Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
29
12
2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
31.03.2022
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эркектер арасында «Жооптуу бол!» аталышындагы акция өткөрүүнү жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) коркунуч факторлорун аныктоо үчүн 18 жаштан жогорку эркектер арасында бир айлык жарыялайт. Акция 2022-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейин өтөт. Бул убакыт аралыгында эркектер жергиликтүү саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылып, медициналык кызматкерден бекер медициналык кеңеш ала алышат. Аталган бир айлык «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.
«Жооптуу бол!» бир айлыгынын негизги максаты жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында Кыргызстандын эркек калкын медициналык кызматтар менен камтууну жогорулатуу болуп саналат. КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматы боюнча, 18 жаштан 54 жашка чейинки эркектер ошол эле курактагы аялдарга караганда ЖЭОнун пайда болуу коркунучуна көбүрөөк дуушар болушат.
Бир айлыктын алкагында эркектер үчүн атайын кабыл алуу сааттары уюштурулат, бул өз кезегинде медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Ошондой эле, «Жооптуу бол!» бир айлыгына мектеп окуучуларын тартуу дагы негизги элемент болуп саналат, анткени бул ыкманын эффективдүүлүгүн буга чейинки тажрыйба көрсөткөн. Окуучулар эркек туугандарына акция тууралуу маалымат беришет жана аларды өз айылындагы саламаттыкты сактоо уюмуна медициналык консультациядан өтүүгө чакырышат.
Жугуштуу эмес оорулар – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет. 2020-жылы Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны, калктын жалпы өлүмүнүн 52% түздү. Өлүмдүн экинчи негизги себеби рак (10,8%), андан кийин (6,9%) өпкө оорулары турат. Жугуштуу эмес оорулардын негизги тобокелдик факторлору тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү, туура эмес тамактануу жана физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү болуп саналат.
31.03.2022
Адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө Улуттук эмдөө календарына киргизилүүдө
Бишкек, 2022-жылдын 31-марты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жатын моюнчасынын рагын комплекстүү профилактикалоонун жана азайтуунун алкагында адамдын папиллома вирусуна (HPV) каршы эмдөөлөрдү профилактикалык эмдөө календарына киргизди. 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдарында 11 жаштагы өспүрүм кыздардын арасында HPV вирусуна каршы эмдөөнү бекер киргизүүнү пландаштырууда. HPV сатып алуу жана киргизүү үчүн каржылык колдоо Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянс тарабынан көрсөтүлөт.
ДССУнун (GLOBOCAN) маалыматы боюнча, жатын моюнчасынын рагы аялдар арасында кеңири таралган рак ооруларынын катарында үчүнчү орунду ээлейт жана дүйнө жүзү боюнча коомдук саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйүн билдирет.2018-жылы дүйнө жүзү боюнча 560,000ден ашык аялдар жатын моюнчасынын рагы менен ооруп, 300,000ден ашууну оорудан каза болгон.
Аялдардын жатын моюнчасынын рак оорусунун негизги себеби - дүйнөдөгү эң кеңири таралган вирустардын бири болгон адамдын папиллома вирусу. Өнөкөт HPV инфекциясы аялдарда жатын моюнчасынын рагы, ошондой эле эркектерде да, аялдарда да орофарингеалдык рак, онкогениталдык рак жана башка оорулардын пайда болушуна алып келет - деп билдирди КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын аял жатын моюнчасынын рагы менен ооруйт. Рактын бул түрү өлкөдөгү аялдардын рак оорусунун негизги себептеринин арасында экинчи орунда турат жана 15 жаштан 44 жашка чейинки аялдарда рактын эң кеңири тараган түрү болуп саналат. Кыргыз Республикасында жыл сайын орто эсеп менен жатын моюнчасынын рак оорусунун 350гө жакын жаңы учуру катталат. 2020-жылы жатын моюнчасынын рак оорусуна чалдыгуу 100 000 калкка 13,0 түздү, бул Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында эң жогорку көрсөткүч жана дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 1,3 эсе жогору.
Жатын моюнчасынын рагы Кыргызстанда аялдардын рак оорусунан өлүмүнүн негизги себеби болуп саналат жана жыл сайын 300дөн ашуун өлүмгө алып келет.
Иммунизациялоо боюнча илимий-техникалык комиссия, оорунун таасирин, HPVнун жогорку онкогендик түрлөрү менен инфекциянын алдын алуу жана өспүрүм кыздарды коргоо үчүн жогорку эффективдүү жана коопсуз вакциналардын бар экендигин, мектепте жакшы иштеген эмдөө системасы далилдер- профилактикалык эмдөө календарына 11 жаштагы өспүрүм кыздар үчүн HPV киргизүү боюнча сунуштар негизделген. Ошондой эле, ишке ашыруунун биринчи жылында 11 жаштагы негизги максаттуу топко кошумча 12-14 жаштагы кыздарды эмдөө.
Иммунизациялоо боюнча илимий-техникалык комиссия жатын моюнчасынын рагынын экономикалык таасирин эсептөө үчүн кошуна орто кирешелүү өлкөлөрдөгү изилдөөлөрдүн маалыматтарын колдонгон. Өзбекстанда жана Молдова Республикасында жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, жатын моюнчасынын рагына чалдыккан бир учурду дарылоонун баасы жатын моюнчасынын рагы аныкталган учурда өнүгүү стадиясына жараша 288 доллардан 1900 долларга чейин. Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагы менен ооруган учурлардын 40%га чейинкиси өнүгүүнүн өнүккөн стадиясында аныкталганын эске алып, Саламаттыкты сактоо министрлиги жыл сайын жатын моюнчасынын рагы менен ооруган бейтаптарды диагностикалоого, дарылоого жана кам көрүүгө олуттуу каржылык каражаттарды жумшайт: эсептөөлөр боюнча, 500 000 доллар.
31.03.2022
Бишкек шаарынын №2 клиникалык оорукананын экинчи корпусунун фасады жана чатыры оңдолуп жаткандыктан, бейтаптардын коопсуздугу үчүн имаратты жабуу зарылчылыгы келип чыккан
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу ооруканада оңдоо иштерин баштады. «Исманкуловдун көз микрохирургиясы» жеке клиникасы жайгашкан оорукананын экинчи корпусунун фасады иретке келтирилүүдө.
Оорукананын фасадынын абалы кейиштүү, чатырынан суу агып, нымдуулуктан кыштары урап, жараксыз абалга келген. Фасадынын урап калуу ыктымалдыгы бар. Андыктан имараттын чатыры да толугу менен алмаштырылат. Буга байланыштуу бейтаптардын коопсуздугу үчүн имаратты толук жабуу зарыл.
«Жеке клиника мамлекеттик оорукананын имаратын 20 жылдан бери ээлеп турат. Бирок, ижарачы имаратты толугу менен талаптагыдай абалда кармаган эмес, бул мамлекеттик менчикке кайдыгер мамиледен кабар берет. Ал эми көз оорулары менен ооруган бейтаптарды эч ким медициналык жардамсыз калтырбай тургандыгына ишендиргим келет, аларды кабыл алуу үчүн Улуттук госпиталда көздүн микрохирургиясы бөлүмдөрү бар, ал жерде жогорку квалификациялуу адистер иштешет, керектүү медициналык жабдуулар бар», — деди Алымкадыр Бейшеналиев. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри.
31.03.2022
Бишкекте “Миррахимов окуулары” аттуу юбилейлик илимий-практикалык конференция өтөт
2022-жылдын 31-мартынан 1-апрелине чейин Бишкекте жыл сайын өтүүчү “Миррахимов окуулары” илимий-практикалык конференциясы өтөт. Быйыл “Миррахимов окуулары” юбилейлик жана көрүнүктүү клиник жана окумуштуу, академик Мирсаид Мирхамидович Миррахимовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына арналган. Академик М.М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору Кыргыз Республикасынын ички медицина боюнча дарыгерлер ассоциациясы менен бирге салттуу түрдө конференциянын уюштуруучулары болуп саналат.
Конференцияда Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы кардиология жана ички медицина тармагындагы эң актуалдуу жана курч практикалык көйгөйлөр талкууланат. Миррахимов окууларынын алкагында пленардык жана секциялык отурумдар, үй-бүлөлүк дарыгерлер мектептери, мастер-класстар, панелдик талкуулар өткөрүлөт. Съездди (докладдарды жана лекцияларды) онлайн режиминде республика боюнча көрсөтүү пландаштырылууда. Кыргызстандын бардык аймактарынан 200 практикалык дарыгерлердин түз катышуусу күтүлүүдө, фармацевтикалык компаниялардын көргөзмөсү өткөрүлөт.
Дарыгерлер үчүн өтө пайдалуу лекцияларды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген белгилүү медицина илимпоздору окушат; атап айтканда, профессор Месут Демир (Түркия), медицина илимдеринин доктору, проф. Гиляревский С.Р. (Россия Федерациясы, Москва), м.и.д., проф. Агеев Ф.Т. (Россия Федерациясы, Москва), м.и.д., проф. Сусеков Андрей Владимирович (Россия Федерациясы, Москва шаары), медицина илимдеринин доктору, профессор Петросян К.В., (Россия Федерациясы, Москва шаары), медицина илимдеринин доктору, проф. Бекбосынова М.С., (Казакстан, Астана), м.и.д., проф. Абсеитова С.Р. (Казакстан, Астана), ф.и.к. Алимбаев С.А., ошондой эле Кыргызстандын алдыңкы профессорлору (Мураталиев Т.М., Сарыбаев А.Ш., Миррахимов Э.М., Сооронбаев Т.М., Джишамбаев Э.Д., Бейшенкулов М.Т., Норузбаева А.М., Бримкулов Н.Н., Султаналиева Р. Баитова Г.М., Мамасаидов А.Т., Саатова Г.М.).
Уюштуруучулар юбилейлик конференцияны өткөрүү саламаттыкты сактоонун маанилүү илимий-практикалык көйгөйлөрүн ийгиликтүү чечерин, форумдун катышуучулары ала турган жаңы маалыматтар Кыргызстандын медицинасынын мындан аркы өнүгүшүн камсыздай турганын белгилешти.
30.03.2022
Көчмө мульти-диагностикалык комплекс Ысык-Көл облусунун Түп жана ага жакын жайгашкан райондордун тургундарын бекер медициналык кароодон өткөрө баштады
Бүгүн, 2022-жылдын 30-мартта көчмө мульти-диагностикалык комплекс Ысык-Көл облусунун Түп жана ага жакын жайгашкан райондордун тургундарын бекер медициналык кароодон өткөрө баштады.
Ысык-Көл облусунун тургундары компьютердик томография жана маммография боюнча текшерүүдөн өтүп, рентген диагностика, гастроскопиядан өтө алышат, ошондой эле зарыл болгон учурда лабораториялык диагностикадан да өтө алышат. Мобилдик клиникалардын курамында калкты ташыган кичи автобустар, анын ичинде С классындагы тез жардам унаасы да бар.
Эскерте кетсек, долбоор 5 жылга эсептелген жана бул убакыт аралыгында Ислам ӨнүктүрүүБанкы мобилдик клиниканы тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар жана күйүүчү майлар менен, ал эми дарыгерлерди айлык акы менен камсыздайт.
29.03.2022
Профилактикалык эмдөөлөр сизди жана балдарыңызды коркунучтуу жугуштуу оорулардан коргоонун бирден-бир жолу
28-марттан тарта жарандарга полиомиелитке каршы инактивдүү вакцинаны (ИПВ) алуунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берүү кампаниясы башталды. Жума ичинде Республикалык иммунопрофилактика борборунун адистери социалдык кызматкерлер менен биргеликте Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда полиомиелит жана бул ооруга каршы колдонулуп жаткан вакциналар боюнча суроо-жооп, ата-энелер/камкорчулар менен оюндар сыяктуу маалыматтык баарлашууларды өткөрүшөт.
Үстүбүздөгү жылдын башында толуктоочу иммундаштыруунун алкагында 2016-2017-2018-жылдары төрөлгөн 251 188 (93%) бала инактивдештирилген полиомиелит вакцинасы ИПВ) менен эмдөөдөн өткөн. Иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 4-5 жаштагы 19 миңден ашуун бала полиомиелитке каршы инактивдештирилген вакцина менен эмделбей, өмүр бою кесепетин тийгизүүчү полиомиелит сыяктуу олуттуу ооруга чалдыгуу коркунучунда турат.
Бул кампаниянын максаты – эмдөө албай калган балдар тобун 95% эмдөө менен камтуу. “Толуктоочу” иммундаштыруу пландуу эмдөө менен катар жүргүзүлөт. Эмдөө акысыз жүргүзүлөт жана вакцина бардык ҮМБ/ҮДТ/ФАПтарда жеткиликтүү.
Профилактикалык эмдөөлөр сизди жана балдарыңызды коркунучтуу жугуштуу оорулардан коргоонун бирден-бир жолу.
Маалымат үчүн:
Полиомиелит - коркунучтуу жана өлүмгө алып келүүчү жугуштуу оору. Бул өмүр бою кесепеттерин тийгизүүчү олуттуу оору болуп эсептелет. Эч кандай дарысы жок жана полиомиелитке каршы вакцина балдарды коргоонун жападан жалгыз коопсуз жана эффективдүү жолу.
1993-жылдан бери Кыргыз Республикасында жаратылышта кездешкен жана вакцинадан алынган полиовирустар катталган эмес. 2002-жылдан бери өлкөбүз “Полиомиелиттен эркин өлкө” сертификатына ээ.
Бирок, жапайы полиомиелит вирусунун (ЖПВ) жугушу уланып жаткан эндемикалык өлкөлөр : Пакистан, Афганистан жана циркулациядагы вакцинадан алынган полиомиелит вирусу (цВРПВ) катталып жаткан бир катар өлкөлөр бар. Ошондуктан ЖПВ да, цВРПВ да чек аралык каттам аркылуу жайылып кетүү коркунучу бар.
29.03.2022
Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу ооруканада оңдоо иштери башталды
2022-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарындагы №2 клиникалык көп тармактуу ооруканада оңдоо иштерин баштады. “Исманкуловдун көз микрохирургиясы” жеке клиникасы жайгашкан Бишкектеги №2 оорукананын экинчи корпусунун фасады оңдолот. Оңдоо иштери 10-15 күндүн ичинде бүтөрү күтүлүүдө. Куруучулар иш баштоо учун курулуш шатыларын орнотушту. Эскерте кетсек, "Исманкулов көз микрохирургиясы" жеке клиникасына Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынан ижара келишимин бузуу боюнча билдирүү келип түшкөн, бирок бүгүнкү күнгө чейин ижарачы мамлекеттик органдардын талаптарын аткара элек. Бул имарат неврологиялык, терапиялык жана кардиологиялык бейтаптарды кабыл алуу үчүн керебеттердин санын көбөйтүү үчүн зарыл, анткени Бишкек шаарынын калкы үчүн учурдагы керебет фонду жетишсиз болгондуктан, бейтаптар профили боюнча ооруканага жаткыруу үчүн көпкө күтүүгө аргасыз болушат.
29.03.2022
КР Саламаттыкты сактоо министри Түп районунда жайгашкан мобилдик комплексти ачууга даярдык иштери менен таанышты
2022-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында мобилдик мультидиагностикалык комплексти ишке киргизүү боюнча даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу Кыргызстанга берилген көчмө медициналык комплекс Түп районунда жайгаштырылган. Министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, комплексти ишке киргизүү боюнча суу, жабдыктарды туташтыруу үчүн электр жарыгы ж.б.у.с. айрым уюштуруу маселелерин талкуулады. Бейтаптарды акысыз медициналык кароодон өткөрүү апрель айында башталат.
Эскерте кетсек, долбоор 5 жылга эсептелген жана ушул убакыт аралыгында ИӨБ мобилдик клиниканы тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар жана күйүүчү майлар менен, ал эми дарыгерлерди айлык акы менен камсыздайт. Мобилдик клиникада дарыгерлер үчүн кабинеттер, анализ жүргүзүү лабораториясы, КТ жана маммограф, операциялык бөлмө, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борборунан турат. Мобилдик клиникалардын курамында калкты ташыган кичи автобустар, анын ичинде С классындагы тез жардам унаасы да бар.
28.03.2022
Медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды
2022-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери медицина кызматкерлери үчүн көп батирлүү үйдүн курулушун баштоо аземине катышты.
Үй Совет (Байтик Баатыр) жана Донецк (Сүйөркулова) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, объектти пайдаланууга берүү болжолдуу түрдө 2023-жылдын апрель-май айларына пландаштырылган. Буга чейин салынган 8 кабаттуу имараттын каркасын 12-кабатка чейин көтөрүү пландалууда.
Министр курулуш иштери башталганын жана курулуш иштери аяктаганга чейин медицина кызматкерлерине турак-жай алуу тартибин министрлик аныктай турганын белгиледи. «Биз тарыхый учурдун күбөлөрүбүз, бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлер үчүн үйлөр курула элек болчу. Биринчи этапта бир үйдүн курулушун бүтүрүү пландалууда. Каржы булактары аныкталган соң, кийинки этапта дагы бир үй куруу пландалууда», - деди Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
26.03.2022
Алымкадыр Бейшеналиев: "Реформалар уланат"
Эсиңиздерде болсо, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, анын орун басарлары жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин макулдугу менен Президент тарабынан дайындалат. Ошондуктан, буйрук тууралуу сөз кылып жатып, мени жазалоо боюнча чечимди мыйзам чегинде Президент чыгарат деген элем.
Менин сөздөрүмдүн көп учурда туура эмес кабыл алынышы жаңылык эмес. Бирок бул жерден мен сабак алам – өз оюмду туурараак айтканды үйрөнөм.
Мунун баары А.Исманкуловдун клиникасын чыгарууга каршы чыккан медиялык көтөрүлүш деп түшүнөм. Бүгүн да муниципалитеттин өкүлдөрү кайрадан имаратты бошотууга аракет кылып, имаратты бошотууга үч күндүк мөөнөт беришти.
Билесизби, массалык маалымат каражаттарында менин билдирүүлөрүмө байланыштуу ызы-чуулардын баары А.Исманкуловдун өзүнүн ишмердүүлүгүнө байланышкан негизги маселелерден, тактап айтканда, мамлекеттик кредитти жеке максаттарына пайдалангандыгы, бул кредиттин айынан чыккан эл аралык жаңжал, ал тургай бул кредиттин төлөмү бизге, салык төлөөчүлөрдүн мойнунда сыяктуу негизги маселелерден башка жакка бурууга багытталган.
Эмне үчүн жеке клиника мамлекеттик имаратты көп убакыттан бери ээлеп турганына эч ким нааразы эмес, алтургай пандемия маалында орундар катастрофалык түрдө тартыш болуп турганда А.Исманкулов бейтаптарды жайгаштырууга бул имараттысунуштаган да эмес. Эми болсо, А.Исманкулов кечирим сурап, жайды бошоткондун ордуна мамлекеттик ооруканада калуунун ар кандай жолдорун издеп жатат. Бул абалдын баары моралдык көз караштан алганда кандай көрүнөт?
Ооба, алар мени эмоция менен айтылган кептерим үчүн активдүү жамандай башташат. Бирок түшүнгүлө, мен Президентти шайлап, ага өлкөнүн тагдырын ишенип тапшырган элдин ден соолугуна кам көрүүгө аракет кылып жатам. Ал эми президент мага саламаттыкты сактоо тармагын реформалоону жана саламаттыкты сактоо тармагын калыбына келтирүүнү тапшырган.
Кантсе да жакшы жыйынтыктар бар: кыргыз-түрк достугунун ооруканасы иштей баштады, кечээ Президент 2011-жылдан бери токтоп турган оңдоп-түзөөдөн өткөн травматология бөлүмү менен таанышып чыкты, Бишкектин №1 төрөт үйүнө имаратты кайтарып бердим, “Алтын балалык” калыбына келтирүү борборун куруп бүткөрүүдөбүз, медициналык кадрларды сапаттуу даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошол эле А.Исманкуловго башка медициналык борборлордой эле техникалык насыянын маселесин чечип, клиникага жеке имаратты ижарага алып, ишин улантууга эмне тоскоол болууда?
Жүргүзүлүп жаткан реформаларды медицинабыздын бардык корифейлери – М.Мамытов, М.Мамакеев жана башкалар колдоп жатышат.
Ошондуктан мен дагы бир жолу айтам – мен реформаларды жүргүзүп, саламаттыкты сактообузду калыбына келтирип, эл үчүн жасайм. Анан мени эл шайлаган Президент гана кызматтан ала алат.
25.03.2022
Кыргыз Республикасында кирүү пункттардын медициналык жана медициналык эмес кызматкерлери үчүн CDC методологиясынын негизинде үчүнчү каскаддык окутуу өткөрүлүүдө
Оорулардыкөзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) каржылык колдоосу менен Миграция боюнча эл аралык уюму (МЭАУ) тарабынан ишке ашырылып жаткан “КОВИД-19 эпидемиясына жана башка жугуштуу ооруларга жооп катары Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чек араларында саламаттыкты сактоону жана чек ара башкаруусун жакшыртуу” аймактык долбоорунун алкагында 22-мартта Кыргыз Республикасында кирүү пункттарынын медициналык жана медициналык эмес кызматкерлери үчүн үчүнчү каскаддык окутуу башталды.
Булкаскаддык окутуу КОВИД-19 жана башка жугуштуу ооруларга жооп катары, ошондой эле тобокелдиктер жөнүндө маалымдоо боюнча чек арадагы медициналык жардамды жакшыртуу жаатында медициналык жана медициналык эмес кызматкерлеринин билимин жогорулатууга багытталган долбоордун иш-чараларынын уландысы болуп саналат. Бул каскаддык тренингдердин жүрүшүндө, кирүү пункттарынын коопсуз иштешин камсыз кылуу үчүн алдыңкы катардагы кесипкөйлөр катары кирүү пункттарынын кызматкерлери үчүн жумуш ордунда коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Каскаддыкокутууларды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институтунун жана И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын өкүлдөрү өткөрүшөт. 2021-жылдын октябрь айында 19 адамдан турган бул мекемелердин өкүлдөрү CDCнин "Магистрдик окуу программасы" модулу боюнча 3 күндүк окуудан өтүштү. Биринчи каскаддык окутуу 2021-жылдын декабрь айында өлкөнүн түштүк аймактарындагы өткөрүү пункттарында иштеген медициналык жана медициналык эмес кызматкерлер үчүн өткөрүлгөн. 2022-жылдын февраль айында МЭАУ тарабынан өлкөнүн түндүк аймактарындагы кирүү пункттарында иштеген медициналык жана медициналык эмес кызматкерлер үчүн экинчи каскаддык окутуу өткөрүлдү. Үчүнчү жана акыркы каскаддык окутуу 2022-жылдын март айында өткөрүлөт. Үчүнчү окутуунун катышуучуларын облустук жана райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору, фитосанитардык жана ветеринардык кызматтар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Чүй жана Талас областтарынын чек ара жана бажы органдары сунуштайт. Бул каскаддык окутуунун жүрүшүндө 20 саламаттыкты сактоо адистери CDCнин " Магистрдик окуу программасында" жана 20 медициналык эмес адистер CDCнин "Таануу, изоляциялоо, кабарлоо, колдоо көрсөтүү" (RING) программасында окушат.
25.03.2022
Кыргызстанда 30 жылда балдардын өлүмү 73 пайызга төмөндөдү
Кыргызстанда балдар өлүмүнүн деңгээли туруктуу негизде төмөндөп жатат. 2030-жылга карата «Ар бир ымыркай» Аракеттер планынын алкагында Кыргызстандагы неонаталдык өлүмдүн индикатору тирүү төрөлгөн 1000 ымыркайга 12 учурдан ашпашы керек.
Бириккен Улуттар Уюмунун Ведомстволор аралык тобунун маалыматы балдар арасындагы өлүмдү төмөдөтүүдө байкалаарлык жылыштар бар экенин ырастайт. 2020-жылга карата баалоо маалыматында, Кыргызстанда балдар өлүмүнүн төмөндөшү 1990-жылдагы деңгээлге карата 73%ды түздү. Улуттук статистикалык комитети жарыялагандай, акыркы он беш жылда Кыргызстан жалпысынан алганда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында өлүмдү кыскарта алды (2004-жылдагы 19,0дөн 2020-жылы 12,7ге чейин). Аны менен бирге бала төрөлгөндөн бир жума ичиндеги өлүм 40%га, ал эми өлүк төрөлүү 32,6%га төмөндөдү.
Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык техника борборунда өткөн «Эне менен баланын саламаттыгын коргоо системасын бекемдөө» төрт жылдык долбоорунун жыйынтыгын чыгарган тегерек столдо айтылды. Иш чарага КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги, ЮНИСЕФтин, саламаттыкты сактоо жана билим берүү уюмдарынын, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, профессионалдык медициналык жамааттардын, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты. Долбоордун бюджети 3,5 млн АКШ долларын түздү жана Жапон Өкмөтү тарабынан каржыланды.
Энелик менен баланы коргоо системасын бекемдөө үчүн 5 негизги интервенция киргизилди:
- Медкызматкерлердин 0-5 жаштагы балдарга сапаттуу кызматтарды көрсөтүү потенциалын күчөтүү, анын ичинде эрте аныктоо жана кийлигишүү;
- Ымыркайлардын өмүрүн сактап калуу үчүн медициналык жабдууларды берүү;
- Саламаттыкты сактоо уюмдарын оңдоо жана шарттарын жакшыртуу;
- Алыскы аймактардагы медициналык кызматкерлер менен облустук же улуттук саламаттыкты сактоо уюмдарынын дарыгерлеринин профессионалдык байланышын камсыздоо үчүн баштапкы деңгээлде телемедицинаны киргизүү жана сыноо;
- Постнаталдык аралыкта балдарды үйдө кароонун жаңы ыкмаларын киргизүү.
Ошондой эле иштелип чыккан протоколдорду, эл аралык сунуштарды, башка өлкөлөрдүн натыйжалуу практикаларын эске алуу менен, «Кенже курактагы балдардын өнүгүшүнө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык колдонмону» киргизүү, «Ымыркайлардын өнүгүү таржымалын» (№097/у формасын) толугу менен кайра карап чыгуу башталды.
Жылышка карабай, республикада жыл сайын 2000дей ымыркай төрөлгөндөн бир айга жетпей чарчап калат, 1400дөн ашык ымыркай өлүк төрөлөт (дүйнөлүк деңгээлде неонаталдык өлүмдүн 2,4 млн учуру, өлүк төрөлүүнүн 2,0 млн учуру катталат).
«Эне менен баланын саламаттыгын коргоо системасын бекемдөө» долбоору КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин ортосундагы иш чаралардын планынын алкагында жүзөгө ашырылды. Долбоор Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын 23 пилоттук саламаттыкты сактоо уюмунда жана сыноолордун туруктулугун камсыздаган стратегияларды, нормативдик документтерди иштеп чыгуу аркылуу улуттук деңгээлде ишке ашырылды.
24.03.2022
Саламаттыкты сактоо министрлиги Чүй облусунун жана Ош шаарындагы баштапкы деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын Сапат Комитеттеринин мүчөлөрү үчүн тренинг өткөрөт
23-марттан 31-мартка чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Чүй облусу жана Ош шаарындагы баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарынын Сапат Комитеттеринин мүчөлөрү үчүн окуулар өткөрүлүүдө. Тренингдер Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы менен Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коому) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү» кыргыз-герман долбоорунун колдоосу астында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан өткөрүлүп жатат. Бул иш-чаралардын негизги максаты – билим берүү мекемелеринен, саламаттыкты сактоо уюмдарынан тартып өкмөткө чейин тартылган жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги барды субъекттер сапатты жогорулатуу иш-чараларын үйрөнүү жана өркүндөтүү мүмкүнчүлүгү катары кабыл алуусун камсыздоо.
Министрликтин сапатты башкаруу бөлүмүнүн башчысы Бурул Арзыкулова өз сөзүндө өлкөдө сапат маселеси көптөн бери көтөрүлүп келе жатканын белгиледи. «КР ССМдин 2015-жылдагы саламаттык сактоодогу сапат системасын жакшыртуу жөнүндөгү №454 буйругу бар, бирок ишке ашырууда колдонулган ыкмалар ар башка болгон. Учурда биз бул ыкмаларды бир системага интеграциялоо менен алек болуп жатабыз», - деди ал.
Бул тренинг кыргыз-герман долбоорунун пилоттук аймактарында Чүй облусунда жана Ош шаарында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат. 2021-жылдын ноябрь айында Саламаттыкты сактоо уюмдарында долбоордун эксперттеринин колдоосу менен Сапат боюнча комитеттер кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалашты жана анын жыйынтыгы боюнча аларды жакшыртуу үчүн 2022-жылга пландарды иштеп чыгышты.
Эл аралык эксперт жана сапат тренери Тамар Гоцадзе кандай гана план болбосун жандуу документ экенин, убакыттын өтүшү менен тышкы жана ички жагдайлар өзгөрүп тургандыктан, аны кайра карап чыгуу керектигин белгиледи. Тренингдин катышуучулары пландалган иш-чараларды кайрадан талдап чыгышып, алар күтүлгөн жыйынтыктарга алып келер-келбесин талкуулашты.
24.03.2022
ЖМК өкүлдөрү кургак учук боюнча кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышты
24-мартта – Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата КРда кургак учуктун алдын-алуу, аныктоо жана дарылоонун актуалдуу маселелери боюнча пресс-кафе болуп өттү.
Кыргызстанда март айы бою кургак учук менен күрөшүү боюнча бир айлыктын алкагында бул иш-чара USAID «Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун техникалык колдоосунда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан өткөрүлүүдө.
30га жакын электрондук, басма сөз жана интернет ЖМКнын журналисттери бир жерде кургак учук боюнча эксперттер жана адистер менен жолугушуп, бул оору тууралуу толук маалымат алууга эң сонун мүмкүнчүлүк алышты. Анын ичинде кургак учук менен ооруган бейтаптарга карата стигма жана басмырлоо көйгөйлөрү, КРда кургак учукту азайтуу боюнча мамлекеттин жетишкендиктери жөнүндө маалыматка ээ болушту. Журналисттер өздөрүнүн төмөндөгүдөй суроолоруна жооп алышты:
- баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде кургак учукту аныктоо;
- КРда кургак учукту дарылоону уюштуруу;
- балдар кургак учугунун көйгөйлөрү;
- кургак учук бейтаптар менен байланышта болгон адамдарды аныктоо процессин уюштуруу;
- кургак учукка чалдыккан бейтаптарга карата кодулоо жана басмырлоону төмөндөтүү жана кургак учукка болгон коомдун мамилесин өзгөртүү үчүн жагымдуу маалымат чөйрөсүн түзүү;
- дарылануусун аяктоого шыктандыруу үчүн кургак учукка чалдыккан бейтаптарга колдоо көрсөтүү;
- COVID-19 пандемиясынын КРда кургак учук кырдаалына тийгизген терс таасири.
«Калкка маанилүү социалдык көйгөйлөр жөнүндө маалымдоодо жана коомдук пикирди калыптандырууда ЖМКнын ролу чечүүчү мааниге ээ”, - деди USAID «Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун стратегиялык маалымат боюнча директору Саманта Хоффман. – Акыркы жылдарда ден соолукка жана кургак учукка байланыштуу темаларды чагылдыруу жакшырганына карабастан, кургак учукка чалдыккан бейтаптар жана алардын үй-бүлөлөрү баштан арбын өткөргөн кодулоо жана басмырлоого каршы туруу боюнча калкты маалымдандыруу жаатында дагы деле көп иштер алдыда. Кургак учукка чалдыккан бейтаптар дарылоонун узак жана татаал курсунан өтүүгө аргасыз жана дарылануусун ийгиликтүү аяктоосу үчүн медициналык кызматкерлер, өзүнүн үй-бүлөсү жана коомчулук тарабынан мүмкүн болушунча колдоого муктаж. ЖМК кургак учук жөнүндө так, анык жана кодулоосу жок маалыматты берүү менен коомдун кургак учукка мамилесин өзгөртүп, ооруга чалдыккан бейтаптарды колдой алышат”.
Эксперттердин тобун: КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Улуттук кургак учукка каршы программасынын, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун, Оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун, кургак учук чөйрөсүндө иштеген өкмөттүк эмес уюмдар: Улуттук Кызыл жарым ай коомунун, Айылдык ден соолук комитеттеринин ассоциациясынын, “ТБ-Пипл” өкүлдөрү түзүштү. Ошондой эле пресс-кафеге кургак учукка чалдыккан башка бейтаптарга колдоо көрсөтүп жатышкан мурда өздөрү ооруп айыккан бейтаптар катышты.
Жыл сайын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) ар бир жыл үчүн кургак учук менен күрөшүү боюнча жаңы, актуалдуу ураанды алып чыгышат. ДСУнун бул жылдагы урааны – “ Кургак учук менен күрөшүүгө ресурстарды мобилизациялайбыз. Өмүрлөрдү сактап калалы!”
Сандар жана фактылар:
ДСУнун маалыматы боюнча COVID-19 кургак учук менен көп жылдан берки күрөштөгү жетишкен өсүштү артка кайтарды. 2020-жылы дүйнөдө кургак учук менен ооруган 10 млн. кишиден 5,8 млн. гана аныкталган, башкача айтканда, 2012-жылдын деңгээлине алганда 18% төмөндөө болуп жатат. Азыркы учурда 4,1 млн. оорулуу өзүнүн кургак учукка чалдыкканын билишпейт. Дарылангандардын саны 15%га кыскарды жана биринчи жолу көп жылдан бери (2005-жылдан тарта) кургак учуктан каза болгондор көбөйдү. 2020-жылы, 214 миң ВИЧ оорулууну кошо алганда, оорудан 1,5 млн. киши көз жумган.
Улуттук фтизиатрия борборунун оперативдүү маалыматы боюнча 2021-жылда Кыргыз Республикасында ( КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК тутумун кошо алганда) 2020-жылы COVID-19 пандемиясы учурунда кескин төмөндөөдөн кийин кургак учукка чалдыккандарды жаңы аныктоо көрсөткүчү бир аз жогорулаганы байкалууда. Ошентип, кургак учук менен жаңы аныкталган 3877 бейтап (100 миң калкка 58,9), ал эми 2020-жылдын ушул эле мезгилинде кургак учуктун 3518 жаңы учуру (100 миң калкка 53,5) жана 2019-жылы 5096 учур (100 миң калкка 78,9) катталган.
Оорунун эң жогорку деңгээли мурдагыдай эле Чүй облусунда сакталууда – 100 миң калкка 88,2 (2020-жылдын ушул эле мезгилинде – 82,2), оорунун эң төмөнкү деңгээли Ысык-Көлдө – 100 миң калкка 37,5 (2020-жылдын ушул эле мезгилинде – 28,5).
Республика боюнча балдар арасында оорунун көрсөткүчү 2021-жылы жогорулап, калктын 100 миңине 10,7ни түздү, 2020-жылы 8,1, ал эми 2019-жылы 14,2 болчу.
Кыргыз Республикасы боюнча өлүмдүн көрсөткүчү төмөндөп, 2021-жылы 100 миң калкка 3,4тү (226 учур) түздү, ал эми 2020-жылы 100 миң калкка – 3,9 (259 учур) жана 2019-жылы бул көрсөткүч ошол эле деңгээлде сакталып, 100 миң калкка – 3,9ду (253 учур) түзгөн.
Республика боюнча өспүрүмдөр арасында кургак учук менен оорунун деңгээли 2021-жылы бир аз жогорулап, 100 миң калкка 38,1ди түздү, ал эми 2020-жылы 100 миң калкка – 36,8 жана 2019-жылы 100 миң калкка – 56,3.
Мурдагы жылдардай эле Чүй облусунда өспүрүмдөр арасында кургак учукка чалдыгуу жогору – 100 миң калкка 71,7 (2020-жылы – 55,0) жана Бишкек шаарында 100 миң калкка 56,7 (2020-жылы – 100 миң калкка 61,9).
24.03.2022
Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борбору аудиторлордун каржылык мыйзам бузуулар боюнча сунуштарын аткарган эмес
2020-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ички аудит бөлүмү тарабынан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборуна жасалган аудиттин жүрүшүндө каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобонун талаптарын бузуу менен жасалган кошумча эмгек акыларды чегерүү сыяктуу. Уюмдун ангиография бөлүмүндө каттоодон өтпөгөн дары-дармектер бейтаптарды дарылоодо колдонулуп, бейтаптын ден соолугуна терс таасирин тийгизүү коркунучу жогору болгон.
Ошондой эле мекеме тарабынан жалпы суммасы 171,0 миң сомдук жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен 11 комплект коронардык артерия стенттери аныкталган. Ангиография бөлүмүндөB.BRAUN дары каражаты менен капталган стенттеринин 6 топтому (болжол менен 10 800$) жанаMicroPort темир капталган стенттеринин 8 топтому (болжол менен $8 000) ашыкча аныкталды. Ашыкча стенттердин болушу уюмдун кызматкерлери менен медициналык буюмдарды жеткирүүчүлөрдүн ортосунда сүйлөшүп алуулар бар экенин билдирет. Мөөнөтү өткөн реагенттерди колдонуу учурлары б.а. оорулууга туура эмес диагноз коюу коркунучу бар болуп, бул кийин бейтаптарды натыйжасыз дарылоого алып келиши мүмкүн болгон. Мындан тышкары операциялык бөлүмдөн мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер табылган.
2022-жылдын февраль айында Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда кайра текшерүү жүргүзүлүп, мурункудай эле мыйзам бузуулар болгондугу, мурдагы текшерүүнүн сунуштары аткарылбай, көзөмөл күчөтүлбөгөндүгү аныкталган.
Рентгендик эндоваскулярдык диагностика жана жүрөк жана кан тамыр ооруларын дарылоо бөлүмүндө дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын калдыктарын тазалоонун натыйжасында мөөнөтү өтүп кеткен 862,1 миң сомдук гепарин натрийи 5000 ме/мл (жарактуулук мөөнөтү 01.2022-ж. чейин) аныкталган. Ал эми өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, бул бөлүмдө 2022-жылы бейтаптарды дарылоодо 560 флакон жогоруда аталган дары колдонулган.
Финансылык отчеттуулуктун аудитинин жыйынтыгы боюнча 1887,5 миң сом суммасында жашырылган дебитордук карыздар аныкталган. Финансылык отчеттуулуктун аудитинин жүрүшүндө 2021-жылы жалпы суммасы 11,5 млн сомду түзгөн негизги каражаттар КР Саламаттык сактоо министрлигинин уруксатысыз мекеменин балансынан чыгарылганы аныкталган.
Уюмда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын бузуу менен жүргүзүлөт, б.а. медициналык багыттагы буюмдарды жеткирүү боюнча уюмдар лицензиясы жок жеке ишкерлер менен келишим түзүшөт.
Уюмда чарбалык товарларды сатып алууда сатып алынган товарлардын саны түзүмдүк бөлүмдөрдүн реалдуу керектөөлөрүн эсепке албастан аныкталат, бул кийин 1,2 миллион сомдук каражаттардын натыйжасыз пайдаланылышына алып келген, б.а. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы №694 токтомун бузуу болгон. 2022-жылдын башына карата чарбалык товарлардын нормадан ашыкча запасы бар.
Уюмда бейтаптарды тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн каралган олуттуу суммадагы каражаттарды негизсиз эсептен чыгарып салуу коркунучу жогору, бул жагдай жетекчилик тарабынан мамлекеттик бюджеттик каражаттардын пайдаланылышына көзөмөлдүн жоктугунан кабар берет.
Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн бардыгы жалпы суммасы 14,2 млн сомду түзгөн каржылык мыйзам бузуулар, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуулар болгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ССМнин ички аудит башкармалыгы тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн жетекчиликке кызматтык кат киргизилди.
23.03.2022
Сатып алуу процедураларын жүргүзүү өтө муктаж бейтаптарга гемодиализ кызматын өз убагында көрсөтүүнүн начарлашына алып келиши мүмкүн
2016-жылдын май айынан тартып ММК фонду тарабынан менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптар үчүн программалык гемодиализ менен жеңилдетилген дарылоо кызматтары каржыланып келет. Учурда гемодиализдин бир сеансынын баасы 4700 сомду түзөт.
2019-жылы «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, ал жерде бул Мыйзам гемодиализ кызматына байланыштуу мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салбай тургандыгы белгиленгендиги мамлекетибиздин маанилүү жетишкендиги болуп эсептелет. Бул, КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 токтому менен бекитилген бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматын уюштуруу жана ишке ашыруу Тартибине ылайык, бейтаптарга гемодиализ сеанстарынын керектүү санын эркин жана өз убагында жеңилдетилген шарттарда алууга мүмкүндүк берди. Гемодиализ кызматына бирдиктүү бааны кармоо менен Мыйзамдын бул нормасын колдонуу республика боюнча гемодиализ кызматын көрсөткөн медициналык борборлордун тармагын 4төн 36га чейин кеңейтүүгө мүмкүндүк берди (анын ичинде 33ү жеке менчик жана 3ү мамлекеттик уюмдар). Натыйжада бейтаптар жашаган жерине карабастан керектүү көлөмдөгү гемодиализ кызматын алуу үчүн медициналык борборду тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 2016-жылы ооругандардын саны 180 болсо, бүгүнкү күндө 1949 адам гемодиализ кызматын алат. Бул максаттарга 2022-жылга республикалык бюджеттен 1 421,3 миллион сом бөлүнгөн.
Азыркы убакта КР Финансы министрлиги тарабынан сунушталып жаткан КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын долбоорунун редакциясында жогоруда көрсөтүлгөн нормалар жокко чыгарылууда жана өз учурунда гемодиализ кызматын каржылоону камсыз кылуу үчүн бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматын сатып алуу процедурасын жүргүзүү зарылчылыгы киргизилген. Бул кадам өтө муктаж болгон бейтаптарга гемодиализ кызматын өз убагында камсыз кылуусун кескин начарлатат жана калктын социалдык чыңалуусуна алып келет. Ушуга байланыштуу маселенин социалдык маанилүүлүгүн жана бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптарды социалдык жактан колдоону эске алуу менен аталган долбоордон гемодиализ кызматына байланыштуу сатып алууларды жөнгө салуучу маселелерди алып салуу зарыл жана учурдун талабы.
23.03.2022
Вакциналардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу үчүн Кыргызстанга 200 муздаткыч алынды
Бүгүн, 23-мартта “Балдардын кызыкчылыгы үчүн гуманитардык иш-аракеттер” (НАС) программасынын алкагында Кыргызстан ЮНИСЕФтен 150 фризерди жана 50 айкалыш муздаткычты алды. Жаңы жабдуулар вакциналардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу үчүн өлкө боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарында орнотулат.
Вакциналарды сактоо үчүн муздатуучу жабдууларды тапшыруу аземине КР саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова, ЮНИСЕФтин билим берүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнүн башчысы Томойа Сонода жана Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова катышты.
Өзсөзүндө Айнура Акматова COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө жана элдин денсоолугун чыңдоодо көрсөткөн жардамы үчүн ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө ыраазычылыгын билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдан бери коронавирус илдетине каршы эмдөөнү камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Кыргызстан бардык өлкөлүк милдеттенмелерин расмий түрдө аткарып, COVAX механизмине кирген. Ошондой эле, жапырт эмдөө иштерин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасында эмдөө мезгилинде 800дөн ашык убактылуу эмдөө пункттары түзүлгөн. Республикага COVID-19га каршы сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз вакциналарды алып келүү үчүн өтө көп аракеттер көрүлүп, бүгүнкү күндө Республикалык эмдөө борборунун жамааты өз милдеттерин так аткарууда. Вакциналарды сактоо жана ташуу учурунда туура температуралык режимди сактоо жапырт эмдөө жүргүзүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул муздаткычтар температуранын плюс жана минус режимдерин кармап туруу үчүн бириктирилген. Биз коронавирус илдети менен күрөшүүгө салым кошуп жаткан бардык өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз”, – деди КР саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова.
ЮНИСЕФ COVID-19га каршы күрөштө Өкмөткө колдоо көрсөтүп келүүдө. Бул үчүн ЮНИСЕФ COVAX демилгесинин алкагында COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздоо, вакциналарды сактоо үчүн муздатуучу чынжыр жабдууларын сатып алуу, илдетке каршы күрөштө алдыңкы катарда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерди өтө зарыл буюмдар менен камсыз кылуу, ошондой эле жарык дүйнөгө келген ар бир бала аман калып, ден соолугу чың болушу үчүн жалпы социалдык-экономикалык чараларды колдоо багытында иштерди жасоодо.
“Жаңы жабдуулар Саламаттыкты сактоо министрлигинин вакциналарды туура сактоо жана кыргызстандын калкы үчүн сапаттуу эмдөө кызматын камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Вакциналар менен өз убагында жана коопсуз камсыздоо максатында ЮНИСЕФ мындан ары да Кыргызстандын өкмөтүнө бардык зарыл болгон колдоону көрсөтө бермекчи”, - деди Томойа Сонода, ЮНИСЕФтин билим берүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнүн башчысы.
Ушул жылдын башында өлкөгө 46 фризер жана 35 айкалыш муздаткыч келген. Бул жабдуулар Вакциналар жана эмдөө боюнча глобалдык альянстын (GAVI) “Муздатуучу чынжыр жабдууларын оптималдаштыруу платформасы” долбоорунун алкагында алынды. Учурда вакциналарды сактоочу жабдуулар аларды бөлүштүрүү планына ылайык өлкөнүн бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарына жеткирилди.
23.03.2022
Кыргыз-түрк достук ооруканасы жарандарыбызга чет өлкөгө чыкпастан, дүйнөлүк стандарттагы медициналык жардамды арзан баада алууга шарт түзөт
Кыргыз-түрк достугу ооруканасында ачык жүрөккө 34 операция жасалып, 273 бейтапка коронардык ангиография, 287 бейтапка стент коюлган.
Оорукана жетекчилиги белгилегендей, азыр негизги көңүл жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарды дарылоого бурулуп, операциялардын баасы жеке борборлорго караганда алда канча арзан. «Стент коюунун баасы бейтапка канча стент коюлаарына жараша 50 миң сомдон 75 миң сомго чейин болот. Ошондой эле ооруканада биздин жарандар үчүн компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген аппараттары, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык аппараттар бар. Мисалы, 8-марттын урматына 150гө жакын аял акысыз маммографиядан текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү, ошондой эле адистерден кеп-кеңеш алып, эмчек рагынын коркунучтуу белгилери менен таанышты», - дейт Кыргыз-түрк ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Осмон Масалиев.
2021-жылдын сентябрынан тарта Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугунун ооруканасы Кыргызстандын жарандарына жогорку технологиялык медициналык кызматтарды көрсөтө баштады. Мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасы жарандарыбызга чет өлкөгө чыкпастан, өлкөбүздө дүйнөлүк стандарттагы медициналык жардамды арзан баада алууга шарт түзөт.
Келишимге ылайык, оорукананы Кыргызстан менен Түркия биргелешип 3 жыл башкарат. Ооруканада адистештирилген дарылоо процесси башка ооруканалардагыдай эле мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жүргүзүлөт.
23.03.2022
Коомдук кайрымдуулук фонду Ош облустар аралык балдар ооруканасына эмеректерди жана дары-дармектерди тапшырды
“Help the Children – SKD” коомдук кайрымдуулук фонду Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын онкология бөлүмүнө медициналык эмеректерди, төшөнчүлөрдү, тамак-аш, тазалоо жана жуучу каражаттарды тапшырды.
18 функционалдык керебет, 18 жуулчу матрац, 18 тумбочка, 15 жылма стол, 1кушетка, 18 отургуч, 5 отургуч (лавка), 2 шкаф берилди.
Фонд Ош ооруканасын ачылгандан бери - 7 жылдан бери колдоп келет. Ош шаарына күзгү иш сапарынын алкагында Фонддун президенти Елена Конева менен оорукананын жетекчилиги балдардын онкогематологиясын медициналык эмеректер менен жабдууну колдоо боюнча мындан аркы кызматташууну талкуулашкан.
Оорукана жетекчилигинин өтүнүчү боюнча 182 миң сомдон ашык суммадагы жүк жеткирилген. Жогоруда айтылгандардан тышкары жакынкы аралыкта кымбат баалуу дары-дармектер берилет. Көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 200 миң сомдон ашык.
22.03.2022
Көчмө мульти-диагностикалык комплекс Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү
Бүгүн, 2022-жылдын 22-мартында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кемин районуна барып, өткөн жылдын ноябрь айынан бери Чүй облусунун Кемин жана ага жакын райондордун тургундарын бекер медициналык кароодон өткөрүп келген мобилдик мульти-диагностикалык комплекстин ишинин жыйынтыгы менен таанышты.
Мульти-диагностикалык көчмө комплекс Чүй облусунда ишин аяктап, бүгүн Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү. Жакынкы арада Ысык-Көл облусунун Түп районунда көчмө мульти-диагностикалык комплекс өз ишин баштайт.
Комплекстин ишине жооптуу адистердин айтымында, 20 миңден ашуун жаран ар кандай профилдеги медициналык адистерден кеңеш ала алышкан.
Мындан сырткары 1599 адам гинекологго, 2136 адам окулистке, 1393 адам отоларингологго, 1990 адам невропатологго, 1859 адам кардиологго, 1998 адам УЗИден, 623 адам стоматологго, 2000 адам урологго, 344 адам гастроэнтерологго, 1526 бейтапхирургга кайрылып, тиешелүү медициналык жардам алган. 2080 тургунга лабораториялык кызматтар көрсөтүлдү.
435 аял маммография, 909 адам компьютердик томография, 226 адам гастроскопия, 29 адам цитоскопия жана 753 адам рентген изилдөөлөрүн жасаткан.
Мобилдик операциялык бөлмөдө 148 кичи операция жасалды, анын ичинен 123 офтальмологиялык жана 25 ар кандай профилдеги операциялар.
Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, министрлик тарабынан оорулардын алдын алуу максатында калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча бир топ иштер аткарылууда. Мобилдик мульти-диагностикалык комплекстин иши ведомствонун өлкө жарандарынын саламаттыгын сактоо жана оорулардын алдын алуу алкагындагы ишинин оң натыйжаларынын бири экенин баса белгиледи.
Кемин районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Айгүл Курманалиева комплекстин жетекчилигине жана эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип, райондун акиминин атынан ыраазычылык кат тапшырды.
Эскерте кетсек, долбоор 5 жылга эсептелген жана ушул убакыт аралыгында ИӨБ мобилдик клиниканы тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар жана күйүүчү майлар менен, ал эми дарыгерлерди айлык акы менен камсыздайт. Мобилдик клиникада дарыгерлер үчүн кабинеттер, анализ жүргүзүү лабораториясы, КТ жана маммограф, операциялык бөлмө, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору бар. Мобилдик клиникалардын курамында калкты ташыган кичи автобустар, анын ичинде С классындагы тез жардам унаасы да бар.