, көп секторлуу процесс, өлкөнүн коомдук саламаттык сактоого болгон  коркунучтарды, алар табигый жол менен пайда болобу, же атайылап же кокусунан болгон окуялардын натыйжасында пайда болобу,  алдын алуу, аныктоо жана аларга тез арада чара көрүү жөндөмдүүлүгүн баалоо. Биргелешкен тышкы баалоо өлкөлөргө адамдын жана жаныбарлардын ден соолугун коргоо системасындагы эң маанилүү боштуктарды табууга, даярдыкты жана чара көрүүнү жогорулатуу үчүн артыкчылыктуу мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого жардам берет.

 

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) Америка Кошмо Штаттарынын саламаттык сактоо боюнча алдыңкы улуттук агенттиги болуп саналат. CDC ооруларды, жаракаттарды жана майыптуулукту көзөмөлдөө жана алдын алуу аркылуу коомдук ден соолукту жана коопсуздукту коргоо үчүн иштейт.

CDC дүйнө жүзүндөгү өлкөлөргө коомдук саламаттык сактоо жаатындагы потенциалын бекемдөө үчүн техникалык экспертиза жана колдоо көрсөтөт.

02.07.2023
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу медицина кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Мамлекеттин эң негизги байлыгы - эл-журтубуздун саламаттыгы үчүн күн-түнү күзөт кылып, жан чыдагыс ооруларга күбө болуп, кайратыңыздардан тайбай, эркиңиздерден жазбай чечкиндүүлүк менен адам өмүрү деп күрөшүп келе жатасыздар.

Сиздердин бейтаптардын дартына даба, өмүрүнө себепчи болуп, жашоого болгон үмүттөрүн жандырып келе жаткан эбегейиз эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.

Мамлекетибиз социалдык тармакты өнүктүрүү, жарандардын саламаттыгын чыңдоо, жашоо сапатын жакшыртуу жана өмүрүн узартууну өлкө саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын өзөгү катары карайт.

Акыркы жылдары республикалык бюджеттин жана ошондой эле эл аралык фонддордун, донорлордун эсебинен саламаттык сактоо тармагында иннновациялык долбоорлор ишке ашырылып, инфратүзүм да жакшыртылып жатканын белгилей кетүү керек.

Дарылоо ишин оптималдаштыруу үчүн дагы жаңы технологиялар, жаңы ыкмалар керек экени айкын. Электрондук саламаттык сактоону толук кандуу ишке киргизүү менен саламаттык сактоодогу көйгөйлөрдү чечүү алда канча жеңилдейт.

Саламаттык сактоо тармагынын инфратүзүмүн модернизациялоого, ошондой эле ооруканаларыбызды заманбап технологиялар менен жабдууга жана өлкөбүздүн кайсы бурчунда болбосун сапаттуу медицина кызматтарын көрсөтүүгө жетишүү үчүн медицина тармагына инвестиция салуу – башкы максатыбыз. Ошондо гана жалпы журтубуздун, айрыкча, алыскы аймактардагы элибиздин сапаттуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн толук камсыздай алабыз.

Биз ооруларды алдын алуу ишин биринчи орунга коюу менен баштапкы медициналык санитардык жардам системасын маанилүү багыт деп билебиз. Бул багыт, албетте, тажрыйбалуу дасыккан медициналык адистерсиз натыйжа бере албайт.

Ардактуу саламаттык сактоо кызматкерлери, тизмектелип өткөн иш-чаралар сиздердин жардамыңыздар менен гана өз максатына жетет, сиздердин эмдүү, шыпаалуу колуңуздар менен мээримдүү мамилеңиздерди бир да медициналык шайман алмаштыра албайт. Андыктан, улут саламаттыгы сиздердин колуңуздарда. Ар бир дени сак мекендешибиз өз өлкөсүнүн экономикасын көтөрүүгө салым кошот. Ошондуктан, өлкөнүн башкы каармандары – бул медиктер деп айтууга толук негиз бар.

Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, берекелүү турмуш каалайм. Жакындарыңыздар менен бирге бакубат өмүр сүрүңүздөр. Элдин сак-саламаттыгы жаатындагы ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун!

Дагы бир жолу майрамыныздар менен!”.

02.07.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырованын Медицина кызматкерлерин күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу кесиптештер!
Кадырлуу медицина кызматкерлери!
Улуттун саламаттыгы - өлкөнүн келечектүүлүгүн аныктайт. Демек, ар бир жарандын, ар бир үй-бүлөнүн саламаттыгынын чың болушу - сөзсүз түрдө өлкөнүн өнүгүүгө карай жол алышына шарт түзөт. 
Өмүр сакчыларына жардамга келүүгө ар дайым даяр болуп, кесиптик милдеттерин жан үрөп аткарууга байланышкан татаал миссия жүктөлгөн. Бул миссия эбегейсиз чоң күчтү, энергияны, сезимталдыкты талап кылат.
Дарыгерлер мындай өтө зор жоопкерчиликти бийик коюп, чебер колдору, камкор, мээримдүү мамилеси аркылуу жакшылыктын булагы болуп, кээде чыныгы кереметтерди жаратышат.
Канчалаган адамдарга шоола чачкан алардын эмгеги эсепсиз жана эбегейсиз.
Адам өмүрүнөн жана ден соолугунан кымбат эч нерсе жок. Бул баалуулуктардын сакчылыгында турган жалгыз гана кесип ээлери - ал урматтуу дарыгерлер! Өз өмүрүн медицинага арнагандардын баардыгына таазим этип, ыраазычылыгымды билдирем жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Медицина кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бардыгына эмгегиндеги жаратмандыкты, жетишкендиктерди жана үй-бүлөдөгү таалайлуу, байсалдуу өмүрдү каалайм. Ар дайым эл кызматында эсен-соо болунуздар!
Майрамыңыздар куттуу болсун!
Урматоо менен,
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри
Гулнара Баатырова

29.06.2023
Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанат

Жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнү белгиленет.

Бүгүн, 2023-жылдын 29-июнунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган республиканын медицина коомчулугунун салтанаттуу жыйыны болуп өттү.

 

Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, саламаттыкты сактоо тармагынын ардагерлери жана өлкөдөгү саламаттыкты сактоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

 

Куттуктоо сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров, элдин ден соолугу – мамлекеттик саясатта негизги артыкчылык экенин билдирди. 

 

“Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө дени сак элдин көп болушу маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Президент кабыл алган 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасы – медицина тармагындагы стратегиялык программаларды, долбоорлорду, пландарды ишке ашырууга мүмкүндүк берет. ООНдун Туруктуу өнүгүү максаттарында – Саламаттык сактоо – 3-максат. Анда жалпы элди сапаттуу саламаттык сактоо менен камтуу – маанилүү ролдо турат”, – деди Акылбек Жапаров.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова миңдеген медицина кызматкерлеринин армиясын – бүт өмүрүн адам ден соолугуна жана өмүрүнө кам көрүү үчүн арнагандарды кесиптик майрамы менен куттуктап, медицина кызматкерлеринин күнүмдүк эбегейсиз зор эмгеги, кызматына жана кесибине берилгендиги, кесипкөйлүгү жана мыкты адамдык сапаттары эң жогорку баалоого жана алкышка татыктуу экенин белгиледи. Ал ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагынын ардагерлерине, калктын ден соолугуна кам көрүүгө жумшаган көп жылдык талыкпаган эмгеги жана шакирттердин бүтүндөй армиясын тарбиялаганы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

 

Бул керемет күн Т.Сатылганов атындагы филармониянын чыгармачыл жамаатынын өнөрлөрү менен кооздолуп, күнү-түнү өлкөбүздүн калкынын саламаттыгынын сакчылыгында турган ак халатчан баатырларга майрамдык маанай тартуулады.

 

Мындан тышкары, майрамдык иш-чаранын алкагында мыктылар жана татыктуулар сыйланды. Республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын 663 кызматкери «Саламаттык сактоонун аркасында кызматкери» төш ​​белгисинин, дагы 525 өзгөчөлөнгөн медицина кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.

27.06.2023
Шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарыкка келди

2023-жылдын 20-июнунда Бишкектеги Шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарыкка келди, бир уул жана эки кыз. Биринчи наристе 1 кг 400 гр, ал эми кыздар 1 кг 740 гр жана 1 кг 690 гр салмакта төрөлгөн.

Бул 33 жаштагы Чъй облусунун тургунун экинчи кош бойлуулугу. Төрөт мөөнөтүнөн мурда 33-жумада болгон. Төрөлгөндө ымыркайлар 3 күн реанимация жана интенсивдүү терапия (РИТ) шартында болуп, абалы турукташкандан кийин 2023-жылдын 23-июнунда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын экинчи этаптагыкам көрүү бөлүмүнө которулган. Учурда апасынын жанында дарыланууну улантышууда.

26.06.2023
ДМЧАларды коргоо үчүн санариптештирүү: Күбөлөндүрүү процедурасын жөнөкөйлөтүүнүн алгачкы жыйынтыктары

 23-июнь 2023-жылы Эндокринология борборунун жана №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун медицина кызматкерлери керектүү документтердин пакетин ийгиликтүү түзүп, аларды санариптик чечимдин жардамы менен медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясына (МСЭК) жөнөтүштү. Мурда белгиленгендей, бул маалыматтык системаны ишке киргизүүдө талап кылынган документтердин саны 11ден 2ге чейин кыскарат.

МСЭК тарабынан документтердин каралышына жараша саламаттык сактоо системасына кароонун жыйынтыктары жөнүндө жооп жөнөтүлөт, бул саламаттык сактоо уюмдарына майыптуулук тобуна ылайык жеңилдетилген шарттарда медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Ошентип, санариптик чечимди ийгиликтүү ишке ашыруу күбөлөндүрүү, кайра күбөлөндүрүү жана майыптык фактысын аныктоо процедурасынан өтүүдө бюрократияны азайтат, аны жеңилдетет жана жеткиликтүү кылат.

Эске салсак, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2023- жылдын 17-мартында «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке киргизүүгө старт берген, анын алкагында көйгөйдү чечип, коюлган максатка 100 күндүк мөөнөттө жетүү зарыл.

23.06.2023
Улуттук госпиталдын “Ден соолук кербени” Чүй облусунун айылдарынын тургундарын профилактикалык кароодон өткөрүүдө

Улуттук госпиталдын «Ден соолук кербени» автопоездинин базасындагы көчмө консультациялык-диагностикалык кызматынын бөлүмү айылдардын жана жетүүгө кыйын аймактардын калкынын ооруларын алдын алуу жана диагностикалоону жакшыртуу максатында айыл тургундарын жана алыскы аймактардын жашоочуларын профилактикалык кароодон өткөрөт. 

“Ден соолук кербенинин” камтуу аймагына Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустары кирет.

  «Ден соолук кербени» 2022-жылдын май айынан ноябрга чейин Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жети районундагы 129 миң 770 жашоочусу бар 24 айыл округун кыдырып, 41 815 тургундумедициналык кароодон өткөрүп, анын ичинен 4 621и лабораториялык жана диагностикалык жабдууларды колдонуу менен деталдуу текшерүүдөн өткөн.

2023-жылдын март айынан май айына чейин «Ден соолук кербени» Ысык-Көл облусунун 11 айыл округунун тургундарын камтып, анда 16 826 адам текшерилип, анын ичинен 2 437 адам лабораториялык жана диагностикалык жабдуулардын жардамы менен деталдуу текшерүүдөн өттү.

Учурда Улуттук госпиталдын көчмө консультациялык-диагностикалык кызматынын «Ден соолук кербени» Чүй районунун айылдарынын тургундарын профилактикалык кароодон өткөрүүнү улантууда. 2023-жылдын июнь айынын башынан бери 6 миңден ашуун адам текшерүүдөн өткөрүлдү.

Көчмө консультациялык-диагностикалык кызмат бөлүмүнүн иши «Ден соолук кербени» автопоездинин базасында ишке ашырылат. «Ден соолук кербени» автопоезди төрт модулдуу (чиркелген кабина) эки «Камаз 43118» унаасынан турат, булар офтальмологиялык, гинекологиялык, терапиялык, стоматологиялык, эндокринологиялык жана кардиологиялык ооруларды аныктоого ылайыкташтырылган «Флюорограф», «Стоматолог», «Диагностика» төрт модулдуу мобилдүү дарылоо-профилактикалык модулдары.

22.06.2023
Камаздын базасындагы Ош облусунун Мобилдик клиникасы Өзгөн районунда ишин алып барууда

Оорулардын алдын алуу жана алыскы аймактардын жашоочуларына медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатында Мобилдик клиникалар жер-жерлерде жарандарды акысыз медициналык кароодон өткөрүп келет. 

Камаздын базасындагы Ош облусунун Мобилдик клиникасынын адистери тарабынан жүргүзүлүп келе жаткан медициналык кароо ушул тапта өз ишин Өзгөн районунда улантууда. 2023-жылы 13-июндан 16-июнга чейинки убакытта Өзгөн районундагы Дөң-Булак, Карча-Бек, Кызыл-Тоо жана Эркин-Тоо айылындарынын тургундары медициналык кароодон  өткөрүлдү. Төрт күн аралыгында  терапевт дарыгеринин кароосунан – 157, акушер-гинеколог дарыгеринин кароосунан – 86 (төртөө кош бойлуу), УЗИ кызматына – 124 кайрылса, Гепатит В,С, ВИЧ жана жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга 198 адам тестирлөөдөн өткөн. Текшерүүдөн өткөн айыл тургундары, медициналык кароонун жыйынтыгы менен 68 жаран диагнозуна жараша тиешелүү ооруканаларга кошумча изилдөөдөн өтүүгө жана дарыланууга жөнөтүлдү.

21.06.2023
Саламаттык сактоо министрлиги санариптик медициналык сүрөттөрдү бир тармакка бириктирет

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги облустук бириккен ооруканаларда орнотулган 5 компьютердик томографты санариптик медициналык сүрөттөрдүн бирдиктүү тармагына туташтырууну аяктоодо. Бул демилгенин негизги максаты – кийинчерээк сүрөттөрдү баяндоо үчүн медициналык сүрөттөрдү бөлүшүүнү жеңилдетүү. Мындай ыкма региондордон келген бейтаптардын диагноз коюуга жана тиешелүү дарылоону баштоого жетишүүсүн кыйла жеңилдетет.

«Санариптик саламаттыкты туруктуу өнүктүрүү жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизи болуп саналат. Биз “маалымат бейтапты ээрчийт” принцибин ишке ашырышыбыз керек жана бул демилге бул багыттагы дагы бир кадам”, - деди саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Жогорку квалификациялуу дарыгерлери бар алдыңкы улуттук борборлор алардын жумуш профилине дал келген КТдан алынган санарип сүрөттөрдү баяндоо менен алектенишет. Бул натыйжаларды чечмелөөнүн сапатына жана тактыгына кепилдик берет.

Санариптик медициналык сүрөттөрдү сактоонун бирдиктүү тутумун түзүү медициналык тармактагы студенттерди окутуу, иштеп жаткан дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен сүрөттөрдү баяндоодо дарыгерлерди колдоого мүмкүндүк берет.

Санариптик медициналык сүрөттөрдү бир тармакка бириктирүү маалымат алмашуунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана каржылык чыгымдарды азайтууга жардам берет. Бул ар кандай мекемелердин ортосунда медициналык сүрөттөрдү өткөрүүгө жана алууга кеткен убакытты кыскартат жана кам көрүү үчүн керектүү маалыматтарга тезирээк жана так жетүүгө мүмкүндүк берет.

Бул демилге өлкөнүн саламаттык сактоо системасын жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат. Бул диагностиканын жана дарылоонун сапатын жогорулатууга, медициналык адистерди окутууга жана медициналык ишмердүүлүк жаатындагы чыгымдарды азайтууга өбөлгө түзөт.

19.06.2023
Улуттук кардиология жана терапия борборунда көчмө мобилдик томограф ишке кирди

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун (УКжТБ) Эл аралык радиологиялык технологиялар академиясы (Япония) жана Sansei корпорациясынын ортосундагы эл аралык кыргыз-жапон кызматташтыгынын алкагында (Япония), 2023-жылдын 31-январында саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган, анын негизинде Sansei корпорациясы УКжТ борборуна гуманитардык жардам катары көчмө компьютердик томограф жабдыгын бир жылдык мөөнөткө убактылуу пайдалануу үчүн берди. Бул долбоор биздин адистерди окутуп, өлкөнүн алыскы аймактарындагы калкты бекер текшерүүгө, ошону менен ар кандай ооруларды алгачкы баскычта аныктоого мүмкүндүк берет. Ооруларды эрте аныктоо – бул оорулуулардын ден соолугун сактоо жана азыраак чыгым менен, аларды өөрчүп кете электе жана кошумча кийлигишүүлөрсүз айыктыруу мүмкүнчүлүгү. Ал эми компьютердик томографтын мобилдүүлүгү жана акысыз текшерүү бейтаптын дарыгерге жана изилдөөнүн кымбат баалуу түрүнө болгон жолун кыскартып, калктын каржылык кыйынчылыктарын чечет.

19.06.2023
Кыргызстандын делегациясы ДССУнун жаңы “Иммундук патруль” билим берүү модулу менен таанышты

2023-жылдын 14-15-июнунда Ереван шаарында ДССУнун техникалык колдоосу менен уюштурулган субрегионалдык жыйын болуп өттү, анда Армениянын Саламаттыкты сактоо министрлиги иммундук система жана иммундаштыруубоюнча "Иммундук патруль" деп аталган жаңы билим берүү модулун пилоттук ишке ашыруунун жыйынтыктары менен бөлүштү.

Жыйынга Кыргызстандын, Армениянын, Грузиянын, Казакстандын, Молдова Республикасынын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрликтеринин жана улуттук эмдөө программаларынын өкүлдөрү, ошондой эле ДССУнун кызматкерлери катышты.

“Иммундук патруль” ДССУ Европа Регионалдык Бюросу тарабынан иштелип чыккан 10-12 жаштагы окуучулар үчүн оюнга негизделген билим берүү модулу. Модуль 2022-жылдын декабрь айында Армениянын 5 мектебинде сыналган жана азыркыга чейин 500дөн ашык окуучу аны колдонгон. Жыйында “Иммундук патруль” программасы жакынкы арада өлкөдөгү жалпы билим берүүчү мектептердин программасына кирип, сергек жашоо образын жайылтууга багытталаары айтылды.

Модулду ишке ашыруу боюнча Армениянын тажрыйбасы менен таанышуудан тышкары, башка өлкөлөрдөн келген катышуучулар “Иммундук патрулду” өз өлкөлөрүндөгү мектеп программасына киргизүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого жана иш-аракеттер планын түзүүгө чакырылган.

19.06.2023
Чакырыктарды жеңүү жана Кыргыз Республикасында эненин, ымыркайдын жана баланын ден соолугун чыңдоо

  Кыргыз Республикасында эненин, ымыркайдын жана баланын ден соолугун чыңдоо боюнча жогорку деңгээлдеги диалог болуп өттү. Диалогдо жергиликтүү, аймактык жана глобалдык деңгээлдеги мыкты тажрыйбаларга жана далилдерге таянуу менен эненин, ымыркайдын жана баланын ден соолугун жакшыртуу, эне жана бала өлүмүн көзөмөлдөө жана ага жооп кайтаруу боюнча ДССУнун сунуштары берилди.

Акыркы он жылдыкта Кыргыз Республикасы неонаталдык жана балдардын өлүмүнүн олуттуу кыскарышына жетишти, неонаталдык өлүм 40%га, 2001-жылдагы 1000 тирүү төрөлгөнгө 19,92ден 2021-жылы 11,92ге чейин, ал эми беш жашка чейинки балдардын өлүмү 63%га кыскарды, 2001-жылы 1000 жаңы төрөлгөн балага 47,35тен 2021-жылы 17,4кө чейин.

Энелердин өлүмү да азайды. 2000-жылы 100 000 тирүү төрөлгөнгө 87ден 2020-жылы 50гө чейин жетип, жыйырма жылдын ичинде 42,5%га азайган. Бирок, Кыргыз Республикасында энелердин өлүмүнүн деңгээли ДССУнун Европа аймагындагы орточо 100 000 жаңы төрөлгөнгө 13 көрсөткүчүнө салыштырмалуу жогору бойдон калып, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.

Диалогго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, бир катар министрликтердин өкүлдөрү, ошондой эле медицина кызматкерлери, ДССУнун эксперттери, кесиптик ассоциациялардын мүчөлөрү жана бейтаптар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана эненин жана баланын ден соолугун чыңдөө тармагында иш алып барган донордук уюмдар катышты.

Катышуучулар медициналык кызматкерлердин потенциалын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу аркылуу энелерге, ымыркайларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө кам көрүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иш-аракеттерди синхрондоштурууга макулдашышты.

***

Кошумча маалымат: Талкуу ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ДССУнун миссиясынын жана “Энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу үчүн стационардык жардамдын сапатын жогорулатуу жана ТӨМ жетишүүнү тездетүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бул долбоор Россия Федерациясы тарабынан каржыланып, Кыргызстандагы 10 ооруканада энелерге жана балдарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган жана Тажикстан, Монголия, Вьетнам сыяктуу башка өлкөлөрдө ишке ашырылууда.

19.06.2023
Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу эмне үчүн маанилүү жана “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы жарандардын ден соолугуна, бейтаптардын укуктарына жана Кыргызстандын социалдык чөйрөсүнө кандай таасирин тийгизет?

Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу эмне үчүн маанилүү жана “Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы жарандардын ден соолугуна, бейтаптардын укуктарына жана Кыргызстандын социалдык чөйрөсүнө кандай таасирин тийгизет?       Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору медицина илимдеринин доктору, профессор Талантбек Сооронбаевдин Мыйзам долбоорун талдоосу.

Маанилүү чакырык 

Жугуштуу эмес оорулардын негизги тобуна жүрөк-кан тамыр оорулары, онкологиялык оорулар, бронх-өпкө оорулары, кант диабети жана психикалык бузулуулар кирет жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) таануусу боюнча саламаттык сактоо жаатындагы глобалдык чакырыктарды билдирет.

Бул оорулар көп учурда узак мөөнөттүү жана кымбат дарыланууну талап кылат жана алардын кесепеттери эмгекке жөндөмдүүлүккө, жашоо сапатына, социалдык-экономикалык чөйрөгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Жугуштуу эмес оорулар дүйнө жүзү боюнча майыптуулуктун жана өлүмдүн негизги себептери болуп саналат. Бардык өлүмдөрдүн дээрлик төрттөн үчү жугуштуу эмес оорулардын келип чыгуусунан болуп саналат жана ДССУнун болжолдоолору боюнча, бул оорулардан өлүм ар бир 10 жылда орточо 17% га көбөйөт.

Ушуга байланыштуу жугуштуу эмес оорулардын жүгүн азайтуу боюнча глобалдык максаттарга жетүү үчүн өкмөттүн кечиктирилгис кадамдары зарыл жана жыл сайын 16 миллион учурдан, 70 жашка чейин жүрөк жана өпкө ооруларынан, инсульттан, рактан жана диабеттен эрте өлүмдүн алдын алат.

 

Бүгүнкү күнгө чейин, жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган учурлардын 80% га жакынынын өөрчүүсүн, 2-типтеги диабеттин өөрчүүсүн, ошондой эле бардык залалдуу шишиктердин үчтөн биринен көбүнүн алдын алууга болот деген далилдер бар.

Алгачкы алдын алуу 

Жугуштуу эмес оорулардан келип чыккан эрте өлүмдү мамлекеттик саясаттын жардамы менен олуттуу кыскартууга болот. Негизинен оорунун өнүгүшүнө тоскоол болгон алгачкы алдын алууга басым жасоо керек.

Ушул негизги жоболордун бардыгы "коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" мыйзам долбоорунда концептуалдуу чагылдырылган.

Белгилей кетсек, сунушталып жаткан документ калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы принциптерге толуктоолорду киргизет.

Дагы: 

- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктары каралган; 

- ден соолукту чыңдоо, жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча чаралар күчөтүлгөн жана аныкталган; 

- коомдук саламаттык сактоо кызматынын иштөө системасы киргизилет;

- саламаттык сактоо уюмдарынын мамлекеттик саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүгө катышуусу үчүн кеңейтилген мүмкүнчүлүктөр;

 - медициналык электрондук маалыматтык тутумдун (санариптик саламаттык сактоо) элементтерин колдонуу жана өнүктүрүү үчүн негиздер каралган;

 - мамлекеттик саламаттык сактоо кызматтарын жана уюмдарын каржылоонун принциптерин жана булактарын, механизмдерин системалаштырган;

Ошону менен бирге Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бул мыйзам долбоорунун аткарылышына мониторинг жүргүзүү каралган.

Калктын ден соолугун жакшыртуу

«Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө» мыйзам кабыл алынса, калктын саламаттыгын чыңдоого багытталган саясатты жана программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн укуктук негиз түзүлөт. Ал саламаттык сактоонун стандарттарын, милдеттенмелерди жана контролдоо механизмдерин белгилөөгө мүмкүндүк берет, бул оорулардын алдын алууга жана калктын жалпы жыргалчылыгын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" мыйзам натыйжалуу жана туруктуу саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.  Бул саламаттык сактоонун ар кандай структуралык компоненттеринин ролун жана жоопкерчилигин аныктоого, каржылоо, жөнгө салуу жана контролдоо жол-жоболорун түзүүгө, саламаттыкты сактоо тутумунун ар кандай катышуучуларынын ортосунда кам көрүү жана координациялоо механизмдерин иштеп чыгууга жардам берет. 

Бейтаптардын укуктарын коргоо

«Калктын саламаттыгы жөнүндө» мыйзам долбоорунда бейтаптардын укуктарын коргоону кепилдеген жоболор камтылган. Ал медициналык тейлөөнүн сапатына, саламаттыкты сактоо боюнча маалыматтын купуялуулугуна, маалымдалган макулдукка жана чыр-чатактарды чечүү жана чечүү механизмдерине стандарттарды белгилейт. Бул бейтаптар менен медициналык кызматкерлердин ортосундагы ишенимди күчөтүп, бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоону камсыздайт.

Алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү

“Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору өзгөчө кырдаалдардын жана калктын ден соолугуна коркунуч туудурган жагдайлардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт. Бул эпидемияга, табигый кырсыктарга, пандемияга жана башка өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну пландаштырууну жана координациялоону, ошондой эле эффективдүү жооп кайтаруу үчүн зарыл ресурстарды жана инфраструктураны камсыз кылууну камтышы мүмкүн. 

Эл аралык кызматташтыкты чыңдоо

“Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы эл аралык уюмдар, анын ичинде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) менен кызматташууну күчөтүп, саламаттыкты сактоо жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырат.

Бул тажрыйба алмашууга, каржылоого мүмкүнчүлүк берет, техникалык колдоо жана саламаттык сактоо тармагында мыкты тажрыйбаларды өткөрүп берүүгө өбөлгө түзөт.

Бардык талкуулардын жана толуктоолордун жыйынтыгында мыйзам саламаттык сактоо секторун жакшыртууга укуктук негизди жана стратегиялык мамилени түзүүгө карай маанилүү кадам болуп калат. Бул өз кезегинде дени сак, коопсуз жана бакубат коом болушуна өбөлгө түзөт.

19.06.2023
Гүлнара Баатырова Өкмөттүк акселератордун алкагындагы иштердин аткарылышы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатыровага Бишкек шаарынын ҮМБсына болгон сапары учурунда Өкмөттүк акселераторлордун алкагында күбөлөндүрүүдөн өтүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча саламаттык сактоо системасы тарабынан жүргүзүлгөн иштер менен тааныштырылды.

Бул процедураны жөнөкөйлөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултуу, сактоо жана иштеп чыгуу үчүн санариптик чечим иштелип чыкты. Талап кылынган документтердин санын (11ден 2ге чейин) кыскартууга мүмкүн болду, ошондой эле бейтаптын түздөн-түз катышуусусуз МСЭК органдарына бейтап жөнүндө маалыматты жөнөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

"МСЭК органдарына андан ары жиберүү үчүн керектүү документтерди даярдоо жол-жобосу жөнөкөй, жеткиликтүү жана негиздүү болушу керек. Бюрократияны азайтууга, ошондой эле майыптыкты аныктоочу оорунун түрүнө ылайык келбеген изилдөөлөрдү дайындоого өзгөчө көңүл буруу зарыл", - деп белгиледи Г.Баатырова.

Бул санариптик чечимдердин жардамы менен жол-жоболор жөнөкөйлөтүлүп, жеткиликтүүлүгү артып жана мамлекеттик органдардын маалымат системаларында бар документтерди талап кылуу боюнча бюрократиялык чыгымдарды азайтуу болот деп күтүлүүдө.

Эске салсак, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын 17-мартында "Өкмөттүк акселераторлор" программасын ишке киргизип, анын алкагында көйгөйдү чечип, коюлган максатка 100 күндүк мөөнөттө жетүү зарыл.

19.06.2023
Кыргызстанда биринчи жолу өпкөнүн иштешин сактоо менен бир бөлүгүн алып салуу боюнча минималдуу инвазивдүү хирургиялык операция жасалды

Кыргызстанда биринчи жолу өпкөнүн лобэктомиясы боюнча (өпкөнүн иштешин сактоо менен бир бөлүгүн алып салуу) минималдуу инвазивдүү хирургиялык операция жасалды. Мастер-класс режиминдеги бул операция КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда Синьцзян медициналык университетинин Көкүрөк хирургиясы борборунун дарыгерлеринин делегациясынын илимий иш сапарынын алкагында жүргүзүлдү. Кытай дделегациясын борбордун директору доктор Че Июн баштап келди.

Алдын ала кыргызстандык жана кытайлык дарыгерлер өпкө кургак учугун хирургиялык дарылоодогу заманбап ыкмалардын өзгөчөлүктөрүн илимий-практикалык конференцияда талкуулашкан. Кытайлык дарыгерлер көкүрөккө минималдуу инвазивдүү хирургиялык операцияларды жасоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Маалым болгондой, минималдуу инвазивдүү хирургия эндоскопиялык ыкмаларды колдонуу менен же булчуңдардын кичинекей кесилиши аркылуу хирургиялык кийлигишүүлөрдөн кийин травмаларды олуттуу түрдө азайтат. 

«Өпкөнүн лобэктомиясы боюнча операция Кыргызстанда биринчи жолу жасалып жатат, - дейт Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров. – Операцияга тартылган бардык жабдуулар келечекте ушул сыяктуу операцияларды жасоо үчүн биздин борбордо калат».

Кытайлык дарыгерлердин илимий иш сапарынын жыйынтыгында Синьцзян медициналык университетинин Көкүрөк хирургиясы борбору менен Улуттук фтизиатрия борборунун ортосунда илимий-практикалык кызматташууну улантуу боюнча үч жылдык Келишимге кол коюлду. Анын алкагында медициналык кызматкерлерди даярдоо, тажрыйба алмашуу ж.б. каралган.

Иш сапар КРнын Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев менен жолугушуу менен аяктап, анда ыраазычылык билдирүү менен бирге Кыргызстанда өпкө кургак учуктун минималдуу инвазивдүү хирургиясынын келечеги талкууланды.

Кыргызстан менен Кытайдын дарыгерлеринин тажрыйба алмашуусу ШКУнун (Шанхай Кызматташтык Уюму) илимий-техникалык өнөктөштүгүнүн алкагында «Борбордук Азияда көкүрөк хирургиясында стандартташтырылган минималдуу инвазивдүү методдорду жайылтуу жана колдонуу» программасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Улуттук фтизиатрия борбору бул программа менен 2016-жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келет. Буга чейин Кыргызстандын хирургдары бир катар илимий онлайн семинарларга катышып келишкен. Алардын кытайлык кесиптештеринин азыркы сапары ШКУ программасын ишке ашыруунун кезектеги этабы болуп саналат.

16.06.2023
Кыргыз илимий адамдын репродукциясы борборунда чоң салмактагы ымыркай төрөлдү

Сүйкүмдүү 27 жаштагы жаш эненин жашоосунда көптөн күткөн кыялы орундалып, энеликтин сыймыктуу ээси болуп калды. Бирок, тагдыр ага укмуштуудай белек даярдап койуптур - анын тун уулу күч менен кубаттуулуктун чыныгы образы болгон өзгөчө наристе төрөлдү. Кыргыз илимий адамдын репродукциясы борборунун маалыматы боюнча, төрөлгөн наристенин өзгөчө салмагы бар, бул албетте анын чың ден соолугунун жана укмуштуудай күчүнүн символу. Кичинекей баатырдын салмагы 5130 грамм, бою 56 сантиметр болуп төрөлгөн. Эненин жана баланын ден соолугунун абалы канааттандырарлык, алар үйлөрүнө чыгарылды.

Статистикага ылайык, 2022-жылы республика боюнча бардыгы болуп 146 906 төрөт катталган, анын ичинен 1 742 баланын салмагы 5 килограммдан ашкан. Белгилей кетсек, бул тизмеде Жалал-Абад облусу алдыңкы орунда турат, анда бир жылда 1584 бала 5 килограммдан ашык салмакта төрөлгөн.

16.06.2023
Министр Бишкек шаарынын ҮМБда санариптик амбулаториялык картаны киргизүүнүн жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова санариптик амбулаториялык картаны киргизүүнүн жүрүшү менен таанышуу үчүн Бишкек шаарындагы №9 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барды.

Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Б.Джангазиевдин санариптик амбулаториялык картаны киргизүүнүн жүрүшү тууралуу маалыматын угуп, министр жүргүзүлүп жаткан иштерге оң баа берди жана өлкөнүн аймактарында, өзгөчө алыскы райондордо санариптик амбулаториялык картаны окутууну жана киргизүүнү жакынкы арада баштоону тапшырды.

№9 ҮМБнун жамааты менен маектешүү учурунда министр иш процесстерин оптималдаштыруу, кагаз түрүндөгү документтерди колдонууну кыскартуу жана медициналык персоналдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Ал ошондой эле бейтаптарды ҮМБга каттоо алардын жашаган жерине карабастан жүргүзүлүшүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошого карабастан, калктын ар кандай себептерден улам каттоодон баш тартууга байланыштуу даттануулары уланууда.

Сапардын жыйынтыгы боюнча министр кагаз амбулаториялык карталарды колдонуудан баш тартуу үчүн шарттарды камсыз кылууну, оорулардын санариптик тарыхын жана саламаттык сактоодо электрондук багыттар системасын иштеп чыгууга өтүүнү тапшырды.

16.06.2023
Нужна ли нам профилактика заболеваний? Споры и мнения вокруг проекта Закона кабинета министров «Об общественном здравоохранении»

          Кабинет министров 27 апреля 2023 года внес в Жогорку Кенеш проект Закона «Об общественном здравоохранении», который вызвал горячую дискуссию и обсуждение, как в стенах парламента, так и в обществе. Будем разбираться вместе с экспертами и руководителями организаций здравоохранения. Сегодня своим мнением поделилась  Назгуль Ташпаева – эксперт по социальной политике. 

          О чем законопроект и почему столько споров? 

Хотелось бы напомнить, что 8 февраля 2021 года Президентом страны была поставлена задача по реформированию службы общественного здравоохранения в Указе о неотложных мерах по развитию сферы здравоохранения и улучшению качества жизни и здоровья населения. Были подняты вопросы внедрения современных цифровых технологий и создания системы эпидемиологического надзора за инфекционными и неинфекционными заболеваниями, приводящими к инвалидизации и преждевременной смертности граждан, а также единой национальной системы оценки и управления рисками для здоровья с учетом трансграничной и интеграционной политики страны. 

Двадцать два закона регулируют вопросы охраны и укрепления здоровья, профилактики заболеваний, их диагностики, лечения, управления и финансирования системы здравоохранения. Пять из них затрагивают вопросы общественного здравоохранения, защиты населения от туберкулеза, ВИЧ, иммунопрофилактики инфекционных заболеваний, профилактики  йододефицитныхзаболеваний. 

Однако действующие Законы не позволяют выполнять задачи, поставленные в Указе Президента о неотложных мерах в сфере здравоохранения.  В рамках начатой в 2021 году инвентаризации законодательства согласно соответствующему Указу Президента  межведомственной экспертной группой  было поручено устранить выявленные несоответствия, оптимизировать и совершенствовать  законодательную  базу по вопросам общественного здравоохранения. Таким образом, действующие и актуальные нормы из пяти вышеуказанных законов были доработаны с учетом текущих вызовов, извлеченных уроков эпидемии COVID19 в стране, современных подходов и оптимальных мер государственной политики, имеющих отношение к факторам риска или заболеванию, и легли в основу новой редакции проекта закона об общественном здравоохранении. 

Законопроект «Об общественном здравоохранении» в первую очередь - об укреплении здоровья, во-вторых - о профилактике инфекционных и неинфекционных заболеваний, в-третьих - о мерах санитарно-эпидемиологического благополучия, включая в условиях чрезвычайной ситуации и чрезвычайного положения, услугах службы общественного здравоохранения. А это и есть основные функции общественного здравоохранения. Поэтому слова «профилактика», «профилактические», «общественное здравоохранение», «укрепление здоровья», «здоровье» используются 416 раз, наряду с другими важными мерами профилактики неинфекционных и инфекционных заболеваний, такими как ранняя диагностика и скрининговые исследования, динамическое наблюдение на амбулаторном уровне за пациентами с хроническими заболеваниями, регулярные обязательные профилактические медицинские осмотры детей и целевых групп взрослого населения. 

Проекта Закона об общественном здравоохранении распространяет свое действие как на граждан Кыргызской Республики, так и иностранных граждан и лиц без гражданства, постоянно или временно проживающих на территории Кыргызской Республики.

В законопроекте формируется законодательная основа для профилактики детей и молодежи в системе образования, инфекционного контроля, обязательного медицинского обследования и прививок для профилактики вирусных гепатитов, передающихся через кровь, профилактического лечения, профилактической вакцинации, скрининговых обследований для предупреждения онкологических заболеваний. Профилактика сахарного диабета также имеет эффективные и осуществимые на практике меры. Это и ранняя диагностика, скрининговые исследования, обязательные профилактические медицинские осмотры, динамическое наблюдение за детьми и лицами из групп риска.  Отдельные статьи в законопроекте посвящены профилактике неинфекционных заболеваний и включают конкретные механизмы реализации. 

Важно отметить, что законопроект прогрессивный, выстраивает целостность системы службы общественного здравоохранения, делает ее подотчетной перед населением и кабинетом министров, снижает коррупционные риски. Введены нормы, определяющие меры общественного здравоохранения в условиях чрезвычайной ситуации и чрезвычайного положения. 

          Споры об общественном здравоохранении идут давно. При этом действующий закон «Об общественном здравоохранении» был принят еще в 2009 году. Но по привычке понимание роли и задачах общественного здравоохранения в Кыргызстане, в большей степени, связано с санитарно-эпидемиологическим надзором и контролем, инфекционными заболеваниями. Передача надзорных функций в госинспекцию и их возврат в санэпид службу внесли много путаницы и пробелов в функциях общественного здравоохранения, а также ее подотчетности, что и создало коррупционные возможности. Меры реагирования службы общественного здравоохранения в условиях чрезвычайной ситуации и чрезвычайного положения  не отрегулированы действующим законом об общественном здравоохранении, что трагически повлияло на судьбы и жизни людей во время пандемии. 

Сама служба общественного здравоохранения до сих пор сопротивляется реформированию, усилению и укреплению ее основных функций. Сердечно-сосудистые, онкологические заболевания, сахарный диабет, хронические заболевания органов дыхания, психические расстройства не являются приоритетом для укрепления здоровья и мер профилактики. 

 Действующий закон об общественном здравоохранении 2009 года - сырой и декларативный, не имеет механизмов реализации, лишь в одной статье поднимаются  вопросы профилактики неинфекционных заболеваний и травм через проведение анализа и разработки государственных, национальных, целевых и других программ по профилактике неинфекционных заболеваний, несчастных случаев и травм. А где же сами меры профилактики в действующем Законе? Их нет. 

При этом на разных этапах развития страны, системы здравоохранения, роста заболеваемости и смертности от тех или иных болезней  стали  разрабатываться законы по отдельным заболеваниям. К примеру, в 1998 году был принят  закон «О защите населения от туберкулеза», в 1999 году – о психиатрической помощи. Есть законы о профилактике йододефицитных заболеваний, о сахарном диабете,  о ВИЧ/СПИДе в КР,  об онкологической помощи населению, об иммунопрофилактике инфекционных болезней. Многие законы устарели. Особенно наглядно видно в законе «О защите населения от туберкулеза», где профилактика туберкулеза основана только на противотуберкулезной вакцинации новорожденных (БЦЖ) и туберкулинодиагностике (проба Манту). В то время как в Кыргызстане уже активно внедряются и другие подходы. Такие меры профилактики туберкулеза как медицинское обследование и профилактическое лечение лиц, имевших контакт с заболевшим туберкулезом, должны быть предусмотрены на законодательном уровне в рамках государственных гарантий. Что и было сделано в законопроекте Кабинета министров.  

Другой спор, совершенно не связанный с законопроектом, но очень горячий и связан с вопросами финансирования из глобального фонда по борьбе с ВИЧ, туберкулезом и малярией. Сегодня в парламенте идут споры  некоторых депутатов и представителей отдельных НПО в борьбе за ресурсы глобального фонда, выделяемых стране на борьбу с туберкулезом и ВИЧ. Каждые 3 года Кыргызская Республика направляет концептуальную заявку в глобальный фонд в размере от 27 до 30 млн. долларов США, начиная с 2004 года. Эту заявку должны одобрять на заседании координационного совета по общественному здравоохранению при Кабинете Министров Кыргызской Республики. Однако этого не произошло. Вопросы прозрачности и эффективности использования средств глобального фонда очень важны на данном этапе, когда заболеваемость ВИЧ и туберкулезом растут в Кыргызстане.  Необходимо ориентировать, как и бюджетные средства, так и финансы грантов глобального фонда по борьбе с ВИЧ, туберкулезом и малярией на  снижение показателей заболеваемости  и  смертности от туберкулеза, ВИЧ/СПИД в стране. 

Перед системой общественного здравоохранения стоит множество вызовов, включая глобальный климатический кризис.  Он оказывает негативное влияние на здоровье населения и на услуги общественного здравоохранения. Уже сейчас нужны неотложные и эффективные шаги для усиления мер профилактики заболеваний. Кризисы в области здравоохранения постоянно нарастают, система не выдерживает высокую нагрузку роста заболеваемости в условиях бедности населения. Поэтому служба общественного здравоохранения должна работать уже в другой парадигме. Принятие законопроекта об общественном здравоохранении в новой редакции, инициированном Кабинетом министров, должно стать первым шагом на пути больших и важных системных изменений по профилактике заболеваний и укреплению здоровья в стране.