Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
04
12
2024
Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылып, облустук төрөт үйү болот
Шаардык тез жардам балдар ооруканасында кичинекей бейтаптар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү
22.05.2022
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Женевада сергек адаттарды жайылтуу максатында жүздөгөн адамдарды чогулткан иш-чарага катышты
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 22-майда Женевада өткөн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында өткөн #WalkTheTalk #HealthForHealth #Sport4Health демилгесине катышты.
КР Саламаттыкты сактоо министри сергек адаттарды жайылтуу максатында Женевада жүздөгөн адамдарды чогулткан жөө жүрүшкө катышты.
“Ден соолук бардыгы үчүн” чакырыгы ДССУнун башкы директору доктор Тедрос Адханом Гебрейюс, аймактык директор доктор Ханс Клюге жана башкалардын катышуусунда өттү.
Жарыш «Ден соолук бардыгы үчүн» жана «Спорт ден соолук үчүн» принциптерин жайылтуу максатында уюштурулууда. Чуркоо, басуу жана велосипед тебүү ден соолукту сактоого чоң салым кошот: жүрөк оорулары, кант диабети жана рактын кээ бир түрлөрүнүн тобокелдигин азайтат, ошондой эле дене салмагын көзөмөлдөөгө жана психикалык саламаттыкты жакшыртууга жардам берет. Маанилүү болгондой эле, көнүгүү коомдук өз ара аракеттенүү жана коомчулукту тартуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат.
22.05.2022
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 75-сессиясына катышууда
2022-жылдын 22-майында Женевада (Швейцария) Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын жетимиш бешинчи сессиясы башталды, ага Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун бардык мүчө-мамлекеттеринин делегациялары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы катышууда.
Бул сапардын алкагында саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун бир катар мүчө-мамлекеттеринин делегация башчыларынын жолугушуулары пландалууда.
Бул Ассамблеянын күн тартибинде саламаттыкты сактоо системасына тиешелүү бир катар маселелерди кароо кирет, мисалы: ден соолуктун жалпы камтылышына жетишүү, жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча чаралар, саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаалдардан натыйжалуу коргоону камсыз кылуу, ден соолукту жана бакубатчылыкты жакшыртуу, анын ичинде глобалдык стратегиялар жана саламаттыкты сактоо боюнча иш-чаралардын пландары.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жогорку чечим кабыл алуучу органы болуп саналат. Ассамблеянын негизги функциялары: Уюмдун багытын аныктоо, Башкы директорду дайындоо, Уюмдун финансылык ишмердигин көзөмөлдөө, сунушталган программалык бюджетти кароо жана бекитүү. Анын жылдык сессиялары Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлөт.
20.05.2022
Ош шаары жана Ош облусу боюнча Европалык эмдөө жумалыгы өтүүдө
Ош шаары жана Ош облусу боюнча Европалык эмдөө жумалыгынын алкагында бир канча иш аракеттер аткарылды. ЕЭЖ жугуштуу оорулардан коргоонунун негизги профилактикалык чараларынын бири катары иммунизацияга коомчулуктун көӊүлүн буруу максатында флешмоб өткөзүлүп 50дөн ашык жарандарыбыз анын ичинен ата-энелер жана медицина кызматкерлер катышты, “Баарына узун өмүр” урааны менен элдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бир канча ата-эне учурунда эмделбей калган балдарын эмдөөдөн өткөрүштү. Натыйжада 30 ата-эне балдарын эмдөөгө макул болушту.
Бардык адамдар, кайда болбосун, аларга керектүү жана сапаттуу вакциналарга эркин жете алышы керектигин белгилеп, ЕЭЖ алкагында ҮДБ1 дин 8-филиалынын дарыгерлери, мобилдик ыкчам топтору менен бир жума ичинде 18 жаштан жогорку жарандарга COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүүсүнө үгүттөө иштери жүргүзүлдү жана бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Белгилей кетсек өлкөбүздө Pfizer, Moderna жана Sinopharm кампанияларынын вакциналары бар жана эмдөөдөн өтүү үчүн жашаган жериниздеги ҮДБ/ҮДТ/ФАП кайрылсаныз болот. Эмдөө АКЫСЫЗ жүргүзүлөт.
Ош шаары жана Ош облусу боюнча, 2021 жылга баш таркандар 1-кварталга 1% түзсө, бүгүнкү күндө, аткарылган иш чаралардын негизинде 0,8% түздү.
В городе Ош и Ошской области в 2021 году количество отказывающих от вакцинации составило на 1 квартал 1% а на сегодняшний день, исходя из принятых мер, составляет 0,8%.
Урматтуу ата-энелер!
Пандемия COVID-19га байланыштуу же башка бир себептер менен ПЛАНДУУ ЭМДӨӨНҮ убагында баланызга жасатпай калган болсонуз жашаган жериниздеги ҮДБ/ҮДТ/ФАП кайрылсаныз болот. Эмдөө АКЫСЫЗ жүргүзүлөт.
Профилактикалык эмдөөлөр сизди жана балдарыңызды коркунучтуу жугуштуу оорулардан коргоонун бирден-бир жолу.
20.05.2022
Семинар-тренинг по «Финансовому менеджменту в системе здравоохранения»
17-19 мая 2022 года в связи с совершенствованием условий оплаты труда работников бюджетной сферы Кыргызской Республики с установлением единой модели формирования заработной платы, Министерством здравоохранения Кыргызской Республики в целях повышения квалификации финансово-экономических работников организаций здравоохранения, направленное на обновление и усовершенствование как практических, так и теоретических навыков и знаний, проводит семинар-тренинг по «Финансовому менеджменту в системе здравоохранения», для организаций здравоохранения города Бишкек , Чуйской , Нарынской, Тасской и Иссык-Кульской области.
Аналогичный тренинг для организаций здравоохранения города Ош, Ошской, Джалал-АБадской и Баткенской области будет проведен 23-26 мая 2022 года в городе Ош.
19.05.2022
КР Саламаттыкты сактоо министри Германиядагы кургак учук кызматынын иши менен таанышты
2022-жылдын 16-майынан 20-майына чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Германия Федеративдүү Республикасында иш сапары менен жүрөт, ал жерде Гаутинг, Аугсбург, Штутгарт шаарларынын кургак учукка каршы күрөшүү кызматынын лабораториялары менен таанышты.
Иш сапар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан делегацияларынын катышуусунда USAID ETICA 2022-жылга иш планынын бир бөлүгү болду.
Бул иш-чаранын катышуучулары микробиология жана лабораториялык медицина институтунда лабораторияларды башкаруу практикасы, үлгү логистикалык системасы жана лабораториялык маалымат тутумунун иштеши менен тааныша алышты.
«Кыргызстан өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен биргеликте кургак учук менен күрөшүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишти. Өлүм азайып, дарылоонун ийгилиги жогорулады. USAIDдин техникалык колдоосу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине саламаттыкты сактоо тутумунун ар кандай бөлүктөрүнүн ортосунда жардам көрсөтүүнү координациялоону жакшыртууга жана кургак учук менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берди. Бир кыйла эффективдуу амбулатордук дарылоо киргизилди. USAIDдин колдоосу менен сатылып алынган GeneXpert деген жаңы диагностикалык жабдуулар дарыгерлерге кургак учуктун дартын тез аныктоого жана илгери бир нече айга созулган оорунун дарыга туруктуу формаларын аныктоого мүмкүндүк берет. Өлүмгө алып келүүчү жугуштуу оорулар менен күрөшүү жана Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо максатында көрсөткөн колдоосу үчүн эл аралык донорлорго ыраазычылык билдиргим келет”, - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
19.05.2022
ВИЧ/СПИД: Кайдан жардам алса болот?
Анонимдүү жана акысыз консультация алып жана ВИЧке тесттен өтүү республиканын бардык аймактарында жеткиликтүү. СПИД борборлорунун даректери:
Республикалык СПИД борбору, Бишкек ш. Логвиненко 8; тел. (0312) 30 10 82
СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча шаардык борбору, Бишкек ш. Токтогул 62а; тел. (0312) 43-40-76
Ош облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борбору, Ош шаары, Моминов көчөсү 10; тел. (03222) 7 66 30
Жалал-Абад областтык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борбору, Жалал-Абад ш. Курортная 37; тел. (03722) 2-67-21, 6-03-42
Талас облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борбору, Талас, көч. Ленина, 257; тел. (03422) 5-52-36
Баткен облустук алдын алуу жана СПИД борбору, Баткен ш. Раззакова, 13; тел. (03622) 5-08-77
Ысык-Көл областтык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борбору, көч. Пролетарская, 118, Каракол; тел. (03922) 5-97-59
Нарын облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борбору, Нарын ш. Раззакова, 1; тел. (03522) 5-19-42
Чүй облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борбору, Токмок ш. Комсомольская, 129; тел. (03138) 3-06-12
Ошондой эле “Ден соолук жана ВИЧ” мобилдик тиркемеси аркылуу дарыгер, психолог, юрист жана ага тете консультанттан анонимдүү онлайн консультация ала аласыз.
Тиркеме ВИЧ жана анын диагностикасы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатат, антиретровирустук терапияга карманууну жакшыртат жана онлайн кеңеш алууга мүмкүнчүлүк берет.
Тиркеме акысыз жеткиликтүү жана колдонуучулардын анонимдүүлүгүнө жана купуялуулугуна кепилдик берет, кыргыз жана орус тилдеринде iOS жана Android платформаларында жеткиликтүү.
https://apps.apple.com/ca/app/health-and-hiv/id1604386682
https://play.google.com/store/apps/details?id=com.kg.HIVApp
Булак: Республикалык СПИД борбору
19.05.2022
КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы Бишкек шаарында лицензиясы жок иштеген 27 косметологиялык мекемени аныктады
2022-жылдын 11-апрелинен 30-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Комиссиясы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 11-апрелиндеги № 429 буйругуна, 18-апрелдеги № 473 буйругуна ылайык , Бишкек шаарындагы косметологиялык ишмердүүлүк менен алектенген лицензиясы бар жана лицензиясы жок өз алдынча ачылып, косметологиялык кызмат көрсөткөн борборлорду текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө лицензиясыз иш жүргүзгөн косметология мекемелери жана кеңселери аныкталган.
Бардыгы болуп 63 косметологиялык мекеме текшерилди.
63 мекеменин 36сы лицензиясы бар косметологиялык мекемелери. Анын ичинен 8и иштебейт, жабык; 2 көчүп кеткенден кийин лицензиясын жаңырткан эмес жана лицензиясыз иштеген; 2өө лицензияда дерматологиялык жана косметологиялык кызматтар көрсөтүлгөн эмес, 24ү лицензия менен иштейт.
63 мекеменин ичинен 27 косметология мекемеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы жок иштейт, алар уруксатсыз (Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы, аттестация күбөлүктөрү, медициналык калдыктарды жок кылуу, кызматкерлерди медициналык кароодон өткөрүү боюнча келишими жок) мыйзамсыз иш-аракет, мыйзамсыз дарылоо жана медициналык манипуляцияларды, хирургиялык кийлигишүүлөрдү жүргүзүшөт. Аталган мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык режим одоно бузулуп, медициналык таштандылар чыгарылбай, жалпы таштанды контейнерине ыргытылат. Бул мекемелерде ВИЧ/СПИД, В, С гепатити, кургак учук ж.б. оорулууларга жуктуруп алуу коркунучу бар. Бул мекемелердин көбү косметологдорду уруксат кагазы жок окутушат.
КР Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы жок иштеген 27 косметологиялык мекеменин ичинен 17 клиника тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына документтерин тапшырган, 10 клиникага санитардык-эпидемиологиялык корутундулар берилип, жаза чаралары көрүлөт. Чара көрүү боюнча көрсөтмө Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлоруна жөнөтүлдү.
19.05.2022
Чуй облусунда Европалык эмдөө жумалыгы активдүү уланууда
"Европалык эмдөө жумалыгы биз үчүн чон майрам, Чуй облусунда бүгүнкү күнгө чейин ар бир райондо медициналык кызматкерлер мобилдик ыкчам топтору менен биргеликте айыл кыдырып учурунда эмдөө албай калган балдарды эмдеп, жана ошондой эле улуу муундарыбызды жана 18 жаштан жогору жарандарыбызды COVID-19 илдетине каршы эмдеп келүүдөбүз" - деди Чуй облусунун иммунологу Тарбия Мустафаева.
Белгилей кетсек, 11-18 майга чейин
өлкөбүздө Европалык эмдөө жумалыгы 2022 официалдуу жарыяланган. Бирок республика боюнча жер жерлерде эмдөө жумалыгы уланууда.
Урматтуу ата-энелер!
Балдарыбызды ар кандай инфекциялык оорудан сайктайлы, убагында эмдетели!
17.05.2022
СПИДден каза болгондорду эскерүү күнү
Бүгүн, 17-май 2022-жылы СПИДден каза болгондорду эскерүү күнүнө карата пресс-кафе болуп өттү.
Иш-чара #ВИЧ жана #СПИД менен күрөшүп жатып каза болгондордун элесине эскерүү мүнөтүнөн башталды.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) демилгеси менен жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде ВИЧ/СПИДден каза болгон адамдарды эскерүүнүн эл аралык күнү белгиленет. 2022-жылы Бүткүл дүйнөлүк СПИДден көз жумгандарды эскерүү күнү “Биздин эсибизде! БИЗ аракеттенүүдөбүз! БИЗ ВИЧтен жогорубуз!” девизи алдында белгиленди.
Күндүн темасы ар бир адамдын жана бүтүндөй коомдун жашоосуна таасирин тийгизген ВИЧ-инфекциясынын бардык аспектилерин түшүнүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт. Бул ВИЧ инфекциясынын андан ары жайылышына каршы турууга даярдыгын жана каалоосун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк. Бул өзүң жана жакындарың жөнүндө ойлонууга, каза болгондордун элесин урматтоого, ВИЧ менен жашаган адамдарды түшүнүү үчүн бардыгын жасоого мүмкүнчүлүк. Дүйнөлүк статистиканын маалыматы боюнча, байкоо жүргүзүлгөн убакыт ичинде СПИД менен байланышкан оорулардан 32,7 миллион адам каза болгон. Учурда Кыргыз Республикасында ВИЧ-инфекциясынын жалпы 11 381 учуру аныкталса, анын 10 732си Кыргызстандын жарандары. Республикада ВИЧ-инфекциянын жыныстык жол менен жугушу басымдуулук кылат – 53% (кумулятивдик түрдө) (2021-жылга – 82%). Оорулардын эң көп саны 25 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында катталган. Оорулуулардын структурасында ар бир 10 адамдын ичинен алтысы эркек.
Бүгүнкү күндө ВИЧ-инфекциясын алдын алууда эң негизгиси калктын ден соолугуна болгон мамилесин өзгөртүү болуп саналат. Антиретровирустук терапиянын пайда болгон мүмкүнчүлүктөрүнүн аркасында дарыгерлердин сунуштарын жана коопсуз жүрүм-турум эрежелерин сактоо менен ВИЧ-инфекциясы менен жашоонун сапатын сактоого болот. Вирусту өз убагында аныктоо толук кандуу жашоого - иштөөгө, үй-бүлө курууга, дени сак балдардын төрөлүүсүнө мүмкүндүк берет.
18.05.2022
111 жеке кабинет/клиника лицензиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн жабылат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 427 буйругу менен жеке медициналык уюмдардын лицензиялык талаптарга ылайык келүүсүн текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн.
Республика боюнча бардыгы болуп 370 клиника/кабинет текшерилди.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча лицензиянын жоктугу, лицензиясыз жүргүзүлүп жаткан медициналык ишмердүүлүк, лицензияга ылайык даректин туура келбегендиги боюнча 111 жабуу актысы түзүлдү.
Инфекциялык көзөмөл стандарттарын сактабаганы үчүн 148 жеке кабинетке/клиникага санитардык-эпидемиологиялык буйруктар берилип, жаза чаралары көрүлөт. Чара көрүү боюнча көрсөтмө Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлоруна жөнөтүлдү.
18.05.2022
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү уруксаты жок дары-дармек саткан 84 дарыкана аныкталган
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө Мыйзамынын 28-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү жөнүндө Мыйзамынын талаптарын аткаруу, ошондой эле дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын аймагындагы дарыканалардын лицензиялык талаптарга ылайык келишине карата лицензиялык контролдоо иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Лицензиялык көзөмөлдүн жүрүшүндө тиешелүү уруксаты жок дары-дармек саткан 84 дарыкана аныкталган:
1. Бишкек шаарында - 30 дарыкана пункту;
2. Нарын облусунда - 5 дарыкана пункту;
3. Талас районунда – 8 дарыкана пункту;
4. Ысык-Көл облусунда - 4 дарыкана пункту;
5. Ош шаарында – 37 дарыкана пункту.
Объективдүүлүктү жана ачыктыкты камсыз кылуу максатында министрликтин жана департаменттин ар кандай бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн атайын комиссия аталган тартип бузуучуларга карата мыйзамда каралган чараларды көрүү үчүн материалдарды прокуратура органдарына өткөрүп берет.
18.05.2022
Назира Артыкова, ДСУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси: “Алкоголдук ичимдиктер, тамеки заттары жана курамында кант бар суусундуктар биринчи кезекте керектүү муктаждык эмес, ошондуктан бул азыктарга салыкты көтөрүү саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону жакшыртат”
2022-жылдын 17-майында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көмөгү менен алкоголдук ичимдиктерге, тамеки заттарына жана курамында кант бар суусундуктарга ден соолуктун кызыкчылыгы үчүн салык салуу мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча улуттук секторлор аралык кеңешме өткөрүлдү. Калк арасында жугуштуу эмес ооруларды пайда кылуучу жана өлүмгө чейин алып келүүчү алкоголдук продукцияларга, тамеки заттарына жана канттуу суусундуктарга кеңири жеткиликтүүлүктү чектөө. Бүгүнкү күндө жугуштуу эмес оорулардын натыйжасында калктын өлүмү дүйнөлүк масштабда 40 миллион адамды түзөт, ал эми Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулардан, мисалы, жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулардан өлүм биринчи орунда турат. Бул жолугушуу салык салууну жогорулатуу боюнча жаңы сунуштарды иштеп чыгууга арналган. Салык маселеси, адатта, эл арасында нааразычылыкты жаратат. Бирок бул үч продукт – алкоголдук ичимдиктер, тамеки жана канттуу суусундуктар – биринчи кезекте керектүү муктаждык эмес, ошондуктан бул азыктарга салыкты көтөрүү саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону жакшыртмак. Бирок биздин негизги максатыбыз салыкты көтөрүү эмес, салыкты көбөйтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын калкынын арасында бул продукциянын кеңири таралышына жол бербөө үчүн бул продукцияга, өзгөчө жаштар арасында жеткиликтүүлүктү чектөө. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Канада, Беларусь, Россия, Грузиядан эксперттерди чакырган. Мындан тышкары, ДСУнун Женевадагы кызматкерлери жана Копенгагендеги Регионалдык кеңсеси онлайн режиминде туташат. Салыктарды жумушчулардын кызыкчылыгына кедергисин тийгизбей турган түрдө көтөрүүнүн алдыңкы тажрыйбалары, ошондой эле мыйзам же өкмөттүн чечими түрүндө документтерди тапшыруу жана бекитүү процесстери боюнча презентациялар өткөрүлдү.
17.05.2022
Чаткалдагы мектептин шыбы кулап - мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды
Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Замира Орунбаеванын такталган маалыматына ылайык, бүгүн, 2022-жылдын 17-майында болгон окуядан кийин 16 адам Ала-Букадагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилген.
Текшерүүдөн кийин мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды. Диагнозу: коркуп калуу, стресс. Алардын бардыгынын абалы канааттандырарлык, абалды көзөмөлдөө үчүн ооруканага жаткырылды.
Орунбаеванын айтымында, буга чейин ыкчам маалымат берилип, текшерүүдөн кийин алдын ала диагноздор коюлганын белгилейбиз.
17.05.2022
Бишкекте салык салуу тармагында потенциалды ден соолук кызыкчылыгы үчүн жогорулатуу боюнча семинар өтүүдө
Бүгүн, 17-май, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назира Артыкова жана КР саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаевдин катышуусунда салык салуу тармагындагы потенциалды саламаттыкты сактоо кызыкчылыгы үчүн жогорулатуу боюнча семинар-тренингин өткөрүүдө.
Ошондой эле бул семинар-тренингге эл аралык уюмдардын, министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, жыл сайын 40 миллиондон ашык адам жугуштуу эмес оорулардан каза болот. Жугуштуу эмес оорулардан каза болгондордун 80%дан ашыгы оорулардын төрт тобуна байланыштуу: жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, дем алуу органдарынын оорулары жана калктын ден соолугунун көйгөйү болгон кант диабети.
Башка өлкөлөрдөн келген эксперттер Кыргыз Республикасындагы жугуштуу эмес ооруларды азайтуу жана калктын саламаттыгын сактоо боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы тууралуу маалымат менен бөлүшүштү.
Бул жолугушуунун негизги максаты ден-соолукка жана экономикага бул эбегейсиз оор жүктү азайтуу, алкоголдук ичимдиктер, тамеки жана канттуу суусундуктар сыяктуу ден соолукка зыяндуу азыктарга салыктарды киргизүү жана жогорулатуу боюнча эң үнөмдүү чаралардын бирин киргизүү аркылуу жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу болуп саналат. Бул "Ден соолук үчүн салык салуу" идеясы ден соолукка терс таасирин тийгизген азыктарды керектөөнү кыскартуу, ошону менен ден соолукка кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү терс таасирин азайтуу.
16.05.2022
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Германия Федеративдүү Республикасында иш сапары менен жүрөт
2022-жылдын 16-майынан 20-майына чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Гаутинг шаарындагы Микробиология жана лабораториялык медицина институтунун иши менен таанышуу максатында Германия Федеративдүү Республикасында иш сапары менен жүрөт.
Иш сапар USAID ETICA 2022-жылга карата иш планынын алкагында Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан делегацияларынын катышуусунда өтөт.
Бул иш-чаранын катышуучулары микробиология жана лабораториялык медицина институтунда лабораторияларды башкаруу практикасы, үлгүлөрдү логистикалык камсыздоо системасы жана лабораториялык маалымат тутумунун иштеши менен тааныша алышат.
16.05.2022
17-май - Бүткүл дүйнөлүк артериалдык гипертензия менен күрөшүү күнү
2005-жылдан тарта ар жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк гипертензиялык лигасынын жана Эл аралык гипертония коомунун демилгеси менен 17-май бүткүл дүйнө жүзү боюнча Эл аралык артериалдык гипертензия менен күрөшүү күнү катары белгиленип келет.
Бул күндүн негизги максаты - артериалдык гипертензия, аны менен байланышкан коркунуч факторлору, гипертониянын олуттуу кесепеттери жана бул оорунун алдын алуу чаралары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу.
«Интерепид» жана «STEPS» эпидемиологиялык изилдөөлөрүнүн маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасында артериялык гипертензиянын таралышы болжол менен 44-47%ды түзөт, ал эми Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун маалыматы боюнча гипертония менен 2-7% гана каттоого турган. Көптөгөн гипертоник бейтаптар кан басымынын жогору экенинен шек санашпайт, анткени оорунун белгилери билинбейт. Ошондуктан гипертонияны «үнсүз өлтүргүч» деп аташат.
Тилекке каршы, биздин өлкө гипертониянын татаалдашы катары мээ инсультка чалдыгышы боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Кан басымын үзгүлтүксүз өлчөө кан басымынын жогорулаган көрсөткүчтөрүн аныктап, гипертониянын алгачкы стадияларында диагноз коюуга жана гипертониянын негизги татаалдашуулары болгон мээ инсультунун жана миокард инфарктынын пайда болушун алдын алууга мүмкүндүк берет.
Бул күндүн алкагында артериалдык гипертензия жана башка коркунуч факторлору боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында Республика боюнча Улуттук кардиология жана терапия борборунда, ҮМБларда жана ЖДПБда пресс-кафе, тегерек стол, акциялар жана ачык эшиктер күндөрү өткөрүлдү. Акциянын алкагында артериялык кан басымын жана кандагы кантты өлчөө, дарыгерлерден акысыз кеңеш алуу пункттары уюштурулду.
Академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору өлкө калкы үчүн окуу материалдарынын сериясын даярдады, алар менен http://nccim.kg/ сайтынан тааныша аласыздар.
12.05.2022
КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басары тааныштырылды
Бүгүн, 2022-жылдын 12-майында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Аппаратынын Экспертиза бөлүмүнүн башкы эксперти Гүлмира Шакирова министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына санариптик өнүктүрүү боюнча министрдин жаңы орун басарын тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, Нурийла Жапаровна Шериева саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды.
Резюме
Шериева Нурийла Жапаровна
Жеке маалымат: Туулган датасы: 12.09.1983. Ош шаары.
Улуту: кыргыз.
Билими: Жогорку. Ош мамлекеттик университети Медицина факультети. Жалпы медицина адистиги. 1999-2005-ж.
Иш тажрыйбасы:
2005-2007 КГМИПиПКнын Оштогу бөлуму.
Терапевт дарыгери катары сертификациядан өткөн.
2007-2008 Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун ҮМБ
Терапевт.
2008-2010 ОшМУнун медицина факультети. Мугалим.
2010-2011 Ош шаарындагы ММКФ ТБ.
Экспертиза жана сапат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
2012-2013 Ош шаарындагы тез жардам борбору.
Башкы дарыгердин орун басары.
2013 Ош шаардык клиникалык ооруканасы.
OMO жетекчиси.
2013-2017 Башкы дарыгер. №1 ҮМБнын №11Филиалы, Ош.
2017-2021 Ош шаарындагы тез жардам борборунун директору.
2021-2022 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунун директору.
2022 Саламаттык сактоо министринин санариптик санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары
Билимин жогорулатуу:
2010 Педагогикалык чеберчилик мектеби.
2012 Тез медициналык жардам көрсөтүүнүн тандалган маселелери.
2014 Саламаттык сактоо уюмунун жетекчи кадрларын жана резервин даярдоо курстары.
2017 "Үй-бүлөлүк медицина" кайра даярдоо курсу.
2019 Кардиология жана неврологияда шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнүн тандалган маселелери.
2021 Ден соолукту башкаруунун актуалдуу маселелери.
2021 Медициналык кызматкердин жана медициналык жардамды пайдалануучунун укуктары.
Илимий иши: Тема: «Кыргыз Республикасынын Ош областында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоону жакшыртуунун медициналык-социалдык аспектилери» Илимий изилдөө иштеринин изидөөчүсү.
Тил билүүсү: кыргыз тили – эне тили, орус тили – мыкты, англис,
өзбек тилдерижакшы.
Колдонуучу деңгээлинде компьютердик билими:
MS Word, MS Excel, Internet Explorer.
Жеке сапаттары: Пунктуалдуу, жоопкерчиликтүү, чынчыл, коммуникабелдүү, командада иштей алат.
Сыйлыктары:
2013 Кыргыз Республикасынын Ош областы боюнча ыйгарым укуктуу Өкмөтүнүн Ардак грамотасы
2013 Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы.
2017 Профсоюздардын Ош областтык обкомунун Ардак грамотасы.
2018 ОшМУнун Ардак грамотасы.
2019 Ош шаарынын мэринин Ардак грамотасы.
2019 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы.
2020 Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун отличниги.
2021 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы.
12.05.2022
Коомдук саламаттык сактоо кызматынын лабораториялык адистери медициналык калдыктарды башкаруу боюнча окуудан өтүштү
2022-жылдын 12 жана 13-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Регионалдык кеңсесинин техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын бардык регионундагы коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын лабораториялык адистери үчүн медициналык калдыктарды башкаруу боюнча окутуу өткөрдү. Саламаттык сактоо уюмдарындагы лабораториялык медициналык/химиялык калдыктарга иш процессинде пайда болгон жана жок кылынууга тийиш болгон заттар же объекттер кирет. Лабораториялардын иши кайра колдонууга болбой турган калдыктардын пайда болушу менен байланышкан. Ошондуктан залалсыздандыруу жана жок кылуу маселелери чоң мааниге ээ. Мындай заттарды өзүнчө чогултуу маанилүү, бул жок кылуу процессинин баасын төмөндөтүүгө жана айлана-чөйрөгө кыйратуучу таасирин азайтууга мүмкүндүк берет.
Тренингдин жүрүшүндө лабораториялык кызматтын адистери бул тема боюнча өз тажрыйбалары менен активдүү бөлүшүп, медициналык калдыктарды башкаруу боюнча кызыктырган суроолорго жооп алышты.
12.05.2022
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри медайымдарды Эл аралык медайымдардын күнү менен куттуктады
Бүгүн саламаттык сактоо министри Адымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана "Кыргыз Республикасынын медайым тармагындагы адистердин ассоциациясынын" юридикалык жактардын бирикмеси уюштурган 12-май - Эл аралык медайымдардын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Майрамдык салтанат Ош шаарында өткөрүлдү.
"Медайым иш" адистиги боюнча жогорку медайымдык же орто медициналык билими бар адис, анын эмгек функцияларына ден соолукту сактоо жана чыңдоо, оорулардын алдын алуу, рецепттерди эрте аныктоо жана аткаруу, психологиялык, медайымдык жана медициналык жардам көрсөтүү кызматтары кирет. бейтаптарга атайын медициналык жардам көрсөтүү. Бүгүнкү күндө республиканын алыскы аймактарында бул адистердин жетишсиздигинен улам дарыгери жок медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Ковид 19 менен күрөшүүдө инфекциянын очокторунда иштеген медайымдардын ролу чоң жана баа жеткис болгон.
Өзүнүн майрамдык куттуктоо сөзүндө министр мээрман айымдардын баа жеткис эмгегин эмгегин жана медициналык жардам көрсөтүүдөгү маанилүү ордун баса белгиледи: “Урматтуу кесиптештер! Сиздерди бүгүнкү Эл аралык медайымдардын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара менен куттуктайм! Калкка медициналык жардам көрсөтүү процессинде медайымдардын ролу абдан чоң. Бүткүл дүйнөдө медайым дарылоо процессинде дарыгердин тең укуктуу өнөктөшү болуп саналат.
Республикабыздагы медайымдык иш боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кыскача видеороликти көрүүгө мүмкүн болду. Сиздердин майрамыңыздарга карата биз айлык акыны көтөрүүгө жетиштик, эгер жаш адис жогорулаганга чейин 11 739 сом алса, жогорулагандан кийин 17 609 000 сомдон ала башташты.
Быйылкы жылы мурунку жылдардан айырмаланып республиканын бардык аймактарынан 110 медайым “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланат, ал эми 115 медайым “Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы” менен сыйланат.
Сиздер адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн COVID-19 коронавирустук илдетине каршы күрөштүн алдыңкы сабында ден соолугуңузду тобокелге салуу менен күрөштүңүз. Сиздердин эмгегиңер өзгөчө баалоого жана ыраазычылыкка татыктуу. Бүткүл дүйнө “МЕДАЙЫМ” кесибинин маанилүүлүгүн түшүндү. Ошону менен бирге сиздер COVIDден кийинки ооруулардан жапа чеккен жана медициналык жардамга жана психикалык ден-соолукка муктаж бейтаптарга узак мөөнөттүү жардам көрсөтүү аркылуу COVIDден кийинки бейтаптарды реабилитациялоодо маанилүү роль ойнойсуздар.
Сиз жаңы төрөлгөндөн баштап карылык курагына чейин өмүр бою ар тараптуу, инсанга багытталган саламаттыкты сактоону камсыз кылуу менен улуттук ден соолуктун артыкчылыктарына чоң салым кошуп жатасыздар. Медайымдык бардык курактагы адамдардын, топтордун жана жамааттардын бардык шарттарда автономдуу жана биргелешкен кам көрүүсүн камтыйт.
Бүгүнкү күндө биз үй-бүлөлүк дарыгер жана үй-бүлөлүк медайым үчүн Баштапкы медикалык санитрадык жардамдагы ишмердүүлүгүнө басым жасап жатабыз, алар калкка профилактикалык жана медициналык жардам көрсөтүүдө. Ал эми дарыгери жок аймактарда медайымдар өз алдынча медициналык жардам көрсөтөт.
Сиздерди дагы бир жолу кайрымдуулуктун, боорукердиктин, ак эмгегиңиздерге ийгилик майрамы менен куттуктайм”.
12.05.2022
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо уюмдарына 80 даана видеоларингоскоп аппараты тапшырылды
“COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен 80 даана видеоларингоскоп сатылып алынып, Кыргызстандын саламаттыкты сактоо уюмдарына өткөрүлүп берилди.
Аппараттар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүштүрүү планына ылайык саламаттык сактоо уюмдарына таратылат.
Жаңы жабдуулар медициналык кызматкерлерге COVID-19дан ооруп айыккандарга квалификациялуу реабилитациялык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле трахеялык интубациянын натыйжасын жакшыртат. Аппараттар пациенттин мурун көңдөйүн жана тамагын деталдуу текшерүүгө, бир катар медициналык процедураларды жүргүзүүгө жана жөнөкөй хирургиялык процедураларды көтөрүүгө мүмкүндүк берет.
Долбоордун максаты - Кыргызстандын COVID-19 пандемиясына каршы даярдыгы жана жооп кайтаруу жаатындагы аракеттерине тийиштүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, буюмдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу жана медициналык кызматкерлер үчүн тобокелдиктерди азайтуу.