Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

29

12

2025

Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

26.12.2025

Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

25.12.2025

Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду

21.03.2022
Медицина илимдеринин доктору Мурзалиев Арстанбек Мурзалиевич дүйнөдөн кайтты

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Кыргыз илимий-медициналык неврологдор коому 2022-жылдын 21-мартында ар бир невропатолог үчүн кадырлуу педагог, көрүнүктүү илимпоз, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор, медицина илимдеринин доктору Мурзалиев Арстанбек Мурзалиевичтин мезгилсиз көз жумганынтерең кайгыруу менен билдирет.

 

АКАДЕМИК А. М. МУРЗАЛИЕВДИН ЭМГЕК ЖОЛУ

 

Мурзалиев Арстанбек Мурзалиевич 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин, 1955-жылы неврология кафедрасынын клиникалык ординатурасын, 1955-1966-жылдары Москвадагы академик Н.Н. Бурденко атындагы СССРдин Медицина илимдер академиясынын нейрохирургия илим-изилдөө институтунун аспирантурасын жана докторантурасын бүтүргөн, көрүнүктүү советтик невропатолог профессор М. Рапопорттун студенти болгон.

 

А.М. Мурзалиев 1958-жылы кандидаттык, 1966-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Андан кийин Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда эмгектенип, карьералык өсүштүн бардык этаптарын басып өттү: ассистент, доцент, профессор – неврология кафедрасынын башчысы, илим боюнча проректор (1978 – 1987), институттун ректору (1987-1996).

Бул мезгилде республиканын неврологиялык кызматы жаңыдан түзүлүп жаткан: бардык областтык борборлордо жана ири шаарларда медициналык диагностикалык жабдуулар менен жабдылган адистештирилген неврологиялык бөлүмдөр уюштурулган; нерв оорулары клиникасынын базасында нейрохирургиялык бөлүм жана медициналык генетика бөлүмдөрү; КММАнын ангионеврология сектору ачылган.

 

Академик А.М. Мурзалиевдин илимий ишмердиги тынымсыз педагогикалык иш менен айкалыштырылган.

 

Профессор А.М. Мурзалиевдин клиникалык талдоодору өзгөчө кызыгууну жараткан: ал изилдөөнүн методологиясын мыкты өздөштүргөндүктөн, оорулуудан маалымат алганды, ар бир оорунун очогун жана процесстин мүнөзүн аныктоо менен анын негизги оорусун таба билген.

 

Академик А.М. Мурзалиев педагогикалык коллективге аяр мамиле жасап, тажрыйбалуу мугалимдердин жаш кадрлар менен кызматташтыгын өнүктүрүүгө, алардын профессионалдык жактан өсүшүнө шарт түзгөн.

 

Кыргызстан мамлекеттик медицина институтунун ректоратында эмгектенген жыйырма жыл аралыгындаА. Мурзалиев кызматкерлердин илимий потенциалын медицина илиминин жана саламаттыкты сактоонун актуалдуу проблемаларын изилдөөнүн айланасына топтоштурду. Анын демилгеси менен патенттик кызмат түзүлүп, ишке киргизүү боюнча инженер жумушка алынган, бул институтта ойлоп табуулардын өнүгүшүнө салым кошкон жана аларды ишке киргизүүнү тездеткен.

 

А.М. Мурзалиев кыйын мезгилде – өткөөл мезгилде ректор (1987-1996-ж.) болгон. Арстанбек Мурзалиевич бул мезгилдеги бардык кыйынчылыктарды: өндүрүштүн деңгээлинин төмөндөшүн, экономикалык кыйынчылыкты, тартиптин кескин төмөндөшүн түшүндү, бирок ал мекеменин жана педагогикалык жамааттын мындан аркы өнүгүшү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Бул мезгилдеги жоопкерчиликтүү ишинде ал алдыдагы коллектив топтогон позитивдүү жана жакшы нерселердин бардыгын сактап калуу жана эскирген нерселерди жакшыраак жана жаңы нерсе менен алмаштырууга реалдуу мүмкүнчүлүк болгонго чейин бир нерсени бузуу, жок кылуу азгырыктарына алдырбоо, принциптерин жетекчиликке алган. Ошону менен бирге ал институттун турмушуна гумандаштыруу, демократиялаштыруу, кайрымдуулук процесстерин, рынок экономикасынын негиздерин жетекчиликке алуу менен врачтарды даярдоонун сапатын жогорулатуу учун зарыл болгон иштин жацы принциптерин, нормаларын жана формаларын киргизген.

 

А.М.Мурзалиевдин жетекчилиги жана активдүү катышуусу менен Россиянын, АКШнын, Түркиянын ж.б. жогорку медициналык окуу жайларынын тажрыйбасын изилдөөнүн негизинде КММИнын өнүгүүсүнө концептуалдык мамилелер иштелип чыккан – жаңы окуу планы киргизилген: жалпы практикалык дарыгерди окутуунун планы. Түзүлгөн реалдуулукка байланыштуу билим берүү кызматтарынын алкагында чет өлкөлүк студенттерди окутуучу факультет ачылган (Индия, Мозамбик, Пакистан ж.б.).

 

А.М. Мурзалиев Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайда даярдоо бөлүмүн, Ошто педиатрлардын доцентинин квалификациясын жогорулатуу курсун, Ошто жана Кыргыз-Орус (Славян) университеттеринин медициналык факультеттерин ачуунун демилгечиси болгон.

 

Арстанбек Мурзалиевич медицина университетинин жана республикабыздын врачтарынын ийгиликтери буткул коллективдин жакшы макулдашылган ишинин аркасында реалдуу болуп калды деп эсептеген жана бул жалпы асыл ишке ал албетте зор салым кошкон.

 

Арстанбек Мурзалиевич улуу дарыгер катары адамдардын азап-кайгысын көп көргөндүктөн, адамдарга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү эңсеген. Ал республикадагы кайрымдуулук кыймылынын башталышында турган: Республикалык кайрымдуулук фондунун төрагасы болуп туруп, кайрымдуулук акцияларына активдүү катышкан.

 

Академик А.М. Мурзалиев коомдук пайдалуу иштерге активдуу катышкан: коп жылдар бою Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин илимий-медициналык кеңешинин төрагасы, КР УАК президиумунун мүчөсү, республиканын Невропатологдор илимий медициналык коомунун төрагасы болгон.

 

Арстанбек Мурзалиевичтин илимий жана практикалык жетишкендиктери үчүн «Республиканын эмгек сиңирген дарыгери» наамы (1974), корреспондент-мүчөсү (1977), Республиканын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү (1984), «Илимге эмгек сиңирген ишмер» наамы (1991), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2011) наамдары ыйгарылган.

 

Арстанбек Мурзалиевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки чакырылышынын депутаты болуп шайланган (1985-1995), Советтер Союзунун медалдары, Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалдары, «Манас» ордендери менен сыйланган, бир нече жолу Республиканын Жогорку Советинин Президиумунун, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Билим беруу жана илим министрлигинин Ардак грамоталар менен сыйланган.

 

Неврологиянын академик А.М. Мурзалиев кызыкпаган бөлүмү болгон эмес. Ал мыкты клиницист жана билимдүү мугалим болгон. Анын 200дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 20дан ашык окуу куралдары жана монографиялары жарык көргөн. Арстанбек Мурзалиевичтин жетекчилиги менен 5 докторлук жана 20дан ашык кандидаттык диссертациялар жакталган.

 

Жогоруда айтылгандардын баарын жалпылап, академик А.М.Мурзалиев бүткүл өмүрүн кыргыз неврологиялык кызматын өнүктүрүүгө арнаганын баса белгилегибиз келет. Учурда Кыргызстандагы невропатологдордун баары анын шакирттери. Академик М.М.Мамытов баштаган анын айрым шакирттери башка тиешелүү медициналык кызматтардын негиздөөчүлөрү болуп саналат. Ошондой эле, академик А.М.Мурзалиев элдин жыргалчылыгы үчүн саясий жана мамлекеттик иштерге активдүү катышкан. Анын кыргыз элине кылган кызматы бир нече жолу мамлекеттик жогорку сыйлыктар менен бааланган. Ал Кыргызстандын медицинасынын, илиминин жана билиминин көрүнүктүү ишмери болгондугу талашсыз.

 

Кыргыз элинин чыгаан уулу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор Мурзалиев Арстанбек Мурзалиевичтин күтүүсүз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу медицина коомчулугу академиктин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Коштошуу митинги 22.03.2022 саат 10:00дө, акыркы сапарга узатуу Горная Серафимовка айылында, Саяпкер Эргалы көч., 34 үй саат 12:00дө башталат.

21.03.2022
Саламаттыкты сактоо тармагы Нооруз майрамын жана Улуттук госпиталдын эски имаратынын кайрадан ишке киришин белгиледи

Бүгүн, 2022-жылдын 21-мартында, Улуттук госпиталдын территориясында жаз майрамы - Нооруз өтүп жатат. Иш-чара КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган борбордук аппараттын кызматкерлери, Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Майрамга стационардык дарыланып жаткан бейтаптар да катышты.

Саламаттыкты сактоо министри өз сөзүндө белгилегендей, майрам бекеринен капиталдык оңдоодон кийин ачылган травматология имаратынын жанында уюштурулган жок.

«Урматтуу кесиптештер, бейтаптар! Сиздерди жаздын жана жаңылануунун майрамы болгон, жазгы күн менен түндүн теңелүүсүн алып келген, жаңы жылдын башталышы катары  белгилеген Нооруз майрамы менен куттуктайм. Бул күн жашообузга жаңылануу жана кубаныч алып келет, жаратылыштын жанданышын чагылдырат. Бүгүнкү иш-чараны Улуттук госпиталдын травматология корпусунун алдында өткөрүүнү чечтик, анткени саламаттыкты сактоо тармагынын 142 жылдык тарыхы дал ушул имараттардан башталган”,-деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

 

Майрамдык иш-чара концерттик программа, аркан тартыш сыяктуу салттуу оюндар менен коштолду. Эң активдүү катышуучуларга эстелик белектер тапшырылды.

19.03.2022
Медицина кызматкерлеринин иш кагаздарын азайтуу

Саламаттыкты сактоо министрлиги отчеттуулуктун жана эсепке алуу формаларын оптималдаштыруу, ошондой эле онлайн каттоону киргизүү максатында калкты үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна киргизүү эрежелерин жөнөкөйлөтүү боюнча иш-чараларды баштады. Министрдин орун басары Бакыт Жангазиев, саламаттыкты сактоо жана санариптештирүү боюнча адистер жана практикалык дарыгерлер курамына кирген жумушчу топтун мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү.

“Бул иш-чаранын медициналык кызматкерлер үчүн бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жөнөкөйлөтүү максатында башталды, анткени алардын ишинин негизги убактысы калктын саламаттыгын сактоо жагындагы чараларды түздөн-түз ишке ашырууга багытталуусу тийиш. «Бүгүнкү күндө медициналык мекемелердин дарыгерлери жана медайымдары бейтаптарга берилген 26 түрдөгү иш-аракеттер журналын, 45 түрдөгү отчеттуулук бланктарын жана 100гө жакын түрдөгү каттоо бланктарын толтурууга аргасыз. Маалыматтары кайталанып жана/же актуалдуулугу талап кылынбай калган документтерди түзүүгө көп убакыт сарпталышы керек», - деп белгиледи Б.Джангазиев.

Министрдин орун басары Б.Джангазиев белгилегендей, дарыгердин милдети диагноз коюу жана тийиштүү дарылоону жазуу. Бул үчүн ал ар бир бейтапка орто эсеп менен 15 мүнөт бөлүп бериши керек. Бирок иш жүзүндө убакыттын бир бөлүгү кагаз иштерине жумшалат.

«Дарыгерлер менен жолугушууда баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматкерлери өзүнчө документтерди ашыкча деп эсептей турганын белгилешти. Оорулуулардын агымы көп болуп, реестрлер жана башка документтер толтурулуп, узун кезектер жаралган учурлар болот. Бул адамдардын мыйзамдуу нааразычылыгын жаратууда. Кээде бейтаптар дарыгерге жазылуу үчүн көпкө кезек күтүүгө туура келет. Анткени кызматкерлердин мойнуна көп түйшүк бар. Алардын көбү иш кагаздарына байланыштуу. Биздин милдет – медицина тармагына түздөн-түз тиешеси жок, медицина кызматкерлерине болгон жүктү азайтуу», - деди Б.Джангазиев.

Отурумдун жыйынтыгында жумушчу топко практикалык мааниге ээ болбогон кайталоолорду камтыган документтерди жана отчетторду оңдоп, санын азайтуу милдети тапшырылды. Саламаттыкты сактоо министрлиги иштин жыйынтыгы медицина кызматкерлери үчүн гана эмес, калк үчүн да пайдалуу болот деген ишенимде. Ал эми дарыгерлер жана медайымдар убактысынын көбүн отчеттук документтерди толтурбастан, бейтаптарды дарылоого арнай алышат.

Топтун ишинин алгачкы жыйынтыктары апрель айынын аягында чыгарылат. Иштин жыйынтыгы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине санариптик трансформацияны эске алуу менен дарыгерлердин бюрократиялык жүгүн азайткан жаңы процедуралар жана отчеттуулук процедуралары сунушталат.

19.03.2022
Алымкадыр Бейшеналиев: "Конструктивдүү эмес сындарга карабай реформаларды улантам"

Менин иштөө ыкмаларыма коомчулуктун кыжырдануусун түшүнөм жана кээде өзүмдү кармана албай калаарымды моюнга алам. Бирок силер да   мени туура түшүнгүлө - мен кооз сүйлөй албайм. Бирок биздин медицинанын катастрофалык абалга кептелгени анык эмеспи? Аны медицина бизнесмендери монополиялап алганы жалганбы?

Узак убакыттан бери саламаттыкты сактоо системасы методикалык жана максаттуу түрдө талкаланып жатат. Алыскы аймактарда дарыгерлер жетишсиз, заманбап медициналык жабдуулар жок, мамлекеттик лабораториялар араң иштейт. Ар бир жаран материалдык ресурстардын жетишсиздигинен сапаттуу медициналык жардам ала албайт.

Мен саламаттыкты сактоо тармагына чиновник катары эмес, практик катары келгем жана менин ар бир нерсени кооз сөздөр менен атоо тажрыйбам жок. Мен иш менен өзүмдү көргөзгөн адаммын. Мен көп сүйлөп, эч нерсе кылбагандардан эмесмин, мен үчүн сөздөн да иш маанилүү. Биздин медицинада чындап эле эмне болуп жатканын көрүү мага абдан оор: интригалар, пайдакорлук, түшүнүктөрдү алмаштыруу. Мен алгылыктуу натыйжаларга жетишүүгө аракет кылуудамын. Менин ыкмаларым орой экенине кошулам. Күн сайын биздин медицинанын абалын көрүп эмоцияга туруштук берүү кыйын. Ошон үчүн эмоцияга алдырып жиберип жатам. Кооз сүрөттөрдү, репортаждарды көрсөтүп,чындык ошол бойдон калса жакшы болмок беле?

Исманкуловдун ооруканасынын түптөлүшүндөгү кырдаал этикалык жактан кандай көрүнөт? Бейшеналиев Исманкуловду кууп жатканын элдин баары көрдү. А эмне себеп болгонун унутуп калышты: мамлекеттин акчасына мамлекеттик мекемеге коммерциялык оорукана курулган. Бул - ооруканалар жетишсиз болуп турганда. Ушул убакыттын ичинде Исманкуловго жеке бизнесин түзүп, кредитти төлөөгө эмне тоскоол болду? Жок, ал чоң кызматтагылардын колдоосуна ээ болуп, эч кимди көзгө илбей иштеп келди.

Коомдогу сындарга, негатив сөздөргө карабай реформа жасайм. Медицинаны жеткиликтүү жана заманбап кылам. Жарандык активисттер, адистер, жаштар биригип, сабырдуулук менен, эмоцияга алдырбай, саламаттыкты сактоо тармагынын абалын талдап, сапаттуу жана заманбап болушу үчүн иштешин сунуштайм.

Аткарылып жаткан иштердин терс көрүнүшүн түшүнүү менен, мыйзамда каралган нормаларды так аткарып, өзүмдү карманам.

19.03.2022
Эненин жана баланын саламаттыгын сактоо. Эмне үчүн биз неонаталдык скринингден өткөрөбүз?

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тубаса гипотиреоз диагнозун аныктоо үчүн неонаталдык скрининг бөлүмү уюштурулган.

Бул үчүн лаборатория жабдылып, анализаторлор жана реагенттер сатылып алынып, адистер окутулду, бүткүл республика боюнча неонаталдык скринингди жүргүзүүнүн жол картасы иштелип чыкты. Бүгүнкү күндө неонаталдык скрининг бөлүмү Бишкек шаарынын, Чүй, Талас, Нарын облустарындагы бардык төрөт үйлөрүнөн Гатри карталарын алууда.

Бардыгы болуп 57 380 изилдөө жүргүзүлдү (2019-2021-жж.), анын ичинен 348 оң натыйжа көрсөткөн, 15 бала медициналык кароодон өтүп жатат, 5 бала дарылануудан өтүп жатат, анын ичинде абсолюттук калкан аплазиясы менен 1 бала, калкан безинин гипоплазиясы менен 1 бала, калкан безинин диффузиялык чоңоюшу менен 3 бала, калган 10 бала баштапкы гипотиреоз менен.

2022-жылдын аягына чейин республиканын бардык төрөт үйлөрүнө/бөлүмдөрүнө этап менен неонаталдык скрининг менен камтуу пландаштырылууда, ҮМБнын дарыгерлерин Тубаса гипотиреоз боюнча окутуу пландаштырылууда.

Маалымат үчүн:

Тубаса гипотиреоз - калкан бези тарабынан калкан безинин гормондорунун толук жоктугунан же азайып кетишинен же ткандардын деңгээлинде алардын биологиялык таасиринин төмөндөшүнөн келип чыккан оору. Тубаса гипотиреоз – гипоталамус-гипофиздик системанын, калкан безинин морфофункционалдык жетилбегендигинен же пренаталдык мезгилде алардын анатомиялык бузулушунан келип чыккан этиологиясы боюнча кыйла гетерогендүү оорулардын тобу.

Эпидемиология. Тубаса гипотиреоздун таралышы аныктоо ыкмасына жараша өзгөрөт: неонаталдык скрининг программасы бар өлкөлөрдө 1:2000-1:3000 тирүү төрөлгөндөргө жана скрининг жүргүзүлбөгөн өлкөлөрдө 1:6000-1:7000 кездешет. Кыздарда оору балдарга караганда 2-2,5 эсе көп кездешет.

Кыргызстанда балдарда тубаса гипотиреоз кечирээк кайрылган себептен кеч аныкталып, баланын организминде буга чейин кайтпас өзгөрүүлөр болуп, майыптыкка алып келген. Жаңы төрөлгөн ымыркайларда, жашоонун биринчи айындагы балдарда тубаса гипотиреоздун типтүү клиникалык көрүнүшү, диагноз коюу өтө маанилүү, бирок 10-15% учурларда гана байкалат жана лабораториялык изилдөөлөр аркылуу гана аныкталат.

Кыргызстанда ТГнын болжолдуу таралышы: 2018-жылдын маалыматтары боюнча Кыргызстанда төрөлүү көрсөткүчү 160 000 жаңы төрөлгөн ымыркайларды түздү. 1:3000 жаңы төрөлгөн ымыркайдын жалпы кабыл алынган орточо саны менен, ТГ оорусу менен Кыргызстанда неонаталдык скрининг учурунда жыл сайын болжол менен 50-55 бала аныкталат деп болжолдоого болот. Бирок, ДСУнун маалыматы боюнча, Кыргызстан йод жетишсиздигинин оор даражасы бар эндемикалык аймак экенин эске алсак, бул сан бир топ жогору болушу мүмкүн жана жылына 260 ТГ учуруна жетиши мүмкүн (йоддун эндемикалык зоналарында ТГ пайда болуусу 1:600 ​​жаңы төрөлгөн балдарга чейин жетиши мүмкүн).

 

18.03.2022
Кыргызстанда саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүүнүн алкагында телемедицина киргизилүүдө

Бүгүн, 2022-жылы 18-мартта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигинин, ЮНИСЕФтин миссиясынын өкүлдөрүнүн жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусунда Санариптик ден соолук продуктуларын талкуулоо боюнча тегерек стол өттү. Жыйында лидерлер жана эксперттер санариптик саламаттык сактоо системасынын негизин түзгөн санариптик чечимдерди талкуулашты.

Президенттин «Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жана ден соолугун жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында «Санариптик Кыргызстан» санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасы иштелип чыкты. 2019-2023-жылдарга” жана 2030-жылга чейин “Дени сак эл – гүлдөгөн өлкө” өнүктүрүү программасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана эффективдүү башкарууну жогорулатуу үчүн бир катар инфраструктуралык санарип продуктуларын иштеп чыкты.

«Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саламаттыкты сактоону санариптештирүүнү артыкчылыктуу багыттардын бири катары аныктайт. Бул үчүн биз санариптик саламаттыкты өнүктүрүүнүн максаттуу моделин, ошондой эле 2022-жылга карата милдеттерди аныктадык, анын борборунда Адам турат. Ошондой эле бул жылы биз саламаттыкты сактоо системасынын ишмердүүлүгүн автоматташтыруу менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган иштеп чыгуулардан калк сезе турган санариптик чечимдерге өтөбүз – бул ар кандай сертификаттарды алуу, поликлиникаларга онлайн каттоо, бизнес менен онлайн өз ара аракеттенүү», - деди. Бакыт Джангазиев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары.

Жолугушууда 2022-2024-жылдарга санариптик саламаттыкты сактоонун артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарындагы иш процесстерин автоматташтырууга жардам бере турган 2022-жылга министрликтин максаттары жана милдеттери талкууланды.

«Сапаттуу медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу балдардын, үй-бүлөлөрдүн жана бүтүндөй коомдун коопсуздугун сактоонун негизги шарты болуп саналат. Алыскы аймактарда жашаган жамааттар сапаттуу кызматтарды алууга укуктуу. Ошондуктан телемедицина бул теңсиздикти жоюу жана аялдар менен балдар, өзгөчө майып балдар үчүн саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо үчүн эң сонун техникалык чечим болуп саналат», - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник.

Учурда Кыргыз Республикасынын Ноокат жана Сузак райондорунун баштапкы медициналык-санитардык жардам борборлорунда эненин жана балага жардам көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн дистанциялык форматта (телемедицина) медициналык жардам көрсөтүүнү ишке киргизүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Телемедицина алыскы региондордогу медицина кызматкерлеринин аймактык же республикалык саламаттыкты сактоо уюмдарынын дарыгерлери менен кесиптик байланышын камсыздайт. Мунун аркасында бүгүнкү күндө каттоодо турган 100гө жакын бейтаптар жогорку сапаттагы аралыктан медициналык жардам алып, ошондой эле медициналык жардамга тикелей тиешеси жок чыгымдарын үнөмдөөгө жетишти.

Телемедицина «Эне менен баланын системасын чыңдоо» долбоорунун алкагында ЮНИСЕФтин жардамы менен Intelehealth эл аралык өнүктүрүү командасынын колдоосу менен адаптацияланган TeleMed.Kg адистештирилген тиркемесин киргизүү аркылуу квалификациялуу медициналык жардамга жетүү аркылуу ишке ашырылат. ден соолук» Япония өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен.

Учурда Министрлик ошондой эле Кыргыз Республикасында телемедицинаны өнүктүрүү үчүн жагымдуу климатты түзүү максатында телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык жардамды уюштуруунун жана көрсөтүүнүн тартибин аныктоо боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актыны иштеп чыгууда.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө: ILab, Иммунизациялоонун маалымат системасы, Эпидемияны алдын алуу боюнча улуттук система, Ресурстарды башкаруунун улуттук маалымат системасы, Санариптик саламаттык профили сыяктуу продуктыларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүүдөгү жетишкендиктер көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча мындан аркы комплекстүү иштерди жүргүзүүдө.

18.03.2022
Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда угуусу терең бузулган балдардын угуусун текшерүү жүргүзүлүүдө

13-марттан 19-мартка чейин Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун ЛОР бөлүмүндү Катардагы Хамад медициналык уюмунун аудиологдору менен бирге угуусу терең бузулган балдардын угуусун текшерүү жүргүзүлүүдө. Балдарды текшерүү үстүбүздөгү жылдын май айына пландаштырылган кымбат баалуу Кохлеардык имплант коюу боюнча операцияга даярдоо максатында Катар Мамлекетинин жана Хамад Медикал Катар Кохлеардык Имплантация программасынын жетекчиси доктор Абулсалам Аль-Кахтанинин колдоосу менен өткөрүлүүдө. Ошондой эле отохирург жана аудиологдордон турган делегациянын келиши да күтүлүүдө.

Мындан тышкары, доктор Халид Абулхади Иса 2021-жылдын июнь айында имплант коюлган балдаржана алардын ата-энеси,ошондой эле операцияны күтүп жаткан балдардын ата-энелери менен жолукту.

18.03.2022
Саламаттык сактоо тармагындагы санариптик чечимдер
  1. Ооруканалар үчүн Борборлоштурулган электрондук медициналык карта (оорунун тарыхы, форма 003/y).Электрондук оорунун тарыхы бейтаптын кабыл алуу бөлүмүнөн дайындалган керебетке чейинки кыймылынын бүт циклин жана андан кийинки чыгарылышын автоматташтырат. Учурда темир жол ооруканасында системаны пилоттук (тесттик) ишке киргизүү жүргүзүлүүдө.  Кардиология, терапевттик жана хирургиялык бөлүмдөрдүн дарыгерлери, кабыл алуу жана кардиология бөлүмдөрүнүн медайымдары окутулду.

 

  1. «ILAB»  лабораториялык маалымат системасы. «ILAB» лабораториялык маалымат системасы диагностикалык жана клиникалык изилдөөлөргө катышкан бардык лабораториялардын ишин автоматташтырат. Ошондой эле, калк лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын онлайн форматта ала алат.   Учурда система пилоттук түрдө ишке ашырылууда. 2022-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейин төмөнкү саламаттык сактоо уюмдарында ишке ашыруу жана окутуу жүргүзүлүп келет: 
  • Темир жол ооруканасында 4 лаборант, 1 лаборатория башчысы, ошондой эле 15 дарыгер лабораторияга электрондук жолдомо жөнөтүү үчүн окуудан өтүштү.
  • Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде
  • Ишке ашыруу Бишкек шаарындагы бардык ҮМБлорунда да жүргүзүлүүдө. Алдыңкы тажрыйбанын мисалы катары №3 ҮМБдагы ишке киргизүү менен таанышууну сунуштайбыз, анда 7 лаборант жана 1 лаборатория башчысы окутулду.

 

  1. Адам ден соолугунун санарип профили. Маалыматтык система медициналык кызматкерлерге төмөнкү маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат:
  • адамдын негизги  өздүк маалыматтары;
  • камсыздандыруу статусу;
  • бекитилген бейтапканасы;
  • бейтапканага кайрылуу ;
  • ооруканага жаткыруу жөнүндө;
  • психоневрологиялык же наркологиялык диспансердик реестрде каттоодо туруусу жөнүндө маалымат;
  • коронавирустук инфекцияга лабораториялык ПЦР изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат;
  • COVID-19га каршы эмдөө жөнүндө маалымат;

2022-жылдын февраль айынан баштап төмөнкү саламаттык сактоо уюмдарында “Адам ден соолугунун санарип профили” маалымат тутумунда иштөө үчүн окуулар өткөрүлдү:

  • Темир жол ооруканасында 18 дарыгер окутулду;
  • №3 ҮМБда 12 дарыгер окутулду; 

 

 

  1. «Иммундаштыруу» маалымат системасы. Маалыматтык система чек арадан эмдөө пунктуна чейинки вакциналардын кыймылын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Система ар бир кампада вакциналардын бар-жогуна, келип түшкөн вакциналар үчүн бош орундун болушуна мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле кийинки сатып алууларды жана жеткирүүлөрдү пландаштырууга мүмкүндүк берет. Калк алынган вакциналардын бардык түрлөрүнө эмдөө сертификаттарын түзө алат. 2022-жылдын февраль айынан баштап ушул убакытка чейин «Иммундаштыруу» («Эмдөө») маалымат системасында иштөө үчүн төмөнкү саламаттык сактоо уюмдарында окуулар өткөрүлдү:
  • Темир жол ооруканасында 34 медициналык кызматкер даярдалган
  • №3 ҮМБда 17 медицина кызматкери окутулду.

 

  1. Ресурстарды башкаруунун улуттук маалымат системасы (РБУМС).

Маалыматтык системада медицина кызматкерлери, имараттар, бөлүмдөрү, керебеттер, медициналык жабдуулар тууралуу маалыматтар сакталат. 2022-жылдын февраль айынан баштап РБУМС боюнча төмөнкү саламаттыкты сактоо уюмдарында окутуулар жүрдү:

  • Темир жол ооруканасында 11 медицина кызматкери окутулду;
  • №3 ҮМБда 17 медицина кызматкери окутулду.
17.03.2022
Түркия менен дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатуу боюнча келишим түзүлдү

Түркия Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында 17-мартта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа мырза менен жолугушту.

Жыйынга Түркиянын «Усхаш» мамлекеттик акционердик коомунун (ошондой эле дары-дармек жана медициналык буюмдар маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органы) өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар департаментинин өкүлдөрү катышты. 

Жолугушууда Кыргызстанды дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздоо, ошондой эле оор дартка чалдыккан кыргызстандыктарды Түркияда дарылоо үчүн квоталардын көлөмүн көбөйтүү маселеси талкууланды.

Талкуулардын жыйынтыгында Түркия Республикасы Кыргыз Республикасы үчүн дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатуу боюнча макулдашууга жетишилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды алып кирүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин уюштуруу боюнча чаралар көрүлөт. Бул Украинадагы кырдаалды эске алуу менен кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан дары рыногун толуктоого мүмкүндүк берет.

КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түрк тарапка активдүү кызматташуусу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле жолугушууда министр кесиптешинен Кыргызстандын жаранын түрк клиникаларынын биринде дарылатууга көмөктөшүүнү суранды. Кыргызстандын жараны К.Э.А Түркия Республикасынын Измир шаарында жашап, акысыз кымбат баалуу медициналык жардамга муктаж.

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа мырза Кыргыз Республикасынын жаранына бекер медициналык жардам көрсөтүү маселесин карай тургандыктарына ишендирди.

17.03.2022
Дарыгерлер кул эмес! Ыкчам консультациялык медициналык жардам бөлүмдөрүнүн (санитардык авиация) кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча түшүндүрмөлөр

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жыл сайын саламаттыкты сактоо уюмдарындагы Ыкчам консультациялык медициналык жардам бөлүмдөрүнүн (санитардык авиация) бөлүмдөрүнүн иш жүзүндөгү чыгымдарын жабууга максаттуу каражаттарды бөлөт.

Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоонун 7 мекемесинде медициналык тез жардам (санитардык жардам) бөлүмдөрү иштеп жатат жана 2021-жылга 20,7 млн ​​сом каражат каралып, каржыланган, анын ичинен Улуттук госпиталга 9,7 млн ​​сом, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына 6,9 млн сом, Баткен ОБО 600,0 миң сом, Жалал-Абад ОБО 1,2 млн сом, Ысык-Көл ОБО 1,0 млн сом, Нарын ОБО 600,0 миң сом, Талас ОБО 600,0 миң сом.

Бирдиктүү төлөм системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары финансылык автономияга ээ, алар каражаттарды алгандан кийин тиешелүүлүгүнө жараша чыгымдардын структурасын өз алдынча пландаштырышат жана бекитишет жана бекитилген чыгымдар сметасына учурдагы өзгөртүүлөрдү киргизишет.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттерин аткарып, көрсөтүлгөн медициналык кызматтарды өз убагында каржылоону камсыз кылат.

Саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

Кызматкер нөөмөткө турган учурларда акы төлөө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык түнкү иш сааты жана майрам күндөрү үчүн кошумча төлөмдөрдү кошуп, үчүн иш жүзүндөгү иштеген сааттарына жараша жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында иш сапардын чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Сапарлык чыгымдарды белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленет. «Санитардык авиация» үчүн путёвкаларды аткарган медицина кызматкерлерине эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКК) боюнча төлөнөт.

Ошентип, саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык өз алдынчалыгын, ошондой эле ашыкча иштөө убактысына, түнкү жумушка жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүүгө байланышкан башка чыгымдарга акы төлөөнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткарууну эске алуу менен саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси ыкчам медициналык жардам көрсөтүүгө тартылган медицина кызматкерлерине тиешелүү кошумча төлөмдөрдү төлөөгө милдеттүү.

Буга чейин КР Саламаттыкты сактоо министрлигинде саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин базалык эмгек акысын жогорулатуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн, саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону кайра карап чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат, анда саламаттык сактоо уюмдарында ыкчам медициналык консултациялык жардам көрсөтүү бөлүмдөрүнүн (санитардык авиация) кызматкерлерине эмгек акы төлөө механизмдери маселеси да каралууда.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жана ден соолугун жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматына интеграцияланган кырсыктар медицинасы бирдиктүү системасын уюштуруу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

17.03.2022
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен ДССУ 2022-2023-жылдарга эки жылдык кызматташуу келишимине кол коюшту

2022-жылдын 16-мартынан 19-мартына чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркия Республикасында иш сапары менен болуп, саламаттыкты сактоо жана миграция маселелери боюнча “Качкындардын жана мигранттардын саламттыгын коргоо концепциясын биргелешип түзүү” жыйынына катышат.
Бул жолугушуунун алкагында 16-мартта министр ДССУнун Европа аймактык бюросунун директору доктор Ханс Клюге менен жолугушуп, анда тараптар КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен ДССУнун Европа Регионалдык бюросунун ортосундагы 2022-2023-жылдарга карата эки жылдык кызматташуу келишимине кол коюшту.
      Бул эки жылдык Кызматташуу келишими Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо боюнча улуттук органдары менен ДССУнун Европалык Регионалдык бюросунун ортосундагы ырааттуу консультациялар процесси аркылуу макулдашылган кызматташуунун практикалык негизин түзөт жана ДССУнун 2019–2023-жылдарга Он үчүнчү жалпы программасынын, 2021-2025-жылдарга «Ден соолукту чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттер» Европалык иш программасынын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоонун улуттук саясатынын милдеттерине жетишүү жалпы максатын көздөйт.
Негизги приоритеттүү багыттары: Саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтууга (ВОУЗ) жетишүү, Саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана ден соолукту чыңдоо, бакубаттуулукту жогорулатуу.
Жолугушууда тараптар буга чейинки макулдашууну ишке ашырууда жетишилген ийгиликтерге карабастан, бир катар стратегиялык милдеттер сакталып турганын белгилешти.
Жалпысынан алганда, өлкө жугуштуу эмес жана жугуштуу оорулар менен байланышкан олуттуу ден соолук көйгөйлөрүнө туш болууда. Медициналык кызматтын камтылышы жагынан саламаттык сактоо системасында дагы эле олуттуу кемчиликтер бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акысынын жогорулашына карабастан, республиканын алыскы райондору дагы эле медкызматкерлер менен кадрдык камсыздоонун  жетишсиз деңгээлине дуушар болушууда.
Саламаттыкты сактоо системасынын алдында саламаттыкты сактоонун маалыматтык системаларын чыңдоо жана аларды санариптештирүү боюнча чоң милдеттер турат.
«Биздин милдет – баштапкы медициналык-санитардык жардамдын потенциалын күчөтүүнү улантуу, санариптик чечимдерди ишке ашыруу аркылуу коомдук саламаттыкты сактоо инциденттерин эрте аныктоону жана жооп кайтарууну жакшыртуу.
Бул милдеттер бардык курактагы адамдар үчүн дени сак жашоону камсыз кылуу жана бакубаттуулугун жогорулатуу багытында натыйжалуу алга жылууга мүмкүндүк берет», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

16.03.2022
Кайсы борборлор кайра түзүлүп, бөлүм катары иштеп жатат?

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Улуттук онкология жана гематология борборунун Маммология борбору, Чүй облустук бириккен ооруканасынын алдындагы Реконструктивдүү хирургия борбору жана Улуттук госпиталдын алдындагы Урология илимий борбору өз ишин токтотту. 
Мындай чечим үчүнчү денгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын алдында борборлорду уюштуруу максатка ылайыксыз болгондуктан кабыл алынганын белгилейбиз. Бул борборлордун ишинин токтотулушу медициналык тейлөөнүн сапатына таасир этпейт, анткени алардын бардыгы тиешелүү бөлүмдөргө айландырылып, штаттык режимде иштеп жатышат.

15.03.2022
Мектеп курагындагы балдардын ден соолугуна карата жүрүм-туруму

2022-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору «Мектеп курагындагы балдардын ден соолугуна карата жүрүм-туруму» деген темада тегерек стол өткөрдү. Тегерек столго: Кыргыз Республикасынын Президентинин Экспертиза жана чечимдер бөлүмү жана Президенттин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, ЮНИСЕФ, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, билим берүү жана медициналык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун негизги максаты – Кыргыз Республикасында өспүрүмдөрдүн ден соолугун чыңдоо жаатында натыйжалуу саясатты, программаларды иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасындагы «Мектеп курагындагы балдардын ден соолугуна карата жүрүм-туруму» I Улуттук изилдөөсүнүн негизинде социалдык көрсөткүчтөр, ден соолук жана өспүрүмдөрдүн ден соолугуна карата жүрүм-туруму боюнча учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берүү жана кырдаалды жакшыртуу боюнча чараларды көрүү.

 

“Бүгүнкү жолугушуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга карата калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча “Дени сак адам өнүккөн өлкө” Программасынын алкагында өспүрүмдөрдүн саламаттыгы боюнча ведомстволук планды иштеп чыгуу процессинин бир бөлүгү болуп саналат.

Өлкөбүздөгү актуалдуу жана мамлекеттик өзгөчө көңүл бурууну талап кылган өтө олуттуу маселелердин бири болгон өспүрүмдөрдүн ден соолугунун абалы, медициналык тейлөөнү уюштуруу темасын талкуулап, ага токтолобуз.

Бул жердегилердин көбү мени менен макул болот деп ишенем. Бирок ошол эле учурда өспүрүмдөрдүн ден соолугуна байланыштуу абал бизди тынчсыздандырат. Акыркы 15-20 жылдын ичинде балдардын жана өспүрүмдөрдүн өнөкөт ооруларынын негизги себептеринин бири катары жалпы билим берүүчү мектептерде медициналык кызматтын жетишсиздиги барган сайын байкалууда. КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча мектеп окуучуларынын 30%дан ашыгы өнөкөт ооруларга чалдыккан. Окуу мезгилинде орто эсеп менен ден соолугу чың мектеп окуучуларынын саны 5 эсеге кыскарат”, -дейт Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Гүлзат Маймерова.

 

«Балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо саясатынын негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Балдардын түйүлдүктөн баштап өспүрүм куракка чейин ден соолугунун чың болушу өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн булактарынын бири болуп саналат.

Ошону менен бирге, акыркы жылдары өлкөдөгү оор социалдык-экономикалык кырдаалга байланыштуу балдардын ден соолугунун динамикасында терс тенденциялар күч алууда: өнөкөт патологиясы жана функционалдык бузулушу бар балдардын жана өспүрүмдөрдүн саны, өнүгүүнүн тубаса аномалиялары өсүп жатат, курч инфекциялар, курч жана өнөкөт тамактануу бузулуулары. Салмагынын жетишсиздигинен аскердик кызматка жараксыз болгон аскерге чакырылгандардын да саны өсүүдө. Ошол эле учурда өспүрүм кыздардын арасында алардын репродуктивдүү функциясына, демек, келечек муундун ден соолугуна олуттуу таасирин тийгизген салмактын жетишсиздигинин таралышы боюнча такталган маалыматтар жок. Бул тенденция улана берсе, биздин өлкөнүн калкы үчүн келечекке божомол өтө пессимисттик. Ошондуктан балдардын ден соолугун сактоо маселеси чындап эле мамлекеттин приоритеттүү маселеси болуп жатат.

Жогоруда айтылгандарды жыйынтыктап жатып, балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо тармагында жылыштарга жетишүү үчүн тез арада жана натыйжалуу иш-аракеттерди көрүү зарыл деген тыянак чыгарууга болот”,- деди саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев.

15.03.2022
Улуттук госпиталда капиталдык оңдоодон кийин жаңы корпустун ачылышы болду

Бүгүн, 2022-жылдын 15-мартында Улуттук госпиталда капиталдык оңдоодон кийин жаңы корпустун ачылышы болду.

Иш-чара КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, ошондой эле оорукананын кызматкерлери жана жетекчилигинин катышуусунда өттү.

«Бүгүн биз Улуттук госпиталдын капиталдык оңдоодон өткөн корпусунун ачылыш аземине катышып жатабыз. Бул имарат көп жылдардан бери иштебей турган, эми бул жерге жаракат алган бейтаптар үчүн керебеттерди коюуну пландап жатабыз», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин айтымында, имараттын бир бөлүгүн оңдоо иштери аяктады, калган бөлүгүн оңдоо иштери жакынкы аралыкта бүткөрүлөт.

Бул имаратта 95 орунга ылайыкталган чоң адамдардын ортопедиясы бөлүмү, муун патологиясы бөлүмү, сөөк-ириңдүү бөлүм жана 6 реанимация керебеттери жайгаштыруу пландалууда.

14.03.2022
Саламаттыкты сактоо министрлиги эне жана балага медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат

2022-жылдын 10-мартында Ош облустар аралык клиникалык балдар ооруканасынын базасында Ош жана Жалал-Абад облустарындагы пилоттук ЖДП борборлоруна болгон иш сапарынын/визиттин жыйынтыктарын талкуулоо үчүн тегерек стол өттү. Бул жолугушуунун катышуучулары үйгө баруу жана телемедицинаны киргизүүнү кеңейтүү боюнча биргелешкен иш боюнча кыйынчылыктарды жана келечектеги пландарды талкуулашты.

Тегерек столдун жүрүшүндө ЮНИСЕФтин эл аралык консультанты Тамар Гостадзе аткарылган иштерге баа берип, үйгө барууларды мындан ары ишке ашыруу боюнча сунуштарын берди. Ал белгилегендей, сунушталган балдарды үйгө барып кароо жалгыз эле медициналык эмес, жакшы натыйжаларга жетүү үчүн медициналык-социалдык мүнөзгө ээ. «Баланын ден соолугун баалоодо үй-бүлөлүк дарыгер же үй-бүлөлүк медайым нерв-психикалык өнүгүүсүнө көңүл бурат, үйлөргө баруу балдар ооруларын алдын алууга жардам берет. Эң маанилүүсү, бул бир гана балага эмес, аялдын өзүнө да кеңеш берүүнү киргизүү. Консультацияларды өткөрүүдө дарыгерлер үй-бүлөдөгү зомбулукту, ата-энелер тарабынан баланын бүтүндөй өнүгүүсүнө таасир этүүчү психоактивдүү заттарды колдонууну аныктоо жана алдын алуу максатында үй-бүлөлөрдүн социалдык абалына баа беришет. Пилоттук ЖДП борборлорунда киргизилген үйгө баруу энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо боюнча иштер ведомстволор аралык болушу керектигин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да дарыгерлер менен биргеликте иш алып баруусу керектигин көрсөттү», - деди Тамара Гостадзе, ЮНИСЕФтин эл аралык консультанты.

Талкуунун жыйынтыгында жогоруда айтылган бардык сунуш-пикирлердин баары Үйлөргө баруу ыкмасын башка аймактарга жайылтууда эске алынары, TeleMed.kg тиркемесин ишке ашыруу үчүн материалдык-техникалык жактан жабдууга өзгөчө көңүл бурулары белгиленди.

«2022-2024-жылдарга башка аймактарга үй кыдырууларды ишке ашыруунун планына ылайык, бул мезгилде кош бойлуу аялдардан кабар алууну киргизүү пландаштырылууда. Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын кызматкерлери потенциалын жогорулатуу үчүн андан ары окутууга жана билимге муктаж, ал эми клиникалык протоколдор, кошумча формалар, секторлор аралык жолдомолор жана жолдомо алгоритмдери, саламаттыкты сактоо системасынын ичинде жана сыртында андан ары өнүктүрүлөт. Жумуш көп жана биргелешкен күч-аракет менен биз бардыгын ишке ашыра алабыз, балдардын арасындагы өлүмдү жана майыптуулукту азайта алабыз”, - дейт ЮНИСЕФтин саламаттыкты сактоо боюнча адиси Айнура Текенова.

11.03.2022
"Үйгө баруу" моделин киргизүү 5 жашка чейинки балдардын ооруп калуу жана майыптуулук деңгээлин төмөндөтөт

2022-жылдын 10-11-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФтин көмөгү менен жаңы төрөлгөн ымыркайларга үйгө баруу модели пилоттук режимде киргизилип жаткан Ноокат жана Сузак райондоруна тажрыйба алмашуу иш сапарларын уюштурду.

Ноокат жана Сузак райондорундагы жалпы дарыгерлик практика борборлору башка аймактардагы кесиптештерине өз иштерин көрсөтүштү. Бул пилот биринчи этапта төрөттөн кийинки мезгилде балага баруу, экинчи этапта Церебралдык шал оорусу, ВИЧ, сарык менен ооруган балдарга санариптик чечимдерди колдонуу аркылуу кеңеш берүү дегенди билдирген. Телемедицинанын жардамы менен аймактардан келген дарыгерлер оор балдарды үчүнчү деңгээлдеги уюмдардын адистери менен кеңешип, үчүнчү этапта балдардын өнүгүүсүнө андан ары мониторинг жүргүзүшөт. Ноокат жана Сузак борборлоруна болгон сапардын жыйынтыгы боюнча кыйынчылыктар, биргелешкен иштердин мындан аркы пландары жана үйгө баруу жана телемедицина моделин республиканын башка аймактарына жайылтуу талкууланат.

Бул пилот 2019-жылдын аягында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ЮНИСЕФтин жардамы менен баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарынын деңгээлинде эне жана баланын ден соолугун коргоону жакшыртуу максатында ишке киргизилген. Алгач Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун, Кыргыз мамлекеттик кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо институтунун адистери тарабынан пилоттук жалпы дарыгерлик практика борборлорунун үй-бүлөлүк дарыгерлери жана үй-бүлөлүк медайымдары үчүн окуулар өткөрүлдү, клиникалык протоколдор жана каттоо формалары иштелип чыкты. Ал эми 2021-жылдан баштап көндүмдөрдү практикалык колдонуу башталды. Пилоттук ЖДПБнын үй-бүлөлүк дарыгерлерине жана медайымдарына системага маалыматтарды киргизүү, зарыл болгон учурда керектүү адистерден консультация алуу үчүн керектүү аксессуарлар жана планшеттер бар атайын сумкалар берилди.

10.03.2022
Алымкадыр Бейшеналиев: “Маселе Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү нерсеге байланыштуу болсо эмоционалдуу боло берем”

Бүгүн, 10-мартта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышуу максатында Бишкек шаарындагы №2 клиникалык көп тармактуу ооруканага барды, ошондой эле оорукананын көптөн бери “Исманкуловдун көз микрохирургиясы” жеке клиникасы жайгашкан имаратын пайдаланууга берүү пландалган эле.

КР Саламаттык сактоо министри мамлекеттик уюмдарда бейтаптар үчүн керебеттер жетишсиз болуп келгендиктен саламаттыкты сактоо тармагынын көп жылдар бою жеке менчикке ижарага берилген имараттарын кайтарып алуу боюнча иштерди демилгелөөдө.

Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу ооруканада неврологиялык, терапиялык жана кардиологиялык профилдеги бейтаптар дарыланышат. «Бишкек шаарынын калкы үчүн учурдагы керебет фонду өтө жетишсиз, бейтаптар профили боюнча ооруканага жатуу үчүн көпкө күтүүгө аргасыз. Бул оорукананын имаратын бошотуу боюнча иш баштаганыбыздан бери туура бир ай өттү. Бишкек шаарынын мэриясы аталган клиника менен ижара келишимин бузган. Бардык мөөнөттөр бүттү, биз мындан ары күтө албайбыз, бейтаптарды дарылоо үчүн керебеттер керек. Күчтүү эмоционалдуулугум үчүн кечирим сурайм, бирок көптөгөн жеке ишкерлер көп жылдардан бери мамлекеттин мүлкүн пайдаланып, мамлекетке аз өлчөмдөгү акча төлөп жүргөнү өкүндүрөт. Алар мамлекеттик казынага анча-мынча акча төлөшөөрүнө мен толук ишенем, эгер андай болбогондо алар бул имараттар үчүн мынчалык кармашмак эмес. Дагы бир жолу белгилеп кетким келет, эгерде маселе мамлекетке жана Саламаттыкты сактоо министрлигине тиешелүү нерсеге байланыштуу болсо, мен мындан ары да ушундай эмоционалдуу боло берем», - деди министр.

09.03.2022
Кыргызстандын медициналык окуу жайлары жана факультеттери клиникалык талаптарга жооп береби? Жакынкы күндөрү КР Саламаттыкты сактоо министрлиги текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарат

15-мартка чейин медициналык университеттер менен факультеттер текшерилип, тиешелүү жыйынтыктар чыгарылат. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, 26-февралдан бери медициналык кадрларды даярдаган 13 университеттин жана факультеттин клиникалык базалары текшерилди. «Жакынкы беш күндүн ичинде дагы 7 университет жана факультет текшерилет. Республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын комиссиясы тынымсыз иштеп жатат. Биз билим берүү уюмдарынын клиникалык базасына гана көңүл бурабыз», - дейт Нурида Жусупбекова. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен ЖОЖдордун жана факультеттердин клиникалык базаларына тиешелүү баа берилет, деп кошумчалады Нурида Жусупбекова. Ошондой эле республиканын жеке медициналык колледждерин текшерүү пландалууда.

07.03.2022
FAST Heroes долбоору Кыргызстанда

FAST Heroes долбоору башталгыч класстын балдарына инсульттун алгачкы белгилерин жана тез чара көрүү зарылдыгын үйрөтүүгө багытталган социалдык долбоор. Ошондой эле инсульттун алгачкы белгилери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу, бейтаптын өмүрүн сактап калууга багытталган.

Биздин республикада долбоор 2021-жылдын аягында башталган. Fast Heroes - https://kg-ru.fastheroes.com/ сайтында Кыргызстан үчүн баракча түзүлгөн.

Angels initiative өкүлү Лев Александрович Приступюктун келиши менен, Алиина Алтымышева баштаган ДССУнун өлкөлүк кеңсесинин колдоосу менен долбоор ишке кирди.

Долбоорду ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору, Кыргызстанда инсультка медициналык жардам көрсөтүү системасын түзүү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин Жол картасын ишке ашыруунун координатору тартылган, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын неврология бөлүмү, Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын ангионеврология бөлүмү ишке тартылган.

Долбоор 12 мектепти, анын ичинде Бишкек шаарындагы 10 мектепти жана Каракол жана Ош шаарларынан бирден мектепти камтыйт. Жалпысынан башталгыч класстардан (1-4-класстар) 10 миңдей бала 400гө жакын мугалимдер катышууда.

Долбоор 5 жумага эсептелген, бул аралыктаар жумада 1 сабак болот, материалдардын баары сапаттуу, мугалимдерге да, балдарга да абдан кызыктуу, иш дептерлери бар. Сабактар ​​оюн-зоок түрүндө өткөндүктөн, балдар абдан кызыгышат.

Учурда 7 мектепте окуунун акыркы жумасы болот, калган 5 мектепте бир аз кийинчерээк башталат.

Мектеп мугалимдери абдан ыраазы, алар өткөн сабактар ​​боюнча жагымдуу пикирлерди жана көптөгөн сүрөттөрдү, видеолорду жөнөтүшүүдө.

Долбоордун дагы бир компоненти Бишкектин көчөлөрүндөгү, соода борборлорундагы жана коомдук транспорттордогу баннерлер жана көрнөк-жарнактар, УДАР, СОККУ (кыргызча котормосу) протоколу менен 2000 нускадагы материалдар коомдук жайларда (бардык шаардык транспорттордо, мектептерде) жайылтылды.

07.03.2022
“Алтын балалык” ден -соолукту калыбына келтируу борборун жашылдандыруу жана курулуш иштери уланууда

Чолпон-Ата шаарында реконструкцияланып жаткан “Алтын балалык” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдардын реабилитациялык борборун оңдоп-түзөө жана айланасын жашылдандыруу иштери уланууда. 

5 –мартта Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин демилгеси жана“Манас” университетинин эмгек жамаатынын колдоосу менен “Алтын балалык” реабилитациялык борборунун жаңыдан калыптанып келе жаткан сейил багында кыргыз-түрк “Манас” университетинин аллеясы түптөлүп, анда 60 түп көчөт отургузулду. Ошондой эле борборду көрктөндүрүү иштерине Бишкек шаарындагы №5 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери да катышып, бак-дарактарды отургузушту.

Мындан тышкары, Курулуш иштерин өз убагында бүткөрүү үчүн болгон күч аракет жумшалып, керектүү курулуш материалдары алынууда. Алсак:

Суу жылыткыч көлөмү 30 л - 54 даана.,

Суу жылыткыч көлөмү 50 л - 12 даана.,

Раковина 208a - 52 даана,

Раковина сифону - 34 даана,

Раковина үчүн кыска смеситель - 52 даана,

Душтун смесители - 44 даана,

Аристон үчүн ийкемдүү шланг 60 см - 106 шт.,

Аристон үчүн ийкемдүү шланг 80 см - 180 шт.,

Унитаз "Santeri Sonata" - 27 шт.,

Унитаз "Дерия" - 18 даана,

 Туалет үчүн гофра - 45 даана,

Металл тепкич 50 15 * 15 - 45 даана жана башкалар.

 

Балдардын келечегине кайдыгер карабай, “Алтын балалык” ден-соолукту калыбына келтируу борборунун ишке берилишине салым кошуп жаткан ар кайдыгер эмес жаранга ыраазычылык билдиребиз. 

Эске салсак, борборду 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата ишке берүү пландалууда.