Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

29

12

2025

Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

26.12.2025

Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

25.12.2025

Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду

25.02.2022
Медициналык академияда жыл сайын өтүүчү Ч.К.Калканбаева атындагы акушердик жана гинекология боюнча олимпиада болуп өттү

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА), №2 акушердик жана гинекология кафедрасынын техникалык колдоосу менен КММАнын Студенттик кеңешинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Калк жайгаштыруу Фондусунун колдоосу менен Акушердик жана гинекология боюнча профессор Чолпон Калканбаеванын жаркын элесине арналган ЖОЖдор аралык II олимпиада өткөрүлдү.

Олимпиада коопсуз эне болуу жана үй-бүлөнү пландаштыруу темасы боюнча 2 тилде - орус жана англис тилдеринде өткөрүлдү. Олимпиадага 10 команда катышса, анын ичинен 5 команда КММАдан, 2 команда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинен, 1 – Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинен, 1 - ОшМУ, 1 команда - С.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунан катышты.

 

 Катышуучулар шашылыш акушердик жана гинекологиялык абалда тез жардам көрсөтүү боюнча жогорку теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү. Алгачкы 2 орунду КММАнын командалары ээледи, анын ичинен бирөө окутуу англис тилинде жүргүзүлгөн команда. 3-орунду Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин командасы ээледи.

25.02.2022
12 жеке менчик медициналык билим берүү уюмдарынан белгиленген стандарттарга ылайык келбегендиктен №6 форманы артка кайтаруу пландаштырылууда

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 334 “Кыргыз Республикасындагы билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо, № 6 форманы (клиникалык базанын жана медициналык жабдуулардын болушу) берүү үчүн  макулдашууда эксперттик баалоо жүргүзүү саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу орган, б.а. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттик комиссиясы материалдык-техникалык, клиникалык базалардын жана медициналык жабдуулардын саламаттыкты сактоо тармагындагы медициналык жана фармацевтикалык билим берүү ишмердүүлүгүнүн лицензиялык талаптарына ылайык келүү деңгээлине баа берет.

 

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттик комиссиясы текшерүү жүргүзүп, анда клиникалык базаларды колдонууда белгиленген стандарттарга ылайык келбестиктер аныкталган.

 

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен 12 жеке менчик медициналык окуу жайлардан №6 формалар артка кайтарылат, анткени бул мекемелерде клиникалык базаларды пайдалануу белгиленген стандарттарга жооп бербейт.

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы 2022-жылдын 15-мартына чейин калган 5 жеке менчик медициналык билим берүү уюмдарында медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базаларды колдонуусуна жеринде талдоо жүргүзөт.

 

«Өткөн жылы эксперттик комиссия текшерүү жүргүзүп, анда айрым медициналык билим берүү уюмдарында клиникалык базаларды колдонууда карама-каршылыктар аныкталган. Буга байланыштуу мен 5 жеке менчик медициналык окуу жайда гана кошумча текшерүү жүргүзүп, калгандарынын документтерин артка кайтарууну чечтим. Ошондой эле республиканын медициналык колледждеринде да текшерүүлөр пландалып жатканын белгилеп кетким келет», - деди КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

 

Маалымат үчүн:

 

Текшерүү жүргүзүлө турган медициналык билим берүү уюмдарынын тизмеси:

 

Эл аралык "Ала-Тоо" университети;

«Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту»;

Эл аралык медициналык жогорку мектеби;

«Салымбеков университет» мекемеси;

ЕБ Эл аралык медициналык университети.

 

№6 формалар артка кайтарыла турган медициналык билим берүү уюмдарынын тизмеси:

 

AДАМ университети (БФЭА);

УНПК "Кыргызстандын Эл аралык университети" (УНПК МУК);

«Авиценна» Эл аралык медициналык институтунун жогорку кесиптик билим берүү мекемеси;

Эл аралык медициналык университети;

Роэль Метрополитен Университети;

ЖЧК "АВС" Академиясы;

Эл аралык медицина жана илим университети;

Эл аралык илим жана бизнес университети;

«Бишкек эл аралык медициналык институту» мекемеси;

Иилимий-изилдөө медициналык-социалдык институту;

Кыргыз медициналык-стоматологиялык институту;

Ош Эл аралык медициналык университети.

24.02.2022
ЮНИСЕФ КР Саламаттык сактоо министрлигине 13 миллион сомдон ашык суммага суу менен жабдуу, санитария жана гигиена үчүн каражаттарды берди

ЮНИСЕФ КР Саламаттык сактоо министрлигине 13 миллион сомдон ашык суммага суу менен жабдуу, санитария жана гигиена каражаттарын өткөрүп берет. Бул каражаттар 14 клиникалык ооруканага жана төрөт үйлөрүнө жеткирилмекчи.  ЮНИСЕФ берип жаткан каражаттардын ичинде: 30 автоматтык кир жуугуч машина, 434 кесипкөй тазалоочу араба жана 17 000ден ашык санитардык тазалоочу каражат бар. Жардамды тапшыруу аземине саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов, Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм катышты.

 

“ЮНИСЕФ Өкмөткө COVID-19га жооп кайтарууда колдоо көрсөтүүнүн үстүнөн тынымсыз иштеп жатат. Бул иштерге эмдөөлөр тууралуу маалыматтарды таратуу жана вакциналарды жеткирүү, медициналык жана окуу мекемелерин жеке коргонуу каражаттары, гигиеналык жана санитардык каражаттар менен камсыздоо да кирет”, - деп билдирди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.

 

Бул товарлар Кыргызстандын медициналык мекемелеринде өзгөчө COVID-19 пандемиясынын шартында тийиштүү гигиеналык жана санитардык шарттарды камсыз кылуу үчүн зарыл.

 

2020-жылы ЮНИСЕФ саламаттык сактоо уюмдарындагы жана мектептердеги санитардык-гигиеналык каражаттардын абалына эки баалоо жүргүзүп чыккан. Бул баалоонун жыйынтыгында КР Саламаттык сактоо министрлигин, КР Билим берүү жана илим министрлигин санитардык-гигиеналык каражаттар жаатында колдоо, оорулардын алдын алып, көзөмөлдөө зарылчылыгы бар экени аныкталды. Саламаттык сактоо мекемелериндеги баалоонун негизги тыянактары – сууну керектөө нормалары жок; суу менен камсыздоо тез-тезден үзгүлтүккө учураганынан, суунун басымынын төмөндүгүнөн жана суу түтүктөрдүн бузулушунан улам резервдик суу менен жабдуу зарыл. 

COVID-19 пандемиясына байланыштуу жооп чаралардын алкагында ЮНИСЕФ медициналык мекемелер үчүн санитардык-гигиеналык каражаттарды, оорулардын алдын алып, көзөмөлдөө үчүн зарыл буюмдарды сатып алды. ЮНИСЕФ 126 медициналык кызматкер үчүн оорулардын алдын алып, көзөмөлдөө, СОП боюнча тренингдерди өткөрүүгө жана буга тиешелүү колдонмолорду даярдоого колдоо көрсөттү. ЮНИСЕФ ошондой эле 2021-жылдын аягында суу менен жабдуу, санитардык-гигиеналык абалды баалоо маалында айтылган негизги сунуштарды ишке ашырды.

23.02.2022
Саламаттыкты сактоо министрлигинде алгачкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде энелерге жана балдарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу маселеси талкууланды

22-февралда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Германия Эл аралык Кызматташтык Коомунун (GIZ) долбоору ишке ашырып жаткан «Башкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө көмөктөшүү» кыргыз-герман долбоорунун Координациялык комитетинин отуруму болуп өттү. Координациялык комитеттин курамына Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, пилоттук аймактардын саламаттыкты сактоо координаторлорунун (Ош шаары жана Чүй облусу), Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун, билим берүү жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет.

Долбоордун максаты - Чүй облусунда жана Ош шаарында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (БМСЖ) деңгээлинде энелерге жана балдарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу. БМСЖ деңгээлиндеги сапаттуу кызматтар натыйжалуу, сарамжалдуу жана жеткиликтүү саламаттык сактоо системасынын негизи болуп саналат. Ошондуктан, баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоо Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын реформалоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

«Бүгүн биз «Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө көмөктөшүү» долбоорунун координациялык комитетинин биринчи отурумуна чогулдук. КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен биргелешкен долбоордун координациялык комитети жөнүндө жобо бекитилип, техникалык тапшырмалар бекитилди. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин саламаттыкты сактоону өнүктүрүү стратегиясында баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоого көп көңүл бурулат жана биз бардыгыбыз биргелешип медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга аракет кылып жатабыз. Министрлик жана GIZ жалпы максаттарыбызга жетүүдөгү узак мөөнөттүү өнөктөштөр жана бул долбоор мунун далили. Бул долбоор БМСЖ деңгээлинде саламаттыкты сактоо системасынын эффективдүүлүгүн чагылдырат, инсанга багытталган мамилени чагылдырат, саламаттык сактоо системасы азыр дал ушуга муктаж болуп турат. Мен дагы бир жолу Торге Маттисон мырза өкүлчүлүк кылган Германиянын Өкмөтүнө, ошондой эле Валери Брош Альварес өкүлчүлүк кылган GIZ долбооруна биздин биргелешкен долбоорлорду жер-жерлерде ишке ашырууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргим келет», - деди министрдин орун басары Бакыт Джангазиев.

Жыйында 2021-жылга карата пилоттук саламаттык сактоо уюмдарында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды: Ош шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борбору, Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борбору, Чүй, Ысык-Ата жана Жайыл облустарындагы жалпы дарыгерлик практика борборлору жана 2022-жылга карата пландар талкууланды.

Долбоор 2021-2023-жылдар аралыгында Германия өкмөтүнүн тапшырмасы жана каржылык колдоосу менен GIZ тарабынан ишке ашырылууда.

22.02.2022
Республика боюнча 7 санитардык-карантиндик пунктта оңдоо иштери аяктады

Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га шашылыш чара көрүү” долбоорунун алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигинин республика боюнча 7 санитардык-карантиндик пункттарында оңдоо иштери аяктады.

Оңдоо иштеринин натыйжасында СКПнын кызматкерлери үчүн кошумча мобилдик кызматтык жай, COVID-19га жана башка жугуштуу ооруларга шектелген бейтаптарды убактылуу жайгаштыруучу изоляторлор пайдаланууга берилди. Бөлмөнүн ичине санитардык тутуктор, душ кабиналары, суу жылыткычтар орнотулуп, суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу жүргүзүлдү. «Кайрагач», «Достук» жана «Иркештам» СКП ларында температураны контактсыз өлчөө үчүн чатыры бар санитардык посттор жана жөө жүргүнчүлөрдү дезинфекциялоочу тосмолор орнотулган. Мындан тышкары, «Кайрагач», «Кызыл-Бел», «Достук» жана «Иркештам» СКПларында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, суу түтүктөрү, пол жабуулары алмаштырылып, дубалдары жылууланды.

Эске салсак, санитардык-карантиндик пункттардын (СКП) инфраструктурасын чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан төмөнкү санитардык карантиндик пункттар тандалган: “Торугарт”, “Иркештам”, “Ысык-Көл аэропорту”, “Достук”, “Кызыл-Кыя”, “Кызыл -Бел”, “Кайрагач”.

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директорунун орун басары Асылбек Сыдыканов белгилегендей: «Аткарылган иштер СКПнын инфраструктурасын чыңдайт, өткөрүү пункттарынан өткөн адамдар арасында коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алат жана чек арадагы инфекциялык көзөмөлдү жакшыртат”.

COVID-19га шашылыш чара көрүү долбоору Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

22.02.2022
Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базаларды пайдалануусуна талдоо жүргүзөт

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 21-февралындагы буйругу менен медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базаларды пайдалануусуна талдоо жүргүзүү максатында комиссия түзүлгөн. 2022-жылдын 15-мартына чейин комиссия жеринде анализ жүргүзөт. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

21.02.2022
«Республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын 2021-жылга карата иши, ошондой эле 2022-жылга милдеттери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын жыйынтыгы боюнча бир катар саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине сөгүш жарыяланды

«Республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын 2021-жылга карата иши, ошондой эле 2022-жылга милдеттери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын жыйынтыгы боюнча
ээлеген кызматынан бошотулду:
Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, Нарын облусунун саламаттыкты сактоо координатору – М.А. Аляскаров;
Баткен районундагы Кулунду ЖДПБнын директору — П.А. Абдуманов;
ММКФ Ош АБнын директору - М.К. Омокеев;
Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин түштүк бөлүмүнүн башчысы – С.М. Кутбаев.
Сөгүш жарыяланды:
Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Чүй облусунун саламаттыкты сактоо координатору – Б.К.Мамытова;
Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, Баткен облусунун саламаттыкты сактоо координатору – А.К. Бөрүбеков;
Жалал-Абад областынын Каракөл ЖДПБнын директору — А. Ырысбеков;
Жалал-Абад областындагы Токтогул ЖДПБнын директору — Н. Жумабаев;
Ош областындагы Папан ЖДПБнын директору — А.Т. Турдуматова;
Эскертүү жарыяланды:
Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо координатору – Б.А. Жайлымышева;
Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, Жалал-Абад областынын саламаттыкты сактоо координатору – З.Ч. Орунбаева;
Ош шаардык ооруканасынын директору, Ош шаары боюнча саламаттыкты сактоо координатору – К.Ж. Ташполотов;
Талас облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, Талас облусунун саламаттыкты сактоо координатору – А.Э. Шамбетова;
Жалал-Абад областтык психикалык ден соолук борборунун директору – М.А. Умарова;
Айдаркен (Э.М. Сулайманов), Кызыл-Кыя (Ж.И. Кадыров), Майлуу-Суу (Докбаев Т.О.), Өзгөрүш (Ю.А. Кожокеева), Үч-Терек (М.К. Орозов) Чаткал (М.М. Исмаилов), Шамалды-Сай (М.М. Медербеков), Таш-Көмур (А.А. Мырзасапаров), Алай (Т.М. Белекбаев), Кочкор (Т. Жумабеков), Самаркандек (М. Т. Атаханов), Сүлүктү (А.А. Ибраимов) ЖДПБларынын директорлоруна;
Чүй облусунун Ысык-Ата райондук Оорулардын алдын алуу жана малекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Н.К. Байганаевага.

19.02.2022
Коллегиянын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана саламаттыкты сактоо системасынын 2022-жылга карата милдеттери аныкталды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана 2022-жылга саламаттык сактоо системасынын алдында төмөнкүдөй милдеттер турат:

 

- Кыргыз Республикасынын калкын COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы эмдөө боюнча кампанияны улантуу;

 

- калктын алардын кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана сапатын жогорулатуу үчүн саламаттыкты сактоо кызматын, баштапкы медициналык-санитардык жардамды, тез медициналык жардамды, стационардык жардамды модернизациялоо;

 

- өлкөнүн трансчек аралык жана интеграциялык саясатын, жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларга эпидемиологиялык көзөмөл системасын эске алуу менен ден соолук тобокелдигин баалоонун жана башкаруунун бирдиктүү улуттук системасын түзүү менен мамлекеттик саламаттык сактоо кызматына заманбап санариптик технологияларды киргизүү; жарандардын майыптыгына жана мезгилсиз өлүмүнө алып келген;

 

- башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен кырсыктарды медицинанын бирдиктүү тутумун түзүү, өзгөчө кырдаалдарда жана кырдаалдарда ыкчам аракеттенүү механизмдерин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү;

 

- саламаттыкты сактоо системасында бирдиктүү маалыматтык системаны ишке киргизүүнү активдештирүү, ага коомдук саламаттыкты сактоо, милдеттүү медициналык камсыздандыруу, баштапкы медициналык-санитардык жардам жана стационардык жардам, ошондой эле лабораториялык жана диагностикалык кызматтар, сапатты контролдоо жана көзөмөлдөө; маалыматтарды борборлоштурулган иштетүүнү, маалыматтык коопсуздукту, маалыматтык системаларга реалдуу убакыт режиминде жеткиликтүүлүктү жана башка маалымат системалары менен интеграцияны камсыз кылууга жөндөмдүү дары-дармек каражаттарынын, медициналык багыттагы буюмдардын натыйжалуулугун жана коопсуздугун;

 

- калктын саламаттыгын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон дары-дармек каражаттарынын стратегиялык запастарын түзүү. дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу органдын функцияларын күчөтүү жана жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга бааларды жөнгө салуу системасын түзүү аркылуу дары-дармек каражаттарынын, медициналык буюмдардын жүгүртүүсүн электрондук жөнгө салуу жана башкаруу системасын ишке ашыруу;

 

- менчигинин түрүнө карабастан жана өлкөнүн бардык региондорунда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын жана стационардык жардамдын саламаттык сактоо уюмдарында, коомдук саламаттыкты сактоо кызматтарында телемедицина кызматтарын жигердүү киргизүү үчүн мыйзамдык базаны иштеп чыгуу;

 

- региондордо кадрдык ресурстарды пландаштырууну жана башкарууну эске алуу менен медициналык билим берүүнү реформалоо, ар кандай деңгээлдеги бардык медициналык адистиктер боюнча бюджеттик орундарды зарыл көбөйтүү, заманбап маалыматтык, медициналык технологиялар, илимий жана практикалык мамиле, медицина илимин өнүктүрүү жана институционалдык негиз далилдүү медицина;

 

- медициналык кызматкерлерди стимулдаштыруу, анын ичинде эмгек акыны этап менен жогорулатуу, социалдык кепилдиктерди кеңейтүү жана башка колдоо чаралары боюнча сунуштарды киргизүү;

 

- медициналык кызматкерлерди амбулаториялык деңгээлде жана стационарларда акысыз медициналык жардам алууга укуктуу жарандардын категорияларынын тизмесине киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү;

 

- транс майларын, кантты, генетикалык модификацияланган продукцияны камтыган тамак-аш азыктарынын сапат стандарттарын, өндүрүү технологиясын, жеткирүү жана коопсуз сактоону бекитүү;

 

- жогору турган органдардын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин иш-чаралар планын жана тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

 

- штаттык нормативдерге жана медициналык жана медициналык эмес персонал үчүн жүктөмдүн ченемдерине функционалдык талдоо жүргүзүү;

 

- башкарууну башкарууда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин потенциалын үзгүлтүксүз жогорулатуу;

 

- лабораториялык кызматты жана шашылыш медициналык кызматты модернизациялоо;

 

- мамлекеттик сатып алуулар порталында дары-дармек каражаттарын жана медициналык техниканы сатып алууну оптималдаштыруу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча дары-дармек каражаттарына бааларды жөнгө салуу механизмдерин киргизүү процессин тездетүү, Улуттук банктын дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды колдонуу менен аларды төмөндөтүү үчүн бааларды көзөмөлдөө;

 

- республиканын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо боюнча мындан аркы координацияны күчөтүү;

 

- COVID-19 менен күрөшүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын жеке коргонуу каражаттары, дары-дармек каражаттары, дезинфекциялоочу каражаттар, медициналык жабдуулар менен камсыз болушуна үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;

 

- калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдештирүү, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет сайттарда үзгүлтүксүз баяндамаларды уюштуруу. Видеолорду иштеп чыгуу жана жайылтуу.

19.02.2022
2021-жылдын жыйынтыгы: Лабораториялык кызматтар

 Учурда республикада COVID-19 илдетин аныктоочу 18 лаборатория, анын ичинде коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын 9 лабораториясы, Улуттук фтизиатрия борборунун лабораториясы, 2 ветеринардык лаборатория жана 6 жеке менчик лаборатория бар.

 

ИӨБ колдоосу менен республиканын аймактарында жеңил конструкциялардан курулган 10 лабораториялык модулдарды орнотуу боюнча монтаждоо иштери жүрүп жатат, анын ичинде 5 жаңы лаборатория Ноокат, Ноокен, Кадамжай, Сокулук райондорунда жана Каракол шаарында курулууда, жабдуулар, керектелүүчү материалдар, тест-системаларынын топтомдору сатылып алынган. Техникалык компетенттүүлүгүн тастыктоо үчүн 2020-жылы Улуттук вирусологиялык лаборатория эл аралык деңгээлде сапатты тышкы баалоого 3 жолу катышкан, жыйынтыктары канааттандырарлык.

19.02.2022
Жыл жыйынтыгы: Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматы

2022-жылдын 31-январына карата 2223 адам гемодиализ алат. (2016 - 711, 2017 - 1020, 2018 - 1314, 2019 - 1488 бейтап), бүгүнкү күндө жеңилдетилген жана бюджеттик гемодиализ алуу үчүн кезек жок, комиссия арыздарды кабыл алуу катары жумасына 1-2 жолудан өткөрүп турат.

 

2021-жылы Бирдиктүү төлөөчү системасында гемодиализ кызматтарын көрсөтүү боюнча келишимдер 36 саламаттыкты сактоо уюмдары, анын ичинде 33 жеке менчик медициналык борборлор жана 3 мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары менен түзүлгөн.

 

2021-жылдын 31-декабрына карата Гемодиализ базасынын реестрине бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен 1922 бейтап кирет. Жеңилдетилген гемодиализ сеанстарына пациенттердин тизмеси Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлөт. Отчеттук мезгилде гемодиализдин 249,2 миң сеансы каралган.

 

КР Саламаттык сактоо министрлиги МЖӨ долбоору боюнча 283 гана бейтапты каржылайт, алар Fresenius Medical Care KGZ 279 бейтапты кабыл алышат, мында 1 сессиянын баасы 6812,50 сомду түзөт.

19.02.2022
2021-жылдын жыйынтыгы: Дары-дармек менен камсыздоо

2021-жылга камсыздандырылган жарандарды жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоого 353,7 млн ​​сом, социалдык маанилүү 5 оору боюнча 55,0 млн сом каралган.

 

Жалпы санариптештирүүнүн алкагында республиканын бардык аймактарында жеңилдетилген рецепттерди электрондук түрдө берүүгө мүмкүндүк берүүчү «Электрондук рецепт» маалымат системасы ишке киргизилди.

 

2021-жылы (учурдагы маалыматтар боюнча) бардыгы болуп 1354,7 миң жеңилдетилген көрсөтмөлөр берилген, анын ичинде калктын камсыздандырылган категориясы үчүн 1252,7 миң, калктын жеңилдетилген категориясы үчүн 102,0 миң. Аткарылган жеңилдетилген көрсөтмөлөр боюнча компенсациялардын жалпы суммасы 340, 3 миллион сом, анын ичинде калктын камсыздандырылган категориясы — 290,9 миллион сом, калктын женилдетилген категориясы — 49,4 миллион сом.

19.02.2022
2021-жылдын жыйынтыгы: Социалдык дарыканалар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-августундагы № 301 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категориялары үчүн дары-дармек каражаттары менен жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында” токтомун ишке ашыруунун алкагында “Социалдык дарыкана” ишке киргизилди. Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн райондорунда жана Ош шаарында ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жана Жалал-Абад шаарында. Ош облусунун Араван районунда жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак райондорунда социалдык дарыканаларды ачуу баскычында.

19.02.2022
Жыл жыйынтыгы 2021: Эне жана баланын ден соолугун коргоо

Кыргыз Республикасында медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана энелердин өлүмүн азайтуу максатында 2021-жылга энелердин өлүмүнүн жогорку медициналык-социалдык тобокелдик тобуна кирген аялдар үчүн 5,2 млн сомго контрацептивдер сатылып алынган. COVID-19 учурунда кош бойлуу аялдар, төрөгөн аялдар үчүн маршруттук баракча иштелип чыкты. Республикадагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен Бишкек шаарында – КТҮ №2, Ош шаарында - Перинаталдык борбор, облустук ооруканадардын бардык төрөт бөлүмдөрүндө COVID инфекциясын жуктурган кош бойлуу жана көз жарган аялдар үчүн обсервациялык бөлүмдөр жана изоляторлор даярдалды.

 

ЕВРО/ДССУнун эки жылдык “Энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу үчүн стационардык жардамдын сапатын жогорулатуу, ТӨМ алкагында саламаттык сактоонун максаттарына жетишүүнү тездетүү” долбоорунун алкагында мыкты тажрыйбаларды сыноо жана далилдүү медицинанын жана акыркы эл аралык сунуштардын негизинде энелердин, жаңы төрөлгөн балдардын жана балдардын ооруларын жана өлүмүн азайтуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн 10 пилоттук саламаттык сактоо уюмдары аныкталды.

 

Антенаталдык кам көрүү боюнча медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана кош бойлуу аялдарга, төрөтү жакындаган аялдарга жана алардын өнөктөштөрүнө жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында «Төрөт мектебинин иши жөнүндө», «Сексуалдык зомбулукка кабылган адамдарга медициналык жардамды уюштуруу жана көрсөтүү, жаңы төрөлгөн ымыркайларды баштапкы деңгээлде көзөмөлдөө жөнүндө» колдонмо/клиникалык протоколдор, ошондой эле төрөт бөлүмүндө жаңы төрөлгөн ымыркайларды багуучу акушеркалар үчүн СОПтор бекитилди.

 

Сузак жана Ноокат райондорундагы ЖДПБнын деңгээлинде пилоттук режимде ЮНИСЕФтин колдоосу менен балдарга сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер/мед айымдар тарабынан үйгө баруу жүргүзүлүүдө.

19.02.2022
2021-жылдын жыйынтыгы: Эндокринологиялык патологиясы бар бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү

Эндокринологиялык патологиясы бар бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү бардык ҮМБда жана ЖДПБда бейтаптарга амбулаториялык жардам БМСЖ дарыгерлери жана эндокринологдору тарабынан көрсөтүлөт. Адистештирилген жана жогорку технологиялык жардамды Улуттук госпиталдын эндокринология бөлүмдөрү, УЭжБКБ, ООАБКО, УКжТБ көрсөтөт. Хирургиялык жардам УХБ, УГ, УОБда көрсөтүлөт. Областтык денгээлде бардык аймактык ооруканаларда эндокринологиялык керебеттер бар Эндокринологиялык борбор республиканын калкына эндокринологиялык жардам көрсөтүү боюнча координациялык борбор болуп саналат.

 

2021-жылы диабетке каршы дарылар (инсулин) республикалык бюджеттен жалпы суммасы 116,5 миллион сомго сатылып алынган. Кант диабети менен ооругандардын саны жыл сайын көбөйүп жаткандыктан бөлүнгөн каражат жетишсиз болууда. ММКФ аркылуу инсулин терапиясында болгон камсыздандырылган бейтаптар кандагы глюкозаны аныктоо үчүн жылына 500 даана өлчөмүндө тесттик тилкелерге жеңилдетилген рецепттерди алууга мүмкүнчүлүк алышат, ал эми 2-типтеги диабет менен ооругандар үчүн кошумча пакеттин алкагында метформин алышат. 

19.02.2022
2021-жылдын жыйынтыгы: Тез медициналык жардам көрсөтүү

Калкка ыкчам медициналык жардам көрсөтүүнү 2 борбор жана 138 тез медициналык жардам бөлүмү көрсөтөт, алар оперативдүү маалыматтар боюнча 765717 бейтап (2020-ж. - 789883), анын ичинде Бишкек шаары боюнча - 2020-ж. 110145 бейтап (2020-135191) жана Ош шаары -67662 (2020-66254).

 

ТМБ борборлорунда жана бөлүмдөрүндө 107 жалпы медициналык бригада, 484 фельдшердик жана 102 адистештирилген бригада бар. Республика боюнча бардыгы болуп 405 тез жардам унаасы бар, анын 344ү жакшы абалда, 61и бузулган, анын 40%ы эсептен чыгарууга муктаж.

 

Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам борборунда (ТМБ) калкка тез жардамды 155 бригада көрсөтөт, анын ичинен 64ү жалпы, 11и фельдшердик бригада, 80и адистештирилген бригада. Бишкектеги ТМБда 57 бирдик автомобил бар, анын ичинен — 48и техникалык жактан жакшы абалда, калгандары эсептен чыгарууга тийиш.

 

Бишкек шаарындагы ТМБны башкаруунун автоматташтырылган системасы 2018-жылдын декабрь айынан бери штаттык режимде иштеп жатат.

 

Ош шаарында шаар калкына тез жардамды 52 бригада – 26 жалпы медициналык бригада, 4 фельдшердик, 5 педиатриялык, 6 кариологиялык, 5 реанимация жана 6 психиатриялык бригада көрсөтөт.

19.02.2022
2021-жылдын жыйынтыгы: Медициналык тейлөө системасы

2021-жылы республиканын калкына 126 уюм, анын ичинде стационардык медициналык жардам көрсөттү. Улуттук оорукана -1, Улуттук борборлор - 6, Илимий-изилдөө институттары -6, аймактык ооруканалар -7, ЦОВП - 61, балдар ооруканалары - 2, Гинекологиялык жана төрөт үйлөрү -3, чоңдордун реабилитациялык борборлору - 2, балдардын кургак учукка каршы реабилитациялык борборлору -4 18 оорукана Калкка биринчи медициналык жардамды 17 ҮМБ жана 61 ЖДПБ көрсөтүп, аларда 684 ҮДТ жана 1059 ФАП жайгаштырылган.

 

Биринчи медициналык жардам

 

Республиканын калкына баштапкы медициналык-санитардык жардамды 17 ҮМБ (01.01.2021-ж. – 49), 61 ЦЭП (01.01.2021-ж. – 29) көрсөткөн, аларда 684 ҮДТ жана 1059 ФАП иштейт. 2021-жылдын аягында 4 ҮМБнын ордуна Бишкектеги Бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору кайра түзүлдү, Бишкек шаарында 10 ҮМБ түзүлдү.

 

2021-жылы ооруканалар тармагында реорганизациянын натыйжасында ЖДПБнын саны 32ге көбөйгөн, ҮМБ саны 32ге кыскарган (01.01.2021-ж. – 49; бардыгы 01.01.2022-ж. – 17) ). ҮДП 2021 – 684 (2020 – 678), ФАП 01.01.2022 – 1059 (2021 – 1057).

19.02.2022
2021-жылдын жыйынтыгы: 2021-жылдын 12 айындагы энелердин өлүмү боюнча ыкчам маалымат

2021-жылдын 12 айында республика боюнча энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү COVID-19 жана атиптүү пневмония учурларын эске алуу менен 100 000 тирүү төрөлгөнгө 37,1ди түздү, б.а. төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде 57 аял каза болду. Көрсөткүчтүн 14,6%га азайышы байкалып, 2020-жылдын ушул эле мезгилинде 43,5 же 67 аял каза болгон.

 

57 учурдун 16 учуру (28,1%) COVID-19 жана атиптүү пневмониядан кош бойлуу жана төрөгөн аялдар арасында каза болгон.

 

Энелердин өлүмүнүн себептеринин түзүмүндө 2021-ж. биринчи орунда ЭГЗ турат - 17 учур (29,8), анын ичинен 16 учурда - COVID 19 жана атиптүү пневмония жана пост-COVID ооруулардан каза болгон. Андан кийин 12 учур (21,1%) сепсис жана преэклампсия, эклампсия, кан кетүүдөн 9 учур (15,8%), өпкө эмболиясынан 5 учур (8,8%) жана 2 учур (3,5%) үй шартында каза болгон жана өлүмдүн себеби белгисиз болгон.

19.02.2022
2021-жылдын жыйынтыгы: 2021-жылдын 12 айындагы ымыркайлардын өлүмү боюнча ыкчам маалыматтар

Ыкчам маалыматтар боюнча 2021-жылы 153 631 төрөт катталган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 429га аз (2020-ж. – 154060 төрөлгөн).

 

Ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү 2021-жылдын 12 айынын оперативдүү маалыматтары боюнча 1000 төрөлгөнгө 15,6 (2020-жылы - 15,0) түзүп, 4,3%га өскөн.

 

2021-жылдын 12 айында каза болгон 1 жашка чейинки балдардын саны 90 балага көбөйгөн (2021-жылы 2395, 2020-жылы 2305).

 

Республика боюнча ымыркайлардын өлүмүнүн себептеринин түзүмүндө биринчи орунду перинаталдык мезгилде пайда болгон оорулар жана шарттар ээлейт (2021-ж. - 58,4% же 1398 бала; 2020-жылы - 62,5% же 1443 бала), б.а. өткөн жылга салыштырмалуу 6,5%га азайган. Экинчи орунда тубаса аномалиялар (2021-ж. - 17,3% же 414 бала; 2020-жылы - 16,2% же 374 бала), өсүү 6,7%. Үчүнчү орунда дем алуу органдарынын оорулары (2021-ж. – 9,6% же 231 бала; 2020-жылы – 8,6% же 198 бала), өсүү 11,6%.

19.02.2022
2021-жылдын жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугунун абалы

       Кыргыз Республикасынын орточо жылдык туруктуу калкынын саны 2022-жылдын 1-январына карата 6691,4 миң адамды түздү. Калктын курактык структурасында эмгекке жарамдуу курактан жаш адамдардын(0-15 жашка чейинки)  үлүшү 37,8%, эмгекке жарамдуу курактагылар - 57,2%, эмгекке жарамдуу курактан улуулар - 8,2% түзөт.

  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (УСК) расмий маалыматы боюнча, 2021-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча төрөттүн көрсөткүчү өзгөрүүсүз калып, калктын 1000ине 23,8ди түздү (2021-жылы – 23,8). 11 айдын жыйынтыгы боюнча төрөлгөндөрдүн саны 145946 болуп, 2020-жылга салыштырмалуу 2602ге көп.

 

 Калктын жалпы өлүмүнүн көрсөткүчү КР УСКнын алдын ала маалыматтары боюнча өткөн жылга салыштырмалуу -1,7%га бир аз төмөндөп, калктын 1000ине 5,8ди түздү (2020-ж. - 5,9). 2021-жылдын 11 айында каза болгондордун саны -35607 (2020-35718) 111ге азайган.

 

Демек, 11 айдын жыйынтыгы боюнча КР УСКнын маалыматы боюнча калктын табигый өсүү темпи өзгөрүүсүз калып, 2022-жылдын 1-январына карата калктын 1000ине 18,0 (2020-ж. -17,9) түздү.

 

Кыргыз Республикасынын калкынын өлүмүнүн себептеринин түзүмүндө биринчи орунду кан айлануу системасынын оорулары ээлейт - 51,8% (2020-ж. - 51,6%), экинчи - 10,3% (2020-жылы -12,4%). , үчүнчү – өлүмдүн тышкы себептери – 7,0% (2019-жылы – 5,5%), төртүнчүдө – инфекциялык жана мите оорулары – 69,2% (анын ичинде COVID-19) (2020-жылы – 6,7%), бешинчи – тамак сиңирүү органдарынын оорулары – 5,2 (2020-ж.) -5,2%). Дем алуу органдарынын оорулары 4,4% түзөт (2020-ж. - 7,4%).

19.02.2022
2021-жылдын жыйынтыгы: Саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасын жакшыртуу

Германия өнүктүрүү банкынын көмөгү менен Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаңы тез жардам бөлүмүнүн 2 кабаттуу имаратынын курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди (3 млн евро); Ош (13 млн евро), Талас (6 млн евро) шаарларында перинаталдык борборлорду куруу жана жабдуу боюнча жаңы долбоордун алкагында оорукананын имараттарын долбоорлоо башталды.

 

Ислам өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен республиканын аймактарында 10 жаңы вирусологиялык лабораторияларды куруу жана жабдуу иштери улантылып, 2022-жылдын март айында бардык объектилерди эксплуатацияга берүү пландаштырылууда:

 

- Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында 961 485,25 долларга 5 вирусологиялык лабораториянын курулушу аяктады;

 

- Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагындагы 5 вирусологиялык лаборатория 897 097,42 долларга. Курулуп жаткан объектилер, 2022-жылдын 1-январына карата даярдыгы 40-60%;

 

- жалпы суммасы 904 871,55 долларга лабораториялык жабдууларды жана эмеректерди, ошондой эле реагенттерди жана чыгымдалуучу материалдарды жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн.

 

Ислам Өнүктүрүү Банкынын “COVID-19 долбоорунун алкагында өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү жана жооп кайтаруу” долбоорунун алкагында пикап тибиндеги 15 санитрадык унаасы сатылып алынып, райондор аралык борборлорго жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилди.

 

Бүткүл дүйнөлүк банктын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен, “Коопсуз шаар” долбоорунун эсебинен 152 даана тез жардам унаалары, ар кандай модификациядагы санитардык унаалар – 55 даана, бардыгы болуп 207 даана сатылып алынып, жеткирилди. Ошондой эле медициналык жабдууларды, анын ичинде BiPAP аппараттарын, жогорку агымдагы кычкылтек терапиясын, өпкөнү жасалма желдетүү аппараттарын, кычкылтек концентраторлорун, диагностикалык жабдууларды, саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн функционалдык керебеттерди сатып алуу жана жеткирүү ишке ашырылды.

 

ЮНИСЕФ менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин биргелешкен Япония Өкмөтү тарабынан каржыланган «Эне жана баланын ден соолугун коргоо тутумун чыңдоо» долбоорунун алкагында билирубиндин деңгээлин инвазивдүү эмес аныктоочу «Жираф» аппараттары жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардагы сары ооруну дарылоо үчүн SPAP аппараттары сатылып алынып, УЭжБКБ, БОБО, ЖОКБО, ООАБКО, ОШКО, №2КТҮ жеткирилди; Савина-Дрэгер ИВЛ аппараттары ООАБКО, БОБО, ЖОКБОго жеткирилди.

 

V Кургак учук менен күрөшүү программасынын алкагында KfW донору тарабынан Бишкек шаарында 140 орундуу шаардык кургак учук ооруканасынын курулушу башталды, Долбоордун суммасы 6,5 млн евро (грант). Курулуш 2020-жылдын башында башталган. Учурда оорукананын бардык курулуш-монтаждоо иштери жана аймакты көрктөндүрүү иштери 98%га аткарылган. Медициналык жабдууларды сатып алуу боюнча тендердик документтер даярдалды.

 

АӨБ тарабынан каржыланган “COVID-19 пандемиясы боюнча ыкчам долбоорду” ишке ашыруунун алкагында жабдууларды жана жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу менен бирге 17 саламаттык сактоо уюмдарында (мындан ары - ССУ) оңдоо иштери пландаштырылган, анын ичинен төрт ССУда (Ноокат, Сузак райондорунун ЖДПБ, Ысык-Көл облустук ооруканасы, ЖДПБ, Бишкектеги №1 шаардык клиникалык оорукана,) бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Калган 14 саламаттыкты сактоо мекемесинде оңдоо-курулуш иштери уланууда. Жалпы суммасы: 119 762 482,75 сом

 

ГАВИ Саламаттыкты сактоо системасын жакшыртуу долбоорунун алкагында жалпы иш жүзүндөгү 1 593 725,00 сомго 5 сынак өткөрүлдү:

 

а) Вакциналарды сактоо үчүн тоңдургучтар (муздак тоңдургучтар) алынды – Республикалык иммунопрофилактика борборуна 680 000 сомго 4 тоңдургуч алып келүү үчүн «Эл-Фарм» ЖЧКсы менен 1 келишим түзүлдү;

 

б) Республика боюнча ОАжМСЭК борборлорунун медициналык кызматкерлери үчүн муздак чынжырды колдонуу боюнча тренингдерди уюштуруу кызматы (конференция кызматы) - жалпы суммага 2 келишим жана 1 кошумча келишим түзүлгөн: Карабин ЖЧКсы - 51904 сом, «БекС и Компани» ЖЧКсына - 213 085 сом суммасында;

 

в) Каракол ОАжМСЭК борборун үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн автономдуу генератор сатып алуу «Орион Голд» ЖЧКсы менен 492 776 сомго келишим түзүлгөн.

 

Республиканын аймагына коронавирустук инфекциянын киришинин алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында 11 туруктуу иштөөчү санитардык-карантиндик пункт жана 5 убактылуу санитардык көзөмөл пункту тартылып, күнү-түнү нөөмөт уюштурулган. “COVID-19 боюнча өзгөчө кырдаал долбооруна” (Дүйнөлүк банк) ылайык, санитардык көзөмөл-өткөрүү пункттарын техникалык камсыздоо үчүн СКП оңдоо иштери жүргүзүлүп, автотранспорт жана оргтехникалар сатылып алынууда. $141,076,0 жалпы суммасы үчүн.