Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
29
12
2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
19.02.2022
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү
Бүгүн, 19-февралда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын 2021-жылга карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, ошондой эле быйылкы жылы ведомствонун алдында турган милдеттер талкууланды.
Коллегия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, министрлердин орун басарларынын, ведомстволук уюмдардын жетекчилеринин, ошондой эле республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.
Күн тартибинде республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишмердүүлүгү, мамлекеттик саламаттыкты сактоо кызматынын ишмердүүлүгү, дары-дармек саясаты жана саламаттыкты сактоо системасында санариптештирүүнү илгерилетүү маселелери каралды.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Жалалидин Рахматулаев, Улук-Бек Бектурганов, Бакыт Жангазиевдин ишмердүүлүктүн жетектелген багыттары боюнча жетишкендиктери боюнча баяндамалары угулду.
18.02.2022
Кант диабети дүйнө жүзү боюнча ар бир 5 секунд сайын бир адамдын өмүрүн алат
18-февралда Бишкекте Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин катышуусунда Кыргызстанда кант диабетинин аныкталышынын төмөндөп кетишине байланыштуу тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдун максаты - Кыргыз Республикасындагы баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде кант диабетин эрте диагностикалоо көйгөйлөрүн талкуулоо жана чечүү жолдорун аныктоо үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүү.
Кант диабети (КД) 21-кылымдын илдети деп жарыяланган жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2030-жылга карата өлүмдүн жетинчи негизги себеби болуп калат деп болжолдонууда. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 350 миллионго жакын адам бул өнөкөт оорудан жапа чегишет. Бейтаптардын 90% 2-типтеги кант диабети менен ооруйт, ал ашыкча салмакка байланыштуу инсулинге резистенттүүлүк (кабыл албоочулук) жана уйку безинин бета-клеткаларынын инсулинди жетиштүү санда өндүрүү жөндөмдүүлүгүнүн начарлашынын айкалышы менен мүнөздөлөт. Инсулин жетишсиздигинин натыйжасында кандагы канттын деңгээли көтөрүлөт жана бул организмдин көптөгөн системалары үчүн уулуу.
«Кант диабети – майыптуулукка алып келген эң кеңири тараган оорулардын бири, анын өтүшүп кетиши өлүмгө алып келет. Саламаттыкты сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун “Кант диабетин көзөмөлдөө” долбоорунун алкагында кант диабетин алгачкы баскычта аныктоо үчүн скрининг жүргүзүүнү пландоодо”, - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Нургүл Ибраева.
Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде КД менен күрөшүүнүн натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда кант диабетинин алгачкы стадиясында аз аныкталгандыгы белгиленген.
Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институтунун эндокринология курсунун башчысы Роза Султаналиеванын маалыматы боюнча, акыркы жылдары Кыргызстанда, дүйнөнүн башка мамлекеттериндегидей эле, кант диабети менен ооругандардын саны 3.4 эсеге өскөн, анын ичинде 96% ын 2-типтеги кант диабети менен ооругандар түзөт. «Бүгүнкү күндө кант диабети дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо тармагына чакырык таштады. Кант диабети менен ооругандардын саны катастрофалык түрдө өсүп, чоң оорчулук жаратууда, анткени ал системасынын бардык органдарына таасир этет. Дүйнөдө ар бир 5 секундда 1 адам кант диабетинен каза болот. КД өтө кымбат оору болуп эсептелет, Кыргыз Республикасында бул ооруну дарылоого мамлекеттик бюджеттин 20-25% жумшалат. Оорунун алдын алуу алда канча арзан. Андыктан сергек жашоо образын кармангыла, туура тамактанып, салмагыңарга көңүл бургула», - деди Роза Султаналиева.
Диабеттин тобокелдик факторлору туура эмес тамактануу, ашыкча салмак, физикалык активдүүлүктүн жоктугу, туруктуу стресс менен байланышкан. Адамдар так түшүнүшү керек: ооруну жана анын оор кесепеттерин (кант диабети, муун оорулары, көрүүнүн начарлашы, бөйрөктүн жетишсиздиги, миокард инфаркты) алдын алуунун негизги чарасы - кандагы кантты өз убагында тестирлөө.
Мындай жагдайда эмне кылса болот? Профилактикалык медицина, сергек жашоо образы, адамдын өз ден соолугу үчүн жоопкерчилик алуусу азыркы учурда олуттуу мааниге ээ. Биринчи кезекте, 2-типтеги кант диабетин алдын алуу зарыл жана бул мүмкүн. Атап айтканда, сергек жашоо образы кант диабетинин өнүгүшүн алдын алууга жардам берет. Буга чейин кант диабети менен ооруган адамдар үчүн, ал оорунун өтүшүп кетүү коркунучун азайтат.
2020-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда кант диабети менен 62 878 бейтап катталганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эндокринологиялык борбор билдирди. Алардын ичинен 1-типтеги кант диабети менен 2499 адам жабыркайт. Ооругандардын саны жыл сайын көбөйүүдө.
Диабеттин алдын алуунун негизги принциптери:
— Рационалдуу жана тең салмактуу тамактануу
— Жетиштүү физикалык активдүүлүк
— Ашыкча салмактан арылуу
—Стресс жараткан кырдаалдарга туура реакция кылуу
Кант диабетин аныктоо маселелери боюнча ар бир адамдын кылдаттуулугун жогорулатуу зарыл, Кыргызстандагы ар бир адам кандагы канттын деңгээлин билиши керек.
18.02.2022
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен көз оорулар клиникасы кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карашат
Бүгүн, 2022-жылдын 18-февралында, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев көздүн торчо челине витреоретиналдык операция жасаган «Кудрет көз» клиникасына барды. Клиниканын жетекчилиги министрге клиниканын ар кандай көз оорулары менен ооруган бейтаптарга көрсөткөн кызматтары тууралуу маалымат берди, жогорку адистештирилген жабдуулардын ишин көрсөттү. Мындан тышкары, жыйында көз клиникасында акциялар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, калктын социалдык аялуу катмарынын өкүлдөрүнө акысыз диагностика жана зарыл болгон учурда хирургиялык кийлигишүү, операцияга жеңилдик берилип жаткандыгы айтылды. «Сиздердин клиникаңыз Түркиядагы эң мыкты көз клиникаларынын бири болуп саналаарын билебиз, ошондуктан көз оорусу менен жабыркаган жарандарыбыз да чет өлкөгө чыкпастан жогорку квалификациялуу жардам алуудан пайда алышат, анткени чет өлкөгө чыгуу дагы кошумча каржылык чыгымдар менен байланыштуу. Мен биздин узак мөөнөттүү кызматташуубузду чыдамсыздык менен күтөм», - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумду түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашты, анын алкагында калктын социалдык аялуу катмарындагы көз оорулары менен ооруган бейтаптар Кыргызстандан чыкпай туруп эле жогорку квалификациялуу медициналык жардам ала алышат.
18.02.2022
Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги №2 төрөт үйүндө болду
Бүгүн, 2022-жылдын 18-февралында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус инфекциясын жуктурган кош бойлуу аялдарды жана төрөт учурундагы аялдарды кабыл алуу үчүн пандемия башталгандан бери ковид ооруканасы катары иштеп жаткан Бишкек шаарындагы №2 клиникалык төрөт үйүндө болду.
Төрөт үйүндө дарыгерлер министрге 16-февралдан тарта COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал турукташканына байланыштуу алардын “кызыл зонасы” жабылып, санитардык тазалоодон кийин аялдарды кадимкидей тартипте кабыл алуу жанданганын айтышты.
Ошондой эле, №2 КТҮнүн жетекчилиги министрдин аракети менен буга чейин жеке клиника жайгашкан имарат кайрадан төрөт үйүнө кайтарылып жатканын белгиледи.№2 КТҮнүн башкы дарыгери Майрам Керималиева бул имаратта аялдарды текшерүү үчүн бардык керектүү жабдыктары бар гинекологиялык жана амбулатордук диагностикалык бөлүм ачууну пландап жатканын министр менен бөлүштү.
18.02.2022
Дары-дармек департаменти №17 ҮМБда Экстенбензатин препаратынын өлүмгө алып келген натыйжасына анализ жүргүзүүдө
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарын колдонуудагы терс реакцияларга мониторинг жүргүзөт, анын максаты дары-дармек каражаттары менен терс реакциялардын себептик байланышын өз убагында аныктоо болуп саналат.
№17 ҮМБда «Экстенбензатин» препаратынан өлүмгө алып келген анафилактикалык шок учуру боюнча, азыркы тапта бул препаратты колдонууга байланыштуу Бишкек шаарынын тургуну М.Б.да пайда болгон олуттуу терс реакциянын себептик байланышына талдоо жүргүзүлүп жатканын билдирет.
Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти жыл башынан бери дарыларды туура эмес колдонуу, өз алдынча дарылануу, антибактериалдык дарыларды дарыгердин көрсөтмөсүсүз колдонуу көбөйгөнүн билдирди.
Ушуга байланыштуу ушул жылдын башынан бери эле өлүмгө алып келген олуттуу терс реакциялардын 4 учуру катталган.
Бейтаптардын коопсуздугу жөнгө салуучу органдын башкы приоритеттүү иши болуп саналат жана Дары-дармек департаменти медициналык адистерди, ошондой эле бейтаптарды терс реакциялар тууралуу активдүү билдирүүгө чакырат.
Дары-дармектердин терс реакциялары жөнүндө маалымат берүү үчүн кайрылуу жолдору:
• Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин шыр байланыш телефону - 0800 800 26 26;
• www.pharm.kg сайтында электрондук картаны толтуруу;
• MedSafety мобилдик тиркемеси;
• электрондук почта: dlsmi@pharm.kg;
• факс: 21 05 08.
18.02.2022
КР Саламаттыкты сактоо министри Адамдын репродукциясы борборунун иши менен таанышты
2022-жылдын 17-февралында саламаттыкты сактоонун 3-даражадагы уюмдарынын ишин талдоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Адамдын репродукциясы кыргыз илимий борборуна барды.
Министр өздүк курам менен болгон жолугушууда саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, алардын калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуудагы маанисине токтолуп, быйылкы жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында турган максаттарды жана милдеттерди билдирди. Ошондой эле министр медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча эсептөөлөр жүрүп жатканын билдирди.
Жыйында борбордун жетекчилиги ийгиликтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү иштеши үчүн ЭКУ (ЭКО) процедурасын кайра баштоо үчүн кадрдык потенциалын жогорулатуу жана кошумча жабдыктар менен жабдуу, эмбриология, репродуктология жана гинекологиялык эндокринология боюнча адистерди даярдоо зарылдыгын билдирди.
Министр эне менен баланын ден соолугун коргоо министрликтин ишиндеги маанилүү артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. «Бүгүнкү күндө борбордун мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары ЭКУ программасын пландоодон баштап, наристе төрөлүүсү менен аяктаган комплекстүү кызматты сунушташы керек. Мамлекеттик мекемеде ЭКУ кызматын өнүктүрүү үй-бүлөлөргө бактылуу ата-эне болууга мүмкүндүк берет жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы чет өлкөлөргө же жеке клиникаларга караганда арзан болот. Ошондуктан Саламаттыкты сактоо министрлиги борбордун адистерин окутууну уюштуруу, ошондой эле материалдык-техникалык базаны жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн карайт”, -деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.
Иш сапардын жыйынтыгында министр репродукция илимий борборунун жетекчилигине ЭКУ бөлүмүндөгү жабдууларга метрологиялык көзөмөл жүргүзүү, керектүү жабдуулардын тизмесин түзүү жана экстракорпоралдык уруктандыруу боюнча программалардын санын көбөйтүүнү тапшырды.
17.02.2022
Жеке клиника жайгашкан дагы бир имарат КР Саламаттыкты сактоо министрлигине кайтарылат
А.Исманкуловдун «Көздүн микрохирургиясы» клиникасы менен келишими бузулду.
Бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №2 клиникалык көп тармактуу ооруканага барды. Министр оорукананын жетекчилиги менен жолугушуп, А.Исманкулов атындагы "Көздүн микрохирургиясы" клиникасы жайгашкан экинчи корпуста коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптар үчүн керебеттерди жайгаштыруу боюнча даярдык иштери менен таанышты.
Министр аталган клиника менен болгон ижара келишимин Бишкек мэриясы бузганын белгилеп, «кызыл аймактын» керебет-орундуктарын көчүрүү иштерин жана негизги корпустун керебеттерин соматикалык оорулары бар бейтаптарды кабыл алууга тез арада даярдоону тапшырды.
Ошондой эле, министр Бишкек шаарынын мэриясы Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйүнүн имаратында жайгашкан "КАМЕК" көп профилдүү клиникасы менен ижара келишимин бузганын белгиледи.
17.02.2022
“Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унаасын тапшырды
2022-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн жана Бишкек шаарындагы Ыкчам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметовдун катышуусунда тез жардам унаасын тапшыруу аземи болду.
Fiat Ducato үлгүсүндөгү тез жардам унаасы керектүү медициналык жабдуулар менен толук жабдылган.
Реанимобилдин жабдылышы:
- ИВЛ
- кычкылтек баллону 2х10 л;
- кычкылтекти жөнгө салгыч;
- кычкылтектин сарпталышын өлчөгүч;
- Соргуч түтүк;
- Негизги замбил
- айкалыштырылган замбил;
- айланма бүктөлүүчү отургуч;
- бекитилген бүктөлүүчү отургуч;
- механикалык желдеткич;
- термометр;
- баштапкы жардам сумкасы;
- стетоскоп;
- Пульсоксиметр ж.б.
Министр өз сөзүндө «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин жетекчилигине саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, тез жардам унаасы түрүндөгү бул жардам жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берерин белгиледи.
«Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири – саламаттыкты сактоо тармагы. Бул багытта бүгүнкү күнгө чейин бирикме өлкөнүн алыскы жана жакынкы аймактарында бир топ иштерди аткарды:
- Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмдөрүнүн 5 кабаттуу имараты, жалпы аянты 4600 м2.
- 4 төрөт үйү;
- 35 ФАП (Фельдшердик-акушердик пункттар);
- 15 ҮДТ (үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу);
- Токмок шаарынын психоневрологиялык социалдык ооруканасында майыптар үчүн 50 жана 80 орундуу үч стационардык корпус ж.б.
16.02.2022
Саламаттыкты сактоо министри ДCСУ менен ЮНИСЕФтин биргелешкен миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту
2022-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ДССУнун Европалык Регионалдык бюросунун жана ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча Регионалдык бюросунун биргелешкен миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту, анын курамына Вакцина боюнча миссиянын башчысы Ниязи Чакмак, Контролдук инфекциялар жана иммунизация программасы, Өлкөлүк саламаттыкты сактоо программалары бөлүмү, ДССУнун Европалык Регионалдык бюросу; Брет Грейг, ДССУнун Европалык Регионалдык бюросунун техникалык кызматкери; Светлана Штефанец, ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык кеңсесинин иммунизация боюнча аймактык адиси; Марио Москуэра, ЮНИСЕФтин аймактык кеңсесинин социалдык жана жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча аймактык кеңешчиси кирди.
Министр өз сөзүндө калктын ден соолугун коргоодо жана калкты COVID-19га каршы эмдөөдө техникалык жардам көрсөтүүдө жемиштүү кызматташтык жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, ал республиканын калкын коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдан бери максаттуу иштерди жүргүзүп келерин белгиледи. Өлкө COVAX механизминин мүчөсү катары бардык өлкөлүк милдеттенмелерди аткарып келет. COVAX механизминен тышкары, калктын COVID-19га каршы вакциналарга кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен республикалык бюджеттин эсебинен вакциналар сатылып алынган жана донордук жардам аркылуу да алынган. COVID-19га жооп кайтарууда өнөктөштөр колдоп жатышат.
2021-жылдын 20-декабрынан баштап республика боюнча мурда COVID-19га каршы баштапкы эмдөөнүн толук курсунан өткөн бардык кызыкдар жарандарга кошумча дозалык иммунизациялоо башталды.
Жолугушууда ошондой эле вакциналарды ташуу, вакциналарды сактоо, коммуникациялык иш-чараларын уюштуруу жана башка көптөгөн маселелер талкууланды.
ДССУнун Европалык Регионалдык бюросунун жана ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча Регионалдык бюросунун биргелешкен миссиясынын өкүлдөрүнүн иш сапарынын максаты координацияны бекемдөө жана COVID-19га каршы эмдөөгө суроо-талапты жана калктын ишенимин жогорулатуу боюнча сунуштар менен бөлүшүү болуп саналат.
Жолугушуунун жыйынтыгында Алымкадыр Бейшеналиев иш жумасынын жемиштүү болушун каалады жана бул сунуштар COVID-19га каршы эмдөөнүн Улуттук планын ишке ашыруу боюнча мындан аркы ишибиз үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.
Маалымат үчүн:
14-февралдан 18-февралга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун жана ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык бюросунун биргелешкен миссиясынын өкүлдөрү Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Республикалык иммунопрофилактика борборунун, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун өкүлдөрү менен бир катар техникалык консультацияларды өткөрөт, ошондой эле техникалык кеңешмелер эл аралык өнөктөштөр менен COVID-19 эмдөө программасын башкарууну жана координациялоону жакшыртуу жана калктын эмдөөгө болгон суроо-талабын жогорулатуу контекстинде өткөрүлөт.
15.02.2022
Бишкекте Балдар онкологиясынын күнүнө карата “Балдар онкологиясы. Кечээ. Бүгүн. Эртең" аталышындагы тегерек стол өттү
Бүгүн, 2022-жылдын 15-февралында Балдар онкологиясы күнүнө арналган «Балдар онкологиясы. Кечээ. Бүгүн. Эртең" аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Тегерек стол Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен уюштурулду.
Иш-чара КР биринчи айым, «Үмүт булагы» фондунун жетекчиси Айгүл Жапарованын, КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун КРдагы кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкованын, "ЦЕНТР АС-САФА" коомдук уюмунун жетекчиси Ибрагим Мальсаговдун, ошондой эле Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчилигинин жана балдар онкологиясы бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Иш-чаранын максаты - азыркы учурдун эң оор дарттарынын бири болгон рак оорусуна көңүл буруу, балдардагы бул дарттын алдын алуу, аныктоо жана дарылоого көңүл буруу.
Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө биринчи айым Айгүл Жапаровага, Назира Артыкова жана Ибрагим Мальсаговго терең ыраазычылык билдирди. «Биздин биргелешкен аракеттердин аркасында олуттуу жылыш болуп, онкологиялык ооруга чалдыккан балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты жакшырууда. Балдарыбыздын саламаттыгы үчүн мындан ары да жемиштүү кызматташа беребиз деп ишенем”, - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
«ДССУ жана Эл аралык Ракты изилдөө агенттиги (ЭАРИА) Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) жана БУУнун башка уюмдары жана өнөктөштөрү менен балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү иштерине саясий ынтааны жогорулатуу үчүн кызматташууну ишке ашырат. Балдардын рак оорусунун глобалдык демилгеси Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын “Рактын алдын алуу жана комплекстүү мамиленин контекстинде ага каршы күрөшүү” резолюциясын аткаруунун алкагындагы каршы аракеттердин бир бөлүгү болуп саналат, анда өзгөчө көңүл жугуштуу эмес оорулардын кесепетинен эрте өлүмдөрдү кыскартууга жана саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтууга жетишүүгө бурулат», - деди ДССУнун Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Назира Артыкова.
Тегерек столдун жүрүшүндө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология бөлүмүнүн кызматкерлери балдарды дарылоодогу ийгиликтери менен бөлүшүштү. Ошондой эле 2021-жылдын август айында өткөн тегерек столдун жүрүшүндө аныкталган иштердин жыйынтыгы менен бөлүшүштү.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова белгилегендей, заманбап адистештирилген жардам көрсөтүү максатында аталган улуттук борбордо 70 орундуу балдар онкология бөлүмү жана жогорку дозадагы химиотерапия үчүн 10 койкалуу бөлүм уюштурулган. Эми балдар бардык керектүү консультацияларды бир жерден, бир клиникада ала алышат. Лейкозду дарылоо жана диагностикалоо үчүн КМШда теңдеши жок кымбат баалуу жабдуулар сатылып алынган (проточная цитофлоуметрия). Онкологиялык жана онкогематологиялык оорулары бар балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн толук кандуу үчүнчү деңгээлдеги уюму калыптанды.
Маалымат үчүн:
Расмий статистикага ылайык, 2020-жылга карата 14 жашка чейинки балдардын арасында 895 шишик оорусу катталган. Алардын ичинен 584 учурда залалсыз мүнөздөгү шишиктер жана 311 учурда башка шишиктер.
Алгачкы жолу катталган шишик, б.а. жаңы учурлар 2020-жылы 14 жашка чейинки балдар арасында 533 учур катталды, анын ичинен 398 залалсыз мүнөздөгү шишик жана 135 учур башка шишиктер.
2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу республикада залалдуу шишик менен ооругандардын саны 14 жашка чейинки балдар арасында (132-136) көбөйгөн.
Эне жана баланы корго улуттук борбордун онкология бөлүмүндө жалпысынан 207 бейтап дарыланган. Анын ичинен 120 бейтап жаңы аныкталган залалдуу шишиктер, 2020-жылы аныкталган 75 бейтаптын ичинен 12 бейтап залалдуу оорулар менен ооруган. Тилекке каршы, өлүмдүн көрсөткүчү да бар - 11 учур (бул 2019-жылга караганда эки эсеге аз).
04.02.2022
Назира Артыкова, ДССУнун Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсесинин жетекчиси: “Жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча глобалдык сунуштарды ишке ашыруу артыкчылык болуп саналат”
Кыргыз Республикасында ДССУ рак оорусу менен күрөшүү боюнча ишти колдойт, азыркы учурда жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча глобалдык сунуштарды ишке ашыруу артыкчылык болуп саналат, бул 2030-жылга чейин бардык өлкөлөрдө жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөөнү 90%, скрининг кызматтары менен камтууну 70% жана ракка чейинки жана рак ооруларын дарылоого жеткиликтүүлүктү, анын ичинде паллиативдик жардамга жеткиликтүүлүктү 90%га чейин камтууну камсыз кылуу. 2021-жылы Аялдардын эл аралык күнүндө ДССУ эмчек рагына каршы жаңы глобалдык демилгени ишке киргизген. Анын максаты 2040-жылга чейин бул рактан өлүмдүн санын жыл сайын 2,5 пайызга кыскартуу. Бул 2,5 миллион аялдын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Балдардын рак оорусуна каршы аракеттерди бириктирүү. Чүй облусунда ДССУнун методологиясы боюнча калкка негизделген Рактын Популяциялык регистри колдоого алынган. ДССУнун колдоосу менен 2021-жылы жатын моюнчасынын рагы жана эмчек рагы боюнча клиникалык протоколдорду кайра карап чыгуу жүргүзүлгөн. Рак оорусун алдын алуу боюнча клиникалык колдонмо даярдалып, окуу материалдарын түзүү иштери жүрүп жатат. 2021-жылы Бишкек шаарында жатын моюнчасынын рагы жана эмчек рагы боюнча баштапкы деңгээлде 270 адис окутулду. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Биринчи айымынын “Үмүт булагы” фонду, Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте балдардын рак оорусу боюнча россиялык окумуштуулардын катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү. Учурда балдардын регистри боюнча иштер жүрүп жатат. Улуттук эксперттер паллиативдик жардам боюнча окуудан өтүштү.
14.02.2022
Тимурлан Кысанов Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директорунун орун басары Мамбеталиева Чынара Мырзакматовна Москва шаарындагы ЕЭКтин (Евразиялык экономикалык комиссия) Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Анын ордуна Кысанов Тимурлан Аскатович Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды (7-февралдан баштап).
Резюме
Кысанов Тимурлан Аскатович
Туулган жылы – 19.09.1988 г.
Туулган жери – Чүй областы, Токмок шаары.
Улуту – Кыргыз
Жарандыгы –Кыргыз Республикасынын жараны
Билими – Жогорку, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (2011г.)
Адистиги – Фармацевт.
Тил билүүсү – Кыргыз (эне тили), Орус тили
Мамлекеттик сыйлыктары – Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин Ардак грамотасы менен сыйланган
2015г. Сертификат «Теория и практикаGMP», Киев ш. (Украина)
Сертификат «Производство стерильных ЛС», Киев ш. (Украина)
2016г. Сертификат «Производство нестерильных ЛС в соответствии с требованиями GMP», Киев ш.(Украина)
Ишмердүүлүгү
2011-2012 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ДКжМТДнын Борбордук контролдоо-аналитикалык лабораториясы, жетектөөчү адис
2012-2013 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ДКжМТДнын Дарылоо-профилактикалык уюмдар менен иш алып баруу сектору, жетектөөчү адис
2013-2014 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ДКжМТДнын фармацевтикалык инспекция башкармалыгы, жетектөөчү адис
2014-2017 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ДКжМТДнын фармацевтикалык инспекция башкармалыгы, башкы адиси
2020-2021 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти, директор
2021-2022 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ДДжМБД фармацевтикалык инспекция департаменти, бөлүм башчы
2022-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директорунун орун басары
10.02.2022
"Исманкуловдун клиникасынын" имаратында COVID-19 менен ооругандарды кабыл алуу үчүн орундуктар даярдалат
Бүгүн, 10-февралда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарга медициналык тейлөөнүн сапаты жана оорукананын жаңы имаратынын курулушу менен таанышуу максатында Бишкек шаарындагы №2 клиникалык көп тпрофилдъъ ооруканага барды. Министр оорукананын жетекчилиги менен неврологиялык, терапевтик жана кардиологиялык бейтаптарды кабыл алуу үчүн керебеттердин санын көбөйтүү маселесин талкуулады, анткени учурдагы керебет фонду Бишкектин калкы үчүн жетишсиз болгондуктан, бейтаптар профилине ылайык ооруканага жатуу үчүн көпкө күтүүгө аргасыз болууда. Буга байланыштуу министр оорукананын жетекчилигине Исманкуловдун көз микрохирургиясы клиникасы жайгашкан имаратка коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылоо үчүн керебеттерди жайгаштырууну, ал эми аталган оорукананын башкы имаратында бейтаптарды тиешелүү профилдер боюнча кабыл алуу кайра жандантууну тапшырды.
09.02.2022
Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна “Purepoint LIO” маңдай офтальмоскобун тапшырды
2022-жылдын 9-февралында Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун (УЭжБКБ)) көз оорулары бөлүмүнө «Purepoint LIO» маңдай офтальмоскобун тапшырды. Бул жабдуулар балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртып, балдар офтальмологдорунун күнүмдүк ишин жеңилдетет. Жабдуулар бөлүмдүн муктаждыктарын жана талаптарын эске алуу менен алынган.
Аппаратты тапшыруу аземине Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлдөрү жана Борбордун кызматкерлери катышты.
2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому (КР УКЖАК) “Кыргызстандын түштүк аймактарындагы аялуу жамааттарда офтальмологиялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууда.
2018-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Биргелешкен кызматташуунун багыттарынын бири - калктын көз оорулары жаатындагы медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу.
Долбоордун алкагында 2021-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому «Кыргызстанда ретинопатиясы бар ара төрөлгөн балдарга офтальмологиялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу» жаңы долбоорун ишке ашыруу үчүн Локситан Фондунун грантын утуп алды. Долбоордун негизги максаты – Эне жана баланы коргоо борборунун көз бөлүмү үчүн 686 283,06 сомдук «Purepoint LIO» маңдай офтальмоскопун сатып алуу жана дарыгерлерди окутуудан өткөрүү менен Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын ретинопатиясынын түйшүгүн азайтуу. Бул жабдуулар ара төрөлгөндөрдүн ретинопатиясынын алгачкы стадияларында диагноз коюуга жана дарылоого жардам берет. “Локситан” компаниясынын Кыргызстандагы жергиликтүү өкүлчүлүгү Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун көз бөлүмүнүн эки адисин Санкт-Петербург шаарындагы И.И. Мечников атындагы Түндүк-Батыш мамлекеттик медициналык университетинде “Ара төрөлгөндөрдүн ретинопатиясын лазердик дарылоо” курсуна окутууну каржылоо үчүн акча чогултту.
Маалымат үчүн: дүйнөдө медициналык кызматтын жакшырышына байланыштуу ара төрөлгөн балдардын аман калуу көрсөткүчү өстү. Ара төрөлгөндөрдүн ретинопатиясы - бул жашоонун алгачкы 72 саат аралыгында дароо аныктоону жана дарылоону талап кылган оору. Өз убагында дарыланбаса, бала түбөлүк сокур бойдон калат. Кыргызстанда күнүнө 28 ымыркай ара төрөлөт. Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда 2020-жылы 234 бала текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 22 бала бул ооруну дарылоочу жабдыктын жоктугунан республикадан тышкары жерлерде ийгиликтүү дарыланган.