Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
29
12
2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
28.01.2022
Кыргызстанга Пфайзер вакцинасынын 149 мин 760 дозадан турган дагы бир партиясы келди
Кыргыз Республикасына коронавирус илдетине COVID-19 каршы Пфайзер вакцинасынын 149 мин 760 дозадан турган дагы бир партиясы келди.
Расмий статистикага ылайык, 1 млн 303 миңден ашык адам 1 доза менен эмделди, 1 млн 78 миңден ашык 2 доза менен эмделди.
«Бүгүнкү кундө 3 доза менен 44 миң адам эмдөөдөн өттү. Эскерте кетсек 2021 жылдын 20 декабрынан баштап республиканын бардык аймагында жарандардын иммунитетин көтөрүү үчүн күчөтүүчү бустердик доза (кошумча доза) менен эмдөө башталган», - деп билдирди Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Ишенапысова.
Белгилей кетсек, вакциналарды сатып алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ЮНИСЕФтин ортосундагы Меморандумдун алкагында ишке ашырылып жатат. Ошондой эле ЮНИСЕФтин колдоосу менен 4 муздаткыч жабдуулары алынып, өлкөгө алынып келинди. Кыргызстанда муздаткыч жабдууларды орнотуу жана верификациялоо үчүн эл аралык эксперттерди тартуу менен ультра төмөн температурада Пфайзер вакцинасын сактоо үчүн европалык өндүрүштөгү атайын жабдуулар иштелип чыккан.
«COVID-19 вакциналары бизди коргоодо эффективдүү экендигинин далилдери көбөйүп жатат. Вирустун улам жаны түрү пайда болсо да, эмдөө ооруканага жатып калбагандан жана өлүмдөн сактайт. Өнөктөштөр менен бирге ЮНИСЕФ Кыргызстандын өкмөтүнө COVID-19 пандемиясына жооп катары вакцинанын жеткирилишин жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо аркылуу колдоо көрсөтүүнү улантат», - деди Кристин Жольм, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү.
2021-жылдын октябрынан тарта Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 450 миңден ашык дозасы дүйнөнүн 172 өлкөсүн камтыган COVAX демилгесинин алкагында келген.
Дүйнөлүк практика эмдөө COVID-19 менен күрөшүүнүн эң эффективдүү ыкмаларынын бири экенин көрсөттү. COVID-19га каршы эмдөө ала турчу убактылуу эмдөө пункттарынын даректерин privivka.kg жана med.kg сайттарынан тапса болот.
Бул коркунучтуу ооруга каршы күрөшүүдө өз салымын кошуп эмдөөдөн өтүп жаткан баардык жарандарга ыраазычылык билдиребиз! Ошондой эле республиканын баардык аймагында ар бир жаран өз каалосу менен кошумча дозаны башкача айтканда 4 айдан кийин 3 дозаны алса болорун унутпаныздар!
28.01.2022
Красный Полумесяц Кыргызстана продолжает оказывать необходимую гуманитарную помощь эвакуированным людям в Баткене
т
28.01.2022
Швейцария Кыргызстандагы саламаттык сактоо тармагындагы реформаларды колдойт
2022-жылдын 28-январында Кыргызстандын бардык облустарынан саламаттыкты сактоо уюмдарынын 100дөн ашык жетекчиси чогулушту (онлайн режиминде дагы). Алар өлкөнүн калкына медициналык кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу максатында саламаттык сактоо системасындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун издөө үчүн Улуттук форумга катышты.
Жетекчилерге саламаттыкты сактоо уюмунун бардык түзүмдөрүн башкаруу жана координациялоо боюнча жоопкерчилик жүктөлгөн, акыр соңунда алар калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыздайт. Тилекке каршы, саламаттык сактоо системасында адатта квалификациялуу жетекчилер тартыш. Кырдаалды жакшыртуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги Швейцария Элчилиги менен биргеликте “Саламаттык сактоону башкаруу системасынын келечеги” деп аталган документти иштеп чыккан.
Бул документти ишке ашырууда негизги өнөктөштөр болуп КР Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ассоциациясы, Саламаттык сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борбору саналат. Алар саламаттык сактоону башкарууда жаңы ыкмаларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашууну натыйжалуураак кылуу максатында Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин Улуттук форумун өткөрүүдө. Швейцариянын “Саламаттык сактоону башкарууну чыңдоо” долбоору бул демилгелердин баарына техникалык жана каржылык колдоо көрсөтүп келүүдө.
“Улуттук форум саламаттык сактоону башкаруу көйгөйлөрүн талкуулап, биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн жаңы маанилүү аянтча болуп саналат”, - деди КР Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ассоциациясынын башкаруусунун төрагасы Токтобай Маанаев. Форум саламаттык сактоону башкаруу системасын өркүндөтүү жолундагы кезектеги кадам болуп эсетелет. Жетекчилердин компетенттүүлүгү жана кесипкөйлүгү – медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуунун өтө маанилүү шарты”.
“Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын айрым жетекчилери биринчи жолу Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ассоциациясына мүчө катары чогулуп жатышат. Мен Ассоциациянын мүчөсү болуп, өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо процессин тездетчү бул ишке катышып жатканыма абдан кубанычтамын”, - дейт Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасынын директору Талантбек Арстанкулов.
“Карьерамдын башында ооруканада иштеген жеке тажрыйбамдан улам саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери ийгиликке жетишүүдө чечүүчү ролду ойной турганына ынангам. Мен Швейцария Саламаттык сактоо министрлигине, ооруканалардын жана клиникалардын жетекчилерине бул жагынан колдоо көрсөтүп жатканына абдан сыймыктанып турам”, - деди Швейцариянын Элчиси Оливье Бангертер.
Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин Улуттук форумун туруктуу негизде өткөрүп туруу пландаштырылууда.