Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

29

12

2025

Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

26.12.2025

Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

25.12.2025

Медициналык 083 формадагы маалымкат алуудагы кезектер боюнча маалымат

17.03.2023
КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова: "Коррупцияга аёосуз согуш жарыяланды"

Бүгүн, 2023-жылдын 17-мартында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө министр көптөгөн эскертүүлөргө жана көрсөтмөлөргө карабастан, медициналык кызматкерлер тараптан медициналык кызмат көрсөтүү үчүн акча талап кылуу фактылары боюнча даттануулар ар дайым түшүп жатканын белгиледи. «Тилекке каршы, өткөн күнү биз саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси катышкан жагдайга күбө болдук. Албетте, бир нерсе деп айтууга эрте, буга тергөө жана компетенттүү органдар чекит коёт”.

 

Кеңешменин жыйынтыгында министр саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине 3 айдын ичинде накталай эмес төлөмгө өтүү боюнча иштерди жүргүзүүнү жана бейтаптар менен саламаттыкты сактоо уюмдарынын ортосунда накталай төлөмдөрдү жүгүртүүнү жокко чыгарууну тапшырды.

Министр ошондой эле жарандарды коррупцияга каршы күрөшкө тартуу механизмин иштеп чыгууну жана санариптик чечимдерди колдонуу менен медициналык тейлөөнүн сапатына канааттанууну жогорулатууну тапшырды.

 

Министр өзгөчө бейтаптарды ташуудагы коррупциялык компоненттерге, негизсиз анализдерди дайындоого басым жасап, медицина кызматкерлери тарабынан этикага жатпаган маркетингдин бардык түрлөрүн токтотууну тапшырды.

17.03.2023
Кувейттен келген гуманитардык жүк Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди

Бүгүн, 2023-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кувейт Мамлекетинин Эл аралык Ислам кайрымдуулук уюму жана “Ас-Салам” Фонду тарабынан кайтарымсыз негизде берилген гуманитардык жардамды расмий түрдө тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыковдун, БУУнун Башкы катчысынын кайрымдуулук боюнча атайын кеңешчиси Абдулла Маатук Аль Маатуктун жана кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Медициналык жабдыктардан турган гуманитардык жүк бейтаптарды көтөргүч, дем алуу жолдорун тазалоо системасы, керебеттин жанына орнотулуучу монитор, кычкылтек концентратору, функционалдык керебет сыяктуу көптөгөн аппараттарды камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков Кувейт өкмөтүнө жана фонддун жетекчилигине Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, өткөрүлүп берилген медициналык жабдуулар Кыргызстанда медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга көмөктөшөөрүн белгиледи. Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин атынан жолугушуунун катышуучуларына ыраазычылык каттарын тапшырды.

Эскерте кетсек, 16 тонналык салмактагы гуманитардык жүк Кыргызстанга 2022-жылдын 24-декабрында келген.

17.03.2023
Үч-Коргон Жалпы дарыгерлик практика борборунда жандандыруу бөлүмү ишке киргизилди

2023-жылы 16-мартта  Баткен облусунун Үч-Коргон Жалпы дарыгердик практика борборунда толук кандуу жана бардык зарыл медициналык жабдыктар менен камсыздалган жандандыруу бөлүмүнүн ачылыш аземи болду. Иш-чара саламаттык сактоо министринин орун басары Т. Мамадалиев, ММК Фондунун Баткен Аймактык башкармалыгынын директору И. Салибаев, Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы М.Токторов жана оорукананын эмгек жамаатынын катышуусунда өттү.

ЖДПБнын директору Орозбек Муратовдун айтымында, 1928-жылы түзүлгөндөн бери жандандыруу бөлүмү болгон эмес,  оор абалдагы бейтаптар башка ооруканага багытталып келген.

Ошондой эле, ал Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) тарабынан санариптик жана мобилдүү рентген берилип, имараты санитардык нормага ылайык капиталдык ремонттон өткөнүн кошумчалады.

17.03.2023
Балдар ооруканасынын жаңы хирургиялык корпусунун курулушу план ылайык жүрүп жатат

     Ооруканадагы орундардын санын көбөйтүү жана балдарга медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында 2022-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун катышуусунда Бишкектеги шаардык тез жардам клиникалык балдар ооруканасынын жаңы имаратына капсула салынган.

Бүгүнкү күндө Б, В блоктордун пайдубалын бетондоо иштери аяктады.

Б блогунда топурак менен толтурулуп тапталды, мамыларды куюу үчүн арматураланган колонканын артына опалубка орнотулууда.

Долбоорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси Таштанбек Каймазаровдун айтымында, курулуш «МС Билдинг» подряддык уюму тарабынан бекитилген график боюнча жүрүп жатат. Курулуш мөөнөтү келишим боюнча 3 жыл, алдын ала маалыматтар боюнча объект 2025-жылы пайдаланууга берилет.

  Эскерте кетсек, төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланууда.

Жаңы имаратта 212 керебет жана 8 операциялык бөлүм болот: шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, торакалдык хирургия ж.б.

Имаратта радиология, проктология, реанимация, токсикология, жаңы төрөлгөн балдардын реанимациясы, урология, травматология бөлүмдөрү, морфологиялык кабинет, лабораториялык блок ж.б.у.с. каралган

16.03.2023
Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборунда операциялык блоктун жаны имараты ишке берилди

Бүгүн, 2023-жылдын 16-март куну Кызыл-Кыя шаарынын Жалпы дарыгерлик практика борборунда (ЖДПБ) операциялык блоктун жаны имаратынын ачылышы болуп өттү. Имараттын ачылышына Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев, Милдеттуу Медициналык Камсыздандыруу Фондунун Баткен Аймактык башкармалыгынын директору Иличбек Салибаев, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асилбек Маткалыков, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин төрагасы Жыргал Калматов жана Кадамжай, Айдаркен,Үч-Коргон  ЖДПБорборлорунун директорлору катышты.

 

Жаңы ачылган операциялык блок СанПИНдин бардык талаптарына ылайык жасалды. Анда хирургиялык,травматологиялык-ортопедиялык, урологиялык операциялар, шашылыш операциялар жана эндохирургиялык операциялар үчүн өз өзүнчө  бөлмөлөр каралып, заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалды. Алар: жалпы суммасы 1млн 400миң сом турган 2 жаны операциялык стол, 1млн 800миң сомдук 5 комплект операциялык көлөкөсүз(безтеневая) лампалар, 2млн 900миң сомдук наркоздук-демалдыруучу аппарат жана башка керектүү операциялык шаймандар алынды.

 

Андан сырткары жүрөк-кан тамыр ооруларынын дартын аныктоо үчүн заманбап үлгүдөгү ЭХО-УЗИ-аппаратын  алынып ишке киргизилди.

16.03.2023
БУУнун жугуштуу эмес оорулардын жана психикалык ден соолуктун алдын алуу жана күрөшүү боюнча ведомстволор аралык максаттуу тобунун Кыргызстандагы Миссиясы

БУУнун жугуштуу эмес оорулардын жана психикалык ден соолукту алдын алуу жана күрөшүү боюнча ведомстволор аралык максаттуу тобу Кыргызстанга келди.

Миссиянын алкагында бүгүн, 2023-жылдын 16-мартында Бишкек шаарында жугуштуу эмес оорулардын жүгүн азайтуу маселелерин талкуулаган тегерек стол болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана башка кызыкдар ведомстволордун жана уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

           Тегерек стол жергиликтүү өнөктөштөр жана БУУнун Өлкөлүк тобу менен биргеликте жана ДСУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен сандык да, сапаттык да секторлор аралык маалыматтардын булактарына жетүү жана ЖЭО менен психикалык ден соолукту туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык улуттук өнүгүү максаттары менен байланыштыруучу аргументтерди колдоо максатында уюштурулган. 

КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков кесепеттери менен күрөшүү эмес, алдын алуу принциптерин түшүнүү маанилүү экенин белгиледи: “Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда өлүмдүн эң көп тараган себеби болуп рак, жүрөк-кан тамыр оорулары, өпкө оорулары ж.б сыяктуу жугуштуу эмес оорулар саналат. Тамактануудан эмоционалдык абалга чейин ЖЭО үчүн көптөгөн тобокелдик факторлору бар. Мисалы, инфаркт жана инсульттун пайда болушуна көбүнчө тамак-аш маданияты, тамеки чегүү жана алкоголдук ичимдиктер таасир этет. Эгерде биз бүгүн тиешелүү чараларды көрбөсөк, статистика да, ЖЭОнун чыгашалары да кыйла өсүп, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу тоскоолдук болуп калат. Учурдагы бардык аракеттерибиз бул ооруларды эрте аныктоого жана эрте дарылоого, ошондой эле алдын алууга багытталган. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер эле эмес, комплекстүү, ведомстволор аралык биргелешкен иш-чаралар керек».

ДССУнун Кыргыз Республикасындагы Регионалдык директорунун атайын өкүлү/ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысынын милдетин аткаруучу доктор Шахин Хусейнов белгилегендей, экономикалык жактан экстенсивдүү жана ишке ашырыла турган чаралардын комплекси көптөгөн эрте өлүмдөрдүн алдын алууга жардам берет: “Жаш өлкө үчүн кант диабети, онкологиялык жана жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу ооруларга өлүмдүн себеби болушуна жол берилбеши керек. Буга чейин белгиленгендей, эң пайдалуу, өзгөчө Кыргызстандын концепциясында ар кандай шарттарда ишке ашырыла турган жана саясий эркти талап кылган чыгымы аз иш-чаралар приоритеттүү. Бүгүнкү тегерек столдун жыйынтыгында кабыл алынган сунуштар жана чечимдер жугуштуу эмес оорулар боюнча бул чоң көйгөйдү чечүүгө жардам берет деп ишенем”.

Маалымат үчүн:

Бириккен Улуттар Уюмунун жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана күрөшүү боюнча ведомстволор аралык максаттуу тобу (UNIATF), мындан ары "Максаттуу тобу" деп аталат, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы тарабынан 2013-жылы түзүлгөн.

Өнөкөт оорулар деп да белгилүү болгон жугуштуу эмес ооруларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өнөкөт респиратордук оорулар жана кант диабети кирет. Макссаттуу топтун ролу БУУ (БУУ) тутумунун жана улуттук өкмөттөрдүн бүтүндөй өкмөттүк жана бүтүндөй коомчулуктун мамилесин иштеп чыгуу үчүн ЖЭОнун алдын алуу жана күрөшүү боюнча тиешелүү тараптарды бириктирүү болуп саналат.

2015-жылы 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүктүрүүнүн күн тартибин кабыл алгандан кийин, Максаттуу топтун иш алкагы ЖЭОнун глобалдык жүгүн көбөйтүүгө өбөлгө түзгөн психикалык ден соолук, зордук-зомбулук, жаракат алуу, тамактануу жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери сыяктуу “ЖЭОну Туруктуу өнүгүү максаттарына камтуу (ТӨМ)” аркылуу кеңейтилген.

Максаттуу топ ЖЭОнун алдын алуу жана күрөшүү боюнча көп секторлуу иш-аракеттерди алдыга жылдырат, Туруктуу Өнүгүү Максаттарына (ТӨМ) жетүү үчүн жана саламаттыкты сактоонун жалпы камтылышына  өтүүдө өлкөлөргө колдоо көрсөтөт.

15.03.2023
Бишкекке Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана күрөшүү боюнча БУУнун Ведомстволор аралык максаттуу тобунун миссиясы келди

2023-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жана БУУнун жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) алдын алуу жана күрөшүүбоюнча Ведомстволор аралык максаттуу тобунун өкүлдөрү менен жолугуп, көп секторлуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» программасынын алкагында туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү маселелери талкууланды.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда ЖЭО менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө стандарттуу эмес мамиленин зарылдыгын, ошондой эле кесепеттер менен күрөшүү эмес, алдын алуу принциптерин түшүнүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

 

Максаттуу топтун ролу жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана күрөшүү боюнча өкмөттүк жана социалдык мамилени иштеп чыгууда БУУнун тиешелүү агенттиктерин жана улуттук өкмөттөрүн бириктирүү болуп саналат.

14.03.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги «Жаш адистин депозити» программасына квоталарды 500гө чейин жеткирүү үчүн иштерди жүргүзөт

Бүгүн, 2023-жылдын 14-мартында, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларындагы Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда болуп, жаш адистер менен жолугушту. Таш-Көмүр ЖДПБсында үч жаш адис эмгектенет, алардын экөө хирургия жана реанимация бөлүмдөрүн жетектейт.

Жаш дарыгерлер “Жаш адистин депозити” программасынын алкагында кошумча төлөмдөрдү алып жатышканын, мындан тышкары алыскы аймактарда иштөө дагы кесиптик жактан өсүү үчүн практикалык тажрыйба алууга көмөктөшөөрүн белгилешти.

«Тажрыйбалуу адистер аймактарда насаатчылык кылып, саламаттыкты сактоо тармагына жаштар тартылып жатканы мени абдан кубандырат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги “Жаш адистин депозити” программасы боюнча квоталарды көбөйтүү боюнча иштерди улантат. Тилекке каршы, азыр 175 эле орун бар, бирок квотаны 500гө жеткирүүнүн үстүндө иштейбиз. Алыскы аймактарды жаш адистер абдан жакшы тажрыйбага ээ боло алышат, жоопкерчиликтүү болушуңар керек жана өзүңөрдүн дарыгер экениңерди түшүнүшүңөр керек», - деди КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Андан ары министр Кара-Көл шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, эне-балага медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышып, тез жардам кызматынын иши жана орун алган көйгөйлөр менен таанышты.

Кара-Көл шаардык ЖДПБнын директору Бакыт Ырысбековдун айтымында, энелерге жана балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, өлүмдү азайтуу максатында баштапкы деңгээлде педиатриялык жана гинекологиялык кабыл алууларды көбөйтүү пландалууда. Ал министрден тез жардам бөлүмүн ачууга көмөктөшүүнү суранды, анткени ЖДПБ Бишкек-Ош жолунда жайгашкандыктан, жол кырсыгына кабылып ар кандай жаракат алган бейтаптар көп кайрылышат. ЖДПБнын базасында 4 тез жардам бригадасы, төрт автомашина бар. Кадрдык потенциал жетиштүү, бизде 11 жаш адис иштейт, алар ЛОР, кардиолог, акушер-гинеколог, үй-бүлөлүк дарыгерлер да бар, деди директор.

Кеңешменин жыйынтыгында министр саламаттыкты сактоонун координатору Каарманбек Байдавлетовго жана Жалал-Абад облусунун ММК фондунун аймактык башкармалыгынын директору Акмат Самарбековго Кара-Көл ЖДПБсында педиатриялык жана гинекологиялык, тез жардам кызматтарын өркүндөтүү боюнча пландалган иштерди жүзөгө ашырууга бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды.

14.03.2023
Саламаттык сактоо министрлиги: маалыматтык системада дарыгерлер жана медайымдардын “Жеке кабинети” болот

Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен мамлекеттик жана жеке менчик уюмдардын медицина кызматкерлери үчүн «Медициналык жана фармацевтикалык үзгүлтүксүз билим алуу жана кредиттик сааттардын топтоо системасы жөнүндө жобо» бекитилди.

Кредиттик сааттардын топтоо системасы дарыгердин жана медайымдын үзгүлтүксүз билим алуусунун түйшүгүн өлчөөгө, беш жылдык мөөнөт ичиндеги сааттардын суммасын чыгарууга, аттестациядан өтүүгө, иштөөгө уруксат алууга же квалификациялык категория ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Системанын артыкчылыгы:

1. Мекеменин менчигинин түрүнө карабастан (мамлекеттик же жеке менчик) дарыгерлер да, медайымдар да кесиптик квалификациясын жогорулатуу менен бирге окуудан өтүүгө жана бирдей сандагы кредиттик саатка ээ болууга тийиш. Буга чейин жеке менчик саламаттыкты сактоо уюмдарынын дарыгерлери 5 жылдын ичинде 144 кредит-саат, ал эми мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарынын дарыгерлери 250 кредит-саат топтошчу. Азыр бардык дарыгерлер үчүн 250 кредит-саат белгиленди. Медайымдарды окутуунун сааттарынын саны да теңелди – 180 кредит-саат.

2. Электрондук саламаттык сактоо борбору тарабынан (ЭССБ) жалпы кесиптик ишмердүүлүгү ичинде чегерилген кредиттик-сааттардын документалдуу далилдери бар "Адистин электрондук жеке топтоо картасы", б.а. адистин жеке портфолиосу иштелип чыгат.

3. "Адистин электрондук жеке топтоо картасы" ЖИНге (жеке идентификациялык номер) тиркелет.

 

Нурида Жусупбекова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы: “Адистин жеке логин жана сыр сөзүн алуу жана маалымат базасына маалыматтарды киргизүү үчүн медицина кызматкери Ресурстарды башкаруу улуттук маалыматтык системасына катталган болушу керек. Андан кийин ар бир адиске автоматтык түрдө жеке логин жана сыр сөздөр ыйгарылат. Мындан тышкары, 17 пункттан турган Мындан тышкары, 17 пункттан турган “Кредиттик сааттардын саны көрсөтүлгөн формалдуу эмес билим берүү ишмердүүлүгүнүн тизмесин” бекиттик. Мисалы, конференцияларга катышуучу катары катышкандагы 45 мүнөт 1 кредит саатка, эл аралык деңгээлде баяндамачы катары катышканда – 20 кредит саатка, республикалык деңгээлде – 10 кредит саатка бааланат».

Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасындагы Улуттук квалификациялык системанын концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында киргизилген.

14.03.2023
Министр Кош-Дөбө ҮДТсына которулган кош бойлуу үч аялдын абалы менен таанышты

2023-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Аксы районунун Кош-Дөбө айылында жайгашкан Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып, калкка баштапкы медициналык жардам көрсөтүү кызматынын иши менен таанышты. ҮДТнын медицина кызматкерлери 16 миңден ашык жашоочуларды тейлешет, имараты 15 орунга ылайыкталган, анын ичинен 2 балдар, 8 терапиялык жана 5 төрөт керебети.

ҮДТнын клиникалык жетекчиси Асан Жоробаев министрге каржылоо жетиштүү экенин, керектүү дары-дармектер жана Улуттук эмдөө графигинин алкагында балдар үчүн вакциналар бар экенин билдирди.

Министр ҮДТнын эмгек жамаатына бекем ден соолук жана иштерине ийгиликтерди каалады. «Баштапкы медициналык-санитардык жардам оорунун алдын алуудагы маанилүү звено болуп саналат. Андыктан, сиздерден өз жумушуңарга жоопкерчилик менен мамиле жасооңорду, бейтаптардын, өзгөчө балдардын абалына сак болушуңуздарды суранам. Ошондой эле, калкка тез медициналык жардамды жеткиликтүү кылуу үчүн ҮДТнын базасында тез медициналык жардам пунктун уюштурууну карап чыгуу зарыл», - деди КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова. 

Кошумчалай кетсек, министр ҮДТдагы кечээ Аксы Жалпы дарыгерлик практика борборунан которулуп, түндө аман-эсен көз жарган үч эненин ден соолугунун абалы менен таанышты. Энелердин жана балдардын абалы бүгүнкү күндө канааттандырарлык, алар медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

14.03.2023
Аксы ЖДПБнын чатырын жабууга 6 млн сом бөлүндү

2023-жылдын 13-14-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков, Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо координатору жана Жалал-Абад облусунун ММК фондунун аймактык башкармалыгынын жетекчиси Аксы Жалпы дарыгерлик практика борборунун өрт чыккан корпусуна барып, өрттөнгөн имараттын абалы жана башка бөлүмдөрдүн иши менен таанышышты. Текшерүү учурунда министр оорукананын кызматкерлери, бейтаптар жана төрөт учурундагы аялдар менен баарлашты.

 

  Аксы ЖДПБнын директору Медербек Осмоновдун айтымында, чатыры толугу менен күйүп кеткен, өрт имараттын ичине жеткен эмес, бүгүнкү күндө имараттын ичин тазалоо иштери жүрүп, жабдыктар орнотулууда. Өрттөн келтирилген зыян эсептелүүдө. Ошондой эле, Жалал-Абад облустук ММК фондунун аймактык башкармалыгынын башчысы Акмат Самарбеков 2023-жылга оңдоо иштерине 17 млн ​​сом бөлүү пландалып, анын 6 млн сому имараттын чатырын тез арада жабууга бөлүнгөндүгүн билдирди.

 

       Аксы ЖДПБга болгон иш сапарынын жыйынтыгында КР саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова облустун саламаттыкты сактоо уюмдарында өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды. «Кудайга шүгүр, кечээ бейтаптар өз убагында эвакуацияланды, жабыркагандар жок. Реанимациялык жана башка жабдыктарды алып чыгууга жетиштик», - деди министр. 

Облустук координаторго, ММК фондунун аймактык башкармалыгынын башчысына жана Аксы ЖДПБнын директоруна тез аранын ичинде имараттын чатырын жабуу, бейтаптарды медициналык тейлөөнүн сапатын көзөмөлдөө, бардык керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу боюнча зарыл иштерди баштоону тапшырды. Мындан тышкары, министр оңдоо иштерин жеке көзөмөлгө алып, бардык жардамдарды көрсөтүүнү убадалаган райондун акими Замирбек Сыдыковго чоң ыраазычылыгын билдирди.

13.03.2023
КРВИ жана сасык тумоо боюнча кырдаал

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, 2023-жылдын 6-мартынан 12-мартына чейинки 10-аптада республикада курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен 4594 учур катталып, эпидемиологиялык мезгил башталгандан бери жалпысынан 212 655 учур катталды.

Жылдын 46-жумасынан тартып оорунун акырындык менен өсүшү байкалып жылдын 50-жумасында эң жогорку чегине жеткен. 2023-жылдын 10-жумасында оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 66,0 түздү, б.а. өткөн жумага салыштырмалуу 22,8%га төмөндөдү.

 

Балдардын бала-бакчаларга жана мектептерге баруусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда.

 

Сасык тумоо, сасык тумоого окшош оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:

— беткап режимин жана социалдык аралыкты сактоо;

—  дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо

—  жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду менен жабуу;

—  үшүп калуудан жана өтө ысып кетүүдөн сактануу;

—  өзүн жаман сезген, жогорку температура жана башка сасык тумоого окшош белгилери бар адамдардын өз убагында обочолонуусу;

— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.у.с.)

—  эгерде балада сасык тумоонун белгилери пайда болсо, дарыгерге кайрылыңыз;

—  эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо.


 

10.03.2023
Швейцария саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатууну колдойт

2023-жылдын 10-мартында саламаттыкты сактоо уюмдарынын 38 жетекчисине "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кесиптик кайра даярдоо программасын аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды. Жетекчилерге сертификаттарды КРнын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова,  Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Оливье Бангертер жана Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ректору Рустам Курманов тапшырышты.

 

Кайра даярдоо программасы Швейцария каржылаган “Саламаттыкты сактоону башкаруу системасын чыңдоо” Долбоорунун техникалык колдоосу алдында Компетенциялар каталогунун негизинде иштелип чыккан. Программа 15 модулдан турат жана уюмду башкаруунун бардык өңүттөрүн камтыйт. Алар: адам ресурстары, финансы, саламаттыкты сактоо саясатындагы маселелер жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишин талдоо.

 

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын күчтүү жетекчилери бул тармакты реформалоонун негизги кыймылдаткычы болуп саналат. “Саламаттыкты сактоо системасынын натыйжалуу иштеши үчүн келечекти көрө билген, алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди түшүнгөн жана ишке ашырган, ошондой эле жыйынтыктарга кызыкдар болуп, тынымсыз билим алып турган жетекчилер керек”, - деп белгиледи министр Гүлнара Баатырова.

 

Швейцария көп жылдардан бери Кыргызстанга саламаттыкты сактоо жаатында жардам көрсөтүп келе жатканына сыймыктанат. Жогорку кесипкөй менеджерлер саламаттык сактоо уюмунун ишин жакшыртууга жана калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына олуттуу салым кошууга жөндөмдүү болушат”, - деп белгиледи элчи Оливье Бангертер.

 

Окутуу С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында өттү. Окууну уюштурууга КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борбору колдоо көрсөттү.

10.03.2023
Дүйнө жүзү боюнча дарыгерлер коңгуроо кагышууда: "Электрондук тамеки колдонгон өспүрүмдөр менен жаштардын саны өсүүдө!"

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча дарыгерлер коңгуроо кагышууда: «Электрондук тамеки колдонгон өспүрүмдөр менен жаштардын саны өсүүдө!». Бул көрүнүш жаңы өсүп келе жаткан муунду тартууга багытталган тамеки кампанияларынын агрессивдүү маркетингине байланыштуу. Алар өз продукцияларын зыяны аз, ал тургай зыяны жок деп позициялап коюшат, бул туура эмес, дейт медицина илимдеринин кандидаты, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун пульмонологу Анара Калиева.

Анын айтымында, электрондук тамекилердин ден соолукка тийгизген терс таасирин көптөгөн илимий изилдөөлөр далилдейт. Сспүрүмдүн калыптанып келе жаткан мээси электрондук тамекидеги никотинге өзгөчө аялуу. Далилдерге негизделген медицина никотиндин көңүл буруу, таанып билүү, эс тутумдун начарлашы жана интеллекттин жана аткаруучу функциянын төмөндөшү менен байланышын көрсөтөт (Slekman J. Vaping: It's all a smokescreen. Pediatric Nursing. 2019;45(1):12–15.35). Электрондук тамекини колдонуу гиперактивдүүлүктү жана импульсивдүү жүрүм-турумдун өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн (Tobore TO. On the potential harmful effects of E-Cigarettes (EC) on the developing brain: The relationship between vaping-induced oxidative stress and adolescent/young adults social maladjustment. Journal of Adolescence. 2019;76:202–209).  Demissie жана авторлоштордун илимий иши электрондук тамеки колдонгон орто мектеп окуучуларынын арасында мушташуу, өз жанын кыюу аракети, спирт ичимдиктерин жана марихуананы колдонуу коркунучу жогору экенин тастыктады (Demissie Z, Jones SE, Clayton HB, King BA. Adolescent Risk Behaviors and Use of Electronic Vapor Products and Cigarettes. Pediatrics. 2017;139(2) doi: 10.1542/peds.2016-2921). Никотин бойго жеткен мээге салыштырмалуу өспүрүмдүн мээсине олуттуу жана туруктуу зыяндуу таасирин тийгизет (Britton и соавторы, 2007; Doura и соавторы, 2008).

Дүйнөлүк адабиятта электрондук тамекилерди колдонуу жаштардын кадимки тамекиге же соргуч тамекиге (насвая) өтүү ыктымалдыгын жогорулатат деген басылмалардын саны өсүүдө. Электрондук тамекилерди колдонгон өспүрүмдөр кийинчерээк тамекинин башка түрлөрүн колдонгонун 3,6 эсе көп айтышкан (Jenssen BP, Wilson KM. What is new in electronic-cigarettes research? Current Opinion in Pediatrics. 2019;31(2):262–266). 

Ошондой эле өспүрүмдөр никотин көз карандылыгына көбүрөөк кабылаары илимий жактан далилденген. Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, күнүгө тамеки чеккен чоң кишилердин 90% тамеки буюмдарын 18 жашка чейин колдоно башташкан (Kong G, Krishnan-Sarin S. A call to end the epidemic of adolescent E-cigarette use. Drug and Alcohol Dependence. 2017; 174:215–221). Ошентип, электрондук тамеки никотинге көз карандылардын жаңы муунун түзүүгө натыйжалуу жардам берип жатат.

Коммерциялык продуктыларды изилдөөлөр көрсөткөндөй, электрондук тамекилерде 1- 36 мг/мл никотин болушу мүмкүн (Гониевич жана авторлоштор, 2015-ж.); ден соолукка кооптуу кошулмаларды камтышы мүмкүн (Zhu жана авторлоштор, 2014), ошондой эле ингредиенттерде көрсөтүлбөгөн аралашмалар болушу мүмкүн (Varlet et al. 2015); электрондук тамекилер ысыганда ден соолукка коркунуч туудурган кошумча токсиканттарды пайда болот (Taлих ж.б., 2015).

 

Электрондук тамекилердин кадимки тамекилерге салыштырмалуу никотинди бирдей же андан да көп өлчөмдө жеткирүү жөндөмдүүлүгү жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу тынчсызданууну жаратат. Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, никотин атеросклероздун патогенезине катышкан ар кандай сезгенүү медиаторлорунун өндүрүшүн (Lau and Baldus 2006) жана клеткалык деңгээлде никотин макрофагдарда C-реактивдүү белоктун (СРБ) экспрессиясын индукциялайт да, сезгенүү жана атеросклероздук таасирине өбөлгө түзөт (Mao et al. 2012). 

 

Электрондук тамеки колдонгон кыздарга кош бойлуу болгондо таштоо кыйыныраак болот. Никотин плацента ткандарын кесип өтө алгандыктан, түйүлдүктүн суюктуктарындагы никотиндин концентрациясы эненин сары суусуна караганда жогору экени аныкталган (Сент-Хелен и соавторы, 2016).

2016-жылы Holbrook жана авторлошторунун, ошондой эле 2017-жылы Spindel жана авторлоштору тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр никотиндин күтүлбөгөн жерден ымыркай өлүмү синдромунун өнүгүшү менен, ошондой эле узак мөөнөттүү келечекте өпкө оорусунун өнүгүшү менен байланышын көрсөттү.

Электрондук тамекилердин ден-соолукка тийгизген терс таасири жөнүндө көптөгөн негиздүү аргументтердин бар экендигине карабастан, тамеки өнөр жайы өспүрүмдөрдүн аң-сезимине жигердүү таасирин тийгизүүнү улантып, өздөрүнүн продукциясынын жагымдуулугун жогорулатууда. Заманбап дизайн, жагымдуу жыт, аппаратты жекелештирүү жана башка маркетингдик өзгөчөлүктөрү жаш муундун арасында электрондук тамекилерди колдонууну модага айлантып, аларды туруктуу керектөөчүлөргө айландырууда.

Кыргызстандагы орто жана жогорку класстын окуучулары арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо алардын 25%га жакыны электрондук тамеки колдонуу менен алектенерин, өспүрүмдөрдүн 78% социалдык тармактарда жок дегенде бир жолу электрондук тамекилердин жарнактарын көрүшкөнүн көрсөттү. Мектеп окуучулары электрондук тамекилерди катып коюу жана сабактардын ортосунда чегүү оңой экенин, ал эми жыттын жана тамеки колдонуунун башка издеринин жоктугу ата-энелер тарабынан аныктоо мүмкүнчүлүгүн дээрлик жокко чыгарат. Электрондук тамекилерди колдонуу көбөйгөнүн орто мектептердин мугалимдери тастыктап турат. Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы аппараттардын ден-соолукка тийгизген зыяны тууралуу маалымат берүү боюнча бир топ иштерди жүргүзүүдө: класстан тышкаркы сабактар ​​киргизилди, смс-билдирүүлөр, социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында видеолор таратылууда.

Күчтүү мыйзамдын киргизилиши, акциздердин, салыктардын көбөйүшү уул-кыздарыбыздын ден соолугу, келечеги үчүн күрөштө эң жакшы натыйжа берип жатканын дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп турат.

Камкор мамлекет гана өз элинин саламаттыгын жана жыргалчылыгын тамеки өнөр жайынын агрессивдүү таасиринен коргой алат!

09.03.2023
Кыргызстан Ден соолук коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну баштады

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык бюросунун аймактык өкүлчүлүгү менен биргеликте 9-10-март күндөрү Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди ишке ашыруу боюнча өлкөнүн негизги мүмкүнчүлүктөрүнө биргелешкен тышкы баа берүү боюнча багыттоочу кеңешме өткөрүүдө. 

Жыйынга саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүүгө тартылган министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери катышты.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев биргелешкен тышкы баалоо өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча мындан аркы иш-аракеттердин планын иштеп чыгууга мүмкүндүк берерин белгилеп, ошондой эле жыйындын катышуучуларын ыкманы бардык тобокелдиктерди эске алуу менен колдонууга чакырды – булар жугуштуу оорулар, тамак-аш коопсуздугу, микробго каршы препараттарга туруктуулук жана башкалар.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа Регионалдык бюросунун Кыргызстандагы атайын өкүлү Шахин Хусейнов Кыргызстан биргелешкен тышкы баалоону экинчи ирет жүргүзүп жаткан Борбордук Азия чөлкөмүндөгүалгачкы өлкө экенин, бул өлкөнүн ден соолук коопсуздугун камсыздоо тармагындагы потенциалын жогорулатууга умтулуусун айгинелерин баса белгиледи. Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму планды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ар тараптан колдоо көрсөтөт.

 

Биргелешкен тышкы баалоо Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эл аралык эксперттери тарабынан ушул жылдын июнь айында жүргүзүлөт.

09.03.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен жолугушту

2023-жылдын 7-мартында Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Адамдардын бакубатчылыгын жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тармагын көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматтын жетекчиси Анна Попова менен жолугушту.

Тараптар эпидемиологиялык жана санитардык коопсуздук жаатында эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, жугуштуу жана вирустук ооруларга каршы күрөшүү жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку динамикасын белгилешти.

Министр Г.М. Баатырова орусия тарапка калкты эмдөө, ПЧР тест-системалары түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөтүү жана коронавирус пандемиясынын жайылышынын кесепеттерин жеңүүгө көмөктөшүүнүн алкагында көрсөткөн туруктуу колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Анна Юрьевна Попова көп жылдык кызматташуусу жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.

07.03.2023
Кыргызстан менен Орусиянын саламаттык сактоо министрлери саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

 Москва шаарында өтө турган биринчи кыргыз-орус аялдар форумуна катышуу үчүн Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында, 2023-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашконун ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ведомстволор аралык деңгээлде, анын ичинде медициналык мекемелердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн туруктуу динамикасын белгилешти, калктын саламаттыгын жакшыртууга жана медициналык жардамды уюштуруунун системасын жакшыртууга багытталган биргелешкен иштерди активдештирүү боюнча өз ара ниеттерин ырасташты.

Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко Россия тараптан уюштурулган илимий-практикалык семинарларда Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлери үчүн окуу орундарынын санын көбөйтүүгө даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде министр Гүлнара Баатырова Россия Федерациясында иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүү менен байланышкан маселелерди чечүүнүн, ошондой эле бардык чет өлкөлүк жарандар үчүн керектүү болгон медициналык кароодон өтүүнүн тартибин жеңилдетүү боюнча алгылыктуу варианттарын табуу максатында диалогду улантуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

 Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө көп тараптуу форматта медицина тармагындагы алдынкы практикалык тажрыйба алмашууну улантуунун, анын ичинде медицина кызматкерлеринин эл аралык саламаттыкты сактоо иш-чараларына катышуусу аркылуу кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Жыйындын соңунда Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованы жана Кыргызстандын адистерин 23-24-мартта Санкт-Петербург шаарында өтө турган «Дени сак коом» форумуна катышууга чакырды. Форумда баштапкы медициналык-санитардык жардамды жакшыртуу, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү, тармакты санариптик трансформациялоо, медициналык кадрларды даярдоо жана башка, эки тарапты кызыктырган актуалдуу маселелер талкууланышы күтүлүүдө.

06.03.2023
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган жарандарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу

2023-жылдын 6-мартында республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жумалык жыйынында Баткен облусунун тургундарына өз убагында жана акысыз медициналык жардам көрсөтүү боюнча маалымат угулду.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын               18-февралындагы № 86 «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Баткен облусунун калкына амбулатордук деңгээлде көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы, рентгенографиялык изилдөөлөр, ички органдардын ультраүн текшерүүлөрү акысыз көрсөтүлөт,             ал эми стационардык жардам (ооруканага жаткырууда) 50% жеңилдик менен берилет. Ошону менен бирге Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, анын ичинде Баткен шаарынын жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылынын тургундары саламаттык сактоонун стационардык уюмдарына алгачкы жана кайталап госпиталдаштырууда кошумча төлөөдөн бошотулушканын белгилейбиз.

2023-жылдын башынан бери Баткен облусунун 764 тургуну республиканын аймагындагы саламаттык сактоо уюмдарына кайрылып, бекер дарыланып чыгышкан. Анын ичинен 390 адам үчүнчү баскычтагы, Улуттук ооруканаларга жаткызылып, тийиштүү дарылануудан өтүшкөн.

Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасында – 99 адам;

Курортология институтунун базасында – 95 адам;

Улуттук Госпиталда – 112 адам,

Улуттук кардиология жана терапия борборунда – 37;

Улуттук Эне жана баланы коргоо борборунда – 47 бала дарыланып чыгышкан.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине Баткен облусунун тургундарына өз убагында жана акысыз медициналык жардам көрсөтүү маселесин тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды.

Былтыркы жылы жалпысынан Баткен облусунун 1693 жараны саламаттык сактоо уюмдарына кайрылып бекер дарыланып чыгышкан.

06.03.2023
Жаштардын тандоосу - дени сак жашоо!

Бүгүн, 2023-жылы 6-мартта, «Кыргызстан жаштары» Коомдук бирикмесинин мүчөлөрү «Жаштар чылым чегүүгө каршы» чакырыга менен жүрүш уюштурушту. 

Коомдук бирикменин активисти Акылбек коомчулукка кайрылуу жасап, анда ал тамеки продукциясына болгон салык канчалык азайган сайын, тамекинин баасы арзандап, мектеп окуучуларына жеткиликтүү болуп жатканын айтты. Ошондой эле ал келечек ден соолугу чың жаштардын колунда экенин баса белгилеп, өсүп келе жаткан жаш муунду чылымга азгырылбоого чакырды.

Жүрүштүн дагы бир катышуучусу бүгүнкү күндө көптөгөн жаштар тамеки индустриясынын курмандыгы болуп жатканын айтып, эл өкүлдөрүнө тамеки продукциясына болгон акцизди көтөрүү демилгесин колдоп берүү өтүнүчү менен кайрылды. 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматы боюнча, тамекиден каза болгондордун 40%дан ашыгы рак, өнөкөт респиратордук оорулар жана кургак учук сыяктуу өпкө ооруларынан келип чыгат. ДССУ өлкөлөрдү жана өнөктөштөрүн адамдарды тамекинин таасиринен коргоо чараларын күчөтүүгө чакырып келет.

«Тамеки жыл сайын кеминде 8 миллион адамдын өмүрүн алат. Дагы миллиондогон адамдар тамекинин айынан өпкө рагы, кургак учук, астма же өпкөнүн өнөкөт ооруларынан жапа чегип келишет, - деди ДССУнун башкы директору доктор Тедрос Адханом Гебрейесус. Дени сак өпкө - дени сак жашоонун ачкычы. Каалаган күнү сиз тамекиге "жок" деп айтып, өзүңүздүн, досторуңуздун жана үй-бүлөңүздүн өпкөсүн коргой аласыз».

03.03.2023
Улуттук онкология жана гематология борбору химиотерапиялык дарыларды сатып алууга тендер жарыялады

Онкологиялык оорулууларды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору 2023-жылдын 28-февралында жалпы наркы 60 миллион сомдон турган химиотерапиялык препараттарды сатып алууга тендер жарыялаган.

Ошондой эле, 2023-жылдын 1-мартында 19 993 817,38 сомго Жогорку технологиялар фонду аркылуу (2022-жылдагы калдык) химиотерапиялык препараттарды сатып алууга тендер жарыяланган.