Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
29
12
2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
15.04.2023
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен медициналык билим берүү уюмдары клиникалык базаны жакшыртуу боюнча кызматташуу жолдорун талкуулашты
14.04.2023
Клещевой энцефалит
Клещевой энцефалит — острое инфекционное вирусное заболевание с преимущественным поражением центральной нервной системы.
🔹К заражению клещевым энцефалитом восприимчивы все люди, независимо от возраста и пола.
🔹Наибольшему риску подвержены лица, деятельность которых связана с пребыванием в лесу (работники леспромхозов, геологоразведочных служб, строители автомобильных и железных дорог, нефте-и газопроводов, линий электропередач, топографы,охотники, туристы). Горожане заражаются в пригородных лесах, лесопарках, на садово-огородных участках во время работы и отдыха.
🔹Для заболевания характерна весенне-осенняя сезонность (апрель-сентябрь), связанная с периодом наибольшей активности клещей. Инкубационный период (от момента заражения до появления первых признаков заболевания) длится чаще 7-14 дней, с колебаниями от 1 до 60 дней.
❓Как можно защититься от клещевого вирусного энцефалита?
🔹Заболевание клещевым энцефалитом можно предупредить с помощью неспецифической и специфической профилактики.
🔹Неспецифическая профилактика включает применение специальных защитных костюмов (для групп риска) или приспособленной одежды, которая не должна допускать заползания клещей через воротник и обшлага. Рубашка должна иметь длинные рукава, которые у запястий укрепляют резинкой. Заправляют рубашку в брюки, концы брюк — в носки и сапоги. Голову и шею закрывают косынкой.
🔹Для защиты от клещей используют отпугивающие средства (репелленты), которыми обрабатывают открытые участки тела и одежду.Перед использованием препаратов следует ознакомиться с инструкцией.
🔹Каждый человек, находясь в природном очаге клещевого вирусного энцефалита в сезон активности насекомых, должен периодически осматривать свою одежду и тело самостоятельно или при помощи других людей, а выявленных клещей снимать.
🔹Меры специфической профилактики:профилактические прививки против клещевого вирусного энцефалита проводятся лицам отдельных профессий, работающим в эндемичных очагах или выезжающим в них (командированные, студенты строительных отрядов, туристы др.).
#осторожно #клещ
13.04.2023
Республиканын саламаттык сактоо уюмдарын тез жардам жана санитардык транспорт менен камсыз кылуу
Республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана калкка, өзгөчө жетүүгө кыйын жана алыскы айылдардын жашоочуларына тез медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тез жардам унаалары жана санитардык транспорт менен жетиштүү санда камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.
Акыркы төрт жыл аралыгында (2020-2023-жылдары) саламаттыкты сактоо уюмдары 312 тез жардам унаасы жана 110 санитардык автотранспорт менен камсыз болушту. Автоунааларды сатып алууга каражат бюджеттен да, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр аркылуу да бөлүнгөн. “Акыркы жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан автопаркты жаңылоо, ошондой эле республиканын ар кайсы райондорундагы калкты тейлөөчү транспорттук бөлүмдөрдүн санын көбөйтүү максатында саламаттыкты сактоо тармагына чоң колдоо көрсөтүлүүлө. Өткөн жылдары тез жардам унааларынын жетишсиздиги абдан катуу сезилчү. 2013-жылдан 2018-жылга чейин ооруканаларыбызды болгону 115 унаа менен толуктай алганбыз», - деди КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.
Белгилей кетсек, унааларды сатып алууда техникалык мүнөздөмөлөргө жана жабдууларга, ошондой эле бейтаптардын жана медицина кызматкерлеринин коопсуздугуна карата талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулган. Бардык тез жардам унаалары жана санитардык автотранспорттор пайдаланууга берилген. Алар республиканын жашоочуларына тез жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө.
Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын ичинде Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду аркылуу грант түрүндө 41 тез жардам унаасын жана 52 санитардык транспорттужеткирүү күтүлүүдө. Ошондой эле «Газпромбанк» ААК аркылуу 250дөн ашык тез жардам унаасын сатып алуунун механизмдери такталууда.
13.04.2023
Бишкек шаарында профилактикалык эмдөөлөр менен камтууну жогорулатуу максатында мобилдүү клиникалар уюштурулду
Балдарга баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (БМСК) деңгээлинде медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу, ошондой эле вакцина менен алдын ала турган жугуштуу ооруларды азайтуу жана кепилденген сапаттагы вакциналардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында 2023-жылдын 11-апрелинен тартып Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда жашаган жана медициналык уюмдарда каттоодо турбаган ички мигранттарды эмдөө үчүн балдарды жана чоңдорду профилактикалык эмдөөлөр менен камтуу боюнча көчмө мобилдик клиникалар уюштурулду.
Көчмө мобилдик клиника №10 ҮМБнын аймагында ишин баштап, Дордой, Ак Жар, Келечек конуштарынын тургундарын кабыл алууда. Андан ары Мобилдик клиниканы шаардын башка калктуу конуштарында уюштуруу пландаштырылууда.
Мындан тышкары, кампаниянын алкагында тургундар акысыз УЗИден өтүп, невропатолог, хирург, окулист, ЛОР дарыгери, үй-бүлөлүк дарыгер сыяктуу тар адистиктеги дарыгерлерден кеңеш ала алышат.
12.04.2023
В КГМА впервые проходят военно-медицинские игры в рамках «Дней науки КГМА-2023»
Сегодня, 12 апреля 2023 года в КГМА им.И.К.Ахунбаева состоялось торжественное открытие 60-ой международной юбилейной научно-практической конференции молодых учёных и студентов «Дни науки КГМА-2023».
«Считаю, что данная конференция, проводимая при поддержке Министерства здравоохранения КР, является значительным событием в научно-практической сфере нашей страны, главной целью которой заключается в обмене передовым опытом и знаниями в различных отраслях медицины и науки. Отрадно, что с каждым годом увеличивается количество молодых ученых, а некоторые наши выпускники имеют возможность продолжить свою научную деятельность зарубежом. Нас радует также, что на базе КГМА планируется открытие военно-медицинской кафедры, а также кафедры биомедицинской инженерии. Могу уверенно заявить, что работа с молодыми учеными – это одно из основных стратегических направлений в деятельности КГМА. Развитие науки невозможно без участия молодых ученых, увлеченных своим делом», - сказал Тилек Мамадалиев, заместитель министра в своем выступлении.
В рамках международной научно-практической конференции с 12 по 13 апреля пройдут: первые военно-медицинские игры, первое межвузовское секционное заседание «Биомедицинская инженерия», межрегиональная научно-практическая школа «Комплексный подход к лечению ран различной этиологии у детей и взрослых», секционное заседание: «Современные аспекты медицины (на английском языке), симпозиум молодых ученых, студенческие секции, выставка медицинского оборудования и лекарственных препаратов.
Следует отметить, что военно-медицинские игры проводятся впервые в истории КГМА. На первом этапе игр команды представили презентации команд и доклады, состязались в научной викторине, на втором - предстояло продемонстрировать торжественный марш, строевую и стрелковую подготовку, разборку, сборку стрелкового оружия, одевание средств индивидуальной зашиты.
И последний, третий этап - для создания максимально реалистичной обстановки военно-медицинская эстафета пройдет завтра 13 апреля в общевойсковом полигоне Ала-Тоо, в воинской части 73809.
12.04.2023
Разработано мобильное приложение, позволяющее узнать информацию о лекарстве
С момента запуска системы, действия по прослеживаемости лекарственных средств проводятся в 79 организациях здравоохранения, 167 аптеках и 13 аптечных складах.
В настоящее время система отслеживает 110 наименований лекарств, включая наркотические и психотропные препараты, общим числом 350847 упаковок. За период с 4 по 10 апреля 2023 года из обращения, то есть продано, было выведено 8556 упаковок.
Также, для удобства населения разработано мобильное приложение, которое доступно на данный момент в Google Play Market: https://play.google.com/store/apps/details?id=com.ndb.NDBProductScanner&hl=en&gl=US
Приложение позволяет проверять лекарственные средства (согласно перечню №1 к приказу ДЛСиМИ №29 от 03.03.2023 года). Функция проверки позволит узнать всю необходимую информацию о лекарстве (производитель, импортер, срок годности, дата производства, номер партии, цену и статус ЛС).
В ближайшее время будут доступны следующие функции: определение месторасположения лекарственных средств (где и в какой аптеке можно найти то или иное лекарство) и поиск аналогов лекарств по АТХ, МНН, GTIN.
Кроме того, в настоящее время проводится тестирование прослеживаемости стентов для коронарных артерий (коронарных стентов).
Внедрение системы прослеживаемости коронарных стентов позволит контролировать процесс цепочки поставок от производителя до конечного пациента. Принятые меры позволят улучшить качество контроля над коронарными стентами и предотвратить продажу контрафактных и фальсифицированных изделий. Кроме того, система прослеживаемости коронарных стентов может помочь в разработке эффективных стратегий для управления здравоохранением в целом. После успешного завершения тестирования прослеживаемости коронарных стентов ДЛС и МИ при МЗ КР планирует прослеживать и другие высокотехнологичные МИ.
12.04.2023
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана ЮНИСЕФ менен баштапкы кызматтарды каржылоону реформалоо механизмдерин талкуулады
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана ЮНИСЕФ Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардамды каржылоо маселелери боюнча тегерек стол өткөрүштү.
Бүгүн, 2023-жылдын 12-апрелинде саламаттык сактоо жаатында Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардамды (БМСЖ) чыңдоо маселелери талкууланды. БМСЖны каржылоо маселелери боюнча тегерек столдогу талкууга саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев, ДСУнун атайын өкүлү Шахин Хусейнов жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм катышты. Талкуунун катышуучулары стационардык жардамга жана үчүнчү деңгээлдеги жардамга кеткен чыгымдарды азайтуу көз карашынан алганда саламаттыкты сактоонун жалпы чыгымдарын кыскартуу үчүн БМСЖга салынган инвестицияларды көбөйтүүгө чакырышты.
Баштапкы медициналык-санитардык жардам саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүн жана “Бардыгы үчүн ден соолук” демилгенин мүмкүн болушунча баарына жеткирүүнүн өзөгү катары кеңири таанылган. БМСЖга инвестициялар экономикалык жактан өзүн бир кыйла актайт. Жакында эле ЮНИСЕФтин колдоосу менен Мальдив аралдарынын өкмөтү БМСЖнын наркына эсептөө жүргүзүп чыгып, БМСЖга инвестиция катары салынган ар бир доллар 16 доллар болуп кайтып келерин аныктаган. Мындай көрүнүш төрөткө чейинки, төрөттөн кийинки жана балдардын саламаттык сактоосуна да тиешелүү.
“Кыргызстанда БМСЖ артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Бул 2019-2030-жылдарга саламаттык сактоонун “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” аттуу стратегиясында жакшы чагылдырылган. Бул стратегия калктын саламаттыгын сактоо, зарыл болгон сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатын көздөйт. БМСЖ системасы күнүмдүк жашоодо адамдардын ден соолугу жана бакубаттуулугу үчүн зарыл болгон медициналык кызмат көрсөтүүлөргө толук жана комплекстүү жеткиликтүүлүгүн камсыздайт, муну менен алардын финансылык коргоо деңгээлин жогорулатат”, - деп билдирди сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев.
Бул изилдөөнүн алкагында ДСУ БМСЖны каржылоону күчөтүү боюнча саясаттын варианттарын сунуштады. Бул варианттар саламаттыкты сактоо тармагынын жыйынтыктарын жакшыртууга, БМСЖны каржылоо тууралуу эл аралык маалыматтарды чагылдырып, мамлекеттик чыгымдардын баасын жана сапатын шайкеш келтирүүгө багытталган. ДСУнун Кыргыз Республикасындагы регионалдык директорунун атайын өкүлү, доктор Шахин Хусейновдун айтымында, “Кыргызстан бүтүндөй калктын БМСЖнын негизги кызмат көрсөтүүлөрүнө жалпы жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн күч-аракетин жумшоодо. БМСЖны каржылоо бул системаны бекемдөөгө жана Кыргызстанда адамга багытталган медициналык кызмат көрсөтүүнүн интеграцияланган системасында өзөктүк ролду аткарууга өбөлгө түзгөн фактор болуп саналат”.
ДСУ БМСЖны калктын саламаттыгынын муктаждыктарына жана мамлекеттик каржылоонун азыркыдай деңгээлине көбүрөөк шайкеш келтирүү үчүн БМСЖдагы жеңилдиктердин топтомун кайра карап чыгуу жолу менен каржылоону күчөтүүнү сунуштайт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ошондой эле БМСЖнын кызмат көрсөтүүчүлөрүнө акы төлөө системасын кайра карап чыгууну жана аларга мониторинг жүргүзүү механизмдерин жакшыртууну сунуштайт. Мындан тышкары, бул тармактагы акыйкаттыкты жана натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн БМСЖнын уюштуруу моделин өркүндөтүүгө зарылчылык бар.
“Эл аралык жана улуттук эксперттер менен биргеликте ЮНИСЕФ адамдар өз чөнтөгүнөн төлөгөн акчанын көлөмүн азайтып, кирешеси төмөн үй-бүлөлөрдү каржылык кыйынчылыктардан коргоо боюнча сунуштамаларды даярдоого мониторинг жүргүзүп чыгышты. Кыргызстан үчүн БМСЖны инвестициялык ишинин алдын ала жыйынтыктары 20 жыл ичинде ички дүң продуктунун (ИДП) 0,33 пайызын түзгөн инвестициялык чыгымды болжолдойт”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.
11.04.2023
Аксыдагы жалпы медициналык практика борборунун өрттөн жабыркаган чатыры калыбына келтирилди
2023-жылдын 9-апрелинде Аксыдагы жалпы дарыгерлерлик практика борборунда 13-мартта өрт чыккан имараттын чатырын алмаштыруу боюнча оңдоо иштери аяктады.
Аксы ЖДПБнын директору Медербек Осмоновдун айтымында, хирургиялык корпус кадимки режимде иштеп жатат. «Министрге тез арада каражат бөлүп бергени үчүн ыраазычылык билдиребиз, анын аркасында оңдоо иштерин кыска мөөнөттө бүтүрдүк», - деп белгиледи М.Осмонов.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн Аксы районуна барган. Иш сапардын жыйынтыгында министр чатырды жабууга 6 миллион сом бөлүүнү, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарында өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырган.
11.04.2023
STEPS изилдөөсүн жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын май айында жугуштуу эмес оорулар боюнча улуттук STEPS изилдөөсүн өткөрүүнү пландаштырууда.
Жугуштуу эмес оорулар (ЖЭО) дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү болуп саналат. Кыргыз Республикасында ЖЭОнын 4 тобу (жүрөк-кан тамыр, онкологиялык оорулар, дем алуу органдарынын оорулары, кант диабети) оорунун, майыптуулуктун негизги себеби болуп саналат жана республикадагы мезгилсиз өлүмдүн бардык учурларынын 80%ын түзөт. Ушундай эле тенденция бүткүл дүйнөдө байкалууда.
Негизги тобокелдик факторлору – тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, кыймылсыздык, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча колдонуу сыяктуу жүрүм-турумдук тобокелдик факторлору.
STEPS изилдөөсү программалык иш-чараларды пландаштыруу жана өлкөдө ЖЭОды азайтуу саясатын пландаштыруу үчүн ЖЭО тобокелдик факторлорунун таралышын жана тенденцияларынын мониторингин изилдөөгө багытталган.
Республикадагы улуттук изилдөө 18 жаштан 69 жашка чейин 2800 адамды камтыйт.
Изилдөө үч этаптан турат:
1.ЖЭО менен байланышкан жүрүм-турумдук тобокелдик факторлорун баалоо үчүн катышуучуларды сурамжылоо;
2. Антропометриялык өлчөөлөрдү, жүрөк-кан тамыр системасынын көрсөткүчтөрүн өлчөө жүргүзүү;
3. Кандын биохимиялык көрсөткүчтөрүн өөлчө.
Сурамжылоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн интервьючулардын тобу тарабынан өткөрүлөт. Интервьючулар катышуучулар менен маектешип, боюн, салмагын, белдин айланасын, кан басымын жана жүрөктүн кагышын өлчөп, кандагы глюкозаны жана липиддерди тез текшерүү үчүн үй чарбаларына барышат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды өлкөнүн саламаттыгын сактоого салым кошууга жана бул изилдөөгө катышууга чакырат.
11.04.2023
Кыргызстанда биринчи жолу «Адамдын ден соолугунун санариптик профили» ишке киргизилди
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн «Санарип МЕД» максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында «Адамдын ден соолугунун санариптик профили» сервисин иштеп чыгып, пилоттук режимде ишке киргизди.
«Адамдын ден-соолугунун санариптик профили» - бул адамга тиешелүү жана мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдары чогулткан маалыматтарды топтогон жана чагылдырган маалымат системасы.
Маалыматтык системаны түзүүнүн максаты - бейтаптардын ден соолугу жөнүндө маалыматка тез жана ыңгайлуу жетүүнү камсыз кылуу аркылуу калкты медициналык тейлөөнүн сапатын жана натыйжалуулугун жакшыртуу, ошондой эле бейтаптын ден соолугу жөнүндө маалыматты издөө жана чогултууга кеткен убакытты кыскартуу.
Бүгүнкү күндө санариптик чечимдин жардамы менен калк үчүн төмнөкү маалыматтар жеткиликтүү:
1. Адам бекитилген алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюму.
2. Камсыздандырылган статусу.
3. Алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарына баруу тарыхы.
4. Ооруканага жаткыруу тарыхы.
5. Лабораториялык жыйынтыктардын тарыхы.
6. Эмдөө тарыхы.
Мындан тышкары, келечекте «Адамдын ден соолугунун санариптик профилине» башка бардык саламаттык сактоо кызматтарын интеграциялоо пландаштырылууда, мисалы, дарыгерге жазылуу, электрондук жеңилдетилген рецепт, медициналык тарыхтан көчүрмөлөргө жетүү, ар кандай күбөлүктөр жана башкалар.
Жеке «Адамдын ден соолугунун санарип профилине» жетүү үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:
1. Булутка негизделген электрондук санарип кол тамгасын алыңыз.
2. «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү https://portal.tunduk.kg).
3. Порталдагы өз кабинетиңизге кирүү.
4. Менюдан «Санариптик ден соолук профили» тандоо.
Азыркы учурда маалыматтык система пилоттук долбоор стадиясында тургандыгын белгилей кетүү маанилүү, ошондуктан суроолор пайда болгон же маалыматтар туура келбеген учурда колдонуучулардан техникалык колдоо кызматына телеграмма-бот @mz_kr_info_bot аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз.
08.04.2023
Выделено более 600 миллионов сомов на предоставление высокотехнологичных и дорогостоящих видов медицинской помощи в 2023 году
Министерство здравоохранения Кыргызской Республики выделило более 600 миллионов сомов на предоставление высокотехнологичных и дорогостоящих видов медицинской помощи в 2023 году. Финансовые средства были распределены между организациями здравоохранения по линии Фонда высоких технологий и Централизованных Мероприятий.
На эти деньги закупаются медикаменты, расходные материалы и медицинское оборудование для оказания помощи пациентам с различными заболеваниями, такими как, сердечно-сосудистые заболевания, онкологические заболевания, иммуносупрессоры для пациентов с пересаженными органами и другие.
Организации здравоохранения, предоставляющие высокотехнологичную медицинскую помощь, уже подали заявки на закупку необходимых материалов и оборудования. В настоящее время объявлены тендеры на закупку препаратов и средств для пациентов с сахарным диабетом и для пациентов с сердечно-сосудистыми заболеваниями.
Также, проводится мониторинг цен и разрабатывается конкурсная документация для объявления тендеров на закупку материалов и оборудования для оказания помощи в других областях медицины.
Кроме того, за первый квартал 2023 года организации здравоохранения КР, работающие в системе Единого плательщика, получили финансирование на сумму 5 миллиардов 150 миллионов 393 тысяч сомов, в том числе на медикаменты на сумму 448 миллионов 950 тысяч сомов. Финансирование было осуществлено на 100% по представленным заявкам организаций здравоохранения.
06.04.2023
Акция, посвященная Всемирному дню здоровья 2023 года
5 апреля в Бишкеке прошла спортивно-информационная акция, посвященная Всемирному дню здоровья 2023 года.
Тема Дня здоровья в этом году – “Здоровье для всех”.
Для горожан и гостей столицы были организованы спортивные мероприятия, викторина о здоровом образе жизни, консультации специалистов по основным факторам риска неинфекционных заболеваний, вакцинация от гепатита В, а также концертная программа.
В акции приняли участие заместитель председателя Кабинета Министров КР Эдиль Байсалов, представители Министерства здравоохранения КР; Странового офиса ВОЗ в Кыргызской Республике; мэрии г. Бишкек; представители агентств ООН в Кыргызстане.
«Тема Дня здоровья в этом году «Здоровье для всех» подчеркивает необходимость большей справедливости в доступе к здравоохранению и важность воздействия на социальные и экономические детерминанты здоровья.
Я призываю все заинтересованные стороны удвоить наши усилия для достижения всеобщего охвата услугами здравоохранения и улучшения здоровья всех граждан. А население – помочь нам в этом стремлении и выбирать здоровый образ жизни», — выступила министр здравоохранения Кыргызской Республики Гулнара Баатырова.
Специальный представитель Регионального директора ВОЗ в Кыргызской Республике и и.о. главы офиса Шахин Хусейнов в свою очередь отметил:
“Мы отмечаем 75-ю годовщину ВОЗ и 30-летие Странового офиса ВОЗ в Кыргызской Республике. Это прекрасный повод вспомнить о прошлых успехах в области общественного здравоохранения, которые за последние десятилетие позволили улучшить качество жизни жителей Кыргызстана. Это также возможность придать стимул нашим действиям по решению актуальных проблем здоровья сегодняшнего и завтрашнего дня. Присоединяйтесь к усилиям ВОЗ и всех его партнеров по достижению здоровья для всех”.
06.04.2023
Франция Кыргызстанга COVID-19дан Pfizer вакциналарын өткөрүп берди
Бүгүн, 2023-жылдын 6-апрелинде Франция Өкмөтү Pfizer компаниясынын COVID-19га каршы вакцинасынын 20 160 доза вакцинасын өткөрүп берди. Бул эмдөөдөн өткөн калк үчүн бустердик дозаларды берүүгө багытталган COVAX глобалдык демилгесинин бир бөлүгү. Вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаусс катышты.
Вакцинаны өткөрүп берүү аземинде Гүлбара Ишенапысова иммунизациялоого жана Кыргызстандын элинин ден соолугун жакшыртууга жардам берип жатканы үчүн Франциянын өкмөтүнө жана COVID-19га каршы күрөшүүдө колдон келишинче жардам көрсөтүп жаткан өнүктүрүү боюнча бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. “Биздин ишибиздин негизги максаты – жарандарды COVID-19ду чакырган вирусту жуктурганда олуттуу оорудан коргоо жана жуктуруп алуу тобокелдигин кыйла азайтуу. Калктын жалпы санынан эмдөөнүн 70 пайызына жетүү бизди жамааттык иммунитетке ээ болууга жакындатууга жардам берет. Биргелешкен аракеттер менен биз коронавирустук инфекциянын пандемиясына каршы тура алабыз деп ишенем”.
ЮНИСЕФтин колдоосу менен республикада Pfizer вакциналарын өтө төмөн -85C чейинки температурада сактоо үчүн атайын жабдуулар сатып алынып, өлкөгө жеткирилип, орнотулган. Кыргызстанда муздатуучу жабдууларды орнотуу жана текшерүү үчүн эл аралык эксперттер тартылган.
“Франция 16 ай мурда Кыргызстанга Moderna вакцинасынын 115 200 дозасын берген, эми Pfizer вакцинасынын 20 160 бустердик дозасын берүүдө. Муну менен Франция Кыргыз Республикасына чыныгы достугун жана тилектештигин көрсөтүп жатканына кубанычтамын”, деди элчи Франсуа Делаусс.
“Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, эмдөө COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири. Биз Франциянын өкмөтүнө вакцинацияны кеңири жайылтууда Кыргызстан менен тилектештиги үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. ЮНИСЕФ вакциналар менен камсыз кылууда жана аларга жеткиликтүүлүктү жакшыртууда өнөктөштөр менен бирге Кыргызстандын өкмөтүнө мындан ары да колдоо көрсөтө берүүгө даяр”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.
Вакциналар келгенге чейин ЮНИСЕФ Республикалык иммунопрофилактика борборуна 40 вакцинаторду “Pfizer Comirnaty” вакцинасы менен иштөөгө окутууда колдоо көрсөттү. Окутууга суюлтуучу заттарга муктаж болбогон вакциналардын жаңы түрүн сактоо, иштетүү жана саюу боюнча көрсөтмөлөр кирди.
ЮНИСЕФ өкмөттүн жана өнөктөштөрдүн калкты COVID-19га каршы эмдөө жана календардык графикке ылайык эмдөө ишин кеңейтүү боюнча аракеттерин колдоону уланта берет, мында кайда жайгашканына карабастан такыр эмделбеген жана эмдөөнү өткөрүп жиберген жамааттарды камтууга өзгөчө көңүл бурат.
04.04.2023
При Министерстве здравоохранения КР будет создано госпредприятие «Кыргызфармация»
Кабинетом Министров КР принято постановление от 30.03.23 № 176 «О создании государственного предприятия «Кыргызфармация» при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики». В настоящее время Министерством здравоохранения КР начаты работы по организации госпредприятия (юридическая регистрация, устав, положение, штатная численность и др.).
Целью и задачей принятого постановления является обеспечение фундаментально нового подхода при реализации государственной политики по обеспечению государственных лечебных учреждений, а в последующем и население лекарственными средствами и медицинскими изделиями (далее лекарственные средства) по наиболее доступной цене.
Снижение стоимости лекарственных средств и медицинских изделий, закупаемых для государственных лечебных учреждений, ожидается за счет осуществления прямых поставок из заводов изготовителей или дистрибьютеров.
Учитывая стратегический и социальный характер данного товара, у государства должен быть орган, ответственный за поставку лекарственных средств и за реализацию государственных программ в данной области. Это является частью системных реформ в сфере здравоохранения.
Важно отметить, что Министерство здравоохранения Кыргызской Республики является политическим органом. Департамент лекарственных средств и медицинских изделий при Министерстве здравоохранения является органом регулятором, выдающим разрешительные документы. Фонд обязательного медицинского страхования является финансовым органом.
В целях восполнения не хватающего звена поставщика, с учетом вышеизложенного, было принято решение, образовать государственное предприятие, которые будет заниматься данными хозяйствующими вопросами.
Кроме этого, предприятие будет заниматься вопросами развития производства лекарственных средств совместно с инвесторами, желающих построить в Кыргызской Республике заводы по производству лекарственных средств и субстанций в том числе в рамках гуманитарного сотрудничества и государственно-частного партнерства.
Из совокупности следует, что создание такого предприятия, благоприятно отразится на рынке лекарственных средств.
В других странах, аналогичные органы уже успешно осуществляют свою деятельность. К примеру, подобный проект успешно реализовывается в Республике Казахстан с 2009 года. Так на территории Республики Казахстан осуществляет свою деятельность ТОО «СК-Фармация». Большая доля программы государства, связанная с обращением лекарственных средств, осуществляется указанным обществом. Как показывает практика, опыт был успешным, и данное общество на сегодняшний день является самым крупным поставщиком лекарственных средств, в том числе для нужд государства.
Вместе с тем, будет оказана поддержка отечественным производителям, которые в свою очередь заинтересованы в оптовой продаже своих товаров и готовы предоставить права дистрибьютера ГП «Кыргызфармация».
30.03.2023
Кыргызстанда жана Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдө жүрөк-кан тамыр ооруларын (ЖКВ) алдын алуу
2023-жылдын 30-мартында Бишкекте ЕАЭБдин кардиология жана кардиохирургия боюнча эл аралык медициналык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, ДССУнун, ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы илимий жана медициналык борборлорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол уюштурулду.
ЖЭОну жана алардын тобокелдик факторлорун талкуулоо үчүн бирдиктүү платформаны түзүү, артыкчылыктарды жана ЖЭОнун алдын алуу жана күрөшүү боюнча иш-аракеттерди саясий жайгаштыруу Туруктуу өнүгүү Максатынын (ТӨМ) жугуштуу эмес оорулардан эрте өлүмдү үчтөн бирине кыскартуу милдетине гана жетпестен, ошондой эле экономикалык өнүгүүнү жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Тегерек столдун жүрүшүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү Кыргызстанда жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүрөк оорусуна тез жардам көрсөтүү жана реабилитациялоо, артериялык гипертензияны көзөмөлдөө, тузду колдонууну азайтуу, тамекиге каршы күрөшүү боюнча баяндамаларды беришти. Ошондой эле ЕАЭБ алкагында саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
«Бул ЕАЭБ өлкөлөрүн, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун жана Евразия экономикалык комиссиясын бириктирүү жагынан абдан маанилүү форум. Андан тышкары, бул иш-чара нормативдик-укуктук базаны өнүктүрүү, саясатты, мамлекеттер ортосундагы өз ара аракеттенүүнү, тажрыйба алмашуу жагынан кызматташтыкты өркүндөтүү максатында жүрөк кан тамыр ооруларын жана ЖЭО көйгөйүнө көңүл бурууга мүмкүнчүлүк. Бүгүн практикалык аспектиде маркировкалоо, тузду, транс майларды, кант камтыган азыктарды керектөөнү азайтуу маселелери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыкты илимий кесиптик бирикмелери менен талкууланды.
Гипертония оорусун аныктоону жана дарылоону жакшыртуу, туз саясатын ишке ашыруу сыяктуу гипертонияны көзөмөлдөөнү жакшыртуучу иштер сунушталды. Анткени, Кыргызстанда салттуу түрдө туз абдан көп керектелет, бул жогорку кан басымдуулукту билдирет. Ал эми жогорку кан басым инфаркттан жана инсульттан болгон өлүмдөрдүн эки эсеге көбөйүшүнө алып келет”, - деди ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн Улуттук медициналык кызматкери Алина Алтымышева.
«Кыргызстанда тамеки чегүү, тузду, майлуу тамактарды ашыкча колдонуу, физикалык активдүүлүктүн аздыгы, жашылча-жемиштерди колдонбоо сыяктуу бир катар факторлор бар, алар ЖКОнун коркунучун күчөтөт. Калк арасында инфаркт жана инсульт коркунучун азайтуу үчүн калктын деңгээлинде, мыйзамдык жана ченемдик укуктук база иштеши керек. Бул тамеки чегүү, алкоголдук көз карандылыкты азайтуу, физикалык активдүүлүктү, сергек жашоо образын жана туура тамактанууну жайылтуу аркылуу ишке ашырылат. Жүрөк-кан тамыр оорулары жана ЖЭОнун жүктөмүнүн контекстинде ЕАЭБ өлкөлөрү дүйнөдө эң жогорку көрсөткүчкө ээ», - деп билдирди ДССУнун Европа аймактык бюросунун жүрөк-кан тамыр оорулары жана диабет боюнча аймактык медициналык кызматкери, доктор Жилл Фаррингтон.
03.04.2023
КРВИ жана сасык тумоо боюнча кырдаал
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, 2023-жылдын 27-мартынан 2-апрелине чейинки 13-аптада республикада курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен 5289 учур катталып, эпидемиологиялык мезгил башталгандан бери жалпысынан 224 332 учур катталды.
Жылдын 46-жумасынан тартып оорунун акырындык менен өсүшү байкалып жылдын 50-жумасында эң жогорку чегине жеткен. 2023-жылдын 13-жумасында оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 76,0 түздү, б.а. өткөн жумага салыштырмалуу 26,8%га жогорулады.
Калк арасында оорунун таралышына мониторинг жүргүзүү улантылууда.
Сасык тумоо, сасык тумоого окшош оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:
— беткап режимин жана социалдык аралыкты сактоо;
— дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо
— жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду менен жабуу;
— үшүп калуудан жана өтө ысып кетүүдөн сактануу;
— өзүн жаман сезген, жогорку температура жана башка сасык тумоого окшош белгилери бар адамдардын өз убагында обочолонуусу;
— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.у.с.)
— эгерде балада сасык тумоонун белгилери пайда болсо, дарыгерге кайрылыңыз;
— эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо.
04.04.2023
Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо жумалыгы башталды
2O23-жылдын 4-апрелде «Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо жумалыгы» аттуу 17 - Эл аралык конгресстин жана көргөзмө форумунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Форум эки эл аралык адистештирилген көргөзмөлөрдү бир аянтчага бириктирет:
• 17 - Эл аралык адистештирилген саламаттыкты сактоо көргөзмөсү - MedExpo Kyrgyzstan 2023;
• 7-Эл аралык адистештирилген стоматология көргөзмөсү - Dental-Expo Kyrgyzstan 2023.
Быйыл 6-апрелге чейин улануучу биргелешкен көргөзмөгө 1О мамлекеттен 7Oтен ашуун компаниялар катышат: Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Польша, Россия, Турция, Өзбекстан, Түштүк Корея.
Өз сөзүндө КР Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова форумдун катышуучуларына ийгиликтүү иш каалады: «Бул конгресс жана көргөзмөлөр баарыбыз үчүн маанилүү окуя, анткени алар бизге медицина жана саламаттыкты сактоо жаатында билим, тажрыйба жана акыркы жетишкендиктер менен алмашууга мүмкүнчүлүк берет. Жана дагы бул биз үчүн байланыштарыбызды чыңдоого жана медицина тармагында жаңы байланыштарды түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк.
Мамлекеттик медициналык мекемелерди, ошондой эле калкты эң арзан баада дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтому кабыл алынганын кубануу менен бөлүшкүм келет. Ишкана Кыргыз Республикасында дары-дармек жана субстанцияларды чыгаруучу заводдорду курууну каалаган инвесторлор менен бирге, анын ичинде гуманитардык кызматташтыктын жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында дары-дармек өндүрүшүн өнүктүрүү менен алектенет. Мамлекеттик медициналык мекемелер үчүн сатылып алынган дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын наркын төмөндөтүү өндүрүүчүлөрдөн же дистрибьюторлордон түзмө-төз жеткирүү аркылуу күтүлүүдө».
Салтка айлангандай, көргөзмөдө Белорусь Республикасынын, Бурятия Республикасынын, Новосибирск облусунун, Өзбекстан Республикасынын жамааттык экспозициясы катышууда.
Көргөзмөдө катышуучулардын географиясы 120 ири өндүрүш ишканаларынын расмий өкүлдөрү болгон кыргыз компанияларынын катышуусу менен толукталат.
«Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо жумалыгы» Эл аралык конгрессинин жана көргөзмө форумунун ишкердик программасы семинарларды, мастер-класстарды, жаңы технологиялардын жана жабдуулардын презентацияларын камтыйт.
Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо жумалыгынын» өзгөчөлүгү – форум сапаттуу жана натыйжалуу социалдык маанилүү көйгөйлөрдү, өлкөнүн саламаттык сактоо тутумунун иштешин талкуулоо, тажрыйба алмашуу, акыркы ата мекендик жана чет өлкөлүк өнүгүүлөр менен таанышуу үчүн саламаттыкты сактоо кызматкерлерин, мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөлөрдүн жана коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирет. Экспозициялардагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтип, ишкердик байланыштарды жана келишимдерди түзүүгө, ойпикирлерди жана жаңы технологияларды алмашууга, тармактын адистери менен актуалдуу темаларды талкуулоого мүмкүндүк берет.
Көргөзмөгө катышуучу компаниялар тарабынан инновациялык медициналык жабдууларды жана диагностика, хирургия, реабилитациялоо техникалары, жогорку сапаттагы сарпталуучу материалдар, инструменттер, дары-дармектер жана башка медицина тармагына керектелүүчү заттар көрсөтүлөт.
03.04.2023
Кыргызстандагы кызамык жана кызылча оорусу боюнча маалымат
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын 3-апрелине карата кызамык жана кызылча оорусу катталууда.
2023-жылдын башынан бери 41 кызамык жана 6 кызылча оорусу аныкталган. Аймактар боюнча: Бишкек шаары - 8, Жалал-Абад облусу - 2, Ош облусу - 20, Ош шаары - 7, Баткен облусу - 2, Чүй облусу - 2.
Негизги себеп болуп балдарды жана чоңдорду кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу иммунизациялоонун камтылышынын төмөндөшү саналат, өсүш профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тарткандардын арасында болууда.
Кыргыз Республикасынын аймагында кызамык жана кызылча оорусуна жол бербөө жана андан ары жайылтпоо максатында саламаттык сактоо министрлиги тарабынан протоколдук тапшырманын тиешелүү чараларын көрүү менен оперативдүү штаб өткөрүлдү, ошондой эле кызамыкты локализациялоо боюнча штаб Ош облусунун саламаттык сактоо уюмдарында өткөрүлдү.
Февраль айында кызамык жана кызылча оорусуна, эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн алкагында Республикалык иммунопрофилактика борбору, Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасы, КММАнын инфекционист адистери менен биргеликте Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарында активдүү көзөмөл жүргүзүлдү.
Ал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2009-жылдын 25-декабрындагы № 841 «Кыргыз Республикасында кызамык, кызамык жана кызылча оорусуна көзөмөл жүргүзүү системасын күчөтүү жөнүндө» жана №102 буйруктарын ишке ашыруунун алкагында Көл жана Нарын облустары боюнча 2023-жылдын 9-февралындагы “Өлкөдө кызамык жана кызылча оорусунун жайылышын алдын алуу боюнча эпидемияга каршы чараларды күчөтүү жөнүндө” буйруктун негизинде болду.
Март айында 400дөн ашык медицина кызматкерлерин (үй-бүлөлүк дарыгерлер, инфекционисттер, эпидемиологдор) камтыган медицина кызматкерлери үчүн кызамык жана кызамык ооруларына эпидемиологиялык көзөмөл жана медициналык кыраакылыкты күчөтүү боюнча тренингдер өткөрүлдү.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, COVID-19 пандемиясынан жана калктын профилактикалык эмдөөлөрүнүн азайышынан улам пайда болгон кызамык оорусунун жайылуу коркунучу 2023-жылдын 2-мартына карата Европа аймагында кызамык оорусуна чалдыгуу коркунучу сакталууда.
Төмөнкү өлкөлөрдө көбөйүүдө: Тажикстанда – 513 учур, Түркияда – 286 учур, Россия Федерациясында – 233 учур, Казакстанда – 75 учур, Улуу Британияда – 56 учур.
Маалымат үчүн:
Кызамык – бул вирус козгогон жугуштуу жугуштуу оору.
Бул инфекция жогорку сезгичтиги менен мүнөздөлөт. Башкача айтканда, мурда кызамык менен оорубаган жана эмдөөдөн өтпөгөн адам кызамык менен ооруган адам менен байланышта болсо, анын ооруп калуу ыктымалдыгы өтө жогору.
Кызамык абадагы тамчылар аркылуу жугат.
Инфекциянын булагы болуп кызамык менен ооруган бейтап саналат, ал инкубациялык мезгилдин акыркы эки күнүнөн исиркектердин төртүнчү күнүнө чейин башкаларга жугуучу болуп саналат. Оорунун башында сасык тумоого окшош белгилер пайда болот: жалпысынан алсыздык, бат чарчоо, баш оору башталат. Оорунун биринчи же экинчи күнүндө жаактын былжыр челинде майда аппак тактар пайда болот, андан кийин оору башталгандан тартып төртүнчү же бешинчи күндөн тартып исиркектер акырындык менен жайылышы байкалат: биринчиден, беттин артында кулакта, бетинде, моюнунда, эртеси күнү исиркектер колдоруна, андан кийин бутуна чыгат. Кийинки 3-5 күндүн ичинде жагымдуу курс менен симптомдор төмөндөйт, температура төмөндөйт.
Эмдөө – бул оорудан коргоонун бирден-бир жолу
Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календарына ылайык кызамыкка жана кызамыкка каршы эмдөө балдар үчүн жүргүзүлөт: 1 жашта, ревакцинация - 6 жашта.
Кызамыкты атайын дарылоо жок. Бирок ооруну алдын алса болот, алдын алуунун эффективдүү жолдорунун бири бул эмдөө.
03.04.2023
Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган акция
Коомдук саламаттык сактоо кызматында жетимиш беш жыл
Ушул жылы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүндө (7-апрелде), Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өзүнүн негизделгендигинин 75 жылдыгын жана Кыргыз Республикасындагы ДССУнун Өлкөлүк кеңсесинин 30 жылдыгын белгилейт
КАЧАН: 2023-жылдын 5-апрелинде, 16:00-18:00
КАЙДА: Бишкек ш., Эмен сейил багы, Курманжан Датканын эстелиги
ЭМНЕ: Акциянын алкагында спорттук иш-чаралар, оюндар жана конкурстар пландалган. Акция учурунда каалоочулар сергек жашоо мүнөзү, тамеки тартуудан баш тартуу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча консультация алышат, артериялык кан басымды өлчөтүп, АИВге экспресс-тесттен өтүшөт, кант диабетинин өнүгүү тобокелчилигин баалап, ошондой эле В гепатитине каршы эмдөө ала алышат.
Акциянын жүрүшүндө жеңүүчүлөргө сыйлыктарды ыйгаруу менен “Сергек жашоо мүнөзү” видеороликтеринин конкурсунун жыйынтыгы жарыяланмакчы.
Акцияга КР Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Саламаттык сактоо министрлиги, КРдагы ДССУнун Өлкөлүк кеңсеси, Бишкек шаардык мэриясы, КРдагы чет өлкөлүк элчиликтер жана консулдуктар, ошондой эле КРдагы БУУнун Агенттиктери катышат.
Толук маалымат алуу үчүн байланышууну өтүнөбүз: РДЧжМКБ, тел.: 312 300 985
31.03.2023
Улуттук онкология жана гематология борборуна 2 заманбап аппарат сатып алынды
2023-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Улуттук онкология жана гематология борборунун брахитерапия бөлүмүнө барды, ал жерден жабыркаган көңдөй ичиндеги нур терапиясы үчүн арналган эки жаңы брахиаппарат сатылып алынды. Жабдуулар жалпысынан 1 миллион 400 еврого алынган.
Тиешелуу адистер — врачтар, инженерлер, физиктер окутуудан өткөрүлдү. Иш сапардын алкагында министр жабдууларды карап чыгып, адистердин иши менен таанышты.
Ошондой эле Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева борбордун поликлиникасын оңдоо иштерине бюджеттен 31 миллион сом бөлүнгөнүн, имаратты оңдоо иштери жакынкы аралыкта башталаарын билдирди.
Министр Кыргыз Республикасынын калкын сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыздоого мүмкүндүк берген мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы жабдууларды сатып алуу бул багыттагы маанилүү кадам экенин айтты.
«Улуттук онкология жана гематология борборунун брахитерапия бөлүмүндө жыл сайын гинекологиялык оорулар менен жабыркаган 300 аял дарыланып, дагы эки жаңы аппараттын орнотулушу менен гинекологиялык оорулар менен гана эмес, башкалар оорулар менен да келген бейтаптарыбызга көрсөтүлгөн нур терапиясынын көлөмүн көбөйтө алабыз», - деди Бактыгүл Султангазиева.