Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

20

01

2025

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык кырдаал

17.01.2025

КР Саламаттык сактоо министри Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды

17.01.2025

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте кызамык оорусу боюнча көчмө ыкчам штабдын жыйынын өткөрүүдө

28.12.2021
Ош облустар аралык наркология борбору менен Ош облустук психикалык ден соолук борбору бириктирилди

2021-жылдын 27-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош облустар аралык наркология жана Ош облустук психикалык ден соолук борборуна барып, борборлордун эмгек жамааты менен болгон жолугушууда эки мекемени бириктируу жолу менен кайра уюштуруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругун жарыялады. Эми алар Ош облустук психиатрия жана наркология борбору болуп кайра уюштурулат.

«Ош облустар аралык наркология борбору менен Ош облустук психикалык ден соолук борборунун биригиши кызматкерлер үчүн терс кесепеттерге алып келбейт. Бардык дарыгерлер, медайымдар жана тартип сакчылары ишин уланта беришет. Албетте, бир аз кыскартуу административдик жана башкаруучу кадрларга таасирин тийгизет, бирок аларга компенсация төлөнөт», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Ошондой эле жыйында койко-орундардын саны кыскарбай турганы айтылды. Психиатриялык оорулуулар үчүн 170, наркология бейтаптары үчүн 50 орун сакталат.

Маалымат үчүн:

 Эл аралык стандарттарга ылайык, психиатрия жана наркология психикалык оору катары бир нозологиялык бирдикке кирет. Оорулардын эл аралык классификациясына (ОЭК-10) ылайык, алар F рубрикасында турат. Бул практикага мурдагы СССРдин башка көптөгөн өлкөлөрү, мисалы, Казакстан, Беларусь жана башкалар кошулган.

2030-жылга чейин Саламаттыкты сактоону өнүктүрүү стратегиясында ДССУнун эксперттери да бул кызматтарды бириктирүүнү сунушташкан.



27.12.2021
Саламаттык сактоо министри Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кургак учукка каршы күрөшүү кызматынын эмгек жамааты менен жолукту

26-декабрда республика боюнча кургак учукка каршы күрөшүү кызматтарын оптималдаштыруу үчүн жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Саламаттык сактоо министри Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кургак учукка каршы күрөшүү кызматтарында болду. Алсак, Ибн Сина атындагы республикалык балдардын реабилитациялык борбору, Ысык-Көл облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору, Жети-Өгүз районунун кургак учуктун дарыга туруктуу формаларын дарылоо боюнча Республикалык реабилитациялык борбору (чоңдор үчүн) жана Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору.


Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоо жана амбулатордук дарылоону киргизүүнү күчөтүү, кургак учукту аныктоону жана диагностикалоону жакшыртуу максатында кургак учукка каршы ооруканаларды реструктуризациялоодо.

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кургак учукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен болгон жолугушууда министр изилдөө жана анализдөөдөн кийин айрым ооруканалар сакталып, айрымдары профили жаңыланып, кээ бирлери кыскартыларын белгиледи. «Кургак учукка каршы ооруканаларды каржылоонун жаңы ыкмаларына, ички жана тышкы реструктуризацияга өткөрүү саламаттык сактоо тармагындагы үнөмдөөгө алып келет. Үнөмдөлгөн каражат башка кургак учукка каршы бейтапканалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга, аларды инфекциялык көзөмөлдүн талаптарына шайкеш келтирүүгө жардам берет”, - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.