Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
29
12
2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
04.02.2022
Дартты эрте аныктоо ракты ийгиликтүү дарылоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат
4-февралда Улуттук онкология жана гематология
борборунда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бүткүл дүйнөлүк
саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өлкөлүк кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова, КММАнын ректору Индира
Кудайбергенова, Улуттук онкология жана гематология борборунун директору
Бактыгүл Султангазиеванын, Улуттук онкология жана гематология борборунун
кызматкерлеринин жана жарандык коомдун катышуусунда илимий конференция өттү. Тегерек стол
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен
өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты - рак
оорусу заманбап цивилизациянын эң коркунучтуу ооруларынын бири экенин маалымдоо, бул оорунун алдын алуу, аныктоо жана
дарылоого көңүл буруу.
Министр өз сөзүндө рак илдети менен күрөшүүдө эрте диагностика
негизги артыкчылыктардын бири экенин белгиледи.
«Бейтаптын
толук айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү онкологиялык оорунун кайсы стадияда
аныкталганына түздөн-түз көз каранды экендиги менен негизделет. Бүгүнкү күндө
республикада онкологиялык ооруларды диагностикалоо жана дарылоо чөйрөсү жакшы
деңгээлге жетти, бирок келечекте биргелешкен күч-аракет менен бул көрсөткүчтү
жакшырта алабыз деп терең ишенем», - деди ал.
Ошондой эле министр
Назира Артыкова баштаган ДССУга
онкологиялык оорулар менен күрөшүү боюнча программаларды ишке ашырууда
көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Улуттук онкология жана
гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева белгилегендей, бүгүнкү
күндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнөдө жылына 14
миллион адам
рак илдети менен катталат. Ошондой эле, ал борбордун улантылып келе жаткан
иши тууралуу айтып, быйылкы жылдагы планы менен бөлүштү.
Бириккен Улуттар Уюмунун
Калкты жайгаштыруу фондунун эксперти Елена Тен Кыргызстанда жатын моюнчасынын
рагы боюнча ДССУнун Стратегиясынын максаттарына жетүү үчүн сунушталган
приоритеттүү иш-аракеттер менен тааныштырды. Маалыматка ылайык, Кыргызстан
жатын моюнчасынын рагынан каза болгондордун саны боюнча региондо алдыңкы орунда
турат. Кырдаалды оңдоо үчүн республика боюнча жатын моюнчасынын рагына
скринингди
(ЖМРС) ишке ашыруунун деталдуу
планын биргелешип иштеп чыгуу жана ВПЧ вирусуна каршы эмдөө кампаниясын
жүргүзүү зарыл.
Онколог дарыгерлер эрте диагноз коюу ракты ийгиликтүү дарылоо
мүмкүнчүлүгүн жогорулатарын эскертип келишет.
Эске салсак, Бүткүл
дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнү жыл сайын 4-февралда белгиленет. «Эл аралык
онкологиялык оорулар менен күрөшүү союзу» (Эл аралык рак менен күрөшүү союзу)
(UICC) тарабынан жарыяланган.Бул эл аралык күндүн максаты - азыркы
цивилизациянын эң коркунучтуу ооруларынын бири болгон рак оорусу тууралуу
маалымдуулукту жогорулатуу, бул оорунун алдын алуу, аныктоо жана дарылоого
көңүл буруу.
05.02.2022
Миталип Мамытов: “Министрлик баштаган реформалар учурдун талабына жооп берет”
Бишкек шаары тез медициналык жардам көрсөтүү бейтапканасына муктаж. Бул учурдун талабы экенин медицина илимдеринин доктору, врач-нейрохирург, академик Миталип Мамытов билдирди. Анын айтымында ордо калаанын калкынын саны бир жарым миллион кишиге чукул. Ага жараша күн сайын ыкчам медициналык жардамга муктаж бейтаптардын саны өсүп жатканы дагы ачуу чындык.
“Жаңылыктардан күбө болуп жатканыбыздай күн сайын жол кырсыктары катталууда, COVID-19 апаатынан канчалаган жарандарыбыздан айрылып жатабыз. Мындан сырткары жугуштуу эмес оорулуу бейтаптарыбыздын абалы оорлошуп кетүүдө. Алар өз учурунда бейтапканага жаткырылып жатабы? Бул суроо азырынча актуалдуу бойдон калууда. Мындан улам министрликтин демилгесине ылайык Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө институтуна жаңы оорукананын ачылышы жакшы жышаан. Ошол эле учурда илимий изилдөө институту дагы керек. Тилекке каршы бул окуянын айланасында айрым жагымсыз окуялар болуп кетти. Жакынкы күндөрү пикир келишпей жаткан тараптар өз ара чогулуп, адилеттүү чечим кабыл алат деген ишеничтемин”, - дейт Миталип Мамытов.
05.02.2022
Алымкадыр Бейшеналиев: "Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кайра түзүлүшү биздин бейтаптардын медициналык жардам алуусуна эч кандай таасирин тийгизбейт"
Стратегиялык
документтерди жана калктын муктаждыктарын талдоонун негизинде 2021-жылдын
9-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында
Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жана ден
соолугун жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгы чыгарылды,
анда иштеп жаткан ооруканалардын базасында көп тармактуу ооруканалардын
тармагын түзүү зарыл экендиги белгиленген. Кайсы ооруканаларды кайра
конструкциялоо керек жана кайсы этапта экенин талдап чыгабыз. Мен дагы бир жолу
кайталагым келет - бул өндүрүштүк зарылчылык. Биздин миссия - көбүрөөк
адамдардын өмүрүн сактап калуу болуп саналат.
Миллион калктуу
шаарга тез жардам ооруканасы керек. Бул мезгилдин жана калктын талабы. Оорулуу
тез жардам кызматы оорукана менен бирге ооруканага жаткыруу маселелерин чечкиче
күтө албайт. Оорулуу ооруканага жеткирилиши керек, ал жерде анын абалын
турукташтырып, андан кийин оорунун профилине жараша которуу чечилиши керек. Эң
негизгиси бейтапты тез арада ооруканага жеткирүү, ал жерде кеңейтилген
функциялар болот, биз өмүрдү сактап калгыбыз келет.
Оорукананы кайра
куруу биздин бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүгө эч кандай таасирин
тийгизбей турганын баса белгилегим келет. Физикалык жактан оорукана жабылбайт,
травматология бөлүмү иштейт, көп адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн тез
медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөт.
Албетте, жаңы
ооруканаларды куруу жеңил. Бирок бул үчүн ансыз да жетишсиз болгон медициналык
кадрларды алуу керек, кошумча каражат керек, эң негизгиси убакыттан уттурабыз.
Биз азыр аракет кылышыбыз керек! Ошондуктан биз «колдо болгон ресурстарга
таянуу менен иштин натыйжалуулугун жогорулатуу» жолу менен бара жатабыз.
Ар бир жүргүзүлүп
жаткан реформа саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине тиешелүү экенин
түшүнөм. Жана көптөгөн лидерлер аларды жеке кабыл алышат. Анан реформа
маселелерин жекеге өткөрүп берип, жекеликти саясатташтыра башташат. Дагы бир
жолу кайталайм, реформалар өлкө жетекчилигинин, Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин артыкчылыктуу
милдеттери болуп саналат. Мындай ооруканалар чоң шаарларга керек, мисалы
Москва, Алматы жана башка чоң шаарларды алалы. Ал жерде көп тармактуу
ооруканалар көптөн бери иштеп, күн сайын миңдеген адамдарды сактап келет.
Баарын бирге
иштешүүгө чакырам, бул жалпы милдет! Биз бирге иштешибиз керек! Маселени жеке
кызыкчылыкка буруу у туура эмес!
04.02.2022
Бишкек шаарынын Улуттук госпиталында медициналык маалыматтык системаларды киргизүүнүн биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча кеңешме болуп өттү
2022-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндө санариптик маалыматтык системаларды ишке ашыруунун биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын Улуттук госпиталында Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Т.И. Маанаевдин, бөлүм башчыларынын жана Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун адистеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги караштуу Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун адистери тарабынан иштелип чыккан «ILab» борборлоштурулган лабораториялык маалыматтык тутумунун, Электрондук медициналык картанын – санарип продукциясынын көргөзмөсү болуп өттү. Ошондой эле 7 пилоттук бөлүмдө жогоруда аталган санариптик продукцияны ишке киргизүүнүн жана Улуттук госпиталдын медициналык кызматкерлерин жаңы санариптик системалар менен иштөөгө окутуунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.
Берилген жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Улуттук госпиталды санариптештирүүнү ишке ашыруу максатында жаңы маалыматтык системаларды андан ары өнүктүрүү боюнча көз караштарды талкуулашты.
Учурда санариптик инструменттер Бишкектин шаарынын бардык саламаттык сактоо уюмдарына активдүү интеграцияланууда. Бардык иштеп чыгуулар жана чечимдер дарыгерлердин күнүмдүк операцияларын минималдаштырууга жана калктын медициналык кызматтарга жетүүсүн жеңилдетүүгө багытталган.
03.02.2022
Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасына жаңы башкы дарыгер дайындалат
2022-жылдын 3-февралында “Достук” ооруканасынын жамааты түрк тарабынан дайындалган башкы дарыгер Озгур Челебини узатты.
Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дайындалган мөөнөт аяктагандыгына байланыштуу Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасынын башкы дарыгери доцент, доктор Өзгүр Челеби Түркияга кайтат. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Улук-Бек Бектурганов катышты.
“Достук” ооруканасынын жамаатынын алдында сүйлөгөн сөзүндө У.Бектурганов доктор Өзгүр Челебиге “Достук” ооруканасында дарылоо процессин уюштуруудагы ийгиликтүү иши, жаңы ооруканада кесипкөй дарыгерлер тобун түзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин атынан ыраазычылык кат тапшырды.
«Достук» ооруканасынын түрк тарабынан дайындалган жаңы башкы дарыгери Бишкекке келгенге чейин анын милдетин 2022-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дайындалган анын орун басары Масалиев Осмонали Саттарович аткарат.
2018-жылдын 1-сентябрында ратификацияланган өкмөттөр аралык келишимдин шарттарына ылайык, Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасынын башкы дарыгери Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дайындалып, анын орун басары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дайындалат.
Доцент, доктор Өзгүр Челеби “Достук” ооруканасынын кызматкерлерине “Жаңы үлгүдөгү оорукананы” түптөөдө жемиштүү кызматташкандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, чет өлкөдө дарыланууну каалаган Кыргызстандын жарандарын чет өлкөгө барар алдында “Достук” ооруканасынын адистеринен кеңеш алуусун өтүндү.
МАСАЛИЕВ ОСМОНАЛИ САТТАРОВИЧ
Туулган жылы: 09.02.1967
Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.
Билими:
1989-1992-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институту. Педиатрия факультети;
1992-1998-жылдары Хаджеттепе университетинин Медицина факультети, Анкара, Түркия;
1998-2000-жылдары И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, педиатрия факультети.
2004-2006-жылдары Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институту. Ординатура.
Иш тажрыйбасы:
2006-2008-жылдары Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
2008-2015 " Үй-бүлө клиникасы " медициналык борбору.
Директор, аны менен катар врач-хирург;
2015-2016 И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы- окутуучу;
2016-2022 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги. Стратегиялык пландаштыруу жана программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы;
Тилдерди билүүсү: Кыргыз, орус, түрк, англис.
02.02.2022
И.Шаяхметов: Тез медициналык жардам бейтапканасынын ачылышы - бул прогресс
Жаңы тез медициналык жардам көрсөткөн бейтапкананын ачылышы – бул жалпы калктын саламаттыгын сактоодо чоң алга кадам таштоого барабар болот. Бул боюнча Бишкек шаардык ыкчам медициналык жардам көрсөтүү мекемесинин мүдүрү Искендер Шаяхметов билдирди.
Анын айтымы боюнча мындай бейтапканалар постсоветтик өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатат. Ал эми ордо калаа ыкчам медициналык жардам көрсөтүү мекемелерине суусап турган. Анткени, тез жардам багытында жеткирилген бейтаптарды ар бир дарылоочу мекеме кабыл алууга чыгына бербейт.
“Мен бул маселени Талант Батырбеков министр болуп турган убактан бери көтөрүп жүргөм. Өзгөчө аталган көйгөй коронавирус апааты чыккандан бери көңүл чордонуна чыкты. Биз бейтаптарды стационарларга жаткырууда олуттуу маселелерге туш болуп келебиз. Мисалы, COVID-19 оорусуна чалдыккан, инсультка кабылган, кант диабети бар жана башка паталогиялары байкалган бейтаптарды ооруканага жаткырууда көйгөйлөр чыгууда”, - деди Шаяхметов.
“Эгер жаңы бейтапкана ачыла турган болсо, биз бейтаптарды шаар кыдырып, стационар издеп, убакыт коротпой, бир имаратка жеткирип, ал жерде кыйналып жаткан бейтаптар убагында медициналык жардам алып, бизге дагы, кыйналып жаткан оорулууларга дагы жеңил болот”, - деди өз сөзүндө Шаяхметов.
Ошол эле учурда Шаяхметов жаңы бейтапкана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору эмес, жаңы көп тармактуу оорукана болорун баса белгиледи.
03.02.2022
ЕБ-ДССУ программасы Кыргызстанда COVID-19 илдетине каршы чараларды күчөтөт: улуттук лабораторияларды чыңдоо
Пандемия башталгандан бери,
2020-жылы ишке киргизилген ЕБ-ДССУ программасынын алкагында, COVID-19 илдетин
изилдөөгө катышкан улуттук эпидемиологдор, лаборатория кызматкерлери жана
коомдук саламаттык сактоо адистери даярдалды. Алар ДССУнун эл аралык
эксперттери өткөргөн ПЧР, СНИП-анализи, антигенди тез диагностикалоо жана
COVID-19 илдетин аныктоо үчүн ИФА-тесттери боюнча кесиптик билимин жогорулатуу
курстарынан өтүштү.
Программанын алкагында ДССУ өлкө
боюнча COVID-19 илдетин тестирлөөгө катышкан саламаттык сактоо тармагынын
бардык кызматкерлери үчүн комплекстүү тренингдерди иштеп чыкты. SARS-CoV-2
биоматериалдарын колдонуу менен, үлгүлөрдү чогултуу, ташуу, кайра иштетүү жана
даярдоо сыяктуу маселелердин кеңири чөйрөсүндө онлайн сабактар жана
жер-жерлерде практикалык сабактар уюштурулган. Бул материалдар лаборатория
кызматкерлерине COVID-19 илдетин ийгиликтүү аныктоого, мүнөздөөгө жана
жуктурууну көзөмөлдөөгө жардам берет.
Мындан тышкары, ЕБ-ДССУ
программасынын алкагында сапатты башкаруу системасына, биокоопсуздукка жана
биологиялык коргонууга, ошондой эле калдыктарды зыянсыздандыруу тармагындагы
медициналык мекемелердин потенциалына басым жасоо менен өлкө боюнча 13 улуттук
медициналык мекемеге баалоо жүргүзүлдү.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр
Бейшеналиев Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялар борборуна
биргелешкен иш сапардын жүрүшүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: «COVID-19 илдетинин
жайылышы Кыргызстандагы улуттук лабораторияларыбызды сыноодон өткөрдү.
Лабораториялык изилдөөлөр процессинде талаптагыдай лабораториялык практика,
сапатты көзөмөлдөө жана так жыйынтыктар абдан маанилүү, бул биздин COVID-19
илдетине каршы иш-аракетибиздин маанилүү бөлүгү». Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо
уюмуна жана Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнө улуттук
лабораториялык потенциалды өнүктүрүү боюнча туруктуу техникалык колдоо
көрсөткөндүгү жана сунуштары үчүн терең ыраазычылык билдирди.
«COVID-19 илдетинин жугушун
натыйжалуу көзөмөлдөө үчүн тестирлөө чечүүчү мааниге ээ. Баарыбыз коопсуз
болмоюнча эч ким коопсуз боло албайт, Евробиримдик мындан ары да Кыргызстандын
саламаттык сактоо системасына колдоо көрсөтүүнү улантат жана COVAX глобалдык
механизми аркылуу вакциналар менен камсыз кылат. Европалыктар менен
кыргызстандыктар бул глобалдуу пандемияны бирге жеңип чыгышат», - деди өз
сөзүндө Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси
Эдуард Ауэр.
«ДССУ өз кезегинде саламаттык
сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жана эл аралык
медициналык-санитардык эрежелерди жайылтууну ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга
мындан аркы колдоо көрсөтүүнү улантат, мунун өзү өзгөчө кырдаалдар учурунда
өлкөгө натыйжалуу чара көрүүгө жардам берет», - деп баса белгиледи өз сөзүндө
ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова.
Программа тууралуу маалымат:
Борбордук Азиядагы COVID-19 кризисине чара көрүү программасы (CACCR) Европа Биримдиги (ЕБ) менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык регионалдык бюросунун биргелешкен аракети болуп саналат жана Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстанга багытталган. Эки жылдык, наркы 3 миллион евролук аймактык долбоор COVID-19 пандемиясынын алдын алууга, аныктоого жана ага каршы чара көрүүгө, ошондой эле коомдук саламаттык сактоого карата окшош коркунучтарга чара көрүү үчүн өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Долбоор өлкөнүн коомдук саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын, координациялоону, аныктоону жана чара көрүүнү күчөтүүгө жана улуттук саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Евробиримдиктин Өкүлчүлүктөрү, улуттук бийлик органдары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен тыгыз байланышта ДССУнун Европалык регионалдык бюросу жана ДССУнун Өлкөлүк кеңселери тарабынан ишке ашырылат.
03.02.2022
Балдардын угуусун эрте диагностикалоо
2022-жылдын 2-февралында Бишкек шаарында Улуттук эне жана баланы коргоо борбору (УЭжБКБ) Кыргызстанда угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча туруктуу программаны уюштурууну талкуулоо максатында «Кыргыз Республикасында угуунун эрте диагностикасы, эрте кийлигишүү, кохлеардык имплантация жана балдардын реабилитациясы» темасында тегерек стол өткөрдү.
Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын, саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Улуттук медициналык борборлордун жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана эл аралык уюмдар катышты.
«Балдар биздин келечегибиз, балдардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо өлкөнүн негизги стратегиялык милдеттеринин бири болуп саналат. Балдар төрөлгөндөн тартып оорунун алдын алуу боюнча чараларды өнүктүрүүгө багытталган “Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы” (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 14-октябрындагы Жарлыгы менен кабыл алынган) сыяктуу башка бир катар документтер жана бир катар ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат жана ишке ашырылат. ДССУнун 2020-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк угуу баяндамасында бул чөйрөдөгү аракетсиздик жабыркаган адамдардын ден соолугуна жана жыргалчылыгына чоң зыян келтирээрин жана алардын коом менен байланыш, билим алуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жоктугунан каржылык жоготууга алып келиши мүмкүн экенин баса белгилеген. Биз балдарды медициналык кароосуз калтыра албайбыз, угуунун начарлашы баланын жашоосунун көптөгөн тармактарына терс таасирин тийгизет: баарлашуу, сөз байлыгын өстүрүү жана сүйлөө, ой жүгүртүү, билим алуу, эмгектенүү, психикалык ден соолук, адамдар менен мамиле куруу. Биз угуусу начар балдарга профилактикалык иш-чаралардын, медициналык жардам көрсөтүүнүн жана узак мөөнөттүү реабилитациялоонун туруктуу комплекстүү программасын түзүшүбүз керек”, - деди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
«Дүлөйлүк дүйнө жүзү боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайлардын эң кеңири тараган көйгөйү. Баланын өнүгүүсүнө жана жашоо сапатына олуттуу терс таасирин тийгизбөө үчүн угуунун бузулушуна мүмкүн болушунча эрте диагноз коюу керек. Угуусу начарлар менен кесипкөй иш алып баруу эрте диагностикалоону, эрте кийлигишүүнү, ошондой эле угуусунун начардыгы аныкталган баланы узак мөөнөттүү колдоону жана реабилитациялоону камтыйт. Кыргызстанда угуусу начар балдарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча уюштурулган комплекстүү программанын, тийиштүү каржылоонун жана башка маанилүү аспектилердин жоктугунан улам бул көйгөй абдан актуалдуу болуп саналат. Бул тегерек столдун жыйынтыгында угуусу бузулган балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштурууну жакшыртуу боюнча бардык чараларды, медициналык жардам көрсөтүүнүн этаптарын, ишке ашыруу мөөнөттөрүн, жооптуу адамдарды жана бардык кызыкдар тараптарды камтыган биргелешкен оперативдүү план түзүлөт деп ишенем», - деди Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Гүлзат Маймерова.
Маалымат үчүн:
Кыргызстанда жыл сайын 15-20дан ашык төрөт үйлөрүндө жылына 139-160 миң ымыркай төрөлөт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун статистикасына ылайык, жыл сайын кеминде 140 жаңы тубаса кулагы укпаган ымыркайдын жана 3% га чейин угуусу ар кандай деңгээлде бузулган балдардын төрөлүүсү күтүлөт. Акыркы бир нече жыл ичинде кохлеардык импланттар менен камсыздоо боюнча өзүнчө иш-чаралар жигердүү жүргүзүлүп, тренингдер өткөрүлүүдө, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун базасында донорлордун колдоосу менен балдарды реабилитациялоо жөнгө салынууда. Аудиологиялык скрининг 2017-жылдын май айынан бери 4 төрөт үйүндө жүргүзүлүп келет:
1. УЭжБКБнын клиникалык төрөт үйү
2. Бишкек шаарындагы шаардык перинаталдык борбор
3. Ош шаардык клиникалык ооруканасы
4. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы
02.02.2022
Улуттук госпиталда жаңы бөлүм ачылат
Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев калктын сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча пландары менен бөлүштү.
Анын айтымында, Улуттук госпитал Кыргыз Республикасынын калкына жогорку адистештирилген стационардык жана амбулатордук медициналык жардам көрсөтүүчү көп тармактуу медициналык мекеме болуп саналат. Керектүү дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен жабдылган Улуттук госпиталда бөлүмдөрдүн профилине ылайык бардык муктаж болгондорго медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар.
«Биздин негизги милдетибиз — калкка медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Бул үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен материалдык-техникалык базабызды жакшырттык. КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын айрым бөлүмдөрүндө: трансфузиология, жаак-бет хирургиясы, урология, кан тамыр хирургиясы, проктология бөлүмдөрүндө, терапевттик корпуста, ошондой эле тамак-аш блогунда оңдоо иштери аяктады. Нейрохирургия бөлүмүнө баш сөөктү тешпестен операцияларды жасоого мүмкүндүк берген эндоскопиялык жабдуулар алынды. Буга чейин мындай операциялар үчүн бейтаптар чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болуп, ири суммадагы акча төлөп келишкен. Дагы бир нейрохирургиялык аппараттын келишин күтүп жатабыз», - деди Токтобай Маанаев.
Ошондой эле Токтобай Исраилович белгилегендей, жакынкы күндөрү 30 орундуу травматология бөлүмү ачылгана турат, учурда буйрук даярдалууда. «Мурда Улуттук госпиталда 6 травматология бөлүмү болсо, кийин алардын баары жабылган. Эми травматологиялык оорусу барларды кабыл алууну жанданткыбыз келет. Бизде жетиштүү сандагы жогорку квалификациялуу кадрлар бар. Жол-транспорт кырсыктарында адамдар сынык гана эмес, политравмалар менен жабыркап, кан тамыр хирургдарынын, нейрохирургдардын, офтальмологдордун жана башка адистердин консультациясы талап кылынарын да белгилегим келет. Координацияланган жана ыкчам жардам көптөгөн бейтаптарыбыздын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Ал эми диагностика үчүн биз жакында КТ жана ангиограф алабыз”.
02.02.2022
Улуттук госпиталда орусиялык профессор мастер-класс өткөрдү
Үстүбүздөгү жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын хирургиялык гастроэнтерология жана эндокринология бөлүмүнүн базасында мастер-класс өтүп, анын жүрүшүндө Улуттук госпиталдын дарыгерлери Россия Федерациясынын Нижний Новгород областынан келген медицина илимдеринин доктору, профессор Владимир Загайновдун жетекчилиги астында эки татаал операция жасашты.
«Боордун оң бөлүгүндөгү альвеококкоздун магистралдык тамырларга өсүп кетиши» диагнозу коюлган бейтапка биринчи этапта өт жолдорунун сырткы дренажы жасалган. Механикалык саргарып кетүү жоюлгандан кийин операциянын экинчи этабына даярдалган. Профессор Владимир Загайновдун жетектөөсү астында дарбазалык вена резекциясы менен боордун 70%ын алып салуу боюнча татаал операция жасалды. “Уйку безинин башынын оорусу” диагнозу коюлуп, Бишкектеги клиникалардын биринде операция жасоого болбойт деген тыянак чыгарылган экинчи бейтапка Гастропанкреатодуоденалдык резекция жасалды. Операциялар ийгиликтүү аяктап, бейтаптар операциядан кийинки эрте реабилитациядан өтүшүүдө.
Кыргыз Орус Славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы м.и.д., профессор Бахадыр Бебезовдун айтуусунда, биздин өлкөдө бул операциялар татаал жана «чанда» жасалган операциялардын катарына кирет. Профессор Владимир Загайнов бул жаатта эң чоң тажрыйбага ээ, алсак боорго 1,5 миңге жакын, уйку безине 600гө жакын операция жасаган.
“Биздин мастер-класс боордун альвеококкозуна жана уйку безинин рак оорусуна операция жасоонун жаңы варианттарын ачууга багытталган. Мастер-класска Кыргызстандын алыскы аймактарындагы ар кандай медициналык мекемелерден көптөгөн хирургдар катышты. Жергиликтүү хирургдардын деңгээли абдан жогору. Бул багыт мындан ары дагы өнүгөт деп ишенем, жыйынтыгында көптөгөн бейтаптарга медициналык жардам берүүгө мүмкүн болот”, - дейт профессор Владимир Загайнов.