Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
29
12
2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
13.04.2022
Бишкекте тамеки тартуудан баш тартуу акциясы өтүүдө
12-апрелде Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн майрамдоонун алкагында “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки жана никотинди керектөөнүн кесепеттеринен коргоо” акциясы болуп өттү.
Иш чаранын максаты – тамекинин адамдын ден соолугуна зыяны тууралуу коомчулукка маалымат берүү жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу.
Бул акцияга 6-11-12-кичирайонунун жашоочулары, №39 мектептин өкүлдөрү, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери катышты. Келген адамдарга №8 ҮМБнун медицина кызматкерлери тарабынан: алардын кан басымын өлчөө, РДЧжМК борборунун адистери тарабынан, тамекини таштоо тууралуу кеңештер берилип, материалдык көргөзмөлөрдү жайылтуу кызматтары көрсөтүлдү.
2022-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн темасы “Биздин планета – биздин ден-соолук”. Ал биздин планетанын саламаттыгы менен бардык тирүү жандардын – адамдардын, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн саламаттыгынын ортосундагы байланышка негизделген.
13.04.2022
Тамекиге каршы мыйзамдардын талаптарын аткарбагандыгы үчүн коомдук тамактануучу жайларга 550 миң сомдон ашык айып салынды
Кыргыз Республикасынын 01.04.2022-жылдагы “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн, никотиндин ,тамекинин түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Мыйзамынын күчүнө киргендигине байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте коомдук тамактануу жайларында, бильярд жана түнкү клубдарда түнкү рейддик текшерүү жүргүзүштү. Жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, КРнын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык чаралар көрүлдү.
Бардык соода ишканаларынын жетекчилерине (супермаркеттер, гипермаркеттер, дүкөндөр жана соода-базар комплекстери) сатуу пунктунда жабык шкафтарда сакталган тамеки жана никотин камтыган продукцияны керектөөгө жана сатып алууга түздөн-түз стимулдаштыруучу маалыматтык жарнактарды жайгаштырууга тыюу салуу боюнча санитардык көрсөтмөлөр берилди.
Үстүбүздөгү жылдын өткөн мезгилинде Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынын талаптарын аткарбагандыгы үчүн коомдук тамактануу ишканаларынын жетекчилерине 43 протокол түзүлүп, укук бузуулар боюнча айып салуу жөнүндө токтомдор кабыл чыгарылып, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 84-ст статьясына ылайык, 550 миң сомдон ашык суммага айып салынган.
12.04.2022
Бишкектин медициналык мекеvелеринде адамдын турмуштук абалын каттоонун санариптик системасы «Медициналык күбөлүк» ишке киргизилди
12-апрель, 2022-жыл. Бүгүн Бишкектин саламаттыкты сактоо уюмдарында адамдын төрөлүшүн жана өлүмүн каттоонун санариптик системасынын пилоттук ишке киргизүүсү болуп өттү. Бул система ар бир адамдын төрөлүшүн, баланын жана эненин негизги көрсөткүчтөрүн, ошондой эле ден соолук жана төрөт боюнча башка маанилүү маалыматтарды борборлоштурулган онлайн түрүндө каттоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, бул система бекитилген дүйнөлүк классификаторлорго ылайык себептерин көрсөтүү менен адамдын өлүмү фактысын борборлоштурулган каттоого мүмкүндүк берет. Бул системаны ишке киргизүү адамдын турмуштук абалын каттоону толугу менен санариптештирүүгө, ошондой эле тиешелүү документтерди бирдиктүү форматта берүүнү борборлоштурууга мүмкүндүк берет. Бул система «Санарип MED» программасынын жана санариптик саламаттыкты өнүктүрүүнүн бекитилген Максаттуу моделинин алкагында иштелип чыккан.
Бүгүн, 2022-жылдын 12-апрелинде, биринчи этаптын алкагында, Бишкектин саламаттыкты сактоо мекемелеринде пилоттук режимде адамдын төрөлүшүн, баланын перинаталдык өлүмүн жана өлүмүн каттоо боюнча жаңы санариптик «Медициналык күбөлүк» системасы ишке киргизилди.
Бул системаны ишке киргизүүнүн максаты саламаттыкты сактоо системасынын адамдын туулгандыгын борборлоштурулган онлайн каттоого муктаждыгы жана маалыматты тиешелүү саламаттык сактоо уюмдарына өткөрүп берүү үчүн төрөлгөн адам жөнүндө тиешелүү маалыматтарды бирдиктүү саламаттык сактоо системасына киргизүү. Ошондой эле, «Медициналык күбөлүк» адамдын өлүмү фактысын, түздөн-түз себептери жана өлүмгө алып келген татаалдыктар жөнүндө маалыматтарды киргизүү менен каттоого багытталган. Бул медициналык кызматкерлерге жана тиешелүү саламаттыкты сактоо уюмдарга адамдын өлүмүнө алып келген себептерди талдоо үчүн маалыматтарды ыкчам алууга, ошондой эле мындай себептерди жоюу жана/же азайтуу боюнча ыкчам чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет.
Медициналык маалымкаттарды оптималдаштыруу калктын турмуштук кыймылы жөнүндө ишенимдүү расмий маалыматты калыптандыруу жана саламаттыкты сактоо тармагында башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн калктын ден соолугунун абалына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл. Система тиешелүү адамдарга өздөрүнүн компетенциясына жараша санариптик маалыматка жетүүнү камсыз кылууга, ошондой эле отчетторду даярдоону автоматташтырууга мүмкүндүк берет, бул адистердин да, жарандардын да убактысын олуттуу бошотот.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев белгилегендей, жеке инсанга багытталган системаны түзүүгө багытталган саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн жаңы моделинин алкагында «Медициналык күбөлүк» системасы адамдын төрөлүшүнө, анын негизги көрсөткүчтөрүн көрсөтүү менен жеке мамиле жасоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле тиешелүү медициналык адистер тарабынан андан ары медициналык мониторинг жүргүзүү үчүн жекелештирилген маалыматты берүү. Башка нерселер менен катар, бул системанын ишке кириши бул адамдын өлүмүнүн түздөн-түз себептерин жана анын өлүмүнө алып келген кыйынчылыктарды көрсөтүү менен адамдын өлүмү фактыларын каттоого мүмкүндүк берет. «Адамдын сырткы көрүнүшү, анын ден соолугу жана өлүмү жөнүндө ыкчам, ишенимдүү жана сапаттуу маалыматтын болушу саламаттыкты сактоо системасына адамдын жана элдин саламаттыгынын фундаменталдык көрсөткүчтөрүн талдоо жана жакшыртуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө, ошондой эле калкты оорулардан коргоо боюнча алдын алуу иш-чаралары», - дейт министринин орун басары Б.Жангазиев.
Кошумча белгилей кетчү нерсе, Медициналык күбөлүк системасындагы бардык жазуулардын өзүнүн уникалдуу номери бар жана ар бир сертификат QR коду менен корголгон, ал анын аныктыгын тастыктайт. Күбөлүктүн формасы бирдиктүү эстетикалык форматта берилет.
Мурда саламаттыкты сактоо уюмдарында медициналык маалымкат кагаз жүзүндө берилип, аны ЗАГСка тапшырып, анын негизинде жарандык абалдын актыларына тиешелүү жазуулар киргизилип, маалымкаттар берилчү. Ушуга байланыштуу, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн «Медициналык күбөлүк» системаны ишке киргизүүнүн экинчи этабында Саламаттыкты сактоо министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлигинин «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен бирдикте «Түндүк» системасы аркылуу маалыматтарды автоматтык түрдө ЗАГСка чейин берүүнү уюштурууну пландаштырууда. Жарандар маалымкаттарды чогултуунун кереги жок, маалыматтар электрондук түрдө түздөн-түз тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет, муну менен жарандар керектүү документтерди тиешелүү системалардан ала алышат.
Саламаттыкты сактоо министрлиги саламаттыкты сактоонун сапатын жана санариптик кызматтарды алган жарандардын ыңгайлуулугун жогорулатуу үчүн санариптик долбоорлорду ишке ашырууну улантат.
11.04.2022
«Алтын-Балалык» борборунда КММАнын 1997-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнүн аллеясы түптөлдү
Өткөн жылдын сентябрь айынан бери «Алтын-Балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунда жайгашкан НИИХСиТОнун алдындагы Инновациялык кардиохирургия борбору жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган балдарга жалпысынан 11 операция жасаган.
Жүрөк хирургиясы борборунун директору Таалайбек Кудайбердиевдин айтымында, өткөн жумада тубаса жүрөк кемтиги бар 3 балага операция жасалып, үч бейтапка операциядан кийин жүрөк кемтиги коррекциялары алынган.
«Алтын-Балалыкта кардиохирургияны өнүктүрүүнү улантабыз, аймакты жакшыртып жатабыз, өткөн дем алыш күндөрү КММАнын 1997-жылдагы бүтүрүүчүлөрү – дарыгерлердин аллеясын түптөдүк. Биздин келечектеги пландарыбызда заманбап инновациялык деңгээлде жүрөктүн тубаса кемтиктерин операциясыз коррекциялоо эле эмес, инфарктка чейинки абалды аныктоого, инфаркт менен ооруган бейтаптарды өз убагында жана эффективдүү дарылоого, жүрөктүн клапандарынын ооруларын, перифериялык тамырлардан мээнин тамырларына чейинки ар кандай локализациядагы кан тамыр патологиясын коррекциялоого мүмкүндүк берүүчү ангиографты орнотуу бар», — деп бөлүштү Таалайбек Кудайбердиев.
09.04.2022
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги “Алтын-Балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борбору 1-июндан тарта эшигин ачуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо
Бүгүн, 9-апрелде “Алтын-Балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков келип, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында облустагы айрым саламаттыкты сактоо уюмдарын да кыдырды.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эл өкүлүнө курулуш-оңдоо, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берип, алар биргеликте борбордун аймагына балаты отургузушту. Мындан тышкары, учурда поликлиниканын имаратында иштеп жаткан жана эне-балага медициналык жардам көрсөтүү, жүрөккө операция жасоо бөлүмдөрү менен таанышты.
Министр ден соолукту чыңдоо борбору бир нече блокторго бөлүнгөнүн айтты. Имаратта медициналык диагностикалык борбор, клиникалык диагностикалык лаборатория жана балдар жана ата-энелер үчүн пансионат болот. Борбордо бейтаптарга жайлуу болушу үчүн бардык шарттар түзүлгөн - кенен бөлмөлөр, жайлуу эс алуу зоналары, ашканалар, актовый зал, пляж жана башка жайлар. «Ушундай кооз жерде, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан борбор бейтаптарды жана алардын ата-энелерин кубандырат деп ишенем», - дейт Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Эскерте кетсек, объектти ишке киргизүү 2022-жылдын май айына белгиленген. Республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги объектти өз мөөнөтүндө пайдаланууга берүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат.
09.04.2022
Чүй облусунун үч районунда COVID-19ду аныктоочу вирусологиялык лабораториялар ачылды
2022-жылдын 9-апрелинде Ысык-Ата, Сокулук жана Жайыл райондорунун райондор аралык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун вирусологиялык лабораториялары ишке киргизилген. Бул лабораториялар Ислам өнүктүрүү банкынын “COVID-19 маалында ыкчам жардам” долбоорунун алкагында курулган.
Ачылышка Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн лабораториялык кызматынын башчысы Айгүл Жумаканова жана райондор аралык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун жетекчилери катышты.
Жалпысынан республикада 10 жаңы ПЧР лабораториясын куруу пландаштырылууда, азыр 5 лабораториянын курулушу аяктады. Келечекте бул лабораториялар коронавирустук инфекциянын лабораториялык диагностикасынан тышкары, башка инфекцияларды (сасык тумоо, кызамык, гепатит ж.б.) ПЦР аркылуу аныктайт деп күтүлүүдө.
Бул лабораторияларга ILAB маалымат системасына туташтырылды. Бул ILAB лабораториялык маалымат тутумунун артыкчылыктары, паспорттук маалыматтар Мамкаттоо кызматынын маалымат тутумуна кошулуп, техникалык каталарды жокко чыгарат. Системанын өзү бейтаптын паспорттук маалыматтарын киргизет. Бейтаптар/кардарлар лабораторияга келбей эле ПЦР анализинин жыйынтыгын басып чыгарып алышат, бул адамдар менен ашыкча байланышты жокко чыгарат. Бул лаборатория кызматкери үчүн да, бейтап/кардар үчүн да ыңгайлуу. Кошумчалай кетсек, бул лабораториялар “Мен COVID-19сыз саякаттайм” тиркемесине туташтырылган.
09.04.2022
Көчөттөрдү отургузууга саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана профессор Эрнст Акрамов катышты
Быйыл «Биздин планета - биздин ден соолук» деген ураан астында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата республиканын саламаттыкты сактоо уюмдары өз аймактарын жашылдандырууда.
Бүгүн, 9-апрелде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук бириккен ооруканасында көчөт отургузуу иш-чарасына катышты. Ишембиликке оорукананын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү катышты.
Профессор Эрнст Хашимович Акрамов бир топ жашка барып калганына карабастан тегерек-четтерди тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерине катышкан. Саламаттыкты сактоо министри менен биргеликте балаты отургузушту, ошондой эле КРнын саламаттыкты сактоо тармагынын иши жана өнүгүүсү тууралуу сөз болду.
06.04.2022
2022-жылдын Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү: «Биздин планета - биздин ден соолук»
Бүгүн, 2022-жылдын 6-апрели Бишкек
шаарында Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн майрамдоонун алкагында бактарды
отургузуу, таштанды чогултуу сыяктуу бир катар иш-чаралар уюштурулду. Аталган
акцияларда борбор шаарыбыздын тургундары, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КРнын
Маданият, маалымат, спорт жана жштар саясаты министрлигинин, КР ИИМинин
баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын, Бишкек шаарынын мэриясынын,
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун, Бишкек
ден соолукту чыңдоо борборунун, Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун өкүлдөрү,
БУУ агенттиктеринин жана Кыргызстандагы чет элдик элчиликтердин өкүлдөрү/башчылары
катышышты.
“Чек арасыз дарыгерлер” уюму дагы сүт бездеринин жана
жатын моюнчасынын рак оорусунун алдын алуу боюнча программасын жайылтып жаткан районунун
Жаңы-Жер айылындагы өтө турган бак тигүү иш-чарасына катышып, эко баштыктарды
таратышты.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык
сактоо уюмунун маалыматына караганда, айлана-чөйрө менен байланыштуу жыл сайын
болгон өлүмдүн 13 миллиондон ашуунун алдын алууга болот. Буга байланыштуу,
2022-жылдын Ден соолук күнүнүн темасы биздин ден соолугубуз менен – бардык
жан-жаныбардын – адамдардын, өсүмдүктөрдүн саламаттыгы жана планетабыздын
саламаттыгы менен байланыштуу. Бул жылы маалыматтык кампания, коомдун жана ар
бир адамдын жүрүм-туруму, тандоосу айлана-чөйрөгө таасир этээрин ачык
көрсөтүүгө багытталган тезистерди жана иш-чараларды илгерилетүүгө багытталган.
Адамдар өздөрүнүн рационалдуу эмес жүрүм
туруму менен экологиялык абалдын начарлашына түрткү беришет, бирок биз бул
кырдаалды оңдой алабыз жана оңдошубуз керек, себеби сөз адамзатынын ден
соолугунун эң олуттуу коопсуздугу – климаттык кризис жөнүндө болуп жатат.
Климаттык кризис жана саламаттык сактоо жаатындагы кризис
биздин саясий жана социалдык-экономикалык чечимдерибизге байланыштуу. Казып алынган отундардын түрлөрүн колдонуунун
натыйжасында, адамдардын 90%дан ашуунун ден соолукка зыяндуу аба менен дем
алууда. Глобалдык температуранын жогорулашы менен чиркейлар аркылуу берилүүчү
оорулар андан ке-ири дагы андан көбүрөөк дагы жайыла баштады. Экстремалдык аба ырайынын
шарттары жердин деградация болушуна, суунун жетишсиз болуп, адамдардын
аргасыздан көчүүсүнө жана ден соолугунун бузулушуна алып келет.
Маалымат үчүн: 1948-жылдын 7-апрелинде Бүткүл
дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун уставы күчүнө кирген жана бул күндү уюмдун
“туулган күнү” катары, жыл сайын ушул күн “Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү
катары белгиленет. БДСУнун уставында ден соолукка болгон укук ар бир адамдын
расасына, динине жана социалдык абалына карабастан негизги укуктарынын бири
болуп эсептелет.БДСУнун аныктамасы боюнча Ден соолук – бул оорулардын гана жок
болушу эмес. Ден соолук бул – физикалык, руханий жыргалчылык жана социалдык
бейгамдык абалы .
2022-жылдын Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн темасы - «Биздин
планета - биздин ден соолук» жана бул саламаттык сактоо жаатына таасир этүүчү
климаттык кризиске көңүл борборун бурат.
06.04.2022
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Чүй облустук “Максат” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана жетим балдарды реабилитациялоо борборуна барды
Бүгүн, 2022-жылдын 6-апрелинде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй райондук “Максат” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана жетим балдарды реабилитациялоо борборуна барып, балдарга медициналык, психологиялык, социалдык жана социалдык-педагогикалык жардам көрсөтүү борборунун иши менен таанышты.
Борбордун жетекчилиги министрди медициналык реабилитация, социалдык педагогика жана ресурстук-методикалык бөлүмдөрдүн иши менен тааныштырды. Бүгүнкү күндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 50 бала реабилитациялык терапия курсунан өтүшөт.
Министр менен жолугушууда эмгек жамааты Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу реабилитациялык борбордун аймагынын жарымын дагы бир объекттин курулушуна алууну каалап жатышканын билдирип, министрден бул маселени чечүүгө көмөктөшүүнү суранышты.
Министр бардык муктаж болгон балдарга медициналык жардам көрсөтүп, балдардын абалын жеңилдетүүгө жана жакшыртууга көмөктөшүп жаткан «Максат» реабилитациялык борборунун кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. «Саламаттыкты сактоо уюмдарынын аймагы эч качан башкаларга берилбеши керек. Калыбына келтирүү үчүн мыкты шарттарды уюштурууга борбордун аймагында стадион жана спорт аянтчаларын куруу керек. Мен бул маселени жеке көзөмөлүмө алам”,-деди КРнын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Маалымат үчүн:
Чүй облустук “Максат” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана жетим балдарды реабилитациялоо борбору 70 орунга ылайыкталган. Борбор Чүй облусунун бардык райондорунан жана башка аймактардан 1,5 жаштан 16 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Реабилитация курсу 60 күн болуп, анда балдарга социалдык көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн дары-дармек менен дарылоо, массаж, физиотерапия, эмгек терапиясы сабактары сыяктуу реабилитациянын толук курсу өтөт. Реабилитациялык комплексте ошондой эле балдардын жеке мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмдүүлүктөрүн эске алуу менен клиникалык психологдун жана социалдык педагогдун сабактары камтылган.
06.04.2022
Алымкадыр Бейшеналиев: “Шаардык саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан кайра уюштуруу маселелери КР Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында турат”
2022-жылдын 5-апрелинде Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында медициналык мекемелердин, тактап айтканда БШТжОИИБ, №6 шаардык клиникалык оорукананын №2 корпусун ээлеп турган Көздүн микрохирургиялык ооруканасынын имараты боюнча, шаардык саламаттыкты сактоо системасы кайра уюштуруу маселеси каралды, кадрдык өзгөрүүлөр көтөрүлдү.
Бирок бул маселелердин баары, биринчи кезекте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында экенин эскертип кетким келет.
«Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №249 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө» токтому , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө” токтому, медициналык саламаттык сактоо уюмдарынын ишин жөнгө салуу, координациялоо, көзөмөлдөө алардын ведомстволук баш ийүүсүн жана ээлик кылуусун Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ишке ашырат, ал бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги болуп саналат.
Ошондой эле, 2017-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, анда шаардык саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө функциялары каралып, анын ичинде мекемелерди кайра уюштуруу жана кадрларды дайындоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилген.
Бул Келишимге ылайык, мэрия муниципалдык менчиктин эсебин жүргүзөт жана контролдойт, башкача айтканда, мэрия муниципалдык менчиктин ээси катары имараттарды, башка мүлктөрдү, жер участокторун берүү менен саламаттыкты сактоо системасынын талаптагыдай иштешин камсыздайт.
Ошентип, Бишкек шаарынын мэриясы 2017-жылдын 10-майындагы жогоруда аталган Келишимдин 2.8 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан калкка медициналык жардам көрсөтуунун сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жаткан процесстерге жана реформаларга кийлигишүүгө укугу жок.
Ошондой эле, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, өкмөттүн токтомдору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ченемдик укуктук актыларына караганда жогорку юридикалык күчкө ээ.
05.04.2022
2022-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган "Дарак отургуз - планетага өмүр бер" акциясына катышыңыз
2022-жылдын 6-апрелинде саат 10:00дө Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Бишкек шаарындагы Ынтымак сейил багында, 2022-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлөт. Иш-чаранын негизги максаты – жыл сайын дүйнөдө 13 миллион адамдын өмүрүн алган экологиялык жаратылыштын себептери тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу.
Ушуга байланыштуу бул акцияга журналисттерди жана борбор калаанын жарандарын чакырабыз. Бул күнү саат 10:00дөн 12:00гө чейин бардык каалоочулар көчөт отургузууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул акцияга КР Саламаттык сактоо министрлигинин; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын; Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргызстан Кызыл Жарым Ай Улуттук Коомунун; Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун, Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун өкүлдөрү, Кыргызстандагы БУУнун агенттиктеринин өкүлдөрү/жетекчилери жана чет өлкөлүк элчиликтер катышат.
Акциянын жүрүшүндө каалоочулар ВИЧке экспресс-тест тапшырып, кандагы канттын деңгээлин, кан басымын өлчөй алышат, сергек жашоо, тамеки чегүүнү таштоо жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча кеңеш ала алышат, ошондой эле COVID-19га каршы эмдөө алуу мүмкүнчүлүгү да түзүлөт.
05.04.2022
Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасындагы жаңы бөлүмдөр
Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында шашылыш кардиология, шашылыш терапия, шашылыш неврология жана кыска мөөнөттүү медициналык тез жардам бөлүмдөрү ачылды.
Азыр оорукана калкка курч оорулар, травмалар, уулануулар, ошондой эле массалык травма жана кырсыктар болгон учурда күнү-түнү кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүчү шаардын көп тармактуу адистештирилген мекемесине айланды.
Шашылыш кардиология, шашылыш терапия, шашылыш неврология жана кыска мөөнөттүү медициналык тез жардам бөлүмдөрү калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн уюштурулган жана бардык керектүү нерселер менен жабдылган, медициналык персонал менен камсыздалган жана бейтаптарды кабыл алууга даяр.
Эске сала кетсек, буга чейин КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору Тез жардам клиникалык ооруканасына айландырылган.
05.04.2022
«А.Исманкуловдун көздүн микрохирургиялык ооруканасы» боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аудитордук маалым каты
Бул текшерүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген документтердин негизинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ички аудит башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп, анда төмөнкүлөр аныкталган:
1997-жылдын 5-мартында Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин (мындан ары - КМУУ) Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде, ошондой эле «Көз микрохирургиялык госпитал» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимге ылайык жана медициналык билим берүү программаларын өнүктүрүү жана КМУнун студенттерине жана окутуучуларына медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу максатында, КМУнун алдында «ИнтерГосспитал» медициналык борбору түзүлүп, анын директору Исманкулов А.О. болгон.
Кийинчерээк 1998-жылдын февраль айында Түштүк Корея тарабынан медицинаны өнүктүрүү үчүн 14,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө кредиттик линияны ачуунун негизинде университеттин эл аралык байланыштар жана медицина боюнча проректорунун штаттык бирдиги каралган. КМУ, 1998-жылдын 17-февралынан кийин Исманкулов А.О. КГМУнун проректору болуп дайындалды, Белгилей кетсек, Исманкулов А.О. жогоруда көрсөтүлгөндөй, уставдык капиталы 10,0 миң сомду түзгөн «Көз микрохирургиялык госпитали» ЖЧКсынын директору болгон (буйруктардын жана токтомдордун көчүрмөлөрү тиркелет).
1998-жылдын февраль айында КМУнун ректору С.Ж.Токтомышев менен кореялык «Медисон ЛТД» компаниясынын ортосунда УЗИ, МРТ жана башка жалпы 97 даана медициналык жабдууларды алып келүү боюнча келишим түзүлгөн. КУУнун университетинин ооруканасы тарабынан пайдаланылат, жабдыктар жалпы суммасы 8,558 миллион АКШ долларына пайыз менен насыя түрүндө алынып келинди. 1998-жылы 29-июнда КМУнун ооруканасына медициналык жабдуулар толугу менен түшүрүлгөн. Тапшырылган документтерге ылайык, 1999-жылы сентябрда Madison LTD КГНУдан 377,2 миң доллар өлчөмүндөгү биринчи төлөмдү жүргүзгөн.
1999-жылдын ноябрында (8,558 млн. доллар өлчөмүндө медициналык жабдуулар түрүндө кредит алгандан кийин) КМУнун Окумуштуулар кеңешинин токтомуна ылайык ЖЧКнын уюштуруучуларынын протоколунун негизинде КМУнун медициналык Борбор - КМУнун InterHospital уюштуруучулардан чыгып кеткендигин белгилей кетүү керек, 1997-жылы мамлекеттик каттоодон өткөн маалыматка ылайык, InterHospital 1) КГМУ жана 2) ОсОО Көздүн микрохирургиясы ооруканасы Исманкулова А.О. (бардык тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет)
2000-жылдын 3-февралында Премьер-министр А.Муралиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койгон, анда КГУнун КГУ InterHospital медициналык борборунун уюштуруучуларынын курамынан чыккандыгына байланыштуу бул борбор болуп таанылган. коммерциялык, ошондой эле көрсөтүлгөн тартипте InterHospital карызды төлөө боюнча негизги респондент болуп саналат деп белгиленет. Бирок, өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, Контракт жана кредит (кредит) алуу келишимине кошумча макулдашууга Кыргыз мамлекеттик улуттук университети тарабынан кол коюлган.
Белгилей кетсек, Корея Республикасынын Сеул шаарында өткөн Кореянын соода арбитраждык палатасынын Арбитраждык чечими бар, анда КГМУнун ректору жоопкер катары катышкан. Бул арбитраждын чечими расмий юрисдикцияга ээ жана дүйнөнүн каалаган өлкөсүнүн сотунда текшерилиши же колдонулушу мүмкүн, арбитраждык сотто жоопкер КГНУнун жоопкери катары ректордун өкүлү Какеев А.Ч. (Медисон) тарабынан таанылган. LTD) 2005-жылдын 29-июнуна карата бардык пайыздарды төлөө менен 8,558 млн доллар суммасында (сыйлыктын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет).
Кошумчалай кетсек, Корея Республикасынын Элчилигинин 2021-жылдын 27-августундагы расмий нотасы бар, анда Кыргыз улуттук университетине медициналык жабдууларды жеткирүү үчүн пайыздар менен карыздын негизги эсеби көрсөтүлгөн. КР Билим берүү министрлигинин Ж.Баласагын атындагы кореялык «Medison Co LTD» компаниясы 2021-жылдын 25-августуна карата болгону 29,166 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен: 11,397 млн доллар - негизги карыз; 5,325 миллион доллар пайыз жана 12,443 миллион доллар кеч төлөнүүчү пайыз (көчүрмө тиркелет).
Учурда медициналык жабдыктарды алып келүү жана юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына берүү боюнча карыз үчүн документтердин бардык пакети чогултулуп жатат.
04.04.2022
ЮНИСЕФ Кыргызстандын медицина кызматкерлерине жеке коргонуу каражаттарын өткөрүп берди
ЮНИСЕФ COVID-19га каршы күрөштө колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Республикалык иммунопрофилактика борборуна 22 миллион сомдон ашык суммага жеке коргонуу каражаттарын өткөрүп берди.
Жеке коргонуу каражаттары (ЖКК) министрликтин өтүнмөсү боюнча ЮНИСЕФтин Копенгагендеги жабдуу бөлүмү аркылуу сатып алынды. Копенгагенде дүйнөдөгү эң чоң гуманитардык жардам кампасы жайгашкан. Берилген жеке коргонуу каражаттарынын партиясы COVID-19га каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине арналган. Берилген каражаттардын ичинде 7 000 коргоочу костюм, 375 000 хирургиялык беткап, 75 000 респиратордук беткап, 4 000 коргоочу визор, 7 000 халат, 225 000 медициналык колкап жана 4 000 коргоочу көз айнек бар.
“COVID-19 пандемиясынан улам, дүйнөдөгү бардык өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстан да ден-соолукка байланыштуу массалык кризиске туш болду. Бүгүн биз дарыгерлерибизге коронавирустук пандемияга каршы туруу үчүн зарыл болгон жеке коргонуу каражаттарын. Мен ЮНИСЕФке COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө жана республиканын калкынын ден соолугун чыңдоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирем”, - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова
“COVID-19 пандемиясы бүтө элек жана жаңы толкундар болушу мүмкүн. Ошондуктан COVID-19га каршы туруу үчүн ЮНИСЕФ глобалдык деңгээлде өтө зарыл буюмдар менен камсыз кылуу үчун талыкпай иштөөну улантууда. Бул иштин алкагында ЮНИСЕФ жеке коргонуу каражаттары, вакциналар, ийнелер, иммунизация үчүн жабдуулар жана дары-дармектер менен камсыз кылууда. Кыргызстандын Өкмөтү менен тыгыз кызматташтыкта ар бир адамды коргоо максатында биз бул жеке коргонуу каражаттарын ооруканаларга берип жатабыз”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Кристин Жольм.
ЮНИСЕФ мындан ары да COVID-19 коронавирустук илдети менен күрөштө КР Өкмөтүнө колдоосун уланта берет. ЮНИСЕФ пандемия менен күрөштүн алдыңкы катарында иштеп жаткандарга өтө зарыл жабдууларды берип келатат. ЮНИСЕФ мындан ары да ар бир бала жарык дүйнөгө аман-эсен келип, жашап кетүүсү үчүн жалпы социалдык-экономикалык чараларга колдоо көрсөтө бермекчи.
04.04.2022
“Кыргыз Республикасындагы ден соолук жумалыгы” 16-эл аралык конгресс-көргөзмө форуму башталды
Бүгүн, 2022-жылдын 4-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу астында уюштурулган “Кыргыз Республикасындагы Ден соолук жумалыгы” 16-Эл аралык конгресс-көргөзмө форумунун ачылышы болду. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти, С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институту жана адистештирилген ассоциациялардын колдоосу менен эки эл аралык адистештирилген MedExpo Kyrgyzstan 2022 жана Dental-Expo Kyrgyzstan 2022 бир аянтчада бириктирилген.
Жыл сайын өтүүчү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоонун адистештирилген Эл аралык көргөзмөсү - MedExpo Кыргызстан Борбордук Азиядагы беш ири көргөзмөнүн бири.
6-апрелге чейин созула турган “Кыргыз Республикасындагы ден соолук жумалыгы” форуму саламаттыкты сактоо тармагынын адистерин, мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөлөрдүн жана коомчулуктун өкүлдөрүн чогултуп, саламаттыкты сактоо тармагынын сапаты жана эффективдүү иштешинин социалдык маанилүү көйгөйлөрүн талкуулоого мүмкүнчүлүк берип, тажрыйба алмашуу, ата мекендик жана чет элдик акыркы окуялар менен таанышат. Экспозициялардагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүчү ишкер байланыштарды түзүүгө, келишимдерге кол коюуга, пикир жана жаңы технологияларды алмашууга, тармактын адистери менен актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берет. Катышуучу компаниялар диагностика, хирургия жана реабилитация үчүн инновациялык медициналык жабдууларды жана технологияларды, медицинанын жана стоматологиянын бардык багыттары үчүн жогорку технологиялык керектелүүчү материалдарды, приборлорду жана башка буюмдарды, дары-дармектерди, ошондой эле чет өлкөлөрдө дарылоо кызматтарын көрсөтүшөт.
Бул жылы биргелешкен көргөзмөгө 8 өлкөдөн 70тен ашык компания катышууда. Катышуучулардын географиясы: Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Польша, Россия, Түркия, Өзбекстан.
Салт боюнча көргөзмөгө Өзбекстан Республикасынын улуттук тобу катышууда. Коллективдүү стендге медицина жана стоматология тармагындагы 10 өзбекстандык өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор катышууда. Көргөзмөнүн катышуучуларынын географиясы 120 ири өндүрүш ишканаларынын расмий өкүлдөрү болуп саналган кыргызстандык компаниялардын катышуусу менен толукталат.
“Кыргыз Республикасынын Ден соолук жумалыгы” Эл аралык конгресс-көргөзмө форумунун бизнес-программасында семинарлар, мастер-класстар, жаңы технологиялардын жана жабдуулардын презентациялары камтылган.
Бизнес-программада өзгөчө орунду Москвадан келген эксперт Константин Калдиндин стоматологиялык клиникалардын ээлери үчүн “Чакан клиниканы башкаруу математикасы” семинары ээлейт.
Көргөзмөгө медицина, стоматология, фармацевтика тармагындагы адистештирилген адистер, өлкөнүн бардык аймактарынан келген саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлери, борбор калаанын жарандары жана коноктору, ошондой эле чет элдик коноктор жана медицина тармагынын ар кандай тармагындагы адистер келе алышат. .
Иш-чараны BiExpo көргөзмө компаниясы уюштурууда.
Иш-чаранын расмий медиа өнөктөшү Кыргызстандын №1 Финансы порталы – “Акчабар” болуп саналат.
04.04.2022
2022-жылдын 1-апрелинен тарта медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 50%га жогорулады
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Жарлыгына ылайык 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн бирдиктүү базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленген.
Эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары 7040 сом өлчөмүндө минималдуу базалык ставканы белгилейт, бул Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкерлеринин кызматтык маянасын жана эмгек акынын ставкаларын эсептөө үчүн негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканы (7040 сом) кызматтык маянага кратность коеффицентин көбөйтүү жолу менен эсептелет. Жаңы моделде медицина кызматкерлеринин кызматтык маянасы 2022-жылдын 1-апрелинен баштап орто эсеп менен 50%га жогорулады.
Эгерде бүгүнкү күндө дарыгерлердин орточо айлыгы 12 897,9 сомду түзсө, жогорулагандан кийин 19 346,86 сом, үй-бүлөлүк дарыгер жогорулаганга чейин 17 197,1 сом, жогорулагандан кийин 25 795,6 сом, кызматкерлеринин орточо айлык акысы жогорулагандан кийин 11 739,5 сом, 17 609,25 сомго, кенже персонал 9989,4 сомго, 14 984,4 сомго, административдик персонал 14 451,9 сомго көбөйгөндөн кийин 21 677,8 сомго көбөйгөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын 9 айында саламаттыкты сактоо уюмдарынын 80 189 кызматкери үчүн кошумча муктаждык 5290,7 миллиард сомду түзөт.
01.04.2022
Бейтаптын жардамчысы. Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын бардык бөлүмдөрүндө “Универсалдык медайым” кызматы киргизилүүдө
Медайымдык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2021-жылдан бери саламаттыкты сактоо уюмдарында универсалдуу медайым долбоорун ишке ашырууда. Бүгүнкү күндө Универсал медайым долбоору пилоттук уюмдардын бардык бөлүмдөрүндө ишке ашырылууда. «Эгерде мурда бул долбоор кызыл зоналар болгон бөлүмдөрдө иштесе, эми пилоттук уюмдардын бардык бөлүмдөрүндө универсалдуу жардам көрсөтүлөт. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында «Универсал медайым» долбоору этап-этабы менен республиканын башка саламаттык сактоо уюмдарына киргизилет», - дейт Медайымдык адистер ассоциациясынын төрайымы Айзат Асанова.
Бул иш USAID LHSS долбоорунун “COVID-19 чөйрөсүндө саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун бекемдөө” долбоорунун техникалык колдоосу менен ишке ашырылууда. «Универсал медайым» долбоорун пилоттук түрдө ишке ашыруу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында, №1 шаардык клиникалык ооруканада, Улуттук госпиталда, Ош шаардык клиникалык ооруканасында жүрүп жатат.
Процедуралык, кийинтүүчү жана палаталык медайымдын ордуна медайым бейтаптын саламаттыгына көз салып, анын абалын баалайт, өзгөрүүлөрдү жазып алат жана көйгөйлөрдү аныктайт, зарыл болгон учурда медайымдык тез жардам көрсөтөт, медайымдык диагнозду өз алдынча жасайт деп болжолдонууда. алардын иш-чараларын пландаштыруу жана анын натыйжалуулугун баалоо. Универсалдуу медайым физиологиялык, психологиялык жана социалдык параметрлерди каттайт, аларды иштеп чыгат жана ден соолуктун деңгээлин, тобокелдик факторлорун комплекстүү баалайт жана пациенттин көйгөйлөрүн аныктайт.
Ар бир медайымга белгилүү бир сандагы бейтаптар дайындалат – оордугуна жараша 8ден 15ке чейин, медайым алар менен алар бөлүмгө киргенден тартып, ооруканадан чыкканга чейин иштейт, бардык башкаруу жана кам көрүү иш-чараларын аткарат.
Медайымдын жаңы функционалдык милдети иштелип чыккан, медайымдын иш жүгү кайра каралып, медайымдын жардамчысы катары функционалдык милдети да кайра каралып, иштелип чыккан.
01.04.2022
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму саламаттык сактоо тармагындагы кадрдык потенциалды чыңдоо үчүн Кыргызстанга медициналык буюмдарды тапшырды
Бүгүн, 2022-жылдын 1-апрелиинде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтуна кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү, дары-дармектерди булчуңга саюу жана парентералдык колдонуу үчүн окуу манекендерин, контактсыз термометрлерди, пульсоксиметрлерди, концентраторлорду жана компьютердик техниканы тапшырды, жардамдын жалпы суммасы 39 929 АКШ долларына барабар.
Бул жардам Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун "үй-бүлөлүк медицинадагы медайымдык иш" кафедрасынын бардык жети аймактык филиалынын ортосунда бөлүштүрүлөт жана аймактардагы медик кесиптештерге медайымдык иш боюнча үзгүлтүксүз билим алууга жана практикалык көндүмдөрдү жакшыртууга мүмкүндүк берет. Бардык медициналык буюмдар жана жабдуулар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сапат жана коопсуздук стандарттарына жооп берет, мунун өзү медициналык кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууга жана бейтаптарды дарылоо көндүмдөрүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Медициналык жабдууларды тапшыруу аземинде С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун өкүлдөрү Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында кадрдык потенциалды чыңдоого туруктуу колдоо көрсөткөндүгү жана өзгөчө салымы үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна терең ыраазычылык билдиришти.
Справка: Бул жардам Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөлүк кеңсеси тарабынан 2018-жылдан 2021-жылга чейин саламаттык сактоонун кадрдык потенциалын жогорулатуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигине техникалык колдоо көрсөтүп келген «Ден соолук үчүн иштөө» программасынын алкагында көрсөтүлдү. Колдоо көрсөтүү өлкөнүн саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтылышына карай прогрессин тездетүүгө жана бекемделген саламаттык сактоо системаларынын алкагында медициналык кызматкерлерге бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле саламаттык сактоо жана социалдык чөйрөдөгү эмгек ресурстарын кеңейтүү жана кайра түзүү аркылуу Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүгө багытталган.
31.03.2022
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жети жеке менчик медициналык университеттен форма 6ны артка чакыртуу чечимин кабыл алды
Жеке менчик медициналык ЖОЖдордун клиникалык базаларын талдоонун жыйынтыгы боюнча 17 жеке ЖОЖдун ичинен 8инде студенттердин адистиктер боюнча окутууда практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн стажировкадан өтүүсүнө шарттар бар. Ал эми калган 9 жеке менчик билим берүү уюмдарында жетишсиз, кээ биринде андай шарттар таптакыр жок.
Жыйынтыгында төмөнкү ЖОЖдордун белгиленген үлгүдөгү форма 6ны артка чакыртуу чечими кабыл алынды:
- Ош Эл аралык медициналык университети;
- Кыргыз медициналык-стоматологиялык институту;
- «Роэль Метрополитен университети»
- «Авиценна» Эл аралык медициналык институту;
- "ABC" академиясы;
- Бишкек эл аралык медициналык институту;
- Эл аралык медицина жана илим университети.
Мындан тышкары, КР Билим берүү жана илим министрлигине жогоруда аталган 7 ЖОЖ жана мурда форма 6ны ала элек 2 ЖОЖ боюнча тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн билдирүү даярдалды – бул Бишкек Финансы Академиясынын алдындагы “Адам” университети жана Экономика жана Эл аралык илим жана бизнес университети.
31.03.2022
Алымкадыр Бейшеналиев: “Коомчулуктун колдоосу жок саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү мүмкүн эмес”
Саламаттык сактоо тармагын дээрлик монополиялаштырып алгандар системаны реформалоого караманча-каршы чыгып жатышат. Ал эми көзөмөл жана сот органдары калктын ден соолугуна кедергесин тийгизчү маселелерде адилетсиздигин көрсөтүүдө. Мындан улам мен – КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коомчулуктун колдоосуна муктаж болуп жатканымы расмий түрдө жарыялайм.
COVID-19 апаатынан калкты куткарууда саламаттык сактоо системасы канчалык деңгээлде жан кейитээрлик абалга түшүп калганын жон терибиз менен сездик. Бул апаат али да болсо “Стелс-Омикрон” сыяктуу жаңы штаммдары менен кезектеги соккуга даярданып жатканы ойлондурбай койбойт. Мындай коркунучтарга КР Саламаттык сактоо министрлиги даяр турушу керек. Анткени «доктор Исманкуловдун клиникасы» сыяктуу монополиялык мекемелер апааттан элди куткара албайт!
Биз бир гана коронавирус эмес, эл арасында өнөкөт көйгөйгө айланган жүрөк-кан тамыр ооруларын, неврологиялык дарттарды дарылоочу заманбап бейтапканаларды түзүүгө ынтызарбыз. Мында адилеттүү чечимдери менен колдоонун ордуна көзөмөл жана сот органдары тескерисинче нигилизм тарапты жактоодо. Муниципалдык менчиктин башында турган мэриянын чечимдерин көзгө илбей, саламаттык сактоо тармагына таандык болгон мекемени бошотпой жаткан көз доктур Исманкулов мыйзамдарды аттап, сот органдарынан чындыкты күтүп жаткан кербези. Ал эми КР Саламаттык сактоо министрлиги жалпы элдин ден соолугуна маанилүү баалуулугун коротуп жатат – бул убакыт. Ооба. Ар бир мүнөт, секунд мен баштаган реформаны ишке ашырууда маанилүү.
Мындан улам коомчулукка кайрылууну туура көрдүм. Элдин саламаттыгын сактоодогу өнүгүүлөр маанилүүбү же монополиялашкан, калктын капчыгын жеке Исманкулов сыяктуулардын кызыкчылыктары үчүн каккан медицина маанилүүбү? Бул жагдайда сиздердин тандооңуздарды сиздердин колдооңуздар аркылуу күтөм.