Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

28

03

2024

НЕКРОЛОГ

28.03.2024

НЕКРОЛОГ

27.03.2024

Бишкекте “Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдө кардиологияны өнүктүрүүдөгү инновациялар жана технологиялар” конгресси өтүүдө

13.12.2023
Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында инфекциялык көзөмөл системасы жакшыртылууда

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында Борбордук стерилизация корпусунун жана Медициналык таштандыларды башкаруу корпусунун курулушу жүрүп жатат.

Эки имаратты курууга бюджеттен 19 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары ММК Фондунун Ысык-Көл аймактык башкармалыгы тарабынан автоклав алынат.

Имараттардын курулушун ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

13.12.2023
Ысык-Көлдүн 3,5 миңден ашуун тургуну КТ аппаратынын кызматын алышты

  Ысык-Көл облустук ооруканасынын директору Чыңгыз Урманбетов билдиргендей, буга чейин бейтаптар компьютердик томографиядан өтүү үчүн борборго барышчу. КТ аппаратынын орнотулушу менен бул муктаждык жоюлуп, Ысык-Көл облусунун тургундарына жакшы шарттар түзүлдү. «Аппарат аркылуу күнүнө 15-20дай бейтапка диагноз коюлат. Калк үчүн баасы жеткиликтүү – 1500 сом. Өткөн жылдын аягынан бүгүнкү күнгө чейин 3514 бейтап томографиядан өткөн. Эми бул жабдыктын аркасында бейтаптарды сапаттуу текшерүүдөн өткөрүп, патологиялык өзгөрүүлөрдү жана бузулууларды ыкчам аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү», - деп кошумчалады директор.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Дүйнөлүк банктын «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында беш аймактык ооруканага компьютердик томография орнотулган.

13.12.2023
Саламаттык сактоо министри Улуттук онкология жана гематология борборунун айрым бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты

Бүгүн, 2023-жылдын 13-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук онкология жана гематология борборунун паллиативдик жардам бөлүмүнө жана химиотерапия бөлүмүнө барып, инкурабелдик (4-стадиядагы рак) жана химиотерапия алган бейтаптарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты. 

Иш сапардын жүрүшүндө министр бейтаптар менен баарлашып, бейтаптарды дарылоонун тактикасы менен таанышты.

Химиотерапия бөлүмүнүн башчысы Турусбек Абдылдаевдин айтымында, анын бөлүмүндө 45 орунда ушул күндөрү 40 бейтап дарыланууда. Мындан тышкары, күнүнө 60-70 бейтап амбулатордук негизде терапия алат. Химия дарылары бар жана баары бейтаптарга бекер берилет.

Учурда 25 орундуу паллиативдик жардам бөлүмүндө 18 бейтап дарыланууда. 2022-жылы 835 бейтап дарыланган.

Иш сапардын жыйынтыгында министр бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин жакшы координацияланган ишин белгилеп, ошол эле учурда бейтаптарга көңүл буруунун маанилүүлүгүн эскертти. Министр рак оорусун дарылоо, тилекке каршы, кымбат экенин, Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптарды керектүү дары-дармектер менен камсыздоо үчүн каржылоону көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатканын баса белгиледи.

13.12.2023
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын стерилизация бөлүмү жана медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу пункту Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

“COVD-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын (ООБКО) стерилизация бөлүмүндө жана медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу пунктунда (МКЗП) оңдоо иштери аяктады.

Ички жасалгалоо иштери аяктады, анын ичинде терезелер жана эшиктер алмаштырылды. Медициналык аспаптарды стерилизациялоодо жана медициналык калдыктарды зыянсыздандырууда абаны натыйжалуу желдетүү үчүн жаңы желдетүү системасы орнотулду. Канализация жана суу түтүктөрү, жылытуу батареялары, сантүйүндөрү алмаштырылды. Мындан тышкары, жаңы электр менен камсыздоо системасы орнотулду.

Жумалиев Атабек Каныбекович, ООБКОнун директору: «Оорукана ишке киргенден бери стерилизация бөлүмү жана медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу пункту биринчи жолу ушундай сапаттуу капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун аркасында биз пунктубузду керектүү нерселердин баары менен жабдып алдык. Бүгүнкү күндө ал бардык санитардык талаптарга жооп берет, бул медицина кызматкерлеринин ишинин жана калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатат».

Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

 

13.12.2023
Кыргыз Республикасындгы кызамык боюнча кырдаал

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери өлкөдө кызамыктын 5532 учуру катталды.

Аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү: Бишкек шаарында – 1637, Ош шаарында – 377, Ош облусунда – 781, Баткен облусунда – 116, Чүй облусунда – 778, Жалал-Абад облусунда – 1591, Талас облусунда – 101, Ысык-Көл облусунда – 83, Нарын облусунда – 68 учур катталды.

Кызамык менен ооругандарды жаш курагына карап бөлүштүргөн талдоо балдар арасында вирус күч алып жатканын көрсөттү: 1 жашка чыга электер — 1 461 учур (26,4%), 1 жаштан 4 жашка чейинкилер — 2 421 учур (43,7%), 5 жаштан 9 жашка чейинкилер — 992 учур (17,9%), 10 жаштан 14 жашка чейинкилер — 222 учур (4,0%), 15 жаштан 19 жашка чейинкилер — 52 учур (0,9%), 20 жаштан 29 жашка чейинкилер — 228 учур (4,1%) жана 30 жаштан жогору адамдар арасында 156 учур катталды.

Эмдөө статусу боюнча алып караганда, оорулуулардын 87,3% же 4 832 бейтап – вакцина албагандар. 1 453 учурда бала жаш курагынан улам эмделбей калган (26,2%), 2195 баланын ата-энеси вакцинадан баш тарткан (39,6%), 177 учурга ички миграция себеп болсо (3,1%), 532 учурда медициналык көрсөтмөлөрдөн улам (9,6%) вакцина алган эмес. Ал эми 397 учурда (7,1%) эмдөө статусу белгисиз.

Кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жайылып жатат, мында вирус уюштурулган жамааттарда эмделбеген балдардын арасында жугууда. Башка облустарда да оору жайылып жатканы байкалууда.

Кызамык оорусун токтотуп калуу максатында кызамыкка жана кызылчага каршы “кууп жетүү” багытында эмдөө иштери жүрүп жатат. Иммунизациялоо кызамыкка-паротиттик кызылчага каршы вакцина менен пландуу эмдөөнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Уюшкан жамааттардагы балдар арасында кызамык оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу кызамык аныкталганда 72 сааттын ичинде бардык курактагы байланышта болгон адамдар чукул эмдөө алышат.

Урматтуу ата-энелер!

Кызамык өтүшүп кетсе, кесепеттери өтө оор болот. Вирус жукту деген шектенүү пайда болоор замат туура диагноз койдуруп, жакшы дарылануу үчүн чукул арада дарыгерге кайрылыш керек. Дарыгерди үйүңүзгө чакырыңыз! Эгерде дене табыңыз өтө жогору болсо, тез жардам кызматын чакырыңыз.

Ооруп калган балаңызды бала бакчага же мектепке жиберүүгө болбойт. Эл көп катышкан иш-чараларга, тойлорго, концерттерге, спорттук мелдештерге барууга да тыюу салынат. Ооруган адамдар жумушка чыкпашы керек.

Кызамыктын алдын алуунун эң натыйжалуу жолу – эмдөө. Балдарды коргоңуз, аларга 12 айга толгондо (КПК) жана 6 жашка чыкканда (КПК ревакцинациясы) вакцина алышын, ошондой эле 9 айдан 7 жашка чейин чейин кошумча эмдөө дозасын (ККВ) алышын камсыз кылыңыз. Вакцинаны акысыз ҮМБда/ҮДТда/ФАПта аласыз.

13.12.2023
Бишкектеги №2 көп тармактуу ооруканадагы бейтаптар жана кызматкелер эвакуацияланууда

Бишкек шаарындагы №2 көп тармактуу оорукананын имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жеринде жүрөт. Ал өзү бейтаптарды жана оорукананын медициналык кызматкерлерин эвакуациялоону жетектөөдө. Алар ооруканадан анча алыс эмес жерде жайгашкан консерваториянын имаратына эвакуацияланууда.

13.12.2023
Саламаттык сактоо министри Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды

13-декабрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кыска мөөнөттүү тез медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн иши менен таанышып, бейтаптардын ата-энелери менен маектешти жана борбордун кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайирбек Сулайманов күз-кыш мезгилинин башталышы менен курч респиратордук вирустук инфекциялар, бронхит, пневмония менен ооругандардын саны көбөйүп, күндүз жана кечинде жана түнкүсүн бейтаптардын агымы да көбөйгөнүн билдирди.

Борборго күнүнө 600-750гө чейин бала келет. Буга байланыштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кошумча орундаруюштурулуп, курч респиратордук оорулар (КРВИ) менен ооруган балдар үчүн 28дин ордуна 90 керебет болду. «Белгилей кетүүчү нерсе, бизде курч респиратордук оорулардан тышкары онкологиялык, гематологиялык, кардиологиялык, гастроэнтерологиялык, хирургиялык жана башка оорулар менен жабыркаган балдар дарыланышат», - деп кошумчалады борбордун директору.

Дарыгердин кабыл алуусун күтүү убактысын кыскартуу, кабыл алуу бөлүмүндө кезек күтүүнү азайтуу максатында кошумча 11 дарыгерлик ставка бөлүнүп, бөлүмдүн дарыгерлери, клиникалык ординаторлор жардамга тартылды, лор дарыгери, хирургдар, травматологдор, реаниматологдор, анестезиологдор, педиатрлар жана башкалар өзүнчө нөөмөттө турушат.

Бул иш-чаралар балдарга сапаттуу, өз убагында медициналык жардам көрсөтүү жана дарыгерлерге кайрылуу кезегин кыскартууга багытталган.

12.12.2023
Саламаттыкты сактоо министри Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына барды

2023-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына барды. Иш сапардын алкагында министр оорукананын тез жардам бөлүмүнүн иши менен таанышып, башка бөлүмдөрдү да кыдырып чыкты, ошондой эле бейтаптардын ата-энелери менен баарлашып, оорукананын жамааты менен жолугушуу өткөрдү.

 

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын директору Жыргалбек Толоров министрге күз-кыш мезгили башталгандан бери ОРВИ менен ооругандардын саны көбөйгөнүн, анын кесепетинен бейтаптардын агымы күндүз да, күндүз да, кечинде да жана түнкүсүн да көбөйгөнүн билдирди. Ооруканага күнүнө 650-700гө чейин бала кайрылат, алардын көпчүлүгү Үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу жок, алдын ала текшерүүдөн өтпөстөн кайрылышат. Дем алыш жана майрам күндөрү да бейтаптардын агымы бир топ жогору бойдон калууда - күнүнө 180ден ашык кайрылуу катталууда, бул нөөмөттөгү дарыгерлердин жүгүн жогорулатат.

Саламаттыкты сактоо министринин тапшырмасына ылайык, дарыгердин кабыл алуусуна кезек көткөн убакытты кыскартуу жана кезек күтүүлөрдүн санын азайтуу максатында кабыл алуу бөлүмүнө бөлүмдүн дарыгерлери, клиникалык ординатор кошумча тартылган, сменасына 11 дарыгер – лор-дарыгери, хирург, травматолог, реаниматолог жана анестезиологдор өзүнчө нөөмөткө турушат.

Кошумчалай кетсек, Ош облусу боюнча саламаттыкты сактоо координаторунун ички буйругуна ылайык, райондук аймактык ооруканалардын төрттөн дарыгери түнкү нөөмөткө тартылган.

Бул иш-чаралардын баары ооруп жаткан балдарга сапаттуу, өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө, дарыгерге кайрылуу үчүн кезек күтүүнү кыскартууга, бейтапты текшерүүгө жана оорунун келип чыгышын шарттаган себептерди деталдуу чогултууга көбүрөөк убакыт берүүгө багытталган.

Медицина кызматкерлери баланын абалын жеңилдетүү, ошондой эле сапаттуу амбулатордук, консультативдик жана стационардык жардам көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетин, билимин жана көндүмдөрүн жумшашат.

12.12.2023
Сак болуңуз, жол тайгак!

Кыш мезгилинде  айдоочулар үчүн жол кыймылынын негизги шарты – сактык, ылдамдыктын  төмөндүгү жана этияттык. Ал эми жөө жүрүүчүлөр тайгаланып жыгылып кетүү коркунучун  азайтуу үчүн төмөнкү жүрүм-турум эрежелерин сактоо керек:

Сактык  жана этият болуу – бул тайгаланып жыгылып кетүү коркунучу бар учурдагы жүрүм-турумдун башкы принциптери.

Тайгалак  көчөдө кетип бара жатканда  шашпагыла,  кескин кыймыл аракет кылбагыла,  дайыма  алды жагынарды карагыла;  айлананы  кароо керек болсо, басып бара жатып эмес, токтоп туруп караганга аракет кылгыла.  Басып бара жатканда буттун кыймылы  эркин болуп,  тизе бир аз бүгүлгөн абалда  болушу керек, дене  бир аз алдыга умтулуп турушу керек. Колду чөнтөккө салып жүрүү адаты чоң  коркунуч жаратат: жыгылып бара жатканда колду чөнтөктөн чыгарып, бир нерсени карманып калганга үлгүрбөй калууңуз мүмкүн. Улгайган адамдарга башына желим капталган аса таяк таянып жүрүү сунуш кылынат.

Жолдун автоунаа өтүүчү тарабынан мүмкүн болушунча  алыс кармануу керек.  Ошол эле учурда чатырында муздар тоңуп калган имараттардын дубалдарынын жанына өтпөй эле койгон жакшы.

Жолду  кесип өтүүдө да абдан сак болушубуз керек. Көчөнүн башка тарабына жөө кишилер өтүүчү атайын өтмөктөрдөн  гана өтүү керек.

Тайгакта тепкичтер дагы эң чоң коркунучту жаратат. Андыктан, тайгалак тепкичтер менен түшүүдө  бутту тепкичке бойлото коюу керек, себеби бул тең салмактыкты жоготкон учурда ылдый көздөй кылдаттык менен жылмышып түшүүгө жардам берет.

Кышкы бут кийим ыңгайлуу жана тайгаланбай турган болушу керек. Бут кийимдин кургак таманына, такасына лейкопластырь же изолента чаптап койсоңуз болот (кайчылаштырып же тепкич сымал чаптагыла).  Көчөгө  чыгаардын алдында  бут кийимдин  таманын  наждак кагазы менен  сүртүп койсоңуз да жардам берет.

Таманды толук жерге коюп кылдаттык менен басуу керек.  Жөө жүрүүдө буттар бир аз бошоң, кол эркин болушу керек. Эгер сиз тайгаланып кетсеңиз, жыгылуунун бийиктикти азайтуу үчүн дароо отуруңуз.

Эгер болбой эле кулап кетээриңизди  сезип турсаңыз,  хоккейчилер сыяктуу ылдый отуруп, бир  тарапка кыйшайыңыз. Чалкасынан  кулаган адамдын кыр аркалары жана омуркасы жабыркап, ал эми колдорун  алдыга созуп жыгылганда –ийин же билек сынып кетиши мүмкүн, ошондуктан  дене мүчөлөрүңөрдү топтоого аракет кылгыла: чыканактарды капталга кысып, башты ийинге катып, булчуңдарды чыңалткыла.

Жаракат алган учурда, өзүн өзү дарылоодон баш тартып, медициналык кызматкерге сөзсүз жана токтоосуз кайрылыңыз.

 

11.12.2023
Саламаттык сактоо министри иш сапары менен Баткен облустук бириккен ооруканасына барды

2023-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен облустук бириккен ооруканасында болуп, бөлүмдөрдү кыдырып, ошондой эле оорукананын жамааты менен жолугушту.

Жыйында Баткен облустук бириккен ооруканасын шаардык, райондук жана облустук ооруканаларга бөлүү маселеси талкууланды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын бири бул сунуш менен  мурда министрге кайрылган.

Баткен облустук бириккен ооруканасынын директору Талант Абдирашитов министрге оорукана 360 орунга ылайыкталып, 13 бөлүм бар экенин билдирди. Ал ошондой эле башка аймактардагыдай эле Баткен облустук бириккен ооруканасындагы кадр жетишсиздигин белгиледи. Ал эми өз алдынча үч структурага бөлүнгөндө биринчи кезекте жаңы ооруканаларга кадр маселеси көтөрүлөт.

Баткен облустук бириккен ооруканасына болгон иш сапарынын жыйынтыгында министр облустук оорукананы бөлүүнүн зарылдыгы жок экенин белгиледи. Министр өз чечимин аз сандагы калктын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен чыгымдарды оптималдаштыруу далалаты жана кадр жетишсиздигинин шарттарында аларды сактап калуу зарылдыгы менен негиздеди. Ошону менен бирге аймактагы медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында Баткен облустук бириккен ооруканасынын жабдыктарын жана кадрдык потенциалын чыңдоо пландалууда. Министр бул багытта иштер жүргүзүлө турганын баса белгиледи.

10.12.2023
Саламаттык сактоо министри Шаардык балдар тез жардам ооруканасына барды

  Кезек күтүү боюнча даттануулардын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарындагы Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына пландан тышкаркы иш сапары менен барып, анда балдарга медициналык жардам көрсөтүү кызматынын сапаты менен таанышып, ата-энелер менен баарлашып, бөлүмдөрдү кыдырды.

  Шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, ооруканага күнүнө 900дөй бейтап кайрылса, алардын 80%ы жолдомосуз келишет. Акыркы суткада 378 бейтап соматикалык, 79 бейтап хирургиялык кабыл алууга, 156 бейтап ЛОР кабылдоосуна, 269 бейтап травмпунктка кайрылган. Кайрылган балдардын көбүнө консультациялар берилип, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Башкы дарыгер дем ​​алыш күндөрү Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору иштебегендигине байланыштуу да кезектер көбөйөөрүн айтып, бирок бардык балдарга медициналык жардам жана консультациялар берилип жаткандыгын баса белгиледи.

Ал ошондой эле министрдин тапшырмасы менен курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооруган балдарды жайгаштыруу үчүн кошумча 30 керебет уюштурулуп, соматикалык оорулууларды дарылоочу педиатрлардын, ординаторлордун саны көбөйгөнүн белгиледи.

Иш сапардын жыйынтыгында министр өз ишин толук жоопкерчилик менен аткарып жаткан балдар ооруканасынын медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү иш-сапардын негизги максаты башкаруучулук чечимдерди туура кабыл алуу үчүн калк жана медицина кызматкерлери менен баарлашуу экенин белгиледи.

08.12.2023
"Ден соолук" командасын колдойбуз!

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда 8-9-декабрда өтүүчү футбол боюнча салтка айланган “Мурас” достук турнири башталды.

Бүгүн, 8-декабрда иш-чаранын ачылышы “Газпром-балдар үчүн” спорттук-эс алуу борборунда болду. Турнирге 16 команда катышып, алар төрт тайпага бөлүнгөн.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бардыгын кезектеги салттуу “Мурас” турниринин башталышы менен куттуктап, турнир эки жылдан бери сергек жашоо мүнөзүн пропагандалап келе жатканын жана  белгилүү жыйынтыктар бар экенин эске салды. Барган сайын мамлекеттик мекемелер жана ведомстволор активдуу коллективдуу эс алууга артыкчылык бере башташты.

Турнир сергек жашоого гана үндөбөстөн, оюнчуларды ынтымакка жана биримдикке үндөй турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров “Дени сак улут – дени сак өлкө” экенин белгилеп, мекендештерди активдүү жана сергек жашоого чакырды.

08.12.2023
Республиканын Саламаттык сактоо уюмдарына жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна 107 бирдик унаа тапшырылды

Бүгүн, 2023-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына 107 бирдик медициналык унааларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Автоунааларды тапшыруу аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катышты.

«Бүгүнкү иш-чаранын себеби – экономикалык жана стратегиялык өнөктөшүбүз Россия Федерациясынын колдоосу менен «COVID-19дун кесепеттерин жоюу» долбоорунун алкагында жалпы суммасы 3 миллион долларды түзгөн 107 унааны өткөрүп берүү», - деди Акылбек Жапаров.

«Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эскирген автопаркты жаңыртуу, ошондой эле республиканын ар кайсы аймактарындага калкты тейлөөчү транспорттук бөлүмдөрдүн санын көбөйтүү максатында саламаттык сактоо тармагына чоң колдоо көрсөтүшүүдө.  Республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун паркын жаңыртуу медициналык тейлөөнүн сапатын, бейтаптарды ташуудагы коопсуздуктун жана ыңгайлуулуктун деңгээлин жогорулатат», - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Маалымат үчүн: Саламаттык сактоо министрлигине жалпы суммасы 3 000 000 долларды түзгөн 47 даана тез жардам унаасы, 35 даана седан кузовдуу санитардык транспорт, 19 даана минивен кузовдуу санитрадык транспорт, 4 даана каза болгондордун сөөгүн ташуу үчүн адистештирилген транспорт жана 2 даана дезинфекциялоочу машина өткөрүлүп берилди.

08.12.2023
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров саламаттык сактоо тармагына 107 даана автотранспортту тапшыруу аземине катышты

«Бүгүнкү иш-чаранын себеби - экономикалык жана стратегиялык өнөктөшүбүз Россия Федерациясынын колдоосу менен «COVID-19 кесепеттерине ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында жалпы суммасы 3 миллион доллар болгон 107 унааны тапшыруу. Белгилей кетсек, 3 жылдын ичинде 335 жаңы тез жардам унаалары, ошондой эле санитардык унаалар алынды. Албетте, элдин бакубаттуулугу, мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү саламаттык сактоо системасынын туура уюштурулушунан көз каранды. Коронавирустук пандемия дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде биздин өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын бардык алсыз жактарын көрсөттү. Ооруканаларыбыздын, поликлиникаларыбыздын материалдык-техникалык базасын жакшырта баштадык жана көптөгөн атайын жабдыктарды сатып алуудабыз», - деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, жыл сайын сасык тумоо сыяктуу сезондук жана түрдүү вирустук инфекциялардан улам көптөгөн ооруканалар, анын ичинде балдар ооруканаларында да керебеттер жетишпей калууда. Бул жагдайда КР Министрлер Кабинетинин башчысы Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге өз убагында жана тийиштүү чараларды көрүү, жарандарды тейлөө жана квалификациялуу дарылоо үчүн медициналык бригадаларды же адистештирилген бөлүмдөрдү түзүү боюнча так тапшырмаларды койду.

«Өлкөнүн өнүгүшү үчүн Садыр Нургожоевич бүт күчүн, жан-дүйнөсүн жумшайт. Коркунучка карабай, өз өмүрүн тобокелге салып, Камчыбек Кыдыршаевич коррупция, кылмыштуулук жана уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүп келет. Санариптик жана технологиялык чечимдердин жана механизмдердин аркасында Министрлер Кабинети экономиканы жана бюджетти кесипкөйлүк менен көтөрүүдө. Бирок адам ооруп жатканда дарылоо жардам бербесе, анда бардык аракеттер текке кетет. Ошондуктан биздин дарыгерлер абалдын курчушуна жол бербеши керек. Бул сиздин түздөн-түз милдетиңиз экенин баса белгилегим келет, сиз жана сиздин команда муну чече алат деп ишенебиз. Урматтуу биздин медицина кызматкерлери, ар бир бейтапка эффективдүү жардам берүү үчүн сиздерге чың ден соолук жана жакшы маанай каалайм”,-деди Акылбек Жапаров.

Маалымат үчүн: Саламаттык сактоо министрлигине жалпы суммасы 3 000 000 долларга 47 даана тез жардам унаасы, 35 даана седан кузовдуу санитардык транспорт, 19 даана минивен кузовдуу транспорт, 4 даана сөөк ташуу үчүн адистештирилген транспорт жана 2 даана дезинфекциялоочу унаа алынды.

07.12.2023
КР Саламаттыкты сактоо министри Катар мамлекетинен келген хирургдар тобунун жетекчиси менен жолугушту

6-декабрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Катар мамлекетинен келген хирургдар тобун жетектеген профессор Абдулсалам Аль-Кахтани жана кохлеардык имплантацияны колдоо боюнча комитеттин жетекчиси М. Саад Омран Аль Кувари мырза менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга ошондой эле Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов, профессор Вадим Насыров жана башкалар катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө угуусу начар балдарга кохлеардык имплантация жасоо боюнча Катар мамлекетинен келген кесиптештер менен кызматташуу маселелери талкууланды. Талкуу учурунда министр балдарга көрсөткөн жардамы үчүн Катар мамлекетине жана профессор Аль-Кахтаниге ыраазычылык билдирди. Ал келечекте биздин ото-хирургдар мындай операцияларды өз алдынча жасай алышы үчүн Бишкектен жана башка аймактардан ото-хирургдарды Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында пландаштырылган ЛОР-операцияларга катышып, кохлеардык имплантация боюнча практикалык көндүмдөрдү алуусу үчүн жөнөтөөрүн билдирди.

Өз кезегинде профессор Абдулсалам Аль-Кахтани жакынкы үч жылда хирургдар тобу угуусу начар балдарга 300гө жакын кохлеардык имплантация операциясын жасоону пландап жатканын билдирди. Ошондой эле келечекте хирургдарыбыз мындай операцияларды өз алдынча жасашы үчүн кыргыз адистерин окутуу боюнча мастер-класстарды өткөрөт, ал эми Катар мамлекети кохлеардык импланттарды акысыз берет.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу жемиштүү кызматташууну улантууга макулдашышты.

Эскерте кетсек, 7-декабрдан 15-декабрга чейин Катар мамлекетинин ото-хирургдары Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун лор-дарыгерлери менен биргеликте атайын комиссия тарабынан тандалып алынган 50гө жакын балага бекер операция жасашат.

07.12.2023
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун шыр байланыш номуру күнү-түнү иштөө режимине өттүдө

Жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү системасынын  үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113  шыр байланыш номуру күнү-түнү иштөө режимине өттү. Бул жарандарыбызга дем алыш күндөрүн (ишемби жана жекшемби) кошпогондо, саламаттык сактоо уюмдарында Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу күнү-түнү кесипкөй кеңештерди жана суроолорго жоопторду алууга мүмкүндүк берет.

     Жарандардын бардык кайрылуулары 113 шыр байланыш телефонунун программалык камсыздоосуна жазылат, б.а. бир дагы кайрылуу кароосуз калбайт. Каралган жана көрүлгөн чаралар программалык камсыздоодо да катталган.

      «Биздин негизги максатыбыз – жарандарыбыздын медициналык жардамга болгон муктаждыктарын толук канааттандырууну камсыз кылуу. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун шыр байланыш телефонунун күнү-түнү иштөөгө өтүүсү жарандарга ыкчам маалыматтарды жеткиликтүү болуу  мүмкүнчүлүгүн берет. Медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн көлөмү, шарттары жана эрежелери жөнүндө маалымат калкка ыңгайлуу болгон убакта берилет», - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

    Жарандар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 акысыз шыр байланыш  телефонуна байланышып, медициналык кызматтар, укуктары, арыздарды берүү жана медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирүү менен толук маалымат ала алышат. Бардык телефондордон чалуулар акысыз.

    Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргызстандын жарандары үчүн медициналык тейлөөнүн жогорку стандартын камсыз кылууда өз кызматтарын жакшыртуу боюнча ишин улантууда.

07.12.2023
Саламаттык сактоо министрлиги тесттик режимде ооруканалар үчүн интеграцияланган маалыматтык системаны ишке киргизди

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги «Санарип MED» санариптик саламаттык өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында ооруканалар үчүн маалыматтык системаны (оорунун санариптик тарыхы) иштеп чыкты жана пилоттук түрдө ишке киргизди.

Оорунун санариптик тарыхы – бул стационардык саламаттык сактоо уюмдарында бейтаптарды кабыл алуу, диагностикалоо жана дарылоо менен байланышкан негизги бизнес процесстерди камтыган салттуу кагаз жүзүндөгүоору тарыхынын санариптик аналогу.

Оорунун санариптик тарыхынынартыкчылыктары саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн маалыматка жеткиликтүүлүктү жакшыртууну, жардам көрсөтүүнү координациялоону жогорулатууну, маалыматтарды берүүдөгү каталардын тобокелдигин азайтууну, бейтаптарды тейлөөнүн сапатын жакшыртууну жана жалпы саламаттыкты сактоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууну камтыйт.

 

Маалымат системасы ар кандай саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат, бул өзгөчө ар түрдүү деңгээлдеги (райондук, областтык, республикалык) саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда бейтаптарды которууда маанилүү.

Ошентип, этап-этабы менен саламаттык сактоо системасынын бирдиктүү санариптик контуру түзүлдү, ал балдардын төрөлүшүн каттоодон, саламаттык сактоо уюмуна кирүүдөн, баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына кайрылуудан, лабораториялык изилдөөлөрдөн, вакциналарды алуудан, ооруканага жаткыруудан, , майыптыгын аныктоо үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жолдомо берүү, санариптик КТ сүрөттөрүн сактоо жана алмаштыруу, акырында өлүм фактысын каттоо, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын түзүүдөн башталат.

 

06.12.2023
СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун гранттык каражатына Кыргызстандын өлкөлүк өтүнүчүнө кол коюлат

Бүгүн, 2023-жылдын 6-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргызстанда СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун долбоорун ишке ашыруунун келээрки жылдарга даярдык көрүү маселелери талкууланган жыйын өттү.

Кеңешме саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Жылдыз Садырбаева, Айбек Маткеримов, Глобалдык фонддун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык менеджери Думитру Латичевскинин,  ГФ портфолио менеджеринин милдетин аткаруучусу Корина Максим, ГФ Программалык кызматкери Вира Землянска жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда өттү.

СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун делегациясы менен жолугушууда АИВ жана кургак учук боюнча ГФдун грантын ишке ашырууга байланыштуу маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин алдындагы АИВ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча комитеттин курамын талкууланды. Негизги реципиенттин кийинки ишке ашыруу мезгилине даярдыгын, анын ичинде күтүлбөгөн кырдаалдарды пландаштыруу жана келечектеги өткөөлгө карата Саламаттык сактоо министрлигинин Программаны ишке ашыруу бөлүмү менен кызматташууну баалоо.

Министр Глобалдык Фонддун миссиясынын мүчөлөрүнө АИВ инфекциясы жана кургак учук менен күрөшүүгө, ошондой эле биздин өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди. «СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд менен кызматташуу АИВ инфекциясынын жана кургак учуктун жугушун алдын алууда белгилүү ийгиликтерге жетишүүгө жардам берип жатат. Бүгүнкү күндө биздин жалпы милдетибиз – АИВ-инфекциясы жана кургак учук менен күрөшүүдө бизге белгилүү болгон кемчиликтерди жоюу», - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

  Глобалдык фонддун Кыргызстан боюнча Программалык кызматкери Вира Землянска өз кезегинде Кыргызстандын гранттык каражаттарга өтүнмөсү Глобалдык фонд тарабынан жактырылганын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жыйынтыктоочу жолугушууларды жана документке кол коюу аземин өткөрүү боюнча макулдашышты.

06.12.2023
КР Саламаттык сактоо министри жана Жогорку Кеңештин депутаты Улуттук госпиталга барышты

6-декабрда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо менен бирге Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга барды.

Министр менен депутат оорукананын бөлүмдөрүн, палаталарды кыдырып, бейтаптар менен баарлашып, алардын ал-абалын сурап, дарылануу үчүн уюштурулган шарттар менен таанышышты. Ошондой эле Улуттук госпиталдын аймагында жайгашкан «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын иши менен таанышышты.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Самыйкожо жарандардын сапаттуу жана квалификациялуу медициналык кызматтарды алуусу керектигине токтолду. Ал ошондой эле аймактарды, тактап айтканда, Нарын облусунун Кочкор районун кыдырып, «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалардын иши менен таанышканын белгиледи. «Мамлекеттик дарыкана ачуу министрдин эң жакшы демилгелеринин бири. Дары-дармектер чындыгында жеке дарыканаларга караганда арзан сатылуусуна өзүм күбө болдум. Бул ишти колдоо керек жана биз депутаттар да өз тараптан мамлекеттик дарыканаларды өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө жана колдоого даярбыз», - деди депутат.

06.12.2023
Саламаттык сактоо министри Бишкек шаарындагы балдар стационарларында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук ооруларына байланыштуу болуп жаткан кырдаал мезгилде ишти күчөтүүгө тапшырма берди

Бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев курч респиратордук вирустук оорулардын жана сасык тумоонун эпидемиологиялык жогорулоо мезгилинде балдар калкына медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешме КР Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адистеринин жана Бишкек шаарындагы балдар стационарларынын жетекчилеринин катышуусунда болуп өттү.

КРВИ жана сасык тумоо боюнча маалыматты угуп, министр КРВИ жана пневмония менен ооруган этиологиясы такталбаган балдарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү үчүн балдарды кабыл алууга кошумча керебеттерди жайгаштыруу тапшырмасын берди. КРВИ жана этиологиясы такталбаган пневмония менен ооруган балдарды кабыл алуу үчүн шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын базасында 30 койка, жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн энени жана баланы коргоо Улуттук борборунун базасында 30 койка жана ошондой эле Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын балдар бөлүмүндөгү койкалардын санын 45 койкага чейин убактылуу уюштурулат.

Мындан тышкары, ЖКККБнын кадрдык потенциалын күчөтүү максатында Бишкек шаарынын ҮМБ педиатрлардын кызматын уюштуруу, жана 2-3 курстардын ординаторлорун кырдаалга байланыштуу жумушка чакыруу айтылды.

Энени жана баланы коргоо Улуттук борборунунда ишти күчөтүү үчүн кошумча 10 врачтык ставканы бөлүп берүү керектиги каралды.

Ошондой эле КРВИ жана сасык тумоонун эпидемиологиялык өсүү мезгилинде ҮМБнын алдындагы күндүзгү стационарлардын ишин кайра кароо,тактап айтканда бейтаптарды дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08.00 дөн 20.00 гө чейин жана дем алыш күндөрү саат 08.00 дөн 14.00 гө чейин эки сменада кабыл алууну графиги бекитилди.

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциянын алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:

- маска режимин жана аралыкты сактоо;

- дем алуу гигиенасын сактоо – тактап айтканда оозду жана мурунду жабуу

жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө;

- сасык тумоону жуктуруп алган адамдарды өз убагында изоляциялоо

- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (колдун гигиенасы, дайыма бөлмөлөрдү желдетүү, бөлмөлөрдү таза кармоо ж.б.).