Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
29
12
2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
18.05.2022
Назира Артыкова, ДСУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси: “Алкоголдук ичимдиктер, тамеки заттары жана курамында кант бар суусундуктар биринчи кезекте керектүү муктаждык эмес, ошондуктан бул азыктарга салыкты көтөрүү саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону жакшыртат”
2022-жылдын 17-майында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көмөгү менен алкоголдук ичимдиктерге, тамеки заттарына жана курамында кант бар суусундуктарга ден соолуктун кызыкчылыгы үчүн салык салуу мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча улуттук секторлор аралык кеңешме өткөрүлдү. Калк арасында жугуштуу эмес ооруларды пайда кылуучу жана өлүмгө чейин алып келүүчү алкоголдук продукцияларга, тамеки заттарына жана канттуу суусундуктарга кеңири жеткиликтүүлүктү чектөө. Бүгүнкү күндө жугуштуу эмес оорулардын натыйжасында калктын өлүмү дүйнөлүк масштабда 40 миллион адамды түзөт, ал эми Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулардан, мисалы, жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулардан өлүм биринчи орунда турат. Бул жолугушуу салык салууну жогорулатуу боюнча жаңы сунуштарды иштеп чыгууга арналган. Салык маселеси, адатта, эл арасында нааразычылыкты жаратат. Бирок бул үч продукт – алкоголдук ичимдиктер, тамеки жана канттуу суусундуктар – биринчи кезекте керектүү муктаждык эмес, ошондуктан бул азыктарга салыкты көтөрүү саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону жакшыртмак. Бирок биздин негизги максатыбыз салыкты көтөрүү эмес, салыкты көбөйтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын калкынын арасында бул продукциянын кеңири таралышына жол бербөө үчүн бул продукцияга, өзгөчө жаштар арасында жеткиликтүүлүктү чектөө. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Канада, Беларусь, Россия, Грузиядан эксперттерди чакырган. Мындан тышкары, ДСУнун Женевадагы кызматкерлери жана Копенгагендеги Регионалдык кеңсеси онлайн режиминде туташат. Салыктарды жумушчулардын кызыкчылыгына кедергисин тийгизбей турган түрдө көтөрүүнүн алдыңкы тажрыйбалары, ошондой эле мыйзам же өкмөттүн чечими түрүндө документтерди тапшыруу жана бекитүү процесстери боюнча презентациялар өткөрүлдү.
17.05.2022
Чаткалдагы мектептин шыбы кулап - мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды
Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Замира Орунбаеванын такталган маалыматына ылайык, бүгүн, 2022-жылдын 17-майында болгон окуядан кийин 16 адам Ала-Букадагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилген.
Текшерүүдөн кийин мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды. Диагнозу: коркуп калуу, стресс. Алардын бардыгынын абалы канааттандырарлык, абалды көзөмөлдөө үчүн ооруканага жаткырылды.
Орунбаеванын айтымында, буга чейин ыкчам маалымат берилип, текшерүүдөн кийин алдын ала диагноздор коюлганын белгилейбиз.
17.05.2022
Бишкекте салык салуу тармагында потенциалды ден соолук кызыкчылыгы үчүн жогорулатуу боюнча семинар өтүүдө
Бүгүн, 17-май, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назира Артыкова жана КР саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаевдин катышуусунда салык салуу тармагындагы потенциалды саламаттыкты сактоо кызыкчылыгы үчүн жогорулатуу боюнча семинар-тренингин өткөрүүдө.
Ошондой эле бул семинар-тренингге эл аралык уюмдардын, министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, жыл сайын 40 миллиондон ашык адам жугуштуу эмес оорулардан каза болот. Жугуштуу эмес оорулардан каза болгондордун 80%дан ашыгы оорулардын төрт тобуна байланыштуу: жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, дем алуу органдарынын оорулары жана калктын ден соолугунун көйгөйү болгон кант диабети.
Башка өлкөлөрдөн келген эксперттер Кыргыз Республикасындагы жугуштуу эмес ооруларды азайтуу жана калктын саламаттыгын сактоо боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы тууралуу маалымат менен бөлүшүштү.
Бул жолугушуунун негизги максаты ден-соолукка жана экономикага бул эбегейсиз оор жүктү азайтуу, алкоголдук ичимдиктер, тамеки жана канттуу суусундуктар сыяктуу ден соолукка зыяндуу азыктарга салыктарды киргизүү жана жогорулатуу боюнча эң үнөмдүү чаралардын бирин киргизүү аркылуу жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу болуп саналат. Бул "Ден соолук үчүн салык салуу" идеясы ден соолукка терс таасирин тийгизген азыктарды керектөөнү кыскартуу, ошону менен ден соолукка кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү терс таасирин азайтуу.
16.05.2022
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Германия Федеративдүү Республикасында иш сапары менен жүрөт
2022-жылдын 16-майынан 20-майына чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Гаутинг шаарындагы Микробиология жана лабораториялык медицина институтунун иши менен таанышуу максатында Германия Федеративдүү Республикасында иш сапары менен жүрөт.
Иш сапар USAID ETICA 2022-жылга карата иш планынын алкагында Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан делегацияларынын катышуусунда өтөт.
Бул иш-чаранын катышуучулары микробиология жана лабораториялык медицина институтунда лабораторияларды башкаруу практикасы, үлгүлөрдү логистикалык камсыздоо системасы жана лабораториялык маалымат тутумунун иштеши менен тааныша алышат.
16.05.2022
17-май - Бүткүл дүйнөлүк артериалдык гипертензия менен күрөшүү күнү
2005-жылдан тарта ар жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк гипертензиялык лигасынын жана Эл аралык гипертония коомунун демилгеси менен 17-май бүткүл дүйнө жүзү боюнча Эл аралык артериалдык гипертензия менен күрөшүү күнү катары белгиленип келет.
Бул күндүн негизги максаты - артериалдык гипертензия, аны менен байланышкан коркунуч факторлору, гипертониянын олуттуу кесепеттери жана бул оорунун алдын алуу чаралары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу.
«Интерепид» жана «STEPS» эпидемиологиялык изилдөөлөрүнүн маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасында артериялык гипертензиянын таралышы болжол менен 44-47%ды түзөт, ал эми Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун маалыматы боюнча гипертония менен 2-7% гана каттоого турган. Көптөгөн гипертоник бейтаптар кан басымынын жогору экенинен шек санашпайт, анткени оорунун белгилери билинбейт. Ошондуктан гипертонияны «үнсүз өлтүргүч» деп аташат.
Тилекке каршы, биздин өлкө гипертониянын татаалдашы катары мээ инсультка чалдыгышы боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Кан басымын үзгүлтүксүз өлчөө кан басымынын жогорулаган көрсөткүчтөрүн аныктап, гипертониянын алгачкы стадияларында диагноз коюуга жана гипертониянын негизги татаалдашуулары болгон мээ инсультунун жана миокард инфарктынын пайда болушун алдын алууга мүмкүндүк берет.
Бул күндүн алкагында артериалдык гипертензия жана башка коркунуч факторлору боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында Республика боюнча Улуттук кардиология жана терапия борборунда, ҮМБларда жана ЖДПБда пресс-кафе, тегерек стол, акциялар жана ачык эшиктер күндөрү өткөрүлдү. Акциянын алкагында артериялык кан басымын жана кандагы кантты өлчөө, дарыгерлерден акысыз кеңеш алуу пункттары уюштурулду.
Академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору өлкө калкы үчүн окуу материалдарынын сериясын даярдады, алар менен http://nccim.kg/ сайтынан тааныша аласыздар.
12.05.2022
КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басары тааныштырылды
Бүгүн, 2022-жылдын 12-майында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Аппаратынын Экспертиза бөлүмүнүн башкы эксперти Гүлмира Шакирова министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына санариптик өнүктүрүү боюнча министрдин жаңы орун басарын тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, Нурийла Жапаровна Шериева саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды.
Резюме
Шериева Нурийла Жапаровна
Жеке маалымат: Туулган датасы: 12.09.1983. Ош шаары.
Улуту: кыргыз.
Билими: Жогорку. Ош мамлекеттик университети Медицина факультети. Жалпы медицина адистиги. 1999-2005-ж.
Иш тажрыйбасы:
2005-2007 КГМИПиПКнын Оштогу бөлуму.
Терапевт дарыгери катары сертификациядан өткөн.
2007-2008 Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун ҮМБ
Терапевт.
2008-2010 ОшМУнун медицина факультети. Мугалим.
2010-2011 Ош шаарындагы ММКФ ТБ.
Экспертиза жана сапат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
2012-2013 Ош шаарындагы тез жардам борбору.
Башкы дарыгердин орун басары.
2013 Ош шаардык клиникалык ооруканасы.
OMO жетекчиси.
2013-2017 Башкы дарыгер. №1 ҮМБнын №11Филиалы, Ош.
2017-2021 Ош шаарындагы тез жардам борборунун директору.
2021-2022 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунун директору.
2022 Саламаттык сактоо министринин санариптик санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары
Билимин жогорулатуу:
2010 Педагогикалык чеберчилик мектеби.
2012 Тез медициналык жардам көрсөтүүнүн тандалган маселелери.
2014 Саламаттык сактоо уюмунун жетекчи кадрларын жана резервин даярдоо курстары.
2017 "Үй-бүлөлүк медицина" кайра даярдоо курсу.
2019 Кардиология жана неврологияда шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнүн тандалган маселелери.
2021 Ден соолукту башкаруунун актуалдуу маселелери.
2021 Медициналык кызматкердин жана медициналык жардамды пайдалануучунун укуктары.
Илимий иши: Тема: «Кыргыз Республикасынын Ош областында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоону жакшыртуунун медициналык-социалдык аспектилери» Илимий изилдөө иштеринин изидөөчүсү.
Тил билүүсү: кыргыз тили – эне тили, орус тили – мыкты, англис,
өзбек тилдерижакшы.
Колдонуучу деңгээлинде компьютердик билими:
MS Word, MS Excel, Internet Explorer.
Жеке сапаттары: Пунктуалдуу, жоопкерчиликтүү, чынчыл, коммуникабелдүү, командада иштей алат.
Сыйлыктары:
2013 Кыргыз Республикасынын Ош областы боюнча ыйгарым укуктуу Өкмөтүнүн Ардак грамотасы
2013 Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы.
2017 Профсоюздардын Ош областтык обкомунун Ардак грамотасы.
2018 ОшМУнун Ардак грамотасы.
2019 Ош шаарынын мэринин Ардак грамотасы.
2019 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы.
2020 Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун отличниги.
2021 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы.
12.05.2022
Коомдук саламаттык сактоо кызматынын лабораториялык адистери медициналык калдыктарды башкаруу боюнча окуудан өтүштү
2022-жылдын 12 жана 13-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Регионалдык кеңсесинин техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын бардык регионундагы коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын лабораториялык адистери үчүн медициналык калдыктарды башкаруу боюнча окутуу өткөрдү. Саламаттык сактоо уюмдарындагы лабораториялык медициналык/химиялык калдыктарга иш процессинде пайда болгон жана жок кылынууга тийиш болгон заттар же объекттер кирет. Лабораториялардын иши кайра колдонууга болбой турган калдыктардын пайда болушу менен байланышкан. Ошондуктан залалсыздандыруу жана жок кылуу маселелери чоң мааниге ээ. Мындай заттарды өзүнчө чогултуу маанилүү, бул жок кылуу процессинин баасын төмөндөтүүгө жана айлана-чөйрөгө кыйратуучу таасирин азайтууга мүмкүндүк берет.
Тренингдин жүрүшүндө лабораториялык кызматтын адистери бул тема боюнча өз тажрыйбалары менен активдүү бөлүшүп, медициналык калдыктарды башкаруу боюнча кызыктырган суроолорго жооп алышты.
12.05.2022
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри медайымдарды Эл аралык медайымдардын күнү менен куттуктады
Бүгүн саламаттык сактоо министри Адымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана "Кыргыз Республикасынын медайым тармагындагы адистердин ассоциациясынын" юридикалык жактардын бирикмеси уюштурган 12-май - Эл аралык медайымдардын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Майрамдык салтанат Ош шаарында өткөрүлдү.
"Медайым иш" адистиги боюнча жогорку медайымдык же орто медициналык билими бар адис, анын эмгек функцияларына ден соолукту сактоо жана чыңдоо, оорулардын алдын алуу, рецепттерди эрте аныктоо жана аткаруу, психологиялык, медайымдык жана медициналык жардам көрсөтүү кызматтары кирет. бейтаптарга атайын медициналык жардам көрсөтүү. Бүгүнкү күндө республиканын алыскы аймактарында бул адистердин жетишсиздигинен улам дарыгери жок медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Ковид 19 менен күрөшүүдө инфекциянын очокторунда иштеген медайымдардын ролу чоң жана баа жеткис болгон.
Өзүнүн майрамдык куттуктоо сөзүндө министр мээрман айымдардын баа жеткис эмгегин эмгегин жана медициналык жардам көрсөтүүдөгү маанилүү ордун баса белгиледи: “Урматтуу кесиптештер! Сиздерди бүгүнкү Эл аралык медайымдардын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара менен куттуктайм! Калкка медициналык жардам көрсөтүү процессинде медайымдардын ролу абдан чоң. Бүткүл дүйнөдө медайым дарылоо процессинде дарыгердин тең укуктуу өнөктөшү болуп саналат.
Республикабыздагы медайымдык иш боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кыскача видеороликти көрүүгө мүмкүн болду. Сиздердин майрамыңыздарга карата биз айлык акыны көтөрүүгө жетиштик, эгер жаш адис жогорулаганга чейин 11 739 сом алса, жогорулагандан кийин 17 609 000 сомдон ала башташты.
Быйылкы жылы мурунку жылдардан айырмаланып республиканын бардык аймактарынан 110 медайым “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланат, ал эми 115 медайым “Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы” менен сыйланат.
Сиздер адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн COVID-19 коронавирустук илдетине каршы күрөштүн алдыңкы сабында ден соолугуңузду тобокелге салуу менен күрөштүңүз. Сиздердин эмгегиңер өзгөчө баалоого жана ыраазычылыкка татыктуу. Бүткүл дүйнө “МЕДАЙЫМ” кесибинин маанилүүлүгүн түшүндү. Ошону менен бирге сиздер COVIDден кийинки ооруулардан жапа чеккен жана медициналык жардамга жана психикалык ден-соолукка муктаж бейтаптарга узак мөөнөттүү жардам көрсөтүү аркылуу COVIDден кийинки бейтаптарды реабилитациялоодо маанилүү роль ойнойсуздар.
Сиз жаңы төрөлгөндөн баштап карылык курагына чейин өмүр бою ар тараптуу, инсанга багытталган саламаттыкты сактоону камсыз кылуу менен улуттук ден соолуктун артыкчылыктарына чоң салым кошуп жатасыздар. Медайымдык бардык курактагы адамдардын, топтордун жана жамааттардын бардык шарттарда автономдуу жана биргелешкен кам көрүүсүн камтыйт.
Бүгүнкү күндө биз үй-бүлөлүк дарыгер жана үй-бүлөлүк медайым үчүн Баштапкы медикалык санитрадык жардамдагы ишмердүүлүгүнө басым жасап жатабыз, алар калкка профилактикалык жана медициналык жардам көрсөтүүдө. Ал эми дарыгери жок аймактарда медайымдар өз алдынча медициналык жардам көрсөтөт.
Сиздерди дагы бир жолу кайрымдуулуктун, боорукердиктин, ак эмгегиңиздерге ийгилик майрамы менен куттуктайм”.
12.05.2022
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо уюмдарына 80 даана видеоларингоскоп аппараты тапшырылды
“COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен 80 даана видеоларингоскоп сатылып алынып, Кыргызстандын саламаттыкты сактоо уюмдарына өткөрүлүп берилди.
Аппараттар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүштүрүү планына ылайык саламаттык сактоо уюмдарына таратылат.
Жаңы жабдуулар медициналык кызматкерлерге COVID-19дан ооруп айыккандарга квалификациялуу реабилитациялык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле трахеялык интубациянын натыйжасын жакшыртат. Аппараттар пациенттин мурун көңдөйүн жана тамагын деталдуу текшерүүгө, бир катар медициналык процедураларды жүргүзүүгө жана жөнөкөй хирургиялык процедураларды көтөрүүгө мүмкүндүк берет.
Долбоордун максаты - Кыргызстандын COVID-19 пандемиясына каршы даярдыгы жана жооп кайтаруу жаатындагы аракеттерине тийиштүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, буюмдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу жана медициналык кызматкерлер үчүн тобокелдиктерди азайтуу.
11.05.2022
“Баарына узун өмүр” урааны астында Кыргызстанда эмдөө жумалыгы өткөрүлөт
2022-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БДССУ) жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен Кыргызстанда 2022-жылдын 11 майдан 18 майга чейин Европалык эмдөө жумалыгын (EЭЖ) өткөрүлөт. ЕЭЖ жугуштуу оорулардан коргоонунун негизги профилактикалык чараларынын бири катары иммунизацияга коомчулуктун көӊүлүн буруу максатында иштелип чыккан. 2022-жылдын Европалык эмдөө жумалыгын (EЭЖ) темасы - “Баарына узун өмүр” жана анын максаты – ар бир адам үчүн узак жана дени сак жашоону камсыз кылуу менен вакциналардын бирдей жана кеӊири жетишээрлигин баса белгилɵɵ.
Эки жүз жылдан ашуун убакыттан бери эмдөө адамзатка дүйнөнү коопсуз кылууга жардам берип келет – биринчи чечекке каршы вакцинадан баштап (1798-жылдан баштап), эң акыркы мРНК вакциналарына чейин, алар COVID-19 оорусунун оор учурларын алдын алуу үчүн колдонулуп келет. Вакциналар ар бирибизди өзүнчө коргойт жана дүйнөлүк коомчулуктун мүчөлөрү катары бардык адамдардын жамааттык ден-соолугун коргоого мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Иммундаштыруу программасын коомдук саламаттыкты сактоонун артыкчылыктуу программаларынын бири катары аныктайт жана калкка сапаттуу эмдөө кызматтарынын бирдей жана туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрөт. Акыркы бир нече жыл ичинде Кыргызстан БДССУ, ЮНИСЕФ жана ГАВИ техникалык колдоосу менен профилактикалык эмдөөлөрдүн Улуттук календарына бир нече жаңы вакциналар киргизилди: 2009-жылы Пента валенттик вакцина (АКДС-ВГВ-ХИБ), 2016-жылы бириктирилген пневмококк вакцинасы (ПКВ), 2018-жылы инактивацияланган полиомиелит вакцинасы (ИПВ) жана 2019-жылы ротавируска каршы вакцина.
“Коомдук саламаттыкты сактоодо вакциналар иштей тургандыгын жана көптөгөн оорулардан коргоо менен балдардын ден-соолугун чыңдалышын камсыз кылып жатканын билебиз. Ар бир ата-эне өзүнүн баласы ишенимдүү жана коопсуз вакциналар болгон ооруларга каршы эмдөө менен корголоорун билиши керек. Өлкөнүн бардык аймактарында балдарга жана чоң кишилерге пландаштырылган жана толуктоочу иммундаштырууну жүргүзүү үчүн 65 мобилдик бригада ишке тартылганын белгилей кетели, ошондой эле коӊшу Тажикистан Республикасында кызамык оорусунун чыгышына байланыштуу, биз ЕЭЖда кызамыкка каршы эмдɵɵгɵ кɵӊүл бурабыз жана республикага бул ооруну келтирбɵгɵ алдын алуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөбүз”,- деди Айнура Акматова, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси.
"Кылымдар бою жана дүйнө жүзү боюнча ар кандай тектүү адамдар балдарын оорудан сактоонун жолдорун издешкен. Вакциналар бардык ата-энелер ымыркайларына каалаган ишенимдүү коргоону камсыз кылат. Жыл сайын вакциналар 3 миллион адамдын өмүрүн сактап калат. Бирок эмдөөдөн өтпөгөн балдар дагы деле бар, бул аларды тобокелге салат. Биз COVID-19 пандемиясынан айыгууга жана калыбына келтирүүгө инвестиция салып жаткандыктан, бизде ар бир баланы камтыгандай саламаттык сактоо системасын түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк пайда болот", - деди Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин байланыш бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Сема Хоста.
"Вакциналар саламаттык сактоонун экономикалык жактан натыйжалуу инструменттеринин бири болуп саналат: балдарды эмдөөгө сарпталган ар бир сом 3000 сомго чейин киреше алып келет. Иммундаштыруу дифтерия, селейме, кызамык, полиомиелит, кызамык, көк жөтөл, вирустук гепатит В, паротит сыяктуу жугуштуу оорулардын көпчүлүгүнөн коргойт, алардын бардыгы өлүмгө же майыптыкка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан мен ар бир адамды эмдөө маселесине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырам, ошондо биз өзүбүздү жана айланадагыларды биргелешип коргой алабыз",- деди ДССУнун Кыргызстандагы кеңсесинин иммунизация боюнча техникалык кызматкери, доктор Жанара Бекенова.
***
Жалпы маалымат: жыл сайын БДССУнун Европа аймагында эмдөөнүн Европа жумалыгы (ЕЭЖ) өтүп, иммундаштыруу оорулардын алдын алуу жана адамдардын өмүрүн коргоо үчүн чоң мааниге ээ деген ойду жайылтууга багытталган. ЕЭЖ алгач 2005-жылы өткөн жана ага аймактын бир нече гана өлкөсү катышкан. Демилгенин максаты ар бир бала вакцина менен алдын ала турган оорулардан коргонууга муктаж жана ага укуктуу деген маалыматты жайылтуу аркылуу эмдɵɵ менен камтууну жогорулатуу болгон. ЕЭЖ дароо аймактагы эң көрүнүктүү жана белгилүү коомдук саламаттыкты сактоо компанияларынын бири болуп калышты.
09.05.2022
КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Республикалык СПИД борборунун жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттукташты
Бүгүн, 9-майда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, ошондой эле Республикалык СПИД борборунун директору Үмүт Чокморова Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Валентина Дмитриевна Гудкованы Улуу Жеңиштин 77 жылдык мааракеси менен куттукташты.
Министрдин орун басары белгилегендей, бул күн, 9-май ар дайым өзгөчө дата бойдон кала берет. Бул ар бир үй-бүлөдө сакталып калган эстелик.
«Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда 360 миңден ашуун кыргызстандыктар салгылашкан жана алардын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталган. Сиз өзүңүздүн үлгүңүз менен бүткүл адамзаттын фашизмге каршы күрөшүндө кайраттуулукту жана эрдикти көрсөттүңүз. Улуу Жеңиш үчүн рахмат!”, - деди КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Улук-Бек Бектурганов.
Өз кезегинде Республикалык СПИДке каршы күрөшүү борборунун директору Үмүт Чокморова да Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Валентина Дмитриевнаны куттуктап, эр жүрөк баатырлар муунуна терең ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Гудкова Валентина Дмитриевна 1936-жылы туулган. 1942-жылы үй-бүлөсү менен Германиянын батыш зонасына жеткирилип, туткунга алынган. Туткунда бала кезинде 1945-жылга чейин талаада иштеген. 1945-жылы Валентина Дмитриевнанын үй-бүлөсү америкалык жоокерлер тарабынан бошотулуп, алгач Германиянын Гёттинген шаарына, андан соң Англияга, акырында Смоленск областындагы мекенине жөнөтүлгөн. Согуштан кийин ал А.И. Микоян атындагы заводдо иштеген. 1956-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келген. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринин бир кызы жана алты небереси бар.
09.05.2022
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Наталья Федоровна Иманованы Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады
2022-жылдын 9-майында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жапаркул Ташиев, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы Гүлмира Ибраева, Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин директору Нурдин Кагадзиевдер болуп, Наталья Федоровна Иманованы Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттукташты.
Иманова Наталья Федоровна концлагердин туткуну болгон. Ал Россия Федерациясынын Смоленск облусунан. Кичинекей кезинде ата-энесиз калган, апасы блокадада калган Ленинградда каза болгон, атасы согушта дайынсыз жоголгон. Ал жашаган айылды немистер басып алганда, чоң ата, чоң энеси менен туткунга алынып, Германияга жөнөтүлгөн. Чоң атасы менен чоң апасы улгайып калгандыктан, Латвияда жайгашкан Саласпилс концлагерине жөнөтүлгөн. Согуштун бардык үрөйүн учурган кыйынчылыктарын көргөн Наталья Федоровна концлагерде аман калып, 1944-жылы советтик аскерлер тарабынан бошотулган. Жолдошу менен армияда кызмат өтөп жүргөндө таанышып, баш кошуп, Кыргызстанга келип жашап калышат. Азыр Наталья Федоровна 84 жашта, анын эки кызы, беш небереси жана эки чөбөрөсү бар. Көп жылдар бою Политехникалык институтта электромонтер, андан кийин бухгалтер болуп эмгектенип, бүгүнкү күндө ардактуу эс алууда.
Министрдин орун басары Жапаркул Ташиев министрликтин жетекчилигинин жана жамаатынын атынан, ошондой эле республиканын бардык медицина кызматкерлеринин атынан Наталья Федоровнаны майрамы менен куттуктап, ага узун өмүр каалап, дары-дармектерди жана белектерди тапшырды. «Улуу Ата Мекендик согушта жасаган эрдиктериңиз түбөлүккө эрдиктин, туруктуулуктун жана мекенчилдиктин символу болуп кала берет. Бүткүл адамзат үчүн кылган эрдигиңиз үчүн биз сизге чексиз ыраазыбыз. Ал эми чоң аталарыбыз менен чоң апаларыбыз бизге эркиндикти, бейпил асманды тартуулаган курмандыктарын түбөлүк эсибизде», - деп белгиледи министрдин орун басары.
08.05.2022
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин куттуктоо
Бүгүн, 2022-жылдын 8-майында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директору Султан Абдыкадыров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Петр Хищенкону Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттукташты.
Ардагерге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жана министрликтин жамаатынын атынан, ошондой эле республиканын бардык медицина кызматкерлеринин атынан эстелик белектер тапшырылды.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө министрдин орун басары Петр Семеновичке узак өмүр, чың ден соолук каалады. «Бул баарыбыз үчүн өзгөчө майрам. Көптөгөн аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын, чоң апаларыбыздын өмүрү кыйылып, биз бул жеңишке жеттик. Келечек муундар үчүн өлкөнүн тынчтыгын, эркиндигин сактап калууда Сиздин эрдигиңиз түбөлүктүү! Зор эмгегиңиз, турмуштук акылмандыгыңыз үчүн сизге терең ыраазычылык. Биздин бугунку кунубуз жана балдарыбыздын келечеги учун сиздерге таазим. Бизге эркиндик, бейпил асман тартуулаган чоң аталарыбыз менен чоң энелерибиздин курмандыктары ар дайым эсибизде», - деди Жалалидин Рахматулаев.
06.05.2022
Саламаттык сактоо министрлиги катуу жаандан кийин сел жургон аймактын жашоочуларынан кабар алды
Ош облусуна караштуу Алай районунун Корул айыл окмотундо 2022-жылдын 3-майында катуу жаандан кийин сел жургон жерге Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова, Ош облусунун координаторунун орун басары Шарапат Кожобекова барып кабар алышты. Баса белгилей кетчү нерсе жарандардын ичинен оор жаракат алгандар жок. 2 бейтап канааттандырарлык абалда ооруканада дарыланууда, 9 кош бойлуу аялдардын ичинен 1 төрөдү, абалы туруктуу. Бардыгы медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө. Учурда 2 медициналык бригада толук кандуу иш алып барууда. Бригаданын курамында үй - бүлөлүк дарыгер, офтальмолог, УЗИст бар. Бүгүнкү күндөн баштап Ош облустук адистер (психолог, психиатр, невролог) жеринде барышып, иш алып барууда. Калкка медициналык жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз уюштурулган. Дары-дармек жана тез жардам унаасы менен камсыздандырылган. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл адистери тарабынан дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө.
05.05.2022
“100 жылдык жетишкендик”: 5-май – Акушерлердин эл аралык күнү
Жыл сайын 5-майда Кыргызстандын акушерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын – Эл аралык акушерлердин күнүн белгилешет.
2022-жылдын 4-майында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз акушердик альянсы менен биргеликте Эл аралык акушерлердин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Иш-чара КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ДСУнун, Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Иш-чарада дүйнөдөгү акушердиктин абалы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен иштөө, санариптик чечимдер сыяктуу актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында Саламаттык сактоо министрлигинин жана «Менин кесибим акушер-2022» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.
Маалымат үчүн:
Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери 5-май Эл аралык акушерлердин күнү катары белгиленип келет. Майрамдын идеясы 1987-жылы Нидерландияда өткөн конференцияда Эл аралык акушерлердин ассоциациясы тарабынан сунушталган. Бул күн расмий майрам статусун 1992-жылы гана алган. Бүгүнкү күндө майрам дүйнөнүн 50дөн ашык мамлекетинде, анын ичинде Кыргызстанда да белгиленип келет.
Майрамдын негизги максаты - акушерлердин ишинин маанилүүлүгүн калкка жеткирүү. Бул кесиптин мааниси баа жеткис, анткени эне менен баланын өмүрү жана ден соолугу көбүнчө акушеркадан, анын тажрыйбасынан, билиминен жана жөндөмүнөн көз каранды.
Бул күн, Эл аралык акушердик конфедерациянын идеясына ылайык, ар бир акушер үчүн жаңы байланыштарды түзүү жана акушерлердин бүткүл дүйнө үчүн кылган иштери тууралуу билимин жогорулатуу үчүн бул кесиптин бардык адамдары жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк. Кыргыз акушерлердин альянсы Борбор Азиядагы жалгыз акушерлердин эл аралык конфедерациясына мүчө. Ал эми бул күнү Кыргызстандын акушерлери саламаттыкты чыңдоо менен бирге өлкөдө сапаттуу акушердик жардам көрсөтүү үчүн акушердикти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен талкуулоо үчүн дүйнөлүк акушердик коомчулукка биригүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүп келишет.
29.04.2022
Рефрижератордук жүк ташуучу унаалардын айдоочулары вакцина препараттарын ташууда температураны көзөмөлдөө боюнча билимдерин жогорулатышты
2022-жылдын 27- 28-апрелинде Бишкек шаарында республиканын рефрижератордук унааларынын айдоочулары вакцина препараттарын ташуу учурунда температураны көзөмөлдөө боюнча билимдерин жогорулатышты. Бул тренинг ЮНИСЕФтин техникалык жардамы менен рефрижератордук жүк ташуучу унаалар үчүн рефрижератордук агрегаттар менен алектенген Carrier Transicold корпорациясынын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.
Бул тренингдин максаты иммунизациялоонун коопсуз практикасын камсыз кылуу, эмдөөнүн коопсуздугу үчүн эпидемиологиялык көзөмөл системасына комплекстүү мамилени киргизүү жана вакцина препараттарын туура ташуу болуп саналат.
Төмөнкү милдеттер коюлду:
• ар бир сапар бою, бардык жогорку же төмөнкү температура сигналдарына тез жана туура жооп берүү;
• температураны туруктуу жөнгө салуучу рефрижератордук автотранспорттор: айдоочунун кабинасында орнотулган монитордон муздаткыч камерадагы температуранын көрсөткүчтөрүн саатына бир жолудан кем эмес текшерүү;
• ар бир сапардын аягында журналды/маршруттук отчетту толтуруңуз;
Тренингдин жүрүшүндө төмөнкү суроолор талкууланды:
• Вакциналарды жана эриткичтерди ташуу учурунда термикалык идиштерге салуу;
• Вакцинаны ташуу учурунда температураны көзөмөлдөө;
• Рефрижератордук машинаны жүктөө жана иштетүү;
Учурда колдонулуп жаткан вакциналар ташуу жана сактоодо белгилүү бир температуралык режимди катуу сактоону талап кылат, анын бузулушу вакциналардын иммуногендик активдүүлүгүн жарым-жартылай же толук жоготууга алып келет. Катуу система - муздак чынжыр - сакталышы керек.
Муздак чынжыр – бул вакциналарды өндүрүүчүдөн эмделгенге чейинки жолдун бардык этаптарында сактоо жана ташуу үчүн оптималдуу температуралык режимди камсыз кылуучу уюштуруучулук жана практикалык чаралардын тынымсыз иштеп жаткан системасы. Муздак чынжырды сактоо гана вакцинаны айлана-чөйрөнүн температурасынын өзгөрүшүнүн таасиринен коргойт.
29.04.2022
Саламаттык сактоо министрлиги менен ДССУнун жаңы биргелешкен изилдөөсү: медициналык кызматкерлер COVID-19 илдети тууралуу эң ишенимдүү маалымат булагы бойдон калууда
Кыргызстанда COVID-19 илдетине карата жүрүм-турумга талдоо жүргүзүүнүн 5-раундунун негизги учурлары
Бишкек, Кыргызстан – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте Кыргызстандын калкынын COVID-19 илдети боюнча тажрыйбасына жана кабыл алуусуна талдоо жүргүзүүнүн 5-раундунун жыйынтыгын жарыялады. Талдоо жүргүзүү 2022-жылдын февраль айында ишке ашырылып, Европа Биримдиги жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык регионалдык бюросу тарабынан каржылануучу “Борбордук Азиядагы COVID-19 кризисине чара көрүү программасынын” колдоосу менен мүмкүн болду. Изилдөө көрсөткөндөй, саламаттык сактоо адистерине, Саламаттык сактоо министрлигине, мамлекеттик мекемелердин отчетторуна, ДССУга жана COVID боюнча ишеним телефондоруна ишенимдин жогорулашынын эсебинен, маалымат булагы катары, саламаттык сактоо тармагына болгон ишеним 2021-жылдан бери жалпысынан (75%) өскөн. Ошондой эле, изилдөө жүргүзүү аялдардын эркектерге караганда тобокелдикти кабылдоо деңгээли жогору экендигин көрсөттү. Жалпы тобокелдикти кабыл алуу маалымат издөөгө көбүрөөк ыктаган адамдарда жогору өнүккөн. Бирок, көпчүлүк учурда билим деңгээли төмөн адамдардын ооруга кабылышын кабылдоо деңгээли жогору.
Акыркы 3 айдын ичинде (2021-жылдын декабрь айы; 2022-жылдын январь, февраль айлары) респонденттердин 25%ынын жеке финансылык абалы начарлаган (2021-жылдагы деңгээлге салыштырганда, алардын финансылык абалы 35%га начарлаган).
Мурдагыдай эле алдыдагы экономикалык кесепеттер тууралуу тынчсыздануу респонденттердин арасында кеңири таралган: алардын 69% абдан кооптонушат.
Изилдөө көрсөткөндөй, аялдар коргонуу жүрүм-турум үлгүлөрүн көбүрөөк колдоно тургандыгы аныкталды. Мындай көрүнүш саламаттык сактоо тармагына болгон ишеним менен жана тегерегинде ооруган жакындарынын болушу менен шартталган. Жашыраак эркектер (18-29 жаш) ошол эле курактагы аялдарга караганда көбүрөөк эмделишет. Жалпысынан калктын эмдөөгө болгон терс көз карашынын деңгээли төмөндөдү, бирок 19% дагы эле эмдөөдөн өтпөй тургандыгын белгилешти.
«Тез, оңой жана колдонууга ийкемдүү, жүрүм-турумду талдоо куралы өлкөлөргө COVID-19 илдетине каршы чара көрүү боюнча алардын иш-аракеттерин колдоо жана негиздөө үчүн баа жеткис маалыматтарды сунуштайт. Жаңы коронавирус илдетине каршы күрөшүүдөгү ийгилигибиз адамдардын маалыматка ээ болушунан, коомдук саламаттык сактоо боюнча туура чараларды көрүүгө болгон каалоосунан жана мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды», деп белгиледи өз сөзүндө Назира Артыкова, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү.
Изилдөөнүн 5-чи толук версиясы https://bit.ly/36PyK3F аркылуу англис жана орус тилдеринде жеткиликтүү.
1, 2, 3, 4 изилдөөлөрдүн толук версиялары англис жана орус тилдеринде дагы https://bit.ly/3OQtAps жеткиликтүү.
###
Жүрүм-турумга талдоо жүргүзүүнү изилдөө тууралуу маалымат: ДССУнун COVID-19 илдетине карата жүрүм-турумга талдоо жүргүзүү куралы – бул ДССУнун калктын билим деңгээлине, тобокелдикти кабыл алуусуна, жүрүм-турумуна жана ишенимине тез, ийкемдүү жана үнөмдүү мониторинг жүргүзүү куралы, ал азыр ДССУнун Европа аймагындагы өлкөлөргө COVID-19 илдетине каршы актуалдуу жана таасирдүү чараларды көрүү үчүн жеткиликтүү. Кыргызстанда COVID-19 илдетине карата жүрүм-турумга талдоо жүргүзүүнүн 5-раундунун маалыматтары (ошондой эле мурунку 1-4-раунддар) компьютердик телефондук интервьюларды (CATI) колдонуу менен чогултулган, ага Кыргызстандын жети облусунан жана эки негизги шаары Бишкек жана Ош шаарларынан 1000ден ашык адам катышкан. Маалыматтарды чогултуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүп, ал бул баалоонун алкагында чогултулган бардык маалыматтарга ээлик кылат.
Программа тууралуу маалымат: Борбордук Азиядагы COVID-19 кризисине чара көрүү программасы (CACCR) Европа Биримдиги (ЕБ) менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык регионалдык бюросунун биргелешкен аракети болуп саналат жана Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстанга багытталган. Эки жылдык, наркы 3 миллион евролук аймактык долбоор COVID-19 пандемиясынын алдын алууга, аныктоого жана ага каршы чара көрүүгө, ошондой эле коомдук саламаттык сактоого карата окшош коркунучтарга чара көрүү үчүн өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Долбоор өлкөнүн коомдук саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын, координациялоону, аныктоону жана чара көрүүнү күчөтүүгө жана улуттук саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Евробиримдиктин Өкүлчүлүктөрү, улуттук бийлик органдары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен тыгыз байланышта ДССУнун Европалык регионалдык бюросу жана ДССУнун Өлкөлүк кеңселери тарабынан ишке ашырылат.
28.04.2022
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун миссиясы өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасы менен таанышуу үчүн Кыргызстанга келди
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун Саламаттыкты сактоо саясаты жана системалары боюнча директору доктор Наташа Аззопарди Мускат өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасы менен таанышуу максатында Кыргызстанга иш сапары менен келди.
Бул иш сапарынын алкагында, 2022-жылдын 28-апрелинде ал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен жолугушуп, өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча пикир алмашып, жакынкы келечекте өлкө калкынын саламаттыгын сактоону жакшыртууга багытталган өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.
Министр эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен калктын керектөөлөрүнө жараша саламаттыкты сактоо кызматтарын пландаштыруу жана каржылоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча ДССУнун мындан аркы жардамына үмүтүн билдирди.
Өз кезегинде доктор Наташа Аззопарди Мускат министрге ыраазычылык билдирип, ДССУ саламаттыкты сактоо тармагында ар дайым ишенимдүү өнөктөш болуп кала берерине ишендирди.
Мындан тышкары, доктор Наташа Аззопарди Мускат Бишкектеги №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда болуп, медицина кызматкерлеринин иши менен таанышып, мекемеде дарыланып жаткан бейтаптар менен баарлашты.
Ал ошондой эле өлкөнүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, инфекциялык жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, саламаттыкты сактоо тармагында кадрдык жана илимий потенциалды чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан биргелешкен иштерди талкуулады.
28.04.2022
USAID Кыргыз Республикасына жалпы суммасы 31 миллион сомдук медициналык жабдууларды тапшырды
Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасын COVID-19га каршы аракеттенүүнү колдоо үчүн кошумча лабораториялык, сервердик жана диагностикалык жабдуулар менен камсыз кылууда. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектургановдун катышуусунда өткөн расмий тапшыруу аземинде белгилүү болду. Пандемияга каршы күрөшүү боюнча USAIDдин колдоосунун алкагында 31 миллион сомдук жабдуулар өлкө боюнча мекемелерге таратылат.
Буга чейин USAID Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине COVID-19га тестирлөө убактысын беш сааттан 40 мүнөткө чейин кыскарткан заманбап диагностикалык аппарат – GeneXpert аппаратын белекке берген. Бул технология бир гана COVID-19 эмес, кургак учук сыяктуу башка инфекцияларды да так аныктай алат. Мындан тышкары, департаментке видеоконференцбайланыш системасы жана компьютерлер тапшырылды, бул өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
«Пандемия өлкө COVID-19 оорусунун кескин өсүшүнө даяр болушу керектигин көрсөттү. Коронавирустун жаңы штаммдары пайда болууда, ошондуктан ооруканаларды жана башка медициналык мекемелерди жабдууда USAIDдин жардамы абдан маанилүү”, - деди КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов.
Ошондой эле Чүй облустук ооруканасына, Улуттук госпиталга жана Ош шаардык клиникалык ооруканасына ар кандай жабдуулар, анын ичинде көчмө рентген аппараты, видеобронхоскоп, дезинфекциялык камералар жана үлгүлөрдү ташуу үчүн контейнерлер берилет.
«Биздин программалар керектүү технология менен камсыз кылуудан тышкары, медициналык кызматкерлерди керектүү билим жана көндүмдөр менен жабдууну көздөйт. Биз өлкө боюнча жүздөгөн дарыгерлерди, медайымдарды жана башка кызматкерлерди окутуу үчүн Саламаттыкты сактоо департаменти менен иштешүүнү улантып жатабыз», - деди USAIDдин Саламаттыкты сактоо жана билим берүү кеңсесинин директорунун милдетин аткаруучу Рэнди Колстад.
USAID Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институтун инфекцияларды диагностикалоо жана дарылоо боюнча көндүмдөрдү жогорулатуу үчүн жабдуулар менен камсыз кылууда.
Жардам USAIDдин Саламаттыкты сактоо системасынын туруктуулугу. Анын башталышынан бери USAID Кыргыз Республикасындагы COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө 7 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.
28.04.2022
Кыргызстанда биринчи жолу медициналык жана социалдык кызматкерлер үчүн “Саламаттык сактоодогу социалдык иш” тренинги өткөрүлүүдө
27-28-апрелде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Саламаттыкты сактоону өнүктүрүү борборунда Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында эки күндүк тренинг өттү.
Тренинг коомдун саламаттыгына жол көрсөтүүчү катары баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө үй-бүлөнүн маданий баалуулуктарын жана социалдык чөйрөнү эске алуу менен социалдык багыттагы мамилени киргизүүгө багытталган. Бул медициналык жана социалдык кызматкерлер бүткүл калктын ден соолугун чыңдоо үчүн биргелешип иштөөнү үйрөнө турган алгачкы тренинг.
«Бул тренинг физикалык, психикалык жана социалдык абалына карабастан, адилеттүү, бирдей жеткиликтүүлүк принцибинде ден соолук көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында инсанга багытталган мамилени бекемдөөгө жана секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган. Бул тренинг Чүй облусунун пилоттук райондорунда өткөрүлгөн тренингдердин сериясынын акыркысы болуп саналат.
Министрлик жардам көрсөтүү системасын реформалоо жана үй-бүлөлүк медицина адистеринин статусун жогорулатуу үчүн чоң күч-аракет жумшап жаткан азыркы учурда өзгөчө баалуу болгон баштапкы медициналык-санитардык жардамдын интеграцияланган моделин аныктоого жана ишке ашырууга бир нече жылдан бери олуттуу колдоо көрсөтүп келе жаткан Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомуна ыраазычылык билдирем», деди Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Нургүл Ибраева.
Тренингдин негизги максаты медициналык жана социалдык кызматкерлерди социалдык кеңеш берүүнүн жана социалдык баа берүүнүн алгачкы көндүмдөрүнө, калк менен, өзгөчө социалдык жактан аялуу категориядагылар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдар менен иштөөнүн практикалык ыкмаларына жана социалдык технологияларына окутуу, коомчулук менен иш-аракеттерди координациялоо жана алардын коомдук жана практикалык ишмердүүлүгүндө алган билимдерин жана көндүмдөрүн бекемдөө перспективасы менен ар кандай уюмдар менен кызматташуу болуп саналат. Анткени, ден соолук үчүн натыйжалар биологиялык факторлор же сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү менен гана аныктала бербейт.
Тренерлер катары Казакстан Республикасынын «Primary Health Care» Улуттук Ассоциация Башкармалыгынын Төрайымы - Роза Абзалова жана социалдык-психологиялык иш боюнча координатору - Мусабаев Юсупбек болушту. Тренингге үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жетекчилери, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана медайымдар, социалдык кызматкерлер жана ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин кызматкерлери катышты. Бул тренинг буга чейин Ош, Жайыл, Ысык-Ата жана Чүй райондорунда өткөн трениндерди жыйынтыктоочусу болуп саналат.