Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлигинин 2021-жылдын 16-декабрындагы коллегиясынын чечими менен
республиканын калкынын Кыргыз Республикасында SARS-CoV-2 менен шартталган
коронавирустук инфекцияга каршы иммундук реакциясын жогорулатуу максатында
калкты коронавируска каршы иммунизациялоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча
методикалык сунуштар жаңыланды.
Өзгөртүүлөргө ылайык, 2021-жылдын 20-декабрынан баштап республиканын
бардык аймагында мурда COVID-19га каршы алгачкы эмдөөнүн толук курсунан өткөн
бардык каалоочу жарандарды бустердик доза менен эмдөө башталды.
Зарыл болгон учурда COVID-19га каршы
вакциналардын бустердик дозасын алууну каалаган жарандар үчүн кошумча эмдөө
пункттары ачылат. Калкты бустердик доза менен эмдөөгө тартылган медицина
кызматкерлерин онлайн окутуу жүргүзүлүүдө.
Бустердик дозаларды алган адамдар тууралуу маалымат
эмдөөлөрдүн электрондук сертификатын түзүү менен vc.emed.kg системасына
киргизилет. Ошондой эле, vc.emed.kg системасында «Вакциналардын жана
керектелүүчү материалдардын кыймылын кампалык эсепке алуу» кичи тутумун түзүү
боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо
министрлигинин буйругуна ылайык, жарандардын үч категориясы гана кошумча дозаны
ала алышкан: 60 жаштан ашкандар, медицина кызматкерлери жана иммундук
жетишсиздиги бар адамдар.
Маалымат үчүн:
Вакцинанын бустердик дозаларын 6 айдан ашык мурда
COVID-19га каршы баштапкы эмдөөнүн толук курсун алган республиканын бардык
жарандары ала алышат;
Бустердик дозаларды белгиленген тартипте Кыргыз
Республикасында колдонууга уруксат берилген бардык вакциналар менен алууга
болот;
Бустердик дозалар менен эмдөө Кыргыз Республикасындагы
колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт;
Вакциналардын бустердик дозаларын жарандар COVID-19га
каршы вакциналар менен эмдөөлөрдүн биринчи сериясын алгандыгы жөнүндө
тастыктоочу документтерди көрсөтүү менен ала алышат;
Бейтаптар алган бустердик дозалар жөнүндө маалымат
vc.emed.kg системасына COVID-19га каршы профилактикалык эмдөө сертификатын
түзүү менен киргизилет.
Бустердик доза үчүн эмдөөнүн гетерологиялык схемасын
колдонуу менен COVID-19га каршы вакциналарынын төмөнкү комбинациялары мүмкүн.
Эгерде эмдөөнүн алгачкы сериясында Vero Cell вакцинасы
колдонулган болсо:
∎ Vero Cell (1 жана 2 доза) + Astra Zeneca (1доза)
∎ Vero Cell (1 жана 2 доза) + Pfizer (1 доза)
∎ Vero Cell (1 жана 2 доза) + Moderna (1доза)
∎
Vero
Cell
(1 жана 2 доза) + Спутник Лайт (1 доза)
∎
Vero
Cell
(1 жана 2 доза) + Sinovac
(1 доза)
Эгерде эмдөөнүн алгачкы
сериясында Спутник V
вакцинасы колдонулган болсо:
∎
Спутник V
(1 жана 2 доза) + Astra
Zeneca
(1 доза)
∎
Спутник V
(1 жана 2 доза) + Pfizer
(1 доза)
∎
Спутник V
(1 жана 2 доза) + Moderna
(1 доза)
∎
Спутник V
(1 жана 2 доза) + Спутник Лайт (1 доза)
∎
Спутник V
(1 жана 2 доза) + Vero
Cell
(1 доза)
∎
Спутник V
(1 жана 2 доза) + Sinovac
(1 доза)
Эгерде эмдөөнүн алгачкы
сериясында Astra
Zeneca
вакцинасы колдонулган болсо:
∎
Astra
Zeneca
(1 жана 2 доза) + Pfizer (1 доза)
∎
Astra
Zeneca
(1 жана 2 доза) + Модерна (1 доза);
∎
Astra
Zeneca
(1 жана 2 доза) + Спутник Лайт (1 доза)
∎
Astra
Zeneca
(1 жана 2 доза) + Vero
Cell
(1 доза)
∎
Astra
Zeneca
(1 жана 2 доза) + Sinovac
(1 доза)
Эгерде эмдөөнүн алгачкы
сериясында Pfizer
вакцинасы колдонулган болсо:
∎
Pfizer
(1 жана 2 доза) + Astra Zeneca (1 доза)
∎
Pfizer
(1 жана 2 доза) + Модерна (1 доза);
∎
Pfizer
(1 жана 2 доза) + Спутник Лайт (1 доза)
∎
Pfizer
(1 жана 2 доза) + Vero
Cell
(1 доза)
∎
Pfizer
(1 жана 2 доза) + Sinovac
(1 доза)
Эгерде эмдөөнүн алгачкы
сериясында Модерна вакцинасы колдонулган болсо:
∎
Модерна (1 жана 2 доза) + Astra
Zeneca
(1 доза)
∎
Модерна (1 жана 2 доза) + Pfizer
(1 доза);
∎
Модерна (1 жана 2 доза) + Спутник Лайт (1 доза)
∎
Модерна (1 жана 2 доза) + Vero
Cell
(1 доза)
∎
Модерна (1 жана 2 доза) + Sinovac
(1 доза)
Эгерде эмдөөнүн алгачкы
сериясында QazVac
вакцинасы колдонулган болсо:
∎
QazVac
(1 жана 2 доза) + Astra
Zeneca
(1 доза)
∎
QazVac
(1 жана 2 доза) + Pfizer
(1доза)
∎
QazVac
(1 жана 2 доза) + Moderna
(1 доза)
∎
QazVac
(1 жана 2 доза) + Спутник Лайт (1 доза)
∎
QazVac
(1 жана 2 доза) + Sinovac
(1 доза)
∎
QazVac
(1 жана 2 доза) + Vero
Cell
(1 доза)
Эгерде эмдөөнүн алгачкы
сериясында Sinovac
вакцинасы колдонулган болсо:
∎ Sinovac (1 жана 2 доза) + Astra Zeneca (1 доза)
∎ Sinovac (1 жана 2 доза) + Pfizer (1доза)
∎ Sinovac
(1 жана 2 доза) + Moderna (1 доза)
∎ Sinovac
(1 жана 2 доза) + Спутник Лайт (1 доза)
∎ Sinovac (1 жана
2 доза) + Vero Cell (1 доза)